Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    32 Бап — Шайтандын Тору

    Жер үстүндө уланып жаткан, Машаяк менен шайтандын оpтосундагы улуу күрөш, алты миң жылга созулуп, өз аягына чыгууга жакындап келе жатат, жана азгыруучу адамдарды куткаруу планын талкалоо, жана Машаяктнн жолдоочуларын өз торуна түшүрүү максатында, өз аракетин он зсе көбөйтүүдө. Анын максаты - адамдарды караңгылыкта кармоо, Машаяктын Жактоочу кызматында алар үчүн төгүлө турган кан калбай калганча, аларды тoбo келтирбөө анын бирден-бир максаты.УК 466.1

    Анын биийлигине каршы туруу үчүн, адамдар эч кандай аракеттерди жасабай турган болсо, Жыйында көңүлкоштук жана маани бербегендик руху бийлик жүргүзө баштаганда,, шайтан коопсуз - анын туткунунда жүргөндөрдү жоготуу коркунучу жок. Бирок адамдар качан түбөлүк өмүргө байланыштуу болгон муктаждыктары жөнүндө ойлонушуп башташканда, мындай деген суроолор туула баштайт: “Куткарылуум үчүн мен эмне кылышым керек?”, мына ушунда гана шайтан сак-сактап, Машаяктын Бийлигине каршы аракеттенип, жана Ыйык Рухтун таасирин жоюга шашылат.УК 466.2

    Ыйык Жазууда, периштелер менен Кудайдын алдына шайтан дагы баргандыгы жөнүндө, окуя жазылган (Аюб. 1:6). Ал, Түбөлүктүү Падышанын алдына Ага табынуу үчүн эмес, бирок, адилеттүүлөргө карата болгон өз максатын орундоо үчүн барган. Ал бoлyп жаткан жыйындарда дагы ошондой эле oй менен катышып турат. Ал көрүнбөгөнү менен, сыйынып жаткан адамдардын оюн башкарууну каалайт. Жөндөмдүү полк башкаруучу сыяктанып, ал өз планын алдын ала түзүп турат. Насаатчы Ыйык Жазууга кирип кеткендигин байкагандыктан, шайтан боло турган насааттын темасына өз дитин багат. Жана өзүнүн бардык чебердиги менен, чындыктын кабары бул суроодо адамдарга жеткиликтүү болбошуна кам көрөт. Жана ким эскертүүлөргө көбүрөөк муктаж боло турган болсо, сөздү укпай калышы үчүн жолтоо кылып бир нерсеге алаксытат, же колун кандайдыр бир жагдайга байлайт, ал эми бул сөз ал үчүн, өмүргө өбөлгө алып келмек.УК 466.3

    Калкты курчап алган руханий караңгылык, Кудайдын кызматчыларын түйшүккө саларын, шайтан билет. Жана алардын чын ыкыластан Кудайдын ырайымы жана Күчү, ушул илең-салаңдыктын, бейгамдыктын жана шалаакылыктын караңгылыгын таратсын, деп суранып сыйынгандарын угуп турат. Жана башка жагынан, азгырыктын торун токуу баштайт. Ал адамдарды тамакка соргоктугу жана башка өзүмчүл иштери менен азгырат, анткени алардын башка маанилүү нерселерди угуусун каалабайт.УК 466.4

    Кимди Ыйык Жазууну окуудан жана сыйынуудан алаксыта тyрган болсо, алар анын олжосу болуп калаарын шайтан жакшы билет. Ошондуктан бардык азгыруу менен, ал адамдардын аң-сезимин ээлеп алууну каалайт. Өздөрүн такыбаа эсептеген адамдар ар-дайым кездешет, ошондой болушса дагы алар чындыкты билүү үчүн убакыт табышпайт, анын ордуна башкалардын кемчиликтерин жана адашууларын издөө менен алек. Мындай адамдар шайтандын оң; колдору бoлyп саналат. Өз бир туугандарын айыптоочулар өтө көп, жана алар мындай иштерде аракетчил, Теңир качан Өз эркин таратканда, чыныгы ишенүүчулөр аны аткарууга аракеттенишет. Шайтандын кол алдындагылар болсо, чындыкка баш ийген адамдардын кылган иштерин, бурмалашып турушат. Машаяктын эң эле акыйкат, берилген жана өз керт башынын кызыкчылыгын ойлобогон кызматчыларын, алар алдамчы жана адашкандар деп жарыялашат. Алар ар бир жакшы ниет менен жасалган иштерди башкача талкуулашып, ишенимде тажрыйбасы жок, жана бекем турбаган адамдардын сезимдерине, ал туурасында жамандык күмөн саноолорду туудурат. Ыгы келе калган мезгилде эле, таза чындык нерселерди, ушак жана жалган катары көргөзүүгө аракет кылышат.УК 467.1

    Бирок мындай адамдарга карата, эч ким түшүнбөстүктө калбасын. Бул кимдин иштери, алар кимдин артынан ээрчип бара жатат, жана кимдин ишин аткарып жатат, буларды билүү кыйын эмес. “Аларды жемишинен таанып аласыңар” (Мф. 7:16). Алар, мыкаачы өлтүрүүчү жана бир туугандарын айыптаган шайтанга окшошуп калышат.УК 467.2

    Улуу жалганчынын көп сандаган кол алдындагы адамдары бар, алар ар-дайым, ар бир учурда, ар кандай жалгандыктар менен, шайтан кыйратуу үчүн издеп жүргөн адамдарды, азгырууга даяр. Анын милдети Жыйынга ишенимсиз, күмөн саноонун жана ишенбестиктин булагы боло турган, Кудай ишинин ийгилигин каалаган адамдарга жолтоoлyк кылууну самаган адамдарды алып келүү. Көп сандаган адамдар Кудайга жана Анын Сөздөрүнө ишенбестен туруп эле, чындыктын кээ бир негиздерин кабыл алышып ишенүүчү аталышат, жана өз жаңылыштыктарын руханий чындык катары, бөлүштүрүп берүүгө мүмкүндүк алышат.УК 467.3

    Өзгөчө ийгиликке шайтан: адамдар эмнеге ишенгендигинин мааниси деле жок, деген ураан менен жетишкен. Сүйүү менен кабыл алынган чындык, жанды жарык кыларын шайтан жакшы билет, ошондуктан аларды ар-дайым жалган теориялар, тамсилдер жана жалган жакшы кабарлар менен алмаштырууга аракет жасайт. Башынан эле Кудайдын кызматчылары, күнөөкөр эле бoлyп эсептелбестен, адамдардын жаны үчүн өлүм алып келүүчү адашуунун дагы булагы бoлyп саналган, жалган окутуучулар менен, күрөш жүргүзүп келет. Илия пайгамбар, Иеремия пайгамбар, элчи Павел, Кудайдын Сөзүнөн адамдарды бурган адамдар менен, таалыкпай жана туруктуу күрөш жүргүзүшкөн. Чындыкка жакындашпаган адамдардын ишенимдери, бул чындыктын коргоочуларына эч кандай колдоо алып келген жок.УК 467.4

    Маанисиз, ойлонулбаган Ыйык Жазуунун талкууларын, динге байланыштуу болгон бири-бирине карама каршы келген теорияларды, биз Машаяк жолун жолдогон диний дүйнөдөн көп кездештирибиз - ушунун бардыгы улуу жалганчынын жасаган иштеринин жыйынтыгы, ал ушундай жол менен адамдарды азгырып, жана аларды чындык жолдон чыгарууга аракеттенет. Азыркы Машаяк жолун жолдогон жыйындарда келишпестик жана бөлүп жарылуулар, Ыйык Жазууну бурмалоонун ыкмасы, ошондойчо аларды тигил же бул теорияларга ишендирүүгө болгон аракеттер. Ыйык Жазууну терең изилденүүнүн, Анын Эркин билүүгө аракет жасоонун ордуна, көпчүлүк адамдар кандайдыр бир бoлyп көрбөгөндөй жана жаңы бир нерселерди издешет.УК 468.1

    Жалган окутууларды жана үрпадаттарды колдоо үчүн, жана өз oйлорун далилдеш максатында Ыйык Жазуунун бир жеринен үзүндү алышып, кээде бир гана аят алынып талкууланат, бирок толук мазмунунда, бул аяттын айта тургандыгы башка бoлyп чыгат. Жылаандын айлакердигине салышып, бири-бирине дал келишпеген ойлорду айтышып, өздөрүнө жаккандай кылып талкуулашат. Көпчүлүк адамдар ушундайча билип туруп эле, Кудайдын Сөзүн бурмалашууда. Башкалар, өз кыялкечтигине салышып, Ыйык Жазуунун символдоруна жана образдарына кайрылышат, жана аларды өз oй жүгүртүүлөрү боюнча талкуулашып, өз ойлорун Ыйык Жазуунун окутуусу катары сунушташат.УК 468.2

    Эгерде Ыйык Жазууну сыйынуусуз, жана жарыкты самаган момун рухтун жардамысыз окуй турган болсок, анда эң эле жөнөкөй чындыкгар, эң эле кыйын аяттар сыяктуу, тескери кабыл алынат. Папанын жактоочулары, өз ойлоруна дал келген Ыйык Жазуунун аяттарын колдонушат, жана аларды өз каалаганы боюнча талкуулашып, аларды адамдарга сунушташат, ошону менен калайык-калкты, Ыйык Жазууларды өз алдынча изилденүүлөрүнө, жана Анын чындыктарына жетүүгө жол беришпейт. Мукаддасты адамдарга толугу менен берүү зарыл, Ал толугу менен окулушу керек. Жазуунун чындыктары жөнүндө бурмаланган кабар алгандан көрө, Мукаддас жөнүндө эч нерсе билбей калган артыгыраак.УК 468.3

    Мукаддас - ким Жаратуучунун эркин түшүнүүнү кааласа, алар үчүн жетектөөчү. Кудай адамдарга “туура пайгамбарлык сөз” берген, периштелер жана Машаяк Өзү дагы Даниил пайгамбарга жана Иоанн пайгамбарга, жакында эмне боло тургандыгын түшүндүрүп берген. Биздин куткарылуубуз үчүн керектүү чындыктар, жашыруун болуп калган жок. Чындыкты изилденген адамдар үчүн, түшүнбөстүктү жана оңтойсузданууну туудурбай тургандай бoлyп, алар ачылып берилди. Теңир Аввакум пайгамбар аркылуу мындай деп айтат: “Окуучу оңой окуш үчүн, көргөн аяныңды лок-тактага ачык жазып кой” (Авв. 2:2). Кудай Сөзү сыйынып окуган адамдардын бардыгына түшүнүктүү. Жана ар бир ишенимдүү жана акниет жүрөк, чындыкты көздөй чыгат: “Жарык адилеттүүлөрдүн үстүнө жаркырайт” (Забур. 96:11). Эгерде жыйын мүчөлөрү чындыкты “кенч издегендей” издебей турган болсо, бир дагы жыйын Ыйыктыкта өсө албайт.УК 469.1

    Көз карашты кеңдикке чакыруулар, өз максатына жетүү үчүн таалыкпай эмгектенип келе жаткан улуу жалганчынын айла-амалына болгон, көз караштарын жаап койгон. Жана качан ал, Мукаддасты адамдардын окутуулары менен алмаштырууга мүмкүнчүлүк алганда, Кудайдын Мыйзамынан баш тартылып, жыйындар эркиндик алдык дешип, күнөөнүн кишенине кабылышат.УК 469.2

    Илимдин ачылыштары көпчүлүк адамдар үчүн каргьгш бoлyп калды. Кудай жарыктын агымдары дүйнөгө, ачылыштар аркылуу техника жана илим менен төгүлүүсүнө жол берген, улуу илимпоздор дагы эгерде Кудайдын Сөзү менен жетектелбей турган болсо, илим менен ачылыштардын ортосундагы карым-катнашты түшүнүүгө аракеттенип отуруп, бурчка кадалышат.УК 469.3

    Көзгө көрүнгөн менен көзгө көрүнбөгөн дүйнөгө карата болгон адамдардын билими толук жана жеткилен эмес, ошондуктан көпчүлүк адамдар өздөрүнүн илимге болгон көз караштарын Ыйык Жазуунун окутууларына келиштире алышпайт. Көпчүлүк адамдар гепотезаларды (билимпоздук) жана илимдеги божомолдонгон цалилцерди кабыл алышат, жана Кудайдын Сөзү, ушул “жалган аяндар” менен текшерилиш керек, деп эсептешет (1 Тим. 6:20). Булар Жараткандын жана Анын жасаган иштерин далилдегенге жараксыз, жана ушунун бардыгын жөнөкөй мыйзам менен түшүндүрүүгө болбойт, жана ошондуктан алар үчүн Мукаддас, чындык катары кабыл алынбайт. Байыркы жана Жаңы Осуяттардын күбөлөндүрүүлөрүн чындык катары кабыл албай, жана алардан күмөн санаган адамдар, дагы бир кадам атташып, Кудайдын бар экендигинен күмөн санашат, жана чексиз болуп жаткан күчтөрдү жаратылышка таандык кылышат. Жана өздөрүнүн ишенимде турган якорун жоготкондон кийин, алар Кудайсыздыктын аскасына урунуп талкаланышат.УК 469.4

    Мына ушундай көпчүлүгү ишенимден адашууга өтүшүп, шайтандын туткуну болушууда. Адамдар өз Жаратуучусунан дагы акылдуу болууну каалашты; адамдардын oй жүгүртүүлөрү, түбөлүктө гана ачыла тyр ан жашыруун сырларды, түшүндүрүп берүүгө аракет жасап жатат. Эгерде адамдар, Теңирдин, Өзү жөнүндө жана Өзүнүн максаты жөнүндө ачып бергендерин билүүгө аракеттенише турган болсо, анда Кудайдын даңкы, Улуулугу жана Күчү жөнүндө туура түшүнүк алышып, эздөрүнө жана балдарына ачылып берилген нерселерге ыраазы бoлyшyп, өздөрүн сапырынды катары эсептешмек.УК 470.1

    Шайтандын эң эле айлакер азгырыгы, адамдарды, Теңир ачып берүүнү каалабаган билимдин айланасында, өз божомолдорун орноттуруу. Ушул себептен шайтан өзү дагы, Асмандагы ордунан айрылган. Кудай Өзүнүн бардык жашыруун сырын ачып бербегендигин барк албастан, ал өзүнө тапшырылып берилген улуу даражаны барк алган жок. Өзүнүн карамагындагы периштелердин арасына нааразычылык рухун жандандырып, алардын кулашына өзү себепкер бoлдy. Азыркы күндө дагы ал, адамдарды Кудайдын түздөн-түз берген тапшырмаларын аткаруусуна жол бербей, ошол эле рух менен булгагысы келип жатат.УК 470.2

    Ким, Ыйык Жазуунун эки жүздүүлүгү жок ачык чындыктарын кабыл алууну каалабаса, анда ар-дайым өзүнө жагымдуу тамсилдерди чыгарышып, ошону менен өз айыптаган абийирин жапкысы келет. Алар алган окутуулар канчалык руханий өсүүнү, өз кызыкчылыктарынан баш тартууну жана момундукту камтыбаган болсо, ал ошончолук алар үчүн жакшы кабыл алынат. Өз акылын адамдар, денеге керектүү кызматтарга жумшашат, жана ошону менен денесин алсыздандырып жатат. Өз текебердигинде, Ыйык Жазууларды окуп тoбo келтирүү, Кудайдын жетегинде болууну самоо үчүн, өздөрүн акылдуу эсептешип, алар жамандыктын күчүнүн алдында өздөрүнө коргонуч ала алышпайт. Ал эми шайтан болсо алардын талабын канагаттандырууга даяр, кырдаалдан пайдаланып, аларга чындыктын ордуна жалгандык сунуш кылат. Папанын жактоочулары дагы, мына ушундайча адамдардын аң-сезимдерине бийлик кылышкан, тoбo келтирүүгө өз айкашкан жыгачын ала жүрүш керектиги жөнүндөгү чындыктан баш тартышты, азыр болсо протестанттар да, ошол жол менен бара жатышат. , Ким, күндөлүктүү жыргалчылык үчүн, Кудай Сөзүн барк албай турган болсо, дүйнөлүк адамдан кем эмес, жана ал коркунучтуу жалгандыктарды дагы кабыл алууга даяр. Ким өз эрки менен чындыктан баш тарта турган болсо, ар-кандай адашууларга бет алып, кадам таштайт. Элчи Павел мындай деп айткан: “Себеби, алар өзүн куткара турган чындыкты сүйүүдөн баш тартышты. Ошондуктан, алар жалган нерселерге ишенсин деп, Кудай аларга алдоочу кубат-аракет жиберет. Чындыкка ишенбегендер, бирок адилетсиздикти сүйүүчүлөрдүн бардыгы айыпталышсын” (2Фес. 2:1012). Ушул эскертүүлөрдү эсибизден чыгарбастан, тигил же бул окутууларды кабыл алууда өтө аяр бололу.УК 470.3

    Алдамчынын өтө күчтүү азгырууларынын ичинде - жалган окутуулар жана өлгөн адамдар менен сүйлөшүүлөр бар. Жараыктын периштесинин түрүн кабыл алуу менен, азгырык адамдар кабатыр бoлyп ойлонбогон жерлерге өз торун жайат. Эгерде адамдар сыйынуу менен үзгүлтүксүз Кудайдын Сөздөрүн окуй турган болсо, анда алар караңгыда калып, жалган окутууларга берилишмек эмес. Бирок чындыктан баш тартуу менен, алар жалгандыктын курмандыгы бoлyп калууда.УК 471.1

    Дагы башка коркунучтуу адашууга, Машаяктын Кудайдын Рухуна таандык экендигин, жана Анын жерге Келгенден мурда эле бар болгондугун, жокко чыгаруу болуп эсептелет. Ушул окутууларды, Кудайдын Сөздөрүнө ишенип жатабыз деген адамдар кабыл алып жатышат, бул болсо, биздин Куткаруучубуздун Өзү ачык айткан Ата менен тыкыз байланышын жана Анын болгондугун, Кудайга таандык экендигин, жокко чыгарат. Бул окутууларды, Кудай Сөзүн чын ниетинен бузууну каалаган адамдар гана кабыл алышат. Бул, адамдар алдында куткарып алуучу Курмандыкты басырынтып эле тим болбостон, дагы Мукаддасты Кудайдын аяндары экендигинен, ишенимди кайтарат. Жана ошондуктан бул окутуулар өтө коркунучтуу, кабыл алууга татыксыз. Качан адамдар Кудай Сөзүнүн күбөлөндүрүүлөрүн, жана Машаяктын Кудайга таандык экендиги жөнүндөгү чындыктарын кабыл алуудан баш тарта турган болсо, аларды ишендирүү мүмкүн эмес, таандык далилдер дагы ал адамдарга жардам бере албайт: “Денеге таандык адам, Кудайдын Рухунан болгондорду кабыл албайт, анткени ал, аларды акылсыздык деп эсептейт; ал муну түшүнө албайт, анткени бул жөнүндө Рухийде талкуулаш керек” (1 Кор. 2:14). Бул адашууну жактаган бир дагы киши, Машаяктын иши жана Мунозу, же Кудайдын Улуу Куткаруу планы жөнүндө oй жүгүртө албайт.УК 471.2

    Дагы бир наадан, жагымсыз жана бат таратылып кетүүчү адашуу бар. Көпчүлүк адамдар шайтан чындыгында жок, ал эми Ыйык Жазууларда анын аты адамдардын жаман иштери жана ойлорун билдирүү үчүн айтылат, дешет.УК 471.3

    Дагы Машаяктын Экинчи Келиши - бул Анын ар бир адамга, ал өлгөндөн кийин көрүнгөн учуру деп oй жүгүрткөндөр дагы кездешет. Бул жалгандык, Анын Асман булуттарынын арасында Келе жаткандыгын күтүп жаткандарды, уйгу-туйгу ойго салып, алагды кылат. Көп деген кы-лымдар аралыгында шайтан: “Мына, Ал жашыруун бөлмөлөрдө” (Мф. 24:26), деп шыбырап келет, жана бул сөздөргө азгырылуу менен көп деген адамдар дүйнөдөн кайтышкан.УК 472.1

    Адамдардын даанышмандыгы, сыйынуунун анчалык деле зарылдыгы жок, деп окутуп келет. Окумуштуулар, сыйынган сыйынууларга эч кандай деле таң калаарлык керемет болгондой жооп болгон эмес, керемет деген жок, эгерде ал болсо, табият мыйзамы бузулмак, деп далилдешет. Аалам белгилүү бир мыйзам менен кыймылдап турат, жана аларга каршы Кудай эч нерсе жасай албайт, дешет. Мына ушундайча, Теңирди Өз мыйзамына баш ийүүчү кылышат, жана Кудайдын Мыйзамдары Кудайды өзyнө баш ийдирип жаткан сыяктуу oй жүгүртүшүүдө. Ушул сыяктуу окутуулар Мукаддастын күбөлөндүрүүлөрүнө карама-каршы келет. Машаяк жана Анын шакирттери керемет жасашкан жок беле? Бүгүн дагы ырайымдуу Куткаруучу тирүү, жана ар бир айтылган сыйынууларга, Ал жер үстүндө жүргөн кезиндегидей эле жооп берип, кереметтерди көргөзүп келет. Бoлyп жаткан нерселер, Жогорку нерселер менен байланышып турат. Биздин сыйынган сыйынуубузга жооп бергендигинин бири бул, Ансыз биз - Кудайдын оюнун бир бөлүгүн кабыл ала албайт болчубуз.УК 472.2

    Бүгункү күндө Машаяк жолун жолдогон жыйындардын арасында, канча деген ойлонуп табылган oй-жүгүртүүлөр, жалган окутуулар бийлик кылып келүүдө! Кудай Сөзү менен тургузулган бир эле негизди бузуу, канчалыктуу кыйратуучу залакасын тийгизе тургандыгын, элестетүү мүнкүн эмес. Мындай кадамга барган адамдардын кээ бирлери гана, кандайдыр бир чындыктарды өзгөртүп койгондугуна ыраазы бoлyп калышат. Көпчүлүгү , түгөл кайырдин бoлyп калмайынча, чындыктарды биринин артынан бирин бузушат.УК 472.3

    Бардыгына маалым болгон теология көпчүлүк адамдарды Мукаддастын чындыктарынан алыстатып, ар бир нерселерге сын көз караш менен караган скептиктерге айландырды. Ырайымдуулук, боорукердик, жана адилеттүүлүк - бул улуу байлыктар, жана качан адамдарга уктарын Мукаддастын алдына тебеленди кылып жатасыңар деп кеңеш бере берсе, ал адамдар акыры Кудай Сөзүнөн өз жүзүн буруп кетишет.УК 472.4

    Шайтан ушул максатка жетүүгө аракеттенип жатат. Анын адамдарга каалаганы, алардын Кудайга жана Анын Сөздөрүнө ишенүүсүнөн, баш тарттыруу. Ал күмөн санаган өтө көп сандаган чоң аскерди жетектеп жүрөт, жана адамдарды oз тарабына болгон күчү менен тартууга аракет жасап келет. Ишенбестик модага айланды. Көп сандаган адамдар, күнөөнү ачып жана айыптап тургандыктан, Кудай Сөзүнө жана анын Авторуна күмөн саноо менен карашат. Ким Кудайдын талаптарын аткаргысы келбесе, Анын Авторитети менен байланышын үзүүгө аракер жасайт. Мындай адамдар кандайдыр бир ката табыш үчүн гана, Кудай Сөзүн окушуп жана насаатчынын сөзүн угушат. Өз милдетине илең-салаң көргөзгөндүгүнүн айынан, аны жаап-жашырыш максатында көп адамдар Кудайдан алысташып кетишүүдө. Башкаларды болсо ишенбестикке, текебердик жана бекерпоздука алып келет. Жеңил жашоону самагандыктан, алар талап кылынган өз кызыкчылыктарынан баш тартуу, жана кандайдыр бир күч жумшоону каалашпай, сыйга татырлык эч нерсе жасаша алышпайт, жана Мукаддасты сынакка алышып, өздөрүн акылдуу кылып көргөзгүсү келишет. Ошондуктан мындай топко таандык адамдар, сындоо үчүн, бир шылтоо таап турат. Ал эми башкалар болсо, ишенбеген скептик адамдар тарапта болууну жакшы көрүшөт. Бул адамдардын ичиндеги чыныгы оюн текебердик жана өзүн жогору көтөргөндүк жашырып турат. Алардын көпчүлүгү, адамдарды бир бурчка алып келе турган, Ыйык Жазуудан аяттарды таап, аларды колдонгондон чоң кумар алыша тургандар. Кээ бирлери башталышында, талам-тартышты жактырышкандыктан сындоолорго жана тийишүүгө катышат, жана ошону менен капаска кабылганын байкашпайт. Бирок бир жолу өздөрүнүн ишенбестигин моюндарына алгандан кийин, ушул көз караш алардын милдети катары эсептешет. Ушундайча мындай адамдар адилетсиздер менен биригишип, өздөрү үчүн ачылып турган бейиштин эшигин жаап салышат.УК 472.5

    Теңир Өз Сөзүндө, Өзүнүн Кудайлык Кудурети жөнүндө көп сандаган далилдерди калтырган. Биздин куткарылуубузга тийиштүү болгон улуу чындыктар, ачык-айкын берилген. Чын жүрөктөн Аны издеген адамдардын бардыгына убада кылынган Ыйык Рухтун жардамы менен, ар бир адам өз алдынча ушул чындыктарга жетише алат. Кудай адамдарга, өз ишенимине негизделе турган, бекем негиз берген.УК 473.1

    Бирок, адамдын чегерилген акылы, Чексиз Кудайдын каалаганын жана пландарын түшүнө албайт. Изилденүү менен биз эч качан Кудайды таба албайбыз. Анын Улуулугу жаап койгон көшөгөнү, өзүнө ишенген кол менен ачууга аракеттенүүнүн кажети жок. Элчи мындай деп айтат: “Анын чечимдери кандай кол жеткис, жана жолдору кандай таанып билгис” (Рим. 11:33). Биз менен кошулуп,чексиз сүйүү, жана Кудиреттүү Күч, аракеттенип жаткандыгын биздин түшүнүүбүз зарыл. Биздин Асмандагы Атабыз бардыгын даанышмандык жана адилеттүүлүк менен Башкарып жатат, жана биздин кайгырып ишенбестигибизге эч кандай себеп жок, бирок биз өз момундугубуз менен гана, Анын алдында титирөө менен баш ийишибиз керек. Ал бизге Өз максатын, бизге канчалыктуу керек боло турган болсо, ошончолук гана ачып берет, жана андан тышкаркысын биз, Анын сүйүүгө толгон Колуна жана Жүрөгүнө гана тапшырышыбыз керек.УК 473.2

    Биздин ишенимибиз үчүн Кудай жетишээрлик негиз бергендигине карабастан, ишенбеcтик үчүн жасалган шылтоолорубузду Ал эч качан жок кылып cалбайт. Ким өз күмөн саноолорун илип коюу максатында илгич издеп жүргөн болсо, сөзсүз аны табат. Жана ким Кудай Сөзүн кабыл алуудан баш тартып, ага баш ийбей турган болсо, анын алдында тосуп турган тоскоолдуктар талкаланбайт, жана чындыкка эч качан келе албайт.УК 474.1

    Кудайга ишенбегендик, аны менен каршылашкан, жаңыланбаган жүрөктүн жыйынтыгы бoлyп эсептелет. Бирок ишеним Ыйык Рух менен жандандырылат, жана аны кастарлай турган болсок, ал өсүп, бекемделет. Кандайдыр бир чечкиндүү аракет көргөзбөй тyрган болсо, эч ким ишенимде бекемделе албайт. Ишенбеcтик, аны жангай турган болсо, көбөйгөндөн көбөйө берет. Жана эгерде адамдар, алардын ишеними бекемделиш үчүн берилген далилдер жөнүндө oй жүгүртүшпөй турган болсо, өздөрүнүн күмөн саноолоруна жол беришип, жана кемчиликтерди издей башташат, жана күмөн саноолорунда бекемделгенден бекемделет.УК 474.2

    Кудайдын берген убадаларынан күмөн санап, жана анын ырайымына ишенбесе, андай адамдар Анын Ысымынын баркын түшүрүшөт, жана өз үлгүлөрү менен башкаларды Кудайга алып келүүнүн ордуна, аларды Кудайдан алыстатышат. Мындай адамдар жемиш бербеген дарактарга окшош, ал өзүнүн чоң жалбырактуу бутактары менен алдындагы өсүмдүктөргө көлөкө түшүрүп, аларды өстүрбөй салат. Бул адамдардын бардык өмүрү, өздөрүнө каршы гана күбөлүк алып келет. Алар күмөн саноо жана ишенбестик үрөөнүн себишет, жана ошогө жараша түшүм жыйнап алышат.УК 474.3

    Ким чын эле күмөн саноолордон арылууну каалай турган болсо, алар үчүн бир гана жол бар: өздөрү билбеген, ойлоп тапкан суроолорду берүүнүн жана сындоолорго катышуунун ордуна, алар өздөрүнө төгүлүп жаткан жарыкка жол ачышы керек, ошондо аларды андан дагы толук жарык жаркырата баштайт. Алар өздөрүнө түшүнүктүү болгон гана милдеттерди аткарышы керек, жана ушул нерселер азырынча күмөн саноолорду туудуруп жаткан чындыктарды түшүнүүгө жардам берет.УК 474.4

    Кимге али өзүнүн кызыкчылыктарын калтыруу жана өзүн арноо бей тааныш болсо, аларга шайтан айлакердик менен жасалган жалгандыгын сунуш кылат, жана ким алдангысы келсе, аны чындык катары кабыл алып, чындыкты билүү үчүн чындыкты калбыл алууга умтулууга жөндөмсүз болот. Машаяк Өзү Чындык жана “Ал дүйнөгө келген ар бир адамды жарыкка салат” (Ин.1:9). Адамдарды ар кандай чындыкка салуу үчүн, чындыктын Руху Асмандан жерге жиберилген. Жана Кудай Уулу ишенимдүүлүк менен мындай деп айткан: “Издегиле, жана табасыңар”. Эгерде “ким Анын эркин аткарууну каалай тyрган болсо, бул окутуу жөнүндө билип алат” ( Мф. 7:7; Ин. 7:17).УК 474.5

    Машаяктын жолдоочуларына, шайтан жана анын жактоочулары кандай деген жамандык даярдап жаткандыгы жөнүндө, аз билишет. Бирок асманда Олтургандын Өзү, бул жамандыктар үчүн коюлуп жаткан кишендерди күлгө айлантат, анткени алардын жардамы менен, Өзүнүн терең оюн аткарууну каалайт. Теңир Өз элине оттуу сынактарды, алардын кайгырып жана кыйналып жаткандыктарын карап кумарлануу үчүн берген эмес, бирок кыйналуулар, күнөөнүн үстүнөн биротоло жеңишке жетишүү үчүн зарыл. Эгерде Кудай аларды сынактардан коргочолоп койгон болсо, бул анын Даңкы менен келешпей калмак, анткени сынактын аткара тyрган максаты, адамдарды бардык азгырыктарга каршы турууга үйрөтүү.УК 475.1

    Барып турган эң эле митаам адамдар да, жана жиндер дагы, Кудайдын ишине жолтоо кыла албайт, эгерде биз момундук менен тoбo келтирип, күнөөлөрүбүздү калтырсак, жана Анын берген убадаларына ишеним менен карасак, алар бизди биздин Теңирден ажырата алышпайт. Ар бир сынактарга, ар бир каршылыктарга алар көрүнүктүү жана жашыруун болсо дагы, ийгиликтүү каршы турууга болот “аскер жана күч менен эмес, бирок Менин Рухум менен, дейт Ааламдын Теңири” (Зах. 4:6).УК 475.2

    “Теңирдин Көзү адилеттүүлөргө каралган жана Анын Кулактары алардын сыйынууларында... жана силер жакшы иштер үчүн тырыңсацар, силерге ким жамандык кыла алат?” (1 Петр. 3:12,13). Качан Ваалам, көп сандаган тартуулар үчүн, Израл элин каргап берүүгө барганда, жана Теңирге арнап курмандык чалып, Анын элине каргыш айтууну каалаганда, Кудайдын Руху бул жамандыкка бара турган жолду тосуп коёт, жана Вааламга мындай сөздөрдү айтууга туура келген: “Мен аларды кантип каргайм? Кудай аларды каргап жаткан жок. Жамандыкты кантип айта алам? Теңир аларга каршы жамандык кылып жаткан жок”. Менин жаным адилеттүүлөр менен бирге өлсун, жана меники алардыкындай бoлyп бүтсүн!”. Качан кайрадан курмандык чалынганда адилетсиз пайгамбар мындай деп айткан: “Мына мен алкай баштадым, анткени Ал Өзү алкап жатат, жана мен муну өзгөртө албайм. Жакыпта мүшкүл көрүнбөйт, Израилде балаа байкалбайт; Кудай анын Теңири, аны менен, колунда салтанаттуу Падыша сурнайы бар”. “Жакыпта сыйкырчылык да, Израилде көз боёчулук да жок. Өз учурунда Жакып тууралуу да, Израил тууралуу да: Мына Кудайдын жараткандары дебей койбойт!” Yчүнчү жолу курмандык чалуучу жайлар тургузулду, жана кайрадан Ваалам Израилди каргай турган бoлyп аракет кылды. Бирок пайгамбардын оозу өз эркине каршы, Кудайдын Руху каалаган сөздөрдү, Израил элинин бакыбаттуулугу, жана анын душмандарынын жаман ойлорун айыптай тургандыгын айтат: “Сени алкаган алкыштуу, сени каргаган каргыштуу болот” (4Муса. 23:8,10,20,21,23; 24:9).УК 475.3

    Израил эли ал кездерде Кудайга ишенимдүү болушкан, жана алар Кудайдын Мыйзамдарына баш ийип турушканда, жердин же тозоктун эч кандай күчү алардын үстүнөн бийлик кыла алган эмес. Бирок, тыюу салынган Вааламдын Кудай элине айта турган каргыштарын, аларды күнөөгө кириптер кылуу менен, максатына жеткирген. Кудайдын Мыйзамдарын бузуу менен алар, өздөрүн Кудайдан ажыратты, жана өлтүрүүчүнүн бийлигинин алдында калышкан.УК 476.1

    Машаякка ишенимдүү болгон эң эле алсыз адам, жамандыктардын күчүнө каршы күрөшүүдө ийгиликтүү бoлyп, жана ага каршы өзүн көргөзгүсү келсе, ал татыктуу туруштук бере ала тургандыгын, шайтан жакшы билет. Ошондуктан ал, Машаяктын жоокерлерин, кире албай турган чептен чыгарууга аракет кылат, жана өзү жоокерлери менен жашынып, анын территориясына киргендердин бардыгын талкалоо үчүн, аңдып жатат. Биз качан Кудайга ишенип, жана Анын Осуяттарын сактаганыбызда гана, бизге эч кандай коркунуч жок коопсуз боло алабыз.УК 476.2

    Эгерде адам бир күн же бир саат сыйынуусуз кала турган болсо, өзүн коопсуз коркунучтан тышкаарымын, деп эсептей албайт. Биздин, Теңирден өзгөчө Анын Сөздөрүн түшүнүү үчүн даанышмандык сурашыбыз зарыл. Ал жерде азгыруучунун бардык жашыруун айлакерликтеринин айыбы ачылган: ал жерде, биз каршы турууга жардам ала тyрган куралдар камтылган. Шайтан Ыйык Жазууну абдан жакшы билет, жана ал бизге жазгыруучу таш болуш үчүн, ар бир аятты өз алдынча талкуулайт. Ошондктан биздин, Ку-дайга болгон өз көз карандылыгыбызды сезип, Мукаддасты момун жүрөгүбүз менен изилденүүбүз талап кылынат. Биз ар-дайым шайтандын азгырыктарына каршы сакчылыкта турушубуз керек, жана “Бизди азгырыкка алдыра көрбө”, деп сыйынуубуз зарыл.УК 476.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents