Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    16 Бап — Зыяратчы - Аталар

    Англиялык реформаторлор, католиктердин окутууларынан баш тарткандыгы менен, алардын көп сандаган эрежелерин сактап калышкан. Жалпысынан алар папанын ишенимдеринин символдорунан баш тартса да, алардын көп сандаган жоболору англиялык жыйындарга кирип кеткен. Бул каадасалттар, абийирге тие турган суроо бoлyп эсептелбейт, деп бекемделген; чынында бул нерселер, Ыйык жазууда көргөзүлгөн эмес, ошону менен бирге эле, буларга тыюу салынган жерлери дагы жок. Аларды сактоо, Рим менен протестанттарды бириктирип турмак, жана католик - протестант ишеними, деп атоого дагы болмок.УК 266.1

    Талам-тартышты жакшы көргөн консерваторлор (эски көз карашты колдогондор) үчүн, бул көз караш, туура деп эсептелген. Бирок башкача oй жүгүрткөн адамдар дагы болгон. Бул нерселердин чындыгы, ушул жоболор “Рим менен Реформациянын ортосуна көпүрө куруп турат”, алардын ою боюнча, аларды сактоого каршы болгон 247Мартин, 5-том, 22-бет.. Ал нерселерден алар, баштагы өздөрү бошонгон, экинчи көргүлөрү келбеген моюнтуруктун, кулдугунун символун көрүшкөн. Кудайга кызмат кылуунун негиздерин, Теңир Өзү, Өз Сөздөрүндө бекемдеп калтырган, жана адамдар аларга бир нерсе кошо, же ала албай тургандыктарын айтышкан. Чындыктан баш тартуу, мына ушундан башталган, Кудайдын бийлиги, чиркөөнүн бийликтери менен кошумчаланган. Башында Рим Кудай тыюу салбаган нерселерди киргизген, ал эми акыр аягында, Теңир аркылуу коюлган көрсөтмөлөрдү жокко чыгарды.УК 266.2

    Көпчүлүк адамдар, баштагы христиандардын чыныгы тазалыгына жана жөнөкөйлүгүнө, кайрылып келүүнү чын жүрөктөн каалашкан. Ал эми Англия жыйынынын көпчүлүк жоболору, бутка табынуучулукту элестетип тургандыктаң, көп адамдардын, мындай кызматтарга катышуусуна абийири жол бербей кыйналышкан. Бирок жыйын, мамлекеттик бийликтин колдоосунан пайдаланып, коюлган эрежелерден, башка жакка чыгууга жол берилген эмес. Мыйзам боюнча бардыгы, кабыл алынган жыйынга келип туруулары милдет бoлyп саналган. Ал эми башка диний чогулуштарга катыша турган болушса, анда түрмөгө, же мамлекеттен айдап жиберүү, же өлүм коркунучуна кабылышмак.УК 266.3

    XVIIкылымдын башталышында, Англия тактысына келген падыша, өзүнүн оюнда бекем туруп, мындай деген: “Бардык пуритандар (жорук жосунду бек кармаган адамдар), англиялык жыйындын кадырын сыйлашсын... же болбосо, жаман жагдайга кабылып калбоолору үчүн, мамлекетти таштап кетcин” 248Джордж Банкрофт. “Америка Кошмо Штаттарынын тарыхы”, 1-бөлум, 12бап, 6-пар.. Куугунтукталгандар, андуу салынгандар, түрмөгө камалгандар, өздөрүнүн жашоолору келечекте өзгөрөрүнө көздөрү жеткен эмес, жана көпчүлүк адамдар, Кудайга кызматкылуу, бардыгы үчүн, абийиринин буйругуна жараша болсун, “Англия, жашаганга мүмкүн болбогон жай бoлyп калды” 249Полифри, “Жаңы Англиянын тарыхы”, 3-бап, 43-пар.. Кээ бир адамдар өздөрүнө баш калкалаар жай табыш үчүн Голландияга баруyнy чечишти, бирок, көп сандаган кыйынчылыктарга кабылышкан; аларды түрмөгө камоо коркунучу туулуп турган. Алардын алдыга койгон пландары талкаланды, саткындар аларды өз душмандарынын колуна тапшырып берген, бирок алардын таалыкпаган тырышчаактыктары бары бир аларга жеңиш алып келип берди, алар меймандос Голландия мамлекеттеринин жээктеринен, өздөрүнө баш калкалаар жай табышкан.УК 267.1

    Өз өмүрлөрүн сактап калууга аракеттенгендиктен, алар өз тамташтарын, мүлктөрүн жана жан сактап туруу үчүн керектүү болгон, тамак-аштарын калтырышкан. Өздөрүнө бей тааныш каада-салттуу, бөтөн тилдүү адамдардын арасында калгандыктан, алар бир сындырым нан таап жеш үчүн, жаңы кесиптерди үйрөнүүлөрү зарыл болду. Өз өмүрүндө жер иштетишкен карып калган адамдар, эми кол өнөрчүлүк кесиптерди үйрөнүшү, керек эле. Бирок алар, бир убакыт дагы аракетсиз калбастан, бардык нерсеге бел байлашып, өздөрүнүн башына түшкөн нерселерди, бекемдик менен кабыл алышкан. Алардын муктаждыктары көп болсо дагы, Кудайдан алган, Өзү менен эркин баарлашууну ыйгарган Кудайга ыраазычылыктарын айтышып, жүрөктөрүн кубанычка толтурушту. “Алар өздөрүн зыяратчылар катары сезишкен, жана өтүп кете турган нерселерге назар салышкан жок, бирок өз көздөрүн Асманга, өз ата-мекенине чаптырышып, өз рухун сооротушкан” 250Банкрофт, 1-бөлум, 12-бап, 15-пар..УК 267.2

    Куугунтуктар жана ажыратуулар, алардын ишенимин жана сүйүүсүн бекемдеди. Алар Теңирдин берген убадаларына ишенишкендиктен, Теңир аларды муктаждыкта калтырган жок. Кудайдын периштелери ар-дайым алардын жанында бoлyп, жолоочулап жүргөндөрдү, сооротуп жана колдоп турушкан. Жана Теңирдин Колу качан аларды, океандын нары жагындагы, алар мамлекет кылып өздөштүрө турган -жерге жибергенде, алар урпактарын улантуу үчүн, эч шек санабастан Тенир көргөзгөн багытка барышкан.УК 267.3

    Кудай, Өз ырайымын кабыл алганга даяр болсун үчүн, Өз элине сынак берди. Кудайдын чыныгы Жыйыны, жогорулаш үчүн, басырынган. Бүт дүйнөгө көргөзүү үчүн, Кудай Өз элине жардам берүүгө даяр эле: Ал, Ага ишенгендерди эч убакта калтырбайт. Ал бардык окуяны, шайтандын каарын, адилетсиздердин арам ойлорун, Өз Ысымын жогорулатып, жана Өз элинин коопсуз болуусуна, негиздеп койгон. Куугунтуктар жана аңдуулар эркиндикке жол ачып берди.УК 268.1

    Англиялык жыйындан бөлүнүүгө аргасыз болгондуктан, пуритандар кайраттанышып, Кудайдын эркин адамдары болууга, “Анын белгилүү же белгисиз алдыда ачылып бериле турган, жолдору менен жүрүүгө”, убада беришти 251. Реформанын чыныгы руху, протестантизмдин өмүр негизи, мына ушундай; зыяратчылар ушул максат менен, Жаңы Жарыкта мекен табыш үчүн, Голландияны калтырышты. Алардын кызматчысы Джон Робинсон, Кудайдын буйругу боюнча, алар менен чогу кеткен жок, куугунтукталгандар менен коштошуп жатып мындай деп айткан:УК 268.2

    “Бир туугандар! Биз жакында силер менен кош айтышабыз, эми силердин жүзүңөрдү көрөрүмдү, бир гана Теңир билет. Бирок Теңир жоолугуштурабы же жоолугуштурбайбы, мен силерден Теңир алдында, жана Анын ыйык периштелеринин алдында өтүнөм: мен - Машаякты туурагандан артык, мени туурай көрбөгүлө. Эгерде Кудай силерге, кимдир бирөө аркылуу жаңы жарык бере турган болсо, менден бардык чындыкты кабыл алган сыяктуу, кабыл алууга даяр болгула; анткени Теңирдин, Ыйык Китептеринин барактарынан жаркырай турган, көп деген жарыктары жана чындыктары бар экендигине, мен бекем ишенем” 251Браун, “Зыяратчы агалар”, 74-бет; Мартин, 5-том,70-бет..УК 268.3

    “Мен жөнүндө билгиңер келе турган болсо, реформаланган жыйындын азыркы абалына, бир секиче көтөрүлүп, андан наары кеткиси келбей, туруп калгандыгына ыйлай турган болсом, көз жашым жетпейт... Лютерандар, Лютерден наары кетишкен жок... Кальвинистер болсо, ушул улуу адам, толук чындыкты түшүнбөсө дагы, аларга эмнени айткан болсо, ошол нерселеринде гана бекем турушат. Жыйындардын ушул абалы кандай гана жан кейитээрлик. Бул жыйындардын негиздөөчүлөрү, өз мезгилдеринде бул дүйнөгө жарык алып келишкен, бирок алар Теңирдин насааттарынын толук тереңдигине жетишкен эмес - жана эгерде алар бүгүнкү күндө тирилише турган бо-лушса, анда алар, бир кездерде ки-чинекей гана учкунун алган жарыкты, толугу менен кабыл алууга даяр болушмак” 252Нил, “Пуритан тарыхы”, I-том, 269бет..УК 268.4

    “Силерге белгилүү болгон, жана келечекте ачылып бериле турган Теңирдин жолдору менен жүрүүгө - жыйында убада бергениңерди эстегиле. Силердин Кудай менен, жана бири-бириңер менен, Кудай Сөзүндөгү жазылып калтырылган чындыктарды кабыл алуу үчүн, түзгөн келишимиңерди эcиңерден чыгарбагыла. Жана силер, чындык катары кабыл ала турган нерселерди, өтө кылдаттык менен текшерип алууңарды суранам; жаңы жарыкты Ыйык Жазуунун башка жерлери менен таразалагыла, салыштыргыла, анткени кечээ гана караңгылыктан чыккан жыйын, бүгүн эле бардык чындыкка толук жетип калышы, мүмкүн эмес” 253Мартин. 5-том,70.71-бет..УК 268.5

    Өз абийирлеринин эркиндигин алуу үчүн, зыяратчыларды, океан аркылуу узак жол басып өтө тyрган мезгилдердеги, бардык кыйынчылык жана коркунучтарда эр жүрөктүү болууга кубатташты. Жана Американын жээктеринде, Кудайдын алкыштоосу менен, күчтүү улут тургузууга үндөштү. Бирок, өздөрүнүн адилдигине жана Кудайдан корккондугуна карабастан, зыяратчылар диний эркиндиктин улуу негиздеринин маанисин, толук түшүнүшкөн эмес. Алар, өз керт баштарынын курмандыгы аркылуу алган эркиндикти, башкалар менен бөлүшүүгө даяр эмес болуучу. “XVIIкылымдагы ойчулдар жана акыл айтуучулар дагы, Жаңы Осуяттын улуу негиздери бoлyп эсептелген, Кудайды, адам ишениминин жалгыз гана Соттоочусу катары таануу жөнүндөгү туура пикирлерди, толук түшүнө алышкан эмес” 254ошол эле жерде, 297-бет..УК 269.1

    Кудай өз Жыйынына, адам абийиринин үстүнөн бийлик кылганга, жалгандыкты жазалаганга күч берген деген окутуу - папанын жаңылыштыктарынын бири болуучу. Реформаторлор, католиктердин окутууларынан баш тартышкандыгы менен, алардын диний окутууларынан биротоло тышкаары болуша элек болучу. XVIIкылымда, папалык окутуу көп деген кылымдар бою, христиандарды чулгап алгандыктан, ошол калың караңгылык, толугу менен тараган эмес. Массачусетс штатындагы колонияда (башка жерден келип чогулган элдердин турагы), белгилүү бир насаатчы мындай деп айткан: “Бул ишеним, адамдарды Машаякка каршы бурду; ошондуктан жыйындын адамдарды жазалап жаткандыгы дагы, ушул себептен” 255ошол эле жерде, 335-бет.. Колониянын тургундары, мамлекеттик бийликте, бир гана жыйын мүчөлөрү добуш бере алат, деген чечим кабыл алышты. Мына ошондуктан мамлекеттик жыйын кабыл алынып, адамдар динди киреше жагынан колдоону колго алышкан, ал эми мамлекеттик бийлик болсо, ар кандай жалган окутууларга тыюу салуулары керек эле. Мына ушундайча мамлекеттик бийлик, жыйындын карамагына өткөн. Бул кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы, куугунтуктардын башталышына өбөлгө түзгөн.УК 269.2

    Биринчи колониянын негизделгенине он бир жыл болгондон кийин, Роджер Ульямс Жаңы Жарыкка келди. Биринчи зыяратчылар сыяктуу, ал дагы бул жакка эркиндик издеп келген. Бирок ал, эркиндикти башкачараак түшүнгөн - адамдардын ишенимине карабаcтан, укуктары бирде болот, деп ойлогон. Ал чындыкты чын жүрөгүнөн изилденген, жана Робинсон менен бирдикте, Кудай Сөзүнүн толуктугу али адамдарга толук ачылып бериле электиги жөнүндө, oй жүгүрткөн. “Уильямс, граждандык мыйзамдын негизине, абийирдин эркиндигин, жана мыйзам алдында бардык талам бирдей, деген пикирлерди киргизген, христиан өлкөсүндөгү биринчи адам болгон” 256Банкрофт, 1-бөлум, 15-бап, 16пар.. Бийлик кылмышка тыюу сала алат, - деген ал, бирок, эч качан абийир эркиндигине кирише албайт. “Коомчулук же бийлик өкүлдөрү, адамдар бири-бирине кандай мамиле кыла ала тургандыгын чечсе болот, бирок, адам менен Кудайдын ортосундагы мамилеге кыпчылып, аны чечүүгө аракет жасоо, бул туура эмес. Эгерде кимдир бирөө бийликке олтуруп алып, бүгүн бир динди талап кыла турган болсо, ал эми эртең эле - башкасын талап кылуусу шексиз. Англиянын падышалары жана падыша айымдары дагы, папалар аркылуу Рим чиркөөлөрүндөгү соборлордо дагы, ушундай чечим кабыл алынган. Жана ишеним туурасындагы суроолордо, көп деген түшүнбөстүктөр болгон” 257Мартин, 5-том, 340бет.УК 269.3

    Атайын кабыл алынган жыйынга келүү, штраф төлөө жана түрмөлөргө камоо коркунучтары менен мажбурланган. Уильямс болсо бул мыйзымды айыптады; англиялык мыйзамдардын эң эле жаманы, атайын кабыл алынган жыйындарга, мажбурлоо менен келтирүү бoлyп саналган. Жана башка ишенимди колдой турган болсо, андай адамдарды, өз укуктарын ачык-айкын эле бузуп жаткан адамдар деп эсептешкен; Кудайга ишенбеген адамдарды, жыйынга кирүүгө зордоо, эки жүздүүлүктү жактоо болгон. “Эч кимди - деди ал, - жыйынга киргизүү үчүн күч колдонбогула, жана каражат менен жыйынды каржылагыла, деп зордобогула”. “Кантип? - дешип таң кала суроо кайтарышты анын каршылаштары, - эмгекчи тамак-ашка татыктуу эмеспи?” “Ооба, татыктуу - деп жооп берди Уильямс, - бирок, ким кызматчыны дайындаган болсо, ошол ага төлөп берүүсү керек” 258Банкрофт, 1-болум, 15-бап 2-пар..УК 270.1

    Роджер Уильямсты, ишенимдүү кызматчы, сейрээк кездешүүчү таланттуу, сатылбаган адилдиги жана кен пейилдиги үчүн, сыйлашып жана сүйүшкөн. Бирок анын, Жыйынды башкаруу үчүн, мамлекеттик бийликтин укуктарын четке каккандыктары, мыйзам чыгаруучулардын кыжырын кайнаткан. Анын oймаксаттарын жашоодо колдонуу, “мамлекеттин негизин талкалайт, жана бийликти кулатат” 259ошол эле жерде 10-пар, деп коркушкан, жана бийликтеги адамдар, Уильямсты колониядан кууп чыгаруу үчүн чечим кабыл алышты. Камактан качып кутулуу үчүн, ага, ызгаардуу аяз бoлyп турганда, калың токойдо жашырынууга туура келди.УК 270.2

    «Уильямс башынан өткөргөндөрүн эске салуу менен, мындай деп айтат: Он төрт апта аралыгында, баш калкалаар жайым, же жээрге наным жок бoлyп, жылдын каардуу мезгилинде тентип жүрдүм. Бирок мени, каргалар ээн талааларда багышып, жана эмен дарактары, бир канча жолу, менин баш калкалаар жайым болгон” 260Мартин. 5-том, 349.350-бет.. Ал өзүнүн азаптуу сапарын, бир индеецтердин тукумун таап алганча, кар баскан токойлордо уланткан, жана көп убакыт өтпөстөн, индеецтердин сый-урматына ээ бoлyп, аларды чындык жолго насааттаган.УК 271.1

    Көп айлар жолоочулап жүргөндөн кийин, ал Нарагенсет булуңуна келет, жана ал жерде, диний эркиндикти кабыл алган, бириичи штаттын негизин тургузган. Роджерр Уильямстын колониясынын түпкү максаты, төмөнкүлөр болгон: “Ар бир адам, өз абийири боюнча Кудайга кызмат кыла алат” 261ошол эле жерде, 5-том, 354-бет.. Анын РодАйленд штаты, бардык куугунтукка кабылгандар үчүн, баш калкалаар жай бoлyп калды; жана ал, анын түпкү максаты - граждандык жана диний эркиндик болмоюнча, - бул Америка республикасынын бурчка коюлган ташы бoлyп калмайынча, өсүп-өнүгө берди.УК 271.2

    Байыркы ата-бабалар калтырып кеткен укук жөнүндөгү, - көзкарандысыздык .Декларациясы туурасындагы мыйзам долбоорлору, маанилүү документ бoлyп саналат, - жана аларда мындай деп айтылган: “Биз төмөндөгү чындыктарды анык деп эсептейбиз: бардык адамдар бирдей деңгээлде жаратылган, жана бардыгы Жараткан аркылуу, өмүр сүрүүгө, эркиндикке жана бакытка чулганышып, бирдей эле укукка ээ болушкан”. Бул Конституция, адам абийиринин коопсуздугун талап кылат: “Диний талаптар, Кошмо штаттардагы мамлекеттик бийликке туруу үчүн, кедерги же негиз боло албайт”УК 271.3

    “Конституциянын авторлору, адам менен Кудайдын ортосундагы мамиле, адам мыйзамдарына көз каранды боло албайт, ал эми адам абийиринин эркиндиги былк этпес, деп, алдыга койгон максаттардын бекем тура тургандыгын, кабыл алышкан. Бул чындыктар далилдерге муктаж эмес - алар биздин жан дүйнөбүздө жашап келет. Мына ошолор, бардык адам мыйзамдарына каршы туруп, көп деген азап чегүүчүлөргө, кордолууларды жана отко жагууларды, моюн сунуу менен кабыл алууга жардам берген. Алардын абийирине, адамдар бийлик жүргүзө албай тургандыктарын, алар билишкен. Жана, бул туулганда эле берилген максатты, түп-тамырынан жулуп таштоо мүмкүн эмес” 262“АКШ Конгрессинин докуметтери”, №2 71-документ, сериялык номери 200..УК 271.4

    Качан европадагы мамлекеттерге, ар бир адам өз эмгегинин жемиштери менен ырахаттанып, жана өз абий-иринин үндөрүн уга алыша турган мамлекет бар экен деген кабар угулганда, миндеген адамдар, Жаңы Жарыктын жээктерин көздөй умтулушкан. Колониялар бат эле өсө баштады. “Массачусетс штаты, ар-кандай улуттүн өкүлдөрүнөн, согуштан, ачкачылыктан жана куугунтуктардан качып келишкен ишенүүчү адамдарга, баш калкалаар жай жана кайтарылып берилгиз жардам көрсөткөн” 263Мартин. 5-том, 417-бет... Плимутка өз якарын таштаган биринчи кемеден, жыйырма жыл убакыт өткөндөн кийин, көп миндеген зыяратчылар, Жаңы Англиядан турак жай алышкан.УК 271.5

    Эңсеп жүргөн эркиндиктери үчүн, “алар, эң эле жупуну жана өз өмүрүн кыйган, өмүр сүрүүгө дагы, даяр болушкан. Алар, жерге сепкен үрөөндөрүнүн, эмгегин актаарын суранышкан. Байуу үчүн эч кандай, жазгыруучу нерселер, аларды кызыктырган жок... Алар, мамлекеттин жай жана бекем өсүп жаткандыгына кубанышып, эркиндиктин дарагын, тамыры жерге терендеп кирип кеткенче, көз жаштары жана кара терлери менен сугарышкан”.УК 272.1

    Алардын ишениминин негизи, даанышмандыктарынын булагы жана эркиндигинин уставы, Мукаддас бoлyп эсептелген. Анын негиздери, үйлөрдө, мектептерде жана жыйындарда изилденип, жана анын жемиштери үнөмдүүлүк, терең oй-жүгүртүүлөр, пакизалык жана токтоолук бoлyп калды. Пуритандардын колониясында жыл маалы жашап, жана “бир дагы аракечти жоолуктуруп, же бир дагы сөгүнгөн жаман сөз угууга, жана бир дагы жакыр адамды көрүүгө, мүмкүн эмес болуучу” 264Банкрофт, 1-белум, 19-бап, 25-пар.. Мукаддастын негиздери - улуттук өсүп-өнүгүүнүн кепили экендигине, ушул нерселер, тирүү күбө бoлyп саналат. Кичинекей обочолонгон кыштактар, эми минтип, күчтүү штаттардын бирикмесине айланды, жана бүткүл дүйнө, “жыйын папасыз, жана мамлекет падышасыз”, өсүп-өнүгө ала тургандыгын, таң калуу менен белгилешти”.УК 272.2

    Бирок Американын жээктерине, биринчи зыяратчылардын максаты менен төп келишпеген, башка бир адамдар дагы келип отурукташкан. Алгачкы ишеним жана тазалык, адамдарга өтө чоң өзгөрүлө турган таасир калтырганы менен, бул жерде, күнүмдүк турмуштагы кызыкчылыктарды издеген адамдардын, көбөйүп кетүүсүнөн, ал тазалык акырындап алсыздана баштаган. Биринчи колонистер, добуш коюуга, жана мамлекеттик бийликтерге, бир гана жыйын мүчөлөрү гана укуктуу деген көрсөтмөлөрдүн акыры коркунучка алып келди. Бул чаралар, мамлекетти сактап калуу максатында коюлган, бирок, жыйындын адеп-ахлагын талкалады. Динди тутуу, шайлоого жана коомчулуктун иштерине катышуу, максатында кабыл алынган болсо, кээ бир адамдар керт башынын гана камын ойлогондуктан, Жыйынга мүчө бoлyп киришкен. Жыйын ушундайча, дүйнөлүк жана жанданбаган адамдарды түзгөн; жада калса кээ бир насаатчылар, жалган көз караштарды эле окутуп тим болбостон, Ыйык Рухтун өзгөртүүчү күчү жөнүндө дагы, эч нерсе билишкен эмес. Константиндин күндөрүнөн тартып, биздин күндөргө чейин, Жыйындын тарыхында мындай жагдайлар, биринчи эле жолу бoлyп калган эмес. Жыйын мамлекеттин жардамы менен акыл насаат айтууга аракеттенип, “Менин Падышалыгым, бул дүйнөдөн эмес” (Ин. 18:36), деп Айткандын Жакшы Кабарына, мамлекеттен колдоо алгылары келишкен. Дүйнөдөгү адамдарды, Жыйын менен бириктирүү, Жыйынды дүйнөгө бириктирүүгө гана алып келет.УК 272.3

    Кудай Сөзүнүн барактарындагы жаркыраган жарыктын нурларын, бардык ишенген адамдар кабыл алуулары зарыл - Робенсон жана Роджер Уильямс катуу карманган, жана алардын муундары аркылуу калтырылып калган, бул улуу негиз болгон. Американын жана Европанын протестанттык жыйындары, Реформациянын улуу алкыштарын алышып, реформа жолу менен, алдыны көздөй кете алышкан эмес. Бирок, мезгил-мезгили менен ишенимдүү адамдар чыгышып, жаңы чындыктарды жарыялашып, көптөн бери орун алып калган жаңылышууларды айыпташкан, Машаяктын учурундагы иудейлер, же Лютердин мезгилиндеги папалык жактоочулар сыяктуу, алар өз ишенимдерине жана өз аталарынын жашоосунун ченемдерине корстон бoлyшyп, аларды кабыл алышкан жок. Ошондуктан дин, Кудай Сөздөрүнүн ‘’жарыгында жүрүүнү” уланта турган болушса, жок боло турган, баштагысындай эле формализмге, ырым-жырымдарга кайрылып кетишти. Лютердин учурунда Рим чиркөөсүндө реформа талап кылынган сыяктанып, протестант жыйындарында дагы, чоң реформа талап кылынды. Ал жерде дагы баштагыдай мамлекет менен диндин байланышы, адам оюнун алдында моюн сунуу, жана Кудай Сөзундөгү окутууларды, адамдардын божомолдору менен алмаштыруу, үстөмдүк кылган.УК 273.1

    Мукаддас Китептерин XIXкылымдын биринчи жарымында, бардык жерлерге таратуу, чындыкты таанууда жана өмүр тажрыйбасын алууда, көп деле ийгилик алып келген жок. Эми шайтан баштагыдай, адамдардан Кудай Сөзүн жаап-жашыра алган эмес, анткени Китептер бардыгына жеткиликтүү бoлyп калган. Бирок, өз көздөгөн максатына жетишүү үчүн, ал адамдардын Мукаддаска, жеңил ойлуулук менен мамиле кылууларына мажбурлады. Жазууларды изилдөө мүмкүнчүлүгүнө илең-салаңдык көргөзүү менен, адамдар баштагыдай эле, Мукаддаска эч кандай тиешеси жок, жалган талкууларды кабыл алышкан.УК 273.2

    Куугунтук аркылуу чындыкты жок кылууга жасаган аракети ийгиликсиз бoлyп калгандыктан, шайтан кайрадан келишим ыкмасына кайрылды, бир кезде бул ыкма, адамдарды чындыктан баш тарттырып, Рим чиркөөсүн уюштурганга жардам берген. Эми болсо ал, чыныгы христиандарды бутпарастар менен эмес, жердик каражаттарга, башка буттарга табынып кызмат кылгандай эле, байланып калган адамдар менен бириктирди. Бул кеңештин акыры, баштагыдай эле өлүмгө алып бармак: диндин маскасынын алдында текебердик, дүнүйөкордүк тарбияланып, жана жыйындар жолдон чыккан. Шайтан, Ыйык Жазуунун чындыктарын бурмалаганын уланта берди; миллион деген жандарды өлүмгө түрткөн жыйындардын жомоктору, өз тамырын уламдан-улам тереңдетти. Жыйын “бир жолу касиеттүүлөргө берилген ишеним” үчүн күрөшпөстөн, бул жомокторду кабыл алышып жана аларды жакташты. Реформаторлор күрөшүп жана азап тарткан чындыктын негиздери, мына ушундайча талкаланган.УК 273.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents