Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    Кириш Сөз

    Бул дүйнө күнөөгө бата электе, Адам өзунун Жаратуучусу менен эркин суйлөшкөн, бирок күнөөнүн кесепети, адамдарды Кудайдан ажыратты, жана бул улуу даражадан аларды бөлдү. Бирок, ошого карабастан, куткаруу планы ачкан жолду басып өтүү менен, жердин тургундары, Асман менен болгон байланышты калыбына келтирсе болот. Кудай адамдар менен Өз Руху аркылуу байланышат, жана Өзү тандап алган кызматчылары аркылуу дүйнөгө Кудайдын аянынын жарыгын төгүп турат. “Себеби пайгамбарчылык эч убакта адам каалаганынан айтылган эмес, бирок Ыйык Рух аракеттенген Кудайдын ыйык адамдары аны айтышкан” (2Петр. 1:21).УК 7.1

    Адамзат тарыхынын биринчи 2500 жылдыгында, жазууда мындай ачылыш болгон эмес. Кудай кимди үйрөтсө, ал, билимди башкаларга билдирип келген, ошентип бул билим атадан балага, муунданмуунга өтүп турган. Сөз жазуу Мусанын убагында башталган. Кудайдын ачылыштары бир Ыйык Китепке бириктирилген. Жаратылыштын тарыхын жана Кудайдын Мыйзамын камтыган, Муса жазып баштаган иш, Жакшы Кабардын анык чындыктарын жазган Жакан, акыр аягына чыкканга чейин, узак он алты жүз жыл аралыкты камтып келген.УК 7.2

    Ыйык Китеп Өзүнүн Автору-Кудай Өзү экенин байандайт. Бирок аны адамдар жазган, жана аркандай ыкмада жазылып, Китептин бөлүктөрүндө жазуучулардын мүнөздөрү байкала калат. Ачылган чындык “Кудайдан шыктанган”, бирок адамдын сазу менен айтылган (2Тим. 3:16 карайбыз). Чексиз Кудай Өз кызматчыларынын аң-сезимин жана жүрөгүн Ыйык Рухтун катышуусу менен агартты. Ал, туштөрдү жана көрүнүштөрдү, символдорду жана келечекке үлгү болуучу нерселерди жиберди, жана кимге бул жол менен чындык ачылып берсе, алар, ойлорун өз сөзү менен билдирген.УК 7.3

    Он Осуятты Кудай Өзү айтып, жана Өз Колу менен жазып калтырган. Бул адамдын эмес, Теңирдин жасаганы. Бирок, Ыйык Жазуудагы Кудайдан берилген чындык, адамдын тили менен жазылгандыктан, Ыйык Китеп, Кудай менен адамдын биргелешкендигин көрсөтүп турат. Бул биримдик, Кудайдын Уулу, жана Адам Уулу болгон, Ыйса Машаяктын дагы табиятында болгон. Ошондуктан, Ыйык Жазуудагы “сөз дене (адам) болду жана арабызда жашап турду” (Жакан 1:14) деген сөз, Ыйсага кандай тиешелүү болсо, Ыйык Жазууга дагы ошондой эле тиешелүү.УК 7.4

    Ээлеген орду менен, иши менен, акыл-эс руханий жөндөмдүүлүгү менен айырмаланган, ар кандай доордо адамдар аркылуу жазылган Ыйык Жазуунун Китептери ыкма жагынан дагы, тематика жагынан дагы, бири бирине такыр окшобойт. Бул Китептерди жазган ар кандай адамдар, өз ойлорун ар кандай чагылдырышат. Биз бир эле чындыктын, бир жазуучуга караганда, башка жазуучу аркылуу даана ачып көрсөтүлгөндүгүнө күбө болобуз. Бир гана киши эмес, бир канча адамдар Ыйык Жазуудагы бул же тигил суроону, ар кандай көз караш менен карап чыгып чагылдыргандыктан, жеңил жонунан билген, билбей туруп эле жаман ойлогон окурман үчүн, бул Китеп карама-каршылыкка жана кайчылаштыкка толтура болуп көрүнүшү ыктымал, ошол эле учурда баамчыл, терең ойчул, таакыба изилдөөчү адам үчүн, бул Китеп өз ара туура ылайыкташтырылгандыгын (гармония) баамдайт.УК 8.1

    Бул чындык жөнүндө ар кандай адамдар жазгандыктан ал өзүнүн ар кылдуулугу менен көрсөтүлүп сунуш кылынган. Ыйык Жазуунун авторунун бири тикеден-тике так өзүно тиешелүү тажрыйбасы жана жөндөмдүүлүгү менен окуяларга баа берген, кээ бир учурларга, абдан көңул бурат. Ыйык Рух менен жетектелген ар ким, өзү эң күчтүү жана терең таасир алгандыгын айтат, ал эми жыйынтыгында биз-бардык жагынан өтө толук, биримдиктүү чындыкты көрөбүз, жана ар бир адам, ар кандай шарттарда, жана тумуштук сыноолордо ушул чындыка кайрылып, бардык сыноолоруна жооп ала алат.УК 8.2

    Кудай адамдардын катышы ме-нен чындыкты дүйнөгө тааныткысы келген, жана Ал Өзү бул эмгек үчүн аларга Ыйык Рух аркылуу жөндөмдүүлүктөрдү бөлдү, ошон-дой эле алардын оюн ачыкайкын жолго багыттап, эмне женүндө жазаарын айтып турду. Бул кенч жердин тамырларында сакталып, адамдардын жеткилец эмес тили менен жарыяланса да, ал, Кудай-дын күбөсү боюнча калат, жана ар бир Кудайдын момуну андан Кудайдын кубатын, толук берекесин жана чындыгын көрүп турат.УК 8.3

    Теңир Өз Сөзүндө, адамзатка куткарылуу үчүн эмне керек экендигин, толугу менен баяндаган. Ыйык Жазуу, Анын эркинин беделдүү жана катасыз ачылышы катары, кабыл алынууга тийиш. Аны менен биздин кылык-жооругубуз өлчөнөт, жана ал чындыкка жетектеп, жашообузду так жүргүзүүгө кызмат кылат. “Бардык Ыйык Жазуу Кудайдан шыктанган жана үйрөнүүгө, бетин ачууга, ондоого, адилеттике үйрөтүү үчүн пайдалуу, Кудайдын адамы жеткилең болуп, бардык ишке даяр турсун” (2Тим. 3:16,17).УК 8.4

    Кудай, адамдарга Өз эркин ачып бергендиги анык, алар мындан ары Ыйык Рухка муктаж эмес экендигин, же Анын ар дайым алардын арасында болуп туруусу зарыл деле эмес экенин билдирбейт. Тескерисинче, Рух Анын Сөзүн Өз кулдарына ачып берет, касиеттүү кылып,пикирин тактап, аны турмушта колдонууда жардам берет деп, Куткаруучу убада кылган. Ыйык Жазуунун авторлорун Кудайдын Руху шыктандыргандыктан, Рухтyн үгүт насааттары, Ыйык Сөзгө кайра карты турушу мүнкүн эмес.УК 9.1

    Рух, Ыйык Жазууну Өзү менен алмаштыруу үчүн берилген эмес, анткени Жазууда, Кудайдын Сөзү ар кандай окутуунун жана сезимдин өлчөмү деп, ачык айтылган. Расул Иоанн айткан; “Ар кандай рухка ишенбегиле, бирок рухтарды, алар Кудайдан бекен сынап көргулө, себеби дүйнөгө көп жалган пайгамбарлар пайда болду” (1 Иоанн 4:1). Исаия мындай деп билдирет: “Заң мыйзам менен аянга кайрылгыла. Эгерде алар бул сөздү сүйлөбөсө, анда аларда жарык жок” (Ис.8:20).УК 9.2

    Кудай Сөзүнөн агарып тазаланып калганбыз, эми бизге, Кудай Сөзүн күндө окууга муктаждыгыбыз жок, деп өздөрүн эсептеген адамдар, Ыйык Рухтун аракетин басырынтып тепсешет. Өздөрүнүн терс таасирге берилүүсүн, Кудайдын Үнү катары кабыл алышат. Эмоцияга жана тез таасирленүүгө берилүүнү туура көрүү, жана Ыйык Жазууну тоотпостук ырксыздыкка, катачылыкка, жана жок болууга алып келет. Мындай абалдагы адам, шайтандын арам оюна, жардам көрсөтөт. Машаяктын Ыйык Жыйынынын жашоосу үчүн-Ыйык Рух зарыл болгондуктан, шайтан диндик фанатизм жана чектен чыгуу менен шартталган папа аркылуу, Ыйык Рухту жек көрсөтүп, Кудай Өзү берген кудуреттин булагын барк албасына, мажбур кылууга аракет жасайт.УК 9.3

    Теңирдин Сөзүнө ылайык, Анын Руху, Жакшы Кабар таратуу учурунда, Өз ишин улантууга тийиш. Узакка созулган жүз деген жылдар бою, Байыркы жана Жаны Осуяттын Жазуусу түзүлүп жаткан учрда, Ыйык Рух, ыйык үлгүго кирген аяндардан тышкаары, өзүнчө адамдар ды агартууну дагы токтоткон жок. Ыйык Рух , ушунун баары Ыйык Жазууда жазылып калыш үчүн эле, адамдарды алдын ала эскертип, айыбын ачып, акыл айтып же үгүтнасаат жүргүзбөгөндүгүн, бизге Мукаддас Китеби Өзү айтып турат. Мукаддаста, ар кайсы кылымдарда жашап өтүп, бирок сөздөрү жазылбай калган пайгамбарлар жөнүндө дагы айтылып өткөн. Жазуунун үлгүсү түзүлүүдөгү иш аягына чыкканда да, Ыйык Кудайга ишенгендерди агартуусун, эскертүүсүн жана сооротуусун уланта берди.УК 9.4

    Ыйса Өз шакирттерине: “Атам Менин урматыма жибере турган, Сооротуучу Ыйык Рух, баарын силерге үйрөтөт, жана Мен силерге эмне айтканымдын баарын силердин эсиңерге салат”, “Алиги чындыктын Руху келгенде, силерди баардык чындыкка үйрөтөт... келечекте эмне болоорун силерге жарыялап берет” (Ин. 14:26, 16:13), деп убада кылган. Бул убадалар расулдардын гана убагы менен чектелип калбастан, Машаяктын Жыйынына кылымдар бою таратылаарын, Жазуу бизге ачык айтып турат. Куткаруучу Өзүнүн жактоочуларын: “Мен ар күнү, дүйионүн акырына чейин силер менен болом” (Мф.28:20), деп ишендирип кеткен. Рухтун жөндөмү жана аяны, Ыйык Жайда мурунтадан эле аныкталганы жөнүндө элчи Павел мындай дейт: “касиеттүүлөрдү кызматка жарактуу кылуу үчүн, ошол ар-кылуу Ыйса Машаяктын Денесин бекемдөө үчүн, бардыгыбыз ишенимде бирдикке, жана Кудай Уулун таанып билүүгө, жеткилең Эрге, Машаяк жеткен баралга келгенче, муну кылды” (Еф. 4:12,13).УК 9.5

    Расул Ефестеги ишенгендер үчүн, “биздин Теңир Ыйса Машаяктын Атасы, даңктын Кудайы, Аны таануу үчүн силерге акылмандык, жана аяндын Рухун берсин...; Анын чакыруусунун негизинде үмүтү эмне экендигин, касиеттүүлөр үчүн Анын даңктуу мурасынын байлыгы кандай экендигин, жана бизде, Анын улуу кудиретинин аракети аркылуу ишенгендерде болгон, Анын кубаты канча чексиз экендигин билүү үчүн, жүрөгүңөрдүн көздөрүн жарык кылсын” (Еф 1:17-19), деп сыйынган. Акыл-эсти жаңыртып, Кудай-дын Ыйык Сөзүнүн тереңин ачкан, Кудай Рухунун кызматы, Павелдин Ефес жыйыны үчүн ак-бата тилеп сыйынуусу эле.УК 10.1

    Ыйык Рухтун кереметтүү көрүнүшүнөн кийинки элүүнчү күнү Петр элди тобо кылууга чакырып, Машаяктын урматына күнөөлөрдү калтырыш үчүн сууга чөмүлүүгө үгүттөдү. Петр аларга мындай деп айтты: “Жана Ыйык Рухтун жөндөмдуулугун кабыл аласыңар; Анткени Кудайдын убадасы силердин өзүңөргө, балдарыңарга жана бардык алыстагыларга, биздин Кудай Теңирибиз кимди чакырса, алардын бардыгына таандык” (Ап.иш. 2:38,39).УК 10.2

    Теңирдин Улуу Күнүнө тикедентике байланышы бар окуялардагы Ыйык Рухтун өзгөчө көрүнүшүн, Кудай Иоил пайгамбар аркылуу убада кылган, (Иоил 2:28 карайбыз). Элуунчу күнү бул пайгамбарчылыктын бир азы аткарылган, бирок Жакшы Кабар таратуу иши аяктаар алдында, Кудай ырайымынын кереметтүү көрүнүшүндө, ал толугу менен аткарылат.УК 10.3

    Акыркы учурда, жакшылык менен жамандыктын ортосундагы карама-каршылык эц жогорку чекке жетет. Бардык доорлордо шайтан айыгышкан кыжыры менен, Маша-яктын Жыйынына кол салып келген, ал эми Кудай Өз элин азгыруучуга каршы чыңоо үчүн, Рухун жана берекесин төгүп келген. Машаяктын расулдары дүйнөгө Жакшы Кабарды таратууда, жана өз кезегинде, келээрки кылымдар үчүн аны жазып калтырууда, Ыйык Рухтун өзгечө кучу алардан билинди. Сыйынуучу жай өзүнүн акыркы боштондук күнүнө жакындаган сайын шайтандын айыптоосу күчөйт, “...себеби өзүнүн убагынын аз калганын би-лип, силерге каардуу шайтан түшүп келди!” (Аян 12:12). Ал “бардык күчү, белгилери жана жалган айыптары менен, аракет кылат” (2Фес. 2:9). Качандыр бир кезде Кудайдын Периштелеринин арасында эң жогорку орунду ээлегендин, сейрээк учуроочу жендөмдүүлүгү алты миң жыл бою, айрыкча азгырууга, жана жок кылууга багытталган. Кудайдын эли менен болгон акыркы чечүүчү салгылашууда, шайтан, көптөгөн жүз жылдардын аралыгында иштелип чыккан өзүнүн бүт өнөрүн, эки жүздүүлугүн жана келишпес каарын чакырат. Бул кооптуу учурда Ыйсаны жактоочулар, Теңирдин Экинчи Келиши жөнүндөгү сактык кабарын дүйнөгө таратуу керек болот. Эл-дер Анын алдында “таза жана кемчиликсиз” (2Петр 3:14) даяр болуп турууга тийиш. Биздин күндөрдө сыйынуучу жай Кудай берекесинин өзгөчө шыгына жана күчүнө, расулдардын убагындагысынан дагы ашыгыраак муктаж.УК 10.4

    Бул саптардын авторуна Ыйык Рух аркылуу, жакшылык менен жамандыктын ортосундагы токтобогон карама каршылык, майда-чүйдөсүнө чейин ачылып берилген. Убагы ме-нен, биздин куткарылуубуздун Булагы, өмүр Төрөсу Ыйсанын, жана Кудай Мыйзамын биринчи бузган, күнөө туудурган жамандыктын торосу шайтандын ортосундагы улуу күрөштүн үзүндүсүн байкоого мага мүнкүндүк болгон. Шайтандын Ыйсага болгон кастыгы, Анын жактоочуларын кугунтуктоодо билинет. Өткөндөрдүн бүт тарыхы Кудай Мыйзамынын негизине карата ар убак жек көрүүчүлүк, калпты чындай көрсөтүүгө аракет жасоосу, Кудай Мыйзамын адам мыйзамы менен алмаштыруу, элдерди Жараткандын ордуна макулукка табынып, жана кызмат кылууга мажбурлоо менен белгиленген. Көптөгөн жүз жылдар бою, шайтан соолгус күч - кубаты жана чечкиндүүлүгү менен, Кудайдын кулк-мүнөзүн жалган жарыкка көрсөтүүгө аракет кылган; элге Жараткандын бузулган кейпин берип, жана ушундай жол менен Ага сүйүүнүн ордуна коркунуч, жек көрүүчүлүк сезимин туудуруга аракет кылып келет; Кудай Мыйзамын унутууга түртүп, жана Анын талаптарынан элди бошотууга аракет жасоо менен, ал ээ-жаа бербеген кыжыры менен, анын алдоосуна башынан каршы тургандарды куугунтуктаган. Бул жаман рухту аалымдардын жана пайгамбарлардын, расулдардын, азап чеккендер менен реформаторлордун тарыхынан көрсө болот.УК 11.1

    Улуу Күрөштүн акыркы этабында, азезил өзүнүн мурдагы ыкмаларын пайдаланат: ошол эле жинди мурдагы убактагыдай көрсөтөт, жана мурдагы эле максатына жетүүгө умтулат. Башта болуп өткөн нерсе дагы кайталанат, бирок жакындаган күрөш дүйнө али биле элек кыжырдануу жана каардануу менен белгиленген, үрөй уурган айырмачылык менен болот. Шайтандын кытмыр иши андан дагы арам, анын асылуусу-андан да чечкиндүүрөк болот. Ал тандалгандарды адаштырууга ара-кет жасайт (Мк. 13:22).УК 11.2

    Кудайдын Руху мага Өз Сөзүнүн улуу чындыгын ачып бергенде, жана мурунку менен келечектин көрүнүшү көз алдыман өткөндө, мен, мага айтылгандарды башкаларга кабарлоо керектигин билдим, башкача айтканда өткөн кылымдардын күрөшүнүн тарыхын жазууга бел байладым, анткени жарыктын нуру, өзүнүн болуп көрбөгөндөй толуктугу менен, келечектеги күрөштү жаркыратып көрсөтсүн. Бул буйрукту аткаруу менен Диний Коомдун тарыхына тиешелүү болгон окуяларды тандап алып топтоштурууга аракет кылдым, ошону менен, дүйнөгө ар кайсы замандын учурунда берилген, баштан өткөн чындыктар кандайча ачылаарын байкоого болот. Бул чындык, дүйнө барктаган диний коомдун жек көрүүсүн күчөтүп, шайтандын кыжырын кайнатат, бирок дагы “өлгөнгө чейин, өз жанын сүйбөгөндөр” жөнүндө күбөлөндүрөт.УК 12.1

    Өткөн окуялардан биз, келээрки күрөштүн аянын көрө алабыз. Кудайдын Сөзү жана Анын Рухунун жарыгы менен таанышып жатып, биз, душмандын айыбы ачылган ойлорун табабыз, жана Теңир Келе турган Күнү, Анын алдында “эч кемчиликсиз” турууну каалагандар коркунучтан алыc болуу керектигин билебиз.УК 12.2

    Мурунку доорлордогу Реформациянын өсүшү менен байланышкан орчундуу окуяларбул бүт протестанттык дүйнө кадырлаган тарыхый факт; бул фактылар талашсыз, жана эч кандай күмөн саноону алып келбейт. Мындай учурларда мен китептин нукура максатынан бурулбастан, өтө так кыскартууга аракет кылдым, жана эң керектүү учурда гана, ыңгайлуу мисалдарга таяндым. Качан гана тарыхчы бул же тигил окуяны айтып бергенде, же тарыхый фактыларды ылайыктуу жалпылаганда, мен анык сөзүн түз эле цитатага (үзүндүгө) алам. Цитаталар, беделдүү тарыхчыга таянуу максатында эмес, анын сөзү тигил же бул суроонун негизине ачыкайкын далил болгондуктан, кээ бир учурларда адабий булактар көрсөтүлгөн жок.УК 12.3

    Бул китептин милдети окурмандарды өткөн замандын күрөштөрүнүн белгисиз барактары менен канчалык тааныштыргандыгында эмес, анын ошончолук кемчилиги окуялардын өсүп-өнүгүүсүндө бир топ ой максаттарды бөлүп көрсөтүп, же кандайдыр бир сценарийди түзүүдө. Жарыктын күчү менен, караңгылыктын ортосунда болгон күрөштүн жарыгында каралган окуялар, биздин көз алдыбызда жаңы мааниге ээ болуу керек, анткени алар, ким мурунку убактагы реформаторлорго окшоп, жердин жыргалчылыгынан безип, Кудай Сөзүн элге жеткирип, жана Ыйса Машаякты күбөлөндүрүү үчүн чакырылса, ошолордун келечектеги жолун жарык кылып көрсөтөт.УК 12.4

    Чындык менен адашуунун орто-сундагы Улуу Күрөштүн көрүнүшүн чагылдыруу; шайтандын арам ойлорун, жана биз ага каршы турууга жардам берүүчү ыкмаларды билгизүү, жамандыктын орчундуу маселелерин толугу менен чечүү, үнөөнүн келип чыгуусунун жарыгын толугу менен өчүрүү, жана андан биротоло кутулуунун жолун табуу, Кудайдын бүт жаралгандар менен болгон Өз ара мамилесиндеги, Анын акыйкаттуулугун жана ырайымдуулугун толугу менен ачып берүү - менин эмгегимдин негизи болду. Менин сыйынуум, бул китеп адамдарга караңгылыктын бийлигинен бошонгонго жардам берсин, жана Ким бизди сүйүп, биз үчүн Өзүн берсе, ошону даңктоо үчүн “ыйыктардын жарыктагы мурасына катышуучулардан” болсун.УК 13.1

    Е. Уайт

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents