Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    15 Бап — Мукаддас Жана Француздардын Революциясы

    Реформация XVIкылымда, адам-дарга Мукаддасты ачып, Европанын бардык өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылган. Кээ бир мамлекеттер, аны Асмандын жарчылары катары, кубануу менен кабыл алышты. Ал эми папалык бийликтер тоскоолдук кылган жерлерде, Мукаддастын жогору көтөрүүчү жарыктарынын таасири, эч кандай таратыла алган жок. Бул бапта айтып өтө турган мамлекетти, чындыктын жарыгы жарык кылган, бирок караңгылык дагы анын алцынан кеткен эмес. Бул эки күчтүн ортосундагы болгон күрөшүүлөр, жүздөгөн жылдарга созулган. Акыры жамандык жактырылып кабыл алынгандыктан, Асман чынцыгы, алар аркылуу баш тартылган. “Айыптоочунун маңызы болсо мындай: дүйнөгө жарык келди; бирок адамдар караңгылыкты жарыктан артык көрүштү; анткени алардын иштери жаман болуучу” (Ин. 3:19). Жана бул калк, өздөрү тандап алган жолдогу жемиштерин чогултуусу керек эле. Кудай Рухунун кармап турган Күчтөрү, Анын ырайымын кабыл албай койгон адамдардан тартылып алынды. Жамандык өсүпөнүгүүсүнө, Кудай жол берди, жана өз эрки менен Кудайдан баш тартуу эмнеге алып келе тургандыгын, бардык адамдар көрүшкөн.УК 245.1

    Франциядагы Мукаддаска каршы күрөшүү жүз жылдарга созулуп, жогорку деңгээлине, революция башталган мезгилде жетишкен. Ушундай коркунучтуу күч алуулар, Рим аркылуу Ыйык Жазуулар басылып калганда гана көрүнгөн. Бул согуш - папалык саясаттын, минден ашык жылдар убакытында, Рим чиркөөсү аркылуу көргөзүп келген жыйынтыгын көргөзүп турат.УК 245.2

    Папанын башкарып турган мезгилиндеги, Ыйык Жазуулардын кысымга алына тургандыгы, пайгамбарлар аркылуу, алдын ала жазылып калтырылган, жана Иоанн Аян Китебинде, Францияга өз таасирин калтырган, “күнөө адамынын” бийлиги жөнүндө айтылган.УК 245.3

    Теңирдин Периштеси, алдын ала мындай деп айткан: “...Алар ыйык Шаарды, кырк эки ай тебелеп алышат. Жана Менин эки күбөмө, зумбал жамынып, бир миңУК 245.4

    эки жүз алтымыш күн пайгамбарлык кылууга кубат берем... Алар өздөрүнүн күбөлүгүн бүткөндөн кийин, түпсүз туңгүюктан чыккан айбан алар менен согушуп, аларды жеңип өлтүрөт. Жана рухий жагынан Содом жана Эгипет деп аталган улуу шаардын көчөсүнө алардын өлүктөрүн таштап коёт... Жана жердеги жашоочулар алардын өлүмүнө сүйүнүшүп, кубанышып, бири-бирине белектерди жиберишет, себеби бул эки пайгамбар жердеги жашоочуларды кыйнашкан эле. Бирок үч жарым күндөн кийин аларга Кудайдан өмүрдүн руху кирди, жана алар экөө тең буттарына турушту; жана аларды карап тургандарды, өтө чоң коркунуч басты” (Аян 11:2-11).УК 246.1

    “Кырк эки ай” жана “бир миң эки жүз алтымыш күн” деп, жогортодо эскертилген убакыттын бөлугу, Машаяк Жыйынынын, Римдин эзүүсүнөн азап чеге турган бир эле убакытты билдирет. Папа бийлик кылган 1260 жыл, 538-жылы башталып, 1798-жылы француздардын аскерлери Римге кирип, папаны туткундап кеткен күнгө чейин созулат, жана ошондон наары папа, туткунда жатып өлөт. Бирок көп убакыт өтпөстөн жаңы папа шайлап алганы менен, ошол мезгилден тартып папалык бийлик, баштагысындай күчкө ээ боло алган эмес.УК 246.2

    Жыйынды куугунтуктоо, 1260 жыл, тынбастан эле улантыла берген эмес. Теңир Өз ырайымы менен, оттуу сыналуулардын мезгилин кыскарткан. Жыйынды күтүп турган “улуу кайгы” туурасында, Машаяк алдын ала мындай деп айткан: “Эгерде ал күндөр кыскартылбаса, анда эч бир адам кутулбайт эле; бирок тандалгандар үчүн ошол күндөр кыскартылат” (Мф. 24:22). Реформациянын таасири, куугунтуктоолор 1798-жылга чейин эле, токтотулуп калуусуна жардам берген.УК 246.3

    Эки күбө туурасында пайгамбар андан наары мындай дейт: “Булар жер Кудайынын алдында турган эки зайтун жыгач, жана эки шам чырак”. “Сенин Сөзүң - менин кадамыма жаркыраган шам, жолума тийген жарык” (Аян 11:4; Забур 118:105). Бул эки күбө, Байыркы жана Жаңы Осуятты символдойт. Бул экөө, Кудай Мыйзамынын чыгышы жана түбөлүктүү экендиги, жана куткарылуу пландары жөнүндө, бирдей эле күбөлөндүрүшкөн. Байыркы Осуяттын үлгүсү, курмандыктары жана пайгамбарлыктары, келе тyрган Куткаруучуну көргөзүп турган. Жаңы Осуяттагы Жакшы Кабар, жана жиберилген каттар, алдын ала айтылгандай бoлyп келген, Куткаруучу жөнүндө айтып турат.УК 246.4

    “Жана алар зумбалга чулганышып, бир миң эки жүз алтымыш күн пайгамбарлык кылышат”. Бул мезгилдердин көпчүлүк бөлүгүндө, Кудайдын күбөлөрү кабарсыз калышкан. Адамдардан Кудай Сөзүн жашыруу үчүн, папалык бийлик колунан келген нерсенин барын жасаган, Мукаддасты жалган талдоочу, жалган күбөлөрдү дагы жиберген. Качан Ыйык Жазуулар, диний жана мамлекеттин башындагы кишилер аркылуу, окууга тыюу салынганда, качан Анын күбөлөндүрүүлөрүн ооздору менен бурмалашканда, Андан адамдардын акылын буруу үчүн адамдар да, жиндер да болгон аракеттерин жасашканда; жана ким Анын ыйык чындыктарын жарыялоону каалаганда, аларды куугунтукташып, чыккынчылык кылышып, кордошуп, тирүүлөй жерлерге көмүшүп, туткундашып, аларды тоолордон, үкүрлөрдөн жай издегенге мажбурлашканда, - ишенимдүү күбөлөр “зумбалга чулганышып, пайгамбарлык кылышкан...”. Алар куугунтуктарга карабастан, 1260 жыл аралыгында, күбөлүк кылып турушту. Эң эле караңгылык каптап турган мезгилдерде дагы, Кудай Сөзүн сүйүп, жана Кудайдын даңкы жөнyндө кызганычын арткан, ишенимдүү адамдар табылып тyрган. Ушул ишенимдүү кызматчыларга, Анын чындыгын жарыялоо үчүн, ушул мезгилдердин барында, даанышмандык, күч жана бийлик, берилип турган.УК 246.5

    “Жана аларды кимдир бирөө таарынткысы келсе, ошондо алардын ооздорунан от чыгып, алардын душмандарын жеп коёт, эгерде кимдир бирөө аларды таарынткысы келсе, аны өлтүрүүгө тийиш” (Аян 11:5). Адамдар, жазага кабылбастан эле, Кудай Сөзүн тебелей береУК 247.1

    албайт. Ушул коркунучтуу эскертүүлөрдүн мааниси, Аян Китебинде мындай деп түшүндүрүлөт: “Ошондой эле мен, бул китептин пайгамбардык Сөздөрүн уккан ар кимге күбөлөндүрөм; эгерде кимдир бирөө бул Китепке бир нерсе кошо турган болсо, ага бул Китепте жазылган балааларды Кудай кошуп берет: жана эгерде кимдир бирөө бул пайгамбарлык Китептин Сөздөрүнөн бир деме алса, андан Кудай өмүр дарагындагы, жана ыйык Шаардагы үлүшүн, ошондой эле бул Китепте жазылган үлүшүн алат” (Аян 22:18,19).УК 247.2

    Мындай эскертүүлөрдү Теңир адамдарга, Өзүнүн буйруган жана ачып береген нерселерин, бурмалабаш үчүн, жиберет. Бул өтө жогорку эскертүүлөр, Кудайдын Мыйзамы боюнча жүрүп, башкаларга үлгү болгон адамдардын бардыгына таандык. Ким, Кудай Мыйзамына баш ийгиси келбей турган болсо, алардын жүрөктөрүнө, бул Мыйзамдар коркунуч салып турат. Ким өз оюн Кудайдын аяндарынан жогору коё турган болсо, Ким Ыйык Жазуулардын маанилерин, өз кызыкчылыгына карата пайдаланса, бул дүйнөгө биригип кетсе, өздөрүнө коркунучтуу жоопкерчилик алышат. Жазылган Кудай Мыйзамы, ар бир адам үчүн, тараза бoлyп эсептелет; жана бул жеткилең Мыйзамга, ким шайкеш келе албай турган болсо, алар ушул Мыйзам алдында айыпталат.УК 247.3

    “Жана качан алар, өз күбөлөндүрүүлөрүн бүткөндө...” Зумбалга оронуп, ушул эки күбө пайгамбарлык кыла турган мезгил, 1798-жылы аяктаган. Качан алардын караңгыдагы белгисиз иши, аягына чыкканда, алар менен “туңгуюктан чыгып келе жаткан айбан”, же бийлик согушууга чыгууcу керек. Европанын көп деген мамлекеттеринде, диний башкаруучулар менен бирдикте мамлекет бийликтери, кеп кылымдар аралыгында, папа аркылуу аракеттенген шайтандын, жетегинде болушкан. Бирок бул жерден биз, шайтандын күчү башкача көрүнгөндүгүн көрөбүз.УК 247.4

    Римдин саясаты, Мукаддаска жакшы мамиле кылып жаткан сыяктуу, чүмбөт жамынып, жана Аны адамдар түшүнө албаган башка тилде, кулпулап таштамак, жана ушундай жол менен, адамдардан Аны жашырып салуу эле. Жана Рим башкарып турган мезгилде дагы, Кудайдын күбөлөрү “зумбалга оронушуп” пайгамбарлык кылышкан. Бирок дагы башка бийлик пайда болуусу керек эле - “туңгуюуктан чыгып келе жаткан айбан” жана ал, Кудай Сөзүнө каршы ачык кyрөш жүргүзмөк.УК 248.1

    Бул күбөлөр өлтүрүлгөн, жана алардын өлгөн денелери жаткан “улуу шаар” руханий түшүнүк боюнча, Египет деп аталат. Мукаддаста келтирилген мамлекеттердин ичинде, Египет, Тирүү Кудайдын бар экендигинен, башкаларга караганда ороюраак баш тарткан, жана Анын буйруктарына каршылык көргөзгөн. Бир дагы башкаруучу, Египеттин башкаруучусу сыяктанып, Асманга карата , тикеден-тике каршылык көргөзгөн эмес. Качан Муса, Теңирдин Ысымынын урматына, фараонго салтанаттуу жарлык жарыялаганда, бул текебер башкаруучу, минтип жооп берет: “Мен үнүн угуп, Израил элин коё бергидей, Теңир деген Өзү Ким? Мен Теңирди тааныбайм, жана Израилди дагы коё бербейм” (2 Муса 5:2). Бул дин безерлик. Жана египетти символдогон калк дагы, ушул сыяктанып, Тирүү Кудайдан баш тартышмак, жана ошол эле баш ийбестик көргөзгөн, ишенбестиктин рухун көргөзүшмөк. “Улуу шаар” дагы, руханий түшүнүктө, Содомду билдирет. Содомдун бузулгандыгы, Кудай Мыйзамын бузгандыгы, жийиркенээрлик түрдө, өзгөчө көрүнгөн. Бул Жазуудагы пайгамбарлык кылынган адамдардын чыныгы сапаты, ушул сыяктуу жийир-кенээрлик болмок.УК 248.2

    Пайгамбардын айтуусу боюнча, 1798-жылга жетпей, шайтан жетектеген жана анын мүнөз сапатына ээ болгон бийлик, Мукаддаска карата каршылык кылуучу, согуш чыгармак. Жана ушул Кудайдын эки күбөсүнүн үнү басылган мамлекетте, фараондун капырлыгы, жана содомдун бузукулугу басып алат.УК 248.3

    Ушул пайгамбарлык Сөздөр, Франция тарыхында, таң калаарлык тактыгы менен, ордунан чыккан. Революция мезгилинде, 1793-жылы “дүйнө элдери биринчи жолу, Европа мамлекеттеринин ичиндеги, маданияттуу бoлyп эсептелген ушул мамлекеттин адамдары, бир добуштан Кудайга ишенүүдөн жана Ага кызматкылуудан баш тарткандыгын, угушкан” 232Скотт. В. “Наполеондун өмүрү”, 1 -том, 17-бап.. “Франция - чыныгы далилдер боюнча, Ааламлардын Жаратуучусуна, ачык эле каршы чыккан, жалгыз мамлекет бoлyп эсептелет. Англияда, Германияда, Испанияда көп сандаган капыр, Кудайга акаарат келтирген адамдар болгон, жана бар. Франция - өзүнүн мыйзам чыгаруу чогулушунда, Кудай жок, деген атайын буйрук чыгарышкан, жана бул чечимдин кабыл алынгандыгына кубанышып, мамлекеттин көпчүлүк адамдары бийлешип, ырдашкан” 233Блеквуддун журналы, 1870-жылдын ноябрь айы..УК 248.4

    Содомдун өзгөчө айырмаланган сапаттары, толугу менен францияда көрүнгөн. Революция учурунда, ал жерде дагы өзгөрүлбөгөн бузукулуктар болгон, ушул жамандыктар бир кезде, содомдун кырашын алып келген болуучу. Тарыхчы, францияда болгон динсиздикти жана адеп-ахлактын абалы жөнүндө, пайгамбарлык айткандай кылып жазат: “Динге байланыштуу мыйзам менен бирге, yйлөнүү кеңеши туурасындагы жаңы мыйзам пайда болду. Жер үстүндөгү эң эле ыйык түйүн бoлyп эсептелген, ушул үлпөт, жөн гана убактылуу байланыш түзгөн сыяктанды, жубайлардын кичине гана каалоосу боюнча, эч кандай тоскоолдуксуз, ажырашуулар көп болгон... Эгерде шай-тандын шабырлары, жер үстүндөгү ыйык нерселерди жок кылуу үчүн, бир нерсе ойлонуп тапкылары келе турган болсо, жана жакшылыкты, түбөлүктүү нерселерди жок кылып, жамандык укумдан-тукумга тарлсын үчүн, мындан артык эч нерсе ойлоп таба алмак эмес... Актриса Софи Арно, өз акылдуулугу менен таанымал болгон, жана граждандык нике туурасында, - жашыруун oйноштук, деген” 234Скотт, I -том, 17багі..УК 249.1

    “Кай жерде жана биздин Кучкаруучу кагылган”. Францияда, пайгамбарлыктын ушул бөлүгү дагы, аткарылды. Ушул мамлекет сыяктуу, эч жерде Машаякка каршы душмандык көрүнгөн дагы эмес. Бир дагы өлкөдө, ушул мамлекеттегидей зөөкүрдүк менен куугунтукталган жок. Франция, Анын шакиррттеринин бейнесинде, Машаякты кайракайра керишкен, жана аларды чектен тыш каардуулук менен андышкан.УК 249.2

    Адилеттүүлөрдүн каны, бир канча жүздөгөн жылдар төгүлүп турду. Валденалыктар Пьемонта тоолорунда “Кудай Сөзү жана Ыйса Машаяктын күбөлүгү үчүн” өз өмүрлөрүн беришкенде, алардын бир туугандары, франциялык альбигойлор, ушул сыяктуу эле күбөлүктү алып жүрүшкөн. Реформация күндөрүндө, анын жактоо-чулары азап тартып кыйналуу менен, өз өмүрлөрүнөн айрылышкан. Падыша жана анын кол алдында кызмат кылгандар, белгилүү айымдар жана назик бийкечтер, мамлекеттин сыймыктары жана жарыгы болгон адамдар, Ыйса Машаяктын күбөлөрүнүн, өлyм алдындагы азап таргууларынан кумарданышкан. Каарман гугеноттор, адамдын эң эле асыл укугу үчүн күрөшүп жатышып, айыгышкан кармаштарда, оз кандарын төгүшкөн. Протестанттар мыйзамдан тышкаары бoлyп жарыяланышкан; Алардын башы үчүн күн коюлуп, аларга, жырткыч айбандар сыяктуу аңчылык кылышкан.УК 249.3

    “Жыйын чөлде” байыркы чыныгы ишенүүчү христиандардын тукумдары, мамлекеттин түштүк бөлүгүндөгу тоолордо, өздөрүнө баш калкалаар жай табышып, өз аталарынын ишенимдерин таза сактаганга, мүнкүнчүлүк алышкан, жана XVIIIкылымда дагы Францияда жашап калышкан. Эгерде алар, караңгыда тоонун коктуларында, же бир башка жашыруун жерлерде чогулуп сыйына турган болушса, аларга аңчылык кылышкан аскерлер, аларды кармашып, жана алар галераларга (көп калактуу кемелерди жиреген адамдар), калган өмүрлөрүн өткөрүү үчүн, биротоло калышкан. Франциянын эң жакшы, адилеттүү жана билимдүү уулдары жана кыздары, үрөйдү учурарлык азаптарга кабылышып, жана ууру каракчылар менен бирге, чынжырларга байланышкан. Кээ бир адамдар мындан жакшы өмүрдү артык көргөндүктөн: ал алсыз коргоосуз адамдарды, алар тизе бүгүп сыйынып жаткан жерлеринде, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Жүздөгөн карыялар, алсыз айымдар жана күнөөсүз жаштар, балдар, Кудайга кызмат кылып жаткан жерлеринде өлтүрүлгөн. Жана ар-дайым, тоолордун жана токойлордун арасындагы, алар чогулуп сыйынышкан жерлерде, ар бир төрт кадам сайын, “мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, жана даргага асылган адамдардын өлүктөрүн көрүү мүнкүн эле”. “Жана ушул жырткычтык... байыркы караңгылык жана түркөйлүк убактарда эмес, XIVкылымда, Людовиктин гүлдөгөн доорунда, илим билимдин өсүп-өнүккөн мезгилинде, диний коомдорго билимдүү жана ширин сөздүү адамдар келгенде, жакшы иштер, момундук жана кайрымдуулук жакталган мезгилдерде, аткарылган” 235Скотт, 22-китеп, 7-бап..УК 250.1

    Ошол караңгылык каптаган жүз жылдыктарда, жасалган кылмыштардын эң эле кыйыны, Варфоломей түнүндөгу, жырткычтык менен кылычтап кыруу саналган. Дүйнө азыркы күндө дагы, ушул мыкаачылык кол салууларды, толгонуу менен эске түшүрүп келет. Франциянын падышысы, римдик дин кызматчылардын жана прелаттардын талаптарына жол берүү менен, башка ишенимдеги адамдарды, ырайымсыздык менен жок кылууга, убадасын берген. Түн ортосундагы коңгуроонун добушу, ушул ырайымсыз мууздолордун, белгиси болуп калды. Миндеген протестанттар, өз үйлөрүндө камырабастан, падышанын калкасында тыныч эс алып жатышкан. Жана аларды, эч кандай эскертүүсүз эле, көчөлөргө алып чыгышып, эч камырабастан эле өлтүрүп жатышты.УК 250.2

    Кудай Өз элине, Египеттен куткарып жатып, көрүнбөгөн болсо дагы, жол көргөзгөн сыяктуу, шайтан дагы, өз кол алдындагы адамдарды, качан алар күнөөсүз курмандыктардын санын көбөйтүп жатышканда, көрүнбөй аларды жетелеген. Парижде мууздолор бир аптага созулган, анын алгачкы үч күнү, өзүнүн зөөкүрдүгү менен, абдан айырмаланган. Париждин дубалдары кан төгүүлөр менен эле токтоп калган жок, падышанын атайын буйругу менен, протестанттарды кырыпжоюу, түгөл мамлекетте улантылган. Адамдардын жашы жана жынысы, эч кандай маани берген эмес, күнөөсүз жаш бала болобу, же чачы агарган чал болобу, бирдей эле өлүмгө кабылышкан. Белгилүү жана жөнөкөй, кары -картаң жана жаштар, эне жана бала, бирдей мерт болушту. Түгөл Франция боюнча, ушул кыргын эки айга созулду. Мамлекеттин жарыгы болгон - 70миң адам, ушул зуулумдукта курман болушкан.УК 250.3

    “Ушул мууздолор жөнүндө Рим укканда, кубанычтары коюндарына батышкан эмес. Ушул кабар менен келген кабарчыга, кардинал Лоранский, миң крон сыйлык катары тартуулаган, жана, ыйык Анжелада, пушканын заңгыраган атуулары менен, бул окуя кубатталып жатты. Ар бир коңгуроо кагылуучу жайлардагы коңгуроолор, кагылып турду; Жалындаган жалындар, тунду күнгө айландырды; Григорий XIII кардиналдардын жана башка диний башчылардын коштоосу менен, ыйык Людовик соборуна келген, жана ал жерде кадинал Лоранский, “Теңир Сага...” - деген ырды ырдаган. Ушул кыргынды түбөлүктүү тарыхта калтыруу үчүн, медаль жасатышты, жана ватиканда, азыркы күнгө чейин визиантиялык үч жасалган сүрөттөр, сакталып турат. Биринде, гугеноттордун адмиральша жасаган кол салуулар, экинчисинде падыша өз кеңешчилери менен, боло тyрган мууздолор жөнүндө, сүйлөшүп олтурат, ал эми үчүнчүсү болсо, бoлyп жаткан кыргындын өзү. Григорий ушунун урматына “Алтын Роза” берет, жана кыргындан төрт ай убакыт өткөндөн кийин... “ошол күндүн окуялары жөнүндө айтып берген, француз дин кызматчысын сөзүн кубанычтуулук менен угат... Ушунчалык жан жыргатаар кабар уккандыгына кубанган Гиоргий, Кудайды жана ыйык Людовикке ыраазылык билдирүү үчүн, соборго жөнөдү”” 236Генри Уайт, “Ыйык Варфоломейдин т^-нундөгу кыргын”, 14-бап. 34-пар..УК 251.1

    Варфоломей түнүндө жандандырган рух, революциянын дагы жандандырган күчү бoлyп калды. Ыйса Машаякты алдоочу деп айыпташкан, жана франциялык капырлардын урааны дагы, “Шүмшүктү жок кылабыз” (Машаякты айтышкан) - деген ураандар менен, коштолгон. Адепсиз Кудайга акаарат айтуулар, жана жийиркенээрлик адепсиздик, колдошуп жүрүп олтурган; жана эң эле төмөнкү адамдар, ашынган шүмшүктөр жана бузулгандар, өтө жогору көтөрүлүп, баркталган. Жана ушунун бардыгында, бардык урмат-сый шайтанга берилген, бирок, ошол мезгилде, Машаяк чындыкка, тазалыкка жана Өз кызыкчылыгын ойлобогон сүйүүгө чулганып, - адамдар үчүн керилген.УК 251.2

    “Туңгуюктан чыккан айбан, алар менен урушуп, аларды жеңет, жана аларды өлтүрөт”. Францияда революция мезгилинде, жана террордун падышалык кылган учурундагы, капырлардын бийлигинде, Кудайга жана Анын Ыйык Сөздөрүнө каршы, жүргүзгөн күрөштөрүн, дүйнө али билген эмес. Мамлекеттик чогулуш, Кудайга болгон табынуучулукту жокко чыгарды. Жана бардык Мукаддастарды чогултушуп, Аны кемсинтип шылдыңдашты, жана көпчүлүктүн көз алдында өрттөп жиберишти. Кудай Мыйзамы тебеленип-тепселди. Жана Ыйык Жазуунун көрсөтмөлөрүн жокко чыгарышты. Ар бир аптадагы эс алуу күнү жокко чыгарылып, анын ордуна, ар бир онунчу күн, Кудайга акаарат айтууга жана оюн-зоок курганга арналган. Кудай менен келишим түзүп жана Аны экерүүлөргө, тыюу салынган. Мүрзөлөрдө, өлүм бул, түбөлүктүү уйку, деген плакаттар пайда боло баштаган.УК 252.1

    Кудайдан коркуу, даанышмандыктын эмес, акылсыздыктын башталышы, - деген oй жүгүртүүлөр пайда болду. Эркиндикке жана мамлекетке кызмат кылуудан башка, диний майрамдардын баарына тыюу салынган болуучу. “Париждин епископу, бул ыркы кеткен обу жок мыскылда, башкы рольду ойноого туура келди, бул түгөл улуттун атынан, ойнолуучу роль болгон... Аны мыйзам чыгаруу үчүн дайындалган адамдардын алдына алып келишип, ал, ушунча жыл кызмат кылган диндин, эч кандай деле мааниси жок, бул тарыхта дагы жана чындыкта дагы, эч кандай орунду ээлеген эмес, бир гана алдоо үчүн, дин кызматчылардын чыгарган божомолдору болгон деп, айттырууга мажбур кылышты. Жана епископ салтанаттуу түрдө бул буйрукка макул бoлyп, өзү кызмат кылуу үчүн дайындалган кызматынан, жана Ку-дайдан баш тартты, жана Кудай жок, деп баса белгиледи, мындан наары эркиндикке, тендикке, жакшылыкка жана адеп-ахлактыкка кызмат кылууга ант берди. Ал өз епископтук кийимин столдун үстүнө койгондон кийин гана, чогулуштун председатели аны бир тууган катары кучактап кубаттаган. Бул епископтyн өрнөгү менен, башка дагы баш тарткан бир нече дин кызматчылар, жолдошкон” 237Скотт, 1-том. 17-бап..УК 252.2

    “Бул ишке жер үстүндө жашагандар кубанышат, жана шаттанышып бири-бирине тартууларды жиберишет, анткени бул эки пайгамбар, жер үстүндөгү жашаган адамдардын бардыгын, кыйнашкан”. Кайырдин бoлyп кеткен Франция, Кудайдын эки кубөсүнүн, айыпты ачкан үндөрүн басып салышты. Чындыктын сөздөрү, анын көчөлөрүндө жансыз жатты, жана Кудай Мыйзамынын талаптарын, чегерүүүлөрүн жактырбаган адамдардын бардыгы кубанычтан салтанат куруп, шаттанып жатышты. Адамдар, Асман Падышасына, ачык эле каршы чыгып турушкан. Байыркы мезгилдеги күнөөкөрлөргө окшошуп, алар дагы митип кыйкырышты: “Кудай кантип билсин? Жана Эң Жогоркунун аяндары барбы?” (Забур 72:11).УК 252.3

    Көз алдыбызга элестете албагандай бoлyп, бир жаңы тартиптин кечили, Кудайга акаарат келтирип мындай деген: “Кудай! Эгерде Сен бар боло турган болсоң, Өз шылдың болгон Ысымың үчүн өч алып көрчү? Мен Сага каршы чакырык салам! Сен унчуга албайсың, Сен күн күркүрөөсү менен жооп берүүгө батына албайсыңбы? Жана ушундан кийин, Сенин бар экендигиңе ким ишене алат?” 238Лакретель, “Тарых”, 11-том, 309-бет, сэр Арчибальд Алисон, “Европа тарыхы”, 1-том, 10-бап.. Бул эмне фараондун айткан сөздөрүндөй эмеспи, ал айткан: “Мен Аны уккудай, Теңир деген Ким Өзү? ...мен Тенирди тааныбайм”.УК 253.1

    “Акылсыз өз жүрөгүндө, “Кудай жок”деген”. Жана Теңир чындыкка каршы сөз айткан адамдарга карата, мындай деп айтат: “Алардын акылсыздыгы, бардык адамдардын алдында ачылат” (Забур 13:1; 2Тим. 3:9). Франция, “Жогорку, Эң Бийик жана түбөлүктүү Жашоочу” Тирүү Кудайга кызмат кылуудан баш тарткандан кийин, көп убакыт өтпөстөн, эң эле төмөнкү, бардыгы бир аядын атынан, өз акыл-оюна табынуучулук кызматын башташкан. Мындай жосун Ассамблеянын депутаттарынын, жана жогорку мыйзам чыгаруучу адамдардын арасында, аткарылган! Тарыхчы мындай деп айтат: “Ошол акылдан адашкан мезгилдеги, шаан-шөкөттөрдүн бири, өзүнүн маанисиздиги менен, эң мыктысы бoлyп эсептелет. Бул шаан-шөкөттүн алдында, жогорку чогулуштун эшиктери ачылып, ушул өзүн өзү башкаруу органдарынын мүчөлөрү, музыканттардын коштоосунда, эркиндикке арналган гимнди ырдап киришет. Чогулган адамдардын ортосунда, өзүн кездеме менен чулганган аял турду, - бул алардын келечекте сыйына турган, акыл-оюнун кудайынын, символу болуучу. Аны жогорку чогулуштун мүчөлөрүнүн алдына алып келишип, жана салтанатту түрдө, анын үстүнөн кийимин чечиндиришти. Жана аны чогулуштун башкаруучусунун оң тарабына олтургузушту. Бардыгы анын түрүнөн, күлкүлүү опереттанын бийчисин көрүп турушкан... Ошол кездеги акыл - эсти, эң эле жогорку деңгээлде сүрөттөгөн, ушул урматтуу айымга, франциянын мамлекеттик мыйзам чыгаруучу чогулушу, эл алдында таазим көргөздү.УК 253.2

    Ушул адилетсиз, жана күлкүнү келтирүүчү оюн —зоок кечеси бекеринен эле бoлyп калган эмес; Акылэс кудай айымын таажыдар кылуу, түгөл мамлекетте өткөрүшкөн, жана ошону менен алар, өздөрүнүн революциянын жогорку деңгээлине жетип калгандыгын, көргөзүүнү каалашкан” 239Скотт, 1-том, 17-бап..УК 253.3

    Акыл-эске табынууга чакырып жаткан үгүтчү, мындай деп айтты: “Мыйзам берүүчүлөр! Фанатизм өз ордун, жөйөөлүү мааниге жол берип жатат; анын караңгылаган oй жүгуртүүлөрү, буга окшогон, ачык жарыкты көтөрө алмак эмес. Бүгүн көп сандаган адамдар, ушул көрүнүштүн жыйнагынын алдында, биринчи жолу чындык жаңырган жерде турушат. Бул жерде Франция биринчи жолу, чыныгы “эркиндике жана акыл-эске” - кызмат кылуу кечесин өткөрүп жатабыз. Биз бул жерден, мамлекеттин куралдуу күчтөрүнө, өз үмүтүбүздү артып жаткандыгыбызды билдирип жатабыз. Биз ушул жерден, жансыз бутпарастарды, жаратылыштын эң эле жеткилеңи болгон, тирүү “акыл-эстин” символуна, алмаштырдык” 240Тирс, “Франциядагы революциянын тарыхы”, 2-том,370,371-бет..УК 253.4

    Качан акыл-эс кудай айымын чогулуштун алдына алып келишкенде, башкаруучу аны колунан алып, жалпы чогулгандарга кайрылып мындай деди: “Бенделер! Силерди коркуткан Кудайдын күн күркүрөөлөрүнөн коркууну токтоткула. Ушул учурдан тартып, силердин, акыл-эстен башка кудайыңар жок. Мен силерге анын, таза жана эң эле жакшы үлгүсүн, алдыңарга алып келип олтурам; эгерде силерге аздектей турган нерсе керек боло турган болсо, анда ушул сыяктуу жеткилең нерсеге гана кылгыла. Эркиндиктин жогорку падышасынын алдында тизеңерди бүккүлө. О, аң-сезимибиздин алжапкычы!”УК 254.1

    “Ушундан кийин, акыл-эстин кудай айымы, башкаруучу менен кучакташты дагы, өтө кооз жасалгаланган арабага түшүп, Нотрдам соборун коздой, баштагы кудайлардын ордун ээлеш үчүн, көп сандаган адамдардын коштоосунда, жөнөп калды. Жана ар жердеги бийик кур-мандык чалчуу жайда, ал, башка келген адамдардын, ага табынууларын кабыл алды” 241Алисон, 1-том, 10-бап..УК 254.2

    Андан көп убакыт өтпөстөп, эл алдында Мукаддастарды өртөө башталды. Бир жолу “Элдик илим изилдөөчүлөрүнүн жааматы”, башкаруу органынын залына киришти дагы, мындай деп жаңырта кыйкырышты: “Акыл-эс кудайына даңк болсун!” Алар бийик чабырада, куйгөн китептерди алып келишкен. Диний китептердин арасында, Байыркы жана Жаңы Осуяттар дагы бар болуучу, жана алаардын башчысы мындай деди: “Адамдарды акылсыздык кылууга мажбурлаган, маанисиз нерселерди, улуу оттон куткарып келдик” 2421793жылдагы №318 Париж журналы. Буше-Рунун “Тарыхый парламенттик жазуулардын жыйындысы” китебинин талкуулооеу, 30-том, 200, 201 -бет..УК 254.3

    Папалык кыймыл баштап берген ушул ишти, атеизм мына ушинтип аягына чыгарган. Римдин саясаты, Франциянын коомдук, саясаттык жана диний жагынан кыйрашына, өбөлгө түздү. Бул революциянын үрөйдү учурган жагдайын жазган ар бир жазуучу, эмнегедир бул акылсыздыкка мамлекетти, жана жыйынды айыпташат. Чындыгында, адилеттике таяна турган болсок , анда ушунун бардыгына, Рим чиркөөсү айыптуу экендигин табабыз. Папалык кыймыл падышаларды Реформацияга каршы тукурган, жана алар падыша тактысынын душмандары, мамлекеттин жакшы жашоосуна жана тычтыгына коркунуч туудуруучулар, деп айтып көргөзгөн. Падышаларды ушунчалык зөөкүрдүккө жана калайыккалкты эзген катаалдыкка, жандандырган Рим бoлyп саналат.УК 254.4

    Мукаддас өзү менен кошуп, ар дайым эркиндик алып жүргөн. Кайсыл жерде, Аны кабыл алышкан болсо, ал жерде, адамдардын аң-сезимдери ойгонуп турду. Алар өздөрүн байлап турган түркөйлүктүн, күнөөнүн жана ырым-жырымдардын кишендерин, өздөрүнөн алып ыргытышкан. Алар өз алдынча oй жүгүртүп жана аракет кылууну башташты. Ушул нерселерди көргөн падышалар, өз бийликтерин алдырып коюдан коркушкан.УК 255.1

    Рим болсо, алардын саксактоосун токтолбостон жандырып турду. 1525 - жылы, папа Франциянын башкаруучусун, мындай деп эскерткен: “Бул көйнөк (протестантизм) бир гана диндин талкан ташын чыгарбастан, бирок, мамлекеттин, дворяндардын, мыйзамдардын, тартиптердин жана ар-кандай түркүмдөрдүн дагы таш-талканын чыгарган турат” 243Де Фелис, “Франциядагы протестанттардын тарыхы”, 1-китеп, 2-бап, 8-пар.. Бир нече жыл өткөндөн кийин, папанын элчиси падышага мындай деп эскертет: “Улуу урматтуу, жаңылышпаңыз! Протестанттар бир эле мезгилде мамлекеттик жана диний бийликке дагы, коркунуч туудуруп жатат... Падышалык такты дагы, курмандык чалчу жай сыяктуу эле, коркунучта... Жаңы динди киргизүү, сөзсүз түрдө, жаңы башкааруучунун зарылдыгын талап кылат” 244Д Обинье, “Кальвиндин мезгилиндеги Европадагы Реформация тарыхы” 2-китеп, 36-бап.. Папалык диний аалымдар, адамдардын протестантизмге каршы көз караштарына өбөлгө түзүшүп, мындай деп айтышкан: “бул жаңы окутуу, адамдарды акылсыздыкка азгырат; алар падышанын калайык-калкка болгон берилгендигин талкалап, чиркөөгө бүлүк салгандай эле мамлекетке дагы бүлүк салышат. Ушундай аракети менен Рим, Францияны Реформацияга каршы тукурган. “Францияда биринчи жолу, тактыны колдоо үчүн, ак-сөөктөрдү коргочолоп, мыйзамдарды сактоо үчүн, куугунтуктун кылычы жаркылдады” 245Уайли, 13-китеп, 4-бап..УК 255.2

    Бул мамлекеттин башкаруучулары, албетте ушундай саясаттын, артындагы боло турган жамандыгын билишкен эмес. Ал эми Мукаддастын окутуулары, адамдардын аң-сезимине жана жүрөктөрүнө, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн, бурчтун негизи бoлyп коюлган адилеттиктин, токтоолуктун, чындыктын, теңдиктин жана жакшы иштерди жасоонун, негиздерин бекемдемек. “Адилеттүүлүк калктарды көтөрөт”, ошондуктан жана “чындык менен тактылыр бекемделет” (Аң.Кит. 14:34; 16:12). “Жана акыйкаттын иши тынчтык болот, адилеттиктин жемиши — тынчтык менен түбөлүк коопсуздук болот” (Ис. 32:17). Ким Кудай Мыйзамына моюн сунган болсо, ал киши өз мамлекетинин мыйзамын дагы сыйлайт. Ким Кудайдан корко турган болсо, анда ал, өз падышасынын мыйзамдуу жана адилет талаптарын дагы кадырлайт. Бирок шордуу Франция, Мукаддаска тыюу салып, руханий адамдарды мыйзамсыз деп жарыялады. Жүз жылдар аралыгында, өз максатында бекем турган, жетик акылдуу, адеп-ахлагы таза адамдар, чындык үчүн азап тартууга бел байлашып, өздөрүнүн ишенимдерин жактап келишкен. Жана ушул адамдар, кылымдар бою сүргүндөрдө оор жумуштарды аткарышып, жалындаган оттордо азап чегишип, же зындандарда тирүүлөй чирип жок болушкан. Миң-миңдеген адамдар качып кутулууга аргасыз болушту, жана ушунун бардыгы, Реформация башталгандан кийин 250 жыл аралыкка созулган.УК 255.3

    “Ушул узак мөөнөттүн ичинде, Жакшы Кабардын жактоочуларынын, өз куугунчуларынан качкандыгына күбө болбогон, бир дагы француз калган жок. Качкындар өздөрү менен бирге билимди, чебердикти, кол өнөрчүлүктү, жана тартипти, кошо ала кетишкен; жана ушул мүлктөр менен, алар өздөрүнө баш калка болгон башка мамлекеттерди толтурушкан. Жана өздөрүнүн сейрек кездешүүчү жөндөмдүүлүктөрү менен, алар башка мамлекеттердин өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө шарт түзүшкөн, ал эми алар чыгып кеткен, өз мамлекеттеринин абалы улам начарлагандан начарлады. Эгерде ушул таланттуу адамдар Францияда кала турган болушса, эгерде ушул 300 жыл убакыттын ичинде, алар өз мамлекетине кызмат кылыша тyрган болушса; эгерде алардын чеберчилик кесиби, пайдаланган болсо; эгерде алардын ойлоп тапкыч аңсезиминин күчү, илимдин осүшү, жана адабият үчүн кызмат кылганда; эгерде алар өз даанышмандыгы менен, бийликке жардам берип, ал эми, өз эр жүрөктүүлүгү менен - полк башкарган адамдарга кызмат өтөшсө; эгерде алардын адилеттүү oй жүгүртүүлөрү менен, мыйзамдар каралса, жана алардын Ыйык Жазуудан алган чыныгы дини, француздардын акылын күчкө толтуруп, жана алардын абийири менен иштегенде - анда бүгүнкү күндө Франция, кандай улуулуктарга жетишмек! Улуу, өсүп-өнүккөн, бактылуу мамлекет - башка өлкөлөргө, кандай сонун үлгү калтырмак!УК 256.1

    Бирок көзү көр, жана аяганды билбеген фанатизм, анын айланасынан бардык жакшылыктарды, укук талашып күрөшүүчүлөрдү, тактынын ак-ниет коргоочуларын кууп салды. Өз өлкөсүнүн “белгилүү жана шаңдуу” бoлyyсун каалаган адамдарга, мындай деп айтылган: “Каалаганыңарды тандап алгыла: өртпү же куугунтукпу”. Акыры мамлекет кыйроого учурады, алардын абийири аларды айыптаган жок, анткени адамдардын арасында, андай нерселер жашабай калган; диний көз караш үчүн эми, эч кимди отко жагышкан эмес, анткени дин деген жок болгон; куугунтук дагы тыйылган, анткени өлкөдө патриоттор калган эмес” 246Уайли, 13-китеп, 20-бап.. Революция өзүнүн бардык зуулумдугу менен, ушул саясаттын жемиши бoлyп көрүнгөн.УК 256.2

    “Гугенотторду Франциядан кууп жиберишкенден кийин, жалпы адамдык кыйын кырдаал башталды. Өнүгүп келе жаткан шаарлар, өз өсүшүн токтотту, айдаганга жарактуу дың жерлер, чөлгө айланды, болуп көрбөгөндөй өсүп-өнүгүүлөр, жөндөмдүүлүктөрдүн токтоп калуусу жана адеп-ахлактын төмөндөшү менен, алмаштырылды. Париж жарды-жалчыларды бага турган үйгө айланды, жана 200 миң жакыр адамдар, падышадан жардам күтүп сагаалашкан. Бир гана эки жүздүү адамдар, талкаланган өлкөдө жыргап күн көрүп жатышты, жана өз бийликтерин мыкаачылык менен, жыйындарда, мектептерде, түрмөлөрдө жана тарбиялоочу жайларда көргөзүшкөн”.УК 257.1

    Франциядагы динчилдерди, падышаларды жана мыйзам чыгаруучуларды бурчка такаган Жакшы Кабардын жардамы менен, социалдык жана саясаттык муктаждыктарын чечүүгө мүнкүн болмок, жана акырында ушул нерселер, түгөл улутту кыйроого жана өлүмгө алып келген. Бирок, Римдин тийгизген таасири менен, калайык-калкка Куткаруучунун талап кылынбаган сүйүү жана керт башынын кызыкчылыгын oйлобоо жөнүндөгү насааттарынын, өтө баалуу маанилерин жоготушкан. Адамдар, башкалар үчүн өз керт башынын кызыкчылыктарынан баш тартуу, деген нерселерден алда канча алыстап кетишкен. Кедейлерди кысымга алгандыгы үчүн, эч ким, бай адамдарды айыптаган эмес, ал эми кедейлер болсо, өздөрүнүн кул сыяктуу эмгеги үчүн, эч кандай мактоо алышкан жок. Байлардын өзүмчүлдүгү жана өкмөт башындагылардын бийлиги, көзгө көрүнөрлүк жана зөөкүрдүк менен байкалып турду. Жүз жылдар аралыгында, белгилүү адамдардын ач-көздүгү, жана ысырапкорчулугу, кедей-кембагалдардын үстүнө түшкөн оор түйшүк бoлyп калды. Байлар кедейлерди эзишсе, ал эми кедейлердин, аларды көрөйүн деген көздөрү калган эмес.УК 257.2

    Көп деген аймактарда, жерлер ак сөөктөргө таандык болгон, ал эми жер иштеткен адамдар, арендага алып эмгектенгендер болушкан. Алардын өмүрү, өздөрүнүн кожоюндарына байланыштуу болгон, ошондуктан алар, өз кожоюндарынын бардык адилетсиз талаптарына, баш ийип турушкан. Мамлекетти жана чиркөөнү каржылоо түйшүгү, орто жана төмөнкү даражадагы адамдарга жүктөлгөн, жана аларга карата өтө жогорку деңгээлде салык төлөөгө туура келген. “Ак сөөктөрдүн кежирликтери жана каалолору, эң жогорку мыйзам бoлyп эсептелген; жумушчу тап, ачтан өлүп жатышса дагы, алардын эзүүчүлөрүн бул нерселер кабатыр кылган дагы эмес. Адамдар жер ээлерине, бардыгында баш ийишип турушкан, жана алардын кызыкчылыктарын канагаттандырышкан. Жумушчу таптын жашоосу, токтобогон эмгек жана жетишпеген тарчылык болуучу; алар арызданган эмес, бирок арыздана тyрган болушса, алардын арызы жек көрүүлөр менен, жооп берилген. Соттор кедейлерди эмес, ар-дайым байларды жактап турган. Соттор пара алышкан, жана акча берген аристократтын айткандары, сатылгандар тарабынан толугу менен кабыл алынган. Жөнөкөй адамдардан мамлекеттик тараптан жана чиркөө тараптан дагы, чогултуп алынган салыктардын жарымы, падышалык, же чиркөөлүк казынага кирген эмес. Бул акчалар байлардын талаптарын канагаттандыруу үчүн пайдаланган. Өз жакындарын уялбастан талаптоногон адамдар, өздөрү эч кандай салык төлөшкөн эмес - мыйзам жана каада салт боюнча, - мамлекетте каалаган орундарды ээлегенге укуктуу болушкан. Урмат-сыйга татыктуу деп эсептелген адамдардын саны болжолу менен 150 миң адамга жеткен, жана алардын талаптарын аткаруу үчүн, миллион деген адамдар, жыргалсыз жакырчылыкка жана кордолгон, маңыроо кылуучу эмгекке кабылышкан”.УК 257.3

    Падыша сарайлары ыгы жок каражат сарптоодо жана бузукулукта жашап күн көрүштү. Эл башчылары менен, калайык-калктын ортосунда эч кандай ишеним болгон эмес. Жогорку жактагы башкаруучу адамдардын ар бир баскан кадамы, жөнөкөй адамдар үчүн, каардуу жана керт башынын кызыкчылыгы үчүн бoлyп жаткандыгы, билинип турган. Революциядан мурда, элүү жылдан ашык убакыт, Людовик XV падышалык тактыны ээлеп турган, кыйын кырдаал мезгилинде дагы, бекерпоздук, жеңил ойлуулук жана бузукулугу менен даңазаланган. Бузулган жана таш боор ак-сөөктөр, жакырланган маданиятсыз калайык-калк, финансылык кыйроону баштан өткөргөн мамлекет, ындыны өчкөн адамдар - мына ушул көрүнүштөрдү көрүп туруп, акыры коркунучтуу боло тyргандыгын айтуу үчүн, пайгамбар болуунун зарылдыгы жок эле. Бардык эскертүүлөргө падыша мындай деп гана жооп берчи: “Менин өмүрүмдө чаң-тополоң бoлyп кетпеши жөнүндө кам көргүлө; менин көзүм өткөндон кийин, боло тyрганы боло берсин”. Реформа керек, деп айтылган сөздөрдүн бары бекер эле. Ал жамандыкты көрүп турган, бирок ага каршы туруу үчүн, күчкө да, кайратка дагы ээ болгон эмес. Анын жеңил ойлуу жана өзүмчүл жообу: “Менден кийин, мага десе топон суу каптасын!” Францияны мындан жакшы нерсе, күтө алган эмес.УК 258.1

    Бирине-бирин күмөндөтүүнү, падышанын жана башкаруучу таптын көрө албастыгын жалындатуу менен, Рим алар аркылуу, адамдарды жакырлыкта кармоону каалаган, анткени бул жагдайлар мамлекетти алсыздандырмак, ошондо гана башкаруучулар да, жана калайык-калк да, аларга моюн сунуп турушмак. Алысты көрүп түшүнгөн римдик кардиналдар: адамдарды көз каранды кылуу үчүн, алардын жанын кыйноо зарыл, эң жакшысы адамдарды кулдукта кармоо керек - бул үчүн аларды өз эркиндигинен ажыратуу зарыл болду Адамдардын адеп-ахлагын бузуу, Римдин ушундай cаясатынын алгачкы куралы эле, анткени бул, денелик кыйноодон, миң эсе өйдө болгон. Адамдар Мукаддастан ажырашып, фанатикалык окутуунун алдында, түркөйлүккө, ырым-жырымга, бузукулукка кабылышты, жана өздөрүн башкарууга жөндөмдүүлүктөн ажырашты.УК 258.2

    Бирок ушунун бардыгы, Рим oйлогон жыйынтыкка алып келген жок. Адамдарды, өз жоболоруна баш ийдирүүгө жасаган аракеттери, Рим ойлогондой болбостон, адамдар кайырдин жана революциячыл бoлyп калышкан. Алар католицизмди, диний бузукулар деп жек көрүшүп, жана өздөрүнүн кыйналган абалына айыпкер деп эсептешти. Алардын билген кудайы, римдиктердин кудайы бoлyп саналган, ал эми карманган дини - Римдиккатоликтик чиркөөнүн дини болгон. Алар Римдин ач көздүгүн жана катаалдыгын, Ыйык Жазуулардын жемиши деп түшүнүшүп, жана андан баш тартышкан.УК 259.1

    Рим, Теңирдин сапатын жалган кылып көргөзүп, жана Анын талаптарын бузган, жана жыйынтыгында, адамдар Мукаддастан жана Анын Авторунан баш тартышкан. Анткени Римдин жоболору, Ыйык Жазуулар ушундай деп айтат, деген шылтоо менен, адамдардан сокур ишеним талап кылган. Мына ушунун айынан Вольтер жана анын жактоочулары, Кудай Сөзүнон баш тартышып, бардык жерге ишенбестиктин уусун таратышты. Рим өз темир согончогу менен адамдарды басып салды, жана кемсинтилип, адам кебетесин жоготкон, жапайы болгон адамдар, бул зөөкүрлөргө ачуулангандыктан, өздөрүнүн кар-манган нерселеринин бардыгын таштап салышкан. Аларды ушунча узак мөөнөт алдагандыгына ачуулагандыктан, алар, жалгандык менен бирге чындыктан баш тартышты, жана өздөрүн эркинбиз дешип эсептешип, бузукулуктун кyлy болушту.УК 259.2

    Албетте, революция башталардын алдында, падышанын берген ырайымы боюнча, жөнөкөй адамдар, ак-сөөктөргө Караганда, парламентте көбүрөөк орунду ээлешкен. Ушундайча бийлик алардын колунда бoлyп калды, бирок алар, бул бийликти акылдуулук жана даанышмандык менен пайдаланууга, даяр эмес эле. Өздөрүнө залака тийгизген жамандыктын катыгын берүү максатында, алар коомчулукту алмаштыруу менен алек болушкан. Жүрөктөрүндө көп деген жылдар сакталып келген, адамдардын каары жана көргөн запкылары, аларды ызалантып, кимди өз кайгыларына күнөөкөр деп эсептешсе, ошолордун үстүнө үйрүлүп түштү. Зөөкүрдүктүн сабактары, дайынсыз жок болгон жок: өмүр бою запкы жеп кордолгондор, эми өз кордоочуларына кордук көргөзө башташты.УК 259.3

    Шордуу Франция, канга жамынып, өзү сепкен нерселерин, өзү кайрадан чогултуп алды. Римге билбей эле баш ийип келгендик, кандай коркунучтуу жемиштерди алып келген! Реформация башталган кезде, католиктердин кысымчылыгы менен, биринчи “еретикти” (динге каршы окутууну таратуучу) өрттөгөн жерде, революция өзүнүн биринчи баш кесе турган куралын тургузган. Өзүнө аягуу алып келе турган Жакшы Кабардан баш тартуу менен, Франция өз эшигин кайырдиндике жана бүлгүндүккө ачып берди. Качан Кудай Мыйзамдарынын чегерүүлөрүн cыртка ыргытып cалышканда, адамдагы каалоо агымдарын токтотуу үчүн, адам мыйзамдары алсыз экендигин билишти, жана калайык-калк кыйроонун жана ээн баштыктын тупкүрүнө түшүп кетишкен. Мукаддаска каршы согушуу, дүйнө тарыхында, дагы бир жаңы баракты ачып берди, бул “зомбулуктун башкаруусу”, деп аталган. Тынчтык жана бакыт үйлөрдү жана адамдардын жүрөктөрүн калтырды; эч бир адам өзүн коопсуздуктамын деп, эсептеген эмес. Бүгүн ким салтанат курган болсо, ал эртең, шек саналгандардын жана айыпталгандардын катарында туруп калмак. Зордукчулук жана дене кумарлар бардык жерде өз бийлигин орнотту.УК 260.1

    Падыша, диний башкаруучулар жана ак-сөөктөр, кутурган адамдардын жырткычтыгына, чыдоого аргасыз болушту. Падышага өкүм чыгаруу, өч алуунун отун андан дагы катуу жалындатып, жана ага өкүм чыгаргандардын өздөрү дагы көп убакыт өтпөстөн, ошол от жагыла турган секичеге чыгышкан. “Өлүм!” — ушул чечим, ким революциянын душманы саналса, ошолордун баарына бирдей чыгарылган чечим болуучу. Түрмөлөр толуп; бир эле мезгилде, анын ичинде 200 миң адам кыйналган. Революционерлердин арасында дагы токтолбогон күрөш жүрүп турган, жана Франция өтө чоң майдан талаасына, кумардын ээн баштыгына айланды. “Парижде бир козголондун артынан, экинчиси башталып тyрду; анын тургундары, бири-бирин өлтүрүүнү каалашкан, көп сандаган партияларга бөлүнүшкөн”. Жалпы бoлyп жаткан бүлгүндөр, Франциянын башка европадагы күчтүү мамлеттер менен, кыйратуучу согушууларына, түрткү берген. “Мамлекет толук кыйрап калуу коркунучунда турду; аскерлерге акча каражаттары керек болуучу; париждиктер ачтан өлүп жатышты; каракчылардын тобу, аймактарды талап-тоношту, жана цивилизация тартипсиздик жана бузукулук менен, кыйратылып бара жатты”.УК 260.2

    Калайык-калк, Рим үйрөтүп кеткен зуулумдуктун сабактарын, абдан жакшы үйрөнүп алышты. Жана мына ошентип, өч алуу күнү дагы келип жетти. Эми түрмөлөрдү толтурган, жана өрттөөчу жайларда канын төккөн, Ыйсанын шакирттери эмес эле. Алар көп убакыт мурда эле өлүшүп, же куугунтукта болушкан. Ырайымсыз Рим, эми өздөрү канкордукка үйрөтүшкөн адамдардын, өлтүрүүчү күчтөрүн сезүүлөрү керек болгон. “Франциялык дин кызматчылардын курал жарактары бoлyп саналган куугунтуктоолор, эми алардын өздөрyнө кыргыйдай бoлyп тийди. Өрттөөчү секичелерди дин кызматчылардын кандарына толтуруп жатты. Галералар жана түрмөлөр, бир кезде гугенотторго толгон болсо, эми болсо, алардын куугунтуктоочуларынын жайы болду. Отургучтарга жана суу калактарына чынжырлар менен кишенделген католик дин кызматчылары, эми гана еретиктерге каршы өздөрүнүн кылган кайзы азаптарын, өздөрү сезишкен”.УК 260.3

    “Ырайымсыз соттор тарабынан, ырайымсыз мыйзамдар кабыл алынган мезгил келди, бул адам тарыхында биринчи ирээт болгон. Эч бир адам, өз жакыны менен бирге сыйынып, эми өлүм жазасына кабылбайм, деген ойду билишкен эмес; анткени тынчылар ар бир бурчта сак турушкан; эртеден кечке, баш кесүүчү куралдар тынымсыз иштеген; түрмөлөргө адамдар толтурулуп, жана суу аккан трубалардан, Сена дарыясына адам каны агып турган... Ошол мезгилдерде, Париждин көчөлөрүндө күнүгө, арканга байланган адамдардын узун тизмеги, өлүм жазасына кабылышып, өтүп турушту. Жана департаменттин жогорку комитети аркылуу жиберилген адамдар, Париж элестете албагандай мыкаачылык менен, аракет иштерин жасашкан. Баш кесүүчү куралдардын бычактары акырындык менен көтөрүлүп, жана өз ишин аткарууга, ылдый түшүп жатты. Жана көп деген адамдар картечтердин окторуна кабылышты. Чоң кеменин түбүнө, туткундарды толтурушуп, атайын суу кирүү үчүн тешиктерди жасашкан. Лион шаары чөлгө айландырылды. Аресте болсо, туткундарды тез өлтүрүүчү сыйдан дагы, куру калтырышкан. Луар дарыясында, - Сомурдан деңизге чейин - карга кузгундардын чоң тобу, коркунучтуу өлүмдүн кучагында калган, адамдардын өлүктөрү менен тамактанышкан. Аялдарга дагы, балдарга дагы ырайым болгон эмес. Ушул адам сыягынан кеткен режимдин аркасында, 17 жашка чейинки жүздөгөн, балдар жана кыздар мерт болушту. Эненин төшүнөн жулунуп алынган кичинекей ымыркайларды, найзага сайып биринен-бирине ыргытышкан”. Он жылдын аралыгында, көп сандаган адамдар курман болушкан.УК 261.1

    Бардыгы шайтан ойлогондой болду. Ал ушундай кылуу үчүн, кылымдар бою аракеттенип келген. Анын саясаты - башынан аягына чейин, барып турган жалгандык. Анын чыныгы максаты - адамдарга кайгы жана азап алып келүү, жана Кудайдын каалаган нерселерин бузуп, жаманатты кылуу; Кудайдын ырайымын жана сүйүүсүн талкалап, жана ошону менен түгөл Асманды кайгыга салууну каалайт. Шайтан адамдарды билиндирбей сокур кылат, жана Теңирди, бoлyп жаткан нереелердин бардыгына күнөөлүү, деп көргөзүүнү көздөйт, жана бoлyп жаткан жамандыктар дагы, Анын каалаганы деп түшүндүрөт. Качан бузулган жана жырткыч жаратылыштуу адамдар Кудайдан алыстай турган болсо, анда ал, ошол адамдарды, эң эле мыкаачылыкка түртөт. Ошондон кийин, боштондукка чыккан жамандык, зөөкүрлөр аркылуу, эркиндиктин жемиши сыяктуу сезилип калат.УК 261.2

    Качан адашуу бир жамынчынын ичинде байкала турган болсо, шайтан алардын жамынчысын, башка формада көргөзөт, жана адамдар аны, баштагысындай эле кубануу менен кабыл алышат. Качан адамдар, папалык кыймыл - бул алдамчылык экендигин билгенде, шайтан эми ушундай жол менен, адамдарга Кудай Мыйзамын буздурууга мүмкүнчүлүгү жетпей калат, ошондуктан ал, бардык динди алдамчылык деп саноого үндөп, ал эми Му-каддасты — тамсил деген. Кудайдын көрсөтмөлөрүн сыртка калтырышып, алар ооздукталбаган митаамдыкка берилишти.УК 262.1

    Францияга ушунча көп кайгы алып келген, ушунчалык олуттуу ката, бир улуу чындыктан баш тарткандыктан болгон: “чыныгы эркиндик, Кудай мыйзамынан сыртка чыкпагандык”. “О, эгер Менин Осуяттарыма сен көңүл бурган болсоң! Анда сенин тынчтыгың дарыядай, жана сенин чындыгың, дениз толкунундай болот эле!” “Ал эми арамзаларга тынчтык жок дейт Теңир”. “А Менин тилимди алган жамандыктан коркпой, коопсуз, тынч жашайт” (Ис. 48:18,22; Аң.Кит. 1:33).УК 262.2

    Кайырдиндер, шектенгендер жана Кудайдан баш тарткандар гана Кудай Мыйзамын жокко чыгарышат, жана ага каршы күрөш жүргүзүшөт; бирок ушунун артында, кооз сөздүүлүк менен, адамдардын ийгилиги, - Кудай Мыйзамдарын аткаргандыкта, дешет. Ким Кудайдын Китептери аркылуу окуп үйрөнгүсү келбей турган болсо, адамдардын тарыхынан сабак алса болот.УК 262.3

    Качан шайтан католик чиркөөсү аркылуу, адамдарды Кудайдын жолунан чыгарууга аракет кылганда, ал өзүнүн чыныгы оюн жашырган, анын иши ушунчалык жашырылгандыктан, адамдардын бузулуусу, адеп-ахлагынын талкаланышы, Мыйзамды бузуу бoлyп саналган эмес. Кудай Руху дагы шайтанга тоскоолдук кылгандыктан, ал өзүнүн оюн толугу менен, иш жүзунө ашыра алган жок. Бирок революция мезгилинде, Кудай Мыйзамы, кеңештин чечими менен жокко чыгарылган, жана зомбулук жылдарында, залака келтирилген байланыштын иши, бардыгына ачыкайкын бoлyп калды.УК 262.4

    Качан Франция, Кудайдан жана Мукаддастан ачык эле баш тартканда, арамзаалар жана караңгылыктын күчтөрү, өз максаттарына жетишкендиктери үчүн шаттанышкан, - Кудай мыйзамдарынын талаптарынан түгөл мамлекет боштондукка чыкты. Жаман иштер үчүн өкүм жаза, ошол эле замат ишке ашырылбайт, “Кыңыр иштерге бат эле өкүм боло койбойт; мына, ошондуктан, адам баласынын жүрөгү жамандык кылуудан коркпойт” (Үгүт. Кит. 8:11). Бирок адилеттүү жана калыс Мыйзамдарды бузуу, бактысыздыкка жана кыйроого алып келмек. Адамдардын арамза иштери ошол эле замат жазаланбаса дагы, алар акырындык менен, өлүмдү көздөй багыт алып олтурду. Кылмыш жана баш тартуучулук, кылымдардан бери өз чөйчөгүн толтуруп койгон, жана Кудайды жактырбаган адамдар, Кудайдын чыдамы кеткендиги кандай жаман экендигин билип калышты. Кудайдын кармап турган күчтөрү, эми шайтандын кылмыш иштерин токтотуп кармаган жок, жана адамдардын кайгысынан кумар алгандын өзү, толук эркиндикке ээ болду. Нааразылык жолун тандап алгандарга, эми өз жемиштерин жыйнап алуу берилди. Бош калган аймактарда жана талкаланган шаарларда, Асманга карата озондоо өкүрүктөр угулуп турду. Франция улуу жер титирөөгө кабылып калган сыяктанып сезилди. Дин, мыйзам, коомдук негиздер, үй-бүлө, мамлекет, Жыйын - баары, Кудай Мыйзамына каршы сокку урган, адилетсиз кол аркылуу, шыпырылып ташталган. Даанышман чындыкты мындай деп айткан: “Арамзааны анын арамзаалыгы мойсойт”. “Күнөөкөр жүз ирет жамандык кылса да, жана көнгөн ишинде селейип калса дагы, Кудайдан корккондор, Аны урматтагандар, жыргалга бөлөнөөрүн, мен билем; а арамзаага жакшылык болбойт” (Аң.Кит. 11:5; Уг.Кит. 8:12,13). “Анткени алар илим-билимди жек көрүшкөн, жана Теңирден коркууну тандаган эмес; Ошон үчүн алар, өздөрү бара жаткан багытынын кермек даамын татышат да, өз ойлорунан тоюнушат” (Аң. Кит. 1:29, 31).УК 262.5

    Кудайдын ишенимдүү күбөлөрү, Кудайга акаарат айткан бийликтен жеңилишип, “туңгуюктан чыгышты”, жана алардын үндөбөгөндүгү, көп убакытка созулган жок. “Бирок үч жарым күндөн кийин, аларга Кудайдан өмүр руху кирди, жана алар экөө тең буттарына турушту; жана аларды карап тургандарды өтө чөң коркунуч басты” (Аян 11:11). 1793 - жылы Франциянын мамлекеттик чогулушунда, христиан диндерин жокко чыгаруу, жана Мукаддасты жоюу мыйзамдары кабыл алынган. Бирок, үч жарым жыл убакыт өткөндөн кийин, ушул эле чогулуш, Кудай Сөзүн эркин окуу чечимин кайрадан киргизген. Ыйык Жазуулардан баш тартуу кандай жамандык алып келе тургандыгын, бүткүл дүйнө көргөн. Жана ацамцар, Кудайга жана жакшы иштердин жана адеп-ахлактын булагы катары Анын Сөздөрүнө ишенүү, зарыл экендигин түшүнүшкөн. Теңир мындай дейт: “Сен Кимди жекирип тилдеп жүргөнсүң? Кимге үнүндү көтөрүп, Кимге ушунчалык чакырая карайсың? Израилдин Ыйыгына” (Ис. 37:23). “Ошондуктан мына, Мен азыр аларга көргөзөм, аларга Өз Колумду жана Өзүмдүн Кудуретимди көргөзөм; ошондо Менин Ысымым - Теңир экендигин билишет” (Иер. 16:21).УК 263.1

    Эки Күбө туурасында пайгамбар мындай деп айтат: “Жана аларга мындай деген катуу добуш асмандан угулду; бул жакка чыккыла. Алар булут менен асманга чыгып кетишти; жана душмандары аларды карап турушту” (Аян 11:12). Франция, Кудайдын эки Күбөсүнө каршы согуш жарыялаган, бирок алар, азыр башта болбогон сыяктанып, жогору көтөрүлүп олтурушат. 1804 - жылы, Британдык жана башка мамлекеттик, Ыйык Жазуу лигасы (кеңеши) бекемделген. Бул, Европанын башка мамлекеттеринде дагы ушуга окшогон уюмдарды жана филиалдарды уюштурууга өбөлгө түзгөн. 1816жыл - Америкадагы Ыйык Жазуу уюмунун, туулган күнү. Британиялык уюм бекемделгенде, Мукаддас элүү тилде басылып чыгарылып жана таратылган. Жана ошондон тартып, Ыйык Жазуу жүздөгөн тилдерге которулду.УК 264.1

    1792 - жылга чейинки элүү жыл аралыгында, башка элдик миссияларга, аз көңул бурулган болуучу. Эч кандай жаңы уюмдар бекитилген жок. Жана бир канча гана жыйындар, бутпарас мамлекеттерине христиан динин таратууга болгон күчүн жумшашкан. Бирок XVIIIкылымдын аягында, жагдай шыр эле өзгөрүлүп кетти. Акыл-эске таянуучулук, адамдардын талабын канагаттандыра алган жок, жана алар, Кудайдын аяндарына, тирүү жана оңтойлуу шарттарына муктаждыгын сезишкен. Ушул мезгилден тартып, чет элдик миссиянын жасаган иштери, бoлyп көрбөгөндөй бийиктикке көтөрүлгөн.УК 264.2

    Китеп бастыруучу иштердин өсүшү, Мукаддасты таратууда өзүнүн чоң салымын кошкон. Мамлекет арасындагы байланышуулардын жакшырышы, баштагы oймаксаттарды элдик артыкчылыкты жандандырды; римдик папанын мамлекеттик бийликти жоготуп коюшу, - Кудай Сөзүнө карай жол ачып берди. Бир нече жыл өткөндөн кийин, Мукаддас Рим көчөлөрүндө, эркин сатылып турган, жана жер шаарынын алыскы жерлерине чейин таратылды.УК 264.3

    Кайырдин Вольтер бир жолу мактанып мындай деген: “Мен, он эки адам христиан динин тараткан деген, болбогон сөздөрдү угуудан жададым. Аны жок кылуу үчүн бир эле киши жетишиктүү экендигин, мен далилдеп бере алам”. Ал өлгөндөн кийин бир эле муун жашаган жок... Ыйык Жазуу менен согушууга миллион деген адамдар чыгышкан. Бирок, бул Китеп кандай гана жогору турат, талкалануудан өтө эле алыста! Эгерде Вольтердин учурунда Мукаддас Жүзгө гана жеткен болсо, азыр анын саны, миңминдеп саналат. Алгачкы рефоматорлордун бири мындай деп айткан: «Мукаддас - бул дөшү сыяктуу, аны талкалоо үчүн бир нече балкалар сынган”. Теңир мындай дейт: “Сага каршы жасалган бир дагы курал ийгиликке жетпейт; жана сотто Сени менен жаакташкан ар кандай тилди Сен айыпка жыгасың” (Ис. 54:17).УК 264.4

    “Биздин Кудайдын Сөздөрү түбөлүктүү турат”. “Анын бардык Осуяттары туура, кылымдан кылымдарга бекем турат, чындык менен калыстыкка негизделген” (Ис. 40:8; Забур 110:7,8). Адам аркылуу эмне тургузулган болсо, эртедир же кечтир баары бузулат, бирок эмне Кудай Сөзүнүн аскасына тургузулган болсо, ал түбөлүктүү турат.УК 265.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents