Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First

    29 Бап — Жамандыктын Келип Чыгышы

    Күнөөнүн келип чыгышы жана анын бoлyп жаткандыгынын себептери, көпчүлүк адамдарга чечилгис табышмак бoлyп келет. Жамандыктын кыйратуучу аракеттерин, алып келген кайгыларын жана кыйратууларын көргөндө, адамдарда аргасыздан мындай деген суроолор пайда болот: Даанышмандык, бийлик жана cүйүү чексиз мол Болгондун Өзү, эмне себептен ушундайга жол берет? Бул жашыруун сырды алар биле алышпайт. Алар өздөрүнүн күмөн саноолорунун жана түшүнбөстүгүнүн аркасында, биздин куткарылуубуз үчүн арналган, Кудай Сөзүндө түшүнүктүү жана ачык айкын айтылган чындыктарды, биле алышпайт. Башкалары, күнөөнүн келип чыгышын билүүгө аракет кылышып, Теңир ачып бербеген нерселер жөнүндө oй жүгүртүшөт, жана албетте өздөрү издеген суроолорго жооп ала албагандыктан, күмөн саноо жана сындоо рухуна кабылышып, алар өздөрүн Ыйык Жазуудан баш тарткандыктарын, бул бoлyп жаткан себептерди чечүүгө мүмкүн эмес, деген сөздөрдү айтып, көргөзүшөт. Кээ бир адамдар, күнөөнүн келип чыгышы жөнүндө өздөрүнө канагаттандыраарлык жооп таба алышпагандыктан, каада салттарга жана адаштыруучу талкууларга көңүл бурушуп, алардын жүзү Теңирдин бар экендиги жөнүндөгү, Анын Башкаруучулугу жөнүндөгү, жана Анын күнөөгө карата болгон мамилеси жөнүндөгү Ыйык Жазуунун окутууларынан четтешет.УК 443.1

    Жөн гана oй жүгүртүү менен, күнөөнүн келип чыгышы жана анын бoлyп жатышы жөнүндө иликтөө мүмкүн эмес. Ошол эле мезгилде, күнөөнүн келип чыгышы жана анын биротоло жок болушунан, Кудайдын жамандыкка карата көргөзүп жаткан толук ырайымдуулугун жана мээрмандыгын толугу менен көрүүгө болот. Ыйык Жазуу, жамандыктын чыгышына Кудай эч кандай жоопкерчилик албай тургандыгы жөнүндө, ачык айкын айтып түшүндүрөт. Асманда көтөрүлүш чыга тургандай, бир дагы Кудайдын ырайымы токтогон эмес, же Анын Башкаруусунда бир дагы кемчилик болгон жок. Күнөө - күтүлбөгөн мейман, анын пайда болуусун эч нерсе менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бул эч ким биле алгыс жашыруун сыр; күнөөнү жаап жашыруу, аны коргогондук бoлyп саналат. Эгерде күнөөнүн пайда бoлyy себебин таба турган болсок, же анын пайда болуусун жактоого мүмкүн болсо, анда ал күнөө бoлyп эсептелмек эмес. Күнөөнү айырмалап билүүнүн бир гана мүмкүнчүлүгү, бул Ыйык Жазуу бoлyп эсептелет - “күнөө, бул Мыйзамсыздык”. Күнөө бул, Кудайдын башкаруусундагы негизделген улуу сүйүү Мыйзамдарына карама-каршы келген, баш ийбеген негиздердин жыйынтыгы.УК 443.2

    Жамандык пайда болгончо, түгөл Ааламда тынчтык жана кубаныч өкүм сүргөн. Бардыгы Жаратуучунун эрки менен, жеткилең байланышта эле. Кудайга болгон сүйүү, бардыгынан жогору эле, ал эми бири-бири менен болгон сүйүү - адилеттүү жана таза болгон. Машаяк - Кудайдын Сөзү, Кудайдын ынтымакташ Уулу - Түбөлүктүү Ата менен бирге болчу. Алардын Жаратылышы дагы, жана ойлору дагы бирдей эле. Түгөл Ааламда, Кудайга ою менен берилип биргелешкен - бул Машаяк болуучу. Машаяк аркылуу Асмандагы Ата, түгөл Асман тургундарын жараткан. “Анткени Ал аркылуу бардыгы жаратылды, Асмандагысы дагы, жердегиси дагы, көрүнгөнү дагы, көрүнбөгөнү дагы, тактылар болобу, үстөмдүктөр болобу, жетекчилик болобу, бийлик болобу - бардыгы Ал аркылуу, жана Ал үчүн жаратылган” (Кол. 1:16), жана Машаякка, Ата менен теңдеш болгондуктан, түгөл Асман табынышып, жана урмат көргөзүшкөн.УК 444.1

    Кудайдын Башкаруучулугунун негизи сүйүү Мыйзамы болгондуктан, бардык жаратылгандардын бактысы, алардын жашоосу ушул адилеттик негиздерге кандайча шайкеш келгендигинде эле. Кудай, Өзү аркылуу жаратылгандардын бардыгы, Ага сүйүү менен кызмат кылып, жана Ага керектүү урматты көргөзүп туруусун каалайт. Мажбурлаган кызмат кылуулардан, Ал эч кандай ырахат албайт, ошондуктан Ал бардыгына тандап алуу эркин белек кылган, андыктан адамдар Ага өз ыктыяры менен кызмат кылуулары зарыл.УК 444.2

    Бирок ушул эркиндикти көтөрө албай калган, бирөө табылды. Күнөө алгачкы жолу, Машаяктан кийинки болгондо, Кудай аркылуу кадырланган, Башка Асман тyргундарынан, өзүнүн кудурети жана даңкы боюнча жогору тургандын өзүндө пайда болот. Өзүнүн кулоосунан мурда, шайтан биринчи калкалоого арналган, күнөөсүз жана ыйык периште эле. “Кудай Теңир мындай дейт: сен сонундуктун так эле өзүсүн, акылмандыктын чегисиң, сулуулуктун таажысысың; сен Едемде, Кудайдын багында болчусуң ; сенин кийимдериң аркандай асыл таштар менен жасалгаланган... Сен калкалоого арналган периште элең, жана Мен сени ошон үчүн койгом; сен Кудайдын ыйык тоосунда болгонсуң, оттуу таштардын арасында жүрчүсүң. Сенден мыйзамсыздык табылганча, сен жаралган күнүндөн тартып, баскан жолуңда барып турган сонун элең” (Иез. 28:12-15).УК 444.3

    Шайтан ар-дайым, Асман тyргундарынын сүйүүсүнө жана урматына чулганып турган, андан тышкаары Кудайдын дагы сыйына татыктуу бoлyп, өзүнүн жогорку жөндөмдүүлүгүн башкалар үчүн алкыш катары, жана өз Жаратуучусун даңктаганга колдонмок. Бирок пайгамбар мындай дейт: “Сен өз сулуулугуңан, сенин журөк сезимиң манчыркады; сенин көйрөндүгүңөн, сен өз даанышмандыгыңды кыйраттың” (Иез. 28:17). Акырындык менен шайтан, өз ичинде жогору болууну самаган. “Сен өз акылыңды Кудайдын акылы менен бирдей койдуң” (6-аят). “А өз жүрөгүндө айттың эле: Асманга чыгам дагы өз тактымды Кудайдын жылдыздарынан жогору коём, жана тоодо, сансыз кудайлардын тобунда отурам... Ак булуттун үстүнө чыгам, Баардыгынан Бийиктин Өзүнө окшоп отурам” (Ис. 14:13,14). Кудайдын жаратылыштарын, ириде өз Жаратуучусун сүйүүгө үндөөнүн ордуна, шайтан аларды өзүнө табынтып, жана кызмат кылдырууга аракеттенген. Кудай Ата Өзүнүн Уулун бөлөгөн урмат сыйды алууну каалагандыктан, бул Асман тургун-дарынын башкаруучусу, бир гана Машаякка таандык болгон бийликти алууну самайт.УК 445.1

    Түгөл Асман, Жаратуучунун даңкын чагылдырып, жана Кудайга даңк айтуудан, өзгөчө кубаныч алышкан. Жана Кудай ушундай кадырланып турганда, бардыгы тынчтыкта жана бейкуттукта болушчу. Эми болсо Асман тынычтыгы бузулду. Өзүн жогору баалагандык, өзүнө кызмат кылдырууга аракет жасагандык, алгачында кимге Кудайдын даңкы биринчи орунда тyргандардын аң-сезимдеринде, жаман санааларды туудурган. Асмандагы болгон жыйындарда, шайтандын токтоп ойлонуусуна мүмкүндүк берип, суранышкан. Кудай Уулу, ага Жаратуучунун улуулугун, ырайымдуулугун жана адилеттүүлүгүн, жана Анын Мыйзамдары ыйык жана бузулгус экендигин айткан. Кудай Өзү Асмандагы тартипти орноткон, жана аларды барк албагандык менен шайтан, өз Кудайынын баркын баалабай, өзүн өлүмдүн түпкүрүнө түртөт. Бирок чексиз сүйүүнүн жана ырайымдын арасынан чыккан эскертүүлөр, андагы карама-каршылык рухун андан бетер ырбатты. Шайтан, өзүндөгү көрө албастык сезимине өзүн башкаруу үчүн жол бергендиктен, анын жасаган аракеттери уламдан-улам чечкиндүү боло берди.УК 445.2

    Өзүнүн улуулугуна мактануу менен, ал жогорку бийликке жетүүнү самаган. Теңир аны курчап койгон сый-урматты, туура баалаган жок, жана өз Жаратуучусуна, берген жөндөмдүүлүгү үчүн керектүү болгон, ыраазычылыкты көргөзө албады. Ал бардык Асман тургундарынын алдында өз артыкчылыгы менен барктанып, Кудай менен тең болууну самаган. Асман аскери, ага сүйүү менен мамиле жасашкан. Жана анын буйруктарын кубануу менен аткарышкан; анткени ал, эң жогорку даанышмандык жана даңк менен курчалган эле... Бирок, Асмандын чыныгы Башкаруучусу, Ата менен бирдей күчкө жана бийликке ээ болгон Кудайдын Уулу болчу. Шайтанга, Кудайдын андан каалаган максаттары ачыла электе, Машаяк Кудайдын ар бир кеңешинде катышкан. Жана бул кудуреттүү периште өзүнөн мындай деп сурачу, эмнеге Машаякка Жогорку Бийлик берилген? Эмнеге ал менден жогору?УК 445.3

    Өзүнүн Кудай алдындагы кызматын калтырып, шайтан периштелердин арасына нааразычылык рухун себе баштады. Өзүнүн кытмыр оюн Кудайга терең ишенген кебетенин аркасына жашырып, ал Асман тyргундары баш ийип турган Мыйзамга нааразычылыгын билдирет, жана алар кереги жок эле чегерүүлөрдү камтыгандыгын айтат. Өз жаратылышында периштелер ыйык болсо, деди ал, анда алар өз эркинин каалоосу боюнча жүрүшү керек. Жана андан Машаякты жогору кою менен, Кудай ага карата калыс мамиле жасабагандыгын айтып, өзүнө боор оорутууну каалады. Ошондуктан ал жогорку бийликке, өзүн жогору көтөрүү үчүн эмес, бирок Асман тургундарын жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн, умтулуп жаткандыгын айтат.УК 446.1

    Теңир Өзүнүн улуу ырайымдуулугу менен, шайтандын чагымчылдыгына көпкө чыдамдуулук көргөздү. Ал, өзүнүн мыйзамсыз талаптарын ишенимдүү периштелердин алдында сунуштап, нааразычылык рухун көргөзсө дагы, өзүнүн жогорку ордунан шыр эле алынып ташталбады. Ал көп деген убакыттар Асманда кала берди. Көп жолу ага тoбo келтирип өзүн жоошутуу керек экендиги сунушталган. Жана Чексиз Даанышмандыктын, Сүйүүнүн бардык аракети, анын жаңылыштыгын өзүнө көргөзүү эле. Бөлүнүү руху ушул мезгилге чейин Асманда болгон эмес. Башталышында шайтан кайсыл туңгуюкка түшүп бара жаткандыгын, жана өзүнүн сезиминин чыныгы жаратылышын билген жок. Бирок ага качан, нааразычылыкка негиз жок экендиги көргөзүлгөндөн кийин, шайтан өзүнүн туура эместигин жана Кудайдын Мыйзамдары адилет экендигин түшүндү. Ал, түгөл Асман тургундарынын алдында бул ишин моюнга алуусу керек эле, жана эгерде ал, ушундай кылганда өзүн жана көп сандаган периштелерди сактап калмак. Ал учурда шайтан, кандайдыр бир денгээлде Кудайга ишенимдүү болуучу. Ал өзүнүн калкалоого арналган периштелик даражасынан түшүп калган болсо дагы, эгерде Кудайга өз эрки менен, Анын Даанышмандыгын моюнуна алып кайрадан кайрылганда, кайра Кудай ага баштагы укугун сунуш кылмак. Бирок текебердик анын баш ийүүсүнө жол бербеди. Өзүнүн көз карашын, аракетин абдан коргогондуктан, тoбo келтирүүгө муктаждыгын сезбей, өз Жаратуучусу менен улуу күрөш жолуна түштү.УК 446.2

    Жана ал өзүнүн бардык сейрек учурай турган акылын, өзүнүн башкаруусундагы периштелерди азгыруу үчүн пайдаланды. Жада калса Машаяктын кеңеши, анын наадан планынын алдында бурмаланып турду. Өзүн өзгөчө жакшы көргөн периштелердин алдында, шайтан өзүнө карата керектүү урмат-сый көргөзүлбөгөндүгүн, жана анын эркине карата мыйзамсыз басымдуулук жасалгандыгын айтып даттанган. Машаяктын сөздөрүн бурмалап айтуу менен, ал Кудай Уулуна карата ар-кандай ушак айыңдарды айтып, Аны түгөл Асман тургундарынын алдында шылдың кылууну каалады. Ал өзүнүн келишпестигин, ишенимдүү периштелердин алдында, бурмалап көргөзүүгө аракеттенди. Жана өз тарабына тартып алган периштелерди, ал Асман тyргундарынын кызыкчылыктарына маани бербегендиги үчүн айыптаган. Ал эми аны ээрчип кетпестен ишенимдүү бoлyп калган периштелерди, өзүнүн кылган иштерин аларга жалаа жабуу менен айыптады. Жана башкаларды дагы азгырып кетүү максатында, Кудай ага карата адилетсиз мамиле жасагандыгын айтып, Жаратуучунун Сөздөрүн жана аракеттерин бурмалап жатты. Анын наадан саясатынын максаты, ар-кандай куулук менен периштелердин арасына, Кудайдын максатын бурмалап, бүлүк салуу бoлдy. Эң эле жөнөкөй нерселерди жашыУК 447.1

    руун кылып, жана Жараткандын ачык айкын көрсөтмөлөрүнө, күмөн саноолордун көлөкөсүн ыргытты. Анын жогорку ээлеген орду, анын айткан сөздөрүнө чоң дем, жана күч берип, жана көп сандаган периштелер ушул азгырыкка алданышкан, жана Асман Бийлигине карата көтөрүлүш чыгарууга умтyлушкан.УК 447.2

    Кудай Өз даанышмандыгында, каршылык руху ачык көтөрүлүшкө айланганча, шайтандын ишин токтотуп койгон жок. Бул анын толук планын көрүү максатында бoлдy, жана бул иштин негизги багытын жана чыныгы жаратылышын бардыгы көрүү керек эле. Шайтан калкалоого арналган периште болгондуктан, Асман тургундарынын алдында чоң сүйүүгө татыктуу бoлyп, аларга абдан чоң таасирин тийгизген. Теңир бир гана Асман тургундарын Башкарбастан, түгөл жаратылган дүйнөлөрдү дагы Башкарат, жана шайтан, эгерде периштелерди азгырып кете турган болсо, анда башка дүйнөлөрдү дагы азгырып кетем деген oйдo болгон. Ошондуктан ал өз талаптарын өтө кылдат жана кытмырлануу менен, жүргүзүп жатты. Анын азгырыгынын күчү өтө жогору болгондуктан, жалгандыктын жамынчысын жамынып, ийгиликке жетишкен.УК 447.3

    Шайтан жогорку даражаны ээлегендиктен, анын аракеттери ушунчалык жашыруун болгондуктан, периштелерге дагы анын чыныгы иштерин билүү кыйын эле. Күнөө көрүнүп жетилгенче, кандай өлтүрүүчү аракетке алып бара жаткандыгы билинбеди. Буга чейин бардык Ааламда мындай аракет болгон эмес, мына ошондуктан периштелер дагы анын акыры эмне боло тургандыгын түшүнүшө алышкан жок. Кудай Мыйзамдарын бузгандан келип чыккан иштин акырын, алар баамдашпады. Башталышында шайтан өз максатын, Кудайга берилгендей көрүнүш менен жашырып отурду. Теңирдин даңкын бекем курчап, Анын Башкаруучулугун бекемдөөнү каалап жаткандыгын, жана бүт Асман тургундарынын ийгилиги үчүн аракеттенип жаткандыгын, шайтан башталышында ишендирип жүргөн. Жана өзүнүн карамагындагы периштелерге бир тамчыдан келишпестик уусун тамызуу менен, ал өзүнүн айлекердигинин аркасында, бoлyп жаткан түшүнбөстүктөрдү токтотууга аракеттенип жаткандыгын көргөздү. Кудайдын Башкаруусундагы Мыйзамдарды жана келишимди өзгөртүү зарылдыгын киргизүү менен гана, Асмандагы бoлyп жаткан келишпестикти жок кылууга боло тургандыгын айтты.УК 447.4

    Теңир күнөө менен Өз адилеттиги жана чындыгы менен гана күрөшө алат. Шайтан болсо, Кудай жасай албаган - куйтулук жана жалгандык менен аракеттенген. Ал Кудайдын Сөздөрүн бурмалоону каалаган, жана периштелердин алдында Кудайдын Башкаруучулугун жалган кылып көргөзүүнү каалап, Теңирде калыстык жок, анткени Ал Өз МыйУК 448.1

    замдары менен Асман тургундарын баш ийдирип, Өзүн гана даңктатып турууну каалайт, деди. Ошондуктан түгөл Асман тургундарына жана бардык Дүйнөлөргө Кудайдын Башкаруучулугунун калыстыгын жана Анын Мыйзамдарынын жеткилеңдигин көргөзүү зарыл болгон. Шайтан болсо, өзү дагы Ааламдын жакшылыгы үчүн кам көрүп жаткандай, өзүн көргөзүп турду. Ошентип чагымчылдын чыныгы мүнөөзүн, жана анын анык максатын бардыгы түшүнүшү зарыл бoлдy. Ал эми шайтан өзүнүн мыйзамсыздыгы менен өзүнүн айыбын ачуусу үчүн, белгилүү бир мөөнөт талап кылынган.УК 448.2

    Шайтан аркылуу Асманда болгон бөлүнүп жарылууда, ал Кудайдын Мыйзамын жана Анын Башкаруу-чулугун айыптады. Жамандыктын келип чыгышы — бул Кудайдын Башкаруучулугунан, жана Анын бирден-бир максаты, Өз Мыйзамын дагы күчтөндүрүү, - деп өз сөзүн бышыктады. Ошондуктан ал, өз мүнөзүнүн тырышып жаткан негизин көрүүсү зарыл эле, жана Кудайдын Мыйзамдарын өзгөртүүнү сунуштагандыкты иш жүзүндө көрүшү керек. Аны өзүнүн кылган иштери гана, соттомок. Башталышынан бери эле шайтан, өзүнүн чагымчы эмес экендигин бышыктаган. Ошондуктан түгөл Ааламдын алдында, алдамчынын айыбын ачуу зарыл бoлдy.УК 448.3

    Качан анын Асманда турушуна болбой тургандыгы жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин дагы, Чексиз Даанышман, аны жок кылып салган жок. Кудай Өзүнө сүйүү менен гана кызмат кылгандыкты кабыл алгандыктан, Анын жаратылышынын ишенимдүүлүгү, Анын адилеттүү жана момундугуна ишенүү менен тынчтанып турушу керек эле. Эгерде Ал, шайтанды ошол мезгилде эле жок кылып сала турган болсо, Асман тургундары жана башка Дүйно тургундары күнөө деген эмне экендигин билбегендиктен, Кудайды ырайымдуу жана адилеттүү деп эсептеши кыйын болмок. Эгерде шайтанды ошол замат жок кылса, анда башкалар Кудайга сүйгөндүктөн эмес, бирок корккондуктан кызмат кылышмак. Жана алдамчы биротоло жок болмок эмес, чагымчылдык руху кайра-кайра жанданып, аны түп тамырынан жок кылуу мүмкүн болмок эмес. Жамандык жетилиши керек эле. Түгөл Ааламдын ийгилиги үчүн, шайтандын иштери толугу менен жетилишине жол берилди, анткени анын Кудайдын Башкаруучулугуна болгон айыптоолору, өзүнүн чыныгы көрүнүшүндө, түгөл Ааламдын алдында ачылып берилиши керек, жана ошондо гана Теңирдин адилеттүүлүгү, Анын Мыйзамынын бузулгузтугу, ырайымдуулугу, эч кандай күмөнсүз түбөлүккө бекемделмек.УК 448.4

    Калган бардык кылымдардын аралыгында, шайтандын кылган дүрбөлөңү, күнөөнүн жаратылышы жана анын акыры эмне боло тyргандыгы жөнүндө күбөлөндүрмөк. Шайтандын жасаган аракеттери периштелерге таасирин тийгизген сыяктуу эле, адамдарга дагы, Кудайдын Мыйзамдарын барк албагандык эмнеге алып келе тургандыгын көргөзүшү керек. Ушул нерселердин бардыгы, Теңир аркылуу жаратылгандардын бардыгынын бактысы, Кудайдын Мыйзамдарын сактап, жана Анын көрсөтмөлөрүн ээрчигенде экендигине байланыштуулугун күбөлөндүрмөк. Ушундайча ушул үрөйдү учурган козголоң, акылдуу жандарга мыйзамсыздыктын чыныгы жийиркеничине карата көздөрүн ачуу үчүн үлгү, жана коопсуздук үчүн аракеттенүүгө, күнөө жасоодон, качып кутула алгыз өлүмдөн жана жазадан чыгууга өбөлгө.УК 449.1

    Улуу жалганчы, Асманда күрөш чыкканга чейин өзүн актай берди. Качан гана шайтан, өз жактоочулары менен бирдикте жыргал өмүрдөн кубула турган болгондо, өзүнүн Жаратуучунун Мыйзамына болгон жек көрүүсүн ачык айтат. Ал өзүнүн, периштелер эч кимдин карап туруусуна муктаж эмес, өз эрки менен жашашы керек, ошондо алар жакшылык кылуудан баш тартышпайт, деген оюн дагы бир ирээт тастыктады. Ал дагы, Кудайдын Мыйзамдары алардын эркиндигин кармап турат, ошондуктан Асман тургундары мындан дагы жогору даңктуу деңгээлге жетиши үчүн, Мыйзамдын чегерүүлөрүнөн бошотулуп, аны жок кылуу зарыл, экендигин айтты.УК 449.2

    Шайтан жана анын жактоочулары бир добуштан, өз айыптарын Машаякка жүктөштү, эгерде Ал аларды эскертпестен тим койгондо, Асманда эч качан күрөш чыкпайт болчу, деп актанышты. Өз баш ийбестигине таянуу менен, Кудайдын Башкаруучулугун жок кылуу мак-сатында, жана тартып алган бийликте эч кандай айып жок дегендей өздөрүн сезгендиктен, шайтан жана анын жолдоочулары Асмандан биротоло куулуп ташталган.УК 450.1

    Асманды бүлгүнгө учураткан ошол эле рух, азыркы күндө дагы жер тyргундарынын арасындагы козголондy жандандырып келет. Адамдар арасында шайтан, бир кезде периштелер арасында чыгарган саясатын жүргүзүп келүүдө. Жана ал сыяктанып, адамдар дагы Кудайдын Мыйзамын жок кылып, башкаларга эркиндик тартуулай тургандыгын убада кылышууда. Күнөөнүн айыбын ачуу, ошол кездегидей эле көрө албастык жана каршыкма рухун жандандырып жатат. Качан Кудайдан жиберилген айыпты ачып турган кабарлар айтылганда, шайтан адамдарды актанууга жана башкалардын боор ооруп көңүл айтууларына, себепкер кылат. Адамдар өз күнөөлөрүн моюндарына алып калуунун ордуна, өздөрүнө түшкөн жамандыктын айыпкери катары, айыптарын бетине айткан адамдарга асылышат. Абылдын күндөрүнөн тартып, азыркы кездеги адамдардын арасында, ким айыпты ачып ашкерелесе, ушундай мамилелер жасалып келүүдө.УК 450.2

    Асмандагыдай аракеттерди жасоо менен, адамдарга Теңирди жазалоочу жазакер катары көргөзүп, шайтан адамдарды күнөөгө батырууда. Жана ушундай иштерди жасоо менен, ал адамдарга Кудайдын калыстыгы жок талаптары адамды күнөөгө батыргандыгын, жана ошол эле нерселер аны дагы бир кезде козголоң чыгарууга мажбурлаганын жарыялаган.УК 450.3

    Бирок Жараткан Өз Жаратылышын мындайча ачып берет: “Теңир, пендесин сүйгөн Теңир, эң ырайымдуу, эң сабырдуу, эң кайрымдуу, акыйкат Кудай. Миңдеген тукумга мээримин сактай турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган, Кудай” (2Муса. 34:6,7).УК 450.4

    Шайтанды Асмандан кууп салуу менен Кудай, Өз адилеттигин тастыктады, жана Өз Тактысынын бекемдигин далилдеген. Бирок качан, ушул баш тартып кеткен алдоочу рухка адам берилип күноого батканда, Кудай Өз сүйүүсүн, күнөөгө баткан адамзаат үчүн, Өз Ынтымакташ Уулун өлүмгө бергендиги менен күбөлөндүргөн. Ушуну менен Теңир Өзүн толук ачып берди. Айкашкан жыгач - шайтан тандап алган күнөөгө алып баруучу жол, Кудайдын туура эмес Башкаргандыгынан чыкпагандыгын күбөлөндүргөн, эң жогорку далил.УК 450.5

    Куткаруучунун жердеги кылып жаткан кызматындагы, Машаяк менен шайтандын ортосундагы бoлyп жаткан күрөштө, шайтан өзүнүн айыбын толугу менен ашкерелеген.УК 450.6

    Асмандагы периштелердин шайтанга карата болгон жийиркеничин, анын Куткаруучуга жасаган ырайымсыз соккусунан башка эч нерсе мынчалык арбыта алмак эмес, жана түгөл Ааламды эч нерсе андан баш тарттыра албайт болуучу. Машаякты өзүнө табынууга чакырык кылган шайтандын акаараты; Машаякты тоонун чокусуна жана ибадаткананын төбөсүнө чыгаргандагы текебер мактанчаактыгы; Машаякты ылдыйды көздөй Өзүңдү таштап жибер деген, кара ниет максаты; Машаякты бир орундан экинчисине куугунтуктаган куугунтуктоолору, жана анын дин кызматчылар жана калайык калктын жүрөгүнөн орун алып, жамандык жасагандары; жыйынтыгында адамдарды Андан баш тарттырып: “Керип салгыла, Аны керип салгыла!”, - деп кыйкыртууга мажбурлаган - ушунун бардыгы түгөл Ааламга таң калтыруу жаратты.УК 451.1

    Бул дүйнөдөгү адамдарды Машаяктан баш тарттырууга, бир гана шайтан үндөгөн. Жамандыктын мырзасы, Машаякты жок кылуу максатында, бардык күчүн үрөгөн, анткени Анын ырайымдуулугу жана сүйүүсү, боорукердиги жана бөпөлөгөн жумшактыгы, бул дүйнөгө Теңирдин чыныгы мүнөзүн ачып бермек. Шайтан Кудай Уулунун ар бир Сөзү үчүн күрөш жүргүзгөн, жана Куткаруучунун жашоосун кайгылуу жана азаптуу кылуу максатында, адамдарды өз куралы катары пайдаланган. Анын жалган ойлоп тапкан нерселери, Машаяктын ишин токтотууга жумшалган; тил албаган уулдар аркылуу жасалган көрө албастыктар; анын кара ниеттик менен, өмүрү боорукердикке жана такыбаалыкка толгондун Өзүнө карата, айттырган айыптоолору - мунун бардыгы терең тамырланып калган өч алуyнy самагандыктан чыккан. Түгөл Асман, үрөйү учуу менен, Голгофада Кудай Уулун, көрө албастыкка, зөөкүрдүккө, жек көрүүчүлүккө жана өч алууга толгон өлүмдүн жалыны куйкалап жаткандыгын карап турушту.УК 451.2

    Ошентип Улуу Курмандык алынып келингенден кийин, Машаяк Асманга көтөрүлүп, Атага Өзүнүн “Кайсыларды Сен Maгa бердиң, Мен кайда боломун, Мени менен алар дагы ошол жерде болгонун каалайм” (Ин. 17:24), - деген өтүнүчүн сунуштап бүтүрмөйүнчө, периштелердин Ага табынуусун кабыл алуудан баш тарткан. Жана Атанын Тактысынан чексиз сүйүүгө жана күчкө толгон, мындай деген жооп угулат: “Ага, Кудайдын баардык периштелери табынсын” (Евр. 1:6). Ыйсада бир дагы күнөөнүн тагы болгон эмес. Анын кыйналуусу аягына чыкты. Анын курмандыгы кабыл алынып, жана Ага бардык ысымдардан жогорку Ысым берилген.УК 451.3

    Эми шайтандын айыбын актай турган эч нерсе калган жок. Ал өзүнүн чыныгы алдамчы жана өлтүрүүчү жаратылышын көрдү. Ал адамдарды башкаргандагы рух, Асман тургундарын башкарганда дагы, көрүнмөктүгү, эми баардыгына маалым бoлдy. Кудай Мыйзамын бузуу, түгөл Аалам тургундарына эркиндик алып келет деп, ал айтып жеткирүүнү каалаган, эми болсо, аларды бузуу бир гана кулдукка жана бузулууга алып келе тургандыгы, ачылды.УК 451.4

    Кудайдын Башкаруучулугу жана шайтандын жалгандыгы, өзүнүн чыныгы көрүнүшундө маалым бoлдy. Кудай Өзү Жараткан жандуулардан, тил алчаактыкты жана баш ийүүнү талап кылат, Ал аларга Өз эркин жүк кылы берип койду, жана ошону менен Ал Өзүн гана даңктагысы келет, Жараткан Өзү эч нерсе короткон жок, деп шайтан Кудайды айыптаган. Эми болсо, күнөөгө баткан күнөөкөр уруу үчүн, Ааламдардын Башкаруучусу, эң эле Улуу Курмандык бергендигин, бардыгы көрүштү, мындайга бир гана Чексиз Сүйүү жөндөмдүү; анткени “Кудай Машаякта Өзү менен дүйнөнү элдештирди” (2Кор. 5:19). Шайтан жогорку бийликке жана урмат-сыйга умтулуу менен, күнөөгө өз эшигин ачкандыгын, Машаяк болсо, күнөөнү жок кылуу үчүн, Өзүн жоошутуп, өлүмгө чейин тил алчаак болгондугун, баардыгы көрүштү.УК 452.1

    Козголоңчунун негиздерин кабыл албагандыгын, Кудай мына ушундайча көргөздү. Түгөл Асман Анын шайтанга карата болгон айыптоосунун, жана адамдарга карата болгон куткаруусунун адилеттүүлүгүн көргөздү. Кудайдын Мыйзамы бузулгус боло турган болсо, анда аны бузган адамдарга карата кечирим болбой тургандыгын, ар бир Мыйзамды бузуучу Кудайдын ырайымынан ажыратыла тургандыгын, шайтан айткан. Күнөөгө баткан адамзаат эч качан кутулбай, ошондуктан алар меники, деп тыянактуу чечим чыгарды. Бирок Машаяктын өлүмү адамдарга карата ушунчалык чоң ийгилик алып келгендиктен, аны четке кагуу мүмкүн эмес эле. Мыйзам боюнча бериле турган жаза, Кудайдын Ынтымакташына тийди, жана азыр адамдар Машаяктын адилеттигин кабыл алуу менен, өздөрүнүн такыбаалык, момун жашоосу менен, Машаяк дагы шайтандын үстүнөн жеңишке жетишкендей, жеңишке жетишет. Ошондуктан Кудай адилеттүү жана Ыйсага ишенген ар кимди актай алат.УК 452.2

    Бирок Машаяк жер үстүнө, бир гана өлүм жана азап чегүү менен адамзаатты куткарып алуу үчүн гана келген жок. Ага дагы “Мыйзамды даңктап жана жогорулатыш” керек эле. Анткени бир гана жер тургундары Аны кастарлабастан, бирок түгөл Аалам тургундарына, Мыйзам бузулгус экендигин, далилдеш керек. Эгерде Андагы жазууларды өзгөртүүгө мүмкүн боло турган болсо, анда Кудай Уулу Аны бузгандар үчүн Курман бoлyп кажети жок болуучу. Машаяктын өлүмү Анын бузулгус экендигин далилдеп турат. Ата менен Уулду бул күнөөкөрлөр үчүн Курмандыкка түрткөн чексиз сүйүү, түгөл Ааламга, Теңирдин Башкаруучулугунун жана Анын Мыйзамынын негизи - ырайым жана адилеттик экендигин күбөлөндүрдү. Кудайдын мүнөзү жөнүндөгү чындыкты, ушул гана куткаруу планы калыбына келтирмек.УК 452.3

    Акыркы чыгарыла турган сот чечиминде, күнөөнүн чыгышы үчүн эч кандай себеп жок экендиги билинет. Качан Ааламдын Калысы, шайтандан: “сен эмне себептен Maгa каршы көтөрүлүп жана Менин карамагымдагыларды азгырып алып кеттиң? - деген суроого жооп берүүнү талап кылганда, жалгандыктын баштоочусу, буга эч кандай так жооп айта албайт. Эч ким бир дагы сөз айтууга дармандары келишпейт, жана козголоңчулардын бардыгы сүйлөө жөндөмдүүлүгүнөн айрылышат.УК 453.1

    Голгофадагы айкашкан жыгач, Мыйзамдын бузулгустугун көргөзөт, жана түгөл Ааламга, күнөө үчүн жаза - өлүм, экендигин билдирет. Куткаруучунун өлүм алдындагы “Аткарылды!” - деген Сөзү, шайтан үчүн өлүм жазасы болуп эсептелген. Ушунча мезгилге созулган улуу күрөштүн аякташы белгиленди, жана жамандыкты биротоло жок кылуу мүмкүнчүлүгү ачылды. “Шайтанды, Өзүнүн өлүмү менен күчүнөн кетирүү үчүн” (Евр. 2:14), Кудай Уулу өлүм дарбазасы аркылуу өттү. Шайтан мындай деген сөздөр менен текебердигин көргөзгөн: “Кудайдын жылдыздарынан жогору кылып өз тактымды орнотом... Кудайга теңдеш болом” (Ис. 14:13,14). Теңир мындай дейт: “Мен сени жер үстүндө күлгө айлантам... жана түбөлүккө сен болбойсуң” (Иез. 28:18,19). “Мына, мештей алоолонгон кыямат күн келе жатат; ошондо бардык текеберлер менен арамзаа иш кылгандар самандай дүрт тутанып, келе жаткан кыямат күндүн отуна куйкаланат, алардан тамыр дагы, бутак дагы калтырылбайт, - дейт Ааламдын Теңири” (Мал. 4:1).УК 453.2

    Күнөө эмне экендигин, жана анын акыры эмне боло тургандыгын, түгөл Аалам көрөт. Жана аларды толугу менен башынан эле жок кылуу, периштелердин үрөйүн учуруп, Кудайга карата жаман oйлорду алып келмек, ал эми азыр болсо, Анын сүйүүсүн далилдеп жана Аны Ааламдын алдында жогору көтөрөт, анткени алар кимдин жүрөгүндө Анын Мыйзамдары жазылса, алар үчүн Кудайдын эрки аткарылгандыгын көрүшөт. Эми эч качан жамандык болбойт. Кудай Сөзү мындай дейт: “Жана кайгы эми эч убакта кайталанбайт” (Наум. 1:9). Кулдардын кишени сыяктуу, шайтан көргөзгөн Кудайдын Мыйзамы, эркиндик Мыйзамы катары кастарланат. Жаратылыштын башынан өткөргөн жана чыдаган сынактары, эч качан эми өздөрүнө Өзүнүн сүйүүсү жана чексиз даанышмандыгы менен ачылып Бергендин Өзүнөн, солкулдабайт жана ишенимдүү бойдон калат.УК 453.3