Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    27 Бап — Биздин Кyндөрдөгy Жандануулар

    Кайсыл жерде Кудайдын Сөздөрү ынтаалуулук менен насаатталган болсо, Кудай жөнүндө күбөлөндүргөн жакшы жемиштерди алып келген. Теңирдин кызматчыларынын иштерин Кудайдын Руху башкарып тургандыктан, алардын айткан сөздөрү бийликке ээ болгон. Күнөөкөрлөр жанданып жатышты. “Ар-кандай адамдарды жандандыра ала турган, бул дүйнөгө келген - жарык...” жүрөктөрдүн эң эле караңгы бурчтарын жарык кылды, жана “бардык жашыруун нерcелер ачыкка чыккан”. Алардын акылдарын жана жүрөктөрүн, терең тoбo келтирүүлөр бийлеген. Алар күнөө, адилеттик жана кыямат күн жөнүндө кабардар эле. Алардын аңсезимдеринде Кудайдын адилеттиги пайда бoлyп, аларда, жүрөктөрдү Сыноочунун алдында, өз таза эместиги жана айыптуулугу менен кантип турабыз, деген санаа орногон. Жана жан дүйнөлөрү туталанып, алаp минтип суранышкан: “Бизди бул күнөөнүн өлүмүнөн Ким куткара алат?” Алардын көз алдында Голгофа өз улуулугу, жана адамзаат үчүн алынып келген Чексиз Курмандыгы менен ачылып берилген, жана алар, Машаяктын кылган ишинен башка эч ким, аларды Кудай менен элдештирип, алардын мыйзамсыздыктарын жылмалай албастыгын, түшүнө башташкан. Жана алар ишеним менен, дүйнөнүн күнөөлөрүн Өзүнө алган Кудайдын Курмандык Козусун, ишеним жана момундук менен кабыл алышып, Машаяктын Каны аркылуу “күнөөнү калтыруу” жөндөмдүүлүгүн кабыл алышты.УК 416.1

    Бул жүрөктөр “тoбo кылуунун татыктуу жемиштерин көргөзүшкөн”. Алар ишеништи, сууга чөмүлүштү жана суудан жаңы жашоо үчүн, Ыйса Машаякта жаңы жаратылыш бoлyшyп, экинчи баштагы “денелик кумарлар” менен жүрбөй тургандай, бoлyп чыгышкан. Кудай Уулуна ишенүү менен, анын жолу менен жүрүп, Анын сапаттарын чагылдырып, жана ошондой эле Кудайдын тазалыгына жетүүгө умтулушкан. Алар эми башта жактырбаган нерселерин жакшы көрүп, башта жакшы көргөн нерселерин жаман көрүп калышкан. Кежирлик жана менменсингендик, момун тил алчаак жүрөккө айланган; даңкты сүйүүчүлүк жана текебердик салабаттуулукка жана токтоолукка; адеп -ахлаксыздык - такыбаалыкка; аракечтик - соолукка; бузукулук - даанышман адамга алмашты. Жердик бардык маанисиздик калтырылган. Кудайга ишенген адамдар үчүн башкысы “сырткы чачтын өрүмү эмес, алтын жасалгалар же кийимдин кооздугу эмес” - алар үчүн үлгү “жүрөктө сакталган, өчпөс кооздугу бар, рухунда момун, көп сүйлөбөгөн адам, Кудайдын алдында, бул кымбат баалуу жасалга” (1 Петр. 3:3,4), бoлyп саналган.УК 416.2

    Кирип келген жандануулар, адам-дардын өз жүрөктөрүн изилдеп жана өздөрүн момун болууга мажбурлады. Машаяк ким үчүн Канын төккөн болсо, аларга эң эле салтанаттуу жана олуттуу чакырыктар айтылып жатты. Эркектер жана аялдар Кудайга сыйынуу менен кайрылышып, Кудай менен бирдикте адамдарды куткарып калуу үчүн күрөшүп жатышты. Бул кыймыл-дын жыйынтыктары, Машаяктын Ысымынын урматына, адамдар алдында шылдындоолорду жана сынактарды бакыт үчүн баштарынан өткөрүп жатышкан адамдардын, өзүнүн керт башынын кызыкчылыктарын ойлобогондугунан көрүнүп турду. Машаякка ишенген адамдардын жашоолорунда, кескин өзгөрүүлөргө бардыгы күбө бoлyп жаткандыгын, бардык адамдар көрүшкөн. Бул адамдар коомчулукка жакшы таасир калтырышкан. Алар Машаяк менен бирдикте жыйнап, жана түбөлүктүү өмүрдүн жемиштерин чогултуп алуу үчүн, Рух менен бирдикте себишкен.УК 417.1

    Алар жөнүндө минтип айтууга болот: “Силер тoбo кылуу үчүн капалангансыңар”. “Анткени Кудайдын урматына чеккен капа, куткарылуу үчүн чыныгы тoбo келтирет, силердин Кудайдын урматына капа болгондугуңардын өзү силерге кандай ынтааны, кандай кечирим, айыптууга кандай кыжырланууну, кандай коркунучту, кандай каалоону, кандай ынтаалуулук, кандай жазаны келтирээрин көргүлөчү! Силер өзөңөрдө бул иште бардык жагынан таза көргөздүңөр” (2Кор. 7:9-11).УК 417.2

    Бул Кудай Рухунун аракеттеринин жыйынтыгы эле. Бир гана жашоодо бoлyп жаткан өзгөрүүлөр, чыныгы тoбo келтиргендик жөнүндө күбөлөндүрө алат. Эгерде күнөөкөр кепилдигин кайтарып, уурдаганын берсе, өз күнөөлөрүнөн тoбo келтирип, жана Кудайды, жана өз жакындарын сүйө баштаса, анда ал, Кудай менен элдештим деп, ишенсе болот. Баштагы жылдардагы диний жандануулардын жыйынтыгынын аягы мына ушундай болгон. Алардын алкышка толгон иштеринин жемиштерин таразалоо менен, алар Теңир аркылуу адамдарды куткаруу жана бардык адамзаат тукумун жогору баалоо үчүн, арналгандыгын биле алабыз.УК 417.3

    Баштагы Кудайдын ырайымы иштерин баштап жүргөн Кудайдын кызматчыларынан, биздин учурдагы ушул сыяктуу иштерге арналган кыймылдар, бир канча айырмаланып турат. Бардык адамдар арасында жандануу бoлyп, жана көпчүлүк адамдар Кудайга кайрылып, жыйындар толуп жаткандыгы жалгандык эмес, ошондой болсо дагы, чыныгы руханий жашоо өсүп жатат, деп айтууга болбойт. Жарык бир канча убакыт жарык бoлyп келет, андан кийин кайрадан өчөт дагы, караңгылык көзгө сайса көрүнгүс бoлyп калат.УК 417.4

    Көпчүлүк мезгилдерде диний жандануулар, адамдардын жаңы жана таң калыштуу бир нерсе көрүнү каалаган, күчтүү сезими аркылуу ийгиликке жетишет. Ушундай сезим менен Кудайга кайрылган адамдар, Мукаддас агы айтылган чындыктарды угууну каалашпайт, алардын пайгамбарлардын жана элчилердин күбөлөндүрүүлөрүнө кызыгуусу дагы артпайт. Эгерде Кудайга карата бoлyп жаткан кызматтарда, таң калтыра турган эч нерсе болбой турган болсо, анда ал аларды кызыктырбайт. Жана, кумарларга чулганбаган, акылга чакырык салган кабар, аларда кызыгуу жаратпайт. Алардын түбөлүк өмүрү үчүн кызыгаарлык Кудай Сөзүндөгү эскертүүлөрдү, алар барк алышпайт.УК 418.1

    Ар бир чын жүрөктөн кайрылган адамдар үчүн, Кудай жана түбөлүк менен мамилеси, бул дүйнөдө эң негизгиси бoлyп эсептелет. Бирок, азыркы кездеги таанымал жыйындардын кайсынысында, өзүн Кудайга арноо руху бoлyп жатат? Кайрылган адамдар өз текебердигинен жана дүйнөгө болгон сүйүүсүнөн, баш тартышпайт. Жада калса кайрылгандан кийин дагы, өзүндөгү “мен” деген рухун коё бербейт, өз айкашкан жыгачын алып, Машаяктын артынан жолдобойт. Кайырдиндер жана скептиктер үчүн дин шылдың бoлyп калды, анткени Машаяктын атын алып жүргөн адамдардын жашоосу, Машаяк койгон шарттардан алыc. Такыбаалыктын күчү көп деген жыйындаардан куулуп ташталган. Шаан-шөкөттүү сейилдөөлөр, жыйындык жарманкелер жана оюн-зооктор, оюндар, өтө кооз тамдар, жеке көргөзмөлөр - булардын бардыгы, Кудай жөнүндөгү oй жүгүртүүлөрдү басып коюда. Адамдар дүйнөлүк кам көрүүлөргө, жер менен алек болууларга жана каражаттарга ушунчалык сүңгүп кирип кеткендиктен, түбөлүк баалуулуктар арзыбаган, майда жана керексиз бoлyп сезилет.УК 418.2

    Жалпы адамдардагы ишенимдин жана Кудайдан коркуунун төмөндөп кеткендигине карабастан, бул жый-ындардын ичинде чыныгы Машаяк жолун жолдогон адамдар бар. Кудайдын соту жер планетасына келээрдин алдында, Кудай элинин арасында, элчилердин күндөрүнөн бери бoлyп көрбөгөндөй, жандануулар бoлyп өтөт. Кудай уулдарынын үстүнө Кудайдын Руху жана күчү куюлат. Ошондо көп сандаган адамдар, Кудайга жана Анын Сөзүнө болгон сүйүүнү, дүйнөгө болгон сүйүү кууп чыккан жыйындарын калтырышат. Көпчүлүк насаатчылар жана ишенген жөнөкөй адамдар, Машаяктын Келишине даярдоо үчүн, Кудайдын эрки боюнча жарыяланган кабарды, кубанычтуулук менен кабыл алышат. Бирок адам өмүрүнүн душманы, бардык күчү менен бул ишке жолтоо берүүгө аракееттенип турат; ал, бул кыймылдын болуусуна жолтоо бoлyп, аны жалгандык менен алмаштырат. Ал азгырууга үлгүрүп калган жыйындарда, Кудайдын алкыштары азыр эле жаап калгандай, шарт тyзүп коюда; жана улуу диний жандануулар бoлyп жаткан сыяктуу сезилет. Көп сандаган адамдар, алардын өмүрүндө Кудайдын таасир бергендигине сүйүнүшөт, бирок ошол эле мезгилде буларды башка рух аткарат. Динчилдиктин кебин кийинүү менен, шайтан өз таасирин түгөл христиан дүйнөсүнө таратууну каалап жатат.УК 418.3

    Көп сандаган диний кыймылдарда, акыркы жарым кылым ичинде, көптөр, аздыр келечекте чоң; кыймыл аркылуу аркеттене турган, ошол күчтүн иштери көрүнүп келүүдө. Ушундай күчтүү сезимдерге ээ болгон адамдар, чындык менен жалгандыкты аралаштырышып, көп адамдарды адашууга алып кетип жаткандыгын, биз көрүп жатабыз. Бирок алдоодон качып кутулууга болот. Кудай Сөзүнүн негизинде, бул кыймылдын жаратылышын айырмалоо, анчалыктуу кыйын эмес. Ыйык Жазуунун күбөлөндүрүүлөрүн барк албаган, ошол ачык айтылган, адамдарды сыноочу, керг башынын кызыкчылыктарынан жана дүйнөлүк кумарлардан баш тартууга үндөгөн чындыктардан баш тарткан жерде, Кудайдын акбатасы болбойт, деп ишенимдүү айта алабыз. Эгерде Машаяктын Өзү аркылуу берилген эрежени колдоно турган болсок: “Аларды жемиштеринен таанып аласьщар” (Мф. 7:16), деген сөздөрдөн, бул кыймыл - Кудайдын Рухунан эмес, деген тыянакка келебиз.УК 419.1

    Өз Сөзүндөгү чындыктардан, Кудай Өзүн адамдарга ачып берген, жана бул чындыктарды кабыл алган ар ким үчүн, алар шайтандын урган соккусуна карата калкан боло алат. Ушул чындыктарды барк албагандык, бyгүнкү күндө диний дүйнөдө кецири таратылган жамандыктарга, өз эшигин ачып берүүдө. Кудай Мыйзамынын негизи жана маанисинин көбү көз алдыдан жоголгон. Кудай Мыйзамынын талаптары жана бузулгустугу жөнүндөгү көз караштарга туура эмес кароо, кайрылууну жана касиеттикти тетири кабыл алууга алып келет, ал эми бул болсо, жыйндагы боло турган такыбаалыктын жоголуусуна себеп болууда. Азыркы жыйындарда, жанданууда Кудайдын Рухунун жана күчүнүн болбой жаткандыгы, мына ушуну менен түшүндүрүлөт.УК 419.2

    Ар-кандай ишенимдеги, өз такыбаалыгы менен таанымал болгон адамдар, ушул чындыктарды моюнга алуу менен, бoлyп жаткан нерселер үчүн, катуу туталанышууда. Профессор Эдуард А. Парк азыркы мезгилдеги диндерде туулуп жаткан коркунучтар жөнүндө айтканда, кылдаттык менен буларды байкаган: “Бoлyп жаткан коркунучтардын булагынын бири, биздин кафедраларда Кудай Мыйзамы жөнүндө айтууну барк албагандыкта. Башталышында кафедра абийирдин үнү бoлyп эсептелген... Биздин көрүнүктүү насаатчыларыбыз, өз Yйрөтүүчүсүнүн үлгүcү боюнча, жогорку орунга Мыйзамды, Осуяттарды жана тыюу салынган нерселерди койгондугу үчүн, салтанаттуу улуулукка жетишкен.Алар эки улуу нерсе жөнүндө айтууну унутушкан эмес: Мыйзам Кудайдын жеткилендигин чагылдырып турат, жана Мыйзамды сүйбөгөн адам, Жакшы Кабарды дагы сүйө албайт, анткени Мыйзам Жакшы Кабар сыяктуу эле, Кудайдын чыныгы мүнөзү чагылдырылган - күзгү. Бул суроогө шалаакылык көргөзүү, күнөөнүн оордугун, анын жийиркеничтүү жаратылышын сезбегендик. Мыйзам канчалыктуу адилет болсо, аны сактабагандыктын дагы жамандыгы ошончолук жогору”.УК 419.3

    Буга дагы, Кудайдын адилеттигине баа бербегендик коркунучу кошулат. Азыркы кездеги насаатчылар, Кудайдын адилеттигин, Кудайдын ырайымынан ажыраткылары келишет, жана ырайымды негиз катарында жогору көтөрүүнүн ордуна, алар аны сезимдин деңгээлине чейин төмөн түшүрүүдө. Азыркы мезгилдеги динди териштирген теологдор, Кудай бириктирген нерсе-лерди ажыратууга аракеттенишип жатышат. Чыныда эле Мыйзам өзү кандай - жакшыбы же жаманбы? Бул жакшы. Эгерде андай болсо, ырайым дагы - жакшы, анткени ал, Мыйзамды аткарууга каалоо жандандырат. Кудайдын адилеттигин жана Мыйзамын, адамдардын тил албастык деңгээлин баалабагандыкка көнүп калгандыктан, адамдар күнөөдөн куткарып алуу үчүн ишке ашкан ырайымды баалашпайт. Ушундайча адамдардын акылында Жакшы Кабар төмөндөтүлүп, көп узабастан алар Ыйык Жазууну окуудан дагы баш тартышат.УК 420.1

    Көптөгөн диний насаатчылар, Машаяк Өз өлүмү менен Мыйзамды жокко чыгарган жана адамдар Мыйзам талаптарынан бошотулат, деп белгилешет. Мыйзам - бул адамдар үчүн оор түйшүк алып келет, деген адамдар дагы жок эмес, жана алар Жакшы Кабар аркылуу белек кылынган Мыйзамды, бирибирине каршы коюшат.УК 420.2

    Бирок Кудайдын ыйык Мыйзамдарына пайгамбарлар жана элчилер башкача карашкан. Дөөт пайгамбар мындай дейт: “Мен эркин жүрөм, анткени мен Сенин буйруктарыңды күтүп жүрөм” (Забур. 118:45). Элчи Жакып, Машаяктын өлүмүнөн кийин Он Осуятты “падыша мыйзамы” жана “эркиндик мыйзамы” (Жакып. 2:8; 1:25), деп атаган. Жана Ыйсанын өлүмүнөн 50 жыл убакыт өткөндөн кийин, Иоанн Мыйзамды сактагандар үчүн Кудайдын өзгөчө алкышы төгүлө тургандыгы жөнүндө айткан “Анын парыздарын сактагандар бактылуу, алар өмүрдүн дарагына укуктуу болушат, жана шаардын дарбазасы менен киришет” (Аян. 22:14).УК 420.3

    Машаяк Өз Асмандагы Атасынын Осуяттарын жокко чыгарат, деген сөздөрдүн эч кандай негизи жок. Эгерде Мыйзамды өзгөртүү, же жоюу мүмкүн боло турган болсо, анда Машаяктын адамдарды күнөөнүн жазасынан куткаруу үчүн өлүмүнүн кажети жок болмок. Мыйзамды жеңилдетүүгө эч кандай тиешеси жок, Машаяктын өлүмү, анын бузулгустугун далилдейт. Кудай Уулу “мыйзамды жогору көтөрүп даназалоо” (Ис. 42:21), үчүн келген. Ал айткан: “Мени мыйзамды бузуу үчүн келди деп ойлобогула”. “Асман менен жер өтүп кетмейинче, мыйзамдын бир дагы ариби, же бир дагы сызыгы өтүп кетпейт” (Мф. 5:17,18). Жана Ал Өзү жөнүндө мындай дейт: “Мен Сенин эркиңди аткаргым келет, Менин Кудайым, жана Сенин мыйзамдарың Менин жүрөгүмдө” (Забур. 39:9).УК 421.1

    Кудай Мыйзамы өзгөрүлгүс Мыйзам. Ал өз Авторунун мүнөзүн жана эркин ачып турат. Кудай Өзү сүйүү, жана Анын Мыйзамдары дагы сүү Мыйзамдары. Анын эки улуу принциптери булар - Кудайга болгон сүйүү жана адамдарга болгон сyйүү. “Сүйүү бул, мыйзамдын аткарылышы” (Рим. 13:10). Кудайдын сапаты чындык жана адилеттүү; жана Анын Мыйзамдары дагы ошондой эле өзгөрүлгүс. Забур Китебинде мындай деп жазылат: “Сенин Мыйзамдарың - чындык”, “Сенин баардык осуяттарын адилеттүү” (Забур. 118:142, 172). Жана элчи Павел дагы мындай деп тастыктайт: “Мыйзам ыйык, осуят дагы ыйык, адилет жана жакшы” (Рим. 7:12). Кудайдын эркин жана даанышмандыгын чагылдырган Мыйзам, мына ушундай, өзүнүн Автору сыяктуу эле түбөлүктүү.УК 421.2

    Кайрылуу жана ыйыкталуу, адамдар Кудай менен элдешип жана Анын эрки менен жашаган сыяктуу эле, ажырагыс нерсе. Башталышында адам Кудай түспөлүндө жаратылган. Жана ал жаратылыш жана Анын Мыйзамы менен, жеткилең тыкыз байланышта эле. Адилеттиктин негиздери анын жүрөгүндө жазылуу болуучу. Бирок күнөө, аны Кудай менен ажыратты. Жана адам өзүндө Кудайдын бейнесин чагылдырууну токтотту. Жана анын жүрөгү, Кудайдын Мыйзамдарына каршы согуш жарыялаган. “Денелик ойлор Кудайга каршы душмандык; анткени ал Кудайдын мыйзамдарына баш ийбейт, жана баш ийе дагы албайт” (Рим. 8:7). Бирок, “Кудай дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн Жалгыз Уулун берди”, Өзүн адамдар менен элдештирүүнү каалады. Жана Машаяктын жасаган ишинин урматына, адам Кудай менен тыкыс байланышта бoлyy мүмкүнчүлүгүн алган. Анын жүрөгү, Кудайдын ырайымы менен жаңыланышы керек; жана ал жаңы, Кудайдан келген өмүргө ээ боло алат. Ушул өзгөрүү экинчи төрөлүү бoлyп эсептелет, Ыйса Машаяк, мындай болбой тyрган болсо, “адам Кудайдын Падышалыгын көрө албайт”, дейт.УК 421.3

    Кудай менен болгон элдешүүнүн алгачкы кадамы — бул күнөөнү сезүү. “Мыйзамсыздык өзү күнөө бoлyп эсептелет”. Жана “Мыйзам аркылуу күнөө таанылат” (1 Ин. 3:4; Рим. 3:20). Өзүнүн айыптуу экендигин сезүү үчүн, күнөөкөр өзүн Кудайдын улуу Таразасы менен, сынап көрүшү кeрeк. Бул, адилеттүү мүнөздүн жеткилеңдигин ачып берип, жана адамга өз кемчилигин көрүүгө жардам берип турган - күзгү бoлyп саналат.УК 422.1

    Мыйзам адамдарга алардын күнөөлөрүн гана ачат, бирок адамдарды күнөөдөн арылта албайт. Ким аны аткара турган болсо, ага түбөлүк өмүр убада кылынган, ал эми аны бузган адамдардын энчиси - өлүм. Бир гана Машаяктын Жакшы Кабары, адамды күнөөнүн каргышыкан жана жамандыгынан куткара алат. Адам Кудайдан, Анын Мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кечирим суранып, Машаяктын ал үчүн төкөн Канынын урматына, Ага кайрылышы керек. Ушундай кылуу менен гана ал, “күнөөнү калтыруу” жөндөмдүүлүгүнө ээ боло алат, жана Кудайдын сапатына шериктеш болот. Ал эми - Кудайдын уулу, бала кылып алуу рухун алган, жана ал “Авва Ата!” деп, кубануу менен үн ката алат.УК 422.2

    Эми ал Кудай Мыйзамынын талаптарынан бошотулабы? Элчи Павел мындай дейт: “Демек, биз ишеним менен мыйзамды жок кылабызбы? Эч кандай; бирок мыйзамды бекемдейбиз”. “Биз күнөө үчүн өлгөнбүз: эми кантип биз анда жашай алабыз?” Жана Иоанн мындай дейт: “Анткени Кудайды сүйгөндүгүбүздү, Анын Парыздарын сактап жүргөндүгүбүздөн билебиз; жана Анын Осуяттары кыйын эмес” (Рим. 3:31; 6:2; 1 Ин. 5:3). Жаңы төрөлүүдө, биздин жүрөк Кудай жана Анын Мыйзамдары менен элдешет. Качан күнөөкөрдүн жашоосунда мына ушундай чоң өзгөрүү болгондо гана, ошондо ал өлүмдөн - өмүргө, күнөөдөн - ыйыктыкка, мыйзамсыздыктан жана нааразычылыктан - баш ийүүчүлүккө жана ишенимдүүлүккө өтөт. Кудайдан баш тарткан жашоо аяктап; келишимдүүлүктүн, ишенимдин жана сүйүүнүн жаңы жашоосу башталат. Ошондо Мыйзамдын адилеттиги “дене боюнча эмес, бирок Рух боюнча жашаган биздин ичибизде аткарылат”. Жана биз бүт жүрөгүбүз менен минтип айта алабыз: “Мен Сенин Мыйзамдарыңды кандай жакшы көрөм! Жана ал жөнүндө, күнү бою ойлоном” (Забур. 118:97).УК 422.3

    Кудайдын Мыйзамы жеткилең, жанды кубаттайт” (Забур. 18:8). Кудайдын Мыйзамы болбосо, адамдар тазалык жана ыйыктык жөнүндө, өздөрүнүн айыптуулугу жана ыпыластыгы жөнүндө элестете албаган сыяктуу, туура элестете алышпайт. Алар өздөрүнүн күнөөкөр экендигин сезбегендиктен, тoбo келтирүүгө өз муктаждыктарын дагы билишпейт. Кудайдын Мый-замын бузган, өздөрүнүн өлүм ал-дындагы абалын байкабастан, алар Кудай менен элдештирүүчү Маша-яктын Канына муктаждыктарын сезбейт. Куткарылуу үчүн болгон үмүт, алардын жүрөктөрүн тазалап жана жашоосун өзгөрткөнгө аракеттендирбейт. Ушундай үстүртөдөн болгон кайрылуу, көнүмүш адетке айланган, жана көпчүлүк адамдар Машаяк менен жоолугушпастан, жыйындарга кошулууда.УК 422.4

    Касиеттүүлүк жөнүндөгү болгон жалган oй жүгүртүүлөр, Кудайдын Мыйзамдарын барк албагандык жана алардан баш тарткандыктын жыйынтыгы бoлyп эсептелет, жана биздин мезгилдеги диний кыймылдардын көрүнүктүү орундарын ээлейт. Бул oй жүгүртүүлөр доктриналык жагынан туура эмес, жана өз иштери менен коркунуч туудурат; жана адамдар буларды жакшы кабыл алышат, ошондуктан Жазуудан ушул суроого түшүнүк алуу үчүн, окуу зарыл.УК 423.1

    Чыныгы касиеттүүлүк - бул Ыйык Жазуунун окутуусу. Элчи Павел өзүнүн Фессалоникалыктарга жазган катында мындай дейт: Анткени Кудайдын эрки, силердин касиеттүү болушунарда”, жана ал мындай деп сыйынат, тынчтыктын Кудайы силерди “бардык толуктугу менен” касиеттүү кылсын (1 Фес. 4:3; 5:23). Касиеттүүлүк деген эмне, жана ага кандайча жетиш керектиги туурасында, Мукаддас ачык түшүнүк берет. Куткаруучу Өзүнүн шакирттери жөнүндө минтип сыйынган: “Аларды Өз чындыгың менен ыйыкта: Сенин Сөзүң чындык экен” (Ин. 17:17). Жана элчи Павел дагы, ишенген адамдар Ыйык Рух аркылуу ыйыкталышы керек, деп айткан (Рим. 15:16). Ыйык Рухтун иши эмнеде? Ыйса Өзүнүн шакирттерине мындай деген: “Качан Ал, Чындыктын Руху келгенде, силерди ар-кандай чындыкка үйрөтөт” (Ин. 16:13). Жана Забур Китебинде мындай деп жазылган: Сенин Мыйзамдарың чындык”. Кудайдын Сөзү жана Руху аркылуу, Анын Мыйзамдарында камтылган адилет-тиктин улуу чындыктары адамдарга ачылып берилген. Жана ошондуктан Кудайдын Мыйзамдары “ыйык, адилет жана жакшы” болгондуктан, Кудайдын жеткилеңдигин чагылдырат, жана ушул Мыйзамдын негизи аркылуу калыптанган мүнөз дагы, ыйык бoлyп эсептелет. Ушундай сапаттын үлгүсү, Машаяк Өзү бoлyп саналат. Ал айтат: “Мен Атамдын Осуяттарын сактагам”. “Мен ардайым Ага жакканын кылам” (Ин. 15:10; 8:29). Машаяктын жолдоочулары Ага окшошуулары керек; Кудайдын ырайымы аркасында, алар өз мүнөздөрүн, Анын ыйык Мыйзамдарынын негиздери менен байланыштырышы зарыл. Бул Мукаддастагы касиеттүүлүк бoлyп эсептелет.УК 423.2

    Бул биздин ичибиздеги жашап жаткан Кудайдын Рухунун күчү, жана Машаякка ишенүү менен гана иш жүзүнө аша алат. Элчи Павел ишенгендерди мындай деп насааттайт: “Өзүңөрдүн куткарылууңарды, коркунуч жана титирөө менен жүзөгө ашыргыла, себеби Кудай силердеги тилекти дагы, аракетти дагы, Өзүнүн жакшы ниети боюнча жүзөгө ашырат” (Флп. 2:12,13). Күнөө ишенген адамды азгырып турат, бирок ал, ардайым аны менен күрөшүп турат. Мына ушул жерде гана Машаяктын жардамы адамдар үчүн талап кылынат. Адамдык алсыздык Кудайдын күчү менен биригип, жана күнөөлүү адам ишеним менен мындай деп айта алат: Биздин Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу бизге жеңиш алып бергeн, Кудайга ыраазычылык!” (1 Кор. 15:57).УК 423.3

    Касиеттүү бoлyy иши - бул үзгүлтүксүз боло бере турган иш экендиги жөнүндө, Ыйык Жазуу бизге ачык айтып берет. Качан кайрылган адам, куткарып алуучу Кан аркылуу Кудай менен тынчтык тапканда, чыныгы ишенүүчүлүк жашоо, ошондо гана башталат. Эми ал жеткилендикке умтулуп, “Машаяктын толуктугуна чейин өсүүсү керек. Элчи Павел мындай дейт: “Артта болгонун yнyтyп алга басып, Ыйса Машаяк аркылуу Кудай берген жогорку наамдын деңгээлине жетүү үчүн, максатка умтулам” (Флп. 3:13,14). Жана элчи Петр дагы, Ыйык Жазуудагы касиеттүүлүккө кандайча жетүү керектиги туурасында, бизге секичелерди койгон: “Эми силер дагы бардык аракетиңерди ошого жумшап, ишенимиңерде ийгиликти, ийгиликте эстүүлүктү көргөзгүлө, эстүүлүктө токтоолукту, токтоолукта чыдамкайлыкты, чыдамкайлыкта такыбаалыкты, такыбаалыкта бурадардык сүйүүнү, бурадардык сүйүүдө жалпы сүйүүнү көрсөткүлө... Ушундай иш кылып жатсаңар, эч качан мүдүрүлбөйсүңөр” (2Петр. 1:5-10).УК 424.1

    Ким өз тажрыйбасында Жазуудагы касиеттүүлүктү башынан өткөргөн болсо, бардыгында момундук рухун көргөзө алат. Муса пайгамбар сыяктуу, алар ыйыктыктын даңкын көрүшкөн, өз иштеринин татыксыздыгын, Түбөлүктүү Кудайдын таза жана өтүп кетпей турган жеткилеңдиги менен салыштырышкан.УК 424.2

    Чыныгы касиеттүүлүктүн үлгүсү бoлyп, Даниил пайгамбар эсептелет. Анын жашап өткөн өмүрү, өзүнүн Жаратуучусуна кызмат кылуу менен толуп турган. Ал Асман аркылуу жактырылган адам болуучу (Дан. 10:11). Бирок, бул кадырлуу пайгамбар, өз тазалыгы жана кадырлуулугу менен мактанбастан, өзүн күнөө кетирген күнөөкөрлөр менен бир деңгээлге коюп, өз эли үчүн Кудайдын ырайым кылуусун суранат: “Анткени биз Сенин алдыңда баш ийип сыйынабыз, өз такыбаалыгыбызга үмүт кылбай, Сенин кайрымыңа үмүт кылабыз”. “Биз күнөө кетирдик, адилетсиз иш жасадык”. Ал дагы мындай деп түз суранат: “Жана мен ушуну айтып жалынып, өз күнөөм үчүн, жана менин элимдин күнөөсү үчүн сурандым”. Жана качан Кудай Уулу ага кубат берүү үчүн кийинчирээк келгенде, Даниил мындай дейт: “Бирок менде кубат калган жок, жүзүм абдан кумсарып, шайдоот боло албай шайым ооду” (Дан. 9:18,15,20; 10:8).УК 424.3

    Качан Аюб пайгамбар, Кудайдын үнүн катуу шамалдын арасынан укканда, ал мындай деген: “Мен чаңга жана күлгө чулганып тoбo келтирем, анткени мен айыптуумун” (Аюб. 42:6). Исаия пайгамбар Кудайдын даңкын көргөндө, периштелер мындай деп үн салышкан: “Ыйык, ыйык, ыйык Ааламдын Теңири!”, ошондо ал мындай деп озондоп жиберген: “Maгa кайгы! Мен өлдүм! Анткени мен оозу булганган арам адаммын” (Ис. 6:3,5). Элчи Павел дагы үчүнчү Асманга алынып, адамдарга айта ала тyрган сөздөрдү укканда, өзү жөнүндө мындай деген: “касиеттүүлөрдүн эң кичинесимин” (Еф. 3:8). Машаяктын төшүнө бир канча жолу өз башын жөлөгөн сүйүктүү Иоанн дагы, анын даңкын көрүп, периштенин алдына өлүк сыяктуу жыгылган (Аян. 1:17).УК 425.1

    Ким Голгофа айкаш жыгачынын көлөкөсүндө жашаган болсо, менменсинген сезимге ээ болбойт, жана күнөөдөн арылгам деп мактанбайт. Алар, күнөө кылуу менен Кудай Уулуна азап алып келип, жана Анын жүрөгүн жаралагандыгын билишет, жана ушул oй аларды баштагыдан дагы өзүн төмөн сезүүгө алып келет. Адам канчалыктуу Машаякка жакын болгон болсо, ошончолук ал, адамдын күнөөкөрлүгүн жана алсыздыгын сезе баштайт, жана бир гана өлгөн жана тирилген Машаяктын ишине гана таянып калат.УК 425.2

    Азыркы диний дүйнөсүндө таралып жаткан касиеттүүлүк жөнүндөгү түшүнүк, өзүн жогору көтөрүү жана Ыйык Жазууга тиешеси жок сыяктуу, Кудайдын Мыйзамдарына көңүл бyрбагандык рухуна толгон. Мындай көз караштардын жактоочулары минтип окутушат, касиеттүүлүк - бул, адам ишеним аркылуу жеткилең ыйыктыкка жетүүчү, бир жолу келүүчү нерсе. “Бир гана ишенгиле, - дешет алар, жана алкыштоо аласыңар”. Алардын ою боюнча, алкыштоо алган кишилерге, андан наары эч кандай эмгек жумшоонун зарылдыгы жок. Ошол эле мезгилде алар Кудай Мыйзамынын авторитетинен баш тартышат, жана Осуяттарды сактоо зарылдыгынан бошонгонбуз дешет. Бирок, Кудайдын жаратылышын жана эркин көргөзүп турган, Ага жакшы көрүнгөн негиздеринен баш тартып, Теңирге жаккан жана Анын сапатына шайкеш келген ыйыктыкка, адамдын жетиши мүмкүнбү?УК 425.3

    Дүйнөлүк байлыктардан баш тартуу үчүн күрөш талап кылынбаган, жанга жагымдуу, жеңил динди кабыл алууну каалагандыктан, бир гана ишеним жетишиктүү, бир гана ишеним деген окутуу жаралган. Бул окутуу өтө кеңири таанымаал, бирок Кудай Сөзү эмне дейт? Элчи Жакып мындай дейт: “Менин бурадарларым, эмне пайда, эгерде кимде-ким ишенем десе, бирок ишенимине жараша иштери жок болсо, ишеним ошол адамды куткара алабы?... Бирок сен акылсыз адам, ишсиз ишеним жансыз ишеним экендигин билгиң келеби? Биздин атабыз Ыбрайым өз уулун Исакты курмандык чалуучу жер үстүнө коюп, өз иши менен акталган эмес беле? Анын иштеринин аткарылышына ишеним жардам берип, иштери менен ишеними жеткилеңдикке жеткенин көрдүңбү?... Көрдүңөрбү? Адам ишеними менен гана эмес, иши менен дагы акталат” (Жакып. 2:14-24).УК 425.4

    Мындай жалган окутууга каршы Кудай Сөзү, ишсиз ишеним жөнүндө күбөлөндүрөт. Асмандын алкышын алууга аракеттенген, жана ошол эле мезгилде, ырайым берилүүсү үчүн коюлган шарттарга моюн сунбаган ишеним - бул ишеним эмес, жөн гана адепсиз ээнбаштык; анткени чыныгы ишеним, Ыйык Жазуунун убадаларына негизделген.УК 426.1

    Кудайдын бир талабын билип туруп бузуу менен, ыйыктыкка жетүү мүмкүн эмес - ошондуктан эч ким азгырылбасын. Билип туруп жасаган күнөө, айыпты ачып турган Ыйык Рухтун үнүн жабат, жана адамдын жанын Кудайдан алыстатат. “Күнөө бул мыйзамсыздык”. Ал эми “күнөө кылган ар ким Аны көргөн жок, жана Аны тааныбады” (1Ин. 3:6). Иоанн өз жазган каттарында сүйүү жөнүндө көп жазса дагы, касиеттүүлүккө талапкерлик кылып, ошол эле убакта Кудайдын Мыйзамдарын бузган адамдардын чыныгы мүнөзүн, ачык айыптаган. “Ким, мен Аны тааныдым десе, бирок Анын Осуяттарын сактабаса, анда ал жалганчы, анын ичинде чындык жок; ал эми ким Анын Сөздөрүн сактап жүрсө, анда алардын ичинде чындыгында Кудайдын сүйүүсү орногон” (1 Ин. 2:4,5). Жана ушул жерде бардык адамдардын ишеними сыналат. Адамдарды, Асманда дагы жана жерде дагы, жалгыз тараза менен сыналмайынча, касиеттүүлүгү жөнүндө айыптоого болбойт. Кудай Мыйзамынын алдында керектүү болгон жоопкерчилигин сезбеген, Кудайдын Осуяттарын басырынтып жана барктабаган, кичине парыздардын бирин бузган жана адамдарды ошондой үйрөткөн адамдар, Теңирдин алкышын алам деп ойлобосун, жана ишенимдүүлүк менен алар жөнүндө, алардын умтулуулары бардык негиздерден ажыратылган, деп айтууга болот.УК 426.2

    Менде күнөө жок деп эсептеген адам, ошону менен ыйыктыктан өзүнүн алыc экендигин көргөзөт. Кудайдын ыйыктыгы жана чексиз тазалыгы жөнүндө, жана Теңирдин айтканындай жүргөн адамдар менен, чыныгы тааныштыгы жок адамдар гана, өздөрүн ыйыкпыc деп эсептешет. Анткени аларда, Машаяктын тазалыгы жана жо-горку сүйүүсү, бузукулук жана эки жүздүүлүк жөнүндө, элестетүү жок. Машаяк менен адамдын ортосундагы аралык канчалыктуу алыc болсо, ошончолук анын Теңирдин талаптарына жана негизине болгон түшүнүгү жетишиксиз, ал өзүн ошончолук адилетүү эсептейт.УК 426.3

    Ыйык Жазуу айтып кеткен ыйыктык, адамдын рухуна, жанына, денеcине дагы таандык. Павел Фессалоникалыктардан, “Тынчтыктын Кудайы Өзү силерди жетишээрдик ыйык кылсын, жана силердин рухуңар дагы, жаньщар да, денеңер да, бүт бойдон биздин Теңир Ыйса Машаяктын Келишине, эч кемтиксиз таза сакталсын” (1 Фес. 5:23). Жана дагы ал бардык ишенгендерге кайрылат: “Демек боордошторум, Кудайдын боорукердигин көрүп туруп, силерден өтүнөмүн: денеңерди тирүү, ыйык, Кудайга жага турган курмандыкка бергиле” (Рим. 12:1). Байыркы Израилде Кудайга арналып алынып келинген курмандык кылдаттык менен каралган. Жаныбардан табылган кандайдыр бир кемчилик, анын Кудайга арналуусунан аны ажыраткан, анткени Кудай “кемчиликсиз” курмандык талап кылган. Ошондой эле ишенген адамдар дагы өздөрүн “тирүү, ыйык, Кудайга жага тyрган курмандыкка” берүүлөрү зарыл. Бул үчүн адам өзүн, эң жакшы абалда кармап жүрүшү керек. Денелик дагы, аң - сезимдик дагы алсыздыкка алып келе турган аркандай өнөкөттөр, адамды Кудайга кызмат кылууга жөндөмсүз кылып коёт. Эгерде биз Кудайга эң эле жакшыны алып келе ала турган болсок, Кудай жаманга ыраазы болмок беле? Машаяк мындай деп айткан: “Кудай Теңириңди, өзүндүн болгон жүрөгүң менен сүй”. Ким Кудайды бүт жүрөгү менен сүйө турган болсо, Ага өзүнүн жакшы жашоосу менен кызмат кылууга аркеттенет, жана өзүндө эмне болсо, бардыгын Кудайдын эркин аткарууга жардам бере турган, мыйзамдын негизинде кылат. Кудайды сүйгөн адам опкоктукка жол бербейт, же Асмандагы Атага алып келе турган өзүнүн курмандыгын кемчиликтүү кылып булгабайт.УК 427.1

    Элчи Петр мындай дейт: “Силерден суранам... жанга каршы душмандык кылган, денелик кумарлардан арылгыла” (1 Петр 2:11). Ар-кандай күнөөлү кумарларды канагаттандыруу, руханий, акыл жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, кабыл алуу сезимин мокотот, жана Кудай Сөзү же Ыйык Рух жүрөккө керектүү таасир калтыра албай калат. Элчи Павел Коринфтиктерге минтип кайрылган: “Дененин жана рухтун ар арамдыгынан өзүбүздү тазалап, Кудайдан коркуп, ыйыктыкта жеткилең бололу” (2Кор. 7:1). Ал эми Рухтун жемиштерине - “сүйүү, кубаныч, көпкө чыдамдуулук, ак көңүлдүк, ырайымдуулук, ишеним, момундукка” (Гал. 5:22,23), ал “сабырдуулукту” дагы кошуп кетет.УК 427.2

    Бул жандандыруучу сөздөрдү калтыруу менен, канча деген ишенген адамдар, бакыбаттуулукту же моданы кубалоо менен, өз ден-соолуктарын талкалашууда! Ашыра тоюнуу, аракечтик, жана ылайыксыз көңүл ачуулар менен канчалары, өздөрүндөгү Кудай түспөлүн булгашууда. Жана ушул жамандыктардын айыбын ачуунун ордуна, Жыйын өз кампасын толтурууга аракеттенген дүнүйөкордук жамандыктарын жактоодо. Эгерде Машаяк азыркы мезгилдеги жыйындарга кире турган болсо, жана аларда бoлyп жаткан адилетсиз соодаларды, жана сыртьшан адилеттүү көрүнгөн илең-салаңдыктарды көрсө, анда Ал бул булгаган адамдарды, ибадатканадан акча алмаштыргандарды кубалагандай бoлyп кубалабайт беле?УК 427.3

    Элчи Жакып мындай дейт, “жогорудан келген даанышмандык”, биринчиден таза. Эгерде ага, Ма-шаяктын Ысымын оозуна алып, тамеки менен өзүн булгаган, жана ушул жаман жыт денесине сиңип калган, абаны булгап, айланадагы адамдарды уу жыттоого мажбурлаган адамдарга, жолугушууга туура келе турган болсо, - эгерде элчи ушул Жакшы Кабардын тазалыгын булгаган адет менен бетме-бет кагылыша турган болсо, аны “жердик, жиндик” адеттер деп айыптабайт беле? Тамекинин кулдары, толук касиеттүүлүккө жетиштик дешип, Асманда болууга үмүт кылышат, бирок Кудай Сөзү “ага эч кандай таза эмес нерселер кирбейт” (Аян. 21:27), деп айтат.УК 428.1

    “Силердин денеңер, өзүңөрдүн ичиңерде жашаган Ыйык Рухтун Үйү экендигин билбейсиңерби? ... Анткени силер өтө кымбатка сатылып алынгансыңар. Ошондуктан Кудайдыкы болгон денеңер менен да, жана жаныңар менен да Кудайды даңктагыла” (1Кор. 6:19,20). Кимдин денеси Ыйык Рухтун ибадатканасы боло турган болсо, өлүмгө алып баруучу адеттерге тебеленди болбойт. Ал өзүнүн бардык күчүн, Өзүнүн баалуу Каны менен куткарып алган, Машаякка арнайт. Анда эмне боло турган болсо, анын бардыгы Теңирге таандык. Эгерде ал, өзүнүн кымбат кенчин ыгы жок ысыраптай берсе, ал айыпсыз бойдон кала береби? Өздөрүн ишенүүчүбүз деп эсептеген адамдар, жылына көп сандаган акча каражаттарын аркандай кереги жок көңүл ачууларга сарпташат, жана ошол эле мезгилде, өмүр сөзүн уга алышпай канча деген адамдар өлүмгө кабылышууда. Өз курмандык чалчу жайларында, кембагалдарга жана Жакшы Кабарды таратууга Караганда, көп каражаттарын өздөрүнүн бузулган калоолоруна арнап өрттөшөт, ушуну менен алар Кудайды, өздөрүнүн ондуктары жана тартуулары менен, уурдап жатышат. Эгерде өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп эсептеген адамдардын бардыгы, чыныгы касиеттике ээ болушканда, алар өз каражаттарын обу жок нерселерге сарптабастан, Теңирдин казынасына беришмек, жана мындай ишенүүчүлөр өз керт башынын кызыкчылыктарын ойлобогон, токтоолук үлгүлөрүн башкаларга калтырышмак! Ошондо алар дүйнөгө жарык боло алышат эле.УК 428.2

    Түгөл дуйно көңүл ачуулардын жана кумарлардын артынан кууп барууга кайрылышкан. “Дене кумары, көз кумары жана турмуш - тиричиликтеги текебердик” - мына ушул күчтөр, көпчүлүк адамдардын аң-сезимдерин бийлеп алган. Бирок, Машаяктын жолун жолдогон адамдар үчүн, мындай чакырыктар айтылган: “Алардын арасынан чыккыла жана алыстагыла, дейт Теңир, жана таза эмес нерселерге жолобогула”. Кудай Сөзүнүн негизинде, адам өз күнөөлүү адеттеринен жана дүйнөлүк кумарларынан баш тартмайынча, чыныгы касиеттүүлүк болбойт деп айтууга биздин толук укугубуз бар.УК 428.3

    Ушул сунуш кылынган шарттар менен ким келише турган болсо, “алардын арасынан бөлүнүп чыккыла... жана таза эмес нерселерге тийбегиле”, жана аларга Кудайдын мындай деген убадасы берилген: “ошондо Мен силерди кабыл алам; жана силерге Ата болом, жана силер Менин уулдарым жана кыздарым болосуңар, - дейт Кудуреттүү Теңир” (2Кор. 6:17,18). Ар бир ишенүүчүнүн, руханий жашоону толук тутуу артыкчылыгы жана милдети бар. “Мен дүйнөгө жарыкмын, дейт Ыйса, - ким Менин артыман ээрчий турган болсо, ал эми караңгылыкта жүрбөйт, бирок өмүрдүн жарыгына ээ болот” (Ин. 8:12). “Адилеттүүлөрдүн жолу - нур чачкан күн сыяктуу, ал толук жарык болмоюнча жаркырагандан жаркырайт” (Аң. Кит. 4:18). Ишенимдин жана баш ийүүчүлүктүн ар бир кадамы, адамды караңгылык Болбогондун Өзүнө, өмүрдүн Жа-рыгына жетелейт. Адилеттиктин Күнүнүн нурлары, Кудай кулдарын ыйыктайт, жана алар дагы Анын нурларын чачыратып турушу керек. Асмандагы жылдыздар Асманда улуу жарык бар экендигин далилдеп жаркырап турган сыяктанып, ошондой эле ишенген адамдар дагы, түгөл Ааламда, даңкка жана чагылдырып турууга татыктуу болгон, Кудай бар экендигин көргөзүп турушу керек. Анын Рухунун жакшы иштери, Анын мүнөзүнүн тазалыгы жана ыйыктыгы, анын күбөлөрүнөн көрүнүп туруусу зарыл.УК 429.1

    Элчи Павел өзүнүн Колоссиялыктарга жазган катында, Кудай уулдары үчүн убада кылынган, өтө мол ак-баталар жөнүндө айтып кетет. Ал мындай деп жазат: “Ошондуктан, ушул жөнүндө биз уккан күндөн тартып, силер жөнүндө сыйынуубузду, жана силер бардык акылдуулукка, жана рухий түшүнүк менен Анын каалоосун түшүнүүгө толуп калууңар жөнүндө, сурануубузду токтотпойбуз. Силер Теңирге жараша татыктуу мамиле кылып, Ага бардык жагынан жагып, ар-кандай жакшы иштерде жемиш берип, Кудайды таанып билүүдө өсүүңөрдү сурайбыз. Анын даңкынын кубаты менен, бардык кудурети менен, бардык чыдамкайлыкта, ак көңүлдүктө, кубанычтуулук менен чыңдалууцарды каалайбыз” (Кол. 1:9-11).УК 429.2

    Ушул сыяктуу насааттар менен ал, ишеннүүчүлүк жогорулукту билишсин деп, Ефестиктерге дагы кайрылган. Алар Кудайдын уулдары жана кыздары катары, кандай таң калаарлык күч жана аяндарды ала тургандыктарын, жөнөкөй түшүнүктүү тилде айтып берет. Алар “ички адамында Анын Рухунда бекем кармануулары” зарыл, жана “сүйүүдө чыңдалып жана бекемделип, бардык касиеттүүлөр менен кендикти жана узундукту, бийиктикти жана тереңдикти түшүнө алышсын, жана бардык түшүнүктөн артыкча турган, Машаяктын сүйүүсүн баамдашсын”. Бирок элчинин “Кудайдын бардык толуктугуна толуп калышсын” (Еф. 3:16,18,19), деп сыйынганы, жогорку чекитке жеткен.УК 429.3

    Эгерде Анын талаптарын аткара турган болсок, биздин Асмандагы Атабыздын убадаларына, ишеним менен жете турган бийиктиктер, бул аяттардан көргөзүлгөн. Машаяктын жасаган иштери, бизди Чексиз Кудуреттүүнүн тактысына жакындата алат. “Өзүнүн Уулун аябастан, баарыбыз үчүн Аны берип койгон Кудай, Аны менен кошо бизге кантип баарын сыйлык кылып бербесин?” (Рим. 8:32). Асмандагы Ата Руханий Уулуна Ыйык Рухту ченемсиз берген, жана биз дагы ушундай толуктукка ээ боло алабыз. Машаяк мындай деп айтат: “Эгерде силер жаман бoлyп туруп, өз балдарыңарга жакшыны берүүнү биле турган болсоңор, андан бетер Асмандагы Атаңар, Андан сурагандарга Ыйык Рухун берет” (Лк. 11:13). Жана “эгерде Менин Ысымымдан эмне сурай турган болсоңор, аны Мен аткарам”. “Кубанычыңар жеткилең болуу үчүн, сурагыла аласыңар” (Ин. 14:14; 16:24).УК 430.1

    Ишенген адамдын жашоосу жупунулугу менен айырмаланганы, кайгы жана төмөн баалангандык бoлyп эсептелбейт. Ар бир адамдын артыкчылыгы - Кудай аны кубаттап жана алкыштоо үчүн жашоосунда. Биздин Асмандагы Атабыз, биздин ар дайым эле караңгыда жана абийирибиз айыптаган абалыбызда жүрө берүүбүздү каалабайт. Чыныгы момундук башыбызды шылкыйтып, жана ар-дайым кылган күнөөбүздү ойлонуп, басып жүргөндүгүбүздө эмес. Биз Ыйсанын алдына барып, Мыйзам алдында уялбастан, жана абийирибиз айыптабастан туруу үчүн, тазалана алабыз. “Ошентип азыр Ыйса Машаякта, дененин каалоосу менен эмес, Рухтун каалоосу менен жашагандарга эч кандай айыптоо жок” (Рим. 8:1).УК 430.2

    Ыйса Машаякта, күнөөгө баткан Адам уулдары, “Кудай уулдары” боло алышат. “Анткени, ыйык Кылуучу да, ыйык бoлyп калуучулар дагы, бардыгы - Бирөөдөн. Ошондуктан Ал аларды боордошторум, деп айткандан тартынбайт” (Евр. 2:11). Чыныгы ишенген адамдардын жашоосу, Теңирде болгон ишенимдин, кубанычтын жана жеңиштин жашоосу болушу керек. “Анткени Кудайдан туулган ар ким, дүйнөнү жеңип чыгат; дүйнөнү жеңип чыккан жеңишбиздин ишенимибиз экен” (1 Ин. 5:4). Кудайдын кызматчысы болгон Неемия, кандай адилеттүү айткан: “Теңирдин алдында болгон кубаныч - силер үчүн кoргoн” (Неем. 8:10). Элчи Павел мындай дейт: “Теңирде ар-дайым кубангыла; дагы айтам: кубангыла”. “Ар-дайым кубангыла. Yзгүлтүксүз сыйынгыла. Бардыгы үчүн ыраазылык билдиргиле: анткени силер жөнүндө, Ыйса Машаякта болгон, Кудайдын эрки ушундай” (Флп. 4:4; 1 Фес. 5:16-18).УК 430.3

    Кайрылуу жана касиеттүүлүк жемиштери, Ыйык Жазуунун негизинде, мына ушундай, бирок буларды сейрээк гана көрүүгө болот, анткени Машаяк жолун жолдогон адамдар, Кудайдын Мыйзамдарында жазылган адилеттиктин улуу негиздерин, барк алышпайт. Ушул себептен биз, өтүп кеткен жылдардагы жандануулар үчүн мүнөздүү болгон, Ыйык Рухтун терең жана узакка созулган иштерин, сейрээк учуратабыз.УК 431.1

    Биз көпкө кароо жана oй жүгүртүү аркылуу өзгөрүлөбүз. Эгерде адамдар, Кудай аларга Өз мүнөзүнүн ыйыктыгын жана жеткилендигин ачып берген, Ыйык Осуяттарына маани беришпей турган болушса, анын ордуна адам колу менен жазылган окутууларга жана oй-жүгүртүүлөргө кайрылышса, Жыйында такыбаалык ушунчалык аз экендигине, таң калууга болобу? Теңир мындай дейт: “Анткени Менин элим эки жамандык кылды: Мени, тирүү суүнүн Булагын таштап коюшту, жана өздөрүнө суу токтобой турган таштан суу сактагычтарды куруп алышты” (Иер. 2:13).УК 431.2

    “Ыймансыздардын кеңешине барбаган адам бактылуу... Бирок анын тилеги Кудайдын Мыйзамында, ал Анын Мыйзамдары туурасында күндүр-түндүр oй жүгүртөт! Ошондо ал жалбырагы соолубаган, мөмөсун өз маалында берген суу боюндагы дарактай осот; ал эмне иш кылса да барына үлгүрөт” (Забур. 1:1-3). Кудай тандап алган адамдардын арасында, Кудай Мыйзамы керектүү орунга жогорулатылганда жана даңазаланганда, алгачкы ишеним жана такыбаалык пайда болот. “‘’Теңир мындай дейт: өз жолуңарда токтогула да байкагыла, байыркы жолдор жөнүндө сураштыргыла, байсалдуу жакшы жол кайда экенин сурагыла, жана ошол жолго түшсөңөр, жаныңарга тынчтык табасыңар” (Иер. 6:16).УК 431.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents