Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    24 Бап — Ыйыктардын Ыйыгында

    Касиеттүү жай жөнүндөгү суроо, 1844-жылдагы көңул калуулардын жашыруун сырына кирүү үчүн, ачкыч бoлyп калды. Ал келишимдүү, аягына чыккан жана бири-бирине байланыштуу чындыктын системасын ачкан, жана улуу адвентистердин кыймылы менен Тенир Өзү башкарып, Кудай элинин ээлеген ордун жана милдеттерин көргөзүп, далилдеген. Ыйса Маша-яктын шакирттери, ошол кайгыга малынган түнү, көңүлдөрү чөгүп, жан дүйнөсү туталанып турганда, “Устатын көрүү менен кубанычка батышкан” сыяктанып, Машаяктын Келишине ишенгендер дагы, кубанычка толушту. Ыйсанын шакирттери, Ал Өз даңкында Келип, Өз кызматчыларына сыйлыгын берет, деп күтүшкөн. Качан алардын ою ордунан чыкпай кал ганда, алар көз алдыларынан Ыйсаны жоготушуп, Мария менен бирге “менин Теңиримди алып кетишти, жана Аны кайда коюшканын билбейм”, дешип ыйлашкан. Эми болсо алар, кайрадан Аны Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнөн көрүштү; ал жерден алар, жакында Падыша жана Куткаруучу катары Келе турган, өздөрүнүн кам көрүүчү Улуу Дин кызматчысын көрүштү. Касиеттүү Жайдан чыккан чындыктын жарыгы өткөндү, учурду жана келечекти жарык кылды. Жана катасыз Кудайдын алдын ала көрөгөчтүгү, жетелеп жүргөндүгүн алар көрүшкөн. Алгачкы шакирттер сыяктанып, алар өздөрүнүн таратып жатышкан кабарларын толук түшүнө алышпаса дагы, алардын тараткан кабары бардык жагынан ишенимдүү болгон. Бул кабарды насааттоо менен, алар Кудайдын эркин аткарышты, жана алардын жасаган эмгектери, Теңир алдында бекер болгон жок. “Тирүү ишенимге” кайрадан жаратылып, алар “айтып бере алгыз жана даңктуу кубаныч” менен кубанышты.УК 383.1

    Жана Даниил пайгамбардын пайгамбарлыгындагы “Эки миң үч жүз кеч жана таң; жана ошондо касиеттүү жай тазаланат” (Дан. 8:14), жана Аян Китебиндеги “Кудайдан корккула жана Аны данктагыла, анткени Анын сотунун мезгили келди”, деген биринчи периштенин кабары, Машаяктын Өз элин куткаруу үчүн, жана адилетсиздерди жок кылуу үчүн Келе турган мезгилин эмес, Анын Ый-ыктардын Ыйыгы бөлүмүндөгү кызматын, жана тергөө сотун билдирген. Кеткен ката пайгамбарлык мезгилдерди санагандыкта эмес, 2300 күндөн кийин кандай окуя боло тургандыгын билүүдө эле. Бул кетирилген ката, Кудай уулдарын көңүл калууларга алып келди, бирок пайгамбарлыктар аркылуу эмнелер айтылса, Жазуулар боюнча эмнелер аткарыла турган болсо, баары аткарылган. Ишенгендер аткарылбай калган үмүттөрүнө кейишип турганда, Теңир Өз кызматчыларына сыйлык тартуулоонун алдында, аткарыла турган окуя аткарылып, алардын үмүтүн жандандырган.УК 383.2

    Машаяк, алар күткөндөй жерге келген жок, бирок Кыямат Күндүн үлгүсү боюнча, Ал Асмандагы Касиеттүү Жайдын Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө кирген. Даниил пайгамбар Анын, “Урматтуу Карыяга” жеткирилгендигин сүрөттөйт. “Түн ичинде менин көзүмө Адам Уулу көктөгү булуттардын үстүндө бара жатканы көрүндү, жана Урматтуу Карыяга жакындаары менен Ага жеткирилди” (Дан. 7:13).УК 384.1

    Бул туурасында Малахия пайгамбар дагы мындай деп айткан: “Жана капысынан силер издеген Теңириңер Өз Үйүнө келет, жана силер каалаган осуят Периштеси келeт; мына Ал келе жатат, дейт Ааламдын Теңири” (Мал. 3:1). Теңирдин Касиеттүү Жайга Келиши, Анын эли үчүн күтүлбөгөн окуя бoлдy. Алар Аны ал жерде көрөбүз, деп ойлошкон дагы эмес. Ал жер үстүнө, “Кудайды таанып билбегендерге, жана биздин Куткаруучу Ыйса Машаяктын Жакшы Кабарына багынбагандардан, жалындаган отто өч алуу” (2Фес. 1:8) үчүн, келет деп ойлошкон.УК 384.2

    Бирок адамдар өз Куткаруучусун тосуп алууга, али даяр эмес бoлyyчу. Алар, өз акылдарын Асмандагы Кудай Үйүнө бура турган жарыка муктаж эле, жана өз Улуу Дин Кызматчысынын артынан ишеним менен жүрүшүп, Анын кызматы аркылуу, алар өз жаңы милдет-терин сезишмек. Жыйын башка эскертүүчү жана насааттоочу кабарды кабыл алышмак.УК 384.3

    Пайгамбар мындай дейт: “Жана Анын Келген Күнүнө ким чыдайт да, Ал Келгенде ким туруштук бере алат? Анткени Ал эритүүчү оттой, тазалоочу шакардай бoлyп Келет; жана орун алып, күмүштү кайрадан эритип, тазалай баштайт; жана Теңирге акыйкат курмандык алып келиш үчүн, аларды алтын менен күмүштү эритип чыгаргандай, Левийдин уулдарын тазалап чыгарат” (Мал. 3:2,3). Машаяктын Асмандагы Касиеттүү Жайдагы элдештирүүчү кызматы аяктаганда, ким жер үстүндө жашап турган болсо, алар Кудайдын алдында Жактоочусуз эле турууга мүмкүндүк алышат. Алардын кийимдери булганбашы керек; алардын мүнөздөрү курмандыктын себилген каны менен, күнөөдөн тазартылат. Кудайдын ырайымынын, жана өз жасаган аракеттеринин жардамы менен, жамандык менен болгон күрөштө, алар жеңүүчүлөрдөи боло алышат. Асманда тергөө соту бoлyп жаткан мезгилде, Касиеттүү Жайдан тoбo келтирген күнөөкөрдүн күнөөлөрү алынып ташталат, жана жер үстүндөгү Кудай элинин ичинде, күнөөлөрдү калтыруу жана тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул иш Аян Китебинде 14-бапта ачык көргөзүлгөн.УК 384.4

    Качан ушул иштер аягына чыкканда, Машаяктын жолдоочулары, Анын Келишине даяр болушат. “Ошондо, байыркы күндөрдөй, мурдагы кездердей, Иерусалим менен Иуданын курмандыгы Теңирге жагат” (Мал. 3:4). Ошондо, Теңир Келгенде Өзүнө алып кете турган Жыйын “тагы, кемчилиги, же ошого окшогон бирдемеси жок” (Еф. 5:27), болот. Ошондо Жыйын, “ай сыяктуу көрүнгөн, күн сыяктуу бөлүнгөн, таң жарыгы төгүлгөн, коркунучтуу коошун үчүн туу көтөргөн” (Ыр. Ыр Кит. 6:10), Жыйын болот.УК 385.1

    Малахия пайгамбардын Китебинде, Теңирдин Касиеттүү Жайга Келишинен тышкаары, Анын Экинчи Келип сот жүргүзө тургандыгы дагы айтылган: “Жана жазалаш үчүн Мен силерге келем да сыйкырчыларды, ойноштук кылып бузулгандарды, анткор сүйлөп калп каргангандарды, жалдаган адам-дардын акысын кармагандарды, жетим менен жесирлерге кысым көрсөткөндөрдү, келгиндерди четтеткендерди, жана Менден коркпой дөөгүрсүгөндөрдү ашкерелеп бетин ачам, дейт Ааламдын Теңири” (Мал. 3:5). Иуда дагы пайгамбарлык кылып мындай деген: “Мына Теңир Өзүнүн көп миндеген ыйык периштелери менен, бардык адмдарды жазалоо үчүн, жана бардык адилетснз күнөөкөрлөрдүн Анын үстүнө айткан катаал сөздөрүн, алардын ичиндеги бардык адилетсиздердин адилетсиз иштерин, ашкере кылуу үчүн келе жатат” (Иуда. 14,15). Теңирдин Келиши менен, Анын Өз Касиеттүү Жайына Келиши, - эки башка окуяны билдирет.УК 385.2

    Даниил пайгамбардын Китебинде (8:14) жазылган, Машаяктын, биздин Улуу Дин Кызматчыбыз катары Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө тазалоо үчүн кириши, биз окуган, Адам Уулунун Урматтуу Карыяга барышы (7:13), жана Малахия пайгамбар аркылуу айтылган, Анын Өз Касиеттүү Жайына кириши, - мунун бардыгы, Ыйса Машаяк айткан, он кыз жөнүндөгү (Мат. 25) үлгүлүү аңгемедеги күйөөнүн келиши жөнүндөгү, кабарды маалымдайт.УК 385.3

    1844-жылдын жазында жана күзүндө: “Мына, күйөө келе жатат”, деген кабар таратылган. Ошондо, акылдуу жана акылсыз бoлyп адамдар эки топко бөлүнүшкөн. Бир тобу Теңирдин Келишин кубанычтуулук менен күтүшүп, жана Аны тосуп алууга ынтаалуулук менен даярданышты; башкалары болсо, убактылуу коркунучтун жана ачуулануунун айынан, далилденген теорияга гана карашып, Кудайдын ырайымынан куру калышкан. Yлгүлүү аңгемеде, качан күйөө келгенде, “даяр тургандары, Аны менен бирге үйлөнүү үлпөтүнө киришти”. Бул жерде көргөзүлгөн күйөөнүн келиши, үйлөнүү үлпөттүн алдында бoлyп жатат. Yйлөнүү үлпот, Машаяк аркылуу, Өз падышалыгынын кабыл алынышы символдонуп көргөзүлгөн. Жаңы Иерусалип, ыйык шаар, бул Падышалыктын борбору катары сүрөттөлүп, “Курмандык Козунун колуктусу”, деп аталган. Периште Иоаннга мындай деп айтат: “Жур, мен сага Курмандык Козунун колуктусун жана аялын көргөзөм”. ‘Жана мени рухунда улуу бийик тоого алып чыкты да Асмандан, Кудайдан түшкөн Улуу, Ыйык Иерусалим шаарын мага көргөздү”, дейт пайгамбар. Колукту, Ыйык шаарды сүрөттөйт, ал эми Аны тосуп чыккан кыздар болсо, Жыйындардын символу бoлyп эсептелет. Аян Китебинде, бул үлпөттүн коноктору, Кудайдын уулдары боло тургандыгы айтылган (Аян 19:9). Эгерде алар конок боло турган болсо, анда алар колукту болушу мүмкүн эмес. Машаяк, Урматтуу Карыядан “даңк, бийлик жана падышалык алды”, деп жазат Даниил пайгамбар. Машаяк Өз Падышалыгынын Борбору болгон Жаңы Иерусалимди кабыл алат, “ал өз күйөөсү үчүн жасанган колуктудай даярдалып, Асмандан, Кудайдан түшкөн эле” (Дан. 7:14; Аян. 21:2). Падышалыкты алуу менен, Ал падышалардын Падышасы, жана тенирлердин Теңири бoлyп, Өз элин куткаруу үчүн Келет, жана үлпөттө “Ыбраайым, Исаак, Жакып менен бирге” олтурат (Мф. 8:11; Лк. 22:30).УК 385.4

    1844-жылдын жайында жарыяланган: “Мына, күйөө келе жатат”, деген кабар, миндеген жүрөктөрдү, Анын Келишине камданууга дайындады. Белгиленген мезгилде Күйөө үйлөнүү үлпөтүнө келди, бирок, адамдар күткөндөй Ал жерге келген жок, Өз Падышалыгын кабыл алуу үчүн, Асманда Урматтуу Карыяга келген. “Даяр тургандар Аны менен бирге үлпөткө киришти, жана алардын артынан эшиктер жабылды”. Yлпөт Асманда бoлyп жаткандыктан, ал эми алар жерде болгондуктаң, үлпөттүн шаан-шөкөттөрүндө алардын катышуусунун кажети жок. Машаяктын жолдоочулары, “өз Мырзасынын үлпөттөн кайтып келишин” күтүүлөрү керек (Лк. 12:36). Бирок алар Анын ишин түшүнүшүп, жана ишеним менен Кудайдын Тактысына карай багыт алуулары зарыл. Алар үйлөнүү үлпөткө киришти деген сөз, ушул мааниде айтылган.УК 386.1

    Yлгүлүү ангемеде, үлпөткө кимдин чырактарында май болсо, ошолор гана киришти, деп жазылат. Бул, Ыйык Жазуунун чындыктарын билишип, Кудайдын Рухуна жана ырайымына ээ болушкандар, каптаган караңгылыкта, сынактарда чыдамдуулуктарын жоготушпай, чоң жарыкка ээ болуш үчүн Мукаддаска кайрылгандар, - алар Асмандагы Касиеттүү Жай жөнүндөгү, жана Куткаруучунун жаңы кызматы жөнүндөгү чындыкка ээ бoлyшyп, Аны менен бирге ишеним аркылуу, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө киргендер. Ыйык Жазуулардын күбөлөндүрүүпөрү боюнча, ким бул чындыктарды кабыл ала турган болсо, жана Машаяктын Кудай алдында туруп, Өзүнүн кызматынын акыркы бөлүгүн аткарып жаткандыгын, акырында Өз Падышалыгын кабыл ала тургандыгына, көңүл буруп караса- бул адамдардын бардыгы, символдуу түрдө, үйлөнүү үлпөткө киргендер бoлyшyп эсептелишет.УК 386.2

    Матфейден жазылган Ыйык Инжилде 22-бапта жазылган үлгүлүү аңгемеде, үйлөнүү үлпөттүн ошол эле символу камтылган, жана ал жерде, тергөө соту үлпөттүн алдында боло тургандыгы айтылат. Yлпөттүн алдында Падыша, бардык коноктор үлпөт кийимдерин кийинишкенби, же бардыгы тазабы, Курмандык Козунун Канына өз кийимдерин жуушканбы деп көрүү үчүн, үлпөткө кирет (Мф. 22:11; Аян. 7:14). Yлпөт кийимин кийбегендер жеңил деп табылып, кубаланат, ал эми сынак мезгилинде үлпөт кийимин кийинген адамдар, Кудай аркылуу кабыл алынышып, жана Анын Падышалыгына киришип, Анын Тактысынын жанында отурууга мүмкүнчүлүк алышат. Ушул адамдарды карап чыгуу, жана кимдер Кудайдын Падышалыгына кирүүгө даярдалгандыгы, Асмандагы Касиеттүү Жайда бoлyп жаткан тергөө сотунда аяктайт.УК 387.1

    Качан тергөө соту өз ишин аяктаганда, Машаяктын бардык кылымдагы жолдоочуларынын иштери каралып, жана алар үчүн чечим чыгарылганда, ошондо сынак мезгили аяктап, ырайымдын эшиги биротоло жабылат. Демек, кыска айтылган - “жана даяр тургандар Аны менен бирге үйлөнүү үлпөтүнө киришти, жана эшиктер жабылды”, деген сөз, - Куткаруучунун жасап жаткан бардык акыркы иштерин камтыйт, жана бизди, адамзаатты куткаруу үчүн болгон улуу иштин аяктаган мезгилине алып келет.УК 387.2

    Биз башта көрүп кеткендей, жердеги аткарылган кызматтар Асмандагынын үлгүсү болгон, жана улуу дин кызматчы, куткарып алуу Күнүндө, биринчи бөлүмдөгү бир жылдык кызматы аяктап, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө кирген. Кудай мындай деп буйрук берген: “‘’Жана касиеттүү жайды тазалоо үчүн кирип, кайра чыкканча, жыйын ордодо бир дагы адам болбошу керек” (ЗМуса. 16:17). Ошондуктан, качан Машаяк Өзүнүн куткаруу ишинин акыркы бөлүгүн аткаруу үчүн, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүгүнө киргенде, Ал Өзүнүн биринчи бөлүмдөгү кызматын токтоткон. Бирок качан биринчи бөлүмдө кызмат токтогондо, экинчи бөлүмдөгү кызмат башталды. Жердеги кызматтарда улуу дин кызматчы, куткарып алуу Күнүндө биринчи бөлүмдөн чыгып, өз күнөөлөрү үчүн чын жүрөктөн тoбo келтиришип кейиген түгөл Израил уулдарынын күнөөлөрүн, Кудай алдына алып келип тyрган. Ошондой эле Машаяк дагы, Өзүнүн жактоо ишинин биринчи бөлүгүндөгү кызматын яктап, экинчи кызматка кирген, ал Жерде Машаяк, Анын Каны аркылуу кечирим сурап кайрылган ар бир күнөөкөр үчүн, Атадан аларды кечирип коюсун cуранып жатат.УК 387.3

    Бул суроолор, 1844-жылы адвентистер үчүн түшүнүксүз эле. Машаяктын Келишин күткөн убакыт өтүп кетcе дагы, алар ишеним менен, Анын жакында Келе турганын күтүшкөн, өздөрүнүн акыркы күндөрү жашап жаткандыгын билишип, жана Анын Кудай алдындагы кызнаты аяктаган, деп ойлошкон. Мукаддастын окутуусу боюнча, Машаяктын Өз даңкында Келишине жакын, адамдарды сыноо мезгили аяктайт, деп ойлошкон. Ошондуктан алар, ырайымдын эшигин такылдатип, a көз жаштарын төккөн, жана ал эшик ачылбаган, окуяларды билдирген аяттарга кайрылышкан. Жана аларга мындай деген суроолор туулган: алар Машаяктын Келиши деп белгилешкен мөөнөт, балким, Анын Келишин билдирген кайгы күндөрү бoлyп жүрбөсүн? Келе тyрган сот Күнүнөн адамдарды сактап калуу максатында, өз тараптарынан бардык аракеттерин жасагандан кийин, алар өздөрүнүн милдеттерин аткардык, жана адамдар үчүн берилген жоопкерчилик бизден алынды дешкен. Ал эми алардын артынан айтылган ушак айыңдарга, жана шылдыңдарга, Кудайдын ырайымынан баш тарткандыгы үчүн, Кудайдын Руху калтырып койгон адамдар, деп түшүнүшкөн. Алардын ою боюнча, сынак мезгилдери аяктады, же “ырайымдын эшиги” жабылды, деген oй бекемделди.УК 388.1

    Бирок касиеттүү жай жөнүндөгү суроого токтолушуп, аны изилденишкенде, алардын жан дүйнөсүн ачык жарык жаркыратты. Эми алар, 2300 күн өткөндөн кийин 1844-жылдын аягында, бир окуя болот деген, сөздерүнүн туура экендигин билишкен. Он сегиз кылымдар аралыгында, Кудайга баруучу ырайымдын жана үмүттүн эшиги жабылганы менен, башка эшик ачылып, адамдардын күнөөлөрүн кечирүү, Машаяк аркылуу Ыйыктардын Ыйыгында аткарыла баштады. Ошентип, экинчисине жол берүү үчүн, Анын кызматынын бир бөлүгү аяктаган. Машаяк кызмат өтөп жаткан Асмандагы Касиеттүү Жайдын эшиги, күнөөкөр адамдар үчүн али ачык болуучу.УК 388.2

    Ошондо алар, Машаяктын Аян Китебиндеги алардын мезгилиндеги Жыйын үчүн айткан сөздөрүнүн чыныгы маанисин түшүнүштү: “Ыйык жана Чындык Болгон, Дөөттүн ачкычын алып жүрүүчү мындай дейт: Ал ачса, эч ким жаппайт, жапса, эч ким ачпайт: Мен сенин иштеринди билем; мына, Мен сенин алдында эшикти ачтым, аны эч ким жаба албайт” (Аян 3:7,8).УК 388.3

    Ким улуу куткаруу ишинде, ишеним менен Ыйсанын артынан ээрчип жүрө турган болсо, алар үчүн жасалып жаткан элдештирүү кызматынын жемиштерин пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат. Анын Биринчи Келишинде берилген жарыкты, Иудей эли кабыл албай койгондуктан, жана Ага дүйнөнүн Куткаруучусу катары ишенбегендиктен, Ал аркылуу кечирим ала алышкан эмес. Качан Ыйса Асманга көтөрүлүп, Өз шакирттеринин үстүнө Өзүнүн элдештирүүчү кызматынын алкыштарын төгүү үчүн, Өзүнүн Каны менен Касиеттүү Жайга киргенде, иудейлерди караңгылыкта, өздөрүнүн пайдасыз курмандыктарын чалуу үчүн калтырган. Анткени үлгү жана көлөке болгон кызматтар аяктаган. Башта адамдар Кудайга баруу үчүн мүмкүнчүлүк алган эшиктер жабылган. Иудейлер Аны табуу үчүн, Ал барган Асмандагы Касиеттүү Жайды издешкен жок. Ошондуктан алар, эч кандай Кудай менен баарлашууга ээ болуша алышкан эмес. Алар үчүн эшик жабылды. Алар Машаякты, Чыныгы Курмандык жана Жападан Жалгыз Кудай менен Элдештирүүчү катары, тааныша алышпады; акыры алар, Анын элдештирүүчү кызматынын же-миштерин пайдалана алышкан жок.УК 388.4

    Ишенбеген иудейлердин кабылган абалы, ишенбеген түркөй, биздин ырайымдуу Улуу Дин Кызматчыбыздын аткарган кызматтарынан, билип туруп баш тарткан адамдар үчүн, калтырылган сабак бoлyп эсептелет. Жердеги үлгү кызматтарында, качан улуу дин кызматчы Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө киргенде, бардык Израил жааматы касиеттүү жайдын айланасында чогулушуп, салтанаттуу түрдө, Кудай алдында өздөрүн жоошутушкан, ушундай кылуу менен гана алар, күнөөлөрүнөн кечирим алышып, жана жааматтан бөлүнүшкөн эмес. Ушул куткарып алуу Күнүндөгү биздин Улуу Дин Кызматчыбыздын аткарып жаткан иштерин түшүнүү, жана өз милдетибизди билүү, канчалыктуу чоң мааниге ээ.УК 389.1

    Кудай Өз ырайымы менен жиберип жаткан эскертүүлөрдү, адамдар ар-дайым эле четке кагышып, жазасыз кала берише алышпайт. Нух пайгамбардын күндөрүндө дагы Асмандан кабар келген, жана адам-дардын куткарылуусу, ошол жиберилген кабарга жасаган мамилесине жараша болгон. Жана алар бардык эскертүүчү кабарлардан баш тартып коюшкандыктан, Кудайдын Руху күнөөгө баткан адамзаат уруусунан Өз Жүзүн бурду, жана алар топон суу менен кыйроого кабылышты. Ыбраайым пайгамбардын мезгилинде, Кудайдын эскертүүчү ырайымы Содом тургундарына кабарын токтоткондо, Асмандан жааган от, Лот жана анын эки кызынан башкалардын бардыгын жалмап жок кылган. Машаяктын күндөрүндө дагы ошондой болгон. Кудайдын Ыйыгы, ошол кездеги ишенбеген еврейлерге кайрылып, мындай деген: “Мына силердин үй-жайыңар ээн калат” (Мф. 23:38). Жана акыркы күндөрдөгү адамдарга кайрылып, ошол эле Чексиз Күч, өз куткарылуусу үчүн, чындыктын сүйүүсүн кабыл албай койгон адамдарга кайрылып, мындай дейт, “ошондуктан алар, жалган нерселерге ишенсин деп, Кудай аларга алдоочу кубат-аракет жиберет, чындыкка ишенбегендер, бирок адилетсиздикти сүйүүчүлөрдүн бардыгы айыпталышсын” (2 Фес. 2:11,12). Мына ушундайча, ишенбеген адамдар Анын Сөздөрүнүн окутууларын кабыл ала алышпайт, Кудай алардан Өз Рухун алат, жана алар өздөрү сүйгөн адашуунун бийлигинде калтырат.УК 389.2

    Бирок Машаяк, адамдар үчүн күбөлүккө өтүп сыйынуусун улантууда, жана Аны издеген ар кимге, чындыктын жарыгы берилет. Башталышында мунун бардыгы адвентистер үчүн түшүнүксүз болгон, бирок Ыйык Жазуунун аркасында, акыры бардыгы түшүнүктүү бoлyп калды.УК 390.1

    1844жылы күтүү мезгили келгенде, адзентистердин ишенимине карманган адамдар үчүн, улуу сынак мезгили келген. Адвентистердин жактаган окутуусунун чындык экендигин бекемдей турган, жалгыз гана жарык, алардын акылын Асмандагы Касиеттүү Жайга бурган, багыт болгон. Кээ бир адамдар, пайгамбарлык мезгилдерди эсептөө туура эмес, деп ишенимден баш тартышып, Ыйык Рухтун таасири менен коштолуп келе жаткан адвентистердин кыймылын, адамдан жана шайтандан гана болгон кыймыл дешкен. Башка адамдар болсо, алардын баштан өткөргөн сынактарында, Теңир аларды колдогондугуна бекем ишенишкен, жана сергектик менен күтүшүп, Кудайдын эркин түшүнүү үчүн сыйынышкан, алардын Улуу Дин Кызматчысы, Өзүнүн ыйык кызматынын экинчи бөлүгүнө Киргендигин түшүнүшүп, ишеним аркылуу Анын артынан эрчишип, Жыйындын жер үстүндөгү, акыркы кызматынын маанисин билишти. Алар, биринчи жана экинчи периштенин кабарынын ачык түшүнүгүн билип алышты, жана Аян Китебинин 14бапында берилген үчүнчү периштенин эскертүүчү кабарын кабыл алууга, жана аны бул дүйнөгө таратууга, даяр турушкан.УК 390.2

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents