Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    17 Бап — Таңдын Кабарчылары

    Мукаддастын бизге ачып берген улуу жана салтанаттуу чындыктарынын бири, адамзаатты куткаруу ишин аяктагандагы, Ыйса Машаяктын Экинчи Келиши бoлyп эсептелет. Канча деген көп жылдар, “караңгылык өрөөнүндө жана өлүм көлөкөсүндө” жолоочулап жүргөн, Кудай элине, “өмүр жана тирилүү” болгондун Өзү, жана Өзүнүн куугунтукталган уулдарын чогулта турган Машаяктын, Экинчи Келиши жөнүндөгү Жакшы Кабар, убадаланып калтырылган. Бул өтө кымбат убада. Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү окутуу, Ыйык Жазуунун негизги пикири бoлyп эсептелет. Алгачкы жаратылган адам, өз башын шылкыйтып Эдем багын таштап кеткен күндөн тартып, ишенимдин уулдары, ойрондоочунун бийлигин талкалап, жана жоголгон бейишти кайрып бере турган Убадалангандын келишин күтүшкөн. Куткаруучунун Өз дацкы менен Келиши, байыркы касиеттүү адамдардын күткөн үмүтү болгон. Адам атадан жетинчи бoлyп келген Енох (Ыдырыс) пайгамбар, 300 жыл “Кудай алдында жүргөн”, жана Куткаруучуну алыстан көрүүгө мүмкүнчүлүк алган. “Мына Теңир Өзүнүн сан жетпеген периштелери менен, бардык адамдарды жазалоо үчүн, жана бардык адилетсиз күнөөкөрлөрдүн, Анын үстүнө айткан катаал сөздөрүн, алардын ичиндеги бардык адилетсиздердин, адилетсиз иштерин ашкере кылуу үчүн, келе жатат” (Иуд. 14,15). Аюб пайгамбар болсо, өзүнүн азап чегип кыйналып жаткан күндөрүндө, бекем ишеним менен мындай деп айткан: “Бирок менин Куткаруучум тирүү экендигин билем, Ал акыркы күнүмдө, мынабу бузула баштаган теримди, топурактан кайра тургузат; жана мен өз денемде Кудайды көрүп калам. Мен өзүм Аны көрөм; бирөөнүн көздөрү менен эмес, Аны өзүмдүн көздөрүм көрөт” (Аюб 19:25-27).УК 275.1

    Чындыктын Падышалыгынын башталышын билдирген, жогорку жана жалындуу Машаяктын Келиши жөнүндөгү санат сөздөр, Ыйык Китептерди жазган адамдардын жүрөгүн толукшуткан. Мукаддастагы пайгамбарлар, Асмандын оту жалындаткан сөздөрдү табышкан. Забур жазуучусу, Израил Падышасынын бийиктиги жана күчү жөнүндө мындай деп айтат: “‘’Кудай сулуулуктун чокусу болгон, Сион тоосунан келет. Кудайыбыз келе жатат, жана Ал унчукпай келе жаткан жок... Ал Асман менен жерге, Өз элин соттоо үчүн, чакырык салып жатат” (Забур 49:2-4). “Асман кубансын дагы, жер салтанаттансын; Теңирдин көз алдында... деңиз жана андагынын баары шарпылдасын; анткени келе жатат, анткени, жерди соттоо үчүн келе жатат. Ал Ааламды Өз чындыгы менен соттойт, жана адамдарды - Өз акыйкаттыгы менен соттойт” (Забур 95:11,13).УК 275.2

    Исаия пайгамбар мындай деген: “Бирок Сенин өлгөндөрүң тирилет, өлгөн денелер ордунан турат! Мерт бoлyп топуракка айлангандар көтөрүлгүлө, салтанаттангыла: анткени Сенин шүүдүрүмүң - өсүмдүк шүүдүрүмү, жана жер өлүктөрдү чыгарат”. “Ажал биротоло жок болот, Кудай Теңири бардык беттердеги көз жаштарды аарчыйт, жана бүт жер жүзүндөгү Өз элине болгон кордоону жоёт; анткени Теңир мындай деген: Анан ошол күнү, мына , Ал биздин Кудайыбыз! -дешет. Биз Ага таянганбыз, Ал бизди куткарды! Бул биздин Теңирибиз; биз Андан үмүт кылганбыз; Анын куткарган урматына кубанып, салтанат куралы! - дешет” (Ис. 26:19; 25:8,9).УК 276.1

    Жана Аввакум пайгамбар дагы, ыйык ачылышка суктанып, Анын пайда болушуна көз чаптырган: “Кудай Фемандан келе жатат, жана Ыйык - Фаран тоосунан келатат. Анын улуулук Шаңы Асманды жаап, Анын атагы жер үстүнө толду. Анын жаркырагы күндүн жаркырагындай”. “Ал туруп,жерди солкулдатты; карады эле - элдерди калтырак басты; кылымдар бою турган тоолор кулап, адепки жаралган адырлар урады; Анын жолдору түбөлүктүү”. “Сен буудандарынды минип, куткаруучу арабаларыңа түштүң, минтип аттангыдай, Сенин жаалың жалындаганбы?... Сени көрүп, тоолор титиреп, суулар ташыды; Сенин сунулган найзаларың жарк-журк этип кылкылдаганда, күн да, ай да өз ордунда токтоп калды... Сен Өз элиңди куткарыш үчүн, Өз Арналганынды куткарыш үчүн алдыга чыгып жатасың...” (Авв. 3:3-13).УК 276.2

    Өзүнүн шакирттери менен коштошоордун алдында, кайра келе тургандыгын айтып, Куткаруучу алардын кайгысын баскан: “Силердин жүрөгүңөр чоочулабасын... Менин Атамдын үйүндө, турак жайлар көп... Мен силерге жай даярдап келүү үчүн барам. Жана Мен качан барып, силерге жай даярдагандан кийин, кайрадан келип, силерди Өзүмө алам” (Ин. 14:1-3). “Адам Уулу Өзүнүн атагында, жана Аны менен бирге бүт ыйык периштелер келгенде, ошондо Өзүнүн атагынын тактысына отурат, жана Анын алдына, бүткүл элдер чогулушат” (Мф. 25:31,32).УК 276.3

    Ыйса Машаяк Елеон тоосунда Асманга көтөрүлүп кеткенден кийин, жерде калган периштелер, Анын келе турган убадасы жөнүндөгү Сөздөрүн, шакирттерге кайталашып мындай дешкен: “Силерден Асманга алынып кеткен Ыйса, силер Асманга көтөрүлгөнүн көргөнүңөрдөй эле, кайрадан кайтып келет” (Ап. Иш. 1:11). Жана Элчи Павел дагы, Кудайдын Рухунан шыктанып мындай деген: “Себеби башкаруучу добушта, эң жогорку Периштенин добушунда, жана Кудайдын сурнайынын үнү чыкканда, Теңир Өзү Асмандан келет” (1 Фес. 4:16). Жана пайгамбар Патмос аралынан мындай дейт: “Мына булуттар арасында келе жатат, жана Аны бардык көздөр көрүшөт” (Аян 1:7).УК 276.4

    Анын келиши “баштагы кылымдардан бери эле Кудай ыйык пай-гамбарлардын ооздору аркылуу, сүйлөгөн сөздүн ордунан чыгышы болот” (Ап.иш. 3:21). Ошондо жа-мандыктын башкаруусунун, акыры келет: “Биздин Теңирдин жана Анын Машаяктын Падышалыгы болду, Ал кылымдан-кылымга (түбөлүк) Падышалык кылат” (Аян 11:15). “Жана Теңирдин даңкы айкын бoлyп, ар-кандай дене Кудайдын куткаруусун көрөт” (Ис. 40:5). “Кудай Теңирибиз бардык элдердин алдында, чындыкты жана атакдаңкты чыгарат” (Ис. 61:11). “Ал күнү Ааламдын Тенири аман калган Өз эли үчүн, маңдайына тагыла тyрган, эң сонун жана даңктуу таажы болот” (Ис. 28:5).УК 277.1

    Ошондо, көптөп күткөн Машаяктын Падышалыгы, жер үстүндө орнойт. “Теңир Сионду ушинтип тынчытат, анын бүт урандыларын тынчытат, анын ээн калган жерлерин бейиш кылат, жана анын талаасын Теңирдин гүл багына айлантат” (Ис. 51:3). “Ливандын атагы, Кармил менен Сарондун сонун көркү берилет” (Ис. 35:2). “Анан сени ташталды дешпейт, жана сенин жериңди анан: эрме чөл деп аташпайт; бирок сени: Менин жакшылыгым ага тийген дешет, а сенин жериңди болсо: сүйгөн аялы, деп урматташат”. “Жана күйөө колуктусу жөнүндө кубангандай, сенин Кудайың сен жөнүндө кубанат” (Ис. 62:4,5).УК 277.2

    Машаяктын Келиши, бардык кылымдарда, Анын чыныгы жолдоочуларына, үмүттүн канатын берип турган. Елеон тоосунда Куткаруучу, кайра келүүгө убада кылган, жана бул убада, Анын шакирттерине, кайгыда жана сынактарда, кайтып кетпей турган кубаныч жана үмүт берген. Азап кайгылардын жана куугунтуктардын ортосунда, “биздин Улуу Кудайыбыздын жана Куткаруучу Ыйса Машаяктын келиши” алар үчүн, “кубанычтуу таяныч” болгон. Качан фессалоникалык ишенүүчүлөр өз жакындарын, кайгыруу менен жерлеп жатышканда, алардын арасындагы Теңирдин Келишин тирүү бойдон көрүп кала тургандарга карата, элчи Павел алардын насаатчысы, Куткаруучунун Келишиндеги өлгөндөрдүн тирилиши жөнүндө түшүндүрүп берген. Ошондо Машаякта өлгөндөр, тирүүлөр менен бирдикте тирилишип, Теңирди абада тосуп алуу үчүн, “Асманга алынат”, “демек ардайым Теңир менен бирдикте болобуз”. “Ошентип, бири-биринерди ушул сөздөр менен соороткула” (ІФес. 4:16-18).УК 277.3

    Патмос аралында сүйүктүү шакирт, убадаланган добушту уккан: “Ооба, Мен жакында келем!”, жана анын эңсеген жообу, Жыйын үчүн бардык кылымдарга сыйынуу болуп калды: “Ооба кел, Ыйса Теңир” (Аян 22:20).УК 278.1

    Түрмөлөрдө, жалындаган оттун ичинен, жана баш кесүүчү жайларда касиеттүү азап чегүүчүлөр, чындык жөнүндө күбөлөндүрүшкөн, жана алардын үндөрү, жүздөгөн жылдар ишеним жана үмүт алып келип турат. “Анын тирилтип ала тургандыгына, жана өзүнүн дагы тириле тyргандыгына ишенгендиктен”, ушул ишенүүчүлөрдүн бири мындай деп айткан: “алар өлүмгө жийиркенич менен карашкан, жана өздөрү андан жогору болушкан” 265Даниил Тэйлор, Машаяктын жердеги Падышалыгы же жыйындын бардык кылымдардагы рту”, 33-бет.. Алар “ал жактан кайра куткарылуу үчүн” 266ошол эле жерде, 54-бет., мүрзөгө кирүүгө макул болушту. “Алар, Асмандагы булуттардын үстүндө, Атанын даңкында, Өз Падышалыгын адилеттүүлөр үчүн орното турган, Теңирди күтүшкөн”. Валдендер ушул сыяктуу ишенимге ээ болушкан 267ошол эле жерде, 129-132-беттер.. Уиклиф Теңирдин Келишин, Жыйындын үмүтү катары күткөн 268ошол эле жерде, 132-134-беттер..УК 278.2

    Лютер мындай деген: “Сот күнү 300 жылдан ашык эмес убакыттын ичинде боло тургандыгына мен, ишенем. Бул бактысыз дүйнөгө Кудай эми чыдай албайт, жана чыдагысы дагы келбейт... Жердеги жийиркенич бийлеген падышалык, түп орду менен жок боло турган улуу күн, жакындап келе жатат” 269ошол эле жерде, 158, 134-бет..УК 278.3

    “Бул карып калган дүйнө, өзүнүн бүтөр аягынан алыc эмес”,деген Меланхтон. Кальвин ишенгендерди “солкулдабастан, улуу окуя катары, Машаяктын Келишин күтүүгө” үмүт берген, “ар бир үй-бүлө ушул күндү күтүүсү зарыл... биз Машаякка болгон ачкачылыкты сезип турушубуз керек; биз Аны издеп, ал жөнүндө oй жүгүртөбүз, анткени ошол улуу күндүн таңы атканча, жана биздин Теңирибиз, Өз толуктугу менен, Өз Падышалыгынын даңкын көргөзгөнчө, Аны күтөбүз” 270ошол эле жерде..УК 278.4

    “Эмне биздин Куткаруучу Ыйса, Асманга адам денесинде алынган эмес беле? - деген шотландиялык реформатор Нокс. - Эмне ал кайрадан кайтып келбейби? Биз билебиз, Ал сөзсүз кайтып келет, жана Анын келишине аз гана убакыт калды”. Ридли жана Латимер өз өмүрлөрүн чындык үчүн беришкен, жана Теңирдин Келишин ишеним менен күтүшкөн. Ридли мындай деп жазган: “Бул дүйнө өз бүтөөр аягына жакындап калгандыгына менин эч кандай шегим жок, жана ишенем. Жана ошондуктан Кудайдын кызматчысы Иоан менен бирге, келгиле бүт жүрөгүбүз менен, биздин Куткаруучубуз Ыйса Машаякка кайрылалы: Кел, Ыйса Теңир, кел!” 271ошол эле жерде, 151.145..УК 278.5

    “Теңирдин келиши жөнүндөгү ойлор, - дейт Бакстер, - мен үчүн эң эле салтанаттуу жана кубанычтуу бoлyп саналат” 272Ричард Бакстер, Чыгармалар. 15-том, 555-бет.. “Кудайдын адилеттүүлөрүндөгү ишенним жана мүнөз, Анын Келишин сүйүү менен күткөндүктө байкалат. Эгерде өлгөндөр тирилгенде, акыркы душман - өлүм, жок кылына турган болсо, бул жагдай ишенгендерге, тырышып сыйынууга жана толук жеңиш алып берүү үчүн, Куткаруучунун Келишин эңсегендикти жаратышы керек” 273ошол эле жерде, 17-том, 500-бет.. “Ушул күндүн эртерээк келишин, бардык ишенүүчүлөр ишеним менен күтүшү керек; бул күнү алардын куткарылуусу үчүн болгон иш аягына чыгат, жана алардын бардык эңсеген максаттары орундалат. Ооба Теңир шашыл, ушул бактылуу күндү жакындат!” 274ошол эле жерде, 17-том, 182,183-бет.. Элчилердин Жыйынынын, “Чөлдөгү Жыйындын”, жана реформаторлордун жыйындарынын, самаган үмүтү ушул болгон.УК 278.6

    Пайгамбарлык бир эле, Машаяктын эмне себептен келе тургандыгы жөнүндө эле жазып тим болбойт, бирок, Анын Келишинин алдындагы белгилер жөнүндө дагы, билдирет. Ыйса мындай деп айтат: “Жана күндө, айда, жана жылдыздарда дагы белгилер болот” (Лк. 21:25). Күн тутулуп, ай өз жарыгын бербей калат, жылдыздар Асмандан учуп, Асман күчтөрү солкулдайт. Ошондо, Адам Уулу булуттардын үстүндө, Кудуреттүү жана Даңк менен Келе Жатканын көрүшөт” (Мк. 13:24-26). Ыйсанын Экинчи Келишиндеги алгачкы белгилер жөнүндө, Иоанн мындай деп жазган: “Жана мына зор жер титирөө болду, күн зумбал сыяктуу карарды, жана ай кан сыяктуу кызарды” (Аян. 6:12).УК 279.1

    Ушул белгилер, XIXкылымдын башталышына чейин эле, билине баштаган. 1755жылы тарыхта болуп көрбөгөндөй улуу жер титирөө болгон. Ал жер титирөө Лиссабондогу деп белгиленгени менен, ал Европанын чоң бөлүгүн, Африка жана Америка мамлекеттерин камтыган. Гренландияда, Вест-Индияда, Мадейра аралында, Швеция, Норвегия, Великобритания жана Ирландияга чейин сезилген. Бул жер титирөө, төрт миллион квадрат метрден кем эмес жерге чейин созулган. Африкадагы силкинүүлөр, Европадагыдай эле болгон. Алжирдин көпчүлүк бөлүгү талкаланган, ал эми Мароккадан алыc эмес жерде, жер ачылып, он миңге жакын тургундары менен, бир аймакты соруп кеткен. Испаниянын жана Африканын жээктеринде, улуу толкун бoлyп, шаарларды жана областарды чайкап кеткен.УК 279.2

    Испанияда жана Португалияда, жер силкинүүлөр абдан катуу сезилип турду. Кадиске 20 метр бийиктиктеги толкун каптаган, деп айтышкан. “Португалиядагы эң эле бийик тоолор солкулдагандыктан, алардын бийик чокулары жарылып, вулкандын магмасынан жалындаган оттор чыгып турган; бийик чокулар, жакынкы кыштактарды басып калды” 275Чарльз Лайел, “Геология негиздери”, 495-бет..УК 279.3

    Лиссабондо болсо, “жер алдындагы гүүлдөгөн добуш угулган, жана бoлyп өткөн катуу титирөө, шаардын жартысынан көбүн кыйратып кетти. Алты минута убакыттын аралыгында, 60 мин адам набыт болгон. Дениз, алгачында чөгүп кетип кумдары көрүнгөн, андан кийин кайрадан баштагы денгээлинен, 15-18 метр бийиктикте көтөрүлгөн. Лиссабондогу башка кыйроолорунан, анын жаңыдан мрамордон тургузулган сулуулуктары кыйрап калган. Алардын чыгымы, өтө көп болгон. Кулап жаткан сыныктардан качуу максатында, ал жерге көп сандаган кишилер калкаланышкан, бирок толкуган суу, бул жерди чайкап кетип, өлгөндөрдүн бири дагы сыртка чыкпай калды” 276ошол эле жерде.. Жер астынан келген силкинүү жыйындарды, монастырларды, чоң имараттарды жана шаардагы турак жайлардын төрттөн бир бөлүгүн талкалаган. Жер титирегенден эки саат чамалуу убакыт өткөндөн кийин, кээ бир кварталдарда, өрт башталды, жана үч күн бою, аны түгөл жалмап бүтүрмөйүнчө, шаарда жалын бурганактап турду. Жер титирөө майрам күнү болгон, жана бардык монастырлар, жыйындар элге толгон болуучу, жана аз сандаган адамдар гана өлүмдөн кутулушкан” 2771831 -жылдан берки Америка энциклопедиясы. “Адамдардын учкан үрөйүн, айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес. Эч ким ыйлаган жок, анткени жаш качып кеткен. Адамдар бир жактан, экинчи жакка качып жатышты; таң калуудан эс -акылдарын жоготушуп, төштөрүн ургулап, “Кыямат-кайым келди!”дешип кыйкырышкан. Энелер өз балдарын унутушуп, колдорун жазган бойдон качышты. Көпчүлүк адамдар өз өмүрүн сактап калуу максатында, жыйындарга жүгүрүштү, бирок кылган тоболорунан эч кандай жыйынтык чыккан жок. Шордуулар жерге жыгылышып, колдорун касиеттүү жайларга сунушкан - иконалар, дин кызматчылар, жана адамдар, булут алдында көмүлүштү”. Андан кийин гана, бул кырсыктуу күнү, 90 миң адам набыт болгондугун билдиришкен.УК 279.4

    25 жыл убакыт өткөндөн кийин, пайгамбарлыкта айтылган башка бир жышаан белгиси болгон - бул, күн менен айдын тутулуусу эле. Таң кала тургандыгы, бул пайгамбарлык дагы өз мезгилинде аткарылган. Елеон тоосунда, Куткаруучу Өз шакирттери менен сүйлөшүп отуруп, 1260-жыл папалык куугунтук боло тургандыгын, жана бул күндөр кыскартыла тургандыгын айткан; жана Анын Келээри алдындагы кээ бир окуяларды эскертет, жана алардын биринин убакытын көргөзгөн: “Ошол кайгыдан кийин, күн тутулат, жана ай өз жарыгын бербей калат” (Мк. 13:24). 1260 жылдык мезгил, 1798жылы аяктаган. Ушул мөөнөткө жыйырма беш жыл убакыт калганда, куугунтук таптакыр токтотулган. Ыйса Машаяктын айткандары боюнча, куугунтуктардан кийин, күн тутулуу керек. 1780 - жылы 19 - майда, ушул пайгамбарлык аткарылган.УК 280.1

    “1780 - жылы 19 - майда, Жаңы Англияны, таң калаарлык караңгылык каптап калган, бул жогорку деңгээлдеги, жана жалгыз гана, табышмактуу көрүнүш бoлyп калды” 278Девенс, “Биздин биринчи жүз жылдык”, 89-бет..УК 280.2

    Бул окуя туурасында, Массачусетс штатындагы, ушул окуяны көргөн бир адам , мындай деп жазат:УК 281.1

    “Таң агарып, күн чыккан, бирок ал бир аздан кийин, уламдан-улам төмөн түшүп келе жаткан, булуттардын артына жашынды. Бул кара тумандын арасында мезгил-мезгили менен, чагылган бoлyп жатты; күн күркүрөөсү басылгандан кийин, жамгыр жаады. Саат тогуз чамасында булуттар суюлуп, кээ бир жерлерде кызыл-сары түстөр пайда болду, жана ушул таң калаарлык түстөн аскалар, тал-теректер, имараттар, суу жана адамдар - баары өзгөрүлүп турган сыяктанды. Бир нече мүнөт өткөндөн кийин, өтө чоң кара булут бүткүл асманды жаап, гаризонтто кичинекей гана сызык калды. Жана бүткүл айлананы, кечки саат тогуз чамасындай караңгылык каптады...УК 281.2

    Адамдардын үрөйү учуп, кандайдыр бир коркунуч жүрөктөрүн ээлеген. Аялдар болсо, өз үйлөрүнүн босоголорунда турушкандыктан, алар дагы илең-салаң гана көрүнүп жатты; эркектер өз талаасындагы жумуштарын калтырышып; усталар өз шаймандарын чогултуп; темир усталар устаканаларын, соода сатык кылгандар, өз дүкөндөрүн жабышкан. Мектептерде, коркконунан калтыраган балдарды үйлөрүнө жиберишти. Жолоочулар болсо, шашылыш жакын жердеги фермерлердикине кайрылышты. Барынын кумсарган жүздөрүнөн жана титиреген ээриндеринен, бир гана суроо чыгып турду: “Эми эмне болот?” Угуп көрбөгөндөй бороон, түгөл мамлекетти талкалаганга даярданып жаткандай, баарынын акыры келген сыяктанды.УК 281.3

    Шам, от жагып жатышты, жана оттор айсыз караңгы түндөгүдөй, жаркырап күйгөн... Тооктор секичелерге отурушуп, малдар бир жерде топтошкон бойдон, мөңгүрөнүп туруп калышкан, бакалар чардап, чымчыктар сайрашты, жана бардык жерде жарганаттар учуп жүрүштү. Бирок адамдар, түн киргенге чейин көп убакыт бар экендигин билишкен...УК 281.4

    Доктор Нафанаил Уиттейкер, Салемдеги жыйындын насаатчысы, бул караңгылык баштагыдан тышкаары, деген насаатын айтты. Башка жерлерде дагы Кудайга кызмат кылуулар өтүп жатты. Даярданбастан эле айткан насааттарында, Ыйык Жазуунун ушул окуялар жөнүндө, алдын-ала баяндаганын айтышты... Өзгөчө караңгылык, түшкү саат он экиде болгон” 279“Эссекс антиквары” апрель 1899-жыл, 3-том, №4, 53,54-бет.. “Мамлекеттин көп жерлеринде, караңгылык ушунчалык түнт болгондуктан, шамсыз саатты дагы кароого, тамактанууга, башка бир нерсе кылууга мүмкүн эмес болуучу...УК 281.5

    Өтө чоң аймак караңгылыкка кабылган - Фалмаутадан чыгышты көздөй... Коннектикутанын батыш чегине чейин жана Олбанияны курчаган. Түштүк тарапта караңгылык, бүткүл деңиз жээктерине, ал эми түндүк тарапта болсо - американын алыскы аймактарына чейин созулуп турду” 280Уильям Гордон, “АКШнын келип чыгышыпын, өігутуусунун жана көз карандысыздыгыныи тарыхы”, 3-том, 57-бет..УК 281.6

    Күн батаарына бир эки саат убакыт калганда гана, караңгылык тарап, асмандын бир бөлүгү ачылган, жана күн шооласы тийип, бирок кара туман баштагыдай эле тосуп турду. “Күн баткандан кийин, асманды кайрадан караңгы булут басып, бат эле көзгө сайса көрүнгүс бoлyп калды. Айдын толуп тyрган мезгилине карабастан, шамсыз эч нерсени ажыратып билүү мүмкүн эмес болуучу, египеттеги караңгылык сыяктанып, жанган жарыктан кошуналардын үйүн көрүү кыйын эле” 281Исаия Томас, Массачусетстик шпион, же боштондук жөнүндөгү Америка-нын чындыгы”. 10-том, № 472 (1780жыл 25-май).. Ошол окуяны көргөн дагы бир адам мындай деп айтат: “Эгерде Асмандагы бардык жарык калың караңгылык менен тартылып турса дагы, же таптакыр өчсө да, жердеги каптаган караңгылыктан, аны билүү мүмкүн эмес, - деген oй-санаалардан мен бошоно алган жокмун” 282Нью-Гемпшир 1785-жыл. “Массачусетс штатындагы тарыхый коомчулуктүн табылгалары”, Экзетердик доктор Семюэль Тенниден кат. 1-болум 1-том.97-бет.. Саат тогузда ай толук чыкты, бирок ал, “ушул козго сайса көрүнбөгөн караңгылыкты” тарата алган жок. Тун жарымында гана караңгылык тарап, ай болсо, кан сыяктуу кызарып турду.УК 282.1

    1780жылдын 19май күнү, тарьгхта, “караңгылык каптаган күн” катары, белгиленип калды. Мусанын күндөрүнөн бери, ушунчалык караңгылык, ушунча чоң аймакты, ушунча узак мезгил каптаган эмес. Бул окуяны көргөн адамдардын айткандарынан, биз Иоил пайгамбар аркылуу айтылган пайгамбарлык, жыйырма беш кылымдан кийин аткарылгандыгына күбө боло алабыз: “Теңирдин коркунучтуу, Улуу Күнү келээр алдында күн тутулуп, ай күн сыяктуу кызарат” (Иоил 2:31).УК 282.2

    Машаяк Өзүнүн Келишинин алдындагы белгилерге, Өз элинин көңүл буруп турууларын каалаган, жана Өз Падышасынын Келишин айтып турган кабарчыларды көргөндө, кубанып тургула, дейт. “Бул окуя жүзөгө аша баштаганда, өйдө карап, башыңарды көтөргүлө, анткени силердин кутула турган убакытыңар жакындаган”. Ал Өз шакирттерине, жазындагы бүчүр байлаган дарактарды кароосун айтат: “Алар бүчүрлөй баштаганда, муну көргөнүңөрдө, жайкы убак жакын экендигин өзүңөр билесиңер. Ошондой эле, силер , булар жүзөгө аша баштаганын көргөнүңөрдө, Кудайдын Падышалыгынын жакындаганын билесиңер” (Лк. 21:28,30,31).УК 282.3

    Бирок, Кудайга карата момундук жана ишенимдүүлүк көргөзгөн рух, текебердик жана формализм рухуна жол берип, Ыйсага болгон сүйүү, жана Анын Келишине болгон ишеним, салкындап калган. Дуйнөгө керектүү тириликке берилгендик, жана кумарлардын артынан жүгүрүү менен адамдар алек бoлyyда, ал эми өздөрүн Кудайдын элибиз дегендер, Куткаруучунун Экинчи Келишиндеги белгилер жөнүндөгү, айткан насааттарына көңүл бурушкан жок. Экинчи Келүү жөнүндөгү окутууларга маани берилбей, буга байланыштуу Ыйык Жазуунун аяттары, башкача талкууланып жана башкача түшүндүрүлгөн, жыйынтыгында Экинчи Келүү жөнүндөгү чындык унутулуп калды. Өзгөчө бул, Америка жыйындарына таандык. Эркиндик жана жашоонун жакшырышы, бардык даражадагы адамдарда болгондуктан, байлыкка жана жыргалчылыкка умтулуу, белгилүү адам болууну эңсегендик бардык адамдарга бирдей эле жете турган нерсе катары сезилет - жана ушул нерселердин баары, адамдарды жердик нерселерге кармоого мажбурлайт, жана бул жер үстүндөгү нерселердин бардыгы жок бoлyп, келе турган алыcкы салтанаттуу Күндөн алыстатат.УК 282.4

    Өзүнүн кайрадан Келишиндеги белгилерди шакирттерине насааттап, Анын Келээр алдындагы баш тартууларды, Куткаруучу алдын ала көргөн. Ошондо дүйнөнүн абалы, Нухтун мезгилиндегидей болот; адамдар жердик нерселерге бүт бойдон берилишет; Алар сатып алышат, сатышат, тигишет, курушат, үйлөнүшөт, турмушка чыгышат, түбөлүктүү өмүр жана Кудай жөнүндө таптакыр унутушат. Биздин мезгилде жашап жаткан адамдардын баарына, Куткаруучу мындай деп эскертет: “Өзүңөрдү байкагыла, көп жеп-ичип, маc бoлyп, турмуштук туйшүктөргө берилип жүрөгүңөргө оордук келтирбегиле, жана ал күн силерге кокусунан келип калбасын”. “Ошентип, бардык мезгилде сергек бoлyп, боло турган бул бардык алааматтардан кутулууга, жана Адам Уулунун алдына келип турууга, ийкемдүү бoлyy үчүн сыйынгыла” (Лк. 21:34,36).УК 283.1

    Бул мезгилдеги Жыйындын абалын Машаяк мындай деп мүнөздөйт: “Сен - тирүү сыяктуу ысымыңды алып жүрөсүң, бирок сен өлүксүң” Аян 3:1). Илеңсалаңдыктан чыккысы келбеген адамдарга карата, мындай деген аярлаган сөздөр айтылган: “Эгерде сен сергек болбосоң, Мен сага ууру сыяктуу келем, жана Менин кайсыл саатта келээримди билбей каласың” (Аян 3:3).УК 283.2

    Адамдар өз коркунучтуу мезгилдерин билип, акыркы сынактарга байланыштуу окуяларда, даярданып турууларын эскертет. Кудайдын пайгамбары мындай дейт: “Анткени Теңирдин Күнү улук да өтө кор-кунучтуу, жана ага ким чыдай алат? (Иоил 2:11). Теңирдин Келишинде ким туруштук берери жөнүндө: “Кыянаттыкты көрүү, Сенин таза көздөрүңө ылайыктуу эмес” (Авв.1:13). Кыйкыргандар үчүн: “Менин Кудайым! биз Сени тааны п калдык”, бирок Анын Осуяттарын бузушуп, башка кудайлардын артынан бара жатышат (Ос. 8:2,1; Забур 15:4), жүрөктөрүндө мыйзамсыздыкты сакташып, бузукулукту жакшы көрүшөт, алар үчүн Теңирдин күнү “караңгылык гана, жана анда жаркыраган жылчык жок” (Амос 5:20). “Жана ошол учурда мындай болот: Мен шам чырак кармап, Иерусалимди аңтарып чыгам, ошондо өз жүрөгүндө: “Теңир жакшылык да, жамандык да кылбайт” деп, өз ачыткысы үстүндө санаасыз отургандарды жазага тартам” (Соф. 1:12). “Мен дүйнөнү кыянаттыгы үчүн жазалайм, мыйзамсыздыгы үчүн арамзааларды жазалайм, жана текеберлердин сыймыктанган акылынын аягына чыгам, заалимдердин кокураючулугун басынтам” (Ис. 13:11). “Теңирдин каары кайнаган күнү, алардын күмүштөрү да, алтындары да аларды куткарбайт”. “Жана алардын байлыгы олжого кетет да, алардын үйлөрү - аңгырап бош калат” (Соф. 1:18,13).УК 283.3

    Иеремия пайгамбар бул коркунучтуу күндөрдү көрүп, мындай деген: “Менин жүрөгүмдүн тереңи ноюйт, унчукпай тура албайм; анткени сен, жаным менин, сурнайлар тартылганын, согуш коркунучун угуп жатасың. Кайгы артынан кайгы” (Иер. 4:19,20).УК 284.1

    “Ал күн - каардын күнү, аза менен кыйноонун күнү, бүлгүн менен чапкындын күнү, караңгы менен туңгуюктун күнү, булут менен мунарыктын күнү, сурнай тартуу менен, сөгүпсаккан кыйкырыктардын күнү” (Соф. 1:15,16). “Жерди чөл кылып, андагы күнөөкөрлөрдү жок кылыш үчүн, жаалынан жалын, каарынан от чачылган, Теңирдин аёосуз күнү мына келатат” (Ис. 13:9).УК 284.2

    Ушул Улуу Күнгө көңүл буруу менен, Кудай Сөзү, Кудай элин ишенимдүүлүк менен, руханий сокурлуктан чыгууга, жана тoбo келтирип, момундук менен Кудайды издөөгө үндөйт. “Сиондо сурнай тартып, Менин касиеттүү тоомдо коркунучтуу кабарлап, чуу көтөргүлө; жерде жашаган бардык тургундар калтырасын, анткени Теңирдин Күнү келатат, ал жакындап калды”. “Орозо дайындап, салтанаттуу жыйын белгилеп жарыя кылгыла. Калкты чогулткула, жыйын чакыргыла, карыларды, жаш уландарды, эмчектеги бөбөктөргө чейин келтиргиле; күйөө өз заңгыраган үйүнөн, колукту өз көшөгөсүнөн чыгып келсин. Алдыңкы бөлмө менен курмандык жайдын ортосунда, Теңирге кызмат кылуучулар, дин кызматчылар зар какшап ыйлашсын”. “Орозо тутуп, зар какшап, озондоп, бүт жүрөгүңөр менен, Maгa кайрылгыла. Кийимиңерди эмес, жүрөгүңөрдү тыткыла да Теңирге өз Кудайыңарга кайрылгыла; анткени Ал кайрымдуу жана ырайымдуу, узакка чыдоочу, көптөн-көп мээримин төгүүчү” (Иоил 2:1, 15-17, 12, 13).УК 284.3

    Кудай эли, Теңирдин Күнүнө даяр бoлyп туруу үчүн, жан дүйнөсүндө өзгөрүлүү бoлyy керек. Көпчүлүк Өзүнүн жолдоочулары, Асманда байлык чогултуп жатпагандыгын, Кудай алдын ала көргөн, жана ошондуктан Өзүнүн көптөн-көп ырайымдуулугу менен, адамдарга эскертүүчү кабарларды жиберди, жана аларды курчап алган сокурлугунан бошотуп, Теңирдин Келишине даярдоо үчүн, камкордук көргөн.УК 284.4

    Бул эскертүүлөр, Аян Китебинин 14- баптарында жазылып калтырылган, ал жерде үч периштенин кабарынан кийин, “жерди оруу” үчүн, Адам Уулу пайда болот. Биринчи кабар, сот күнүнүн башталышы жөнүндө. Пайгамбар, учуп келе жаткан периштени көргөн, “жана асмандын ортосунда учуп бара жаткан башка периштени мен көрдүм; жерде жашагандарга, жана ар урууларга, тукумдарга, тилдерге жана элдерге таратуу үчүн, анда түбөлүк Жакшы Кабар бар эле; ал катуу үн менен мындай деди: Кудайдан корккула жана Аны даңктагыла, анткени анын сотунун убагы келди; Асманды жана жерди, деңизди жана булактарды жаратканга табынгыла” (Аян 14:6,7).УК 284.5

    Бул кабар “түбөлүктүү Жакшы Кабардын”, бир бөлүгү бoлyп эсептелет. Жакшы Кабарды насааттоо, периштелерге эмес, адамдарга табышталган. Периштелер болсо, бул иштерди башкарышат, улуу диний кыймылдарды жандандырышат, бирок Жакшы Кабардын жер үстүндөгү кызматтарын, Кудайдын адамдары аткарып бүтүрүшөт.УК 285.1

    Бул кабарды дүйнөгө, Кудай Рухунун үнүн уккан, жана Анын Сөздөрүнө тил алган, ишенимдүү адамдар жарыялашкан, - ким “эң туура пайгамбарлык сөздөргө кайрылса”, “жана силердин жүрөгүңөрдө таң агарып, таң жылдызы чыкканча, караңгыда жанган шамга болгондой, силер ага кайрылсаңар, жакшы иш кылып жатасыңар” (2Петр. 1:19). Алар, Кудай жөнүндөгү түшүнүктү, башка кенчтерден артыгыраак издешкен, анткени “күмүш дилделерге ээ болгондон - акылга ээ болгон алда канча артык” (Ул.аң. 3:14). Жана аларга, Теңир улуу чындыктын Падышалыктарын ачып берген. “Теңир жашыруун сырын Кудайдан корккондорго ачат, Өзүнүн Осуяттарын ошолорго айтат” (Забур. 24:14).УК 285.2

    Кудай Сөзүн талкуулаган адамдар чындык жөнүндө түшүнүк алышкан эмес, жана аны жарыялашпады. Эгерде ушул окумуштуу адамдар Кудайга ишенимдүү болушкан болсо, анда алар караңгылык каптап калгандыгын билип алышмак; жана пайгамбарлыктар аларга келе жаткан окуяларды ачып бермек. Бирок алар сергек болушкан жок, жана Жакшы Кабарды таратуу, жөнөкөй адамдарга тапшырылган. Ыйса мындай деп айтат: “Силерди караңгылык каптап калбашы үчүн, жарык барда жүрүп тургула” (Ин. 12:35). Ким, Кудай аркылуу жиберилген жарыкты кабыл албай тyрган болсо, же ал жакын турганда аны издебесе, - анда ал караңгыда калат. Куткаруучу мындай дейт: “Ким Мени ээрчип жүрө турган болсо, ал караңгыда жүрбөйт, бирок өмурдүн жарыгына ээ болот” (Ин. 8:12). Ким кыйшаюсуз Кудайдын эркин аткарууга аракет кылса, жана берилген жарыкка олуттуу караса, ал баштагысынан дагы көп нерселерди көрө баштайт; ага бардык чындыктарды ачып берүү үчүн, бул адамдарга асман жылдыздары жаркырагандан жаркырайт.УК 285.3

    Машаяктын Биринчи келишинде, Кудайдын чындыктары ишенилип берилген дин кызматчылар менен окумуштуулар, Убадалангандын келгендиги жөнүндө белгини билишип, жана аны кабарлашмак. Михей пайгамбардын пайгамбарлыгында, Анын төрөлө турган жери айтылып калтырылган; Диниил пайгамбар болсо, Анын келишин, белгилеп кеткен (Мих.5:2; Дан. 9:25). Бул пайгамбарлыктарды Кудай, иудея калкынын башчыларына ишенип калтырды, жана алар Машаяк жакын экендигин билишкен эмес, жана бул туурасында, адамдарга айтышкан жок. Бул билбестиктери, алардын Кудай Сөздөрүнө маани бербегендигин билдирген. Иудейлер, өлтүрүлгөн Кудайдын пайгамбарларына эстелик тургузушкан, ошону менен бирдикте эле, алар жердеги даражалуу адамдарга урмат көргөзүшүп, шайтандын кызматчыларын кадырлашкан. Биринчи болууга аракеттенген күрөшүүнүн аркасында, Асман Падышасы аркылуу сунушталган алкыштарды, бет алдыларында жогоотушкан.УК 285.4

    Израил башчылары, жасалмалыкка салбастан, тарыхтагы улуу окуялар боло турган, - адамдарды куткаруу үчүн келе турган Машаяктын төрөлө турган жерлерин, мезгилдерин жана кырдаалдарын изилдениши керек эле. Ошондо жалпы эл сергектикте бoлyшyп, биринчилерден бoлyп, Куткаруучуну тосуп алышмак. Бирок, тилекке каршы андай болгон жок! Мына, чарчапчаалыккан эки жолоочу, назареттин тоолорун аралап өтүп келишип, баш калкалаар жай издешип, түгөл Виф-леемдин көчөлөрүн аралап өтүшөт. Бирок алардын алдында бир дагы эшик ачылган жок. Акырында алар, мал короонун бурчунан өздөрүнө баш калкалаар жай табышты. Жана ошол мал короодо дүйнөнүн Куткаруучусу төрөлгөн.УК 286.1

    Дүйнө жаратыла электе эле, Кудай Уулу Машаяк, Асмандагы Ата менен бирдикте, Анын даңкын бөлүшүп турганын периштелер көрүшкөн, ал эми азыр болсо, ошол периштелер Анын адам кебинде кантип төрөлө тургандыгын карап турушту - жана бул Тартуу, адамдарга чоң кубаныч алып келет, - деп ойлошкон. Жана периштелерге, бул Жакшы Кабарды угууга умтулган, жана аны башкалар менен бөлүшүүгө даяр болгон ар бир адамга, айтуу буйрулган. Машаяк Өзүн ушунчалык төмөн түшүрүп кемсинткендиктен, адам кебин алууга макул болду. Күнөө үчүн Курмандык бoлyy менен, Ал Өзүнө өтө кыйын болгон, каргыштын азаптуу жүгүн көтөрүшү керек эле. Бирок периштелер, Өзүн ушунчалык кемсинтип адам кебин кабыл алган Машаяктын, жок дегенде ушул төмөнкү жийиркенээрлик денеде, Ааламдардын Падышасын сүрөттөгөн, атак даңк менен өтүүсүн каалашкан. Балким, бул дүйнөнүн улуу адамдары Израилге чогулушуп, Анын төрөлгөндүгүнө кубанышып той өткөзүшөөр? Толкунданып турган адамдар алдында, балким сан жетпеген периштелер, Анын Ким экендигин жарыялашат чыгаар?УК 286.2

    Периште жерге түшүп, Аны кимдер күтүп тургандыгын көргүсү келди. Бирок бир дагы жерде, Аны күтүп жаткан белгилер болгон жок. Куткаруучу келет дешип, даңктоо ырларынын дагы ырдалганын кулагы укпады. Көп деген жүз жылдар аралыгында, Кудайдын даңкы көрүнүп турган, тандалмалуу шаардын жана ибадаткананын үстүндө, периште көп убакыт учуп жүрдү, бул жерде дагы илең-салаңдыктан башка кубаныч көрө албады. Текебер, манчыркап тоюнган дин кызматчылар, ибадатканада булганган курмандыктарын чалып жатышат. Фарисейлер үндөрүн катуу чыгарышып, көчөлөрдүн бурчунда, өздөрүнүн мактаныч менен айткан сыйынууларын айтышууда. Падыша сарайында, ойчулдардын жыйындарында, раввиндердин мектептеринде - бир дагы адам, Асман Жааматын кубанычка салган, кубанычтуу кабар угууга даярдыгы жок болуучу, жана жерге, бул дүйнөнү Куткаруучу Машаяк төрөлө турган мезгил келип жеткендигин, эч ким сезген жок.УК 286.3

    Эч жерден өмүр Мырзасын тосуу үчүн, даярдык белги көрө албагандыгына, периште абдан таңданды. Ындыны өчүп, таң калуу менен периште жаман кабар айтуу үчүн, Асманды көздөй кетеринде, кокусунан өз малдарын багып жатышкан малчылардын тобун көрдү. Алар, жылдыздар жайнаган Асманды карашып, Машаяктын Келе турган пайгамбарлыктары жөнүндө, oй жүгүртүшүп жатышкан. Асмандан келген кубанычтуу Кабарды, ушул адамдар угууга даяр эле. Жана алардын алдында Теңирдин периштеси пайда бoлyп, улуу кубаныч жөнүндө кабар айтты. Түздүктү Асман даңкы толтуруп, сан жетпеген периштелер көрүнгөн, анткени алардын кубанычы өтө улуу болгон, алардын бирөөсү гана кабар айтканы менен, салтанаттуу ырларда алардын бардыгынын үндөрү кошулуп турду, бул ырды бир жолу бардык куткарылгандар дагы ырдашат: “Асмандагы Кудайга даңк болсун, жана жерде тынчтык, адамдарда ырайым болсун” (Лк. 2:14).УК 287.1

    Ооба, Вифлеемде бoлyп өткөн ушул тарыхтан, кандай гана көрүнүктүү сабак алса болот! Ал биздин ишенбестигибизди, текебердигибизди, бир нерсеге корстон болгондугубузду, четке кагат! Ал дагы, мезгилди байкабастан, бизге кокусунан келип кала турган күндү билбестен, маанисиздикке алып келе турган, кылмыштан бизди коргочолоп турат!УК 287.2

    Иудеянын тоолорунун арасынан, Машаякты күтүп жаткан малчыларды, периштелер табышкан. Анын келишин күткөн, башка бутпарас элдеринин арасында дагы, адамдар чыгышкан - алар, даанышман, бай жана Чыгыштын ойчул адамдары болуучу. Жаратылышты изилдешүү менен, алар андан Кудайдын Колун көрүшкөн. Еврейлердин Жазууларынан, алар Жакыптан чыгып келе жаткан Жылдыз, жөнүндө окушат. Жана алар чыдамсыздык менен “Израилдин гана Сооротуучусу” эмес, бирок, “бутпарастар үчүн дагы Жарык боло Турганды”, “жердин чегине чейин куткара Тургандын Өзүн” күтүшкөн” (Лк. 2:25,32; Ап.иш. 13:47). Алар чындыктын жарыгын издеди, жана Кудайдын тактысынан чыгып турган Жарык, алардын жолун жаркыраткан. Чындыктын сакчылары, мыйзамдын сактоочулары болгон, Иерусалимдин дин кызматчыларын жана раввиндерин, караңгылык чулгап алганда, Асмандан жөнөтүлгөн жылдыз, бутпарас жолоочуларга, төрөлгөн Падышага алып баруучу жолду көргөзгөн.УК 287.3

    “Аны күткөндөргө”, Машаяк “экинчи жолу... куткарып алуу үчүн келет” (Евр.9:28). Куткаруучунун төрөлүшү жөнүндөгү кабар айтылбай калган сыяктуу, Анын Экинчи келиши жөнүндөгү кабар дагы, диний башчыларга дайындалып берилген жок. Алар Кудайдан алыc болушкан, жана Асман аркылуу жиберилген чындыктан баш тартышты; ошондуктан алар, элчи Павел жазган адамдардын арасында болушкан эмес: “Бирок силер, боордошторум, караңгыда эмессиңер, ошондуктан ал күн силердин үстүңөргө, уурудай болуп келбейт; анткени силердин бардыгыңар - жарыктын жана нурдун уулдарысыңар: бизтүндүн да караңгынын да уулдары эмеспиз” (1 Фес. 5:4,5).УК 288.1

    Сион дубалдарынын сакчылары, Машаяктын келиши жөнүндөгү кабарды, биринчи кабыл алуулары керек эле, Анын жакындап келе жаткандыгын, биринчи бoлyп үн жаңыртып айтышмак; адамдарды Анын келишине даяр болууга, биринчилерден бoлyп ишендирүүлөрү зарыл болгон. Бирок алар Өз жыргалчылыктары үчүн жашаган, тынчтык жана коопсуздук жөнүндө ойлонушкан, ал эми адамдар болсо көнгөн күнөөлөрүн жасай беришти. Ыйса, Өз Жыйыны барктанып өсүп турган зайтун дарагындай, бирок анда баалуу бир дагы жемиш жок, экендигин көргөн. Жыйын, диний жоболорду аткаргандыгына барктанышкан, бирок анда, Кудайга керектүү болгон, чыныгы момундуктун, тoбo келтирүүнүн жана ишенимдин руху жок болуучу. Жакшылык кылуу Рухунун ордуна, текебердик, формализм, өзүн сүйүүчүлүк, өз даңкын чыгаруучулук, мажбурлоо руху бийлеп алган. Кудайдан баш тарткан Жыйын, мезгилдердин белгилерин билбей калган. Кудай аны унутуп калган жок. Анын Жыйынга болгон ишенимдүүлүгү өзгөрүлгүс, бирок Жыйын Андан жана Анын сүйүүсүнөн алыстап кетти. Анын мүчөлөрү, Кудайдын талаптарын аткарган жок, жана Кудайдын берген убадалары, алардын өмүрүндө аткарылбай калды.УК 288.2

    Кудай жиберген жарыкты жана артыкчылыкты маани бербей четке каккандыктын, жыйынтыгы мына ушундай. Эгерде Жыйын, Кудай алдын ала көрөгөчтүк менен көргөзгөн жол менен барбай турган болсо, жана берилген жарыктын ар бир нурун кабыл албаса, бардыгында өз милдетин аткарбаса, анда дин, жөн гана курулай жол-жобо эрежелерди аткарып жаткан бoлyп, иш жүзүндө көргөзүүчү рух, андан кайтып кетет. Бул чындык Жыйындын тарыхында, бир эле жолу белгиленген жок. Берилген алкыштарга жана артыкчылыктарга ылайыктуу, Кудай Өз элинен, ишенимдин иштерин жана тил алчаактыкты талап кылат. Тил алчаактык курмандыкты, жана айкашкан жыгачты алып жүрүүнү талап кылат, ушул себептен, өздөрүн Ыйса Машаяктын жолдоочуларыбыз деген көпчүлүк адамдар, Асмандан келген жарыкты кабыл алуудан баш тартышты, жана байыркы иудейлер сыяктуу, өз убакыттарын, билбей калышкан (Лк. 19:44). Теңир текебер жана ишенбегендерден өтүп кетти, жана Өз чындыгын, Вифлеемдин койчулары, жана чыгыштын даанышмандары сыяктуу, жиберилген жарыкты ишеним менен кабыл алгандарга, ачып берди.УК 288.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents