Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    5 Бап —Жон Уиклиф (1324-1384)

    Реформацияга чейин бир нече гана Муккадас калган, бирок Кудай Өз Сөзүнүн жок болуп кетүүсүнө жол берген жок. Анын чындыктары түбөлүктүү жашыруун болуп калмак эмес. Бир кезде Өзүнүн кызматчыларын бошотуу үчүн, зындандын темир эшиктерин ачып берген сыяктуу эле, кишенделип калган Өмүр Сөзүн дагы бошотуп коюу, Теңир үчүн жеңил нерсе. Ар бир өлкөдө Ыйык Рухтун жардамы менен, адамдар, катылган кенч издегендей, чындыкты издешкен. Кудайдын алдын ала ачып бергендерине ыраазы бoлyy менен, алар Ыйык Жазууларга кайрылышып, жана өтө кызыгуу менен, Ыйык Барактарды окуп, изилдеп жатышты. Алар жарыкты табуу үчүн, бардыгына кайыл эле. Бул адамдар баарын шыр эле билип түшүнүп алышпаса дагы, бирок мурда жашыруун болуп, көмүлүп калган чындыктар аларга түшүнүктүү боло баштады. Асмандан жиберилген элчилер сыяктуу, алар адашуунун жана ырымжырымдардын кишендерин талкалоого, көп жылдар алдоонун туткунунда жүргөн адамдарды үндөп, өз эркин коргоо үчүн кайраттанууга чакырышты.УК 67.1

    Коп деген жүз жылдар аралыгында, Кудай Сөзүн билимдүү адамдардын гана тилинде окуу мүмкүн эле, жана бир гана валдендер аны өз тилинде окушкан. Бирок Ыйык Жазуу, ар бир адам өз тилинде окуу үчүн, ар кайсыл тилде которула турган мезгил дагы келип жетти. Биздин дүйнөдө болуп жаткан түнкү убакыт дагы өттү. Көпчүлүк өлкөлөрдө караңгылык тарап, келе жатан жарыктын алгачкы шоолалары көрүнө баштады.УК 67.2

    XIV- жүз жылдыкта Англияда, “Рефомациянын таңкы чолпон жылдызы” чыкты. Жон Уиклиф реформанын элчиси Англияда гана болбостон, бирок бардык Машаяк Жолун жолдогон жерлерде дагы болуп калды. Анын римге каршы жарыялаган протеси, эч качан токтолмок эмес. Анын кайрылуулары, күрөштүн башталышы болуп, жеке адамдарды гана эмес, бирок жыйындарды жана калайык калктарды дагы, боштондукка чыгууга алып келди.УК 67.3

    Уиклиф либералдык билимдин ээси болгон, бирок ал үчүн, Кудайдан коркуу даанышмандыктын башталышы болуп эсептелген. Коледжде окуп жүргөн мезгилинде, аны жөндөмдүү жөн билги, берилген такыбаа адам катары таанышчу. Өзүнүн билимге болгон умтулууcу менен, ал билимдин ар кыл багыттары менен таанышууга аракет кылат. Ал баш катырма (схоластикалык) филоcофияны, езгөчө өз өлкөсүнүн граждандык жана диний мыйзамдарын, окуп үйрөнгөн. Анын окуудан кийинки эмгектеринен, алган билимдеринин тааcири көрүнүп турган. Ой жүгүртүүгө негизделген философиядан өздөштүргөн билими анын, ошол кездеги алсыздыгын жана адашууларын көргөзүп, ал эми граждандык жана диний укуктарды үйрөнүүсү, аны келечектеги, граждандык жана диний эркиндик үчүн күрөшүүгө даярдаган. Руханий кылыч болуп эcептелген, Кудай Сөзүн жакшы колдонгондуктан, андан тышкаары гуманитардык илимди билгендиктен, схоласттардын (маанисин билбей эле жаттап алган адам) ыкмасы ага жакшы маалим эле. Анын таланттуулугу жана кеңири билимдүүлүгү, анын достору тараптан урматталып эле тим болбостон, ага душмандарды дагы чогултуп берди. Ошол өлкөнүн акылдуу адамдарынын бири болуп эсептелгендиктен, анын доcтору өз жетекчиси менен мактанышкан, ал эми анын душмандары анын реформациясына каршы сөз айта алышпай кекенишкен, анткени өздөрүнүн түркөйлүгү жана алсыздыгы көрүнүп калат, деп коркушкан.УК 67.4

    Окуп жүргөн кезинде эле Уиклиф Мукаддас Китебин изилдей баштаган. Ал учурда Мукадасты, бир гана билимдүү адамдар, байыркы тилинде окушуп, белгисиз жөнөкөй адамдар үчүн ал жашыруун болуп саналган. Ушундайча Уиклифтин, реформаторлук кызматына алдын ала жол салынып берилген болуучу. Билимдүү адамдар, Мукаддасты изилдеп жатышып, Кудайдын акысыз сунуш кылган, улуу чындыгын табышкан. Ошол адамдар, бул чындыктын табылгаларын ачыкка чыгаруу үчүн аракеттенишип, адам-дардын тирүү Сөзгө кайрылуусуна жардам беришкен. Качан Уиклиф өз назарын Ыйык Жазууларга бурганда, анын негиздүүлүгүн кандай окуп үйрөнсө, өз эмгегин дагы ошондой кылып негиздеген.УК 68.1

    Ушул мезгилге чейин ал, схола-стикалык илим болсун, чиркөөнүн окутуулары болсун, толук билимге жеткендигин сезбей, канагаттанбай келген эле. Эми гана Кудай Сөзүнөн ал, ушунча убакыт издеп жүргөн нерсесин тапты. Ал жерден ал, куткаруу планынын толук сүрөтүн көрдү, Машаяк адамзаат үчүн жападан Жалгыз Жактоочу болуп чыга келди. Уиклиф өзүн, Машаякка кызмат кылууга арнап, жана өзүнө ачылып берген чындыкты жарыялоо үчүн чечим кабыл алды.УК 68.2

    Андан кийинки реформаторлор сыяктуу; Уиклиф өзүнүн баштаган ишинин акыры, эмне болоорун билген эмес. Ал римге каршы чыгам деп дагы, ойлонгон жок. Бирок чындыкка болгон берилгендик, жалгандыкка каршы күрөшүүдөн башка, эч нерсе менен кошулуп бириге албады. Папанын жанылышуусу ага ачык айкын болуп, ачыла баштаган сайын, Ал Мукаддастын чындыктарын ошончолук жалындап насааттай баштады. Рим, адамдардын каада салты үчүн, Кудайдын Сөзүн курмандыкка чалганын, ал көрдү. Ал кайраттуулук менен Кудай Сөзүнөн баш тарткандыгы үчүн, дин кызматчыларды айыптап, Мукаддасты адамдарга кайтарып берүүсүн, жана коомдо Анын башкы даражасын кайрадан тургузуусун талап кылды. Ал жөндөмдүү жана ишенимдүү насаатчы, жана бал тилдүү шарыятчы болгон, ал эми анын күндөлүктүү жашоо өмүрү айткан чындыктарын далилдеп, бекемдеп турган. Анын Ыйык Жазууну жакшы түшүнгөндүгү, өтө терең ой жүгүртүүсү, жашоосундагы тазалык, тартынбаган эр жүрөктүүлүгү жана адилеттиги, көпчүлүктүн ишенимин жана урмат көрсөтүүсүн туудурду. Анын көптөгөн замандаштары, өздөрү окуп үйрөнүп жүргөн, диний насааттардан канагаттануу алышкан эмес. Рим чиркөөлөрүндөгү мыйзамсыздык аларды уялткан, жана ошондуктан Уиклиф насааттаган чындыктарды алар, кубануу менен кабыл алышты. Папанын дин кызматчылары, ачуулангандыктан титирешип, бул реформатор көпчүлүктүн таасирине ээ болуп жаткандыгына кыжырданышты.УК 68.3

    Уиклиф, адашуулардын айыбын чебердик менен ачууну билген, жана ал коркпостон, римдиктердин окутуусун колдогон, көп сандаган жаман ойлуу адамдарга каршы чыгып сүйлөгөн. Падышанын кеңешчиси болуп кызмат кылгандыктан, Англиянын башчысына папа аркылуу салынган салыкты төлөөнү туура эмес деп, айтууга батынган. Жана папанын элдик бийликке аралашуусу, акылга сыйбагандай эле, Кудайдын аяндарына дагы туура келбейт, деп баса белгиледи. Папанын талаптары башта деле көп түшүнбөстүкгү алып келген, жана Уиклифтин мамалекеттин иштерине байланыштуу айыптоолору, баштагы өз ойлоруна шайкеш келди. Падыша жана төрөлөр биригишип, папанын элдик бийликке койгон щартын четке кагышып, ага салык төлөөдөн баш тартышты. Мына ушундайча Англияда, папанын авторитетине каршы, көрүнүктүү сокку урулду.УК 69.1

    Ушул реформатор, көптөгөн жыл таалыкпастан, жамандык үчүн жүргүзгөн дагы бир күрөш, бул дубаналык кылып кайыр садага чогулткан монахтардын уюму. Англияны монахтар басып кеткендиктен, калктын жакшы жашашына, жана өсүп өнүгүүсүнө абдан кедерги болушкан. Өздөрүнүн зыян келтирүүчүлүтү ме-нен, алар экономиканы, билимди, жана адеп ахлакты төмөндөтүшкөн. Дубаналык кылып жүргөн монах-тардын, жен эле иштебей жүргөн жашоосу, эмгекчил элдин үстүнө түшкөн жүк болгон, бул биртуугандарды асырашкан, бирок башкасы - пайдалуу эмгектердин мааниси төмөндөгөн. Жаштар бузулган таасирге ээ болушуп, уй - бүлөлөрдүн бекемдиги ураган. Манахтардын таасиринин аркасында, көпчүлүк адамдар манастырларга кетишкен, жана эне - аталарынын макулдугу турсун, алардын эркине дагы баш ийишкен эмес. Католик чиркөөсүнүн аталарынын бири, манахтардын уюмуна, уулдук милдеттен дагы жогоркусу жөнүндө мындай деп айткан: ” Эгерде сенин атаң, эшигиндин босогосуна жатып алып, ыйлап көз жашын төгүп жатса дагы, жана сенин энең, сенин зээниңди кейитип сени тогуз ай көтөрүп, эмчек сүтүмдү берип бактым эле, деп сыздаса дагы сен аларды тепселеп өтүп, Ыйсаны көздөй шашылышың керек”. Ушул сыяктуу “адам сапатынан кеткен жырткычтыкты” кийинчирээк Лютер мындай деп атаган: “ушул айтылган сөз, ишенүүчү адамдыкына караганда, бөөрү жаратылыш заалим адамдын сөзүнө окшош”, бала менен атаэненин ортосундагы мамилени жогору деңгээлде курчуткан. Мына ушундайча динчил адамдар, байыркы мезгилдеги фарисейлер сыяктуу, өздөрүнүн каада салты үчүн, Кудайдын Мыйзамын четке каккан. Жыйынтыгында уйбүлөлөр талкаланып, ал эми карып калган атаэнелер, өз балдарынан айрылышкан.УК 69.2

    Жада калса жогорку окуу жайлардын студенттери, монахтардын жалган жазгыруучу сөздөрүнө ишенишип, алардын уюмуна киришкен. Алардын көпчүлүгү, өздөрүнүн ата- энелерин кейитип, өз тагдырларына балта чапканын көргөндө, өздөрүнүн тандап алган эрки үчүн абдан өкүнүшкөн, бирок, баштагыдай эркиндикке ээ бoлyy үчүн, эми аларда мүмкүнчүлүк жок эле. Кээ бир учурларда атаэнелер, монахтардын таасиринен сактанышып, өз балдарын жогорку окуу жайларга жиберүүдөн баш тартышкан. Жыйынтыгында, жогорку окуу жай борборлорунда, окуучулардын саны кескин төмондөп кеткен. Ал эми окуу жайлардын кескин төмөндөшүнөн, билимсиздик, түркөйлүк жогорулап күч алган.УК 70.1

    Папа монахтарга, тобо келтиргендердин муңун кабыл алып, аларды күнөөлөрдөн кечирүүгө укук берди. Жана бул кылынган иштер, өтө чоң жамандыктын булагы болуп калды. Байлыка умтулгандыктан, монахтарга күнөө кечирүү жеңил болду, жана аларга ар кандай күнөө жасаган адамдар агылып келе башташты, жана натыйжасында, жаман жийиркеничтүү жүрүмтурумдар, бат эле өсүп кетти. Кембагал жана орукчан адамдар, өз камын өздөрү көрүүгө алек болушса, алардын буюмтайымдары монахтарга ыйгарылып турган, анткени ар кандай коркутуулар менен, алар калайык калктан битир садага талап кылышып, ал эми талап кылгандарын бул уюмга берүүдөн баш тарткан адамдарды, Кудайды тааныбаган дин безер, деп жарыялашкан. Өлкөдө болуп жаткан жакырчылыкка карабастан, монахтар бат эле байый башташты. Ал эми, бул уюмдун заңгыраган үйлөрү, жана эң жакшы даярдалган тамакаштары, өлкөдө жакырчылыктын күчөп жаткандыгын гана, айгенелеп турган. Өздөрү бакыбат жашоодо ырахаттанышып, монахтар маданиятсыздыкты кубатташты. Ар кандай турмушта болбогон укмуштуу кереметтер, жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө айтышып, адамдарды мыскылдап, шылдын кылышты. Адамдарды жалгандыкка ишендирүү менен, чыныгы такыбаалык, папанын айткандарын аткарып, ыйыктардын элесине табынуу, жана монахтарга өз тартууңарды алып келүүдө, -деген окутуулар менен, алар өз даражаларын сакташкан. Жана ушул эрежелерди cактоо гана силерди түз эле бейишке алып барат, деп тынымсыз үйрөтүшкөн.УК 70.2

    Ушул жакырланган уюмду реформалап көтөрүү үчүн болгон, билимдүү жана таакыба адамдардын аракети курулай убара болду. Уиклиф өтө терең акылдуулугу менен, ушул жамандыктардын тамырын көргөздү, монахтардын жалганчылыгын ашкерелеп, аларды жоюуну талап кылган. Мына ушул суроолор боюнча талкуулоолор жандана баштады. Монахтардын, папа аркылуу жазылган кечирим граматаларын сатып, жолоочулап жүрүшү, көпчүлүк адамдарга мындай суроо берип ойлонууга түрткү берди, - күнөөлөрдөн кечирим алуу үчүн акча төлөш, туура нерсеби? Кечирим алуу үчүн, римдик папага кайрылбастан, Кудайдын өзүнө кайрылсак болбойбу? “Монахтардын күндөн күнгө өсүп жаткан ач көздүгү, чегин билбей бара жаткандыктан көпчүлүк адамдарды кабатыр кылды. Монахтар жана римдик дин кызматчылар, бизди рак оорусунун шишиги сыктуу жалмап бара жатат, -дешти алар. Кудай бизди куткарбай турган болсо, калайык калк кырылып жок болот”. Өздөрүнүн ач көздүгүн жаап-жашыруу үчүн, дубаналап жүргөн монахтар, өздөрүн Куткаруучунун жолдоочулары кылып көргөзгүсү келипшип, Ыйса жана Анын шакирттери калайык калктын берген жардамы менен күн көрүшкөн, деп актанышты. Мындай актануулар, алардын өздөрү үчүн түшкөн мүшкүл болуп калды, анткени ошол мезгилде чындыкты изденуу үчүн, көпчүлүк адамдар Кудайдын Ыйык Китебин окуй башташкан. Ал эми бул изилдөөлөр, римдиктердин оймаксаттарына шайкеш келген эмес. Римдик чиркоо жашырып катып койгон чындыктын чыныгы Башатына, адамдар кайрыла башташкан.УК 71.1

    Уиклиф монахтарга каршы макалаларды жазып тарата баштады. Бул анын монахтарга каршы акыялашуусу үчүн болгон аракети эмес, бирок адамдардын көңүлүн, Ыйык Жазууга жана Анын Авторуна буpyy үчүн болгон аракети эле. Ал мындай деди: папа күнөөлөрдү кечиргендей, башка деле жөнөкөй дин кызматчылар күнөөлөрдү кечирип жатышат, ошндуктан адам, Кудайга каршы күнөө жасабаган болсо, ал адамды эч ким жыйындан чыгарып салууга укуктуу эмес. Бул Уиклифтин, миллион деген адамдардын үстүнон руханий жана элдик бийлик жүргүзүү үчүн, папа аркылуу чыгарылган монументине, түздөнтүз урулган катуу сокку болду.УК 71.2

    Англиялык таажынын укугун, римдиктердин таасиринен сактоо үчүн, чакырылгандыктан Уиклиф, падышанын элчиси болуп дайындалды, жана эки жыл папанын өкүлдөрүн кабыл алып, алар менен кенеш өткөрүп, Нидерландияда болду. Ал жерде Уиклиф, Франция, Италия, Испаниянын динчил адамдары менен эркин баарлашып, өзүнө мурда тааныш болбогон, руханий жашоонун кээ бир жактары менен таанышты. Чет өлкөдө жүрүп ал көп нерселерди түшүндү, жана ал жактан алган тажрыйбасы, анын кол жазма эмгектеринен орун алган. Папанын чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү, папанын иерархиясынын чыныгы маанисин жана максатын ачып беришти. Англияга кайтып келүү менен, ал өз көз карашын жандануу менен жар салды, жана римдиктердин чыныгы кудайлары ач көздүк, текебердик, жана жалганчылык, деп бекемдеген.УК 72.1

    Өзүнүн бир макаласында, ал папа жана анын жардамчылары жөнүндө мындай деп айткан: “Кедей адамдардын күн көрүшү үчүн, арналган акыркы каражаттарыбызды, алар бизден тоноп алып жатышат. Жана буга кошумча, жыл сайын падышалык казынадан, миңдеген марка (акча каражат) чиркөөнүн жол жобо эрежелерин өткөрүү үчүн, жана дагы башка муктаждыгына кетип жататал эми бул карапайым адамдарды, өздөрүн колдоо үчүн зордоп жаткандыгы, алардын өтө чоң адаштыруусу болуп саналат. Эгерде биздин өлкөбүздө тоодой үйүлгөн алтын болсо дагы, жана бул ач көз салык жыйноочулардан башка эч ким ага тийишпесе да, эртедир кечтир ал дагы бир күнү түгөнмөк; анткени алар биздин бардык акчаларыбызды алып жатышат, жана өз кылган иштери үчүн келтирип жаткан Кудайдын каарынан башка, бизге эч нерсе беришкен жок” 11Джон Льюис, “Уиклифтин өмүр баяны жана чеккен азаптары”, 37-бет..УК 72.2

    Англияга кайтып келгенден кийин, англиялык падыша аны Люттерворддогу диний коомду башкарууга дайындады. Бул болсо анын ачык айтылган кайраттуу сөздөрү, падышаны ыраазы кылганынын күбөлүгү эле. Уиклифтин таасири, коомдун жашоосунда эле эмес, жана түгөл калктын ишениминин жандануусуна дагы, түрткү берди.УК 72.3

    Бирок римдиктердин чагылгандуу каары, көп узабай Уиклифтин өмүрүнө туштү. Англияга уч кат жөнөтүлдүУниверситетке, падышага, жана прелаттарга; алар, бул жалгандык тараткан адамдын оозун жаап токтотуу үчүн, чечим кабыл алууга кол коюшу керек эле 12Август Неандр, “Жалпы христиан дини жана жыйындар”, 6-мезгил; 2бөлум, 1бөлук, 8-параграф.. Папанын каты келе электен мурун, ачууланган эпископтор Уиклифти сотко чакырышкан, ал жакка Уиклиф эки төрө, жана көп сандаган адамдар менен кирип баргандыктан, чоочулаган сот өкүлдөрү, Уиклифтин ишин калтырышып, ага тынычтык менен барып, өз ишин улантууга уруксаат беришкен. Коп убакыт өтпөстөн Эдуард ІІІ-нү прелаттар, реформаторго каршы тукурушту. Бирок ал карып калгандыктан дүйнөдөн кайтат, жана өлкөнүн башкаруучусу Уиклифтин баштагы жактоочусу болуп калат.УК 72.4

    Бирок Англияга келген папанын каттары, адаштыруучуну кармап, зынданга салууга мажбурлады. Бул болсо, Уиклифти өрттөө жазасы күтүп тургандыгынын белгиси эле. Уиклиф жакында канкор, жана өч алуучу римдин курмандыгы болоору түшүнүктүү болду. Бирок, байыркы уруу атасына: “Коркпо... Мен сенин Калканычыңмын” (1 Муса 15:1), деп айткандын Өзү, кайрадан Өз Колун сунуп, Өз кызматчысын коргоду. Өлүм Уиклифке эмес, реформаторду өлтүрүү үчүн буйрук жазган папанын өзүнө тийди. Папа Григорий XI өлүп, Уиклифтин тагдырын чечүү үчүн дайындалган чиркөөнүн соту болбой калды.УК 73.1

    Реформациянын өсүп өнүгүүсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктүү шарт коюу менен, Кудайдын алдын ала койгон окуялары мезгилдин чылбырын колуна алып башкара баштады. Григорий өлгөндөн кийин, эки папа шайлашып, ал экөөбү бирине - бири атаандаш болду. Бул эки атаандаш топ, ачык эле өз айыпсыздыктары жөнүндө жарыялап жатышты. Алардын ар бири, экинчисине каргыш жарыялап, ким буларга каршы согуш менен бара турган болсо, асманда алар үчүн орун даяр, деген ураандар менен, өз ишенген адамдарына чакырык салышты. Ушул кырдаалдар папалык күчтүн майтарылуусуна түрткү боло калды. Ушул карамакаршылыктын күчөгөн мезгилинде Уиклифти өз жайында калтырышты. Ал эми паплар болсо, бирине - бири анафема (Кудайдын каары боюнча динден чыгаруу) жарыялашып, бирин - бири айыпташты; өз бийлигин орнотуу үчүн болгон аракеттер, кан төгүүлөр менен коштолду. Кылмышкерлик жана ачык эле акыя айтышуу, чиркөөдө көнүмүш көрүнүшкө айланды. Ошол мезгилде болсо, реформатор Лютервотдогу коомдо, эки папанын атандаштыгына бурулган элдин көңүлүн, дүйнөнүн МырзасыЫйсага буруу үчүн чоң аракетин жасап жатты.УК 73.2

    Душмандык менен бөлүп жаруулар жана адепахлактын төмөндөшү реформация үчүн жол даярдады, анткени папалык кыймылдын чыныгы сапаты айкын болду. Өзүнүн “паплардын душмандыгы” аттуу макаласында, биринбири Машаяктын душманы деп жарыялаган. Уиклиф элди чакырып, туура ой жүгүртүүгө үндөйт. “шайтан алардын бирин эле колдонуусуна, Кудай жол бербейт, - деп ал айтты... бирок алардын экөсүн тең сүзүштүрдү, анткени ушундай жол менен адамдар Машаяк Ыйсанын урматына, алардын бийлигинен оңой куткарылышмак” 13Воган. “Иоанн Уиклифтин өмүрү жана анын көз карашы”, 2-том. 6-бет..УК 73.3

    Уиклиф ез Устаты сыяктуу, Жакшы Кабарды кедей кембагал адамдарга насааттаган. Бул жарык, анын Лютервортдогу жөнөкөй коомунда гана таратылуусун каалабастан, ал кабар туурасында түгөл Англиянын билүүсүн каалады. Ушул ой максат менен ал, жөнөкөй, Кудайга чын ыкластан берилген, чындыкка ишенимдүү, жана ал кабарды таратуудан башка эч нерсени каалабаган, насаатчы адамдардын тобун уюштурду. Бул адамдар бардык жактарга барышып; базарлардын алдында, чоң шаарлардын көчөлөрүндө жана айрылыш даңгыр жолдордо, адамдарды окутуп жатышты. Алар улгайган, оорукчан, карапайым адамдарды табышып жана ушул түйшүктүү адамдарга, Кудайдын ырайымы жөнүндөгү кубанычтуу кабарды таратышкан.УК 74.1

    Оксфорддогу университеттин диний улама жагынан доктору болгондуктан, Уиклиф Кудай Сөзүн университеттин аудиториясында насааттап жатты. Мына ошондуктан аны ” Жакшы Кабардын доктору”, деп аташкан. Бирок, анын өмүрүндөгү улуу иш, бул анын Мукаддас Китебин агылчын тилинде которгондугу бoлyп эсептелди. Өзүнүн, “Чындык жана Жазуунун мааниси”деген эмгегинде, ал Мукаддас Китебин агылчын тилинде которууну каалагандыгын, жана Англиядагы ар — бир адам, Кудайдын керемет иштери жөнүндө өз тилинде окуса, деген ниетин чагылдырган.УК 74.2

    Бирок, капысынан анын эмгеги токтоп калды. Ага али 60 жаш боло элек болсо дагы, токтоосуз эмгек, илимий иштер, душмандардын кол салуусу, анын күчүн кетирип алсыратты, ал тез картайып, коркунучтуу кеселге кабылды. Бул кабар, монахтардын жүрөгүн кубанычка толтурган эле. Уиклиф чиркөөгө карата кылган иштери үчүн катуу кейип жатса керек, деген оймаксат менен, алар Уиклифтин тобо келтиришин угуу үчүн, шашылыш ага келишти. Оорулуунун төшөгүн тегеректеп, аны өлүм алдында деп эсептегендиктен, төрт уюмдун өкүлдөрү, төрт элдик төрөлөр менен бирге чогулушту. “Өлүм жакын калды,өз адашууңуздан тобо келтириниз, жана биздин көз алдыбызда, бизге каршы айткан баардык сөздөрүнүздөн баш тартыңыз, - деп ага сунуш менен кайрылышты”. Ре-форматор бул сөздөрдү үндөбөстөн укту дагы; андан кийин өз кызматчысына, аркасына жөөлөгүч коюп отургузуусун өтүндү, жана бет алдында карап турган адамдарды айландыра көз жүгүртүп карады да, аларды ар дайым сестендирген катуу үн менен, ишенимдүү мындай деп айтты: “Мен өлбөйм, бирок монахтардын зөөкүр иштерин кайрадан ашкерелеш үчүн жашайм” 14Д Обинье, 17китеп, 7-бап.. Тан калып ден дароо болгон монахтар, аны таштап чыгып кетүүгө шашышкан.УК 74.3

    Уиклифтин айткан сөздөрy орундалды. Өз элинин колуна, римдиктерге каршы, абдан күчтүү курал болгонкуткаруу, касиеттүү кылуу жана дүйнөгө Жакшы Кабар таратуу үчүн, Асман аркылуу дайындалган, Мукаддас Китебин берүү үчүн ал тирүү калды. Мукаддасты которуу боюнча эмгектенүү менен, ал ардайым көп сандаган кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга кабылган. Кеселдик дарт менен күрөшкөндүктөн ага эмгектенүү үчүн анча көп емес убакыт калгандыгын, өзү сезип турган. Кан-дай каршылыктарды жеңип чыгуу керек экендигин ал көргөн, бирок Кудай сөзүндөгү убадалар аны жандандыргандыктан, эр жүрөктүүлүк менен ал алдыга жылган. Тажрыбалуу өз аң сезиминин тазалыгын сактоо менен, ушул ишти аягына чейин чыгарууга, Кудайдын алдын ала камкордугунда даярдалган. Кудайга чындап ишенген адамдар ошол мезгилде коркунучта жана кабатырлыкта жашаса дагы, рефор-матор өзүнүн Люттервотдогу диний коомунда, каарданган толкундан алыстыкта, өзүнүн алдына койгон максатын, аткарып жатты.УК 74.4

    Акыры иштелген иш соңуна чыктыМукаддас Китеби алгачкы ирээт англис тилинде которулду. Эми Кудай Сөзүн, Англиядагы адамдар дагы окууга мүмкүнчүлүк алышат. Ушуну көзү көргөндүктөн, реформаторду эми зындан дагы, от дагы коркута албайт. Ал англиянын тургундарына эч качан өчпөй турган жарык берди. Өз замандаштарын Ыйык Жазуу менен тааныштырып, өз элин бузукулуктан жана түркөйлүктөн куткарды, жана бул, майданда жеңишке ээ болгон аскер башчылары сыяктуу эле эрдик болуучу.УК 75.1

    Ал кезде китеп басып чыгаруу болбогондуктан, Ыйык Жазууну таратуу өтө чоң эмгекти талап кылган. Мукаддас Китебине ээ бoлyy үчүн көпчүлүк аракеттенишип, аларга жеткирүү үчүн көп адамдар көчүрүп жазышса дагы, адамдардын талабы аткарылган жок. Колунда бар адамдар, которулган Мукаддасты калтырбай алып кетип жатышты. Башкалары болсоКитептин кээ бир гана бөлүктөрүн алышкан. Ал эми кээ бирлери, бир канча үйбүлө чогулуп, бир толук Китеп сатып алышкан. Уиклифтин которгон Ыйык Китеби, мына ушундайча, кыска убакыттын ичинде, жөнөкөй адамдардын үйүндө дагы болууга мүнкүнчүлүк алды.УК 75.2

    Адамдардын аңсезимине тийген таасир, аларга, папанын койгон божомол баш ийүүчүлүгүнөн чыгууга жардам берди. Уиклиф протестанттардын негизги максаты жөнүндө насаат айта баштадыбул, Ыйык Жазуунун бузулбагандыгы, жана куткарылуу бир гана Ыйса Машаяк аркылуу экендиги, туурасында болуучу. Ал аркылуу даярдалган насаатчылар, Мукаддас менен бирге, анын жазган башка эмгектерин дагы таратышкандыктан, ийгилик абдан жогору бoлyп, Англиянын жашоочуларынын жарымы, жаңы ишенимди кабыл алышты.УК 75.3

    Ыйык Жазууну таратуу, чиркоо башчыларынын тынчын кетирди. Алар эми бир гана Уиклиф менен гана эмес, андан алда канча жогору болгон күч менен, күрөшүүгө туура келдибул күчкө карата алардын кылычы алсыз эле. Англияда ал кезде, Ыйык Жазууну окууга тыюу салган бир дагы мыйзам жок болуучу, анткени Ыйык Китеп, элдердин өз тилдеринде которулган эмес. Акыры ушул кырдаалга ылайыктуу мыйзамдар чыгып, жана алар талаптуулук менен аткарылуу керек экендиги кабыл алынды, бирок дин кызмтчылардын каршылыгына карабастан, Кудай Сөзү таратыла берди.УК 75.4

    Жана кайрадан, папанын койгон жетекчилери, реформаторду кандайча үнүн басуу керектиги, жөнүндө амал ойлой баштады. Үч жолу коюлган сот чакырыгы, Уиклифтин үнүн баса алган жок. Алгачында эпископтордун мекемеси, анын эмгектерин адаштыруучу жазма деп жарыялашкан, жана жаш падыша Ричард II нин колдоосу менен, бул каргыш тийген окутууну ким колдосо, аларды аёсуз зынданга салышсын деген, буйрук алышкан.УК 76.1

    Уиклиф парламентке кайрылып, бул диний коомдун айыбын көпчүлүк адамдардын алдында эр жүрөктүүлүк менен ашкерелеген, жана чиркоо аркылуу кылынып жаткан баардык жамандыктарды, жокко чыгарууну талап кылган. Папанын башкаруусундагы бoлyп жаткан ач көздүктү, жана бузулгандыкты, ишенимдүүлүк менен сүрөттөп айткан. Анын сөздерү душмандарды дүрбөлөңгө салды. Бирок анын жолдоочулары жана анын достору, аны калтырууга мажбур болушту, жана карыган, жалгыз, баарынан ажыраган реформатор, падышанын жана папанын алдында таазим кылаг дешип, душмандары аны күтүп турушту. Бирок, капысынан папанын жактоочулары кайрадан жеңилүүгө кабылышты. Анткени, Уиклифтин жүрөк толкуткан жалындуу сөздөрүнөн коопсузданган парламент, аны куугунтуктаган буйрукту четке чыгарып, реформатор кайрадан боштондукка чыкты.УК 76.2

    Ал үчүнчү жолу, падышалыктын дин боюнча эң жогорку сотунун алдында турду. Бул жолу, папанын жактоочулары, Рим жеңишке жетишет, жана бул реформатордун жасаган иштеринин акыры келди, эми жалгандыктын жарчысына эч кандай аё болбойт, деген ишенимде болушкан. Эгерде алар өз оймаксаттарына жетише турган болушса, Уиклифти кантип өз ишенимиңен баш тарттыруунун камын көрүп коюшкан эле, - эгерде ага дагы болбосо, анда аны өрттөп өлтүрүшмөк.УК 76.3

    Бирок Уиклиф өз ишенимиңен баш тартпадыанткени ал эки жүздүү болууну каалаган эмес. Ал өзүнүн окутуусун эр жүрөктүүлүк менен коргоп, жана жалган айыптоонун бетин ачты. Ал өз өмүрү жана өз ээлеген даражасын караган жок, алардын жасаган кытмыр иштерин түбөлүктүү таразага салып, өз угуучуларына Кудайдын Соту туурасында эскерткен. Сот залында Ыйык Рухтун Күчү сезилип турду. Кудайдан келип жаткан Күчтүн таасири, анын угуучуларынын жүрөгүнө жеткен. Жана алар, сот залын таштап кеткенге дармандары калбай калган сыяктуу абалда калышты. Реформатордун сөздөрү, Кудайдын жебелери сыяктуу, ар биринин жүрөктөрүн тешип өтүп жатты. Өзүн жалгандыктын жарчысы деп, айыптаган айыптоочулардын өздөрүнө карата, талкалоочу сокку урулду. Эмне себептен өз жаңылыштыгыңарда каршыгып, аларды таратууну улантып жатасыңар? - деп, реформатор кесе сурады. Алар өздөрүнүн чөнтөктөрү үчүн, Кудайдын ырайымын сатып жатышат.УК 76.4

    “Кандай деп ойлойсуңар, силер ким менен күрөшүп жатасыңар? Өлүм алдында турган чал мененби? - деп, сурады ал. Жок! Силер Чындык менен күрөшүп жатасыңар, бирок Чындык силерден күчтүү, ал силерди сөз жок жеңет” 15Уайли, 2-кигеп, 13-бап. Ушул сөздөрдү айткандан кийин ал чогулушту таштап чыгып кетти, жана анын каршылаштарынын эч кимиси аны токтотууга батынган жок.УК 77.1

    Уиклифтин эмгеги бүтөрүнө аз калган, жана анын ушунча жыл туу көтөргөн колу акырындап ылдыйлоонун босогосунда турду, бирок ал дагы бир жолу Жакшы Кабардын ишенимдүүлүгү жөнүндө, күбөлөндүрүү керек эле. Ал Чындыкты, адашуунун падышалык кылган коргонунун ичинде айтуусу зарыл. Уиклиф, римдеги папанын сот тактысына чакырылды, ал жерде, далай деген касиеттүү адамдардын.кандары төгүлгөн. Уиклиф өзүнө карата бөлүп жаткан бардык коркунучту сезсе дагы, бул чакырыкка баруудан баш тартмак эмес, бирок шал оорусунун ага келиши анын сапарын токтотуп калды. Анын үнүн Рим укпаганы менен, ал дагы деле калем кармаганга жарап, ушул ишин пайдаланды. Өзүнүн диний уюмунда жүрүп, реформатор папага мындай деп кат жазды, ал кат ишенген адамдын момун рухунда жазылганы менен, папанын тактысынын текеберлигин, жана бакыбат жашоосун айыптаган, кат эле.УК 77.2

    “Мен өзүмдүн ишенимим туурасында адамдарга, өзгөчө Рим эпископуна ачык айтууга мүмкүнчүлүк алганым үчүн, абдан кубанычтуумун,деп жазды ал. Мен өзүмдүн акыл эсим ордунда экендигине ишенимдүү болгондуктан, ал менин ишенимимди тастыктайт, же эгерде мен жаңылып жаткан болсом, мени чындык жолго түшүрөт, деген ойдомун.УК 77.3

    Биринчиден, Машаяктын Жакшы Кабары бул,Кудай Мыйзамынын негизи, деп ойлойм... жана ошондуктан Рим эпископу, өзүн жер үстүндөгү Машаяктын орун басарымын деп эсептелгендиктен, ал башкаларга Караганда, Машаяктын Мыйзамына көбүрөөк баш ийүүсү зарыл. Анткени Машаяктын шакирттеринин даңкы, алардын жердик урмат сыйга умтулуусунда эмес эле, бирок алардын Машаякка жакын болгондугунда, жана Анын артынан ээрчип, бардык иштериндеги ишенимдүүлүгүндө болуучу... Машаяк жер үстүндөгү жолоочулаган күндөрүндө, жердеги бийликке жана даңкка умтулган эмес, тескерисинче, эң кедей адамдардын бири болгон...УК 77.4

    Бир дагы ишенген адам, папаны же кандыйдыр бир касиеттүү адамдарды туу тутпастан, бир гана Машаяктан үлгү алып жана Аны ээрчүүсү абзел. Анткени Петр жана Зеведейдин уулдары, жердеги даражага умтулуу менен, Машаякка каршы күнөө кетиришкен, ал эми биз болсо, алардын кетирген каталарын кетирүүдөн сак болушубуз керек...УК 78.1

    Ошондуктан папа, өзүнүн жердеги бардык бийлигин тапшырып, руханий гана бийлигин көздөшү керек, анткени Машаяк да, элчилер да ошондой кылышкан. Эгерде мен бир нерседен жаңылып жаткан болсом, анда мен бардык жекирүүгө жана тарбияга, жада калса өлүмгө да моюн сунам; эгер менде барууга мүмкүнчүлүк болсо, Рим эпископунун алдына баруудан баш тартмак эмесмин, бирок Теңир Өзүнүн эрки боюнча чечим кабыл алды, ошон-дуктан мен адамдардын сөзүнө ка-раганда, Теңрдин Сөзүнө баш ийишим керек...”УК 78.2

    Катынын аягын ал, минтип жазып бүтүрдү: “Биздин папа Урбан VI ны жана анын бардык дин кызматчыларын, Машаяктын жашоосун жана иштерин толугу менен кабыл алсын, жана жандансын, анткени алар адамдарды туура жолго баштап, жана бардыгында Кудайга ишенимдүү болушсун, деп Кудайга сыйынам” 16Джон Фокс, “Иштер жана эстеликтер”, 3-том, 49,50-бет..УК 78.3

    Уиклиф мына ушундайча, папанын жана кардиналдардын алдында, Машаяктын момундугун жана жооштугун көргөзүп, бир эле алар эмес, түгөл христиандарга алар менен, алар өздөрүн жолдоочубуз деп эсептешкен чыныгы Үйрөтүүчүнүн, ортосундагы айырмачылыкты ачып көргөздү.УК 78.4

    Уиклиф өзүнүн ишенимдүүлүгүн, өз өмүрү менен төлөөрүн божомолдогон эле. Аны жок кылуу максатында папа, эпископтор жана падыша дагы баары биригишип, эми аны оттон эч ким сактап кала албай тургандай сезилди. Бирок анын эр жүрөктүүлүгү солкулдаган жок. “Эмне себептен силер, кыйналуу таажысы өзүңөрдөн алыc деп ойлойсуңар? Машаяктын Жакшы Кабарын текебер прелаттарга насааттаганды баштагылажана мыкаачылык өлүмдөн силер качып кутула албайсыңар. Эмне? Мен унчукпай жашашым керекпи?... Эч качан! Мейли менин үстүмө болгон соккулардын баары түшcүн, мен ошону күтүп жатам...” 17Д Обинье, 17-китеп, 8-бап..УК 78.5

    Бирок, Кудайдын эрки Өз кызматчысын дагы деле сактап турду. Өз өмүрүнүн бардык күндөрүндө, күн сайын өлүм коркунучуна кабылса дагы ишенимдүү болгон, эр азамат, анын өздөрүн жоошута албаган душмандарынын олжосу болбошу керек эле. Өзүн коркунучтардан коргочолойун деген ой, Уиклифте болгон эмес, анткени анын коргонучу, Теңир Өзү болуучу. Эми минтип, анын душмандары өз жеңишине толук ишенип турушканда, Теңирдин Колу насаатчыны, алар жетпей турган жерге жашырды. Люттенвортдогу өзүнүн диний коомунда Уиклиф, Теңирдин Кече Тамагын өткөрүүгө даярданып жатканда, шал ооруcунан жыгылып, жана андан көп узабай эле каза болду.УК 78.6

    Кудай, Уиклифке белгилүү бир иш дайындаган. Теңир анын оозуна Чындыктын Сөзүн салып, жана аны коргочолоду, анткени ал Сөз адам-дардын эң чоң байлыгы болушу керек эле. Кудай анын өзүн да, жана эмгегин да, улуу Реформациянын негизи тургузулганга чейин, сактап турду.УК 79.1

    Уиклиф караңгы орто кылымдан жарыкка чыкгы. Ал ушул жол менен биринчи бoлyп өткөн, жана анын, Реформациянын негиздерин бирге болүшө турган, сапарлаштары болгон эмес. Иоан сууга чөмүлдурүүчү сыяктуу эле, ал дагы өзгөчө бир ишке чакырылып, жаңы эранын жарчысы бoлyп калды. Андан тышкаары, анын Чындыкты түшүнүүсү өз толуктугу менен айырмаланып, анын окутуусу жүз жыл убакыт өтсө дагы, абдан мыкты бoлyп кала берген. Ал аркылуу тургузулган фундамент, өтө терең жана өтө калың болгондуктан, анын үстүнө курулган курулуш дагы бекем жана кынтыксыз бoлyп, анын жолу менен жүргөндөр үчүн, аны жаңыртып жана кайрадан куруунун кереги жок эле.УК 79.2

    Адамдардын абийирин жана акылын, римдиктердин туу көтөргөн майдан арабаларына кишенделген элди куткаруу үчүн, Уиклиф аркылуу башталган кыймыл, өз башталышын Мукаддас Китебинен алат. Ушул алкыштын булагы, Ыйык Жазуудан келип, тирүү суу сыяктуу, кылымдарды аралап өтүп, XIV кылымда жарып чыкты. Уиклиф Ыйык Жазууну тунук ишеними менен, Кудай эркинин шыктандырылган аяндарынын ачылыштары, ишенимдин жана өмүрдүн эрежелерин Өзүнө камтыган Китеп катары кабыл алды. Рим чиркөөсүн Кудайдын жыйыны катары урматтап, аны жогору баалап чоңойгон, жана жүздөгөн жылдар мурун коюлган окутууларды жана каада салттарды, момундук менен кабыл алууга үйрөтүшкөн. Бирок, Теңирдин Сөзүнө кайрылуу үчүн, ал ушунун баарын калтырды. Бул, элди ишенүүгө үндөй турган чыныгы, Бедел болуучу. Ал мындай деп баса белгилеген: адамдарга папа аркы-луу кайрылып жаткан чиркөө эмес, чыныгы жападан жалгыз Бедел, адамдарга Ыйык Сөзү аркылуу кай-рылып жаткан Теңир. Андан наары, ал мындай деп түшүндүрөт, Мукаддас бул, Кудай эркинин ачылыштары, ал эми Ыйык Рух жалгыз гана түшүндүрүүчү, ошондуктан Ыйык Жазууну окуган ар бир адам, Анын жардамы менен, өзүнүн Кудай алдындагы милдетин билүүсү зарыл. Ошондой кылуу менен ал, адам-дарды, папанын жана римдиктердин чиркөөлөрүнүн келүүчүлөрүн, Кудай Сөзүн билүүчү жолду карай багыттаган.УК 79.3

    Уиклиф көрүнүктүү реформаторлордун бири болгон. Анын жолдоочуларынын кээ бири гана, акылынын кендиги, ой жүгүртүүсүнүн тазалыгы, ишениминин бекемдиги, чындыкты коргоодогу чечкиндүүлүгү боюича, ага теңеле алышат. Биринчи реформаторду мүнөздөгөн сапаттар булар элеөмүрүнүн тазалыгы, изилденүүдөгү жана эмгектенүүдөгү каажыбыган тырышчаактыгы, сатылбаган чынчылдыгы, кызматка болгон сүйүүсү жана ишенимдүүлүгү, Машаякты чагылдырып туруусу. Ушул сапаттардын баары, ошол кездеги руханий дүйнөнүн караңгылыгына, жана адеп - ахлактын бузулушуна, карама - каршы келип турган.УК 80.1

    Ушул сейрек учуроочу адам, Ыйык Жазуунун өзгөртүүчү жана тарбиялоочу күчүнүн, күбөлүгү болуп эсептелет. Аны Мукаддас ошондой кылган. Кудай аяндарынын улуу чындыгын билүүгө умтулуу, биздин жөндөмдүүлүктөрүбүздү жандандырат, акылыбызды жогорулатат, кабыл алуубузду курчутуп, ой - жүгүртүүбүздү өстүрөт. Бир гана Мукаддасты окуу, биздин ар бир ой - жүгүртүүбүздү, сезимибизди, умтулуубузду моралдык жактан жогорулатат. Ал бизге максатка умтулгандыкты, чыдамкайлыкты, эр жүрөктүүлүк жана күчтүү рух берет; Ал мүнөздү тазалап, жан - дүйнөбүздү тазартат.УК 80.2

    Мукаддасты момун руху менен изилдөө, изилдөөчүнү Чексиз Даанышмандык менен түздөн - түз кошкондуктан, бул дүйнөгө, өтө жөндөмдүү,жана жакшы негиздүү адамдарды бермек. Мындай таң калтыруучу натыйжаны, бир дагы илимпоздук окутуулар жана мектептер берүугө жөндөмдүү эмес. Забур Китебинде мындай деп айтылат: “Сенин Сөздөрүндүн ачылыштары жөнөкөй адамдарга акыл берет, жана туюндурат” (Забур 118:130).УК 80.3

    Уиклиф аркылуу насаатталган окутуулар, дагы бир канча убакытка чейин таратылуусун улантты. Анын жолдоочулары, уиклифтиктер жана лоллардыктар деген наам менен, жарыкты бир гана Англияга эмес, дагы башка мамлекеттерге жеткиришкен. Өздөрүнүн жол башчысынан айрылгандан кийин алар, мурдагысынан дагы тырышчаактык менен эмгектенишип, жана көп cандаган адамдар аларды угуу үчүн агылып келип жатышты. Аларга кайрылган адамдардын арасында жогорку төрөлөр дагы бoлyп, падышанын аялы дагы ушул ишенимди кабыл алды. Коп жерлерде, адамдардын карманган каада-салттары кескин түрдө өзгөрө баштады: папалык кыймылдын койгон бутпарастык символдору, жыйындардан алынып салынды. Бирок, Мукаддасты өз өмүрлөрүнүн жетекчиси кылып алууга батынган адамдарды, каардуу толкун каптады. Англиянын падышасы, өз бийлигин бекемдөө үчүн, римдин колдоосун күчөтүү максатында, Реформатордук кыймылдын келүүчүлөрүн курмандык катары берүүгө макул болду. Англия тарыхында биринчи ирээт алоолонгон оттор жагылып, биринин артынан бири, Жакшы Кабардын шакирттери кыйналып өлүп жатышты. Бир өлүм жазасынын артынан экинчиси улантылды. Мыйзамсыз түрдө жарыяланып куугунтукталган, чындыктын коргоочулары, өз зар муңдарын бир гана Саваоф Теңирине айта алышкан. Коомдун душмандары, жана мекендин саткындары катары куугунтукталган ушул момун адамдар, Жакшы Кабарды жашыруун жерлерде таратууну улантышып, өздөрү кедей кембагал адамдардын жупуну жайларында, тоолордо жана үңкүрлөрдө баш калкалашкан.УК 80.4

    Куугунтуктоонун баардык коркунучуна карабастан, жүз жылдар аралыгында, бурмаланган ишенимге каршы, момун, каажыбаган, чынчыл жана көпкө чыдамдуу адамдардын үнү угулуп турду. Ал кездеги христиандардын кээ бири гана чын-дыкты билишкен, бирок ушуга ка-рабастан алар, Кудай Сөзүн сүйүүгө үйрөнүшүп, жана Ага баш ийишкен, Ал үчүн кыйналууга дагы даяр болушкан. Элчилердин мезгилиндеги шакирттер сыяктуу, көпчүлүгү Кудай иши үчүн, өз мүлктөрүн тартуу кылышкан. Ал эми өз үйүндө калгандары, өздөрүнүн куугунтукталган бир туугандарын жашырышкан, качан өздөрү дагы куугунтукка кабьшышканда, баштарына түшкөн тагдардын татаал күндөрүнө моюн сунушукан. Өз куугунтуктоочуларынын каарынан коркушуп, өз ишенимдеринен баш тарткан адамдар дагы, албетте болбой койгон жок. Алар абактан, күнөөсү үчүн тобо келтируудө кийине турган кийим кийип чыгышып, көпчүлүктүн алдында өз ишенимдеринен баш тарткандыктарын жарыялашкан. Бирок ишенимдүү адамдардын саны алардан көп болуучу; алардын арасында жогорку жана төмөнкү даражалуу адамдар, зынданга салынгандар болуп, от коркунучунан дагы баш тартышпай, “Машаяктын кыйналуусун тең бөлүшүүгө” татыктуу болгондоруна кубанышкан.УК 81.1

    Папанын бийлиги тирүү Уиклифке эч нерсе кыла алган эмес, эми ал өлгөндөн кийин дагы, аларга тынчтык берген жок. Реформатордун өлгөнүнөн кырк жыл өткөндөн кийин, Констанция соборунда чечим кабыл алынып, анын сөөгүн касып чыгарышкан, жана эл алдына алып чыгып өрттөшүп, күлүн коңшулаш элдин суусуна агызышкан. “Бул өтө чоң эмес суу агымы,анын күлүн Эйвонго алып кетти, ал жактан Севернга, ал эми Северндандеңизге, ал эми деңизден, учу кыйрына көз жеткиз океанга алып барган,деп бир жазуучу айткан экен” 18Фуллер, “Британиядагы жыйындардын тарыхы”, 4-китеп, 2-бөлум. 54-параграф.. Өз жасаган кылмыш иштеринин маанисин, Уиклифтин душмандары арандан зорго моюндарына алышкан!УК 81.2

    Уиклифтин эмгегинин аркасында, Богемалык Ян Гус католиктик көп деген адашуулардан баш тартып, Реформациянын жолуна түшкөн. Ушул биринен бири алыc турган өлкөлөрдө, чындыктын үрөөнү мына ушундайча cебилди. Бул окутуулар Богемиядан, башка өлкөлөргө тарап кеткен. Адамдар көп мезгилдер унутулуп калган Кудай Сөзүнө кайрыла баштады. Ушинтип Кудайдын Колу, улуу Реформация үчүн жолду тазалаган.УК 81.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents