Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    42 Бап — Kypөшtyh Аягы

    Качан миң жыл убакт өткөндөн кийин, Машаяк көп сандаган адилеттүүлөрдүн жана түмөн периштелердин коштоосу менен, кайрадан жерге Келет. Жана Өз Улуулугу менен түтөл жашап өткөн адилетсиздерди, өз энчилерин алуусу үчүн, кайрадан тирилтет. Жана алар деңиз жээгиндеги кум сыяктанышып, жер үстyнө өз өлгөн жайларынан тирилип чыгышат. Жана алар биринчи тирилүүгө катышкан адамдардан алда канча айырмаланышат! Адилеттүүлөр өлбөй турган жаштыкка жана сулуулукка бөлөнүшкөн! Ал эми адилетсиздер болсо, өздөрүндө оорунун жана өлүмдүн тагын алып жүрүшөт.УК 588.1

    Бул сансыз адамдардын көздөрү, Кудай Уулунун Даңкына кадалган. Жана алар бир үндөн мындай деп айтып жатышат: “Теңирдин Атынан Келе Жатканга алкыш босун”. Бирок бул сөздөрдү алар Машаякты сүйүп калышкандыктан айтып жатышкан жок. Чындыктын Күчүнүн аркасында, бул сөдөр алардын ооздорунан эрксизден чыгып жатат. Адилетсиз адамдар, мүрзөгө кетип бара жатышканда Машаякка кандай каршы жана көрө албастык жана тил албас рухун көргөзүшкөн болсо, мүрзөлөрүнөн тургузулганда дагы, ошол эле душмандыктары менен турушат. Өткөн өмүрдөгү жамандыктарын оноо үчүн, алардын эми башка ырайымдуулукка толгон мезгилдери болбойт. Бул сынала турган мезгил дагы аларга эч кандай жардам бере алмак эмес. Мыйзамсыздыкта жашап көнгөн жүрөктөрү, өзгөрүлүүдөн калган. Эгерде алар үчүн кайрадан ырайымдуулук мөөнөтү бериле турган болсо, алар ал убакытты, баштагысындай эле Кудайдын көрсөтмөлөрүнө моюн сунбастан, Кудайга каршы чыгуу менен өткөрүшмөк.УК 588.2

    Машаяк Келгенде, Өзү Асманга көтөрүлүп Кеткен, жана периштелер Анын Келиши жөнүндө кайталап айткан, Елион тоосуна түшөт. Пайгамбар мындай деп айтат: “Менин Кудай Теңирим, жана Ага кошулуп бардык ыйыктар Келет”. “Жана ошол Күнү Теңирдин Буту, Иерусалимдин маңдайындагы чыгышты караган Елион тоосун басат; ошондо Елион тоосу чыгыштан батышты карай, өтө чоң өрөөнгө айланып экиге бөлүнөт...” Жана Теңир, бүт жер жүзунө Падыша болот; ал Күнү Теңир бирөө гана болот, жана Анын Ысымы дагы бирөө болот (Зах. 14:5,4,9). Андан кийин, көздүн жоосун алган Асмандан Жаңы Иерусалим түшкөндө, ал өзүнө даярдалып тазаланган жерге түшөт. Жана Машаяк, Өзүнүн эли жана периштелери менен бирдикте, Ыйык Шаарга кирет.УК 588.3

    Эми шайтан, Аалам үчүн болгон акыркы күрөшүнө даярданат. Адам-дарды азгырган күчүнөн ажырагандыктан, жамандыктын мырзасы аянычтуу абалда болгон, бирок эми, адилетсиз адамдар тирилгенден кийин, ал тарапта көп сандаган жактоочулар бар экендигин көрөт. Жана анын өчкөн үмүтү кайрадан жанданып, улуу күрөштө жеңилүүнү каалаган жок. Жана адилетсиз адамдардан чогулган өзүнүн аскерин өз туусунун алдына алып келип, өз көздөгөн максатына жетүүнү каалайт. Адилетсиз адамдар - анын туткундары. Машаяктан баш тартуу менен алар, козголончунун бий-лигин кабыл алышкан, жана азыр анын буйруктарын көрсөтмөлөрүн аткарууга даяр. Жана азгыруучу өзүнүн айлакердигине ишенимдүү болгондуктан, өзүнүн чыныгы сапатын ачык көргөзгөн жок. Жана ал өзүн, ушул дүйнөнүн мыйзамдуу кожоюну экендигин билдирди, жана анын бийлигин мыйзамсыз түрдө тартып алгандыгын айтат. Ал өзүн, өзүнүн алданып калган жактоочуларын куткаруу үчүн келгендигин билдирет, жана ошол себептүү аларды өзү мүрзөлөрдөн тургузуп, эми эң жаман зөөкүрдүктөн куткарууга даяр экендигин жарыялайт. Жана Машаяктын жогунан пайдаланып, ал өзүнүн укугун далилдеш максатында, ар-кандай кереметтерди көргөзө баштады. Жана өзүнүн рухун куюп жандандарып, алсыздарды күчкө толтурду. Жана аларды ыйыктардын коошунуна барып, Кудайдын шаарын басып алууга чакырат. Табалоо менен ал, көп сандаган өлгөндөн тирилген адамдарды көргөзүп, өзүнүн күчү менен ал, бул шаардын талкан ташын чыгарууга күчү жете тургандыгын, жана өзүнө тийиштүү болгон падышалыкты жана тактыны кайрып ала тургандыгын айтат.УК 589.1

    Бул учу кыйрына көз жетпеген адамдардын ичинде, топон сууга чейин узак жашаган, дөө сыяктуу алп, жана шайтандын таасирине кабылып калган, өзүнүн бардык билимин өзүн көтөрүү үчүн колдонгон адамдар бар. Бул адамдар маданияттын көз жоосун алган сулуулуктарын жараткан, жана алардын акылына дүйнө башын ийген, жана алар өздөрүнүн зөөкүрлүгү менен, жана үрөйдү учурарлык ойлоп табуулары менен жерди булгашкан, Кудайдын түспөлүн бурмалашты, жана Теңирдин аларды жер үстүнөн жок кылуусун сурап алышты. Бул жерде аскер башчылары жана падышалар, калктарды жеңген эр жүрөк адамдар, алар бир дагы кармаштарда жеңилүүнү билишкен эмес; жана текебер өзүн жогору көтөргөн жоокерлер, алардын жакындашы менен падышалыктар титирешкен. Өлүм аларды өзгерткөн эмес. Алар мүрзөлөрдөн турары менен, аларды өлүм алдында эмне кызыктырган болсо, ошол жөнүндө гана oй жүгүртүшөт. Жана аларды, баштагы мезгилдерде кызыктырган басып алуулар кызыктырат.УК 589.2

    Шайтан өзүнyн периштелери, падышалар, басып алуучулар, жана дүйнөнүн күчтүүлөрү менен кеңеш жүргүзөт. Өз күчтөрүн жана сан жа-гынан артыкчылыктарын сезүү менен, шаардын ичиндеги аскер, алардан аз, жана аларды жеңип алууга болот деген чечимге келишет. Алар, Жаңы Иерусалимдин байлыктарын жана даңкын жеңип алуу пландарын курушат. Жана бардыгы ошол замат согушуу үчүн даярдык көрө башташат. Курал кылган чеберлер курал жасашып, өз жеңиштери менен урматталган аскербашчылар, жоокерлерди даярдайт.УК 590.1

    Акыры кол салуу үчүн буйрук берилет, жана сансыз көп аскер оордунан жылды. Жер үстүндө согуш болгондон бери, жерди багындыргандардын мынчалыктуу көп, бардык мезгилдеги баскынчыларды бириктирген аскери болгон эмес. Эң эле кудуреттүү баскынчы шайтан алдыда, жана анын периштелери бул акыркы кармашка өз күчтөрүн бириктирип бара жатышат. Алардын катарларында падышалар, жоокерлер, жана алар ар башка бoлyп тизилип турушат, алардын ар биринин өз жетекчилери бар. Толук аскерлик тартип менен тизилген адамдар, өйдө-ылдый бoлyп бузулган жер үстү менен, Кудайдын Шаарын көздөй бет алышты. Ыйсанын буйругу боюнча Жаңы Иерусалимдин дарбазалары жабылып, шайтандын аскери басып алуу үчүн Шаарды курчай башташты.УК 590.2

    Эми Машаяктын душмандары кайрадан Аны көрүшөт. Бийик, көз жоосун алган алтын Шаардын үстүндө, бийик коюлган Такты турат. Ал Тактынын үстүндө Кудай Уулу, жана Анын айланасында - Анын Падышалыгынын өкүлдөрү. Машаяктын Улуулугун жана Кудуреттүүлүгүн бир дагы ооз айтып, жана бир дагы калем жазып жеткире албайт. Түбөлүктүү Атанын Даңкы Уулду курчап турат. Андан чыгып турган жарык, Кудай Шаарын толтурат, жана дарбазалар аркылуу түгөл жер үстүн жарык кылат.УК 590.3

    Тактынын жанында, бир кезде шайтанга ишенимдүү кызмат кы-лышкан, бирок оттун ичинен суурулуп алынган чычаладай болгон, чын жүрөктөн өздөрүнүн Куткаруучусунун артынан кеткен адамдар. Ал эми алардын артында, алдоо жана ишенбестиктин арасында Машаяктын жолун жолдогон, бүт дүйнө үчүн керексиз болгон мезгилде, Кудайдын Ыйык Мыйзамдарың сактаган адамдар; алардын артында - ишеним үчүн кыйналган бардык кылымдардагы адамдардын арасынан чыккандар. Алардын астында “ар кайсы уруулардан, тукум-жуураттан, элдерден жана тилдерден болгон, эч ким санай албаган, сан жетпеген өтө көп адамдар Тактын жана Курмандык Козунун алдында ак кийимчен өз колдоруна пальма бутагын кармап турушкандар’ (Аян. 7:9). Алардын күрөшү бүткөн, жана жеңиш аларга алынып берилген. Алар өмүр энчисин сыйлык алуу менен жашап өтүштү. Алардын колундагы пальма бутактары, алардын жеңишинин символу, ал эми алардын үстүндөгү ак кийим, азыр алардын адилеттиги болгон, булганбаган Машаяктын Адилеттигинин символу.УК 590.4

    Куткарылган адамдардын оозунан даңктоо ырлары чыгып турду, жана ал мукамдуу ыр түгөл Асман бийиктигине жаңырат: “Tактыда Отурган биздин Кудайдын жана Козунун жанында Куткарылуу даяр турат!” (Аян. 7:10). Куткарылгандардын кубулжуган ырына, периштелердин ырдаган үндөрү кошулат. Качан кут-карылган адамдар шайтандын каарын жана анын күчүн көрүшкөндө, аларды жеңишке жеткирген бир гана Машаяктын Күчү экендигин билишет. Ушул өтө көп куткарылган адамдардын арасынан, куткарылуу өз адилеттиги менен алынган, деп айта турган бир дагы адам табылбайт. Алар эмне кылып жана эмнелерди баштарынан өткөргөндүгү жөнүндө, бир дагы сөз айтылбайт. Жана ар бир даңктоо ырларынын мааниси “Биздин Кудайдын жана Козунун жанында куткарылуу ту-рат!”, деген сөздөр менен коштолот.УК 591.1

    Кудай Уулун өздөрүнүн Башкаруучусу экендигин жердегилер жана Асмандагылар дагы билишти. Эми жогорку Күчкө ээ бoлyy менен, падышалардын Падышасы, Өзүнүн Пады-шалыгына каршы көтөрүлгөндөр, Кудайдын Мыйзамдарың бузуп, Анын элине кордук көргөзгөндөр үчүн, Өзүнүн акыркы өкүмүн чыгарат. Кудайдын пайгамбары мындай дейт: “Жана мен чоң ак Тактыны жана анда Олтурганды көрдүм; Анын Жүзүнөн Асман жана жер качып, аларга орун табылбады. Жана Тактынын алдында турган өлгөндөрдү, улууларды жана кичинелерди мен көрдүм; китептери ачылды, башка дагы бир китеп ачылды, ал өмүр китеби; жана өлгөндөр китепте жазылгандай, өздөрүнүн иштерине жараша соттолду” (Аян. 20:11,12).УК 591.2

    Качан китептер ачылганда, жана Ыйса адилетсиз адамдарга Өз жүзүн бурганда, алар качандыр бир кездерде кетиришкен күнөөлөрүн эстерине алышат. Тазалыктын ыйыктыктын жолунан кайсыл учурда кетип, Кудайдын Мыйзамдарың бузууга өз текеберликтери качан жол бербей койгондуктарын көрүшөт. Оттуу калем менен жазган сыяктанып, алардын көз алдыларына, качандыр бир кезде күнөөнүн кумары үчүн жол берген, азгырыктар; туура эмес пайдаланган алкыштар; Кудайдын кабарчыларына кылган одоно мамилелер; алар аркылуу баш тартылган эскертүүлөр; жана алардын тoбo келтирбеген жүрөгүнө урунган, Кудайдын ырайымынын тол-кундары көрүнөт.УК 591.3

    Тактынын алдында айкашкан жыгачтагы Өлүм жогорулап, Адамдан баштап калган куткаруу планы үчүн болгон аракеттер биринин артынан бири агылып көз алдыга тартылат. Куткаруучунун мал кoрoодо төрөлгөндүгү; Жана Анын тил алчаактыкта жана жөнөкөйлүктө өткөргөн Балалык күндөрү; Анын Иордан дарыясында сууга чөмүлгөнү; чөлдөгү орозо кармап, азгырыкка туруштук бергени; адамдарга Асмандын эң эле кымбат алкыштарын ачып берген кызматтары; ырайымга жана сүйүү иштерине толгон күндөр; жалгыздап тоодо сыйынуу менен өткөргөн түндөр; Анын кылган жакшылыктары үчүн жасалган, көрө албастыктар, жамандыктар, жана айлакерликтер; жана Анын Yстүнө бул дүйнөнүн чыдагыс күнөөлөрү жүктөлөөрдө, сырдуу Гефсиман багындагы туталанып сыйынуу; Анын Иуда аркылуу канкор адамдардын колдоруна тапшырылып берилгендиги; мына, ошол кайгылуу түндө, Өзүнүн жакын шакирттери аркылуу калтырылып калганда, жана бир дагы каршылык көргөзбөсө дагы, Аны дедегдетип жетелешип, Иерусалимдин караңгы көчөлөрүндө муштап түртүп алып бара жатышкандары; Кудай Уулун зөөкүрдүк менен Аннанын алдында соттоо үчүн алып келишкендиги; Пилаттын соттоочу жайында, каардуу жана коркок Ироддун алдында, ал кемсинтилгендиги, азап тартканы өлүм жазасына тартылгандыгы - ушунун бардыгы, ушул көрүнүштө ачык көргөзүлдү.УК 591.4

    Андан кийин муундары калтыраган калын топко, башка көрүнүш көгөзүлөт-чыдамдуу Азап Чегүүчү Голгофаны коздой бара жатат; Ас-мандын Падышасы айкашкан жыгачта кагылып турат; жана Анын өлүм алдындагы азап чегүүлөрүндө, текебер дин кызматчылар, кулкутандардын мыскылдагандары; капысынан болгон караңгылык; титиреген жер, талкаланган аскалардын үнү, ачылган мүрзөлөр, дүйнөнүн Куткаруучусунун Өлүмүн коштогондугу тартылды.УК 592.1

    Бул үрөйдү учурган көрүнүш, бардык чындыгы менен көрүнүп жатты. Шайтан, анын периштелери, жана алардын жактоочулары бул көрүнүштөн өз көздөрүн алышпайт, жана өздөрүнүн кылган иштерине күбө болушууда. Жана бул окуянын ар бир катышуучусу, өзүнүн аткарган ролун эске тушүрөт. Вифлеемдеги балдарды өлтүрүү менен израилдин Падышасын жок кылууну каалаган Ироддун буйругу; Иоанн сууга чөмүлдүрүүчүнүн канына себепкер болгон мыкаачы аял Иродиада; өз эркин аткара албаган, жагдайдын шартына көнгөн Пилат; шылдындап кордошкон жоокерлер; дин кызматчылар, башчылар жана акылдан адашкан минтип кыйкырган калың эл: “Анын каны биздин жана биздин балдарыбыздын үстүнө келсин”, - булардын бардыгы өздөрүнүн жырткычтык иштерине күбө болушууда. Кудайдын Даңкынан жана жарыгы күндүн жарыгынан алда канча жарык болгон Анын Жүзүнөн, алардын жашынууга жасаган аракети текке; жана куткарылган адамдар өз таажыларын Куткаруучунун бyт алдына коюу менен: “Ал мен үчүн өлгөн!” - деп үн жаңыртышууда.УК 592.2

    Сансыз куткарылган адамдардын арасында, Машаяктын элчилери дагы бар. Бул жерде эр жүрөк Павел, жалындаган Петр; сүйүктүү Иоанн жана алардын ишенимдүү бир туугандары, алар менен бирге көп сандаган азап чегүүчүлөр; ал эми шаардын сыртында аларды зынданга салып, өлтүргөндөр - ар-кандай жамандыкка бузукулукка толгон адамдар. Бул жерде зөөкүр жана бузулган айбан - Нерон. Бир кезде өзү шылдыңдаган жана мыкаачылык менен өлтүрткөн, алардын кыйналууларынан шайтан сыяктанып кумар алган адамдардын куткарылган кубанычын көрүүдө. Анын энеси - өз уулуна берген тарбиясынын жемишин татууда. Анын үлгүсүн жана мүнөздөрүн кабыл алуу менен анын уулу, дүйнөнүн төбө чачы тик тура турган кылмыштарды жасаган.УК 593.1

    Бул жерде, өздөрүн Машаяктын элчилерибиз дешип, жана Анын элинин эркиндигин жок кылуу үчүн зындандарды, кергич аспаптарды, өрттөөчү жайларды ойлоп табышкан папанын кызматчылары жана прелаттары. Жана өздөрүн Кудайдан жогору коюшкан, жана анын Мыйзамдарың бузууга укугубуз бар деп өздөрүн эсептеген, бул жерде текебер папалар. Эми болсо, өздөрүн чиркөөнүн аталарыбыз деген ушул адамдар өз күнөөлөрү үчүн жооп беришег, ал эми азыр алар үчүн качаарга жер жок. Баарынан Жогорку Кудай - Өз Мыйзамдары үчүн кызганчаак Кудай экендигин, жана Ал эч качан күнөөнү жактабагандыгын - алар өтө эле кеч түшүнүштv. Алар эми, Машаяк азап чегүүчүлөр тарапта экендигин жана Анын бул айткан сөздөрүнүн күчүн сезишет: “Муну силер Менин бул бурадарларымдын эң кичинелеринин бирине кылганыңар менен, аны Maгa кылдыңар” (Мф. 25:40).УК 593.2

    Кудайдын Башкаруучулугуи сатып кетишкендиги үчүн айыпталып жатышкан бардык адилетсиз адамдар, эми Кудай Сотунун алдында турушат. Алардын жактап ала тyрган эч кимиси жок; алар үчүн акталуу дагы болбойт, жана аларга өлүм жазасы чыгарылган.УК 593.3

    Күнөөнүн аягы толук эркиндик жана түбөлүктүү өмүр эмес экендиги, тескерисинче анын акыры кулдук, талкалануу жана өлүм экендиги, азыр бардыгына маалым бoлдy. Өздөрүнүн тил албастыгы жана каршыкмалыгы менен эмнеден ажырап калышкандыгын, адилетсиз адамдар көрүп турушат. Алар, өздөрүнө сунушталган улуу жана түбөлүктүү Даңкты кабыл алышпай коюшту, эми болсо, ал нерселер алар үчүн кандай гана жогорку эңсөө бoлyп калды! “Ушунун бардыгына мен ээ болмокмун, бирок мен аны алууну каалаган эмесмин деп озондойт, өлө турган күнөөкөр”. “О, кандай гана кор сокурлук! Мен тычтык, бакыт жана абийирди, көңүл калуу, кайгы жана маскаралыкка алмашып алдым!” Аларды адилеттик менен Асманга киргизбей койгондугун, бардыгы түшүнүшөт. Жана өз өмүрлөрүндө алар мындай дешкен: “Бизди, бул адам Ыйса башкарганын, биз каалабайбыз”.УК 593.4

    Көңүл чөгүү менен адилетсиз адамдар, Кудай Уулунун Тактыга Отуруп жаткандыгын көрүшүүдө. Жана Анын Колунда, алар сактоодон баш тарткан Кудайдын Мыйзамдары. Алар, адилеттүүлордүн ырдаган ырларын укканда аздектөө менен бир үндөн мындай деп айтышат: “Кудyреттүү Кудай Теңир, Сенин иштериң ажайып, жана Улуу! Семин Жолдоруң адилет жана чыныгы, касиеттүүлөрдүн Падышасы!(Аян. 15:3), жама жерге жеткенче ийилишип, Өмүрдүн Мырзасына табынып жатышты.УК 594.1

    Машаяктын Данкын жана Улуулугун көргөндө, шайтан чагылган тийген сыяктанып, кыймылга келе албайт. Бир кезде калкалоого арналган периште, кайсыл жактан кулагандыгын эсине салат. Жаркыраган периште “таң уулу”, кандай гана өзгөргөн! Ал кандай кулаган! Бир кезде сыйга татыктуу болгон кеңештен, ал биротоло алынып ташталган. Эми анын ордунда, Атанын жүзүн жаап турган башка периштени көрүп турат. Келбеттүү Периште кудуреттүү жүзү менен, Машаяктын Башына Таажы кийгизип жаткандыгын көрдү, жана ушундай жогорку даражалуу наам өзүнө татыктуу болмок экендигин, ал азыр билип турат.УК 594.2

    Ал эми, өзүнүн айпсыз жана таза жайып эсине салды, ал Кудайга каршы сөз айтып, Машаякка көрө албастык кылганга чейинки ички тынчтыгын, жана ээ болгон канагаттанууларын ойлонот. Периштелердин урматьша татыктуу бoлyy максатында жасаган өзүнүн айлакер иштерин ойна салат - ал кезде, Кудай ага кечирим бере алмак, бирок ал, өз айыбын сезүүдөн кескин түрдө баш тарткан. Анын оюнда, өзү кылган нерселердин бардыгы зымырап учуп өтүп жатты: адамдар менен болгон душмандык; yрөйдү учурган өлтүрүүлөр; падышалыктын турушу жана кулашы; мамлекеттик төңкөрүлүштөр, каршылыктын узак мезгилдери, чыр-чатактар, революциялар. Жана өзүнүн, ардайым Машаяктын ишине каршы чыгып тургандары, адамдарды күнөөнүн түпкүрүнө, уламдан-улам терең тыгып чыгарбагандыгы, баары анын көз алдында. Жана өзүнүн тозоктун отунан тутанган каршылыктары, Машаякка ишенген адамдардын алдында ийгиликке жете албагандыгын, ал көрдү. Жана өзүнүн падышалыгына, өз иштеринин жемиштерине кароо менен, шайтан жеңилүүнү жана өлүмдү гана көрүп турат. Ал ушунчалык көп сандаган адамдарды, Кудайдын Шаары биздики болот, деп ишендирген, бирок мунун калп экендигин ал билет. Бул Улуу Күрөштө ал бир канча ирээт жеңилүүгө учурап, жана качууга туура келген. Жана Түбөлүктүүнүн Күчү жана Бийиктиги дагы, ага аттын кашкасындай таанымал.УК 594.3

    Улуу козголоңчу, ар-дайым өзүнүн чыгарган көтөрүлүштөрү үчүн, Кудайдын Башкаруучулугун айыптап турууга, өз алдына максат койгон. Ушуга, ал өзүнүн болгон акылын жумшады. Кылдаттык менен иш жүргүзүп, ийгиликтерге жетишүү менен, ал көп сандаган адамдарды, бул улуу күрөштө анын чечимин кабыл алуусуна көндүргөн. Узак миң жылдардын аралыгында, бул козголоңчулуктун чебери, чындыкты жалгандыкка айландырды. Бирок азыр болсо, анын козголоңунун акыры келип жетти, жана анын сапаттары, мүнөөздөрү, бардыгынын алдында ашкерелениши керек. Бул улуу айлакер, Машаякты Тактысынан кулатуу, Анын элин жок кылуу жана Кудайдын Шаарын басып алууга жасаган аракеттеринин аркасында, өзүн толугу менен ашкерелеп алды. Жана ага кошулгандардын бардыгы, анын оюнун толук талкалангандыгын көрүштү. Кудайдын Бийлигине каршы коюлган шайтандын капкандары, Машаяктын жолдоочуларына жана ыйык периштелерге дагы маалым бoлyп калды. Жана бардыгы аны жек көрүшүүдө.УК 595.1

    Өзүнүн кайышкан тил албастыгы, анын Асманга келүүсүнө тоскоол болгондугун,шайтан көрүп турат. Ал көп деген мезгил, Кудайга каршы күрөшүү үчүн, өз күчүн такшалтып жүрдү; Асманда болуп жаткан тазалык, тынчтык жана келишимдүүлүк, ал үчүн чыдай алгыс жаза бoлyп саналмак. Эми анын, Кудайдын ырайымына жана мээримине каршы айткан айыптоолору, биротоло өчтү. Кудайга каршы айтылган айыптоолор, эми анын өз башына келип турат. Азыр гана шайтан, Кудай алдында башын ийип, ал үчүн чыгарылган чечим адилет экендигин моюнуна алды.УК 595.2

    “О Теңир, Сенден ким коркпосун жана Сенин Ысымынды данктабасын? Анткени бир гана Сен Ыйыксың. Бардык элдер келип Сенин алдыңа табынышат, анткени Сенин адилет иштериң ачылды” (Аян. 15:4). Башта чоң талам-тартыштарды чыгарып келген, чындык жана жалгандык жөнүндөгү суроолордун жыйынтыгы, эми минтип ачылган. Бардык акылы бар жаратылгандардын көз алдында, козголондун акыры, жана Кудайдын Жазууларынан баш тартуунун себеби, эмне менен аяктаары ачылды. Шайтандын бийлиги эмнеге алып келгендигин, жана Кудайдын Бийлиги эмнеге жеткире тургандыгын, түгөл Аа-лам көрүп турат. Шайтан өзүнүн кылган иштери үчүн айыпталган. Кудайдын Даанышмандыгы, жана Анын Адилеттүүлүгү жана Боорукерлиги өз калыбына келтирилген. Бул каршылашкан эки күчтүн ортосундагы айырмачылыктан, Кудай Өзүнүн элинин жана башка жаратылган дүйнөлөрдүн келечектеги камын көрүп Келгендигин, бардыгы билишти. “Теңир, Өзүңдүн бардык иштериң Өзүңдү даңктасын, жана Сенин Ыйыктарың Сени алкасын” (Забур. 144:10).УК 595.3

    Бардык кылымдардагы күнөөнүн тарыхы, Теңир аркылуу жаратылган-дардын бактысы, анын Мыйзамдарын аткарууда гана экендигин, ачып турат. Улуу Күрөштүн чындыктары менен таанышып, бардык Аалам, Кудайга ишенимдүү бoлyп калгандар жана козголоң чыгаргандар бир үндөн бул cөдөрдү айтышат: “Сенин жолдоруң адилеттүү жана чындык, ыйыктардын Падышасы”.УК 596.1

    Адамдарды сактап калуу үчүн Ата жана Уул алып келген Улуу Курмандык, Баардык Ааламга көргөзүлдү. Жана Машаяк, Өзүнө тийиштүү болгон Оорунду ээлей турган саат келген. Ал, бардык башкаруучулардан, бийликтерден жана бардык ысымдардан Жогорку Наам алган. Ага боло турган кубанычтын урматы үчүн - көп сандаган уулдарын даңкка алып Келүү макса-тында - Ал, айкашкан жыгачтагы Өлүмдү жана кемсинтилүүнү кабыл Алган. Ал, айтып бере албагандай азап чегүүнү Башынан өткөрсө да, азыр Ал ээ болгон кубаныч менен даңтын жанында, алар эч нерсеге арзыбайт. Ал куткарылган адамдарды карайт, жана алардан, калыбына келтирилген Өз түспөлүп көрөт, ал бир жүрөк Анын Мөөрүн алып, ар бир жан Анын Падышалыгына окшошкон. Жана Өзү кылган иштеринин жемишине, Ал кубануу менен карайт. Ошондон кийин бардык адилеттүүлөр жана адилетсиз адамдар, анын мындай деген Yнүн угушат: “Мына, Менин Каным менен куткарылган адамдар! Алар, Мен Болгон Жерде кылымдардан-кылымдарга болушу үчүн, Мен азап Чеккем, жана Өлгөм”. Жана Тактынын алдында ак кийинип турган куткарылган адамдар, мындай деген ырды ырдашат: “Союлган Курмандык Козу, кубат жана байлык, акылдуулук жана бекемдик, урмат, атак жана алкыш алганга татыктуу” (Аян. 5:12).УК 596.2

    Шайтан, Кудайдын адилеттигин жана Машаяктын Жогорку Бийлигин моюнуна алууга мажбур болгону менен, бирок анын жаратылышы өзгөрүүсүз кала берди. Нааразылык руху, күчтүү суу толкуну сыяктанып аны бийледи да, анын сыртына ичиндеги нерселеринин бардыгы чыкты. Кутурма тийүү менен ал, бул улуу күрөштө багынууну ка-алаган жок. Асман Падышалыгы үчүн кармашуунун, акыркы сааты келип жетти. Ал өзүнүн сансыз кол алдындагыларга кайрылуу менен, алардын кармашка чыгууга даярдануусун жарыялайт. Бирок ошол сан жетпеген калың кол, анын бийлигине моюн сунгулары келген жок, анткени анын бийлигинин акыры келген. Адилетсиз адамдар дагы, Кудайга шайтан сыяктуу эле каарданып жатышты, бирок өздөрүнүн Кудайга алы жетпестигин билишет. Шайтанга жана анын кеңешчилерине жаалдануу менен, аларга каршы согушуу үчүн бардыгы чогуу көтөрүлүштү.УК 596.3

    Теңир мындай дейт: “Сен өз акылыңды Кудайдын акылы менен бирдей койгон себептүү, мына, Мен чет өлкөдөгү элдердин эң катаалдарын сага каршы алып Келем; алар сенин акылмандыгыңдын даңкына өз кылычтарын кынынан суурушат да, жаркыраган өнүндү өчүрөт”. “Жана Мен сени, ыпылас болгон сон, Кудайдын тоосунан кулаттым, калкалоочу Периште сени, оттуу таштардын чөйрөсүнөн кууду... Ошон үчүн Мен сени падышалардын алдына маскаралоого берип, сени жерге жыгам... Же үстүндө сени көрүп тургандардын көз алдында, Мен сени күлгө айлантам... баары сен тууралуу үрөйүн учурат; эми сен кылымдарга болбойсуң” (Иез. 28:6-8,16-19).УК 597.1

    “Анткени, майдан кезинде кийген жоокердин ар-кандай бүт кийими жана канга чыланган үстүндөгү кийими отко ташталып өрттөлөт да, жалын жалмайт”. “Анткени Теңирдин каары бардык элдерге каршы, Анын жаалы алардын бүт жааматына тарайт. Ал аларды каргышка калтырды, аларды мууздоого белгиледи”. “Ал, динсиз, ыймансызга көмүр чогун, ысык оттуу күкүрттү жамгыр кылып жаадырат; күйгүзүшкө ысык шамал — алардын энчиси” (Ис. 9:5, 34:2; Забур. 10:6). Асмандан от Кудайдан түшөт. Жер ачылып, жана анын ортосунда катылып турган курал, сыртка чыкты. Жана жердин бардык жаракаларынан, бардыгын жалмап кетүүчү от чыгып жатты. Жада калса — аскалар дагы өрттөндү. “Меш сыяктуу алоолонгон мезгил келди”. “Мына ошондо табихий көрүнүштөр жалындап, жер жана анын үстүндөгү нерселердин бардыгы өрттөлот” (Мал. 4:1,2; 2Петр. 3:10). Жер үстүнүн бардыгы күйүп жаткан деңиз сыяктанат. Кудайдын Кыямат кайым Күнү келди, “Анткени, Теңирдин кек ала турган күнү, Сион үчүн жазалай турган күнү келди” (Ис. 34:8).УК 597.2

    Адилетсиз адамдар, жер үстүндөгү өз энчисин алышат (Yл. аң. 11:31). “Мына, меште алоолонгон Кыямат Күн келе жатат; ошондо бардык текеберлер менен арамзаа иш кылгандар самандай дүрт тутанып, келе жаткан Кыямат Күндүн отуна куйкаланат, дейт Ааламдын Теңири” (Мал. 4:1). Бирөөлөр ошол замат жок болушса, башкалары көп күндөр кыйналышат. Бардыгы өз кылган иштерине жараша, энчилерин алышат. Адилеттүү адамдардын жасаган күнөөлөрү шайтандын үстүнө жүктөлгөн, ошондуктан ал өзүнүн күнөөсү үчүн гана жооп бербестен, башка адилеттүү адамдардын күнөөсү үчүн дагы жооп бериши керек. Тазалоочу отто адилетсиздер биротоло — бутак жана тамыр бoлyп тазаланышат; шайтан - дүмүр, ал эми анын жолдоочулары - бутактар. Мыйзамды бузгандар үчүн, толук өч алынган; адилеттиктин талаптары канаганттандырылды; ушунун бардыгын көргөндөн кийин, Асман жана жер дагы, Кудайдын адилеттигин билишет.УК 597.3

    Шайтандын талкалоочу иштери биротоло жок болгон. Алты миң жыл аралыгында, ал өз каалаганындай жер үстүн кайгыга салып аракеттенген, жана түгөл Ааламды кайгырткан. Бардык жаратылыш оорудан толгонуп, азап тартышты. Эми болсо, Кудайдын жаратылышы түбөлүккө анын азгырыгынан жана аракетинен бошотулду. “”Бүт жер жүзү тынчтанып, эс алып, кубанычын куттуктап жатат” (Ис. 14:7). Бардык күнөөгө батпаган Аа-лам, кубанычтан даңктоо ырларын жаныртып ырдашат. “Жана көп элдердин үнүндөй, көп суунун шаркырагындай, катуу күркүрөөнүн үнүндөй үндөр угулат: Аллилуия! Анткени, Кудуреттүү Кудай Теңир Бийликти алды” (Аян. 19:6).УК 598.1

    Качан жерди жалмай турган от каптап жатканда, касиеттүү адамдар Шаардын ичинде коопсуз болушат. Биринчи тирилүүгө катышкан адамдардын үстүнөн, экинчи өлүм бийлик жүргүзө албайт. Эгерде Кудай, адилетсиз адамдар үчүн жалмап кетүүчү От боло турган болсо, Өз эли үчүн Ал, “Күн жана Калкан” (Аян. 20:6; Забур. 83:12).УК 598.2

    “Жана мен жаңы Асманды жана жаңы Жерди көрдүм; анткени мурунку асман жана мурунку жер өтүп кетти” (Аян. 21:1). Адилетсиздерди кыйраткан от, бир эле мезгилде жерди дагы тазалайт. Жерде бир дагы каргыштын тагы калган эмес. Жана эч кандай тозоктун оту, адилеттүүлөрдү кылган күнөөлөрү үчүн коркутпайт, анткени алар өтүп кеткен.УК 598.3

    Бүтпөгөн кылымдар бир гана нерсе кетпестен кала берет, бул Машаяктын денесиндеги жаракаттар. Анын кан аккан Чекесиндеги так, Колундагы Капталындагы жана Бутундагы тешиктер, күнөөнүн жамандыгын эске салат. Машаяктын Даңкына көз чаптыруу менен пайгамбар мындай деп айтат: “Анын Колунан чачырагап нурлары, - Анын Күч -Кубатынын жашыруун сыры, мына ушунда!” (Авв. 3:4). Анын тешилген Колдорунан жана Капталдарынан, адамдарды элдештирүүчү кан төгүлгөн, - Бул Куткаруучунун Даңкы, бул жерде-“Анын Күчүнүн сыры” бар. “Куткаруу үчүн күчтүү Бoлyп”, Өзүн Курмандыкка Берген, жана ким Кудайдан баш тарткан болсо, алардын үстүнөн Сот жүргүзө Алат. Кемсинтилүү белгиси - бул Анын Жогорку Кадыры, жана бүтпөгөн кылымдардын аралыгында, бул Голгофадан алган жаракаттар, Аны даңктап, жана Анын Күчү жөнүндө насааттап турат.УК 598.4

    “А сен үйүр мунарасы, Сион кызынын адыры! Сага мурдагы Бийлигиң кайрылып келет” (Мих. 4:8). Бардык ыйык адамдар күтүп самашкан мезгил келди, биринчи үй-бүлөгө Эдемге кирбеш үчүн коюлган кылыч алынды - “анын энчисин куткаруу үчүн” (Еф. 1:14), убакыт келип жетти. Улуу куткаруу планы кайрадан жерди адамдарга тартуулайт, ал башта ага берилип, бирок, шайтанга тарттырып койгон, жана анын каардуу душманынын колунда көп миндеген жылдар жүрдү.УК 598.5

    Күнөө аркылуу жоготулган нерселердин бардыгы кайрадан кайрылат. “Анткени, Асманды жараткан Теңир мындай дейт... жерди жараткан жана аны пайда кылган. Ал аны бекемдеген, аны бекер эле жасаган жок, Ал жерди жашоо үчүн жасады” (Ис. 45:18). Кудайдын алгачкы максаты орундалып жатат, бул жер куткарылгандардын түбөлүктүү турагы болот, Ал жерди жаратып Жатканда ушундай максат менен, аны негиздеген. “Адилеттүүлөр жерди мурасташат жана анда түбөлүктүү жашашат” (Забур. 36:29).УК 599.1

    Касиеттүү адамдардын энчиси төмөндөтүлүп калбасын деп сакганышкандыктан, көпчүлүк адамдар боло турган нерселерди, руханий мааниде гана талкуулаганга аракет кылышкан, ошондуктан, келечекке биздин өз үйүбүздөй карагандыгыбызга, көп нерселер жол бербейт. Машаяк Өз шакирттерине, Атанын Турак Жайынан силерге жай даярдаганы бара жатам, деп айткан. Ким Кудай Сөздөрүнүн окутууларын кабыл ала турган болсо, Асмандагы турак жай жөнүндө түшүнбөстүктө калбайт. Ошондой болсо дагы: “Кудай, Өзү сүйгөндөргө эмне камдап койгондугун, көз көргөн жок, кулак уккан жок, жана адамдардын жүрөгү дагы сезбеди” (1 Кор. 2:9). Адилеттүү адамдардын сыйлыгын так айтып берүүгө адам тили жөндөмсүз. Бул көргөн кишиге гана түшүнүктүү боло алат. Биздин чегерилген акылыбыз, Кудайдын Бейишинин даңкын так түшүнүү үчүн алсыз.УК 599.2

    Ыйык Жазууда куткарылгандардын мурасы “ата-мекен” (Евр. 11:1416), деп аталат. Ал Жерде, асмандагы Кайтаруучу Өзүнүн койлорун, тирүү суунун булактарына алып барат. Ал Жердеги өмүр дарагы айына бир жолу өз түшүмүн берет, жана анын жалбырактары адамдардын ийгилиги үчүн кызмат кылат. Ал Жердеги түбөлүктүү айнектей тунук суулар агып, жана ал суунун боюнда өскөн дарактар, Теңирдин куткарылган адамдарга салган жолуна көлөкөсүн берип турат. Ал Жердин түздүктөрү тоолор менен биригип, Кудайдын тоолору абдан көркөм көрүнөт. Ал тычтык өрөөндөрүндө, тирүү суунун боюнда Кудайдын элдери - бул чарчап чаалыккан жана жолоочу болгон адамдар - акыры өз Мекенин табышкан.УК 599.3

    “Ошондо Менин элим тычтыктын Жеринде, коопсуз кыштактарда, бактылуу турак-жайларда жашап калат”. “Мындан наары сенин жеринде зордук-зомбулук деген угулбайт, сенин чегиңдин ичинде чапкын-бүлгүн жана талоо деген болбойт; жана өз дубалдарынды - коргоочу деп, өз дарбазаңды атакдаңк, деп атайсың”. Жана жаңы үйлөр куруп, аларда жашашат, жүзүмдүктөр тигип, анын мөмөсүн жешет. Башка бирөө ичинде жашасын үчүн үйлөр курбайт, жана башка бирөө жесин үчүн жүзүмдүк тигишпейт... Менин тандалгандарым өз колдору иштеп чыгарган буюмдарынын убайын көпкө көрөт” (Ис. 32:18; 60:18; 65:21,22).УК 599.4

    Анда “чөл жана какшыган жер шаттанат, эл жашабаган өлкө кубанат, нарцисс сыяктуу гүл ачат”. Ошондо карышкыр кoзy менен бирге жашайт, илбирс улак менен бирге жатат... жана кичинекей балдар аларды ээрчитип жүрөт” (Ис. 35:1; 55:13; 11:6,9).УК 600.1

    Асманда оору жана кайгы, ый жана өлүм, көңүл чөгүп кайгыруулар болбойт. “Жана өлүм эми болбойт; ый да өкүрүк да, оору да болбойт; анткени мурункусу өтүп кетти” (Аян. 21:4). “Жана бир дагы тургун “мен оорудум”, деп айтпайт, ал жерде жашаган элдердин күнөөлөрү кечирилет” (Ис. 33:24).УК 600.2

    Ал Жерде Жаңы Иерусалим, даңкталган Жаңы Жердин Борбору, “жана Теңирдин Колунда Даңк Tаажысы, өз Кудайыңдын Алаканында - Падышанын жасалгасы болосуң”. “Анын шамы эң эле кымбат баалуу асыл ташка окшош, тунук айнек сыяктуу яшма ташка окшош”. “Куткарылган элдер Анын жарыгында басып жүрүшөт, жана жердин падышалары өз атак-даңкын жана арнамысын Шаарга алып келишет”. Теңир мындай дейт: “Жана Иерусалим тууралуу кубанам, Өз элим жөнүндө шаттанам”. “Мына, Кудайдын Чатыры адамдар менен бирге, жана Ал алар менен жашайт; алар Анын эли болот, Кудай Өзү алар менен бoлyп, алардын Кудайы болот” (Ис. 62:3; Аян. 21:11,24; Ис. 65:19; Аян. 21:3).УК 600.3

    Кудайдын Шаарында “түн болбойт”. Ал Жерде эч ким чарчап-ча-алыкпайт жана суусап чаңкабайт. Кудайдын эркин аткаруу, жана Анын Ысымын даңктоо адамды алсыратпайт. Биз бүтпөй турган таңдын тазалыгына кумарланабыз. “Ал Жерде түн болбойт, жана аларга шамдын жарыгынын же күндүн жарыгынын кереги жок, анткени Кудай Теңир аларды жарык кылат” (Аян. 22:5). Ал жердин жарыгы жумшак жана жагымдуу, биздин күндөн көп эсе жакшыраак. Ыйык Шаарды Кудайдын жана Козунун Даңкы, толтурат. Куткарылган адамдар түбөлүктүү күндүздө өмүр сүрүшөт, жана ал жарык күндүн тийгендигинен болбойт.УК 600.4

    “Шаарда мен Кудай Үйүн көрбөдүм; анткени Кудуреттүү Кудай Теңир жана Козу - алардын Үйү” (Аян. 21:22).Кудай эли, Ата жана Уул менен ачык сүйлөшүүдөн кумар алышат. “Азыр биз, күңурт күзгүдөн көргөн сыяктанып, болжолдоп гана көрө алабыз” (1 Кор. 13:12). Анда биз Кудай менен бетмебет көрүшөбүз, жана ортобузда тар-тылган эч кандай көшөгө болбойт. Анын алдында туруу менен, анын Даңкы бизди курчап турат.УК 600.5

    Куткарылган адамдарды ал Жакта жакшы таанышкан сыяктуу, алар дагы ал Жакты жакшы таанып калышат. Кудай адамдардын ичине салган сүйүүнүн жумшак сезими, анда жакшы бoлyп көрүнүп, андан дагы өз жогорулашын уланта берет. Ыйык жаратылыштар менен болгон баарлашуудан, бактылуу периштелер менен бардык кылымдарга бирге жүргөндүктөн, өз кийимдерин Козунун Канына жууп агартып алгандар үчүн, ыйык боо байланышы үзүлбөйт “Асмандагы жана жердеги бардык мекен” (Еф. 3:15), - булардын бардыгы куткарылгандардын кубанычын түзөт.УК 600.6

    Анда өлбөй турган акыл-oй, Жараткандын Күчүн көрүп, куткарып алган Сүйүүнүн сырларына суктанат. Ал Жерде, Кудайдын унуттуруп турган каардуу айлакер душман болбойт. Бардык жөндөмдүүлүк өрчүп көбөйөт, жана oй жүгүртүү алда канча жогорулайт. Кабыл алынган нерселер, адамды жадатпайт жана күчүн алсыратпайт. Анда эң жогорку нерселерди ишке ашырууга болот. Бирок ушунун бардыгында жаңы бийиктиктер ачылгандан-ачыла берет. Жаңы кереметтер суктандыргандан-суктандырат; жете турган жаңы чындыктар; дененин жана рухтун күчүн талап кылган, жаңы нерселердин изилдениши, бизди таң калтырат.УК 601.1

    Куткарылган Кудай алдында, бардык Ааламдын кереметтерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү болот. Өлүмдүн чырмоосунан кутулгандыктан, алардын кыйналып азап тарткандарын көpүп кайгырышкан, жана куткарылган жандарды кубанычтуу ыр менен тосуп алышкан башка дүйнөлөргө барышат. Күнөөгө батпаган дүйнөлөрдүн даанышмандыктарына жана кубанычына алар ортоктош болот, жана алар өздөрүнүн көп деген кылымдар Кудайдын жасаган иштерин кароо менен алган чексиз билимдери менен бөлүшөт. Алар тунук акыл менен Кудайдын жаратылыштарынын даңкына өз жүздөрүн бурушат, жана күндүн, жылдыздардын койгон тартип боюнча, Кудайдын Тактысын айланып тургандыгына көз чаптырышат. Кичинесинен тартып чоңуна чейин бардык жаратылышта, Кудайдын Ысымы түшүрүлгөн, жана алардын бардыгы өзүндө Анын Күчүн камтыйт.УК 601.2

    Жана түбөлүккө камтылган жылдар, Кудай жана Машаяк жөнүндө абдан терең даңтуу чындыктарды ачышат. Канчалыктуу билим көбөйгөн сайын, сүйүү, кастарлоо жана бакыт дагы ошончо көбөйөт. Адамдар канчалыктуу Кудайды жакшы таанышса, алар ошончолук Ал жөнүндө сыймыктанышат. Жана качан Ыйса алардын бет алдына, шайтан менен болгон улуу күрөштөгү таң калаарлык ийгиликтерин, куткарылуунун байлыктарын ачып бергенде, куткарылган адамдардын жүрөгү Ага болгон сүйүүгө андан бетер толуп, алардын колдору арфалардын кылдарын баштагыдан дагы мукамдуу тартышат, миң-миңдеген үндөр, Кудайды данктаган ырга кошулат.УК 601.3

    “Жана Асмандагы, жердеги жана жер астындагы, деңиздеги жана бүт жаратылыштагы бардык нерселердин айтып жаткандарын мен көрдүм: Такта Отурганга жана Курмандык Козуга кылымдан-кылымдарга алкыш жана урмат, атак жана Бийлик болсун” (Аян. 5:13).УК 601.4

    Улуу Курош аяктады. Күнөө жана күнөөкөрлөр жок болушкан. Баардык Аалам тап-таза. Сан жетпеген жаратылыш, бирдиктин жана кубанычтын согуусу менен жашап жатат. Баардыгын Жараткандын Өзүнөн кубанычтын, өмүрдүн, жарыктын агымдары бардык учу кыйры жок жаратылыштарга агып турат. Кичинекей атомдон баштап, өтө чоң галактикаларга чейин - бардык жандуулар жана жансыздар өздөрүнүн өтө кооздуктары менен, жеткилең кубанычка батышып, мындай дешет: “Кудай Өзү Сүйүү экен!”УК 602.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents