Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    41 Бап — Жердин Ойрондолушу

    “Себеби анын күнөөлөрү Асманга чейин жеткен, жана Кудай анын адилетсиз иштерин эске алды... ал силерге шарап даярдаган аякка, ал үчүн эки эсе көп даярдагыла... Себеби ал ез жүрөгүндө мындай деди: “Мен падыша аял бoлyп отурамын, мен жесир эмесмин жана кайгы көрбөйм! Ошон үчүн, анын үстүнө бир күнү балаалар - өлүм, ыйлоо, ачарчылыктар келет; ал шаар отко күйөт, анткени аны Соттогон Кудай Теңир Кудуреттүү. Аны менен бирге бузукулук кылган жердин падышалары, анын өрттөнгөн түтүнүн көргөндө, ал жөнүндө боздоп ыйлашат; алар анын кыйналганын көрүп, коркуп алыста туруп мындай дешет: “Кайгы, кайгы сага, улуу шаар, бекем шаар Вавилон! Себеби сенин сотуң бир сааттын ичинде келди” (Аян. 18:5-10).УК 581.1

    “Жердеги көпөстөр”, “анын шаңдуу дөөлөтүнө байып калышкан”, жана анын “Кыйналганын көрүшүп, алыста коркуп турушат, жана мындай дешет: кайгы, боз кендир, кара кочкул, тамылжыган Кызыл кездеме кийинип, алтын, асыл таштар жана бермет тагынган улуу шаар, сага кайгы!” Анткени, бир саатта ушунчалык байлык жок бoлдy” (Аян. 18:11,3,15-17).УК 581.2

    Кудайдын каары келген мезгилде, вавилонду мына ушундай өкүм каптады. Бул бузулган шаар өз мыйзамсыздыгынын ченемин толтуруп алган, жана анын убакыты келип, ал кыйроо үчүн жетилип калган.УК 581.3

    Качан Кудайдын Үнү Өз элин кулдуктан кайрыганда, ким улуу өмүр күрөшүндө көп нерселерди жоготкон болсо, алар үчүн чоң жандануу бoлдy. Сынак мезгилинде алар, шайтандын азгырууларына алданышып, өз күнөөлүү өмүрүн акташкан. Байлар болсо, өздөрүндөй болбой калган адамдардын алдын да, өз артыкчылыктары менен барктанышты, бирок алар, Кудайдын Мыйзамдарың бузуу менен өз байлыктарын топтошкон. Ач адамдарды тоюнтуу, жылаңачты кийинтүү, адилеттүүлүк менен иш кылуу жана ырайымдуу иштерди сүйүүнү, өз милдетибиз деп барк алышкан жок. Алар өздөрүн жогору көтөрүшүп, жана өздөрү сыяктуу өлө турган адамдардан, барктоо алууга аракеттенишкен. Эми болсо алар бардыгын жоготушту, кедей жана алсыз болушту, жана алардын даражасыи көтөрө турган эч нерсе калган жок. Алар өз Жаратуучусуна жагат деп жасашкан буркандарынын, талкаланып жаткандыгын томсоруу менен көрүшөт. Өз өмүрлөрүн жердеги байлыктарга жана жыргалчылыктарга сатып жиберүү менен, алар Кудайдын чындыгында бай бoлyyну каалашкан эмес, жана жыйынтыгында толук жоготууга кабылышты. Алардын ички дүйнөсүнүн жыргалчылыктары, кайгылуу эрменге айланды. Жана алардын бардык байлыктары күл сыяктуу сапырылган. Бүт өмүрүндө чогулткан байлыктарынан кез ирмем убакытта ажырап калышты. Байлар өздөрүнүн талкаланган кооз имараттарынын, шамалга күлү сапырылган алтын жана күмүштөрүнүн алдында озондоп ыйлап жатышат. Жана өз жасаган буркандары менен бирге өздөрү дагы жок бoлyy керектигин сезишкенди гана, өз ыйларын токтотушту.УК 581.4

    Адилетсиз адамдар, Кудайдын жана өз жакындарынын алдында күнөө кылгандыгы үчүн кейип жатышкан жок, тескерисинче, Кудайдын жеңишке жетишкендигин көрүшүп, кейип жатышат. Алар өз кылган адилетсиз иштери үчүн тoбo келтирбестен, өз кылган күнөөлөрү үчүн жаза ала тургандыгын билишип коркушууда. Эгерде мүмкүн боло турган болсо, алар жеңишке жетишүү үчүн колунан келгендин бардыгын жасашмак.УК 582.1

    Эми гана дүйнөдөгү адамдар, өздөрү жер үстүнөн жок кылып салууну каалашып, мыскылдап шылдың кылган адамдар гана жугуштуу оорулардан, бороондордон жана жер титирөөдөн аман калгандарын, өз көздөрү менен көрүштү. Жана Өз Мыйзамдарың бузган адамдар үчүн Жалмап Кетүүчү От Болгондун Өзү, Өз эли үчүн коопсуз Коргон бoлyп турат.УК 582.2

    Адамдарга жагынуу максатында, чындыкты курмандыкка чалган дин кызматчыларга, эми гана алардын окутуусунун мааниси ачылып берилген. Жана ал кафедрада турганда, көчөдө бара жатканда, адамдар менен баарлашканда, Баарын Көрүп Туруучу Көз, анын бардык кылган иштерин көрүп турган. Эми ушунун бардыгы айгене бoлдy. Адамдарды адашууга алып барган анын ар бир сезими, ар бир жазган жазуулары, ар бир айтылган сөз жана кылынган иштери, себилген үрөөн бoлyп турган, эми болсо, аны курчаган өлө турган адамдардан, ал өзүнүн бышып калган жемиштерин көрүүдө.УК 582.3

    Тенир мындай дейт: “Жана Менин элимдин кызынын жараатын, тынчтык! тынчтык! - деп алаңгазарлык менен даарылап жатышат, ал эми тынчтык жок”. “Мен кайгыга салууну каалабаган адилеттүүнүн жүрөгүн жалгандык менен убайымга салганыңар үчүн, мыйзамсыз киши өз бузуку жолунан бурулбасын, өз өмүрүн сактабасын үчүн, анын колдорун таяп тургансыңар” (Иер. 8:11; Иез. 13:22).УК 582.4

    “Менин жайытымдын койлорун кыйраткан жана таратып таштаган кайтаруучуга кайгы! Мына ушул кыянат ишиңер үчүн Мен силерди жазалайм...” “Боздогула кайтаруучулар, катуу онтогула үйүр башындагылар, башыцарга күл төккүлө; союла турган, чачыла турган күнүңөр келди; кырыласыңар, кымбат идиш сынгандай бытырайсыңар. Жана кайтаруучуларга дагы, үйүр башындагыларга да, калкалоочу жай болбойт” (Иер. 23:1,2; 25:34,35).УК 582.5

    Кызматчылар жана адамдар дагы, өздөрүнүн Кудай менен туура эмес мамиле жасагандыгын түшүнүшөт. Алар, Баардык адилеттүү Мыйзамдардын Авторуна каршы чыгышкандыгын көрүштү. Кудайдын Жазууларын алып таштагандык, бардык жамандыкка, ажырашууга, көрө албастыкка, мыйзамсыздыкка, жана жер үстү оор эрегишкен бузукулуктyн туңгуюгуна айланганча, жамандыкка өз жолун ачып берген. Жана бардык чындыктан баш тартып, жалгандыктын жолун тандап алгандар, ушунун бардыгын өз көздөрү менен көрүшөт. Адилетсиздер баштарынан өткөрө турган бул кайгыны айтып жеткирүү үчүн, тил алсыздык кылат, жана алар үчүн түбөлүктүү өмүр биротоло жоготулган. Бал тилдүүлүгүнө суктанышып бүт дүйнө алдына табынган адамдардын чыныгы сапатын, эми бардыгы чындыгында кандай экендигин көрүп турушту. Алар өз кылмышынын айынан эмнеден куру калгандыгын түшүнүштү. Жана алар, башта шылдындап жана кордошкон касиеттүү адамдардын бyт алдыларына жыгылышып озондоп жатышты, жана аларды Кудай сүйгөндүгүн эми гана моюндарына алышты.УК 583.1

    Адамдар өздөрүнүн алдашкандыгын түшүнүштү. Алар өз өлгөндүгү үчүн бири-бирин айыпташты, бирок эң; эле чоң кайгы дин кызматчылардын энчилери бoлyп саналат. Бул адилетсиз кайтаруучулар жагымдуу сөздөрдү гана айтышып, жана өз угуучуларын Кудайдын Мыйзамдарың аткарбаганга, жана Аны ыйык сактаган адамдарды кысымчылыкка алууну үйрөтүшкөн. Эми ушул бардык адамдардын алдында, аларды алдагандыгын моюндарына алып жатышат. Жана турган көпчүлүктүн каары кайнады. “Биз силердин айыңардан өлүмгө кабылдык!”деген ачуу кыйкырыктар менен, жалган окутуучуларга жабылып жатышты. Жана аларды эң эле жакшы сөздөр менен чаң жугузбай макташкан адамдар, эми аларды эң эле жаман каргыштар менен ашатышууда. Бир кезде аларды көтөрмөлөгөн колдор, эми минтин аларды өлтүрүү үчүн көтөрүлгөн. Жана Кудайдын элин өлтүрүү үчүн даярдалган жарактар, азыр аларды өлтүрүү үчүн көтөрүлүп жатат. Бардык жерде уруш жана кан төгүүлөр.УК 583.2

    “Ызы-чуу жер кыйрына жетет, ант-кени элдер менен Теңирдин мелдеши бар: Ал ар бир дене менен соттошот, Ал арамзааларды кылыч менен кырдырат” (Иер. 25:31). Улуу күрөш алты миң жыл убакытка созулду. Кудай Уулу жана Асман Периштелери азгыруучунун каршылыгын жеңишип, жердин уулдарын коргочолошкон, ыйыкташкан, куткарышкан. Эми болсо, ар бири өздөрүнө анык чечим кабыл алышты; адилетсиз адамдар Кудай менен күрөшүүдө, шайтан менен биротоло биригишкен. Тебеленген Кудай Мызамынын Авторитетин калыбына келтирүүгө мезгил келип жетти. Эми Кудай, бир гана шайтанга каршы күрөш жүргүзбөстөн, адамдарга дагы каршы күрөш жүргүзөт. “Элдер менен Теңирдин мелдеши бар: Ал арамзааларды кылыч менен кырдырат”.УК 583.3

    “Жийиркеничтер жөнүндө кайгырып улутунгандардын чекесине белги кой”, бул куткарылуунун көрүнбөгөн белгиси. Андан кийин Иезекиилге көрүнгөн өлтүрүүчү периште чыгат, жана ага мындай буйрук берилет: “Менин ыйык жайыман баштагыла, чалды, уланды, кызды наристени жана аялдарды өлгөнчө ургула, жана жанагы белгиси барлардын бирөөнө дагы тийбегиле”. “Жана алар Yй жанындагы турган аксакалдардан башташты” (Иез. 9:4-6), - дейт пайгамбар. Биринчилерден бoлyп, диний насаатчыларыбыз деп өздөрүн эсептешкен адамдар кыйроого учурайт. Ишенимсиз сакчылар биринчилерден бoлyп кулашты, жана аларга ырайым болгон жок. Эркектер жана аялдар, селкилер жана жаш балдар бардыгы бирге мерт болушат.УК 584.1

    “Анткени мына, Теңир Өз Турагынан чыгып, жерде жашагандарды өз мыйзамсыздыгы үчүн жазалоого Келе жатат, жер өзү шимирген кандарды кайра ачат, жана өзүнүн өлгөндөрүн эми жашырбайт” (Ис. 26:21). “Жана Иерусалимге каршы согушкан бардык элдерди Теңир мына мындай кылып ойрондойт: ар ким өз буту менен басып жүргөн кезинде эле анын денеси начарланып кургайт, көздөн чарасында көздөрү алайып, чанагына кирип, таңдайы так катып, оозундагы тили күрмөөгө келбей калат. Жана ал күнү мындай болот: Теңир алардын ыркын кетирип, арасына бүлүк түшүрөт, биринин колун бири кайрып, ар ким өз жакынына кол көтөрөт” (Зах. 14:12,13). Токтолбогон бороондой дуулдаган кумарлардан жана Кудайдын каарынын ырайым аралашпай төгүлүшүнөн, жердин бай, кедей, дин кызматчы, жана башчылары болгон тургундары жок болушту. “Жана ошол күнү жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына дейре Теңирден кыйратылган адамдар өлүп жатат, аза күткөн ый болбойт, өлүктөр жыйналып көмүлбөйт, жер бетине жык болот” (Иер. 25:330.УК 584.2

    Машаяктын Экинчи Келишинде, жердин адилетсиз тургундары, Анын Оозундагы Дем менен, жана Анын Дацкынын жарыгы менен кыйратылат. Машаяк Өзүнүн элин Асмандагы Шаарга алып, жерде жашоо болбойт. “Мына, Теңир жерди бүлгүнгө учуратат жана аны түшүм бербес жер кылат; анын көрүнүшүн өзгөртөт жана анда жашагандарды түш-тушка чачыратат”. “Акырында жер бүлгүнгө учурап, ал таптакыр таланып калды; анткени бул Сөз Теңирдин Оозунан чыккан”. Анткени алар Заңмыйзамды бузду, Парыздарды өзгөртүштү, Түболүк Осуятты бузушту”. “Ошон үчүн кара жерди каргыш жеп жатат, жана анда жашагандар жазасын тартып жатат; ошондуктан жерде жашагандарды өрт алды” (Ис. 24:1,3,5,6).УК 584.3

    Бардык жер, таштанды болгон чөл сыяктанып көрүнөт. Бардык жер үстүндө, жер титирөөдөн талкланган урандылар; тамыры менен жулунган тал-теректер; суу аркылуу ыргытылып ташталган жана асканын сынганынан учкан чоң-чоң таштардын чачырандылары, түп-тамыры менен коңторулуп калган тоолордун орду эбегейсиз чоң аңдарга жана үңкүрлөргө айланган.УК 585.1

    Кыямат Күндүн боло турган окуяларынын бардыгы бoлyп өттү. Жердеги үлгү кызматында, улуу дин кызматчы Ыйыктардын Ыйыгы бөлүгүндө өз кызматын аткарып чыккандан кийин, Теңирдин алдына коё бериле турган теке алып келишкен, жана бардык жааматтын алдында, улуу дин кызматчы “Израил уулдарынын бардык айыптарын, бардык кылмыштарын, бүт күнөөлөрүн, текенин башына жүктөйт” (ЗМуса. 16:21 ),Ушул сыяктуу, качан Асманда-гы Касиеттүү Жайдагы кызмат кылуу аяктаганда, Теңирдин алдында, Асман периштелеринин катышуусу менен, Кудай элинин бардык күнөөлөрү шайтандын үстүнө жүктөлөт; жана Кудай элин жамандык жасаганга түрткөндүгү үчүн, аны бардык жамандыктарга айыптуу, деп жарыяланат. Коё берилген теке, эч ким барбаган жерде жашаган сыяктанып, шайтан дагы эч ким жашабаган ээн калган жер үстүнө куулат.УК 585.2

    Аян Китебинде шайтандын куулушу жана жерде боло турган боштондук жөнүндө айтылган, жана мындай абал миң жыл убакыт созула тургандыгын алдын ала баяндайт. Машаяк Келгенден кийин, адилетсиздердин талкаланышы пайгамбарлыкта мындай деп айтылган: “Туңгуюктун ачкычын алып, жана колунда чоң чынжыр кармап, Асмандан түшүп келе жаткан Периштени мен көрдүм. Шайтан жана иблис деген ажыдаардын, байыркы жылаанды Ал кармап алып, миң жылга кишендеп салды, жана аны туңгуюкка кулатып, кулпулап коюп, ага мөөр басты, ошону менен ал элдерди, миң жыл бүткөнгө чейин, адаштырбасын; андан кийин ал бир аз убакытка бошонуш ке-рек” (Аян. 20:1-3). Жазуунун башка жеринен “туңгуюк” деген, жердин караңгы бoлyп бүлгүнгө учурашы экендигин биле алабыз. Башындагы жердин абалын Мукаддас мындайча айтып тyшүндүрүп кетет, “жер болсо жагымсыз, бош болгон, түпсүз туңгуюкту караңгылык басып тyрган” (1 Муса. 1:2). Пайгамбарлыкта, жер жарым жартылай ушундай абалга келе тургандыгы баяндалат. Кыямат Күнгө көз чаптыруу менен, Иеремия пайгамбар мындай деп айтат: “Жерге көз жиберсем — мына, ал кыйратылып, ээн калды, Асманга көз жиберсем — ал жакта жарык жок. Тоого көз жиберсем - мына, алар титиреп жатат, жана бүт адырлар солкулдап турат. Айланама көз салсам - мына, адам жок, Асмандагы куштар дагы түш-тушка учуп кеткен. Карасам - мына, түшүмдү көп берүүчү жерлер дагы чөл болгон, жана анын бүт шаарлары Теңирдин ачуулуу каарынан кыйратылды” (Иер. 4:23-26).УК 585.3

    Бул жерде миң жыл шайтан жана жиндер гана өмүр сүрүшөт. Жерге алар кишенделип калгандыктан, башка дүйнөлөргө барып жана аларды дагы азгырууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Мына ушул түшүнүк боюнча шайтан кишенделген бoлyп эсептелет, жана өз күчүн көргөзүүгө анда эч кандай шарт жок. Көп деген жүз жылдар ал, адамдарды азгырып ырахатка баткан, азыр болсо андай мүмкүнчүлүктөн ажыратылган.УК 586.1

    Исаия пайгамбар шайтандын мүгдүрөгөнүн көрүп мындай дейт: “Таңуулу, жылдыздардын жаркыны, кантип эле Асмандан куладың! Элдерди жериген тебелеген сен, жерге чачырап түштүң. А өз жүрөгүңдө айттың эле: “Асманга чыгам да, өз тагымды Кудайдын жылдыздарынан өйдө коём... Бардыгынан Бийиктин Өзүнө окшоп отурам”. Бирок сен тозокко түштүң, анын түпкүрүнө кирдиң. Сени көргөндөр сага көз чаптырып, сен жөнүндө oй жүгүртүшөт: “жерди силкинтип, падышаларды солкулдаткан киши ушулбу? Ааламды чөлгө айлантып, анын шаарларын кыйратып, өз туткундарын үйлөрүнө жибербей, кыйнаган ушулбу?”” (Ис. 14:12-17).УК 586.2

    Алты миң жыл аралыгында, шайтан “жерди титиретти”. Ал “Ааламды чөлгө айлантып, анын шаарларын талкалаган”. Жана “өз туткундарын үйлөрүнө жиберген эмес”. Алты миң жыл аралыгында ал өз зынданына, Кудайдын уулдарын алып келип жатты, жана алар ал жакта биротоло калышмак, бирок Машаяк туткундагылардын кишендерин талкалап, аларга эркиндик алып берди.УК 586.3

    Шайтан эми адилетсиз адамдардын үстүнөн дагы бийлик кыла албайт; күнөөгө толгон каргышты өзүндө сезүү үчүн, ал жиндер менен жалгыз калып калды. “Элдердин бардык падышалары, бардыгы сыймык менен өз күмбөзүндө жатышат, а сен болсоң өз күмбөзүңдүн сыртына ташталдың, жек көрүндү бутакгай бoлдyң... алар менен сен кошулбайсың; анткени сен өз жериңди талкалап, өз элинди кырдың” (Ис. 14:18-20).УК 586.4

    Өзүнүн, Кудайдын Мыйзамдарына каршы чыгарган козолоңчулугунун жемиштерине көз чаптыруу менен, миң жыл аралыгында шайтан, бош калган жер үстүндө жүрөт. Бул мезгилде ал, катуу кайгыланат. Анын жыгылган күнүнөн тартып, өз иштери жөнүндө ойлонууга убакыты болгон эмес, бирок, азыр өз күчүнөн айрылып абдырагандыктан, анын алгачкы Асман Бийлигине каршы чыккандан берки жасаган иштерин, ойлонууга убакыты болот. Жана өзү жасаган бардык жамандыктар үчүн, адамдарды күнөө кылууга азгырганы үчүн ала турган жазасын, үрөйү учуу менен кутөтУК 586.5

    Шайтандын кишенделгендиги Кудай элин улуу шаттыкка бөлөйт. Пайгамбар мындай дейт: “Сенин азап тозокторундан, сенин коркунучтарыңан, сенин оор кулдугуңан, сенин эзилген мээнетиңен Теңир сага тычтык берген күн келгенде, сен вавилон падышасынын үстүнөн жеңиш ырын ырдайсың: “жан кыйнаган зордукчу жок бoлдy...” Теңир араамзалардын таягын талкалап, бийлердин бийлик таягын сындырды, ал таяк ачуусунда, өз соккулары менен элдерди кырып, каарданганда ээ жаа бербей, кубалоо менен үстөмдүк кылып жазалоочу эле” (Ис. 3-6).УК 587.1

    Биринчи жана экинчи тирилүүнүн ортосундагы миң жыл аралыгында, адилетсиздер үчүн сот жүргүзүлөт. Элчи Павел, бул сот Машаяктын Экинчи Келишинен кийин баштала тургандыгын айтат: “Ошондуктан, Теңир Келгенге чейин эч айыптабагыла; Ал караңгылыктагы сырларды жарык кылып, жүрөк ниеттерин сыртка чыгарат” (1 Кор. 4:5). Даниил пайгамбар, качан Байыркы Карыя Келгенде, “сот Эң Жогоркунун ыйыктарына берилди” (Дан. 7:22),-дейт. Бул мезгилде адилеттүү адамдар, Кудайдын койгон падышалыктарындагы дин кызматчылар болушат. Аян Китебинде мындай деп жазылат: “Жана мен тактыларды көрдүм, алардын үстүндө отургандарга сот кылуу үчүн укук берилди”. “Алар Кудайдын жана Машаяктын дин кызматчылары бо-лушат жана Аны менен миң жыл падышалык кылышат” (Аян. 20:4,6). Элчи Павел “Ыйыктар дүйнөнү соттошот” (1 Кор. 6:2), деген сөздөр, ушул мезгилге таандык. Алардын жашоолорун Мыйзам Китеби менен салыштырып, алар Машаяк менен бирдикте адилетсиздердин үстүнөн сот жүргүзүшөт, жана алардын денеде жашагандагы кылган иштери сыналатЗ6О. Жана чыгарылган өкүмдү ар биринин ысымынын жанына, өлүм китебине катташат.УК 587.2

    Машаяк жана Анын эли андан тышкаары шайтанды жана анын жамандыкка баткан периштелерин дагы соттошот. Элчи Павел мындай дейт: “Биз периштелерди соттой тургандыгыбызды силер билбейсинерби?” (1 Кор. 6:3). Жана Элчи Иуда дагы мындап деп жазган: “Жана өз абийирин сактабаган, бирок өз үй-жайын таштап кеткен периштелерди, улуу жазалоо күнү үчүн, караңгылыктын астында, түбөлүк кишенделүүгө кармап турат” (Иуда. 6).УК 587.3

    Миң жыл өткөндөн кийин, экинчи тирилүү болот. Ошондо адилетсиз адамдар, Кудайдын алдында өздөрүнө чыгарылган өкүмдү угуу үчүн тирилишет. Аян Китебинде “калган өлгөндөр, миң жыл бүткөнгө чейин тирилишкен жок”, деп жазылат. Ал эми Исаия пайгамбардын Китебинде мындай деп айтылган: “Жана аларды туткундай бир жерге жыйдырып, орго салдырып, зынданга каматат, арадан көп күндөр өткөндөн кийин жазага тартылат” (Аян. 20:5; Ис. 24:22).УК 587.4

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents