Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    31 Бап— Жаман Рухтардын Кытмыр Изденyyлөрy

    Көрүнгөн дүйнө менен, көрүнбөгөн дүйнөнүн ортосундагы бoлyп жаткан байланыш, Кудайдын периштелеринин кызматы менен жаман рухтардын кытмыр изденүүлөрү - адамзаат тарыхынан ажырагыс бул көрүнүштөр жөнүндө, Ыйык Жазуу ачык айкын айтып түшүндүрүп берет. Азыркы кездеги адамдар, “куткарылууну мураска алуучуларга кызмат кылган” (Евр. 1:14) ыйык периштелерге жаман рухтардын бар экендигине көп ишене беришпейт, жана өлгөн адамдарды рухтар катары кабыл алышат.УК 460.1

    Периштелер адамдын жаралышынан мурда эле, бар болушкан - качан жердин негизи курулуп жатканда, “бардык Кудайдын уулдары кубанычтуу үн берип, таңкы жылдыздар жалпы кубаттап турган” (Аюб. 38:7). Адам күнөөгө баткандан кийин, али бир дагы адам өлө элек болсо дагы, периштелерди бейиш багын кайтарып туруу үчүн, Кудай жиберген. Периштелер өз жаратылышында, адамдардан күчтүү, Забурда, адам периштелерден кийинки бoлyп жаралгандыгы айтылат (Забур. 8:6).УК 460.2

    Ыйык Жазуудан биз, Асман пе-риштелеринин санын, күчүн жана даңкын, жана Теңирдин Башкаруучулугунда, куткарылуу ишинде алардын ээлеген ордун биле алабыз. “Теңир Өз Тактысын Асманга орнотту, жана Анын Падышалыгы бардыгына бийлик кылат” (Забур. 102:19). Жана пайгамбар мындай деп айтат: “Мен.. Тактынын айланасында көптөгөн Периштелердин үндөрүн уктум” (Аян. 5:11). Алар, падышалардын Падышасынын кабыл алуу бөлүмүндө күтүп турушат - “Анын Сөзүн аткара турган күчкубаттуу Теңирдин периштелери, Анын Yнүн кунт коюп тил алып... Анын буйругун аткаруучулар, Анын кызматчылары” (Забур. 102:20,21). Даниил пайгамбар миңдеген, он миңдеген периштелерди көргөн. Элчи Павел болсо “түмөндөгөн периштелер” (Дан. 7:10; Евр. 12:22), деп айтат. Кудайдын тапшырмасын аткаруу менен, периштелер чагылган сыяктуу учушуп жүрүшөт (Иез. 1:14). Алар кандай кереметтүү, жана алардын кыймылы кандай ылдам! Куткаруучунун мүрзөсүндө пайда болгон периште “чагылгындай жарык, жана кийими кардай аппак” эле; анын өңү кайтарып турган сакчылардын үрөйүн учуруп, жана алар “өлүк сыяктуу кулашкан” (Мф. 28:3,4). Качан текебер ассириялык Сеннахирим, Израилди кыргынга салам деп, Кудайга акаарат келтиргенде, “ошол түнү: Теңирдин Периштеси барып, ассириялыктардын коошунунда жүз сексен беш миң адамды мерт кылган”. “Ал бардык эрдемсингендерди, башкы аскербашчыны жана аскербашчыларды кырып салды”. “Жана ал шылдың бoлyп өз жерине кайтып келди” (4Пад. 19:35; 2Тар. 32:21).УК 460.3

    Периштелер Кудай уулдарына ырайымдуулук кызматын өтөө үчүн жиберилет. Ошондой эле Ыбрайым пайгамбарга дагы убадаланган ал-кыштоо кабарлаган; өлүмгө кабыла турган Содомдун дарбаза алдына, алар Лотту үрөйдү учура турган өлүмдөн куткарып калуу үчүн, келишкен. Илия пайгамбар, ачтан өлүм алдында жатканда көрүнгөн; Элисей пайгамбарга, качан аны душмандар курчап алышканда, оттуу арабалар менен периштелер коргочолоо үчүн кызмат кылышкан; Даниил пайгамбарга, качан ал бутпарас падышасынын алдында даанышмандык сураганда, жана арстандардын аңгегине ыргытылып ташталганда жиберилген; элчи Петрга, Ироддун зынданында өлүм жазасын күтүп жаткан мезгилде, ал эми Павелге жана Силага - Филиппада периште көрүнгөн. Элчи Павел жана анын сапарлаштарына караңгыда толкун болгон кезде, аман калууларына жардам берди, ал эми Корнилийдин Жакшы Кабарга карата болгон көзүн ачкан, жана Петрди кабар менен бyтпараска багыттаган. Мына ушундайча Кудайдын ыйык периштелери, ардайым Кудай элине кызмат кылып келишкен.УК 461.1

    Ар бир Машаякка чын жүрөктөн ишенген адамга калкалоочу периште коюлган. Бул Асмандык сакчылар, адилеттүүлөрдү шайтандын тузактарынан сактап турат. Жана шайтан дагы муну моюнуна алып, мындай деп айтат: “Аюб бекеринен Кудайдан коркуп жатыптырбы? Аны, уй-жайын да, чарбагын да, бардыгын коргогон Сен эмеспи?” (Аюб. 1:9,10). Забүр Китебинде, Теңир Өз элин кандайча коргоп тургандыгы айтылган: “Теңирдин Периштеси Кудайдан корккондорду коргойт дагы куткарат” (Забур. 33:8). Куткаруучу, Ага ишенгендер жөнүндө мындайча кам көрө тyргандыгын айткан: “Бул кичинелердин бирөөсүн дагы жек көрбөгүлө; анткени силерге айтаарым: алардын периштелери Асманда, Менин Асмандагы Атамдын Жүзүн ардайым көрүп турушат” (Мф. 18:10). Кудай уулдарына кызмат кылууга арналган периштелер, Асмандагы Атага ар-дайым барып турууга мүмкүнчүлүк алып турушат.УК 461.2

    Караңгылыктын мырзасынын бардык кытмыр азгыруулары жана сансыз көп жамандыкты изденүүлөрү, бардык жамандык Кудай элине сокку бoлyп урулуп турат, бирок аларга таалыкпаган Асман периштелеринин сакчылыгы тапшырылган. Ишенген адамдар чындыгында эле ушул сакчыларга муктаж. Кудай Өз уулдарына ырайым жана коргонуч тартуу кылып берген, анткени Ага, кандай күчтүү жамандыктын күчтөрү менен алардын күрөшүп жаткандыгы белгилүү - булар көп сандаган, чечкиндүү жана таалыкпаган, жана алардын күчүн барк албай тургандай болбогон, коркунучтуу күчтөр.УК 461.3

    Башталышында, жаман рухтар өз жаратылышында, күчүндө жана даңкында, азыркы Кудайдын элчилерине тенделишкен, күнөөсүз болушкан. Бирок алар күнөөгө баткандан кийин, адамдарды жок кылуу жана Кудайдын баркын кетирүү максатында биригишкен. Шайтанды жана анын козголоңун колдошуп, алар шайтан менен бирдикте Асмандан куулуп чыгарылышты. Жана калган кылымдар аралыгында, Кудайдын Бийлигине каршы күрөш жүргүзүп келишет. Ыйык Жазуу бизге алардын кытмыр иштери, жана күчү, айлакерлиги жана адамдарды тынчтыктан жана бакыттан ажыратуу үчүн аракеттенип жатышкандыгы жөнүндөгү кабарды жарыялайт.УК 462.1

    Байыркы Осуятта, алардьш болгондугу жөнүндө чанда гана эске салынган, ал эми Машаяктын жердеги кызматы башталган мезгилде, жаман рухтар өз күчүн жана бийлигин көбүрөөк көргөзө башташты. Машаяк жер үстүнө, адамдарды куткаруу үчүн алдын ала белгиленген планын аткаруу үчүн Келген, жана шайтан бул дүйнөдө ээлеген ордун бербей коюга чечим кабыл алды. Ал, Палестина жеринен башка жердин бардыгына, буттарга табынуучулук киргизүүгө үлгүрдү. Жана Машаяк жер үстүндөгү, шайтандын таасири толук камтый элек жерге келип, бул элди Асмандык Жарык менен жаркыратууга Келген. Мына ушул жерде, эки карама-каршы күч бирибири менен кагылышкан. Ыйса Өз Колун сүйүү менен сунуп, бардыгы келишип Андан тынчтык жана кечирим алуусу үчүн чакырган. Жамандыктын күчтөрү, Машаяктын аткара турган иши ийгиликке жетише тyрган болсо, алардын башкаруучулугунун акыры бат эле келе тургандыгын түшүнүшкөн. Шайтан болсо кишенге байланып турган арстан сыяктуу каарданып, өзүнүн адамдардын денесинин жана ички дүйнөсүнүн үстүнөн бийлиги бар экендигин, кескин түрдө көргөзө баштаган.УК 462.2

    Жаңы Осуятта, жин даарыган адамдар көп кездешкендиги жөнүндө ачык жазылат. Жана алар бир гана денесинен азап чегишкен эмес. Машаяк ким менен иш жүргүзүп жаткандыгын жакшы билген. Ал, жаман рухтардын катышуусун жана алардын иштерин ардайым көрүп турган.УК 462.3

    Ыйык Жазуудан биз көп сандаган жаман рухтардын каардуу күчтөрүн, жана Машаяктын Кудуреттүүлүгүн жана ырайымдуулугун көрө алабыз. Гергесия жергесиндеги жин даарыган адамдарды айыктыруу, бул дагы ошол окуялардын бири болуп саналат. Бул бактысыз жин даарыган адамдар, кандай чынжыр болсо дагы жулушуп, ооздорунан көбүк агып, айлананы өз өкүрүктөрү менен жаңыртышып, өз денелерин жаракаттандырышып, аларга жакындаган адамдардын өмүрүн коркунучка салышкан. Алардын кан агып жараланган денелери, акылдан адашкан аң-сезимдери, караңгынын мырзасынын күлүп жаткандыгын билдирип турду. Жин даарыган адамдардын бири мындай деп айтат: “Менин ысымым легион (сансыз көп), анткени биз көппүз”Мк. 5:9). Рим аскеринде легиондо, үч минден беш миңге чейин адамдар болушкан. Шайтандын аскери дагы ар кандай бөлүктөргө бөлүнгөн, жана бул адамдагы жиндер легиондон аз эмес болуучу.УК 462.4

    Ыйсанын буйругуна баш ийүү менен, жаман жиндер өз курмандыгын калтырышкан, жана акылга келип, тынчтыкта бул адамдар Куткаруучунун бyт алдында отурушту. Бирок, чочколордун ичине кирүүгө уруксат берген жиндер, чочколорду деңиздин түбүнө чөгөрүп жиберишти. Гергесия жеринин тургундары үчүн бул жоготуу ушунчалык жогору болгондуктан, алар Машаяктын алкышын алуудан баш тартышкан, жана Кудайдан келген Даарыгер, бул жерди таштап кетүүгө аргасыз бoлдy. Шайтандын умтулган максаты ушул болуучу. Ыйсаны үйүрдү өлтүргөн катары айыптап, адамдарда өзүмчүлдүк коркунучун туудурду, жана алар Кудайдан келген Окутуучуну угуудан баш тартышты. Шайтан ардайым жоготууларда, кайгыларда, өзүн жана өзүнүн жолдоочуларын айыптагандын ордуна, Машаякка ишенген адамдарды айыптайт. Ал ар качан ооруган баштан айыпты, оорубаганына одарып турат.УК 463.1

    Бирок Машаяктын планы бузулуп калган жок. Ал жаман жиндерге чочколордун үйүрүн жок кылуугажол берди, жана ошону менен киреше үчүн ушул таза эмес жаныбарларды бактырышкан Иудейлердин айыбын ачты. Эгерде Машаяк жиндерди токтотуп калбаганда, алар деңизге чочколорду эле эмес, бирок алардын кайтаруучуларын дагы чөгөрүп ташташмак. Бир гана Машаяктын ырайымы жана боорукердиги аркасында, алар тирүү калышкан. Андан тышкаары бул окуя, шакирттердин, шайтан бир гана адамдарга эмес башка жаныбарларга дагы катаалдык каалап тургандыгын, өз көздөрү менен көрүүсү үчүн болгон. Алар кездеше турган душмандын ким экендигин шакирттери жакшы түшүнүүсүн каалап, анын кытмыр алдоолоруна, азгырыктарына жеңилбеши үчүн, Машаяк кам көргөн. Дагы ошол жердин тyргундарына, Ал туткундагыларды бошотуп, шайтандын кишендерин талкалай ала тургандыгын билдирди. Ыйсага бул жерди таштап кетүүго туура келсе дагы, Ал аркылуу куткарылган адамдар калышып, өздөрүнүн өмүр Берүүчүсү жөнүндө күбөлөндүрүшкөн.УК 463.2

    Ыйык Жазууда ушул сыяктуу башка үлгүлөр дагы калтырылган. Сирофиникиялыктын кызынан Ыйса жаман жинди кууп чыгарат (Мк. 7:26-30). “Бир киши, сокур жана дулөй жин менен даарылган” (Мф. 12:22), бул адам дудук жин менен даарылган, жана ал аны бир канча жолу “өлтүрүү үчүн, отко жана сууга таштаган (Мк. 9:17-27); “жаман жин” кыйнаган, жин даарыган адам, Капернаумдагы ишемби күнкү кылынып жаткан кызматты бузат (Лк. 4:33-36), - ушул бардык азап чеккендер Куткаруучу аркылуу айыктырылган. Бардыгында Машаяк жиндерге акылы бар жандууларга кайрылгандай кайрылган, жана алардын курмандыгын калтырышып, аларды башка кыйнабашына буйрук берген. Качан Капернаумдагы сыйынып жаткандар, Машаяктын Кудуретин көрүшкөндө, таң; калышып, мындай дешкен: “Бул эмне деген, Ал кубаттуу бийлик менен жаман жиндерге буйрук берип, алар чыгып кетишет?” (Лк. 4:36).УК 464.1

    Жин даарып калган адамдар өтө запкы жеп кыйналышкан, бирок кээ бирлери мындайды сезишкен дагы эмес. Жогорку күчкө ээ бoлyy максатын, башкалары өздөрүн, өз эрки боюнча шайтандын бийлигине тапшырышкан. Албетте мындай адамдар жиндер менен касташкан эмес. Мындай адамдардын катарына көзү ачык Симон аттуу сыйкырчы, Елима сыйкырчы жана анын кызматчысы кирген, ал элчи Павел менен Силанын артынан Филиппияда эрчип алган.УК 464.2

    Жаман рухтардын таасири, Жазуунун күбөлөндүрүүлөрүнө жана айтууларына карабастан, шайтан жана анын шабырлары жок деп баш тартышкан адамдар үчүн, олуттуу коркунуч туудурат. Биз алардын куулугунун жана каарынын алдында турганыбызда, алар биздин үстүбүздөн артыкчылыкка ээ болушат; көпчүлүк адамдар алардын кеңеши жана сунуштары менен иш жасашат, жана өз акылыбыз менен жетеленип жатабыз деп ойлошот. Эми шайтан бoлyп көрбөгөндөй күч колдонуп аракеттене турган күндөр дагы келе жатат, жана кайсыл гана жерде болбосун ал, өзүнүн бар экен-дигине ишенбестик туудурууда. Шайтандын куулугу мына ушунда, анткени ал, жашыруун жана билинбестен иш жасоого аракеттенет.УК 464.3

    Улуу жалганчы, өзүнүн айлакердигинин ачылып калышынан башка, эч нерседен коркпойт. Өзүнүн чыныгы oй-максатын жана мүнөзүн жакшылап жашырыш үчүн, адамдар шылдың кыла турган абалда көрүнүүсүнө аракеттенет. Качан анын кебетесин келиштирип, күлкүлүү кылып, жарымы адам, жарымы жаныбар түскө келтирип тарткандар ага жагат. Качан билимдүү адамдар аны күлкү келтирээрлик жана мыскылдуу түрдө, баяндагандары, ага жагымдуу.УК 464.4

    Жана ал өзүнүн чеберлиги менен өзүнүн чыныгы жаратылышын жаап-жашыргандыктан, бардык жерде бирдей гана суроо берилип келет: “Ал эмне чын эле барбы?” Диний дүйнө, Кудай Сөзүндөгү ачык айкын күбөлөндүрүүлөрдү, карама-каршы түшүнүгүндө кабыл алышкан, - бул дагы анын иштеринин ийгилиги экендиги жөнүндө айтып турат. Жана шайтан ушундай жол менен гана адамдарды багындырып өзүнө каратып келет, алар анын таасирин дагы байкашпайт, Ыйык Жазууда, анын жашыруун күчтөрүн ачып көргөзгөн, жана анын соккуларына каршы туруубуз үчүн, көп сандаган анын жаман иштери жазылып калтырылган.УК 464.5

    Эгерде биз, биздин Куткаруучубуздун Кудуреттүү Күчүн сезип жана туруктуу калкаланаар жай таппаганыбызда, шайтандын жаман ою жана күчү, анын аскери бизге чыныгы толкунданып кабатыр болууларды туудурмак. Биз жаман адамдардан өз буюмдарыбызды сактап калуу үчүн, өз үйлөрүбүздү кулпулап бекитебиз, бирок, биздин жүрөгүбүзге кире турган жай издеп жүргөн жаман жиндер жөнүндө көп ойлоно бербейбиз, алардан биз өз күчүбүз менен кутула албайбыз. Эгерде аларга уруксаат бериле тyрган болсо, анда алар биздин акылыбызды айран кылышмак, денебизди таарымак, биздин мүлкүбүздү жана өмүрүбүздү талкалап тынышмак. Кайгы жана талкалануулар аларга чыныгы кубаныч алып келет. Ким Кудайдын алдын ала айткандарына каршы туруп, жана шайтандын азгырыгына жол берген болсо, алардын абалынын кыйындыгы кандай чоң, бирок Кудай аларды азырынча жаман рухтардын бийлигине таштап койгон жок. Бирок ким Машаяктын артынан ээрчип жүргөн болсо, ар-дайым анын коргоосунда болушат. Аларды сактап туруу үчүн күчтүү Асмандагы периштелер жиберилген. Жана Кудай Өз элин курчап койгон сакчылардан өтүүгө, азгыруучу алсыздык кылат.УК 465.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents