Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    3 Бап —Руханий Караңгылыктын Доору

    Расул Павел, Фессалоникалыктарга жиберген экинчи катында,эбегейсиз зор баш тартуунун, папалык бийликтин орношу менен аяктаарын, алдын ала айт-кан. “...адегенде ишенимден чегинмейинче, жана күнөөлүү адам жок боло турган адам көрүнмөйүнчө, ал күн келбейт. Кудай дегенге же ыйык деп аталгандын баарына каршы туруп жана ойдөсүнүп мактанып, Кудайдын үйүнө отуруп алып, өзүн Кудаймын деп көрсөтөт” (2Фес. 2:3,4). Андан ары, расул, бир туугандарга “Мыйзамсыздыктын жашыруун сыры эми аркетте”, экенин эскерткен. Ал христиандык доордун мурдагы учурунда эле, диний коомдо, папалыкка бара туган жол даярдоочу жаңылыштык, сүңгүп киргенин көргөн.УК 41.1

    “Мыйзамдын жашыруун сыры”, башында ачыкка чыкпай, азгырууну жана Кудайга каршы ишин жашыруун жүргүздү, андан сон бара-бара чоң күчкө толуп, элдин аң-сезимин ээлей баштады. Бутпарастык адаттар байкалбастан, христиандык жыйынга кирип келди. Бул келишүүчүлүк жана макулдашуучулук, бир топ убакыт бою, катаал куугунтук менен кармашып турду. Куугунтук токтолгон учурда, христианчылык падыша сарайларына, занкайган үйлөрүнө кире баштады, ошондо Ыйсанын жана Анын расулдарынын жөнөкөйлүгүн, момундугун, бутпарастык кечилдердин, кекиреймелиги менен өйдө сынгандыгы алмаштырды. Ал эми Кудайдын Мыйзамын, адамдын жалганчылыгы жана чыккынчылыгы ээледи. 1Ѵ-жүз жылдыктын башындагы император Константиндин формалдык кайрылуусу, христиандардын арасында чоң шаттанууну пайда кылды, жана адилеттүүлүккө жамынган дуйнөлүк таасир, жый-ынга кирип келди. Жеңилгендей көрүнгөн путпарастык каада салт, жеңүүчү болуп калды. Анын руху жыйынды, кара булут сыяктуу каптады. Бутпарастык окутуулар, салт-санаа жана ырымжырымдар, Ыйсанын жолун жолдоочулар деп аталгандардын ишеними менен кошул-ташыл болуп кетти.УК 41.2

    Машаяк жолун жолдоочулар ме-нен бутпарастардын ортосундагы бул макулдашуу, пайгамбарчылыкта айтылгандай, ал өзүн Кудайдан өйдө коёт, жана Аны менен күрөш жүргүзөт, деген “күнөө адамынын”, пайда болушуна алып келди. Бул, жалган диндин алп системасы, шай-тан бийлигинин чебердиги болуп, ал өзү тактыда отуруп, жерди өз каалаганындай башкаргысы келген аракетинин, эстелиги болуп калды.УК 41.3

    Шайтан бир жолу, Ыйса менен келишим түзүүгө аракет жасаган. Азгыруу чөлүндө ал, Кудайдын Уулуна келип, Ага бүт дүйнөнүн падышалыгын, атакдаңкын көргөзүп, мунун баарын бир гана шарт менен, эгерде Ыйса, караңгылыктын төрөсүнүн жогорку бийлигин кабыл алса, анда берүүгө убада кылган. Ыйса бетпак азгыруучуга сокку берип, аны, Өзүнөн алые кетүүгө мажбур кылды. Бирок, ошол эле шартты адамдарга берүү менен, азгыруучу көп дегеи ийгиликтерге жетишти. Байлык менен атак-данкка умтулуу менен, жыйын, бул дүйнөнүн даражалуу адамдарынан, кодоо жана калкалоону, издей баштаган. Ыйса-ны четке кагып, римдин Эпископушайтандын өкүлүнө баш ийүүгө аргасыз болгон.УК 42.1

    Рим чиркөөсүнүн эң негизги жол-жоболорунун бири, папаны, бүт дүйнөгө караштуу, Машаяктын Жыйынынын башчысы, жана жердеги бүт дин кызматчыларына, жогорку бийликти жүргүзүүгө укугу бар деп тааныгандыгы, болуп саналат. Андан сырткаары папага, Кудайдын даражасы ыйгарылып, ал: “папаКудай Теңир”деп аталып, эч күнөөсүз болуп эсептелинет. Папа, бүт эл аны урматтоосун талап кылат. Рим чиркөөсү аркылуу, шайтан азгыруу чөлүндө эмнени сунуш кылса, ошол аракетин дагы деле жумшап жатат, жана көптөр ага, урмат көрсөтүүгө даяр.УК 42.2

    Бирок, Кудайдан коркуп жашаган адамдар, ушул орой буйрукту, Машаяк Өз учурунда, Өзүнүн каардуу душманы менен жоолуккандай, тосуп алышты: “Теңирге, сенин Кудайыңа табын да жалгыз Ага кызмат кыл” (Лк. 4:8). Кудай Сөзүндө, кимдир бирөөнү жыйын башчысы кылып дайындоо жөнүндө, эч кандай жөлөп айтуучу сөз жок. Бул папанын, жогорку соту жөнүндөгү окутуу, Ыйык Жазууга каршы турат. Папа, мыйзамсыз түрдө өзү энчилеп алган бийликтен башка, Маша-яктын Үйүнүн үстүнон, эч кандай бийлик жүргүзө албайт.УК 42.3

    Рим чиркөөсүнүн жактоочулары, протестанттарды жалган окутууларды алып жүрөт деп, жана чыны-гы Жыйындан өз билемдиги менен бөлүнүшкөн, деп айыпташат. Би-рок бул айыптоолор, тескерисинче алардын өздөрүнө таандык. Чындыгында алар, Машаяктын туусун кулатышып, “бир жолу касиеттүү болуп берилген” (Иуд.З), ишенимден баш тартышкан.УК 42.4

    Ыйык Жазуунун шарапаты менен, адамдар, анын адаштыруусун билишип, жана анын күчүнө каршы чыгаарын, шайтан абдан жакшы түшүнгөн. Дуйнөнүн Куткаруучусу дагы, анын жөнү жок соккусун, Сөздүн жардамы менен чагылдырган. Машаяк, шайтандын ар бир чабуул жасоосунда, “мындай жазылган”-деп, түбөлүктүү чындыктын калканын тосуп турган. Душмандын ар бир абийирсиз сунушуна, Ал даанышмандык жана Сөздүн күчү менен жооп берип турган. Ошондуктан, адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзүп, жана папанын мыйзамсыз түрдө тартып алган бийлигин орнотуу үчүн, элдерге Ыйык Жазуу жөнүндө карбарды билдирбөөнү, шайтан түшүндү. Ыйык Китеп Кудайды даңктайт, жана катардагы адамдардын чыныгы абалын айкын көрcөтөт, ошондуктан ибилис, чындыктын көмүскөдө басылып калуусу үчүн, бүт мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Мындай багыт, рим чиркөөсү аркылуу да, куралданууга алынган. Көп кылымдар бою ал, Ыйык Жазуунун жайылышына тоскоол болгон. Элге, Аны окууга тыюу салынган, жана үйдө кармоого да болгон эмес. Ошол кезде, бузулган ишенүүчүлөр, Китептеги чындыкты, оюна келгендей түшүндүрүп, өздөрү койгон талаптын жөндүү экендигин, далилдөөгө аракеттенишкен. Ошентип, бардыгы папаны чиркөөнүн жана мамлекеттин жогорку бийлигин ээлеген жер жүзүндөгү, Кудай катары кабыл алышты.УК 42.5

    Адашуунун жана алдамчылыктын айыбын ачкан Ыйык Китепти четке кагуу менен, ибилис өзүнүн пикирин жүзөөгө ашырууга мүмкүнчүлүк алды. Пайгамбарчылык, папалык: “алардын майрамдары менен, зан мыйзамдарын алып таштоону, тилек кылат” (Дан.7:25), деп күболөндүргөн. Папалык мындай аракетке кечиктирилбестен чара көрүлдү. Кайсы бир деңгээлде, бутпарастардын христианчылыкка кайрылуусун жеңилдетүү үчүн, жана мурдагы бутка табынуучулук үрп-адаттарын, бир нерсе менен толуктоо үчүн, христиандык динге акырындык менен, иконаларга жана “ыйык арбактарга” табынуучулук киргизилди. Акыр аягы келип, дүйнөлүк чоң чиркөө бул форманы мыйзамдаштырды. Бул кудайсыздык иштин аягына чыгып жатып Рим, Кудайдын Мыйзамынан экинчи, Менден башка Кудайың болбосун, -деген Осуятты алып таштоого батынды. Жана онунчу Осуятты, баштагы эсебин сактап калуу үчүн, экиге бөлуп койду.УК 43.1

    Бутпарастык менен келишүүчүлүк руху кийинки учурда, Асман бийлигин тоотпостукка жол ачты. Шайтан, ишенисиз чиркоо башчылары аркылуу, Кудай касиеттүү кылып алкаган (1-Муса 2:2,3) байыркы ишембини четке кагуу үчүн, төртүнчү Осуятты дагы бузду, жана аны бутпарастардын урматтап сактаган, “эң ардактуу күн күнүнө” алмаштырды. Башында бул аракет кылдаттык менен жаап-жашырылып калган. Биринчи жүз жылдыктардын агымында чыныгы ишенбини, бүт христиандар сактап келген. Кудайды, чын ыкыласы менен урматтап, жана Анын Мыйзамынын бузулбастыгын, буйруктарынын касиеттүүлүгүн, кылдаттык менен сактап келишкен. Шайтан өтө эле этияттык жана куулук менен, жердеги өз өкүлдөрү ар-кылуу өзүнүн талабына жетишүүнү улантып жатты. Элдин көңүлүн жекшемби күнгө буруу үчүн, бул күн, Машаяктын Тирилүүсүнүн урматына, майрам катары жарыяланып калды. Бул күнү да Кудайга кызмат кылынып, эc алуу күнү деп эсептелсе да, ишенбини ыйык сактоо улантыла берген.УК 43.2

    Өзүнүн жасаган ишине жол даярдап, Ыйсанын Келээр алдында, шайтан ишенбини бузууга, эң катуу талаптарды коюу менен, эл үчүн аны көтөрө алгыс түйшүккө айландырууга Иудейлерди шыкады. Иудейлер жөнүндөгү тескери түшүнүктү өзү кекетип, өз мүдөөсү үчүн пайдаланып алып, элди аны жек көрүү менен, иудейлердин токтому деп атоого мажбурлаган. Христиандар жекшкмби күндү кубанычтын, бакыттын күнү катары майрамдоону улантып жатышкан мезгилде, иудейлерге карата карасанатайлык сезим арбытуу үчүн, ал ишенби күндү орозо кармап, кайгырып, аза күтүүнүн күнү кылууга аркеттенет.УК 44.1

    ІѴ-жүз жылдыктын башталышында император Константин, түгөл Рим империясында жекшемби күндү сактооо буйругун жарыялайт. Бутпарастар майрамдаган “күндүн күнү”, эми түгөл христиандарга дагы майрам болуп калды. Императордун саясаты болсо, христиандар менен бутпарастардын көз каращ-тарын бириктирүү эле. Ошондуктан аны динчилдик көз караш кызыктырган, бир күндү христиандар, жана бутпарастар дагы сактоо менен, таза динди кабыл алган болуп, өз даңкына жана бийлигине, бекемдик киргизмек. Бирок Кудайдан корккон христиандар акырындык менен жекшмби күнүн майрамдоого мажбур болсо дагы, баштагысындай эле Кудайдын төртүнчү Осуяты катары, ишемби күнүн ыйык сактоону улантыша беришти.УК 44.2

    Бирок улуу алдамчы ушуну менен эле токтоп калган жок. Ал баардык христиандарды өзүнүн туусунун астына чогултууну чечип, өзүн жер үстүндө, Машаяктын ишин аткаруучумундеп жарыялаган, текебер папа шериктешин колдонот. Жана толук Кудайга кайрылбаган бутпара-стардын, өздөрүн жогору сезген эпископтордун жана бул дүйнөнү сүйгөн прелаттардын жардамы менен, ал өз максатына жеткен. Дуйнонун бардык өлкөлөрүнөн келген, жогорку диний кызматчылардын жолугушуусу болуп өткөн соборлор, убакыттан-убакытка көбөйө берди. Ар бир собордогу жолугушууларда, Кудай койгон ишемби күндүн мааниси төмөндөп, жекшемби күндү майрамдоо жогорулап олтурган. Акыр аягында, бутпарастардын күнүн, Кудай койгон күн катары кадырлап, ал эми чыныгы кадырлоочу ишенби күнүн ким сактаса, ал иудейлердин үрп адатын сактаган адам катары, айыптоого жана кааргышка кабылаары буйрулган.УК 44.3

    Улуу азгырык, барынан өзүн өйдө коюуга мүмкүнчүлүгү жетти (2-Фес. 2:4). Ал, Кудайдын тирүү экенин далилдеп турган, жападан жалгыз Кудайдын Мыйзамын бузууга батынды. Төртүнчү осуятта, Теңир Асман жана жердин Жаратуучусу катары ачылып берилген-ошондуктан Ал башка жалган кудайлардан айырмаланып турат. Ишемби күн жаратуу иштеринин эстелиги катары болуп, жетинчи күн адамзаат үчүн, дем алуу күнү экенин күбөлөндүрүп турат. Бул күн адамдарга, ар дайым. Тирүү Кудай жөнүндө эскертет-Ал чы-ныгы жаратылыштын, жана урмат көрсөтүп табынуунун жападан жалгыз Ээси. Адамдар Теңирге болгон ишенимдүүлүктү жана Кудайдын Мыйзамдарын бузууну шайтан эңсеп, ошого аракеттенүүдө. Ошондуктан ал, Кудайдын Жаратуучу экенин көргөзүп турган ушул осуятка, күчүн жумшаган.УК 45.1

    Азыркы мезгилде протестант жыйындары, Машаяк жекшемби күнү тирилген дешип, бул күндү Кудай арнаган ишемби күнүн кадырлаган кадырлашууда. Бирок Ыйык Жазуу бул жөнүндө эч кандай айтпаганы анык. Машаяк дагы, элчилер дагы жекшемби күнүн башка күндөрдөн жогору койгон эмес. Жекшемби күнүн християндар майрамдоосу, элчи Павелдин “мыйзамсыздыктын жашырын сыры (2-Фес 2:7) - деп жазган мезгилинен эле башталган. Качан жана кайсыл жерде Теңир ушул папалыкты жарыка чыгарды эле? Кудайдын Сөзү менен ыйыкталбаган нерсени, кандай аңсезим менен жактоого болот?УК 45.2

    VI -жүз жылдыкта папа бул дүйнөдө бекем түптөнгөн. Анын ордосу болуп, императордун шаары, ал эми эпископ бардык Жыйындардын башчысы болуп дайындалат. Ажыдаар ага өзүнүн күчүн, тактысын жана улуу бийлигин бер-ди (Аян,13:2). Даниилдин пайганбарлыгында жана Аян Китебинде (Дан. 7:25; Аян, 13:5-7 карайбыз) алдын ала айтылган, 1260 жылдык папанын куугунтуктоо мезгили башталды. Эми христиандарда тандап алуу эрки турган, же папа койгон эреже өкүмдөрдү кабыл алуу, же өз ишенимдеринде бекем болуп өз өмүрлөрүн зынданда, кыйналууда, өрт коркунучунда, баш алган секичеде өткөрүү. “Атаэнеңер жана агаиниңер дагы, тууганыңар жана досуңар да силерге чыккынчылык кылышып, айрымыңарды өлтүрүшөт; жана Менин Ысмым үчүн силер бардыгынан жек көрүүнүүчү болосуңар” (Лк. 21: 16,17) - деген Ыйсанын сөзү ордунан чыкты. Ишенүүчүлөр башта көрүнбөгөн куугунтуктоолорго кабылып, бул дүйнө алар үчүн майдан талаасына айланды. Жыйын болсо жүздөгөн жылдар ээн талааларда, үңкүрлөрдө баш калкалап күн көрдү. Пайганбар мындай дейт: “Аял болсо чөлгө качып жөнөдү, ал жерде Кудай аны бир миң эки жүз алтымыш күн бага турган жер даярдап койгон эле” (Аян, 12:6).УК 45.3

    Бийлике рим жыйынынын келүүсү менен кошо, орто кылымдагы караңгы көрүнүштүн башталышы кошо келген эле. Ушул бийликтин бекемделүүcү менен караңгылык улам күч ала берди. Адамдар чыныгы негиздөөчү катары Машаякка эмес, рим папасына ишенип жатышты. Түбөлүк өмүр жана күнөөлөрдөн кечирим алып бере ала турган Кудай Уулуна таянуунун ордуна, адамдар папага, жана папа өз күчү менен дайындап койгон кызматчыларына карашты. Папа, адамдар менен Кудайды элдештирүүчү, ансыз эч ким Кудай менен татуулук түзө албайт; жана папа жер үстүндө алар үчүн Кудайдын ордун ээлейт, ошондук-тан анын айткандары кыйшаюсуз аткарылуусу зарыл деп, адамдарды үйрөтүштү. Папанын талаптарынан баш тарткандык, айыптуу кишини, эң эле катаал жаза алууга мажбурлаган. Ушундай жол менен адамдардын көңүлү Кудайдан алыстап, эң эле катаал күнөөкөр адамдарга - андан дагы коркунучтуусу, ошол адамдар аркылуу өз бийлигине жеткен, караңгылыктын мырзасына бурулду. Күнөө, касиеттүү кийимге чулганып, жашынып алды. Качан Ыйык Жазуу алынып, жана адам чындыктын негизи болуп эсептелгенде, бир гана эки жүздүүлүк, жана эң эле төмөнкү жийиркеничтүү күнөөлөрдү көрүүгө болот. Адам мыйзамдарынын жогорулашы менен, каада салттардан, Кудай Мыйзамдарына каршы келген бузукулук, жана илең-салац дык көрүнүп турду.УК 46.1

    Бул күндөр Машаяк Жыйындары үчүн үрөйдү учуруучу күндөр эле. Чындыктын туусун алып жүрүшкөн ишенимдин каармандары аз калды! Ар бир мезгилде чындыктын ишенимдүү күбөлөрү болсо дагы, адашуу менен жалгандыкка ишенүү даңазаланып, ал эми чыныгы дин жоголгондой сезилип турду. Ошол учурда Жак-шы Кабар таратуу, адамдардан алынгандыктан, диний жол - жобо эрежелер көбөйүп, адамдар өтө катаал талаптардын эзилүүсүно кабылды.УК 46.2

    Адамдарды бир гана папаны каратып, бул элдештируучу деп эле койбостон, күнөөңөрдөн ар кандай жакшы жасаган иштериңер аркылуу кутуласыңар-деп окутушкан. Алсыратуучу өтө узак зыяратчылыктарга баруу, тобо келтирген күнөөкөрлөргө салынган жүк, өлгөндөргө табынуу, чиркөлөрду тургузуу, курмандык чалчу жайларга болгон берешендик, чиркөө үчүн талап кылынган каражат - ушулардан тышкары дагы коп нерселер калайык калктан талап кылынган. Анткени Теңирди, адам сыяктуу болор болбос нерсеге ачууланат, ошондуктан ар кандай жакшы тартуу Анын каарын токтотот деп эсептешкен.УК 46.3

    Өзүнүн мыйзамсыз иштерине карабастан, римдик чиркөөдө анын кадыр баркы уламдан улам жогорулап өсө берди. VII - жүз жылдыктын аягында папанын кол алдын-дагы кызматчылары, биринчи жүз жылдыктын ичинде епископтор биз жеткен даражадан акыбалда болушчу деп тастыкташкан. Ушул тастыктоону далилдөө үчүн, өзгөчө бир чара колдонуу керек эле, жана “ар кандай жалгандыктан атасы ” аларга эмне кылуу керек экендигин токтолбостон көргөзүп берди. Папанын бийлиги башынан эле ушундай болгон деген, ушу кезге чейин билинбеген соборлордун чечимдери пайда боло баштады. Жана чындыктан баш тарткан чиркө ушул жалгандыкты өзүнө туура деп сиңирип алды.УК 46.4

    Чындыктын үстүнө өз ишенимдерин курган аз сандары ишенимдүү адамдар (1 Кор 3:10, 11 карайбыз) өз жолдорунан ар кандай жалгандыка толууларды көрүп, эмне кылаарын билишпей айрантаң калып жатышты. Неемиянын мезгилинде Иерусалим дубалдарын курган адамдарга окшоп, кээ бирлери бул сөздөрдү айтууга дайын эле: “Замбилчилер чарчап калышты, ал эми урандылар өтө коп экен; дубалдарды тургузууга чамабыз жетпей бара жатат” (Неем.4:10). Шайтан аркылуу жолдорунан тайдыруу үчүн болгон, куугунтук, ар дайым болуп турган күрөш, жалган айыптоолор, мыйзамсыздык жана дагы башка кыйынчылык аракеттери, көпчүлүк чындыкты куруучулардын ындынын өчүрдү. Тынчтыкты, өз өмүр каражаттарын сактоого аракеттенишип, чындыктын негизинен баш тартышты. Ал эми башкалары бол-со, өз душмандарынан коркпостон мындай деп ураан чакырышкан: “коркпогула алардан; корко турган Улуу Теңирди эстегиле” (Неем. 4:14), жана чындыктын курун курчанышып, өз иштерин аяктоону улантышты (Еф. 6:17 кар.).УК 47.1

    Ар бир жүз жылдыкта Кудайдын душмандары көрө албастык күчү менен, чындыкка карай жаалданып сокку уруп жатышты, жана Машаяк Өз кызматчыларынан дагы, ар-дайым сергектик жана ишенимдүүлүк талап кылган. Алгачкы шакирттерине айткан Маша-яктын сөздөрү, акыркы мезгилде жашаган Анын жолдоочуларына дагы тийиштүү: “Мен силерге ай-тып жатканды баарына айтам: сер-гек болгула” (Мк. 13:37).УК 47.2

    Караңгылык күчөгөндөн күчөдү. Жасалма кудайларга табынуу бардык жерге таралды. Ар-бир сүрөттөмөлөрдүн алдына шам жагышып, аларга сыйынып жа-тышты. Бүткүл жерде акылга туура келбеген жалган ишенимдин жол - жобо эрежелери таратылган. Адамдар ушул нерселерге өтө сүңгүп кеткендиктен, акылдуу ой жүгүртүүлөр туп тамырынан алы-нып калгандай сезилген эле. Калайык - калк кайрылышып жаткан дин кызматчылар бузулуп, бүлгүнгө учураган болсо, карапайым элден эмнени күтүүгө болмок.УК 47.3

    XI- жүз жылдыктын ичинде папа Григорий VII Рим чикөөсүнүн күнөөсүздүгүн жарыялаганда, чиркоо өзүнүн текебердик кадамын дагы бир кадамга илгерилетти. Алардын токтомунда мындай деп жазылган эле; биздин чиркөө, Ыйык Жазуунун негизинде эч кан-дай жаңылыштык кетирген эмес, жана дагы жаңылыштык кетирбейт. Бирок Ыйык Жазууда бул тууралуу эскертилген эмес, жана бул ойду колдобогон. Текебер эпископ мурдагылардын чечимин алып салып, өзүнүн чечимин эч ким өзгөртө албастыгын, жана ал башкалардын чечимин өзгөртүүгө укугу бар экенин тастыктап билдирди.УК 47.4

    Өз күнөөсүздүгүн жарыя кылган бул зөөкүрдүн мүнөзү, Германиянын императору Генрих IV менен болгон чыр-чатагында, дагы толук далилденип айкын болду. Папанын даражасын четке каккандыгы үчүн, бул бийлик башындагы киши, чиркөөдөн алынып, өз тактысынан айрылган. Папанын мандатын алышкан төрөлөрдүн, ага каршы чыгып коркутуусунан, жалгыздыгын сезип чоочулап, Генрих Рим менен элдешүү керек экенин сезди. Ал папанын алдында өз момундугун көрсөтүп далилдөө үчүн, кыштын күнү Алпы тоосун өз жубайы жана ишенимдүү кызматчысынын коштоосу менен, ашып өтөт. Папа турган сепилге келгенде, анын өзүн сыртта калтырышкан, мусапырдын кийими менен, жылаң аяк, жылаң баш, кыштын кычыраган мезгилинде уч күн папа менен жолугушууну күтүп турган. Орозо кармап, өкүнгөн уч күн өткөндөн кийин гана папа аны кечирип, император мындан кийин папанын уруксаты менен гана иш аракеттерин жасай алат, деп буюрат. Падышалардын текебердигин басуу. Өзүнүн башкы милдети экенине кубанган Григорий VII өз жеңишин салтанаттуу майрамдады.УК 48.1

    Ушул өтө текебер, өзүн өйдө көтөргөн дин кызматчы менен, сылык жана момун Машаяктын ортосундагы айырма, канчалыктуу аралыкта алыc. Машаяк адам жүрөгүнүн эшигинин алдында туруп, ач, эгер Мени кабыл алсаң Мен сенин күнөөңдү кечирип тынчтык тартуулайм, деп өтүнөт. Машаяк Өз шакирттерин мындай деп уйрөткөн: “силердин кимиңер биринчи болууну кааласа, ошол башкаларга кул болсун” (Мф. 20:27).УК 48.2

    Андан кийинки жүз жылдыктар, Римден чыккан окутуулар менен чындыкты андан дагы бурмалап бузгандыгын далилдейт. Папалык система курула электе, бутпарастык философтордун ой жугүртүүлөрү көпчүлүктү өзунө тартып, Жыйынга өз залакаcын тийгизип турган. Өздөрүн Кудайга кайрылганбыз деп эсептешкен көпчүлүк адамдар, бүтпарас философторун колдоп, өздөрү эле алардын иштерин окубастан, башкаларга дагы үйрөнүү керекти-гин үйрөтүп таратышкан. Ушундай себеп менен, христиандардын ишенимине коркунучтуу адаштыруулар сүңгүп кирген. Алардын башкылары: адамдын өлбөстүгунө жана өлгөндөн кийин адам өмүр сурө бе-рет деген нерселерге ишенүү. Мына ушул окутууларга таянуу менен, Рим ыйыктарга сыйынуу жана Марияны Кудайга теңөо окутууларын киргизип бекемдеген. Ушундан дагы, тобо кеягирбеген күнөөкөрлөр түбөлүк куйкаланып кыйналышат, деген үйрөтүү чыгып, бул папанын ишениминин символу болуп калды.УК 48.3

    Башка бутпарастардын ойжүгуртүүлөрүн кабыл алуу үчүн жүрөк топурактары, мына ушундайча даярдалган, - бул тазалануу идеясы, Рим болсо ушул идея менен жалгандыкка бат ишенген, көпчүлүккө коркунуч туудурган. Тазалануу идеясында, кунөөсүнө жараша жазаланып, алар тазаланган жана түбөлүк өлүмдүн, кыйналуунун ордуна, Асманга барууга мүмкүнчүлүк алышкан.УК 49.1

    Өздөрүнө келген адамдардын бузулуусун, жана коркунучун кармап туруу үчүн, Рим дагы бир жалгандыкка муктаж болгон. Бул индульгенция жонүндогү окутуу эле. Мурунку, болуп жаткан, келечектеги күнөөлөрдөн толугу менен куткаруу, андан тышкаары папанын руханий бийлигине моюн сунбагандар менен, анык бийлигин өркүндөтүү үчүн, согушка катышкандарга, кыйналуудан жана жазадан кутулууга мүнкүнчүлүк берген. Чиркөөгө акча төлөө менен, күнөөдөн арылып, андан тышкаары дагы, тозоктүн отунда кыйналып жаткан өз досторун, жакындарын куткаруу мүмкүнчүлүгүн ала тургандыгын окутушкан. Ушул себептердин негизинде Рим, бакыбаттуулуктун каймагына малынып, байыгандан байыды, ал эми өзүнүн жердеги өкүлдөрүнүн бузукулугунан жана эки жүздүүлүгүнөн, Кудайга баш катарга дагы жер үстүндө орун калган жок.УК 49.2

    Ыйык Жазуу боюнча колдонула турган, Теңирдин Кече Тамагы, бүтпарастардын көрсөтмөлөрү менен аралашты. Ушул эрежелер аркылуу, жөнөкөй шире жана нанды, чыныгы “Машаяктын Денесине жана Канына”, чыны менен айлантып койсо болот дешип, папанын алдындагы дин кызматчылар талап коюшкан. Өз маскаралыктарына эрдемсинүү менен алар өздөрүнө, баардыгын жараткан Кудайдын иштерин өзүмдүк кылып алышты. Жана христиандардан, ушул Асманга шек келтирген окутууну кабыл алууларын, өлүм коркунучунун алдында талап кылышты. Кабыл алуудан баш тарткандардын көпчүлүгүн өрттөп жиберүүгө буй-рук беришкен.УК 49.3

    XII- жүз жылдыкта папанын өтө коркунучтуу куралы катары,инквизиция (мыкаачылык менен кыйноочу полициялык уюм) кабыл алынган. Ушул иште караңгылыктын мырзасы (шайтан), папа жана анын өкүлдөрү менен, бирге иш жүргүзгөн. Алардын жа-шыруун чогулуштарына, шайтан жана анын периштелери дагы катышып, ушул күнөөкөр адамдардын ой-санаалары менен болушкан, булардын кандай адам болбоcо дагы коркута ала турган мыкаачы зомбулуктары, көрүнбөгөн Кудайдын Периштеси аркылуу жазылып катталды. “Улуу Вавилон ыйыктардын канына толуп кетти”. Миллион деген кыйналуучулардын кескиленип таарылган денелери, ушул Кудай-дан баш тарткан күчтөрдөн өч алып берүүсүн өтүнүп, Кудайга чакырык салып турду.УК 49.4

    Папа бүткүл дүйнөлүк деспот (чексиз бийликтүү ээн баш аким) болду. Римдик папага, хандар жана императорлор баш ийишип, анын буйруктарына моюн сунушкан. Жердеги жана түбөлүктөгү арбир адамдын үлүшү анын колунда болгон сыяктуу сезилип турду. Көптөгөн кылымдар бою, Рим окутууларына кыйшаюсуз баш ийишкен, жана алардын жол-жобо эрежелери, майрамдары кастарлуу өткөрүлүп турган! Римдик дин башчы, бардык жагынан сыйлуу бо-луп, аны көздөй өтө чоң өлчөмдөгү акча курмандыктары агылып келип турду. Рим чиркөөсү мындай күчкө даңкка эч убакта жеткен эмес.УК 50.1

    Бирок “папанын күчү күндөй жаркыраганы менен, бул башкалар үчүн, бул дүйнө үчүн, көзгө сайса көрүнбөгөн караңгылык эле”. Ыйык Жазуу карапайым калкка эле эмес, дин кызматчыларга дагы бей тааныш болуп калды. Байыркы кездеги фарисейлер сыяктуу эле, папанын кызматчылары өз күнөөлөрүн ашкерелеген жарыкты көргүсү келген жок. Адилеттиктин таразасы болуп саналган, Кудай Мыйзамын четке ташташып, алар эбегейсиз кучко ээ болушкан жана өз бузукулуктарын токготуп кармай алышкан эмес. Бардыгында калп, өзүн сүйүүчүлүк, жана бузукулук көрүнүп турду. Байлыкка, бийик даражага карата бол-гон көпчүлүктүн ичиндеги кылмыштар адамдарга коркунуч туудурган эмес. Папанын жана прелаттардын (дин кызматчылар) ак сарайлары, бузукулуктун ордосуна айланды. Жогорку эпископтордун кээ бирлери жасаган кылмыш, дүйнөө кылмыш кодекси менен караганда дагы эң эле чыдагыз кылмыш болуп саналган. Көптөгөн жүз жылдар аралыгында Европа илим билим, маданият жана көркөм өнөр тармактарында эч кандай ийгиликке жетишкен эмес. Христиан дини, адеп ахлак, жана ой жүгүртүү жагынан өсө албай, шал сыяктуу алсырады.УК 50.2

    Римдин бийлигинин алдында калаган бул дүйнөнүн акыбалы, Осия пайгамбар аркылуу айтылган коркунучтуу жана үрөйдү учурган сөздөрдүн аткарылышы эле: “Би-липсезбегени үчүн Менин элим кырылат, билипсезүүнү сен четке каккандыктан, Мен дагы сени четке кагам... өз Кудайыңдын Мыйзамын сен унуткандыктан, Мен дагы сенин балдарынды эстен чыгарып салам”. “Себеби жердин үстүндө акыйкаттык да, боорукердик да, Кудайды таануу да болбой баратат. Касам ичүү жана алдоо, киши өлтүрүү жана уурулук кылуу, бузукулук жана жойпулук аябагандай жайылды, жана кан төгүүнүн артынан кан төгүүлөр болуп жатат” (Ос. 4:6,1,2). Кудай Сөзүнөн баш тартуунун аягы мына ушундай.УК 50.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents