Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    39Бап — Кайгы Мезгили

    “Жана элиндин уулдары үчүн бел болгон улуу төрө, Михаил көтөрүлүүчү кез келет, адам жаралгандан тартып, ушуга чейин мурда бoлyп көрбөгөн оор мезгил келет; бирок ошол учурда сенин элиңден китепте жазылгандары табылып, алардын бардыгы ал мезгилде куткарылат” (Дан. 12:1).УК 549.1

    Yчүнчү периштенин кабары аягына чыккандан кийин, Кудайдын ырайымы жер үстүндөгү күнөөкөр адамдарды калтырат. Кудайдын эли өз ишин аткарып бүтүшкөн: ал “Теңирдин алдында кубаныч болгон, кечки жамгыр” алган, жана келе турган сынак саатына даярданган. Периштелер жерден кайтып барышкандан кийин, алардын иштери аткарылгандыгын билдирет, жана дүйнө акыркы сынакка кабылган. Жана ким, Кудайдын Мыйзамдарына баш ийген болсо, “Кудайдын мөөрүн” кабыл алышат. Ошондо Ыйса Машаяк Өзүн Асмандагы Касиеттүү Жайдагы кызматын аяктап, Колун көтөрүп катуу үн менен мындай деп айтат: “Аткарылды!” Жана бардык Асман аскери, Анын жарыясынан кийин, өздөрүнүн таажыларын чечишет: “Адилетсиз өзүнүн адилетсиздигин жасай берсин; таза эмес жамандыкка бата берсин; адилеттүү өз адилет ишин улантсын, жана касиеттүү касиеттүүлүккө бата берсин” (Аян. 22:11). Ар бир адамдын ала турган энчиси чечилген - же өмүр, же өлүм. Машаяк Өз элине элдештирүүчү ишин аяктады, жана алардын күнөөлөрүн тазалады. Жана Анын астындагы адамдардын саны көбөйдү; Асман астындагы падышалыктар, бийликтер жана алардын атак-даңктары”, куткарылган адамдардын энчисине берилет, жана Ыйса Машаяк падышалардын Падышасы, мырзалардын Теңири болот.УК 549.2

    Качан Машаяк, Касиеттүү Жайдан чыкканда, жер караңгылыкка кабылат. Ошол мезгилде, адилеттүү адамдар, Ыйык Теңирдин алдында, Жактоочусу жок өмүр сүрүшөт. Адилетсиз адамдарды эч нерсе токтотпойт, жана шайтан, тoбo келтирбеген адамдардын үстүнөн бoлyп көрбөгөндөй бийлик кыла алат. Кудайдын көпкө чыдамдуулугунун убакыты бүткөн. Бул дүйнө Анын ырайымынан баш тартып коюшту, Анын сүйүүсүн жек көрүштү жана Анын Мыйзамдарын тебелешти. Жана алар, ар-дайым каршылык көргөзгөн Кудайдын Руху, жер үстүнөн алынып кеткен. Кудайдын ырайымынын калкалоосунан ажыраган адамдар, каардуу душмандын алдында, калкалоосуз калып калышкан. Ошондо шайтан, жер тургундарын акыркы кайгыга салат. Качан Кудайдын периштелери, каарданган адамдардын каалоолорун коё бере турган болсо, душмандык бардык ааламат башталат. Түгөл дүйнө, байыркы Иерусалимдин кыйроосунан дагы коркунучтуу, каардуу кыйроого кабылат.УК 549.3

    Египет жергесиндеги тyн туулгандарды кырып жок кылган бир эле периште, жердегилерди кайгыга салган. Качан Дөөт падыша адамдардын санын каттоо менен, Кудай алдында күнөө кетиргенде, бул күнөө үчүн жаза бергенде, бир эле периште улуу кыйратуу алып келген. Ыйык периштелер Кудайдын эрки боюнча, адилетсиз адамдарды кыйраткан - качан Кудай уруксаат бергенде, жиндер дагы ушундай кыйратууларды башташат. Караңгынын күчтөрү ар-дайым жерди кыйратууга даяр, бир гана Кудайдын буйругун күтүп жатышат.УК 550.1

    Кудай Мыйзамдарың аткарган адамдарды, Кудайдын өкүм жазаларын жер үстyнө алып келип жатышат, деп айыпташат, жана аларды жаратылыштын кайгылары, душмандыктын болушу, жана жер жүзүн толтурган кан төгүүлөргө, себепкер катары карашат. Акыркы эскертүүлордү коштоп жүргөн Күч, адилетсиз адамдардын ачуусун келтирет, жана алардын каары, бул ка-барды кабыл алган адамдардын бар-дыгына тийет, ал эми шайтан болсо, көрө албастыктын жана куугунтуктоонун рухун көбөйтө берет.УК 550.2

    Дин кызматчылар жана калайыккалк, Кудайдын орду бош калып - Теңир иуделерди таштап кеткендигин, билишкен дагы эмес. Шайтандын бийлигинин жана эң эле жаман өлтүрүүчү кумарлардын, алдында калуу менен, алар өздөрүн дагы деле Кудайдын элибиз деп, эсептешкен. Ибадатканадагы кызмат кылуулар улантылып, алардын булганган курмандык чалынуучу жайларында курмандыктар чалынган, жана ар күн сайын, Кудай элине ак-бата тилеп, Кудайдын Курмандыгын кабыл алышпай, жана Анын жолдоочуларын куугунтуктагандарын уланта беришти. Ошондой эле, Асмандагы Касиеттүү Жайдагы кызмат токтотулуп, жана бул дүйнөнүн ала турган тиешеси чечилип калган болсо деле, адамдар бул жөнүндө билишпей жүрө беришет. Кудайдын Руху аркылуу калтырылып калган адамдар, баштагысындай эле ди-ний эрежелерди сакташып, шайтан аларды өзүнүн айлакер иши үчүн пайдаланып жаткандыгын билбей, Кудайга карата кызганыч көргөзүп жаткандай көрүнүшөт.УК 550.3

    Качан ишемби күндүн тегерегинде, түгөл христиандардын күрөшү жалындай баштаганда, диний бийлик мамлекеттик бийлик менен биригип, жекшемби күнүн сактоону адамдарга жүктөшөт, жана аз сандагы адамдардын макул болбой баш тартышы, аларды бардык элдерге жек көрүндү көргөзөт. Жана мындай деген жарыялар айтылат, бул топ адамдар мамлекеттин жана жыйындардын чыгарган мыйзамдарына баш ийишпей жатышат, жана аларга карата жол берүүчүлүк болбосун, ошондуктан алар башкаларды дүрбөлөңгө жана тартипсиздикке салбашы үчүн, алардын азап тартканы жакшыраак болот. Он сегиз кылым мурда, ушул сыяктуу айыптоолор, “элдердин башчылары” аркылуу, Машаякка дагы айтылган. “Бардык эл өлүп калгандан көрө, бир адамдын өлгөнү, бизге жакшы” (Ин. 11:50), деген башкы дин кызматчы Каиафа. Чыгарыла турган бул бүтүм тыянактуу сезилет, жана төртүнчү Осуят боюнча ыйык сактала турган ишембини кармангандар үчүн, катуу жаза берүү чечилет, жана белгиленген убакыт келгенде, аларды өлүмгө тапшырып берүү үчүн, адамдарга эркиндик ыйгарылат. Мурдагы , жана протестантизмди талкалаган жаңы католицизм, Кудайдын Мыйзамдарың сактаган адамдар үчүн, бирдей тарапта эле тургандыгын көргөзө алат.УК 550.4

    Ошондо Кудайдын адамдары, пайгамбар, Жакыптын тукумуна айтып кеткен кайгыга кабылышат: “Теңир мындай дейт: биз тынчтыктын эмес, бүлүнүү жана коркунучтyн чуусун угуп жатабыз... Бардыгынын өңү кумсарган. О, кайгы! Ал күн зор мааниге ээ, ал күнгө теңдеш жок; ал Жакып үчүн бактысыздык мезгил, бирок ал андан куткарылат” (Иер. 30:5-7).УК 551.1

    Жакыптын, Исавтан кутулуу максатында, өз куткарылуусу үчүн сыйынган, жана туталанып кыйналган түнү (1 Муса. 32:24-30), кайгы тартаар мезгилиндеги боло турган кыйналууларын билдирет. Өзүнүн агасына таандык болгон атанын алкышын, туура эмес жол менен алып алгандыктан, Жакып бир тууганынын каарынан коркуп, өз жанын алып качып кетүү менен, сактап калган. Көп мезгил убакыт келгин бoлyп жүргөндөн кийин, Жакып Кудайдан өзүнүн мекенине, аялдары, балдары жана малдары менен кайтуу жөнүндө буйрук алат. Жана өз элинин чегине келгенде, Жакып агасы ага, куралданган адамдар менен келе жаткандыгын угуп үрөйү учат. Анткени анын агасы өч алууну каалап жүргөндүгүнөн ал күмөн санаган жок. Жана өзүнүн куралданбаган алсыз сапарлаштары, өлтүрүүнүн жана зомбулуктун курмандыгы бoлyп кала тургандай бoлдy. Бир гана тынчсыздануу жана коркунуч эмес, жана анын абийири дагы, бир кезде жасап кеткен иши үчүн туталантты, жана ошол күнөө үчүн бардыгы өлүмгө кабылат, деген oй андан кеткен жок. Жана анын бир гана үмүтү, Кудайдын ырайымына таянуу эле; жана сыйынуу, анын жалгыз гана калканычы болду. Келе турган коркунучтан кутулуу максатында, жана бир тууганынын алдында өз айыбын тартуу үчүн, ал бардык аракетин жасаган. Жана ошондой эле Машаяктын жолдоочулары дагы, акыркы мезгилде жакындап келе жаткан коркунучтан кутулуу максатында, алар дагы, адамдарга жакшы сапаттарын көргөзүшүп, түшүнбөстүктү жок кылуу үчүн, жана абийирге каршы коркунуч туудурган нерселерден арылуусуна, болгон аракетин жумшашы керек эле.УК 551.2

    Жакып өзүнүн кайгысына эч ким күбө болбосун деп, аларды өзүнөн оолак жиберип, Кудайдын куткарып калуусун тилениш үчүн, Кудай менен жалгыз калды. Ал өзүнүн күнөөсүнөн тoбo келтирип, Теңирдин көргөзгөн ырайымы үчүн даңктады; Жана анын аталарына берген убадаларды момундук менен эскерип, жана качып бара жаткандагы Вефилдеги түндөгү көргөн аянын айтты. Жана анын өмүрүнүн өтө оор кырдаалы келди; жана жашоо үчүн бардыгы коюлган. Жана караңгылыкта, жалгыздыкта, ал өз Кудайга болгон сыйынуусун улантты, жана өзүн жоошутту. Капысынан анын далысына кол тийет. Жана душман анын өмүрүн алганы жатса керек, деген oй анда пайда болот, жана келген менен күрошө баш-тайт. Жана супа чала баштаганда, бейтааныш өзүнүн жогорку күчүн билдирип, анын бир эле тийгени, бул алдуу кишинин муундарын бошотуп, шал кылып салгандай сезилди, жана алсыздыгын билип Жакып, бул табышмактуу бейтааныштын алдында, жуздөмөндөп жыгылып, солкулдап ыйлады.УК 552.1

    Ал келишимдин Периштеси менен күрөшүп жаткандыгын, эми гана билди. Алсызданып, бутунун жылдырбай ооруганын сезип тyрса дагы, ал женилгиси келген жок. Ушунча жыл ал, өз абийиринин айыптагандыгын алып жүргөн, жана кылган нерселери үчүн азап тарткан, эми ал, кечирим алгандыгына ишенүүсү керек. Кудайдан келген жолоочу аны таштап кетүүнү каалады, бирок Жакып анын бутун бекем кучактап, анын алкыштап кетүүсүн суранып жатты. Периште: “Мени коё бер, анткени таң атып бара жатат”, деди, бирок уруу атасы: “Сен мени алкыштамайынча, мен сени коё бербейм!”, деп жооп берди. Кандай гана ишенимдүүлүк! Кандай солкулдабастык, жана дегенин бербегендик! Эгерде Жакыптын сөздөрүнөн, мактанчаактык жана текебердик байкалган болсо, ал ошол замат жок болмок, бирок ал, күнөөкөрдүн күнөөсүн моюнуна алгандыгын, жана алсыздыгын, суранууда тырышчаактыгын билдирди, жана бир гана келишимин сактаган Кудайдын ырайымына таянды.УК 552.2

    “Ал Периште менен кармашып - жана жеңип чыкты” (Ос. 12:4). Өзүнүн момундугу, тoбo кылуусу, өз керт башынын камын oйлобогондугу менен, ушул өлүмгө кабыла турган адашкан күнөөкөр адам, Асмандын Улуулугун жеңген. Ал Кудайдын убадаларына маани берүү менен ишенген, жана Чексиз Сүйүүнүн жүрөгү, күнөөкөрдүн зарлаган үнүн укпай койгон жок. Жана жеңиштин белгиси, жана анын үлгүсү катары башкаларды жандандыруу үчүн, жана анын баштагы күнөө деген ысымы, башка менен алматырылгандыгы, башкаларга күбөлүк бoлyп көргөзүп тyрган. Жакып Кудайдан алкыш алуу үчүн, жеңишке жетишти, - бул анын адамдарды дагы жеңе тургандыгынын белгиси эле. Эми ал, өз бир тууганынын каарынан башка корккон жок, , анткени Теңир анын коргоочусу болуучу.УК 552.3

    Кудайдын периштелеринин алдында, шайтан Жакыпты айыптаган, жана аны кылган күнөөсү үчүн өлтүрүп коюуну каалаган; ал Исавты ага каршы аттандырды, жана түнү бою болгон туталанууда, уруу атасынын кылган күнөөсү үчүн, анын айыптуулугун терең сездирип, Кудайга болгон таянуусун талкалаганга аракет кылат. Жана Жакып көңүлү чөккөндүктөн, Ку-дайдан башка эч ким жардам бере албастыгын гана сезди. Ал өзүнүн кылган улуу күнөөсү үчүн тoбo келтирип, Кудайдын ырайым кылуусун өтүнөт. Ал өзүнүн максатынан баш тарткан жок, бирок Периштени бекем кармап, өксүп ыйлоо менен, жеңишке жетишмейинче, Аны коё берген эмес.УК 553.1

    Өз мезгилинде шайтан, Исавты Жакыпка тукурган сыяктанып, кайгы учурунда дагы Кудай элин жок кылуу максатында, адилетсиз адамдарды аларга каршы тукурат. Ал Жакыпты айыптагандай, азыр Кудай элин дагы айыптайт. Ал жер тургундарын өз карамагындагы адамдар катары санайт, бирок, Кудайдын Парыздарын сактаган кичинекей топ адамдар, ага баш ийүүдөн баш тартышат. Эгерде ал, аларды дагы өлүмгө алып барууга мүмкүндүк ала турган болсо, анда анын жеңиши толук болмок. Ал, аларды Асман периштелери коргочолоп турганын көрүп турат, жана алардын күнөөлөрү кечирилгендигин дагы билет, бирок алардын тагдыры Асмандагы Касиеттүү Жайда чечилип калгандыгын, ал билбейт. Алардын жасаган күнөөлөрү чыны менен ага белгилүү, анткени аларды өзү азгырган, жана Кудайга алардын жасаган күнөөлөрүн айтып, алар дагы өздөрүндөй эле, Кудайдын ырайымынан ажырагандыгын, баяндап турат. Жана ал мындай деп айтат, эгерде Кудай адилеттүү боло турган болсо, Ал алардын күнөөлөрүн кечире албайт, жана аларды башка жиндер менен кошо жок кылат. Жана аларды өзүнүн эңчиси катары көрүп, жана аларды жазалоого өзүнө берүүсүн талап кылат.УК 553.2

    Шайтан, Кудайдын элин күнөө кылгандыгы үчүн айыптап жаткандыктан, Кудай адамдарды сыноо үчүн ага уруксаат берет. Алардын Кудайга болгон ишеними жана бекемдиги сынактан өтөт. Баштагы кылган нерселерине кылчайып карап, алар өз үмүтүн жоготушат, анткени алар өз жашоо өмүрлөрүндө, кылган жакшы нерселеринин аз экендигин билишет. Жана алар өз алсыздыктарын жана кемчиликтерин, толук моюндарына алышкан. Жана аларды айыптаган жагдайдан чыгып кетүү мүмкүн эмес, жана кылган жамандыктардан арыла албастыгы жөнүндө, алардын оюн шайтан тумандатат. Жана алар азгырыкка берилип, Кудайдан баш тартуусу үчүн, ал, алардын ишенимин талкалоого болгон аракетин жасайт.УК 553.3

    Кудайдын уулдары, аларды жок кылууга аракет кылган, душмандардын курчоосунда калса дагы, аларды ойлондурган куугунтук болот деп кейигендиктен эмес, бирок, балким бир кечирелбей калган күнөөм калгандыр, деген санаа курчап алгандыктан туталантат, жана ошондуктан аларда, Куткаруучунун убадасына болгон үмүт жоголот: “Мен сени, жерде жашагандардын сыналышы үчүн, келе турган сыноо учурунан, сактап калам” (Аян. 3:10). Эгерде алар кечирилгендигине ишенише турган болсо, кайгы да, өлүм да аларды коркута алмак эмес, бирок алар туруксуз болсо, анда кылган жамандыктары аларды өлүмгө тартып кетет, жана Кудайдын Ыйык Ысымы алардын ичинде жамандалып калат.УК 554.1

    Бардык жерде алар, каршылыкка кабылып, Кудайга каршы көтөрүлүүлөрдү көрүп жатышат, жана ошондуктан ушул улуу баш тартуулуктун, жана адилетсиздиктин акыры болушу жөнүндө тиленишет. Алар Кудайдан козголоңчуларды калтырып салуусун суранышат, бирок, жамандыктын күчүн токтотуп, жана анын жолун жабууга аларда дарман жок. Жана алар, ар-дайым Кудайдын айткандарын аткарган болсо, өз жөндөмдүүлүктөрүн Машаяктын кызматы үчүн арнашса, күчтөнкүчкө өтүшсө, анда шайтандын күчү алардын үстүнөн жеңишке жетише албастыгын, сезишип, моюндарына алышат.УК 554.2

    Алар өз жүрөктөрүн Кудай алдында жоошутуп, баштагы күнөөлөрүн Кудай кечиргендигин көргөзүшүп, Куткаруучунун берген убадаларына карашат: “Балким Менин калкама келип, Мени менен тынчтык келишим тузушөөр? Анда Мени менен тычтык келишимиине макулдашсын” (Ис. 27:5). Алар өз сыйынууларына ошол замат жооп ала алышпаса дагы, бекем ишенүүлөрүн уланта беришет. Абдан кыжаалат, болгондуктан туталанышып, көңүл калууларына жана коркунучтарына карабай, алар сыйынууларын токтотушпайт. Жакып Периштени кармап: “мени алкыштамайынча, Сени коё бербейм” дегендей, алар дагы Кудайдын Күчүн кармашып, жалынып өксүп ыйлашат.УК 554.3

    Эгерде Жакып, алды менен, алдоо үчүн биринчи алкышты алып алган, өз кылган күнөөсү үчүн тoбo келтирбей турган болсо, Кудай анын сыйынуусун укмак эмес жана анын өмүрүн сактабайт болчу. Кайгы мезгилинде дагы ушундай болот: эгерде Кудайдын уулдары, өздөрүнүн бардык кылган күнөөлөрү үчүн тoбo келтирбей турган болушса, анда кайгы жана коркунуч, аларды жеңип кетет. Көңүл чөгүү алардын ишенимин начарлантат, алар болсо, куткарылуу жөнүндөгү сыйынуубуз Кудайга угулуп жатат, деген ишенимде болушат. Алар өздөрүнүн татыксыздыгын терең түшүнүшсө дагы, алардын ичинде бир дагы жашыруун күнөө калбайт. Алардын күнөөлөрү, сотто каралып, жана тазартылган, жана алар аны эстей алышпайт.УК 554.4

    Кудай кичинекей нерселерге көңүл бурбайт, деген ойду шайтан ар бир адамдын оюна салат, бирок Анын Жакып менен болгон мамилесинен, Кудай жамандыкты жактап жана ага чыдабай тургандыгын билдиргенин көрө алабыз. Ким өз күнөөсүн актап жана аны жашырууну кааласа, анда ал, ал күнөөлөрдүн Асмандагы Китептерде кечирилбей калгандыгы жөнүндө, жазылган бойдон калуусуна жол берет, жана шайтан жеңишке жетишет. Алар-дын ээлеген орду канчалыктуу жогору боло турган болсо, алардын кылмышы дагы Кудай алдында ошончолук оор бoлyп саналат, жана анын душманынын ийгилиги дагы ошончолук жогору. Ким, Теңирдин Келишине өзүнүн даярдануусун калтырып жаткан болсо, анда алар муну кайгы учурунда, же акыркы мезгилде дагы жасаша албайт. Алар күнөөсүнө байланган.УК 555.1

    Акыркы үрөйдү учура турган кармашка даярданбаган ишенүүчү адам, өз кылган күнөөсү үчүн тoбo келтирүүгө көңүлүн чөгөрөт, ал эми адилетсиз адамдар, алардын кайгы-сын мыскылдап күлкүгө алышат. Алардын тoбo келтирүүсү Исавтын же Иуданын кайгысына гана окшош болот. Мындай тoбo келтирүүлөр менен алар, күнөөгө кейишпейт, бирок ошол кылынган күнөөнүн акыры эмне боло тургандыгы үчүн гана кейишет. Алар күнөөгө карата жийиркеничти, жана чыныгы кейигендикти билишпейт. Алар өз күнөөлөрүн, жазаланып калабыз деп корккондуктан гана моюндарына алат, бирок байыркы мезгилдеги фараон сыяктуу, жаза коркунучу кетип кала турган болсо, кайрадан Кудайга каршы аттанышат.УК 555.2

    Жакыптын тарыхынан биз, азгырыктын таасиринен күнөө жасап алгандардан Кудай баш тартпай тургандыгын билдик, жана биздин Ага, терең кайгырып тoбo келтиришибиз зарыл. Качан шайтан мындай адамдарды жок кылууну каалаганда, аларды сооротуп жана коргоо үчүн, Теңир Өз периштелерин жиберет. Шайтандын жасаган соккулары каардуу жана чечкиндүү; анын айлакерлиги коркунучтуу, бирок Теңирдин Көзү - Өз элинде, жана Ал, алардын бардык үнүн угуп турат. Алардын кыйналуусу өтө жогору, жалындап күйгөн мештин оту аларды жалмап кетүүгө даяр ,бирок Улуу Эритүүчү, аларды от менен сыналып чыккан алтындай куткарып алат. Кудайдын Өз элине болгон сүйүүсү, кыйын сынактарда дагы, ошол эле, жакшылык мезгилдеринде болгон сыяктуу, күчтүү жана жумшак бoлyп кала берет, бирок алар оттуу меш менен өтүүсү зарыл; алар Машаякка окшошуу үчүн, жердик нерселердин бардыгын от жалмаш керек.УК 555.3

    Бул кайгы мезгили жана көңүл чөгүүлөр, бизден ишенимди талап кылат, анткени ал биздин чарчаганыбызды, жайлаганыбызды жана ач болгондугубузду жеңип чыгат - эң эле каардуу сынактар менен бетме-бет кездешкенде дагы, солкулдабаган ишеним болуусу зарыл. Улуу кайсы мезгилине даярдануубуз үчүн, бардыгына сынак мезгили берилиши керек. Жакып женип чыкты, анткени ал чечкиндүү жана өз көздөгөнүндө турган туруктуу дагы болуучу. Анын жеңиши, кайра тартпаган сыйынуунун күчү жөнүндө күбөлөндүрөт. Кудайдын берген убадаларына, Жакып сыяктуу ишенген адамдардын бардыгы, жана ага окшоп туруктуулук жана бекемдик көргөзө турган болсо, ийгиликке жетишет. Ал эми ким, Кудай менен болгон кыйноо күрөшүндө, өзүнүн “мен-менсинүүсүнөн” баш тартпай турган болсо, Кудайга акбата сурап тырышып сыйынса дагы, алкыш ала албайт. Кудай менен болгон күрөш эмне экендигин - аз сандагы адамдар гана түшүнө алышат! Өз сыйынуулары Кудайга угулуусу үчүн, канчалыктуу аз сандагы адамдар гана, өз жан дили менен аркет кылып жатышат. Жана сыйынып жаткан адамды, түпкүргө алып барып салуу үчүн, бoлyп көрбөгөндөй чоң толкун коркутуп келе жатканда, солкулдабаган ишеним менен, Кудайдын берген убадаларына таянып сыйынган адамдар кандай аз!УК 556.1

    Кимдин ишеними алсыз болсо, шайтандын азгыруусунда калып калуу коркунучу көп, жана ал анын буйругуна баш ийет, айыптаган абийирге карабайт. Эгерде алар сынак мезгилин баштарынан өткөрсө дагы, кайгы мезгили аларды катуу депрессияга, жана жан дүйнөсүнүн туталануусуна алып барат, анткени алар, Кудайга таянып көнүшкөн эмес. Жана алар, качандыр бир мезгилдерде билүүнү каалабай койгон, ишенимдүү бoлyy сабагын, кайгынын катуу шапалагы менен алып өтүүсү керек.УК 556.2

    Азыр биз, Анын убадаларын сынап, Кудайды таанышыбыз зарыл. Ар бир чын жyрөктөн чыккан туруктуу сыйынууларды периштелер жазып жатышат. Кудай менен баарлашууну калтыргандан көрө, бизге жаккан кумарлардан баш тартканыбыз жакшы. Байлыкка манчыркап, кадырлуу бoлyп, досторду көбөйтүп жана Кудай аркылуу калтырылып калгандын ордуна, жакырлыкта жашап, эч нерсеге ээ болбой, бирок Анын ырайымына ээ бoлyy, алда канча артык. Биздин сыйынуу убакытыбыз болушу керек. Эгерде бизди жердеги кызыкчылыктар тартып кете турган болсо, анда биздин алтын, там-таш жана жерлерге курган жасалма кудайларыбыздан арылтып, Кудай Өзү жөнүндө ойлондурууга жардам берет.УК 556.3

    Кудайдын алкышын алуу үчүн, жаш адамдар күнөөдөн арылышып, башка жолдорду тандап алуудан баш тартыша алат. Эгерде, Кудайдын бул дүйнөгө эскертүүчү акыркы кабарын, жарыялаган Кудайдын жарчылары, Жакып сыяктуу Кудайга тырышып, ишеним менен сыйына турган болсо, анда алардын минтип айта турган көп деген мүмкүнчүлүктөрү болмок: “Мен Кудайды бетме-бет көрдүм, жана менин жаным аман калды” (1 Муса. 32:30). Ошондо Асман аларды, Кудайды дагы адамдарды дагы жеңген күчкө толгон төрө катары эсептемек.УК 556.4

    “Башта бoлyп көрбөгөндөй”, жакында кайгы мезгили келет. Ошондо бизге, азыр биз ээ боло элек, аны алууга азыр жалкоолонуп жаткан, тажрыйба талап кылынат. Көпчүлүк мезгилде күткөн нерсе, бoлyп жаткан нерсеге Караганда коркунучтуу бoлyп сезилет, бирк бул боло тyрган кризиске эч кандай тиешеси жок. Кудайдын элинин үстүнө түшө турган кайгыны, эч бир көз алдыга элестетүүлөр сүрөттөп айта албайт. Ал кездеги сыналууда, ар бир адам өз алдынча Кудайдын алдында туруусу керек. Эгерде Нух, Даниил жана Аюб пайгамбарлар тирүү болгондо дагы, “кыздарын да, балдарын да сактай алмак эмес; алар өз адилеттиги менен өз жандарын гана сакташмак” (Иез. 14:20).УК 557.1

    Азыр болсо, Улуу Дин кызматчы биздин элдешүүбүз үчүн, Өз кызматын аткарып жатканда, биз өзүбуздү жоошутуп, Машаякта жеткилең болушубуз керек. Биздин Куткаруучубуздун, азгырыкка жол берүүгө оюУК 557.2

    дагы болгон эмес. Шайтан адамдар-дын жүрөгүнөн, кармап кала турган бир нерсе издейт; жана анын азгырыгы иш жүзүнө ашуусу үчүн, бир эле күнөөнүн каалоосу жетишиктүү. Бирок Машаяк мындай деп айткан: “Бул дүйнөнүн мырзасы келе жатат, жана Менин үстүмө, анын эч кандай бийлиги жок. Ыйса Машаяктын үстүнөн, шайтан жеңишке жетиш үчүн, Андан эч кандай күнөөнүн тагын дагы таба алган эмес. Ал, Өзүнүн Атасынын Парыздырына болгон ишенимдүүлүгүн сактап калды, жана шайтан ийгиликке жетиши үчүн, анда бир дагы күнөө болгон жок. Кайгы учурунда туруштук берүүнү каалаган ар бир адам, мына ушундай абалда болуусу зарыл. Бул жашоодо биз, өзүбүздөн күнөөнү, Ыйса Машаяктын актап алуучу Курмандыгына ишенүү менен, алып ташташыбыз керек. Биздин Куткаруучубуз, бизди Өзү менен биригүүгө чакырат, жана Өзүнүн Кучун биздин алсыздыгыбыз менен; биздин түркөйлүгүбүздү - Өзүнүн даанышмандыгы; биздин татыксыздыгыбызды - Өзүнүн эмгеги менен бириктирүүнү каалайт. Кудайдын алдын -ала көрөгөчтүгү, биз үчүн, Ыйсанын момундугуна жана жооштугуна үйрөнүүчү мектеп болушу керек. Теңир ар-дайым бизге, жашоонун чыныгы максатын көргөзүп турат, ал эми биз өзүбүзгө тандап алган жол, жеңил жана бизге жагымдуу. Жана бизге, Кудай түспөлүндө болушубуз үчүн, Асман сунуштаган, мүнөздөрдү өзгөртө турган нерселерди кабыл алышыбыз керек. Бул иштеги болгон маани бербегендик, жана кечеңдетүүлөр, өмүргө коркунуч алып келе турган каршылыктар менен, байланышып турат. Элчи Иоанн өзүнүн алган аянында, мындай деп айткан катуу добушту уккан: “жерде жана деңиздерде жашагандарга кайгы, себеби өзүнүн убакытынын аз калганын билип, силерге каардуу шайтан түшүп келди” (Аян. 12:12). Бул айтылган катуу добуштун, чындыкка айланган учуру кандай коркунучтуу! Убакыттын бүтүп бара жаткандыгы, шайтандын каарын күчөтүп жатат, ал алып жүргөн азгыруу жана бүлүндүрүү, кайгы мезгилинде өзүнүн жогорку туу чокусуна жетет.УК 557.3

    Жакында биз Асман алдынан, - керемет жасап жаткан жиндердин бийлик белгилерин, таң-калаарлык көрүнүштөрдү көрөбүз. Шайтандын рухтары, бүт жер жүзүндөгү падышаларга чыгат, жана аларды, Асмандын Бийлигине каршы күрөшүү үчүн, шайтандын аскеринин катарына кошулууга үндөйт. Жана алар падышаларды да, жана алардын кол алдындагы адамдарын дагы азгырганга үлгүрүшөт. Өздөрүн Машаяк катары көргөзгөн адамдар дагы чыгат, алар бир гана дүйнөнүн Куткаруучусу татыктуу болгон табынууну, өздөрүнө ыйгарышат. Алар ооруларды айыктрышат, жана Асмандан аян алып жатабыз дешет, бирок бул алган аяндар, Ыйык Жазуунун күбөлөндүрүүлөрүнө каршы келет.УК 558.1

    Улуу драманын акыркы бөлүгү, шайтандын өзүн, Машаяк кылып көргөзүүгө аракеттенгендиги менен аяктайт. Өздөрүнүн үмүтүнүн аткарылышы катары, Куткаруучуну күтүп жатышкандыгын Жыйын көптөн бери жарыялап келет. Эми болсо, улуу жазгыруучу, Машаяктын келип калгандыгын көргөзүүгө аракет кылып жатат. Дуйнөнүн аркайсыл жерлеринде, шайтан өзүн, Иоанн алган аяндагы Машаяктын кийген кийиминдей кийинген адамдар аркылуу көрүнүп, көпчүлүктү жазгырат (Аян. 1:13-15). Аны курчап алган атак-даңк, адамдарга көрүнүп келген мезгилдердин бардыгынан ашып түшөт. Жана абаны: “Машаяк келди! Машаяк келди! - деген жаңырыктар курчайт. Жана улуу кубанычка батуу менен, адамдар анын алдында табынышат; жана жерде жүргөн кезинде, Машаяк элдерди алкыштаган сыяктанып, ал дагы колун көтөрүп адамдарга бата бере баштайт. Анын үнү жумшак, мукамдуу, жана музыка сы-яктуу жагымдуу. Анын үнү сылык жана жароокерликке толгон, жана бир мезгилдерде Машаяк айтып кеткен, асмандагы чындыктар дагы кошулуп турат; ал адамдардын ооруларын аяктырып, жана Машаякты туураган сыяктанып, ишембини жекшембиге алмаштырып койгондугун айтат, жана ал аркылуу алкыштанган күндү ыйык тутуусун, адамдардан талап кылат. Жана ким жетинчи күн ишембини ыйык тутуyнy уланта бере турган болсо, Кудайга акаарат келтирип, аларга жарык жана чындык алып келип жаткан периштелерди уккулары келбей жаткандыгын жарыялайт. Кандай күчтүү жана өтө алгыз айлакерлик! Жана Симон аттуу сыйкырчы аркылуу алданган Самариялык адамдарга окшоп, кичинесинен чоңуна чейин, бул азгырыкка арбалышып, мындай деп айтышат: “Кудайдын Кудурети ушул” (Ап. Иш. 8:10).УК 558.2

    Бирок Кудайдын элин алдоо мүмкүн эмес. Жалган машаяктын окутуулары Ыйык Жазууга карамакаршы келет. Анткени ал, эч кандай ырайымсыз Кудайдын каары төгүлө турган, айбанга жана анын түрүнө табынган адамдарды, алкыштап жатат.УК 559.1

    Андан тышкаары, шайтанга Ма-шаяктын Келишин туураганга жол берилген эмес. Куткаруучу Машаяк, Өзүнүн Келишинин алдында, ушул сыяктуу алдоолордон сак болуусу керектиги жөнүндө, Өз элине эскертип кеткен. “Анткени, мүмкүндүгү эле болсо, тандалгандарды дагы адаштыруу үчүн, жалган машаяктар жана жалган пайгамбарлар чыгат дагы, чоң жышаандарды жана ажайып иштерди көргөзөт... Ошентип, эгерде силерге: “Мына, Ал ээн талаада” - десе барбагыла; “Мына, Ал жашыруун үй-бөлмөлөрдө”десе, ишенбегиле; анткени, чагылган жарк-журк этип, чыгыштан батышка карай көрунгондо, Адам Уулунун Келиши дагы ошондой болот” (Мф. 24:24-27; Мф. 24:31; 25:31; Аян. 1:7; 1 Фес. 4:16,17). Мындай Келүүнү жасаш мүмкүн эмес. Ал жөнүндө бардыгына маалым болот, анткени Аны түгөл дүйнө жүзү көрөт.УК 559.2

    Жана бул дүйнөнү туткундаган азгыруунун күчүнөн, бир гана Ыйык Жазууну кылдаттык менен изилденген, жана чындыктын сүйүүсүн кабыл алган адамдар гана, коргоо алыша алат. Кудай Сөзүнүн жардамы менен; алар айлакердин айыбын ачышат. Бардыгы сыналышы керек. Жана азгыруулар чыныгы Машаякка ишенген адамдарды ачып билдирет. Бул азгырыкка берилбеш үчүн, Кудай эли, Кудай Сөзүнө бекем болушунун зарылдыгы бар бекен? Бул кыйын кырдаалда, ал бир гана Мукаддаска жана Мукаддаска таянып үйрөнө алабы? Бул күнгө даярданууга жол бербөө үчүн, шайтан болгон аракетин жумшайт. Жана адамдар жердеги түйшүктөргө байланышы үчүн, ар-кандай тоскоолдуктарды коёт, жана алардын жүрөктөрү байлыкка, оор жумуштарга малынуусунун камын көрөт, жана алар үчүн бул күн, түнкү ууру өңдөнүп келүүсүн каалайт.УК 559.3

    Жана ар-кандай Машаяк жолун жолдогон жыйындар аркылуу, Кудайдын Мыйзамына каршы чыгарылган буйрук, алардын мамлекеттик бийликтер тарабынан куугунтукталышына шарт түзөт, жана алардын олумун каалаган адамдардын колуна салып берет, Кудайдын адамдары бул куугунтуктардын айынан шаардагылары кыштактарга, жана алыскы чолдуу жерлерде күн көрүү үчүн, качып барышат. Жана көпчүлүк адамдар үчүн, баш калкалаар жай, бийик тоолор бoлyп калат. Пьемонтадагы Машаяктын жолдоочулары сыяктанып, алар бийик тоолорду өздөрүнө касиеттүү жай кылышат, жана “бийик калкалаган аскалар үчүн” (Ис. 33:16), Кудайга даңк айтышат. Бирок, көп элдердин арасынан, көп сандаган белгилүү жана жөнөкөй, бай жана кедей, ак жана кара адамдар, ырайымсыз кулга айланат. Кудайдын сүйгөн адамдары кубаныч жок күндөрдү баштарынан өткөрүшуп, кишендерде, түрмөлөрдө өз өлүмүн күтүшүп кайгырган күндордү баш-тарынан өткөрөт. Кээ бирлери жер алдында ачтан өлүшөт. Алардын озондоолорун эч ким укпайт, жана бир дагы кол, аларга жардам кылуу үчүн сунулбайт.УК 559.4

    Бул сынак саат мезгилинде, Теңир Өз элин унутуп коёбу? Топон сууга чейинки дүйнөгө Кудайдын соту келгенде, Ал Нух пайгамбарды унутуп койду беле? Асмандан от түшүп, шаарларды талкалап жатканда, Ал Лотту унуттубу? Египеттеги жасалма кудайларга сыйынган адамдардын арасынан, Ал Жусупту эстеген жокпу? Сени дагы ваалдын пайгамбарларын кылгандай кылам, деп Иазавель ант бергенде, Ал Илия пайгамбарды унутту беле? Караңгы жана коңурсуган ацгектин ичинде, азап чегип жаткан Иеремия пайгамбарды, Ал калтырдыбы? Же Даниил пайгамбарды арстандардын зынданында, Ал унутуп койдубу?УК 560.1

    “Буга карабаcтан Сион айтты: “Теңир мени таштап койду, менин Кудайым мени унутту!” - деп. Эне өзү тууган уулун аябастан, эмчектеги баласын унутабы? Бирок, эгерде эне баласын унутса дагы, Мен сени унутпайм. Мына, Мен сени Өзүмдүн алакандарыма жазып койдум” (Ис. 49:14-16). “Анткени силерге ким тийсе, ал Анын көз карегине тийгени” (Зах. 2:8).УК 560.2

    Душмандар, Кудайдын кызматчыларын түрмөлөргө салган болсо дагы, алардын дубалдары, алардын жанын Машаяктан бөлүп сала албайт. Ар бир алсыздык белгилүү Болгондун Өзү, ар бир сынактар менен тааныш Болгон, жердеги бардык бийлик башчыларынан Жогору; эч ким бара албаган түрмөлөрдө, аларды периштелер көрүп турат, жана аларга Асмандын жарыгын жана тычтыгын алып келишет. Жана түрмө аларга ак-сарайдай көрүнөт, анткени ал жерде, ишенимде бай адамдар чогулган, жана кайгылуу дубалдарды Асмандын жарыгы жаркыратат, бир кезде дагы элчи Павел менен Сила, Филиппия шаарында зынданда жатышып, жарым түндө сыйынышып жана ырдашкан.УК 560.3

    Кудайдын каары, Кудайдын элин кыйнап жана өлтүрүүнү каалаган адамдардын үстүнө түшөт. Анын, кайырдин адамдарга карата болгон көпкө чыдамдуулугу, аларга дем берет, бирок кечиктирилгенине карабастан, боло турган жаза, качып кутулгус жана коркунучтуу болот. “Анткени Теңир, Перицам тоосуна көтөрүлүп чыккандай келет; Гаваон өрөөнүндө каардангандай каарданат, Өзүнүн ишин, бөтөнчө ишин аткарыш үчүн, Өзүнүн аракетин, укмуштуу аракетин жүзөгө ашырыш үчүн ошентет” (Ис. 28:21). Биздин ырайымдуу Теңирге жаза келтирүү - бул “адаттан тышкаары” аткарыла турган иш. “Мен Тирүүмүн, дейт Кудай Теңир: күнөөкөрдүн өлүмүн каалабайм” (Иез. 33:11). Теңир - “адамдарды сүйүүчү жана ырайымдуу, көпкө чыдамдуу жана эң кайрымдуу, акыйкат... айыбын, кылмышын, жана күнөөлөрүн кечире турган Кудай”. Бирок, “жазасыз калтырбай турган”. “Теңир көпкө чыдамдуу жана Кудурети боюнча Жогору, жана жазасыз калтырбайт” (2Муса. 34:6,7; Наум. 1:3). “Ал Өзүнүн адилеттүүлүгү менен аябайт, жана Өзүнүн тебеленип калган Мыйзамдарынын баркын калыбына келтирет”. Айыптууну күтүп турган жазанын каардуулугун, Теңирдин адилдигинин аргасыздыгы катары билишибиз керек. Ал, көпкө чыдап жана тийбей жаткан эл, Кудай алдында өздөрүнүн мыйзамсыздык табагын али толук толтуруша элек, жана алар акыры, Кудайдын ырайымы кошулбаган табактагы Анын каарын ичишет.УК 560.4

    Качан Машаяк, Өзүнүн Асмандагы Касиеттүү Жайдагы кызматын аяктаганда, Кудайдын ырайым кылынбай турган каары, “айбанга жана анын түрүно табынган адамдардын” (Аян. 14:9,10), үстүнө төгүлөт Кудай Өзүнүн элин биротоло бошотуп алардын алдындагы, дүйнөгө келүүчү жаза, Израил элин бошотоордун алдында, Египетке жиберилген жазалардан алда канча коркунучтуу болот. Бул коркунучтуу жазаларды элчи Иоанн мындай деп сүрөттөйт: “...Айбандын белгйси барлар, жана анын түрүнө табынган адамдарда, жаман жана жийиркенээрлик ириндүү жаралар пайда бөлдү”. “Деңиз өлүктүн канындай бoлyп, деңиздеги бардык жандуу нерселер өлдү”. “Дарыялар, жана суу башаттары канга айланды”. Бул жазалар жаман болгону менен, Кудай Өз өкүмүндө адилеттүү. Кудайдын Периштеси мындай деп айтты: “Алар касиеттүүлөрдүн жана пайгамбарлардын канын төккөнү үчүн, Сен аларга ичүүгө кан бердиң: алар ошого татыктуу... Ооба, Кудуреттүү Кудай Теңир, Сенин чечимдериң чын жана адил!” (Аян. 16:2-7). Кудайдын элин өлүмгө ыйгаруу менен, алар ал канга айыптуу бoлyп калышты. Ушундайча, Ыйса Машаяк дагы, Өз кезегинде иудейлерди айыптаган, жана алардын Авелдин канынан тартып, бардык ыйыктардын канына айыптуу болгон рухтун жетегинде бoлyп жатышкандыгын билдирген, алар дагы пайгамбарларды өлтүрүүчүлөрдөй иш аракет жасашкан.УК 561.1

    Андан кийин боло турган апаатта, “адамдарды от менен куйкалап жок кылуу” (8-аят), күнгө буйрулду. Ошол үрөйдү учурган мезгилдеги адамдардын абалын, пайгамбар мындайча сүрөттөйт: “Талаа такырланды, анткени аштык дандары жок бoлдy... жер катып кайгырып калды. Жүзүм сабактары куурап, анжир дарактары соолуду: анар, курма, алма бактары - бүт дарактар талаада какшып калды: ошондуктан адамзаат балдарынын шаттыгы өчтү... Мал онтоп, өгүздөр муңканып жүрөт, жандыктар дагы алсырап бүттү, анткени аларга жайыт жок”. “Ал күнү ордодогу ыры муң-зарга айланат, дейт Кудай Теңир; өлүктөр жер жайнайт, аларды унчукпай эле ар кайсыл жерге ыргытып салышат” (Иоил. 1:10-12, 17-20; Амос. 8:3).УК 561.2

    Бирок бул апаат бардыгын кыйратпайт, антпесе, жер тургундарынын бири дагы калмак эмес. Өлө турган адамдарды күтүп турган, бул эң эле оор жазалардын бири. Дүйнөнүн акырында боло турган жазалардан, башкаларынын бардыгы, Кудайдын ырайымы менен коштолуп турган. Машаяктын Каны, күнөөкөрдүн толук жаза албашы үчүн, Кудайдан алардын өмүрү үчүн өтүнүп турган, бирок, акыркы жазаларда, Кудайдын каары, эч кандай ырайым кошулбастан, адамдардын башына келет.УК 562.1

    Ошол күнү, көпчүлүк адамдар, көп мезгил баш тартып жүргөн, Кудайдын ырайымынан коргонуч алууну каалашат. “Мына, Мен жер үстүнө ачарчылык каптата турган мезгил келе жатат, дейт Кудай Тенир, ал ачарчылык нандын кааттыгынан, суунун тартыштыгынан эмес, Теңирдин Сөзүнөн өксүгөндүктөн болот. Анан деңизден-деңизге чейин кыдырышып, түндүктөн чыгышка чейин сандалышып, Теңирдин Сөзүн издешип, жер кезип, бирок Аны табышпайт” (Амос. 8:11,12).УК 562.2

    Бул кыйынчылыктардан, Кудай эли дагы качыша албайт, бирок, куугунтуктарды жана кысымчылыктарды баштарынан өткөрүшкөндүктөн, алар өлүм босогосунда калтырылбайт. Илия пайгамбардын камын көргөн Кудай, бир дагы өзүнүн жанын аябаган ыйык уулдарынын жанынан, кыя өтүп кетип калбайт. Алардын башындагы ар бир тал чачын санап Койгондун Өзү, , алардын камын көрүп турат; жана ачарчылык мезгилинде дагы, алар тоюнушат. Адилетсиз адамдар жаралардан жана ачкачылыктан өлүм алдында жатышканда, ыйык периштелер адилеттүүлөрдү коргочолоп, жана алардын муктаждыктары үчүн кам көрүшөт. Чындыкта жүргөн адамдарга мындай убада берилген: “Ага нан берилет, жана анын суусу түгөнбөйт”. “Жакырлар менен кайырчылар суу издеп жүрүшөт, бирок суу жок; алардын тилдери суусагандан күрмөөгө келбейт: Мен, Теңир, алардын зарлаган үнүн угуп турам. Мен, Израилдин Кудайы, аларды калтырбайм” (Ис. 33:16; 41:17).УК 562.3

    “Анжирлер бүр ачып гүлдөбөй, жүзүм сабактары түшүм бербей, зайтун дарактары өспөй калса, эгин талаада аштык чыкпай калса да, короодо майда мал жок бoлyп, кашаада бодо мал калбаса да - мен ошондо да Теңиримди эстеп кубанам жана Куткаруучу Кудайымды ойлоп шаттанам” (Авв. 3:17,18).УК 562.4

    “Теңир - сенин Сактоочуң; Теңир - сенин оң жагыңдагы көлөкөң. Күндүз сени күн куйкалабайт да, түнкүсүн ай коркутпайт. Теңир сени ар жамандыктан сактап турат”. “Ал сени аңчынын торунан жана айыкпас дарттан куткарат. Ал канаты менен калкалайт, Анын канатынын астында камсыз, коопсуз болосуң; Анын акыйкаты калкан жана кoргoн. Түнкү коркунучтан, жана күндүзгү учкан жебелерден сестенбейсиң, караңгыда каптаган дарттан, чак түштө тараган жугуштуу, ойрон кылуучу оорудан коркпойсуң. Жаныңа миңи, жан-жагыңа он миңи түшсө да, сага жетпейт. Ыймансыздардын сазайынын тартканын өз көзүң менен көрүп турасың; анткени сен мындай дегенсиң: “Менин үмүтүм - Теңир”; Эң Жогоркуну өзүндүн баш калкалаар жайың кылып алгансың. Сага эч кандай жамандык болбойт да, жаман оору үйүңө жолобойт” (Забур. 120:5-7; 90:3-10).УК 563.1

    Адамдардын көз карашы боюнча, Кудайдын уулдары жакында, өз күбөлүктөрүн каны менен бекемдеши керек, анткени баштагы ишенимдин каармандары дагы ушундай кылышкан. Алар өздөрү дагы, Теңир аларды душмандардын колуна салып берип койгон сыяктуу сезишет. Бул өтө катуу көңүл калуу мезгили болот. Алар күн да, түн да, куткарылуу сурап, Кудайга кайрылышат. Муну көргөн мыйзамсыз адамдар, мыскылдашып жана кубанычтуу мындай деп кыйкырышат: “Эми силердин ишенимиңер кана? Эгерде силер чын эле Анын эли боло турган болсоңор, эмнеге, Ал силерди куткарып албайт” Бирок Машаяктын Келишин күтүп жаткан адамдар, Голгофадагы Ыйса Машаякты шылдыңдап, мыскылдашкан дин кызматчылардын сөздөрүн эстешет: “Башкаларды куткарган, эми Өзүн куткарып көрсүн! Эгерде Ал, Израилдин Падышасы боло турган болсо, анда айкашкан жыгачтан түшүп кетсин, биз Ага ишенип калалык” (Мф. 27:42). Жакып сыяктуу, азап тарткан алар, Кудай менен күрөшүшөт. Жана алардын жүзүнөн, ички дүйнөнүн күрөшү көрүнүп тyрду. Бардыгынын жүздөрү кумсарган. Бирок алар, чын ниетинен сыйынуусун уланта беришет.УК 563.2

    Эгерде адамдар, руханий көздүү боло турган болсо, Машаяктын чыда деген Сөздөрүн сактаган адамдардын айланасында, күчтүү периштелердин курчап тургандыгын көрүшмөк. Жана аларга боору ооруп, жумшак мамиле кылуу менен, периштелер алардын сыйынганын угуп турушат. Аларды коркунучтан куткаргыла деген, өз Башкаруучусунун Сөзүн, алар чыдамсыздык менен күтөт. Бирок кичине убакыт дагы күтө туруш керек. Кудайдын эли берилген чөйчөктү ичишип жана Кудайдын алдында чөмүлүү расымын өтүүсү зарыл. Жана ушул убакыттын созулушу, жана кыйналуу, алар үчүн сыйынуунун жообу бoлyп саналат. Теңир Өзү аракет жасаганча чыдамдуулук көргөзүү менен, алар ишеним, үмүт жана чыдамкайлык көргөзүүгө үйрөнүп жатышат, анткени аларга, руханий өмүрдө, бул сапаттар көп ирээт жетишкен эмес. “Кудай, Ага күнү-түнү жалынып ыйлагандарды, Өзү тандап алгандарды, көпкө күттүрсө да, жактап-коргоп албайт бекен?.. Силерге айтаарым, Ал тез эле келип, аларды коргойт” (Лк. 18:7,8). Адамдар күтүп жаткандагыдан, акыркы мезгил бат эле келет. Буудайлар Кудайдын кампасына киргизилип, ал эми отоо чөптөр, өрттөлүш үчүн чогултулат.УК 563.3

    Өз милдеттерине ишенимдүү болгон, Асман сакчылары, сергектигин улантууда. Кудайдын Мыйзамдарын сактаган адамдарды, качан өлүмгө бериш керектиги жөнүндөгү мезгил белгиленип калса дагы, алардын душмандары бул мезгилди жакындатууну каалашат. Бирок, күчтүү сакчыларды аралап, ишенимдүү адамдарга, эч ким кол сала албайт. Шаар жерлеринен айылдуу жерлерге качышканда, кээ бирлери кол салууларга кабылышат, бирок, аларга каршы көтөрүлгөн кылычтар, куурай сыяктуу сынып талкаланат. Башкалары болсо, периштелер аркылуу, жоокер кебинде коргоочого алынышат.УК 564.1

    Өз элин куткарганда, Кудай ар бир кылымдардын бардыгында, Өзүнүн ыйык периштелери аркылуу аракеттенип келген. Адамдардын өмүрүндө, Асмандагы периштелер тынымсыз катышып келишкен. Алар чагылгандай бoлyп жаркыраган кийим кийинишип, көрүнүшкөн; кээде жөнөкөй жолоочу катары гана келишкен. Жана Кудайдын адамдарына, кадимки адамдардай бoлyп келип турушту. Алар жолдон чаалыккан адам сыяктуу, күндүн аптабында дарактардын алдында көлөкөлөшкөн, жана адамдардын меймандостугун кабыл алышкан. Кечинде жол таппай темселеген адамдарга, алар жол көргөзүп келишкен. Жана алар өз колдору менен, курмандыктын отун жагып тутандырышкан. Алар зындандардын эшиктерин ачышып, жана Кудайдын кызматчыларын ал жерден бошотушкан. Куткаруучунун мүрзөсүнүн оозунан ташты алып салуу үчүн, алар Асмандан жаркыраган кийими менен келишкен.УК 564.2

    Адам кебетесинде, алар адилеттүү адамдардын жыйындарында дагы катышат, жана Содомго, анын тyргундарынын иштерин жазып, алардын Кудайдын чыдамдуулугуна маани бербеген мыйзамсыз иштерине өкүм жүргүзүү үчүн, келген сыяктуу, адилетсиз адамдардын жыйындарында дагы болот. Теңир ырайым кылганды жакшы көрөт, жана Ага ишенимдүү болгон аз адамдар үчүн, өкүмүн токтотуп, көпчүлүк адамдардын тынчтыгын узартат. Ким Кудайга каршы көтөрүлгөн болсо, өздөрүнүн өмүрүндө, күлүп, шылдыңдаган Кудайга ишенген адамдарга, көп милдеттүү экендигин билиши керек.УК 564.3

    Дүйнөнүн башчылары өздөрү сезбегени менен, алардын жыйын-дарында, периштелер адам кебинде көп oлтyрyп катышат. Адамдар алардын сөздөрүн угуп, аларды карашат, жана кээ бир айткан жакшы нерселерин шылдың кылып күлкүгө алат. Жолугушуу залында жана сот жүрө турган жерлерде, бул Асман жарчылары, адам тарыхындагы эң терең сабактарды берет. Жана кайгы таркандарды, эң эле жакшы адвокаттарга караганда, жакшы жактап чыгышат. Алар, Кудайдын ишине жолтоо боло турган, жана Анын элине кайгы алып келген, зуулум пландарды талкалап, жаман иштерди токтотот. Коркунуч жана кайгы саатында “Кудайдын Периштеси, Теңирден корккондорду коргойт да, куткарат” (Забур. 33:8).УК 564.4

    Кудайдын эли, үмүт менен өздөрүнүн Падышасынын Келишинин, күтүп жатат. Качан сакчылардан: “Түн мезгилине канча бoлдy?”, деп сураса, алар солкулдабастан мындай деп жооп беришет: “Таң сүрүп келе жатат, бирок али түн” (Ис. 21:11,12). Жарык, бийик тоонун чокусунда, булуттарды жарып чыгат. Жакында Анын даңкы пайда болот, жана Адилеттиктин Күпү жаркырап тиет. Таң -адилеттүүлөрдүн түбөлүктүү күнүнүн башталышы - жана караңгы - адилетсиздердин түбөлүктүү жа-кындап калган түнү. Качан, Кудайдын уулдары, сыйынууда Кудай менен күрөш жүргүзө турган болсо, алардан көрүнбөгөн нерселерди жаап тyрган көшөгө ачыла баштайт. Асман, түбөлүктүү күндүн таңы менен жаркырайт, жана алар, периштелердин жалпы ырдаган үнүндөй үн угушат: “Эмнеңер бар болсо, ошого бекем кармангыла. Жардамчы жакындап калды”. Машаяк - Кудуреттүү Жеңүүчү - Өзүнүн чаалыккан жоокерлерине таажы даярдап койгон, жана ачык турган дарбазадан, алар Анын Yнүн угушат: “Мына, Мен силер менен бирге болом. Коркпогула. Maгa силердин бардык кайгыңар маалым. Мен силердин кайгыңарды көтөргөм. Силер, Мен кармашкан душмандар менен күрөшүп жатасыңар. Жана Мен силер үчүн күрөшүп жатам, жана Менин Ысымымдын Атынан, силер жеңүүчүлөрдөн дагы жогору аталасыңар”УК 565.1

    Кымбаттуу Куткаруучу, бизге керектүү саатта, жардам га Келет. Асманга алып баруучу жол, Анын таманы менен жарык болгон. Биздин денелерибизди тытып жаткан тикенектер, Аны дагы жаралаган. Биздин ар бирибиз көтөрүп өтүү үчүн берилген айкаш жыгачты, ириде Ал биринчи алып өткөн. Адамдарды Асман тычтыгына алып баpyy үчүн, Теңир кагылышуулардын болуусуна жол берет. Кайгы мезгили - Кудай эли үчүн боло турган коркунучтуу сынак, бирок бул мез гилде, ар бир чын жүрөктөн ишенген адам, аны курчап турган убаданын көк желесин көрүшү үчүн, Асманга көз чаптыруусу керек.УК 565.2

    “Жана Теңирдин куткаргандары кайрылып, Сионго ыр менен келишет, алардын башында түбөлүк шаттык; алар шаттык менен шайырлык табат; кайгы менен күрсүнүү дегендер алыстап кетет. Мен, силердин жубатуучуңар Мен Өзүм. Өлө турган кишиден корккон кимсиң сен? Чөптөн айырмасы жок, адам баласынан чоочуган кимсиң? Жана Асманды жайган жана жерди негиздеген, өзүндү Жараткан Тенирди сен эсиңден чыгардыңбы? Тынымсыз ар күнү эзүүнүн каарынан, ал жок кылууга даяр окшойт деп, үрөйүң учуп турат. Бирок эзүүчүнүн каары кайда экен? Жакында туткун азат болот, үңкүрдө өлбөйт, нандан өксүү болбойт. Деңизди толкуткан, толкундарды дуулдап оргуткан Мен, Теңир, сенин Кудайың; Анын Ысмы - Ааламдын Теңири. Жана Менин Сөздөрүмдү Мен сенин оозуңа салам, жана Менин Колумдун көлөкөсү менен сени жабам, ошондо Мен Асманды жаратам, жерди негиздеп, Сионго: “сен Менин элимсиң!”деп айтам” (Ис. 51:11-16).УК 565.3

    “Демек сен, шараптан эмес, башкадан маc болгон азап чегүүчү, муну угуп тyр. Теңир, сенин Кудайың, Өз эли үчүн өч алып жаткан сенин Теңирин мындай дейт: Мына, Мен сенин колуңан маc кылуучу чөйчөктү, Менин каарымдын ачыткысы чыланган чөйчөктү алам: сен эми мындан ичпейсиң. Бул чөйчөктү сени кыйнагандардын колуна берем, алар сага: “сенин үстүңөн тепсеш үчүн, астыма жыгыл” деп айтышкан. Жана сен тепсегендерге өз жолуңду жер кылып, көчө кылып бергенсиң” (Ис. 51:21-23).УК 566.1

    Кудайдын кылымдарды жарып өткөн көрөгөчтүгү, жердик бийликтер Анын элине каршы чыга тyргандыгын көргөн. Жалгыз жарым куугунтукталган адам сыяктанып, алар ачтан жана кыйналуудан жапа чегүүдөн коркушат. Бирок, Израил элинин алдында Кара деңизди жарып берген Теңир Өзү, аларды дагы бошотуу үчүн, Өз Күчүн көргөзөт. “Жана алар Меники болот, дейт Аа-ламдын Теңири, Мен жасаган күнү алар Менин менчигим болот, адам элпек уулуна ырайым кылгандай, Мен дагы аларга ырайым кылам” (Мал. 3:17). Эгерде ошол кезде, Машаяктын ишенимдүү күбөлөрүнүн каны төгүлө турган болсо, анда Кудайдын түшүмүн алып келүүчү үрөөн боло алышмак эмес. Алардын ишенимдүүлүгү, башкаларды чындыкка чыгаруу үчүн күбөлүк болбой, ырайымдын толкундары карайган жүрөктөргө урунуп, кайра кайтып келмек эмес. Эгерде азыр, адилеттүүлөр өз душмандарынын олжосу боло турган болсо, бул караңгынын мырзасын чоң кубанычка салмак. Забур Китебинде мындай деп жазылат: “Анткени Ал, менин башыма күн түшкөндө, Өзүнүн ак ордосуна калкалап калаар эле, Өз айылынын далдаасына жашырып, мени аскага чыгарып жиберчү” (Забур. 26:5). Машаяк мындай дейт: “Менин элим баргыла, каар тараганча, өз жатаканаңа кирип, артыцан эшигиңди кулпулап, бир аз убакытка далдааланып жат. Анткени мына, Теңир Өз Турагынан чыгып, жерде жашагандарды өз мыйзамсыздыгы үчүн, жазалоого Келе жатат(Ис. 26:20,21). Кимдин ысымы өмүр китебинде жазылса, ким Анын Келишин күткөн болсо, алардын куткарылуусу даңктуу болот.УК 566.2

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents