Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    1 Бап — Иерусалимдин Талкаланышы

    “О, бул күндө сенин тынычтыкта болушун үчүн, эмне керек экенин сен да билсең боло! Бирок ал азыр сенин көздөрүндөн жашырын; анткени сенин башыңа түшө турган күндөр келет, ал убакта сенин душмандарың айланаңды казып, сени курчап ар тараптан кысымга алат, ошондо өзүңдү жана ичиңдеги балдарынды (жашоочуларды) жер менен жексен кылып, сенде таш үстүндө ташты да калтырбайт, себеби сен өзүңө куткарылуу келген убагынды тааныган жоксуң” (Лк. 19:42,44).УК 14.1

    Ыйса Иерусалимди Елион тоосунун үстүнө чыгып карады. Анын алдына тынчтыка бөлөнгөн эң кооз көрүнүш тартылды. Пасха (Куткарылуу) майрамы эле, жана ар тараптан Жакыптын уулдары, бул улуттук майрамга чогулуп жатышкан. Иерусалимдин борборунда, заңгыраган сарайлар жана зор дубалдар тургузулуп, бактардын, жүзүмдүктөрдүн, жана жашыл шиберлердин арасында, каз-катар тизилген зыяратчылардын алачыктары көтөрулду. Ошондо Сиондун кызы сыймыктана мындай деди: “Падышачылыгымда... кайгы-капа көрбөйм”. “Бардык жердин кубанычы болгон Сион тоосу, ал эң сонун бийиктик... Падышанын шаары” (Забур 47:3) деп, көп жылдар мурда падышанын ырчысы жар салгандай, ал өзүн бийик сезчү, жана Асмандын берекелүүлүгүнө ишенүүчү. Заңгыраган Ибадатканага тоодон укмуштуудай сонун көрүнүш ачылып турду! Кардай аппак анын мрамор дубалдары, батып бара жаткан күндүн нуруна жаркырап, жана алтын жалатылган дарбазаларынын чокусу, жан-жагын чагылыштырып турду. Бул “кооздуктун жеткен чеги”, иудейлердин сыймыгы. Израил балдарынын кимиси муну сыймыкка, жана кубанычка батып сезе албасын?! Бирок, Ыйсаны толкундаткан ойлор башка эле. “Ыйса Иерусалимге жакындаганда, шаарды көрүп, ал жөнүндө ыйлап жиберди” (Лк. 19:41). Аны падыша катары пальманын бутактарын кармашып, кол булгалап тосуп турушкан, жалпысы кубанычка баткан, “миңдеген адамдардын арасында, Ага “Осан-на!” (даңк!), деп кыйкырган ундөр тоону жаңырткан, капысынан ошол минуталарда, дүйнөнүн Куткаруучусун сырдуу муң басты. Бийлиги менен өлүмдү жеңген, жана туткундарды көрдөн куткарган, Кудай Уулу, убадаланган Машаяк ыйлаган ый жөн ый эмес, кайгыруунун, кыйналуунун, жана болуп көрбөгөндөй азаптын ыйы эле.УК 14.2

    Бул жерде Өзүн эмне күтүп турганын жакшы сезсе дагы, Ал Өзү жөнүндө ыйлаган жок. Алдыда Гефсимания - бул жерде Аны болуп көрбөгөдөй жан кыйноо күтүп турган. Ал, кылымдар бою, жандыктарды курмандыкка чалуу үчүн алып киришкен, анан Өзү да Козу катары Курмандыкка чалынууга кире турган (Ис. 53:7 карайбыз), “Койлордун Дарбазасын” карады. Керилүүчү жери Голгофа дагы анча алыс эмес эле. Өз Жанын күнөө үчүн кыйганда, коркунучтуу караңгылыкка каптала турган ушул жолдон, Куткаруучу, жакын арада өтүүсү керек болот. Анын Жаны кунөө үчүн кыйылат. Бирок, Анын Жүрөгүн мынчалык өйүткөн бул көрүнүш дагы эмес, Анын таза Жан Дүйнөсүнө бүлүк саган, кемчиликсиз кыйноону алдын ала сезгендигинде дагы эмес. Ал Өзү батасын берип куткаруу үчүн келген Иерусалимдин жашоочуларынын үмүтсүздүгүнө, көкүрөгү сокур болуп, тобо кылууга келе албаган жүрөктөр үчүн ыйлады.УК 15.1

    Миндеген жылдары мурда, Кудайдын артыкча батасына ээ болгон иудейлердин тарыхы, Ыйсанын көз алдынан өттү. Кудай Уулунун Курмандыгынын символу катары убадаланган уул, момун курмандык, курмандыкка чалынган Мория тоосу ушул. Ал жерде ишенгендердин атасы менен ырайымдуулук осуяты бекилген, жана ага Машаяк жөнүндө жакшы ант берилген (1 Муса 22:9, 16-18). Орнанын кырманындагы курмандык чалынуучу жерден Асманга карай көтөрүлгөн жалын, кыйратуучу периштенин кылычын артка кайрыды. Бул Куткаруучунун кунөөлүү адамзаат үчүн болгон Курмандыгын, жана өтүнүчүн символдоштуруп турган. Башка жерлерге Караганда Иерусалим Кудайдын урматына ээ болгон жер. “Теңир Сионду тандады”. Ал, “аны Өзунө турак жай кылууну каалады” (Забур 131:13). Бул жерде ыйык пайгамбарлар жүз жылдар бою эскертүү кабарын таратышкан. Бул жерде дин кызматчылар жыттуу чайыр түтөтүшкөн, жана аңкыган жыттын булуту менен Кудайга сыйынуулар жетип турган. Бул жерде күнүгө, Кудайдын Козусуна ырасталган, курмандыкка чалынган жандыктардын каны төгүлүп турчу. Мыйзам Сандыктын капкагынын үстүндөгү булуттан Нагыс Өзү көрүнүп турган. Бул жерде, Асман менен Жерди бириктирген (1 Муса 28:12; Ин.1:51), Кудайдын периштелери ылдый түшүп, өйдө чыгышкан, жана дүйнөгө Ыйыктардын Ыйыгына жол ачкан жашырын шатынын түбү негизделген. Эгер Израил эли Кудайга ишенимдерин арттырып кала берсе, анда кылымдар бою тандалган шаар болмок (Иер. 17:21-25 карайбыз). Качандыр бир кезде, тандалып алынган бул элдин тарыхы, баш тартуучулуктун жана көтөрүлүштүн кайгылуу окуясы гана болуп кала берди. Израилдиктер Асман берекесине каршы турду, берилген артыкчылыктарга кыянаттык кылды, жана өз мүнкүнчүлүктөрүн баркташкан жок.УК 15.2

    “Бирок алар Кудайдан жөнөтүлгөн элчилерди шылдың кылышып, Анын Сөздөрүн барк албай, Анын пайгамбарларын жамандап тилдешсе” да (2 Тар. 36:16), Кудай алар үчүн, “пендесин сүйгөн, эң ырайымдуу, эң сабырдуу, эң кайрымдуу, акыйкат Кудай” (2Муса 34:6) болуп кала берди, алардын катаалдыгына карабай, Ал мурдагыдай эле аларга ырайым кылып турду. Атадан артык сүйүүсү менен “Тенир таи азандан аларга элчилерин жөнөттү, анткени Ал Өз элин, Өз турак жайын кыйган эмес” (2Тар. 36:15). Жана мындан кийин эскертүүлөр, суранычтар, кеңеш берүүлөр пайдасыз эле, анткени Ал аларга Асмандан эң баалуу Тартуу жиберди; андан дагы - Ал, бүт Көктөгү алкыштарды бир гана ушул Тартуу аркылуу төгүп койду.УК 16.1

    Тобо келтирүүнү каалабаган шаарды, тилеп-сурап алуу үчүн Кудайдын Ынагы Өзү жиберилди. Египеттен жакшы жүзүм шагын алып келгендей, Израил элин, Куткаруучу Өзү алып келген (Забур 79:9). Анын Колу алардын көз алдынан бутпарастарды тазалады. Ыйса Өзүнүн жүзүмдүгүн, “жемиштүү тоонун башына олтургузуп, камкордук менен айландыра курчап койду. Өзүнүн кызматчыларын аларды караганга жиберди. Менин жүзүмдүгүмө дагы эмне кылышым керек эле? Ал - Мен дагы эмнени аткарбай калдым экен?”дейт. Теңир “берекелүү түшүм берет деп күтсө дагы, эмне үчүндүр ал жапайы мөмө берди” (Ис. 5:1-4). Ошондо да, андан мөмө аларынан үмүт үзбөй, анын такыр кыйрап калышынан сакташ үчүн, жүзүмдүккө Өзү барды. Анын түбүн казып, бутап, аны Өзү бакты. Өзү жактырып отургузган шагын куткаруу үчүн Ал чаалыккан жок. Данктуу жана жарык Теңир үч жыл бою Өз эли менен болду.УК 16.2

    “Ал жакшылык кылып, шайтанга дуушар болгондордун баардыгын айыктыруу үчүн; жүрөгү оругандарды да айыктырууга, бошотууну үгүттөөгө, аксактарды бастырып, дүлөйлөрдү угузууга, өлгөндөрдү тирилтип, жакырларга Жакшы Кабар айтуу үчүн келди” (Ап.иш. 10:38; Лк. 4:18; Мф.11:5). “Бардык мээнеткечтер, жана түйшүк тарткандар, Maгa келгиле, Мен силерди сооротом” (Мф. 11:28) деп, Ал ырайымдуулук менен бүт коомдук жыйындарга кайрылды.УК 16.3

    Анын жакшылыгына жамандык менен, сүйүүсүнө жек көрүүчүлүк менен (Забур 108:5), жооп бергендерине карабастан, Өзүнүн ырайымдуулугун жана кечиримдүүлүгүн уланта берди. Анын ырайымына муктаж болгондорду, Ал наары түрткөн жок. Күнүгө кордоо менен азапты тарткан, үйсүз Жолоочу, муктаж болгондорго жардам, азап чеккендерге жеңилдик берип, аларды өмүр сыйлыгын алууга ундөп жашаган. Берекенин толкуну, жүрөгү таш адамдарга кабылып, боорукерликтин, тил жеткис сүйүүсүнүн шары менен кайра кайрылып жатты. Бирок Израил өзүнүн эң мыкты Досунан, жалгыз Жардамчысынан чегинди. Анын өтүнүчү шылдыңга алынып, сүйүүгө толгон чакырыгы менен, аярлоо кеңеши четке кагылган. Бирок, үмүт менен кечиримдин убактысы өтүп бара жатты. Кудайдын көпкө токтоткон ачуусу, чыдамкайлыктын чегине жетти. Жүз жылдар бою артка чегинүүдөн, жана кыжырдануудан токтолгон бактысыздык менен азаптын кара булуту, коркунуч жана каргыш менен, күнөөкөрлөрдүн үстүнө чартылдап түшүүтө даяр турду. Ал эми жакындап келген кырсыктан Сактоочу шылдың болуп, четке кагылып маскаралоочу айкаш жыгачка бара турган болду. Тандалган Излаил эли үчүн жыргалчылыктын, кайрымдуулуктун мөөнөтү, Куткаруучунун Голгофада кагылуусу менен соңуна чыгып бара жатты. Эгерде бир жандын өлүмү - бул дүйнөнүн кенч байлыктарынан алда канча жогору боло турган болсо, Ыйсанын Көз алдында түтөл Израил эли тартылып турду, бир кезде Ал аркылуу баасыз байлык катары тандалган, ушул калайык калктын баарын, улуу кайгы күтүп тургандыгын, Ал көрүп муңканды.УК 16.4

    Израил элинин баш тартуусунан жана күнөөсүнүн айынан келе турган, коркунучтуу кайгы тууралуу, пайгамбарлар айтып, ыйлашкан. Күнү-түнү, өз элинин кызы өлтүрүлгөнү жөнүндө, Теңирдин үйүрү чабылып туткунга кетери жөнүндө ыйлашып, көз жаштары, жаш булакка айлануусун, Иеремия пайгамбар каалаган (Иер. 9:1; 13:17). Өзүнүн пайгамбарчылык көз карашы жылдарды гана эмес, кылымдарга сереп салган Куткаруучу, бул жолу эмне себептен кайгырды? Ушунча убакыт Нагыз Өзү болуп келген, жердеги шаардын үстүнө, ойрондоочу периштенин кылыч менен кирип келгенин, Ал көрүп турду. Кийинчирээк, Тит жана анын армиясы тоонун боорунан каптап келип, курчоого алып талкалай турган, касиеттүү жерди, ибадаткананын дарбазаларын, шаардын дубалдарын, түбүнөн коңторуп жок кыла турган, үрөйдү учурган аягын, Машаяк өрөөндүн ары жагынан кордү. Аскерлердин кыргын салуу үчүн, согушка даярданып жатканын укту. Ал, курчалган шаардагы энелер менен балдардын, нан сурап мүгдүрөгөн үндөрүн угуп турду. Сыйынуучу касиеттүү жайдын өрт жалынында калганы, Иерусалимдеги бийик имараттардын кара түтүнгө капталган көрүнүшү, Анын көз алдында тартылды.УК 17.1

    Машаяк, тээ баштагы кылымдардын түбүнө көз чаптыруу менен, “курган калган деңиздин кумдуу жээгиндеги кеменин сыныктарына окшоп”, осуятталган элдин, жер бетине тарап кеткенин көрдү. Бул, Израил балдарынын башына түшө турган жаза. иудейлердин, акыркы сот күнүндө түбүнө чейин калтырбай иче турган каар чөйчөктүн, алгачкы гана тамчылары экендигин, Ал көргөн. Анын Кудиреттүү боорукерлиги, кайгы аралаш сүйүүсүнүн белгиси, төмөндөгү Анын айткан сүйүүсүнөн билинет: “О, Иерусалим, Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүүчү, сага жиберилгендерди таш бараңга алуучу шаар! TOOK ӨЗ балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен сенин балдарынды канча жолу чогултайын дедим эле, силер аны каалаган жоксуңар!” (Мф. 23:37 карайбыз). О, Мен башка элдерден бийик коюп, Өзум тандап алган журт, сенин дүйнөңө эмне кызмат кылганын, жана сага келген мөөнөттү билсең боло! Мен дагы деле акыйкат периштенин колун кармап турам. Мен сени тобо кылууга чакырам... бирок, аттиң... бекерго. Сен кызматчылар, кабарчылар жана пайгамбарлардан гана баш тартпастан, Израил Ыйыгын, Өзүндүн Куткаруучунду кабыл албай, шылдың кылдын. Эми өз өлүмүңө езүң күнөөлүсүң. “Бирок, өмургө ээ болуу үчүн Maгa келүүнү каалабайсыңар” (Ин.5:40).УК 17.2

    Өзүнүн каршыкма ишенбестиги, жана кыжырдануусу менен, Кудай астында катуу жазалануучу сотко карай, тездик менен бара жаткан дүйнөнүн үлгүсүн, Машаяк Иерусалимден көрдү. Өзүнүн бүткүл дити менен, бузулуп күнөөгө баткан адамдардын кайгысын сезип, жана Анын Оозунан ачуу кыйкырык чыкты. Ал, күнөөнүн арты эмне болоорун көрүп турду: “анын арты, пендечилик бактысыздык, көз жаш, жана кан төгүлүү. Бүт жер жүзүндөгү кайгы чеккендер жана бактысыздар үчүн, чексиз боорукерлик менен Анын жүрөгү ооруду; алардын баарына жеңилдик алып берүүнү, Ал каалаган. Адамдардын кайгы агымын токтотуу же артка буруу Анын дагы колунан келбеди, анткени, Жалгыз жардам Булагына, аз гана сандагы адамдар кайрылышкан. Аларды куткаруу үчүн Өз жанын өлүмгө кыйды, бирок өмүргө ээ болууга анча мынчалар гана келишти.УК 18.1

    Асман шандуулугу көз жашка толду!!! Жаны тынчсызданган, Чексиз Кудайдын Уулу оор кайгынын жүгүн көтөрүп, ийилип турду! Бул көрүнүш бүт Асманды айран таңкалтырды. Ал көрүнүш, Кудай Мыйзамын бузган адилетсиздерди куткаруу, Чексиз Күч үчүн дагы кыйын болгонун, күнөөкөрлөрдүн күнөөсү жеткен жеринде жийиркенээрлик, экендигин ачык көрсөтөт. Ыйса, акыркы мезгилдеги адамдар-дын жашоосуна пайгамбарчылык менен көз чаптырып, өз мезгилинде Иерусалимге өлүм алып келген, азгырылуунун иштерин, ошол эле калыбында көрдү. Иудейлердин өтө оор күнөөсү болуп, Машаякты кабыл албай баш тартуусу эсептелген; ал эми бүт христиан дүйнүсүнүн эң чоң күнөөсү, Анын, Асман менен жерди башкаруу үчүн коюлган Мыйзамын, четке кагуу болуп саналат. Кудайдын көрсөтмөлөрунө, жек көрүү менен мамиле кылышып, алар четелет. Күнөөнүн кишендерине чырмалган, шайтандын туткунундагы миллиондогон, экинчи өлүмгө кабыла турган элдер, “Келүү”күнүндө, чындык Сөздү кабыл алуудан баш тартышат. Кандай коркунучтуу адашуу! Таң калаарлык сокурлук!УК 18.2

    Пасха майрамына эки күн калганда, Машаяк ибадатканага акыркы иээрет келип, иудей башчыларынын эки жүздүүлүгүнүн бетин ачты. Андан чыгып, Өзүнүн шакирттери менен бирге Елион тоосуна барды да, анын көк шибер менен капталган боорунан орун алган соң, шаарды карады. Ал, кайрадан шаардын дубалдарын, мунараларын, жана имараттарын карады, мына кайра-дан, ыйык тоого таажы кийгизгендей, анын көз тайгылткан кооздугун көрдү.УК 19.1

    Израил элине кайрымдуу болуп, бул касиеттүү жайды Өзүнүн турагы кылган Кудайды, мин жылдар мурда, Забур ырчысы даңктап мындай деп ырдаган. “Анын турагы Салимде, жашаган жайы Сион тоосунда”. Ал, “Иуда тукуму менен, сүйүктүү Сион тоосун тандап алды. Жана Өзүнүн Касиеттүү Жайын, Асмандай бийик кылып, бекем курду” (Забур 75:3; 77:68,69 карайбыз). Биринчи Касиеттүү Жай Израил мамлекети өнүгүп өсүп турган мезгилде салынган. Бул максат үчүн Дөөт падыша чоң байлык мүлктөрдү жыйнап, жана Кудай Рухунун жетегинде аны тургузуу үчүн, бүт барын даярдады (1 Тар. 28:12, 19 карайбыз). Израил элинин эң акылдуу падышасы Сулайман, ал ишти акырына чыгарган. Бул Ыйык Жай жер жүзүндөгү эң сонун кооз имарат эле. Ал эми, экинчи Ыйык Жайга карата Аггей пайгамбар аркылуу, Теңир мындай дейт: “Акыркы бул Үйдүн даңкы, мурдагыга Караганда артыгыраак болот”. “Жана бардык элдердин үрөйүн учурам - жана бардык бүтпарас элдер кымбат баалу заттарды алып келишет, бул Үйдү даңкка толтурам,-дейт Ааламдын Теңири (Аггей 2:9,7).УК 19.2

    Ыйса төрөлөөрдөн 500 жыл илгери, Новуходоносор падыша аркылуу талкаланып бош калган бул Касиеттүү Жайды, жетимиш жыл туткунда жүрүп кайткан эл, кайрадан калыбына келтирип, тургузушкан. Жаңы курулуп жаткан үйдү көрүп, Сулайман падыша салган Касиеттүү Жайдын атак даңкын көрүп калган аксакал карыялар, аны эскерип кайгырып ыйлашты, анткени, салынып жаткан бул үй мурдагыга каараганда, болбогон нерсе эле. Пайгамбар алардын жаны кейигенин мындай деп ачык баяндайт: “Мурдагы бул үйдү атак даңкы менен көргөндөрдөн, араңарда ким калды, жана силер анын азыр кандай экенин көрүп турасыңар? Силердин көзүңөргө ал азыр болбогон нерсе болуп көрүнбөйбү?” (Аггей 2:3; Езд. 3:12). Ошол эле кезде, мурдагы уйдун атак даңкын, бул уйдун атак даңкы басып өтөт, деген убада айтылган.УК 19.3

    Бирок, мурдагы үйдүн кооздугун, азыркы үй менен салыштырып болбойт эле, баштагы уйгө толуп турган Кудайдын даңкы дагы, бул уйдөн билинбейт. Биринчи Үйдү арноодогу Кудайдын Руху толтурган көрүнүш, эмнегедир экинчисинен көрүнгөн жок. Жаңы Ыйык Жайды атак даңктын Булуту толтурбады. Курмандык чалынуучу жердин үстүндөгү курмандыкты, Асмандан от түшүп, куйкалап жалмаган жок. Кудай Даңкынын булуту, Ыйыктардын Ыйыгы бөлмөсүндөгү Мыйзам Сандыктын үстүндөгү периштелердин ортосун толтурбады; ал жакта эми, Мыйзам Сандык да, ырайымдын тактасы да. Осуят таш локтору дагы жок эле. Кудайдын эркин сурап сыйынган дин кызматчысына дагы, Асмандан үн угулбай калган.УК 20.1

    Пайгамбар Аггейге берилген убада аткарылды деп, иудейлер кылымдар бою далилдөөгө аракет кылышкан, бирок анын баары бекер болуучу: текебердик жана ишенбестик алардын көкурөгүн сокур кы-лып, пайгамбарчылык сөздүн чындыгы, алар үчүн ачылбай калды. Экинчи Үй, Кудайдын даңкынын булуту менен жарык болбосо да, Кудайдын Баардык Толуктугуна ээ болгон, Денеде Кудай Рухун алып Жүргөндүн Өзү, катышуу менен жарык болгон. “Баардык элдин каалаганы”, анык Өз Үйүнө келди, жана бул ыйык жерде Назареттен чыккан Эр, элди окутуп жана аяктырып жатты. Кудай Руху жашаган Машаяк, ушул Үйдө түздөн-түз Өзү катышкандыктан, биринчи Үйдөн, экинчи Үйдүн даңкы ашып түшөт деген сөз, орундалды. Бирок Израил, Асман тартуулаган Белекти кабыл алган жок. Ошол күнү, анын алтын дарбазасынан чыккан жөнөкөй Окутуучу менен кошо, ал Уй түбөлүккө өз даңкын жоготту. Мында Машаяктын: “Мына силердин үй-жайыңар ээн калат” (Мф. 23:38), деген Сөзү аткарылды. Ыйсанын Ыйык Жайдын талкаланышы жөнүндөгү пайгамбарчылыгын укканда, шакирттерин калтырак басып таң калышты, ошондуктан алар, Анын сөзүнүн маанисине тереңирээк түшүнүүгө аракет кылышты. 40 жылдан ашуун убакыт эмгектенген архитекторлордун байлыгы, эмгеги жана искуствосу, бул Ыйык Жайды көркүнө чыгарып кооз кылып келген. Римдин жана иудейлердин казынасынан, улуу Ирод бул (таштан тургузулган) Ыйык Жайга акча каражатын салып турган, жада калса Римдин императору дагы аны өз каражаты менен байыткан. Римден бул үйгө, ак мраморлордун чоң таштары жеткирилип турган, алардын кээ бирлери аябагандай чоң өлчөмдө болгон, буга Куткаруучунун көңүлун буруп, шакирттери мындай дешкен: “Устат! Карачы, кандай таштар да, кандай имараттар!” (Мк. 13:1).УК 20.2

    Бул сөздөргө Ыйса, барын таң калтыра тургандай, салтанаттуу түрдө мындай, деп жооп берди: “Силерге чынын айтайын: таштын үстүндө бир да таш калбайт; баары кыйратылат” (Мф. 24:2).УК 20.3

    Ыйсанын шакирттери Иеруса-лимдин талкаланышы менен, Куткаручунун кийинки Келишин байланыштырды, жана алардын көз карашында, Ал, бүткүл дүйнөлүк империянын тактысында олтуруп, тобо келтирбеген иудейлерди жазалап, калайык калкты римдиктердин моюнтуругунан бошотмок. Куткаруучу Өзүнүн экинчи жолу Келээри жөнүнде, аларга алдын ала эскертип айткан болуучу. Ошондуктан, Иерусалимдин үстүнөн боло турган сот тууралуу айтканда, алар Анын Экинчи Келиши жөнүндө айтып жатат, деп ойлошту, жана Елион тоосунда Аны тегеректеп олтурушуп, мындай деп сурашты: “Бизге айтсаң, ал окуя качан болот? Жана Сенин Келишиң, акыр заман белгилери кандай болот?” (Мф.24:3).УК 21.1

    Теңирдин ырайымдуу Колу алардан келечекти жашырып кой-ду. Ыйсанын азап чегүүсү жана өлүмү, жана алардын шаарынын, ибадатканасынын кыйрашы ту-уралуу урөйду учурган кабарды - эгер ошол убакытта шакирттер түшүнүшкөн болушса, анда алар-дын үрөйлөрү учуп коркунучка кабылышмак. Машаяк аларга акыркы күндө боло турган коп деген белгилерди ачып көргөздү. Анын ал кездеги айткан сөздөрү, аларга толук түшүнүктүү болгон эмес эле; ал айтылган сөздөрдүн мааниси, ушул насаатка муктаж болгон Анын элине, акырындык менен ачылып берилмек. Машаяктын айткан пайгамбарчылык Сөздөрү эки маанини түшүндүргөн: биринчиси, Иеруса-лимдин кыйрашы болсо, экинчиси Кыямат Күндүн үрөйдү учурган коркунучун дагы камтыган.УК 21.2

    Израилдин үстүнөн боло турган сот күнү аягына келип калганын, Ыйса шакирттерине айтты, жана алардын көңүлүн айрыкча, иудей-лердин Машаякты кабыл албай, Аны айкашкан жыгачка каккандыгы үчүн, жазага тартылаарына бур-ду. Талаш тартышсыз жышаандар, бул коркунучтуу окуянын алдында болуп өтүшү керек. Үрөй учурган ошол саат, капысынан жана тез аранын ичинде башталууга тийиш. Жана Куткаруучу Өз жолун жолдоочуларга, мындай деп эскертти: “Ошентип, Даниил пайгамбар аркылуу айтылган, Ыйык жерде турган кыйратылуунун жийиркеничин көргөнүңөрдө,окуган назар салсын, - ошондо Иудеяда болгондору тоолорго качып кетсин” (Мф. 24:15,16; Лк.20:20, 21).УК 21.3

    Ыйык жерге, римдин бутпарастык жышаандары коюлганда, бир нече жүздөгөн метрге созулган шаардын дубалдарынын артында, Машаяктын жолдоочулары качып кутулуу керек эле. Кун мурун, боло турган жышаандар көрүнгөндө, качып кутулууну кийинкиге калтыруунун кереги жок. Иудеянын жашоочуларына, жана Иерусалимдин өзүндөгүлөргө да, бул белгиге баш ийбөөге болбойт. Эгер, ушул учурда кимдир бирөөлөр үйүнүн чатырында болсо, эң кымбат нерсе үчүн да, ылдый түшпөсүн. Талаада же жүзүмдүктө иштеп жаткандар, күндүн ысыгынан сырткы кийимдерин чечип койгон жерине дагы, алуу үчүн кайрылбасын. Эгер алар, жалпыга келген тагдырдан качып кутулгусу келсе, бир көз ирмем убактысын дагы коротпошу керек.УК 21.4

    Ирод падышачылык кылган күндөрү, Иерусалим бир гана кооздугу менен гана даңазаланбастан, мунараларынын, дубалдарынын, сепилдеринин эч ким кире алгыз болуп, бекем тургузулгандыгы ме-нен дагы белгилүү болгон. Эгерде кимде-ким анын талкалануусу жөнүндө алдын-ала батынып айтса, аны Нух катары эле, акылсыз дүрбөлөң салуучу деп эсептешмек. Бирок Куткаруучу айткан: “Асман менен жер өтүп кетет, бирок Менин Сөздөрүм өтүп кетпейт” (Мф 24:35). Иерусалим өз күнөөсү үчүн Кудай каарынын чөйчөгүнөн ичүү керек; анын жашоочуларынын көктүк ишенбестиги, алардын тагдырын күн мурунтадан эле белгилеп койгон.УК 22.1

    Теңир Михей пайгамбар аркылуу мындай деген: “Калыстыктан качкан жана түз жолдорду бузган Жакып үйүнүн башчылары, жана Ираил уйунун төрөлөрү муну уккулачы, Сионду кан менен, жана Иерусалимди калп менен кургандар! Анын башчылары пара алып, сот жүргүзүшот, анын дин кызматчылары акы алып окутушат, анын пайгамбарлары акча алып алдын ала кабарлашат, ошого карабай, Теңирге таянышып; “Теңир биздин арабызда эмеспи? Бизди балаа баспайт!”-дешет” (Мих.3:9-11).УК 22.2

    Бул сөздөр Иерусалимдин жашоочуларынын анткор адилеттүүлүгүн, бузулгандыгын туура жазып көрсөткөн. Кудай Мыйзамынын кылдаттык менен аткарылышын мактанып айтуу менен, ошол эле учурда анын негиздерин бузушкан. Машаяктын тазалыгы жана ыйыктыгы, алардын арамзаалыгын ачык көрсөткөндүгү үчүн, Аны жек көрүшкөн. Ошондуктан Аны, өз баштарына келген адилетсиздиги менен бактысыздыгынын күнөөкөрү, кылып эсептеп коюшкан. Машаяктын жаман жорук жасабаганын билип туруп, бирок, Анын олүмү улуттук коопсуздук үчүн гана керек экенин, туура дешти. “Эгер Аны ошентип тим койсок, анда баары Ага ишенип калышат, - жана римдиктер келип, биздин ыйык жерибизди, жана элибизди да ээлеп алышат” (Ин. 11:48). Эгер Машаяк өлтүрүлсө иудейлер кайрадан күчтүү жана бирдиктүү эл болмок. Биринчи дин кызматчысынын пикирине толук кошулуу менен, алар, бүтүндөй улут жок болгончо, бир кишинин өлүмү артык деп ойлошту.УК 22.3

    Демек, иудейлик жетекчилер “Сионду кан менен, Иерусалимдижалгандык”, менен көтөрдү. Алардын күнөөлөрүн өздөpүнө айткандыгы үчүн, өздөрүнүн Куткаруучусун өлтүрүшүп, өздөрүн Кудайдын тандап алган эли катары эсептөөсүн улантышып, Теңир аларды душмандардан арылтат, деп үмуттөнүп, өздөрүн өтө чоң азгырууга алдырышкан. “Ошондуктан, силердин айыңардан Сион айдоо талаасындай коңторулуп айдалат, жана Иерусалим додолонгон урандыга айланат, ал эми Кудай Үйү турган тоо, токой баскан адыр болот” ( Мих.3:12).УК 22.4

    Машаяк Иерусалимдин тагдыры жөнүндө пайгамбарлык кылганынан бери, кырк жылдай убакыт өттү, а Теңир бул шаардын жана элдин үстүнөн Өз сотун жүргүзүүнү улам жайлатып отурду. Анын Жакшы Кабарын кабыл албай, Уулун өлтүргөндөргө карата, Анын көпкө чыдамдуулугу кандай гана аянычтуу эле. Жемишсиз анжыр дарагы жөнүндөгү үлгүлү аңгеме, Кудай менен Иудей элинин ортосундагы байланышты билдирип турат. Мындай деген буйрук берилген: “Кесип сал: эмне үчүн бул дарак курулай эле жерди ээлеп турат?” (Лк. 13:7). Бирок Теңир боорукерлиги менен шаарды дагы бир нече убакытка аяп койду. Машаяк жөнүндө, же Анын Миссиясы жөнүндө билбеген иудейлер дагы көп болуучу. Ата-энелери аркылуу, кабыл алынбай четке кагылган Жакшы Кабар, өспүрүм балдарга дагы, толук жарыгын түшүрө элек эле. Кудай Өзүнүн Жарыгын, расулдар жана аларды жолдоочулар аркылуу жиберүүнү каалаган, анткени алар, пайгамбарлыктардын аткарылышын бир гана Машаяктын Төрөлүшүнөн жана Өмүрүнөн эмес, бирок Анын Өлүмүнөн жана Тирилишинен дагы көрүүлөрү керек. Балдар ата-энелеринин күнөөсү үчүн соттолгон жок, бирок, атаэнелерине жана өздөрүнө берилген жарыкты кабыл албагандыгы үчүн, алар бул кылмышка ата-энелери менен чогуу катыштыкта болуп, адилетсиздиктин чегин толтурушту.УК 23.1

    Тобого келүү жана күнөөлөрдөн кечирүү жөнүндөгү кабарларга, иудейлердин каршы туруусу, Кудайдын Иерусалимге болгон көпкө чыдамдуулугун, андан дагы бекемдеди. Ыйсанын шакирттерине болгон душмандык, жана катаал мамилеси менен, жакшылыкка болгон акыркы чакырууну четке кагышты. Ошондо Кудай аларды, Оз коргоосунан куру калтырды: Кудай, шайтанды жана анын периштелерин кармап туруусун токтотуп, жана ошондо калайык калк, өздөрү тандап алган жетекчисинин бийлиги астында калышты. Иеру-салимдин балдары, өздөрүнүн жаман жоруктарына жана ниеттерине тыюу салуучу, Машаяктын жакшы аракетине каршы болушкан, эми жамандык, аларды толук курчады. Шайтан адамдын сезиминде өтө каардуу, жана эң эле кумардуу каалоолорду ойготту. Элдер жакшы ойлорго жетектелүүнүн ордуна, кызуу кандуулукка, обу жок ачуулукка кабылышты. Өздөрүнүн каардуулугу менен, алар азезилге окшошкон. Үйбүлөдө жана коомдо, атактуулардын жана жөнөкөй адамдардын арасында шектенүүчулүк, көрө албастык, жек көрүүчүлүк, козголончулук өкүм сүрүп, өлтүрүлөр болуп жатты. Эч жерде адам өзүн коопсуз сезип журүүгө болбой калды. Достор жана туугандар, бири-бирине чыккынчылык кылышты. Ата-энелер балдарын, балдары ата-энелерин өлтүрүштү. Эл башчылары өздөрүн дагы башкара алышпай калышты. Напсисин тыя албагандыгы аларды зөөкүрлүккө айлантты. Мурдагы иудейлер, калп күбөлөндүрүүнү кабыл алышып, Кудайдан келгенди дагы өлүмгө буйрушкан. Эми болсо жалган жала жабуулар, өздөрүнүн тынчын алды. Өз иштери менен, алар мурда эле бир гана нерсени айтышкан: “Израилдин Ыйыгын биз-дин көздөн жоготкула” (Ис. 30:11). Эми алардын каалаганы аткарылды. Кудайдын коркунучу аларды башка кабатырланткан жок. Бүткүл эл журт шайтанга баш ийишти, атуулдук жана руханий бийлик, анын жетегинин астында калды.УК 23.2

    Өздөрүнүн бактысыз курмандыгын чогуу тоноп, кыйноо үчүн, урушуп жүргөн партиялардын жетекчилери мөөнөтү менен биригип турушкан, андан соң кай-радан ич ара кан төгүү согушун жүргүзүшкөн. Жада калса сыйынуучу үйдүн ыйыктыгы дагы, алардын катаал каардануусун токтото албады. Сыйынгандарды курмандык чалчу жайдын алдында өлтүрүшүп, ыйык жай өлгөндөрдүн сөөгү менен булганды. Өздөрүнүн сокурлугу, Кудайсыз өзум билемдиги менен, Иерусалимдин талкалана тургандыгынан коркушкан жок, анткени ал Кудайга таандык шаар экенин, шайтандын жаман иштерине шериктеш адамдар ачык айтып жарыялашкан. Сыйынуучу Үй римдиктердин курчоосунда турса дагы, өздөрүнүн сөздөрүн аныкташ үчүн, жалган пайгамбарларды жалдашып, кут-карылуу үчүн Кудайдан үмүт бар экенин насааттап айттырышкан. Көптөгөн адамдар акыркы учурга чейин, Кудиреттүү Өзү, Өз шаарына болушуп, душмандардын аскерин кыйроого учуратат, деп ишенишкен. Бирок Израил, Кудайдын Кудиретин жек көрүү менен четке кагып, коргоосуз калды. О, ич ара согушка таланган бактысыз Иеру-салим! Көчөлөрдө сенин балдарың, биринин канын бири төгүп. өзгөнүн коошуну сепилдеринди талкалап, аскерлеринди өлтүрүп жатат!УК 24.1

    Иерусалимдин талкаланышы жөнүндө, Машаяктын алдын ала айткандары, бүт бойдон аткарыл-ды. Анын, күн мурунтадан эле эскертилип айтылган Сөздөрүнүн чындыгына, өздөрүнүн кайгылуу тажрыйбаларында түшүнүштү: “Кандай ченем менен ченеп берсеңер, өзүңөргө дагы ошндой эле ченем менен ченелип берилет” (Мф. 7:2).УК 24.2

    Кырсыкты жана өлүмдү кабарлаган белгилер, жана кереметтер болуп турду. Түнкүсүн Сыйынуу Уйунун жана курмандык чалынуучу жердин үстүнөн табияттан тышкары жарык күйүп турган. Согушууга даяр болгон, согуштук арабалар, куралданган аскерлер, күн булутка жамынаарда көрүнө башташты.УК 24.3

    Сыйынуучу жайда түнкү кызматтарын өтүп жаткан дин кызматчыларды, таң калаарлык үрөйдү учурган жаңырык үндөр коркунучка салды; жер титиреп, көпчүлүктүн ыйлаган үндөрү угулду: “Кеттик бул жерден, кеттик...” Темирлери таш дубалдарга терең бекитилген, жыйырма киши биригип араң ачкан, өтө оор жана аябагандай зор чыгыш дарбазалары, түн жарымында өздөрү эле ачылып кетти. 1(Милмэн, Еврейлердин тарыхы, 13-китеп)УК 25.1

    Бир көзу ачык адам, Иерусалим-дин көчөлерүндө жети жыл бою, бул шаарды кырсыктар күтүп турганын катуу үн салып жарыялаган болуучу. Ал күнү-туну муңдуу сөздөрдү кайталагандан тажаган жок: “Чыгыштан келген ун! Батыштан келген келген ун! Төртр шамалдан чыккан үн! Иерусалимге жана касиеттүү жайга каршы чык-кан үн! Күйөө жана колуктуга кар-шы айтылган үн! Жана түгөл адамдарга каршы айтылган үн” 2Ошол жерде.. Бул коркунуч туудурган адамды зындага салышты жана өлгөнчө сабашкан, бирок анын озуунан бир дагы даттанган сөз чыккан жок. Ал ба-ардык кемсинтүүлөргө жана басырынтууларга бир гана мындай деп жооп берип жатты: “Кайгы, Иеру-салимге кайгы! Кайгы, анын жашоочуларына кайгы!” Эскертүүчү үн, көзү ачыкты аёсуз өлтүрүшкөндөн кийин гана токтоду.УК 25.2

    Иерусалим талкаланып жатканда, Кудайдын жолун жолдоочулардын бири да жапа чеккен жок. Машаяк Өзүнүн шакирттерине эскерткен, жана Ага ишенгендердин баары убадаланган белгинин болоорун күтүшкөн. “Ирерусалимди Коошундар курчап алганын көргөнүңөрдө шаардын кыйроосу жакындап калганын ошондо билесицер. Ошондо Иудеяда жашагандар тоолорго качып кетсин шаарда тургандар андан чыгышсын” (Лк. 21:20,21). Цестия баш болгон римдиктер шаарды каптап келгенде, бардыгы, токтоосуз чабуулдун пайдасына айтылганына карабастан, күтүүсүздөн курчоо бошотулду. Куткарылуудан үмүт үзгөн, кучоодо калган шаардыктар, багынууга даяр болушту, бирок римдин полк жетекчиси эч кандай себепсиз эле коошундун борбордон чыгып кетүүсүн талап кылды. Кудайдын ырайымдуу кудурети, бүт окуяларды Оз элинин пайдасына чечип турду. Ишенгендерге убада-ланган белги бар болуучу, эми Ма-шаяктын Сөзүн уккан ар кимдин куткарылууга мүнкүнчүлүгү бар эле. Окуялар тез айланып, иудейлер да, римдиктер да, ишенгендерге тоскоолдук кыла алган жок. Шаардан чыккан иудейлер, Цестиянын чегинген коошунун кууп барган учурда , эки армия тең, салгылашууда колго түшүрулдү. Жана ошол мезгилде ишенгендер шаардан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Курчоо учурунда иудейлер, Иерусалимде алачык майрамын тосуу үчүн чогулушкан. Өлкөдө эч ким калбай калгандыктан, ишенгендер эч тоскоолдуксуз чыгып кетишти. Кымындай убактысын текке кетирбестен, өздөрү үчүн коопсуз жерге качышты - ал Иордандан наары Передеги Пелла шаары эле.УК 25.3

    Иудейлердин коошундары Цестиянын армиясынын изине түшүп, душмандын коошунуна абдан каардуу, чечкиндүү түрдө кол салышты. Бул римдиктердин жок болуп кетүү коркунучун туудурду. Алар чоң кыйынчылыктар менен кайрадан коошун топтоп чогултушту. Дээрлик олуттуу жоготуусуз, иудейлер согуш олжолоруна байып, Иерусалимге кайтышты. Бирок, бул жеңиш өңдөнгөн нерсе, алар менен жаман тамаша чекти. Бул болсо римдиктерге, каардануу менен кар-шы туруу рухун ого бетер бекемдеди. Жана жакынкы күндөрдө, ушул окуя курчалган шаарга, ойго келбеген кырсыктарды, алып келээри шексиз эле.УК 26.1

    Тит борборду кайра жаңыртып курчаганда, Иерусалимди коркунучтуу кырсыктар каптады! Пасха майрамынын учурунда Иерусалимде миллиондон ашык иудейлер чогулду. Тамакаштын белендиги акылга сыярлык бөлүнсө коп убакытка жетмек, бирок бири-бирине каршы турган уюмдардын шек саноосу, жана кекчилдигинин себебинен, булар жок кылынды, эми катуу ачарчылык каптады. Буудайдын өлчөмү бир талантка сатылды. Кимдир бирөөлөр, жапайы кай - бир өсүмдүктөрдү чогултуш үчүн, түң караңгысын жамынып, шаардын дарбазаларынан ашып түшчү, жана алардын көпчүлүтү кармалып, жырткыч күчкө салынып өлтүрүлгөн. Ал эми эптеп кутулуп кеткендерин болсо, өз өмүрүн тобокелге салып жыйнаган нерсесин, өздөрүнүн эле мекендештери тоноп алган. Бийликте тургандар жеткен адамгерчиликсиздик менен, ач калгандардын акыркы сындырым нанына чейин тартып алып турушту, жана бул катаал ишти, ашы жоктор эмес, тамак-ашы бар туруп, дагы белендеп алчуулар жасаган.УК 26.2

    Ачкачылыктан, жана оорудан миңдегендер апаат болду. Жакшы көрүү жана сүйүү сезимдери да жоголгондой болду. Анткени күйөөлөрү аялдарын, аялдары-күйөөлөрүн тоноп башташты. Балдар болсо, каарыган энеаталарынын оозунан аш талашты. Пайгамбардын суроосу: “Эне өзү төрөгөн уулун кыйбай, эмчектеги баласын унутабы?” (Ис. 49:15 ка-райбыз). Жообун курчоодо калган шаардан алды: “Менин элимдин кызы (шаары) кыйраган кезде, асыл аялдардын колдору өз балдарын тамакка бышырып жегенге барган” (Иер. Ыйы 4:10). Он төрт жүз жыл мурда берилген пайгамбарчылык аткарылды: “Бардыгы бар, белендин үстүндө жашаган, бактысына чиренип, жерге бүт коёрдон ээринип, эсирген аял куйөөсунө өз баласына, өз кызына өтө ырайымсыз, ач көздүк менен карайт... жаңы тууган баласынын этин аларга бербейт; анткени бардыгы каат мындай жокчулукта, бардык үй-бүлөлөрдү душманың кысып, куугунтук менен курчоодо калганда, ачкалык айынан аны кызганып, жашыруун түрдө өзү жейт” (5 Муса 28:56,57).УК 26.3

    Римдин жетекчилери иудейлерди коркутушуп, багындырып алууга аракет кылышкан. Кармаганда кар-шы болушкан туткундарды кордошуп, сабашып, шаардын алдындагы жыгачка кагып салышкан. Күнүгө жүздөгөндөр ушундай өлүмгө дуушар болушчу, жана бул каардуу иш, Иосафат менен Голгофанын өрөөнү, жайнаган айкаш жыгачтар менен тосулуп, алардын араларынан өтүүгө мүмкүн болбой калганга чейин жургүзүлдү. Иудейлер Пилаттын алдындагы сотто өздөрүнө тилеп алган каргыш абдан катуулук менен аткрылды: “Анын Каны, биздин жана балдарыбыздын мойнунда болсун” (Мф. 27:25).УК 27.1

    Тит Иерусалимдин талкаланып бүтүшүнө жол бербей, бул кыргынды токтоткусу келди. Түздүктөрдө. жана дөндөрдө үйүлүп жаткан өлүктөрдү көргөндө анын үрөйү учту. Эң сонун кооздуктагы Ыйык Жайды Елеон тоосунун үстүнөн берилип карап туруп, анын бир да ташын уратпоого буйрук берди. Чечкиндүү чабуулдун алдында, бул ыйык үйдү өлүктөрдүн каны менен булгаганга, аны мажбурлобоого, иуделердин жетекчилеринен чын дилинен суранып кайрылды. Бир да римдик, бул үйдүн ыйыктыгын бузбайт деп убада берип, башка жерде уруш жүргүзүүге үндөдү. Иосиф Флавий, өздөрүнүн өмүрүн, шаарын, сыйынүүчү жерин сактап калуу үчүн, алардын багынып берүүсүн, өзүнүн эң таасирлүү, чечендик сөзү менен алардан суранды. Бирок, анын чакырыгына катуу каргыштар менен жооп кылынды. Акыркы коргоочуга карай жаалардын октору мөндурдөй жаады. Иудейлер, Кудай Ынагынын бүт суранычын четке кагып, эми эч бир акыл-насааттарга, жана суранычтарга карабастан, аягына чейин каршы турууга чечкиндуу киришишти. Титтин ыйык жайды сактап калууга болгон аракети текке кетти. Бул жерде таш үстүндө таш калбайт деп, римдин полк башчысынан Жогору Тургандын Өзү айткан. Курчоодогу шаардын тышында өтүп жаткан, иудей башчыларынын сокур намысы, жана эң жийиркеничтүү кылмышы, римдиктердин абдан кыжырын кайнатты. Акырында Тит ыйык жайга чабуул жасап, аны бардык болгон мүнкүнчүлүктөр менен сактап калууну чечти. Бирок анын буйругуна эч ким назар салган жок. Тундө, ал өз алачыгына кеткенде, иудейлер ыйык жайдан чыгышып, римдик аскерлерди басып калды. Бул салгылашууда бир аскер күйүп турган чычаланы ачык терезеден наары ичине ыргытып жиберди эле көз ачып-жумгуча ыйык жайдын тегерегиндеги кедр жыгачынан тургузулган бөлмөлөр өрттүн чордонунда калды. Тит өзүнүн полк жетекчилери жана лигионерлери менен бул жерге шашып келип, солдаттарына өрттү өчүрүүгө буйрук берди. Бирок анын сөзүнө эч ким көңүл бурган жок. Аскерлер, ыйык үйгө туташ жайгашкан бөлмөлөргө чокторду кыжырдануу менен ыргытышып, анын дубалдарына жашынгандарды өлтүрүп жатышты. Үйдүн тепкичтеринен, кан, суу сыятуу агып жатты. Миңдеген иудейлер кыйрады. Салгылашуунун чуусун: “Ихавод”“даңк чегинди”деген кыйкырык өкүрүктөр баcып кетти.УК 27.2

    “Тит солдаттардын кыжырын токтотууга алы жетпеди. Ыйык жайдын ичин карап чыгуу үчүн офицерлери менен кошо киргенде, анын кооздугуна аңтаң болду. Ичине өрт жетпесе экен деп, ыргып чыга калып солдаттардан өрттү токтотууну сурады. Центурион Либералий өз бийлигинен пайдаланып, барын баш ийдирүүгө аракет жасады, бирок иудейлерге каршы ачуу-жаалга, согуштун күчөшүнө, ашып-ташыган байлыкка жетүүгө, үмтулган көпчүлуктү токтотууга, жада калса императордун да кадыры өтпөдү. Айлана-чөйрөдө жаркыраган ал-тын, күчөгөн өрттүн жалынына ого бетер көз талдыра чагылышканына солдаттар күбө болду. Алар, ыйык жайда сансыз казына жатса керек, деп ойлошту. Солдаттардын бири, жакшы жабылбаган эшиктен нары байкатбастан чычала ыргытып жи-берди эле, ошол замат бүт имаратты өрт каптады. Көкүрөктү ачыштырган түтүн жана от офицерлерди артка чегиндирди, жана кооз имарат кыйроого дуушар болду.УК 28.1

    Эгер римдиктерди бул көрүнүш ушунчалык чоочутса, анда иудейлер эмнени көрдү болду экен? Шаар ичиндеги дөңдүн үстү, вулканга окшоп жалындады. Курулуш укмуштай чартылдоо менен оттун түпсүздүгүнө чөгүп кетип жатты. Кедрден жасалган чатырлар оттуу чатыр өндөндү; оттой-кызыл шаманага окшоп, алтын жалатылган учтуу найзалар жалтылдады, дарбазанын мунарасынан от менен тутун көрүндү. Өрттүн кызылынан жарык болуп турган жакынкы дөңдөрдөн, оттун имаратгы жалмап жатканын, кокунуч жана тынчсыздануу менен карап турган элдердин, күңүрт караандары байкалды; шааардын үстү жакындагы дубалдар менен мунараларды да эл бөгөп калды. Бири айласы кеткен жана кубарган жүздөрү менен караса, башкасы алсыз кыжырдануу менен тиктеп турду. Ар кайсыл жакка чуркаган римдик аскерлердин кыйкырыгы жана отто жаны кыйылып бара жаткан козголоңчулардын өкүругүн, оттун күркүрөгөн дабышы менен, устундардын кулак тундурган дүңгүрөшү кошул-ташыл басып ызы-чуу кетти. Элдин чаңырган кыйкырыгы тоону жаңыртты. Дубал бойлой өкүрүктөр жана онтоолор угулуп гурду; ачкадан илмийген адамдар, өлүм алдында өзүнүн айласыздыгын жана күйүтүн айтып калуу үчүн акыркы күчүн үрөдү.УК 28.2

    Шаардын тышына Караганда, ичинде андан да оор кылычташуу жүрүп жаткан. Аялдар жана эркектер, карылар жана жаштар, козголоңчулар жана динкызматчылары, салгылашуучулар жана аяныч сурагандар, бул башаламан кылычташууда кыйрап жатышты. Өлтүргөндөрдөн өлгөндөрдүн саны көп болду. Аскерлер үйүлүп жаткан өлүктөрдүн үстүнө чыгып, өздөрүнүн кандуу ишин улантышты.УК 28.3

    Ыйык жай талклангандан кийин, шаар, бүт бойдон римдиктердин колуна тийди. Иудей башчылары, бекем мунараларын таштап кетишти, жана Тит алардын бош калганнын көрдү. Буларды араң таң калуу менен карап чыгып, мунун баарын бир гана Кудай анын колуна бергенин ырастады. Анткени бир дагы, дубал уратуучу машина бул зор тиштүү дубалдарды талкалай алмак эмес. Шаар да, сыйынуучу жай да, түбүнө чейин талкаланып, жана иудейлер сыйынган “ыйык жай” айдоо талаасындай коңторулду (Иер. 26:18 карайбыз). Шаарды курчоодо жана андан кийинки кырылышта миллиондогон адамдар кыйрады; тирүү калгандары туткунга алынып, кул катары сатылды; жеңгендерге тамаша кылуу үчүн, алар римге жиберилди; жапайы айбандарга тыткылатыш үчүн, амфитеатрларга ыргытылды, ал эми кээ бирлери, үйсүз селсаякка окшоп жер жүзүнө тарап кетишти.УК 29.1

    Иудейлер өздөрүнөөздөрү кишен салышты, каар чөйчөгүн өздөрү кырына чейин толтурду. Жердин ар тарабына тарап кеткен иудейлер көтөргөн, бул элдин башына түшкөн кайгы-капа , өз колдору менен гана олтургузган жемиштин мөмөсү болуучу. Пайгамбар айткан: “Өзүндү өлтүрдүң Израил!”, “Анткени сен, өз адилетсиздигиңен куладың” (Ос. 13:9; 14:2). Алар көтөргөн азаптар, Кудайдан түз келген жаза ка-тары түшүндүрүлөт. Улуу жалганчы, өз иштерин мына ушундайча жаап жашыргысы келди. Кудайдын сүйүүсүнө жана ырайымына каршыгышып, каршы чыгуу менен, иудейлер Кудайдын коргоосунан айрылышты, жана шайтан аларды өз каалаганындай башкарды. Ие-русалимдин талкалануусундагы көрүнгөн, өтө аёсуз зөөкүрдүк, өз бийлигинин астындагыларга тартуулаган шайтандын өч алуусу болуучу.УК 29.2

    Куткаруучунун бизге берген жан тынычтыгы үчүн, биз Ага канчалыктуу милдеттүү экенибизди билүү, биздин акылга сыярлык нерсе эмес. Бир гана Кудай Күчү, адамзаатты, шайтандын бийлигинен коргочолоп турат. Азгыруучунун ооздукталбаган, өтө мыкаачы иштеринен, Кудайдын коргоп турганын, жана ырайым, чыдамдуулук көргөзгөнүн, бир гана, ыраазы бол-богон адамдар, моюндарына алгылары келишпейт. Бирок, качан гана адамдар Кудайдын чыдамдуулугуннун чегинен ашып кетишкенде гана, Ал Озүнүн коргоо Колун алардан алып коёт. Кудайкүнөөкөрдүн үстүнон чыгарылган өкүмдү аткаруу үчүн шашкаан, баш алуучу адамдай эмес. Анын ырайымыннан баш тарткысы келген ар бир адамга, өз сепкен жемишинин даамын татууга гана мүнкүнчүлүк берет. Ар бир жарыктын нурунан баш тартуу, ар бир аярлоону барк албагандык, ар бир Кудай Мыйзамынын бузулуусу, ар бир алпештелип аткарылган кумарлар - сөзсүз өзүнүн жемишин алып келүүчү, себилген үрөөн бо-луп эсептелет.УК 29.3

    Ар дайым кабыл алынбаган Ыйык Рух, акыры күнөөкөрдөн алыстайт да, күнөөлү кумардан токтотуучу Күч, аларды күнөөдөн токтотпойт, жана ал адам шайтандын каардуу, жана көрө албастыгынан, коргочолонуп туруусунан ажырайт. Иеру-салимдин талкалануусу - Кудайдын ырайымынан, жана мээриминен баш тарткан адамдарга, сак болууну туюндурган, эскертүүчү белги бо-луп саналат. Бул Кудайдын, күнөөгө жийиркенитүу карагандыгын, жана айыптуулардын үстүнө түшкөн жаза сөзсүз ишке аша тургандыгын билдирген, өтө чоң күбөлөндүрүү болуп эсептелет.УК 30.1

    Куткаруучунун, Иерусалимдин үстүнөн жүрө турган сотко карата айтылган пайгамбарчылыгы, дагы бир жолу аткарылышы керек. Иуделердин борборунун жүрөк титиреткен боштугу - алдыда боло турган нерсенин, болоор - болбос гана көлөкөсү. Биз, тандалган шаардын башына келген жазмыштан, Кудай-дын берекесин четке кагып, Анын Мыйзамын тебелеген дүйнөнүн тарыхын көрүп турабыз. Мынакей, жүздөгөн жылдардын аралыгында кылмыш жасалып келе жатат. Ал эми жер болсо, адамдардын сансыз азап тартуусунун карңгы көрүнүшүн күбөлөндүрүп турат. Бул кырсыктар жөнүндө ойлонгондо, жүрөгүң кысылып ооруп, эсиң эңгирейт! Асман бийлигине каршы туруунун арты кандай гана жаман болду! Бирок, мындан да караңгы көрүнүштү, келечек ачык сүрөттөйт. Өткөн тарых — бул көтөрүлуштүн, күрөш менен нааразычылыктын, “майдан кези, жана канга чыланган кийимдин” (Ис. 9:5) узун тизмеси. Кудайдын Руху, адилетсиздерди эркин кумарларынан кармабай калган, шайтандын каарын токтотпогон, үрөйдү учурган күнгө салыштырмалуу, бул күндөр эмне болуп калыптыр! Ошондо адамдар башта көрбөгөндөй, шайтандын башкаруусундагы иштерин көрүшөт.УК 30.2

    Иерусалим талкаланган учурда, Кудайдын эли бошотулган сыяктуу эле, ал күнү дагы “Өмүр Китебине жазылган ар ким куткарылат”. Ма,шаяк өзүнө ишенгендерди өзүнө алуу үчүн Экинчи жолу Келерин убада кылган. “Ошондо Адам Уулунун жышааньт Асмандан көрүнөт: ошол мезгилде жердеги баардык уруулар ыйлайт, жана Адам Уулу Асман булуттарынын үстүндө. Кубат жана улуу даңк менен келе жатканын көрүшөт. Ал Өзүнүн периштелерин добуштуу сурнайлар менен жиберет, алар төрт тарабынан, Асмандын бир четинен экинчи четине чейин, Анын тандалгандарын чогултат” (Мф. 24:30,31). Ошондо Жакшы Кабарга баш ийбегендер, Анын Ооз Деми менен өртүрүлөт, жана Озүнүн Келиши пайда болгону менен жок кылынат (2Фес. 2:8 кар.). Байыркы Израилге окшоп, адилетсиздер өздөрүн - өздөрү жок кылышат: алардын кырылышына өздөрүнүн адилетсиздиги себеп болот. Адилетсиз жашоо аларды Ку-дайдан ушунчалык бөлгөндүктөн, күнөөнүн кесепетинен алардын табияты ушунчалык бузулгандыктан, Анын даңкынын пайда болушу алар үчүн, баарын жалмаган от болгон.УК 30.3

    Ошондуктан адамдар, Машаяк окуткан Анын мазмуундуу Сөздөрүнө, абдан көңүл буруусу зарыл. Шакирттерин жалпы жазмыштан аман калышы үчүн, Иеру-салимдин талкаланышы жөнүндө эсскерткендей, жана анын жакында кыйрашы жөнүндөгү белгилерди айткандай эле, Ал, болочоктогу каардан куутулгусу келген ар кимди, дүйнөнүн биротоло кыйрашы жөнүндө эскертип, анын жакындашы жөнүндө белги берген. Ыйса айткан: “Күн бетинде да, ай бетинде да, жылдыздарда да белгилер пайда болуп, дениздин күүлдөгөнү жана күркүрөгөнү үчүн, жер бетиндеги адамдарды кайгы жана арсар басат” (Лк. 21:25; Мф. 24:29; Мк. 13:24-26; Аян 6:12-17). Алдын ала айтылгандардын белгилерин байкагандардын бары мунун “жакынды эшик алдында” экенин билүү керек. “Ошентип, сергек болгула” (Мк. 13:35)деп, Ал бизге насаат айтат. Ким, бул эскертүүлөргө кунт коюу менен мамиле кылса, ал карангыда калбайт, жана ал күн аны капыстан баспайт. Бирок, сергек болло албагандар үчүн “Теңирдин күнү, түнкү ууру өндөнүп келет...” (ІФес. 5:2-5).УК 31.1

    Азыркы дүйнө, эскертүүлөрдүн акыркы кабарына, Иерусалимге карата айтылган Куткаруучунун эскертүусүнө иудейдер кандай ишенген болсо, андан артык ишене албайт. Качан Теңирдин күнү келгенде, адилетсиздер бул улуу окуяга даяр боло албай калышат. Адамдар өз иштерине, соодасына, дүнүйө жыноого, ар кандай өз кызыкчылыктарын кандырууга берилип, жашоо өз нугу менен өтө берет. Ал эми динкызматчылары болсо, жыргалчылыкты, өсүп-өнүгүүнү даңазалап, жалган коопсуздандыруу менен жоошутушатмына ошондо, түн ортосунда ачык калган үйгө жашыруун кирген уурудай, бейгам жана адилетсиз адамдарды капысынан кыйроо басат. Жана алар “андан качып кутула албайт” (1 Фес. 5:2-5).УК 31.2

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents