Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    6 Бап — Гус Жана Иероним

    Богемияга Жакшы Кабар, IX - кылымда эле жеткен болуучу. Ошол кезде Мукаддас алардын өз тилинде которулуп, Кудайга кызмат кылуу алардын өз эне тилдеринде өткөн. Бирок папанын бийлигинин күч алгандыгынан, Кудай Сөзү акырындап басылып олтуруп, акыры алар үчүн чоочун бoлyп калган. Григорий VII, “падышалардын текебердигин кагуу” үчүн, өзүнөн мурунку папалардан кем эмес кызыккандыктан, ушул максатына жетүү үчүн адамдарды кысымга алып, Кудайга кызмат кылуу чехтердин тилинде өтпөсүн, деген буйрук жазып чыгарды. Ал катта папа мындай деп айткан “Кудиреттүү Кудайга өзүңөр билбеген тилде кайрылуу зарыл, анткени бул жарлыкты карманбагандыктан, ар кандай адаштыруучу окутуулар пайда бөлүп жатат” 19Уайли, 3-китеп, 1-бап.. Ошентип Рим, Кудай Сөзүн өчүрүп, адамдарды караңгылыкта калтырууну каалады. Бирок, чыныгы коомду сактап калуу үчүн, Асман башка жол таап берди. Францияда жана Италияда куугунтукталган көптөгөн валдендер, жана албигойлуктар, Богемияга келип отурукташып калышкан. Алар өз ишенимдери жөнүндө ачык айтыша алышпаса дагы, бирок жашыруун таалыкпай эмгектеништи. Чындыктын окутуусу, мына ушундайча кылымдан кылымга берилип, сакталып турган.УК 83.1

    Богемияда, Гуска чейин эле, элдин ичиндеги жыйындардын бузулгандыгын ачык жарыялаган адамдар дагы болушкан. Алардын көз караштары, өтө чоң кызыгууларды жараткан. Жакшы Кабардын окутууларынан чоочулаган дин кызматчылар, аларга каршы чыгышып, куугунтук башталды. Өз кызматтарын токойлордо жана тоолордо өткөрүүгө мажбур болушкан адамдарды, ал жерде дагы тынчтык бербей, аскерлер куугунтукташып, алардын көпчүлүгү курман болушту. Кийинчирээк, ким Рим ишенимин кабыл албай турган болсо, баары отко жагылсын деген буйрук чыкты. Бирок бул дагы аларды коркута алган жок, өздөрүнүн даңктуу иштери үчүн, чыныгы христиандар өз өмүрлөрүн беришкен. “Куткарылуу, бир гана айкаш жыгачка керилген Машаякка ишенүү аркылуу гана болот”, - деген сөздү окуган бир азап тартуучу, өлүм алдында мындай деп айткан: “Азыр, чындыктын душмандарынын каары, биздин үстүбүздөн үстөмдүк кылып жатат, Бирок ар - дайым эле ушундай боло бербейт: жөнөкөй адамдардын арасынан, бийлиги же кылычы жок - бир адам чыгат, бирок анын душмандарынын күчү ага жетпейт” 20ошол эле жерде.. Лютердин убагына али көп убакыт бар болуучу, бирок өз күбөлүгү менен элдерди римдиктерге каршы толкута турган адам, ал кезде төрөлүп калган.УК 83.2

    Ян Гус жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп, атасы жашынан эле кайтыш болгон. Анын динге бекем ишенген апасы, билим жана “Тенирден коркуу” бул эң чоң байлык деп эсептегендиктен, ушул сапаттарды өзүнүн уулуна алып берүүгө, бүт күчүн жумшаган. Башталышында Гус аймактык училищада окуган, кийин ал бекер кабыл алынган Прагадагы университетке тапшырды. Ал Прагага өз апасынын коштоосу менен барып, анын кембагал апасы ага эч нерсе бере алган жок. Бирок, улуу шаарга жакындаганда, жанындагы атасыз жетим бала менен бирге өз тизесин бүгүп, Асмандагы Атадан, Өз акбатасын берсе экен, деп суранган. Өзүнүн сыйынуусуна кандай жооп болоорун, ал ошол кезде сезди болду бекен.УК 84.1

    Университетте Гус өз билимин сергек пайдалануусу, жана жакшы ийгиликтери менен айырмаланган, анын таза булганбаган жана жумшак өмүрү, жагымдуу жүрүмтурумдары, көпчүлүккө аны кадырлуу кылды. Ал римдиктердин чиркөөсүнүн чыныгы жактоочусу бoлyп, ошондуктан анын алкышын алууну каалаган. Кандайдыр бир майрам болгон учурларда, ал тобо келтирип, өзүнүн акыркы тыйынын берип, убадаланган кечиримди алуу үчүн, ошого умтулган адамдарга кошулган. Университетти бүтүргөндөн кийин, ал дин кызматчы бoлyп дайындалып, бул кызматта ал бат эле айырмалангандыктан, аны императордун сарайына чакырышты. Кийинчирээк ал профессор деген наам алып, акыры өзү окуп кеткен университетке ректор бөлүп дайындалды. Мындан бир канча жыл мурунураак, өз окуусуна төлөгөнгө акча каражатын таппай жүргөн, жөнөкөй окуучу, эми минтип өлкөнүн сыймыктанган адамы бoлyп, түгөл Европа мамлекеттерине таанымал болду.УК 84.2

    Бирок Гус өз реформациясын, башкача иш майданында баштаган. Руханий даражага коюлгандан бир нече жыл өткөндөн кийин, аны Вифлеемдеги диний уюмдун насаатчысы кылып дайындашты. Ошол уюмдун уюштуруучусу катары, ал эң маанилүү деп эсептегендиктен, руханий насааттарды чех тилинде өткөзүүнү суранат. Римдиктердин каршы болгонуна карабастан, Богемиянын кээ бир жерлеринде өз тилдеринде диний кызматтар жүргүзүлүп турган. Бирок жалпы жонунан, калайык калк Мукаддас Китебин окуп билбегендиктен, жалпы коомдун арасында карасанатайлык куноолор абдан күчтүү окум сургон. Ошондуктан Гус Кудай Сөзунө таянып, адамдардын арасында бөлүп жаткан жамандыкты жеткирген, ошондой кылуу менен гана, ал адамдардын ансезимине, чындык жана тазалык сезимдерин киргизе алмак.УК 84.3

    Иероним аттууПраганын бир тургуну, кийинчирээк ал Густун жакын кызматташы бөлүп калган, Англиядан кайтып келгенде, өзү менен кошо Уиклифтин кол жазмаларынан кошо ала келген. Англиянын падыша айымы, турмушка чыга электе Богомия падышасынын кызы болгон, жана ал дагы Уиклифтин чыгармаларын кабыл алгандыктан, анын колдоосу аркылуу, реформатордун эмгектери ал олкодо, кенири таралууга мүмкүнчүлүк алган болуучу. Ушул чыгармаларды окугандан кийин, Гус ушул чыгарманын автору өтө терең ишенген чыныгы христиан экендигин түшүнүп, ушул реформаны кабыл алууга бел байлайт. Мунун аягы эмне болоорун али толук тушуно элек болсо дагы, Гус өзүн римдиктердин чиркоосунон алые алып кете турган, жолго түштү.УК 85.1

    Ошол кезде Англиядан эки адам Прагага келет. Алар билимдүү адамдар болушкан, журөктөрунө чындыктын жарыгы тийгендиктең, ошол жарыкты ушул алыекы өлкөгө таратууну каалашкан болуучу. Папалык бийликке каршы, алар ачык эле жар салышкандыкан, бийлик тараптан куугунтуктоого учурашат дагы, өздөрүнүн насааттоо ыкмасын, алар башкача жарыялоону кабыл алышкан. Алар жакшы насаатчы болгондой эле, жакшы суротчу да бөлүп, ошол онорлорун чындыкка карата колдонууну туура корушот. Мына ошентип бул жердин тургундарына, алар эки сурот тартып келишти. Бир суротто, Машаяктын Иерусалимге кирээринин алдында, узак жолдон тозгон кийими, жылацаяк шакирттеринин коштоосунда келген, “эшектин үстүндө олтурган момун элеси” (Мф. 21:5) тушурулгон. Ал эми экинчи суротто папанын жүрүшү суроттолуп тартылган: папа кымбат баалуу кийим, башына таажы кийип, жабдыкталган атта олтурат, жана музыканын, кооз кийинген кардинал, прелаттарынын коштоосунда бара жатат.УК 85.2

    Бул ар бир адамдын конулун өзүнө буруп турган, аларга карата кайрылган насаат болуучу. Ушул суротторду коруу үчүн, жалпы эл агылып келип жатышты. Бул эки суроттордун мааниси ар бир адамга түшүнүктүү эле. УйротуучуМашаяктын жооштугу жана момундугу, өзүн Машаяктын кызматчысымын деген папанын текебердигине, өзүн жогору көтөргөн сапатына карамакаршы келгендиги, көп деген адамдарды таң калтырды. Прагада чоң жандануу боло баштады, булардын жанданганын коргондон кийин, алиги эки адам, кубануу менен өлкөлөрунө кайтып кетишти. Бирок алар калтырып кеткен сабак, адамдар арасында унутулбай кала берди. Ушул тартылган сүрөттөр, Гуска дагы Мукаддасты, жана Уиклифтин эмгектерин теренирээк изилдөөгө, түрткү болду. Ал ошол кезде Уиклифтин эмгектерин, толугу менен кабыл ала элек болсо дагы, бул көрүнүштөрдөн ал, папалык кыймылдын чыныгы жаратылышын көрүүгө мүмкүндүк алган, жана папанын башкаруусундагы текебердикти, атакты сүйүүчүлүктү, бузулгандыкты мурдагысынан дагы көбүрөөк, айыптай баштады.УК 85.3

    Богемиядан жарык Германияга дагы кирип келди, анткени Прагадагы университетте болгон тынчсыздануулардын аркасында, көптөгөн немец студенттери өз өлкөлөрүнө кайтып келишкен. Алардын кээ бирлери Густан, Мукаддастын алгачкы сабактарын кабыл алышкан, жана ал жөнүндө эми алар, өз элдеринде дагы, насааттап айта башташты.УК 86.1

    Прагада бoлyп жаткан муңзарлар, римге дагы жеткендиктен, папанын алдына баруу үчүн, Гуска кабар берилди. Бул талапка моюн сунуу, өлүмгө моюн сунууну билдирген. Бирок Богемиянын падышаcы жана падыша айымы, университеттегилер, жогорку төрөлөр жана мамлекеттик кишилер, Густу Прагада эле калтырууга, ал эми керектүү түшүнүктөрдү алуу үчүн, папа өз кызматчыларын ушул жакка эле жиберүүсүн суранып, өтүнүч кат жиберишкен. Бул өтүнүчтү аткаруунун ордуна, папа каарданып сот ишин козгоду, Густу айыптап, Праганын баардык тургундарын, чиркөөдөн чыгарылсын деп, жарыялады.УК 86.2

    Ал мезгилде мындай чыгарылган чечим, баардыгын тычсыздандырууга алып келген. Ошондуктан баарын коркунучта кармоонун максатында, ушул сыяктуу коркутуучу эрежелер өткөрүлүп турган, анткени эл папаны жер үстүндө Кудайдын орун басары катары билишип, анда асмандын дагы, тозоктүн дагы ачкычы бар, ошондуктан ал, мамлекеттик жана руханий сот ишин жүргүзө алат дешкен. Ким чиркөөдөн тышка чыгарыла турган болсо, ал үчүн асман эшиктери ачылбайт, ошентип папа ушул жазаны алып таштамайынча, өлгөн адамдар эч убакта бейишке бара албайт, деген божомолдорго адамдар ишенишкен. Ушундай чоң бактысыздыктын айынан, бардык Кудайга кылынуучу кызматтар токтоп, чиркөөлөр жабылган, жана чиркөөлөрдүн ичинде үйлөнүү үлпөттөрү өткөрүлүп калган. Өздөрү ыйыктап койдук деген жерлерде, өлгөндөрдү көмүүгө тыюу салышып, алардын өлүктөрүн эч кандай жол жобо эрежесиз эле, көз көргөн жерлерге касып көмдүрүп салышкан. Мына ушундай ыкма менен, өздөрүнө көз каранды адамдарды Рим, коркутуп баш ийдирүүгө умтулган.УК 86.3

    Түгөл Прага тургундары эмне кылаарын билишпей дүрбөлөңгө кабылышты. Көпчүлүгү баштарына түшкөн бактысыз иш үчүн Густу айыпташып, жана аны римдиктердин сотуна тапшырып берүүнү талап кылышкан. Көтөрүлгөн толкун бир аз басылганча, Гус убактылуу өзү туулуп өскөн айылына кайтып кетти. Ал өзүнүн Прагада калган досторуна ал жактан мындай деген кат жазат: “Менин силерди калтырып кетип калганымдын себеби, Ыйса Машаяктын жолун жолдогонду каалагандыгымдан: кара ниет адамдар түбөлүктүү айыптоого кабылып калуусун, жана акниет адамдардын куугунтукка кабылып, жамандыкка кириптер болуусуун каалабайм. Менин кетип калганымдын дагы бир себеби, Кудайды али тааный элек адамдар, Кудай Сөзүн таратууга дагы бир канча убакыт жолтоо болушаарын мен сезип турам. Бирок менин кетишим силерге, мен керек болсо өлүүгө дагы даяр болгон Кудай чындыгынан, баш тартууга жол бербесин” 21Боннекозе, “Реформациянын алдын ала кабарчылары”, 1 -том, 87-бет.. Гус өз эмгегин калтырган жок, бирок айланасындагы аймактарга барып, чындык үчүн суусаган адамдарга Жакшы Кабар жарыялап жүрдү. Мына ушундайча, папа аркылуу Жакшы Кабардын таратылуусун басып салууну каалагандык, тескерисинче Аны көбүрөөк жерлерге таратууга, мүнмкүнчүлүк алып берди: “Себеби, биз чындыкка каршы күчтүү эмеспиз, бирок чындык үчүн күчтүүбүз” (2Кор. 13:8).УК 86.4

    Гус үчүн, ички дүйнөнүн азаптуу күрөшү башталды. Чиркоо аны, өзүнүн чагылгандуу соккусу менен жок кылууну кааласа да, ал аны али деле өзүнүн бедели катары эсептеген. Рим чиркөөсү ал үчүн али Машаяктын колуктусу катары кабыл алынып, - ал эми папаны жер үстүндөгү Теңирдин орун басары деп тааныган. Чынында Гус чиркөөнүн жоюлуусу үчүн эмес, папа аркылуу киргизилген жамандыкка каршы күрөшкөн. Ошентип анын аң сезими менен, анын абийиринин ортосунда, каардуу кармаш башталды. Эгерде бул бийлик өзү эсептегендей, адилеттүү жана күнөөсүз болсо, анда эмне себептен ал өзүн, ошол бийликке каршы болууга жол берет? Ал эми өзү көргөндөй, баш ийүү бул күнөө кылуу, бирок эмне үчүн чыныгы жыйынга баш ийүү, анын аң сезимине жана абийирине каршы келет? Ал ушул бөлүп жаткан нерселерди чече алган жок, күмөн саноо аны бир минута убакыт дагы калтырбады. Жана акыр аягында ал мындай деген чечимге келип токтолду: Куткаруучунун жердеги жашоо күндөрүндөгү окуя кайрадан кайталанып жатат, ал кезде дагы, адилетсиз дин кызматчылар, өздөрүнүн мыйзамдуу бийликтерин, өз мыйзамсыз иштери үчүн колдонгон. Ушул оюн Гус, өз ишениминин негизи катары кабыл алып, аң сезим менен кабыл алынган Ыйык Жазуунун чындыктары, адамдын абийири менен башкарылууга тийиш, - башкача айтканда, чындыкка баруучу жападан жалгыз жолду, диний адамдар аркылуу сүйлөгөн жыйын эмес, Ыйык Жазуу аркылуу сүйлөгөн Кудай гана көргөзө алат.УК 87.1

    Прагадагы толкундоолор токтоп бир канча убакыт өткөндөн кийин, Кудай Сөзүн баштагыдан дагы кызгануу менен насаатташ үчүн, Гус Вифлеемдеги кичинекей диний коомуна кайтып келди. Анын душмандары көзгө көрүнүктүү ишмер жана күчтүү болушкан, бирок падыша айым жана башка төрөлөр, калктын көпчүлүк бөлүгү, реформаторду колдошкон. Римдин бузулган окутууларына жана ач көздүгүнө, дин кызматчылардын адилетсиз жашоосуна, Густун жогорку таза окутуусун, жана адилеттүү турмушун салыштыруу менен, көпчүлүк адамдар өздөрүнүн Гус жакта болуусун туура табышты.УК 88.1

    Ошол мезгилге чейин Гус өз алдынча эмгектенген, энди Реформация ишине, Англияда Уиклифтин окутуусун кабыл алган Иероним дагы келип кошулду. Жана ошол убакыттан тартып, ушул эки адамдын тагдыры, тыкыз байланышып кеткендиктен, өлүмгө чейин алар, эч убакта бири биринен ажырашкан жок. Иероним бал тилдүү сөзгө чечен жана илимпоз адам болгондуктан, жалпы жааматтын урматтоосуна жана сүйүүсүнө ээ боло алган, ал эми Гус ага салыштырмалуу бекем жана өз көздөгөнүн коё бербегендиги менен, андан айырмаланган. Густун оор басырыктуулук менен ой жүгүртүүcү, Иеронимдин кызуу кандуу, чапчаң мүнөзүнө шайкеш келбегендей сезилсе дагы, ал өзүнүн досунун жогорку адеп - ахлактуулугун билип, өз христиандык момундугу менен, анын кеңештерине моюн сунган. Алардын биргелешип эмгектенген иштери аркылуу, Ре-формация кыймылы тез эле алдыга жыла баштады.УК 88.2

    Кудай бул эки адамдын аң сезимин жарык нур менен тазалап, аларга римдиктердин көп деген жаңылышууларын ачып берди, бирок алар, бул дүйнөгө төгүлө турган жарыкты толугу менен көрө алышкан жок. Ушул эки адамдын жардамы менен, Кудай элди католиктердин караңгылыгынан чыгарды, бирок аларды бул иште ар -кандай көп сандаган олуттуу тоскоолдуктар күтүп турган, жана Кудай аларга канча кабыл алууга мүмкүн болсо, ошончо берип, улам илгери жетелеген. Алар Кудай бере турган жарыкты толугу менен кабыл алууга, али даяр болушкан эмес. Эгерде, Кудайдын жарыгы аларга баардык толуктугу менен түшө турган болсо, анда алар карангыда көп убакыт олтуруп, тушку жарыкка чыга калган сыякттуу, ал жарыкка чыдай албай калышмак. Ошондуктан Теңир, Өз жарыгын бул адамдарга - адамдар канча кабыл алууга мүмкүнчүлүгү болсо, ошончо гана ченемде ачып берген. Ар бир жүз жылдыкта жаңы ишмер адамдар пайда бoлyп, алар адамдарды, Реформациянын жолу менен улам илгерилетип жүрүп олтурушкан.УК 88.3

    Чиркөөлөрдө болгон бөлүнүүлөр улана берди. Эми ушул мезгилде уч папа, папалык тактыны талашып жатышты, жана алардын ортосундагы бoлyп жаткан күрөш, христиан дүйнөсүн жаңжалдыкка жана кылмыштуулукка толтурду. Чиркөөдөн чыгарып салууга ыраазы болбой калган папалар, эми курал күчтөрүн пайдалана башташкан. Алардын ар бири, өз аскерлерин чогултуп, жана аларды куралдандырууга аракеттенишкен, жана аларга акча каражатын, керектүү нерселерин табуу үчүн, бардык жерде чиркөө даражалары, алкыштоолору жана жөндөмдүүлүктөр, сатыка коюлуп сунуштала баштады. Дин кызматчылар дагы өздөрүнүн насаатчылары сыяктуу эле, аларды туурашып өздөрүнчө согуш кыймылдарын, өз атаандаштарын жоошутуу максатында, өз бийликтерин бекемдөө үчүн колдонушту. Күн сайын эмес, саат сайын өсүп жаткан диний жийиркеничке каршы, Гус жандануу менен насаат айта баштады, жана адамдар бул көрүнүшкө күбө болгондуктан, христиан дүйнөсүнүн баштарына түшкөн кайгы үчүн, римдик дин башчыларын ачык эле айыптай башташкан.УК 88.4

    Жана кайрадан Прага шаары, кан төгүлүүчү күрөштүн алдында калгандай сезилди. Байыркы мезгилдегидей эле, Кудайдын кызматчысы кайрадан “ал Израилди кырсыкка көңтөрүп жатат” (З Пад. 18:17), деген жалаа менен айыптаган. Шаар кайрадан папанын каргышына кабылып, жана Гус убактылуу өзүнүн туулуп өскөн айлына, кайрадан кетип калды. Вифлеем уюмунун кафедрасынан угулуп турган, чындыкты күбөлөндүргөн кайраттуу үн кайрадан басылды. Гус өз өмүрү менен, чындыктын ишенимдүүлүгүн далилдөө үчүн, алды менен, түгөл христиан дүйнөсүнө андан дагы жогору кафедрадан насаат айтуусу керек эле.УК 89.1

    Европаны кыйратып бара жаткан жаракатты дарылаш үчүн, Констанцта бүт дүйнөлүк собор чогултулду. Ал собор атаандашып жаткан үч папанын бири Иоанн XXШ аркылуу, император Сигизмундун үндөөсү менен болгон. Ошол кездеги, жада калса бузулган прелаттардын сынчылары чыдагысы келбеген папа Иоанн, башка диний башчылар сыяктуу эле, бул соборду уюштурууну каалаган эмес. Бирок ал император Сигизмундун эркине карата, каяша кыла алган жок.УК 89.2

    Бул собордо чечиле турган эң маанилүү суроолор, төмөнкүлөр эле: чиркөөдөгу бөлүнүп жарылууларды токтотуп, ал жердеги жалгандыкты түп тамырынан жок кылуу. Соборго, Иоанга каршы болгон эки папа менен бирге, жаңы окутуунун жарчысы катары, Ян Гус дагы чакырылды. Берки эки папа, өз өмүрлөрүнөн корккондуктан, ал жерге өздөрү барышпастан, өз өкүлдөрүн жиберишти. Ал эми папа Иоанн болсо, ушул соборду өзү атайын чогулткандай болгондугу менен, ичинде жаман ойлор уйгу - туйгу бoлyп туталанды, анткени ал дагы, өзүнүн тактысын сактап калыш үчүн жасаган жаман иштери үчүн, император алдында жоопУК 89.3

    берүү керек, эми мени даражаман айырат, деген кыяста чоочулаган. Бирок ушуга карабаcтан, ал жогорку төрөлөр, жана ак-cарайдагы жандоочуларынын коштооcунда, Конcтанцка эң кымбат даражалуу кийимдерин кийинип келди. Аны тосуп , шаар башкаруучулары, дин кызматчылар, жалпы адамдардын агымы менен бирге чыгышты. Анын башын алтын парда менен, төрт сот ишкери жаап бара жатышкан. Бул жүрүштүн алдында, көз жоосун алган кийим кийишкен кардиналдар менен төрөлөр бара жатышты, жана бул көрүнүш таасирдүү түр берип тургандай сезилет.УК 90.1

    Ошол эле учурда Конcтанцка, башка бир жолоочу жакындап келе жатты. Гуска анын алдында боло турган коркунучтар, белгилүү эле. Ал канкор дин кызматчылардын курмандыгы катары келе жаткандыгын сезгендиктен, өз жолдоштору менен биротоло коштошуп алып, жолго чыккан. Богемалык падышанын коргоочу грамотасын алса дагы, жолдон ага дагы император Сигизмундун жактоо грамотасы кошулганына карабаcтан, ал бары бир өлүмгө өзүн даярдаган.УК 90.2

    Ал өзүнүн Прагадагы калган досторуна калтырган катында, мындай деп жазган: “Менин бир туугандарым... мен өзүмдүн көп cандаган коркунучтуу душмандарыма, падышанын коргоо грамотасы менен кетип бара жатам... Бирок мен, баарынан күчтүү Кудайга жана менин Куткаруучума гана таянам; Ал силердин чын жүрөктөн тырышып сыйынган сыйынууцарды сөзсүз угат, мен өз душмандарым менен күрөшүү үчүн, менин оозума акылдуу сөздөрдү салып, даанышмандык берет; Ал менин чындыкта бекемделишим үчүн, жана сыноону, зынданды, керек болсо каардуу өлүмдү дагы, эр жүрөктүүлүк менен тосуп алуум үчүн, Ыйык Рухун берет. Ыйса Машаяк Өзүнүн cүйгөндөрү үчүн азап чеккен, жана Анын бизге калтырган үлгүсү таң калаарлык эмес, өз куткарылуубуз үчүн, биз дагы баарына чыдашыбыз керек. Ал - биздин Кудайыбыз, биз болсо - Анын жаратылышыбыз; Ал биздин Теңирибиз - ал эми биз Анын кызматчыларыбыз; Ал дүйнөнүн - Үйрөтүүчүсү, ал эми биз болсо - өлүмгө татыктуу адамдарбыз, жана ушунун баардыгына Ал карабаетан, биз үчүн азап чеккен! Эгерде азап чегүү бизди тазалай турган болсо, анда эмне себептен бизге кыйналууга болбосун? Ошондуктан менин досторум, эгерде менин өлүмүм Кудайды даңктай турган болсо, анда силер сыйынгыла, мени күтүп тyрган күн мага эртерээк келсин, жана Ал мага, баарын көтөрүп кетүүмө жардам берсин. Бирок мен силерге кайрадан кайтып келе турган болсом, мени бузулуунун таасири каптабасын деп сыйынгыла, башкача айтканда, Жакшы Кабардын чындыктарынын бир дагы арибин калтырбастан, айтып турайын, ошентип мен өзүмдүн бир туугандарыма, татыктуу үлгү калтыра алам. Балким биз эми эч качан Прагада жолугушпайт чыгаарбыз, эгерде баарынан Күчтүү Кудайдын эрки боюнча кайтып келе турган болсом, анда биз чогуу, Анын Мыйзамын cүйүп, жана Аны таанууда эрдик менен өcөбүз” 22ошол эле жерде, 147,148-бет..УК 90.3

    Жакшы Кабардын окуучуcу болуп калган, дин кызматчыга жазган, башка бир катында, Гус өзүн айыптап, терең кайгыруу менен өз катасы тууралуу жазат, жана ал катта мындай дейт: “мен узун көйнөктү кубануу менен кийгем, жана көп деген сааттарды жеңил ойлуу кыялдануулар менен өткөрдүм”. Андан нары ал, бир канча ички дүйнөнү козгоочу, насааттарды кошуп жазат: “Сенин аң -сезимиңди байлык даража эмес, Кудайдын даңкы, жана адамдарды куткаруу ээлесин. Сенин өз жан дүйнөңө караганда, сенин үйүң көбүрөөк кооз болбосун, баарынан мурда өзүндүн руханий өсүүң үчүн камкордук көр. Кедей кембагалдар үчүн момун жана таакыба бол, жана өз каражаттарыңды чордоп күлүү үчүн корото көрбө. Эгерде сен өз жашооңду өзгөртпөй турган болсоң, жана жыргалчылыктан баш тартпасаң, анда сен дагы мен сыяктуу, катуу кыйналып каласың, деп корком... Сен менин окутууларым менен таанышсың, анткени сен жашыңдан эле менден насаат алгансың, ошондуктан бул туурасында сага жазууну, артыкча деп ойлойм. Мен сага, биздин Теңирибиздин ырайымынын аркасында жалынам - менин өз даңкым үчүн кетирген, бир дагы катамды кайталай көрбө”. Конверттин сыртына ал дагы мындай деп жазды: “Менин досум, мен сенден өтүнөм, менин өлгөндүгүм тууралуу ачык кабарлаганча, бул катты ачып окуба” 23ошол эле жерде..УК 91.1

    Өз сапарында Гус, өз окутуусунун таратылып жаткандыгы жөнүндөгү, күбөлөндүрүүлөрдү жолуктурду, адамдар анын иштерине өтө чоң ынтаалуулук менен мамиле кылып жатышкан. Ага салам дуба айтуу үчүн калайык калктар жалпысы менен чыгып, ал эми кээ бир жерлерде, шаар башчылары аны көчөлөрдө узатып жатты.УК 91.2

    Конcтанцка келген Гуска толук эркиндик ыйгарылды. Падышанын коргоо грамотасына, папанын жеке, аны коргочолоочу грамотасы дагы кошулду. Бирок, ушул салтанаттууу бир нече жолку убадаларга карабастан, папанын жана кардиналдардын буйругу боюнча, реформатор карматылып, жийиркеничтүү зынданга ташталды. Кийин аны, Рейндин карамакаршы тарабында жайгашкан сепилге алып барышып, ал жерде ал туткун катары кармалып турду. Бирок папа, өзүнүн жүзү каралык менен жасаган ишинен жакшы ийгилик көрө алган жок, анткени көп убакыт өтпөстөн, ошол зындандын туткуну өзү бoлyп калды24ошол эле жерде, 247-бет.. Ал киши өлтүрүүчү, ойноштук кылуучу күнөөлөр менен эле айыпталбастан, собор алдында ал, эң эле төмөнкү, “ачык айтууга мүмкүн болбогон” күнөөлөр менен айыпталган. Собор Иоанндын күнөөлөрүн ырастагандан кийин, аны даражасынан бошотуп, акыры зынданга салышты. Башка папалар дагы өз ордуларынан бошотулуп, жана чиркөөгө жаңы папа дайындалды.УК 91.3

    Гус диний адамдарды айыптагандан дагы, алда канча жийиркеничтүү күнөөлөрдү, папа өзү жасаганына баары күбө болгондоруна карабаcтан, реформаторду дагы айыптоону, собор талап кылды. Густу кишендеп коюу, Богемиялыктарды түшүнбөстүккө алып келди. Мындай басырынтуучулукка каршы, көрүнүктүү төрөлөр соборду көздөй, каарданган каршылыктарын билдирген адамдарды жөнөтөт. Падыша дагы аны сактоо үчүн жиберген грамотасына сый көргөзбөгөндүктөн, Густу жактады. Бирок реформатордун душмандары ачуулуу жана чечкиндүү эле. Алар императордун ой жүгүртүүсүнөн, жана жалган нерселерге ишенүүсүнөн пайдаланышты, анткени ал дагы чиркөөгө ишенимдүү эле. Алар императорго болбогон далилдерди келтиришип, “адаштыруучуларга карата ишенимдүүлүктү сактап кереги деле жок, анда жада калса, падышалыкка шайланган адамдардын коргоо каты болсо дагы, адаштыруучуну бошотконго болбойт” 25Жак Ленфан, “Констанц соборунун та-рыхы”, 1-том, 516-бет.. Жана ушундайча алар жеңишке жетишишти.УК 92.1

    Кишенделүүдөн жана оорудан алcызданган (зындандын нымдуу жана көк жыттанган абасы, туткундагы адамга безгек оорусун пайда кылган, жана ал оору аны аз жерден мүрзөгө алып кеткен жок), Густу соборго алып келишти. Ал чынжырлар менен кишенделип, император алдында турду, анын коргонучу ал үчүн, сөзү жана абийири болуучу. Көпкө созулган сурактан кийин, ал чындыкты солкулдабастан сактап, чогулуп отурушкан диний жана мамлекеттик бийлик башчыларынын алдында, башкы бийликке ээ болгон чиркөө башчыларынын бузулган иштерин, эр жүрөктүүлүк менен айыптады. Качан ага, өз ишениминен баш тартууга же өлүмдү тандап алууга мүмкүнчүлүк берилгенде, - ал кыйналып өлө турган өлүмдү тандап алган.УК 92.2

    Кудайдын ырайымы аны колдоп турду. Акыркы чыккан чечимге чейинки, кыйналган бир нече апталардын ичинде, Асман тынчтыгы, анын жан дүнүйөсүн толтуруп турган. Ал өзүнүн досуна мындай деп кат жазган :“3ынданда кишенделген жеримде, эртеңки чыга тyрган чечимди күтүп жатып, мен сага бул катты жазып жатам... Качан биз, Ыйса Машаяктын ырайымы менен, Асманда жолугуша турган болсок, мени азгырыктарда, жана сот иштеринде кандай таңкалаарлык кылып, Ырайымдуу Кудай колдогонун, сен ошондо билесиң” 26Боннекозе 2-том, 67-бет..УК 92.3

    Өзүнүн караңгы зынданынын ичинен, Гус чыныгы ишенимдин жеңишин көргөн. Бир жолу анын көргөн түшү аны абдан кабатыр кылат: ал өзү Жакшы Кабар тараткан Прага шарындагы кичинекей диний коомунда, анын дубалдарына, Машаяктын элесин тартып тагып коёт, бирок папа эпископтору менен келип, ошол тартылган сүрөттөрдү тытып таштайт. Бирок кийинки күнү ал кайрадан башка түш көрөт: көп сандаган сүрөтчүлөр келишип, душмандар өчүрүп кеткен элести, кайрадан ачыгыраак кылып түшүрүшөт. Өз иштерин бүтүргөндөн кийин, бул сүрөтчүлөр, үндөрүн бийик чыгарышып мындай деп жар салышты: “Эми папа өзүнүн эпископтору менен кайра келе берсин, алар эми бул сүрөттү эч качан өчүрө алышпайт!” Ушул түшүн айтып буткөндөн кийин реформатор, мындай деп кошумчалады: “Мен билем, Машаяктын элеси эч качан өчпөйт. Алар, Аны жок кылууну каалашат, бирок Ал, менден дагы жакшы сүйлөгөн, бал тилдүү насаатчылардын жүрөгүндө, кайрадан жанырып турат” 27Д Обинье, 1-китеп, 6-бап..УК 92.4

    Густу акыркы жолу соборго алып келишти. Бул өтө чоң жыйылган жыйын эле: бул жерде, император, мамлекеттик кызматкерлер, падышанын өкүлдөрү, кардиналдар, епископтор, дин кызматчылар, жана башка кызыккан көптөгөн адамдар, бар болуучу. Өз абийиринин эркиндигин талап кылган, ал үчүн көп убакыттан бери күрөшүп келе жаткан, ушул биринчи курмандыктын күбөлөрү, ар бир христиан өлкөлөрүнөн чогулушту.УК 93.1

    Качан Гуска акыркы сөзүн айтуу үчүн мүмкүнчүлүк беришкенде, ал кайрадан өз ишениминен баш тартпай тургандыгы жөнүндө күбөлөндүрүп, бийлик башындагы монархка, курч көз карашын чаптырып, анын убадасынын бузулгандыгын эсине салып, минтип айткан: “Ушул жерде отурган императордун, коопсуздук өтүнүчүн алгандыктан, мен өз ыктыярым менен, ушул соборго катышып отурам” 28Боннекозе, 2-том.84-бет.. Ошол жерде тургандардын көздөрү императорду карап калышкандыктан, Сигизмундун жүзү кызара түштү.УК 93.2

    Ага карата өлүм жазасы чыгарылды, жана анын даражасын төмөндөтүү эрежелери башталды. Качан епископтор аны жеңи жок чиркөө кийимине кийиндиришкенде, ал туткун мындай деп айткан: “Биздин Теңир Ыйса Машаяк дагы, шылдың бoлyy үчүн. Ирод аны Пилатка алып барууга буйрук бергенде, ушул сыяктуу ак кийимге чулганган” 29Ошол эле жерде, 86-бет.. Густу кайрадан, өз ишенимиңен баш тартууга мажбурлаганда, ал элге кайрылып мындай деп жооп берди: “Мен ошондо Асманга кайсы көзүм менен карайм? Чыныгы Жакшы Кабарды жарыялаган адамдарга, мен эмне деп айтмак элем? Жок, бүгүн өлүмгө кабылып, өтүп кете турган өз денеме Караганда, мен алардын куткарылып калуусун көбүрөөк баалайм”. Андан кийин анын үстүнөн, кийгизишкен жеңсиз көйнөгүн чечкенден кийин, ар бир епископ өз жол жобо эрежелерин жасашып, кийимдин ар бир бөлүгүн каргышташты. Акырында анын башына, шукшуйган кагаз баш кийим кийгизишкен, ал баш кийимге, көзгө жаман көрүнгөн ар кандай шайтан шабырлар тартылган болуучу, жана бадырайып мындай деп жазылган: “Ашынган адаштыруучу”. “Улуу кубаныч менен Гус мындай деп айтты, - ушул маскаралык таажысын мен Сен үчүн кийем, менин Куткаруучум, - анткени Сен, мен үчүн тикен таажы кийгенсиң”.УК 93.3

    Андан кийин прелаттар, мындай деп үн салышты: “Биз эми сенин жанынды шайтанга тапшырабыз”. “Ал эми мен - деди Гус, көздөрүн жогору Асманга көтөрүп, - өз рухумду Сенин Колуңа тапшырам, анткени Сен мени куткарып алгансың, о менин Теңирим Ыйса” 30Уайли, 3-китеп. 7-бап..УК 94.1

    Андан кийинки ишти, мамлекеттин кызматкерлери улантышып, аны жаза өткөрүлө турган жерге алып жөнөштү. Аябагандай көп кишилер, анын артынан жүрүп олтурушту: алар жүздөгөн куралдуу жоокерлер, өз кооз кийимдерине чулганышкан епископтор, дин кызматчылар, жана Констанц элинин тургундары эле. Качан аны карагай казыка байлашып, бир эле от жандыруу гана калганда, туткунга дагы бир жолу өз адашуусунан баш тартып, өзүн куткарууга мүмкүнчүлүк беришти. “Кандай адашуудан, - мен баш тартышым керек? - деп сурады Гус. Мен өз тарабымдан эч кандай айыптуу иш көргөнүм жок. Мен күбө катары, Кудайды чакырам, - мен эмнени жазсам, жана эмнени насааттаган болсом, ал ар бир жанды күнөөдөн, жана түбөлүк өлүмдөн куткаруу максатында болгон. Жана мен үйрөткөн чындыкты, өз каным менен, кубанычта тутам”. Качан анын айланасын алоолонгон от каптай баштаганда, ал үнүн катуу чыгарып, мындай деп ырдай баштады: “Ыйса, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла кор” - жана ал өзүнүн ушул ырын, үнү биротоло өчүп калганга чейин улантты.УК 94.2

    Густун баатырдык менен баарын кабыл алганына, жада калса анын душмандары дагы таң калышкан. Густун жана андан көп узабай эле кыйналып өлгөн Иеронимдин, курман болгондогу мезгилин сүрөттөп жазган, папанын жактоочусу, мындай деген: ” Алар өздөрүнүн акыркы саатын эр жүрөктүүлүк менен тосуп алышты, алар өздөрүн үйлөнүү үлпөтүнө даярдагандай, алоолонгон отко даярдашкан. Алардан, жан талашып кыйкырган бир дагы онтоонун үнү угулган жок. Качан от алоолонуп жалындаганда, алар ыр ырдашты, жада калса аларды басып жанган жалын, алардын ырдаган ырын тез эле баса албады” 31ошол эле жерде..УК 94.3

    Качан жалындаган жалын, Густун денесин кыйратуу ишин аяктаганда, анын күлү топурак менен кошо чогултулуп, Рейн суусуна ыргытылды, аларды андан нары дарыя агызып олтуруп, океанга жеткирген. Алар аркылуу насаатталган чындыкты, биротоло жок кылдык деп, Густун куугунчулары бекерге өздөрүн алдашты. Ошол күнү дарыяга ташталган анын күлү, себилген үрөөн сыяктуу, алыcкы өлкөлөргө жетип, жана ошол алыcкы өлкөлөрдөн өтө көп бoлyп өнүп чыгып, - чын-дыктын күбөлөрү көбөйөрүн, алар элестете алышкан эмес. Констанцтагы собор залында, Жакшы Кабар жөнүндө күбөлөндүргөн үн, ар кылымдарга жетип турган жаңырык сыяктуу, жаңырып кала берди. Гус бул дүйнөдөн кетти, бирок ал курман болгон чындык, эч качан курман болбойт. Анын ишеними жана бекемдиги, көптөгөн адамдарга үлгү бoлyп, алар дагы коркутуу, кыйноо, жана өлүмгө дагы карабастан, чындыкта бекем турушкан. Түгөл дүйнөнүн алдындагы аны айыптоо, римдиктердин жүзү каралыгынын далили, бoлyп калды. Өздөрү жок кылууну каалаган, чын-дыктын душмандары, ошол чындыкты таратууга жардамдашканын, өздөрү сезишкен жок.УК 94.4

    Бирок көп убакыт өтпөй эле Констанцта, дагы бир кыйноо көргөзө турган карагай казык орнотулду. Дагы бир азап чегүүчүнүн каны, чындык жөнүндө күбөлөндүрүшү керек эле. Гус жөнөп жатканда, Иероним ага, бекем жана эр жүрөктүү болуунун зарылдыгы туурасында айтып, кубаттаган, жана коркунуч учурунда керек болсо, ага жардамга дагы барарын билдирген. Реформатордун камакта кишенделгенин угуп, ишенимдүү шакирт, тезинен өз убадасын аткарууга шашылат. Эч кандай коргоо грамотасын албастан эле, Иероним узатып барууга бир гана жолдошун алып, жолго чыгат. Ал жерге келгенден кийин, ал өзү эч нерсе кыла албастыгын түшүндү, жана анын өзүнө коркунуч туулду. Ал шаардан качып кетүүгө аракеттенгени менен, аны кармап алышат. Аскерлердин коштоосунда, чынжыр менен кишендеп, аны Конcтанцка алып келишкен. Собордун алдындагы ага карата айтылган айыптоолорго каршы, ага жооп берүүгө мүмкүнчүлүк беришпестен, ошол жерде олтургандар, “Аны отко салгыла, аны отко салгыла!” 32Боннекозе, 1-том.234-бет., дешип кыйкырышты. Жана аны зынданга салышып, адам чыдай алгыз кылып кишендешкен, жана ага кичине гана нан, суу беришти. Зуулумдук менен кишенделгенине, бир нече ай убакыт өткөндөн кийин, ал ооруга чалдыгып, өлүм аны биздин колдон алып кетпесин деген кыязда, зындан кайтаруучулар ага кичине жеңилдик беришти, ал бир жыл бою кишенделип турган.УК 95.1

    Густун өлүмү папалыктарга, өздөрү күткөн жыйынтыкты алып келген эмес. Коргоо грамотасын бузгандык, көпчүлүктүн арасында түшүнбөстүктүн толкунун туудурду. Ошондуктан собор, Иеронимди азырынча отко жакпастан, кандай ыкма менен болсо дагы, аны өз ишенимиңен баш тарттырууга, аракет кылуу үчүн чечим чыгарат. Аны чогулушка алып келишип, ага, ишенимден баш тартасыңбы же өлүм кабыл аласыңбы, деген сунуш беришкен. Алгачкы кишенделген мезгилдеги кыйналууларга караганда, өлүп кутулуу Иероним үчүн жеңилирээк сыяктуу сезилип тyрган, бирок, азыр ооруга чалдыгып, зөөкүрдүк менен жасаган мимилелерден алсызданган, күмөн саноолор, коркунучтардан жапа чеккен, өз жолдошторунан айрылып, Густун азаптуу өлүмүнөн чоочулаган Иероним, өз демилгесин жоготуп, соборго баш ийүүнү туура тапты. Жана ал католик ишениминде карманып, алар өздөрү окуткан “ыйык чындыктардан” башка, Уиклиф менен Густун окутуусун айыптаган собордун чечими адилеттүү, деген ант берди “. 33ошол эле жерде, 2-том, 141-бет.УК 95.2

    Ушул сыйыртмакка илинүү менен, өзүн күтүп турган каардан кутулуп, Иероним айыптап турган абийирин жаап салууну каалады. Бирок, жалгыздыкта ой жүгүртүп олтуруп, өзүнүн кылган ишин ачык түшүндү. Ал өзүнүн чындыктан баш тарткан жаман ишин, Густун ишенимдүүлүгү жана эр жүрөктүүлүгү менен салыштырды. Иероним, өзү үчүн айкаш жыгачтагы өлүм жазасына дагы макул болуп кыйналган, Кудиреттүү Устаты жөнүндө, жана өзү Ага кызмат кылуу үчүн берген убадасы тууралуу ойлонду. Ал баш тартканга чейин, баардык кыйналган азаптарында, Кудайдын ырайымдуу убадаларынан кубат алып турган, бирок эми болсо, күмөн саноолор жана абийиринин айыптоолору, анын жанын туталантып жатты. Рим менен элдешүүнүн алдында, ал көп деген чындыкгардан баш тартууга туура келээри жөнүндө, жакшы билген. Ал өзү түшүп алган жол, аны ишенимден биротоло баш тарттырмак. Ошондуктан ал, кыска мөөнөттөгү кыйналуулардан качуу менен, Теңирден баш тартпоо үчүн бекем чечим кабыл алды.УК 96.1

    Бир аз убакыттан кийин, аны кайрадан соборго алып келишти. Бирок анын ишенимдүүлүгү, сот жургүзүүчүлөрдү канагаттандырган жок. Густун өлүмүнөн кийин кыжырлары кайнаган бул топ, кайрадан жаңы курмандыкты эңсешти. Иероним чындыктан толук баш тартуу менен гана, өз өмүрүн сактап кала алмак. Бирок ал, өз ишенимин ачык жарыялап, азап чеккен өз бир тууганынын артынан, жалындаган отко барууну дурус деп чечти.УК 96.2

    Ал өзүнүн башында берген антынан баш тартып, өлүмгө чечим чыгарылган адам катары, салтанаттуу түрдө өзүн жактоого, уруксат берүүлөрүн талап кылды. Анын сөздөрүнүн таасиринен чоочулаган прелаттар, ага карата чыгарылган айыптоо чечимдердин адилеттигин, же адилетсиздигин гана ырастоосун талап кылышты. Мындай катаалдыкка жана адилетсиздикке, Иероним каршылык көргөздү. “340 күн аралыгында, силер мени үрөй учуруучу зынданда кармадыңар,мен баарынан ажырадым, жана ыпылас, кир, кок жыттанган сасык жерде жашадым; андан кийин силер мени ушул жерге алып келдиңер, менин барып турган думандарыма макул бол дегениңер аз келгенсип, эми мени угуудан баш тартып жатасыңар... Эгерде силер чын эле даанышман болсоңор, жана бул дүйнөгө жарык болууну кааласаңар, адилеттике каршы күнөө жасап албоо үчүн» байкагыла. Мен өзүм жөнүндө айта турган болсом, мен бир, - өлумгө татыктуу аянычтуу адаммын, менин өмүрүм санда жок, эгерде мен, адилетсиз чыгарылган өкүмдөн силерди баш тарттырып жаткан болсом, бул менин өзүмө Караганда, силерге көбүрөөк камкордук көрүп жаткандыгым” 34ошол эле жерде. 146, 147-бет..УК 96.3

    Акыры анын өтүнүчү канагаттандырылды. Сот өкүлдөрүнүн алдында, ал тизесин бүгүп, Ыйык Рух, өзүнүн сөзүн жана аң сезимин тазартсын да, өз Устатына жана чындыкка каршы, бир дагы жаман ылайыксыз сөздөр чыга көрбөсө экен, деп сыйынды. Алгачкы шакирттерге берилген Кудайдын убадасы, анын ошол күнкү жашоосунда аткарылган: “Жана Мен үчүн силерди, башкаруучуларга жана падышаларга жетелеп барышат... Силерди казыга салып бергенде, эмнени жана кандайча айтуу керек деп, кам көрбөгүлө; анткени ошол саатта силерге эмне айтуу керек экендиги берилет. Ошондо ошол сүйлөгөн силер эмессиңер, бирок Асмандагы Атаңардын Руху силер аркылуу суйлөйт” (Мф. 10:18-20).УК 97.1

    Иеронимдин сөздөрү, жада калса өзүнүн душмандарын дагы, таң калтырып, суктандырды. Бир жыл убакыт бою ал, зынданда кишенделип, Кудайдын жарыгын көрүүгө, жана Анын Сөзүн окууга мүмкүнчүлүк алган эмес, анын ордуна жан чыдагыс денелик запкы, жан дүйнөсүнүн тычсыздыгын гана көргөн. Бирок, ушуга карабаcтан, анын айтып өткөн далилдери, ал ар - дайым ушул күндөрүн, илим изилдөө менен өткөргөндөй бoлyп сезилди. Ал өз угуучуларынын көңүлүн, адилетсиз сот калыстары аркылуу айыпталган, узун тизмелүү адилеттүүлөр тууралуу баяндап, ошолордун турмушуна бурду. Өз замандаштарын жандандыруу үчүн аракеттенген адамдар ар бир мезгилдерде болушуп, аларды коомдун арасынан маскаралык менен кууп турушкан, бирок бир канча мезгил өткөндөн кийин, аларды кайрадан кадырлашкан. Жада калса Ыйса Машаяк Өзү дагы, каракчылардын катарына эсептелип, адилетсиз казылар аркылуу айыпталган.УК 97.2

    Иероним чындыктан баш тартканда, Гуска карата чыгарылган өкүм жазасы туура деп тастыктаган эле, бирок, эми болсо, ал жалпы адамдардын алдында, өз айткан сөздөрү үчүн кейигендигин, жана азап чегүүчүнүн, айыпсыз жана таза экендигин жарыялады. “Мен аны жаш чагымдан эле билүүчүмүн, - деди ал. Ал эң жогорку деңгээлдеги, мыкты, адилеттүү жана ыйык адам эле; ал айыпсыз болсо дагы өкүм жазасына кабылды... ал эми мен жөнүндө айта турган болсом, жалган күбөгө өткөн менин душмандарым аркылуу даярдалган, өлүмгө даярмын, мен кыйналуудан баш тартпайм, алар дагы бир жолу, эч ким алдай албай турган Кудай алдында, өз кылган иштери үчүн жооп беришет” 35ошол эле жерде. 151-бет..УК 97.3

    Өзүнүн чындыктан баш тарткандыгы үчүн, өзүн жемелеп, Иероним сөзүн мындай деп улантты: “Менин устатым, жана менин досум болгон Уиклиф менен Ян Гуска карата чыгарылган, мыйзамсыз жалган өкүм жазаны жактап, так ушул жерде колдогон күнөөмдөн артык, менин кичинекей кезимден бери жазаган күнөөлөрүм мени, мынчалык кайгы алып келип, мынчалык абийиримди өрттөгөн эмес... Мен бул кылган күнөөм үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм, жана аны эстегенде төбө чачым тик турат... мен өлүмдөн корккондугуман, алардын окутуусунан баш тарткам. Мен Эн Жогорку Кудайга жалынам... менин баардык күнөөлөрүмдөн, өзгөчө ушул акыркы баарынан өтө жийиркеничтүү күнөөмдөн кечире көрсө экен”. Өзүнө чечим чыгарып жаткан казыларды көргөзүп мындай деди: “Силер Уиклиф менен Ян Густу, жыйындын окутуусун бузгандыгы үчүн эмес, диний адамдардын, дин кызматчылардын, жана прелаттардын ач көздүгүн, текебердигин, жана дагы башка көп сандаган, уятту иштеринин бетин ачкандыгы үчүн, айыптадыңар. Алардын баардык айткан сөздөрүн туура эмес деп, баш тартууга болбойт, мен дагы алардын айткандарына кошулам”.УК 98.1

    Анын айтып жаткан сөздөрү токтотулду. Прелаттар, ачууланганынан өздөрүн калтырак басып, мындай деп кыйкырышты: “Бизге дагы кандай күбөлөндүрүү керек? Биздин алдыбыздагы турган, тамыры бекемделип калган адаштыруучу!”УК 98.2

    Кебелбеген токтоолук менен, Иероним мындай деп айтты: “Силер мени коркуп жатат деп ойлойсуңарбы? Силер мени бир жыл бою, өлүмдөн дагы өтө коркунучтуу болгон зынданда кишендеп кармадыңар. Силер мага, башка Кудайды тааныбаган бутпарастарга салыштырмалуу катаал мамиле жасадыңар; менин денем, сөөгүнө чейин тирүүлөй чирисе дагы, мен силерге басынып, даттанган жокмун, анткени даттануу жүрөгү бар жандуу адамды басырынтат; бирок мен, христиандар менен кылынып жаткан, мындай мыкаачылык мамилелерге, таң калбай коё албайм” 36ошол эле жерде, 151-153-бет..УК 98.3

    Кайрадан катышуучулардын ортосунда, түшүнбөстүктүн толкуну көтөрүлө баштады, жана ошондуктан Иеронимди, тезинен зынданга алып жөнөштү. Бирок, угуп олтурган адамдардын арасында, Иеронимдин сөздөрү, жүрөктөрүнө өтө чоң таасирин тийгизген адамдар да болду, - жана алар Иеронимди бошотууну каалашкан. Иеронимге зынданда, жогорку наамга ээ болгон адамдар барышып, соборго макул болусун суранышкан. Ал римге каршылыгын токтото турган болсо, анын алдындагы келечегинин кеңдигин сүрөттөшкөн. Бирок ал, өзүнүн Устаты сыяктуу, Ага бул дүйнөнүн түгөл атак - даңкын тартууласа дагы, ишенимдин бекемдигин көргөзгөндөй, Иероним өз ишениминде бекем турду.УК 98.4

    “Ыйык Жазуунун негизинде, менин жанылышып жаткандыгымды далилдегиле, - жана ошондо гана мен өз ишенимимден баш тартам, - деди ал”.УК 99.1

    “Ыйык Жазуу дейсиңби! - деп таң кала бурк этти, азгыруучулардын бири. Ал эмне, баарынын таразасы беле? Бирок Аны чиркөө түшүндүрүп бербеcе, ким окуп өзүнчө түшүнө алат?”УК 99.2

    “Биздин Куткаруучунун Жакшы Кабарынан, эмне адамдардын каада - салттары жогору турабы? - Элчи Павел, ишенгендерге, адамдардын каада - салттарын ээрчибегенге чакырып, бирок аларга “Ыйык Жазууларды изилдегиле”, дебеди беле, - деп жооп берди Иероним”.УК 99.3

    “Адаштыруучу! - деген гана үн угулду. - Мен сага бекер эле ушунча убакытымды короттум. Сени жин даарып калгандыгын, мына эми гана көрүп турам” 37Уайли, 3-китеп. 10-бап..УК 99.4

    Көп узабай Иеронимге өлүм жазасы чыгарылып, аны Густу өлтүрүшкөн жерге алып барышты. Жол катары Иероним Кудайды даңктап ырдап баргандыктан, анын жүзү кубанычтан албырып жанып турду. Анын жүзү Куткаруучуга багытталгандыктан, ал үчүн өлүм, өз коркунучун жоготуп койгон. Качан өкүмдү иш жүзунө ашыручу адам, анын артына барып от тутантуу үчүн, шамана менен жакындаганда, азап тартуучу үнүн катуу чыгарып, мындай деп айтты: “Коркпостон бери алды жакка чык! Отту менин көз алдымда тутандыр. Эгерде мен корко турган болсом, анда ушул жерде турмак эмесмин”.УК 99.5

    Качан анын бардык жагын алоолонгон жалын курчап калганда, анын акыркы сыйынуусу мындай болгон: “Кудиреттүү Кудай Ата! Maгa ырайым кылып, менин баардык күнөөлөрүмдү кечире көрсөн экен, анткени Өзүң билесиң, мен Сенин Чындыктарыңды өмүрүмдүн акырына чейин сүйдүм” 38Боннекозе, 2-том, 168-бет.. Анын үнү түтүндүн коюуланганынан чыкпай калса дагы, анын эриндери кыбырап, сыйынуусун улантып жатты. Качан алоолонгон жалын өз ишин аткарып бүткөндө, азап чегүүчүнүн күлүн дагы, топурагы менен кошо алышып, Густун күлү сыяктуу, Рейн дарыясына чачып жиберишти.УК 99.6

    Кудайдын ишенимдүү жарык алып жүрүүчүлөрү, мына ушундайча курман болушкан. Бирок алар жарыялаган чындыктын жарыгын, жана алардын баатырдык менен курман болуусун, өчүрүү мүмкүн эмес эле. Аны өзгөртүү, эч ким күндү тетири чыгарып, эч ким танкы жылдыздын чыгып, жана анын айланага тийгизген жарыгына, тоскоол боло албагандай эле, мүнкүн эмес болуучу.УК 99.7

    Густун өлүм жазасына кабылганы, Богемия тургундарын түшүнбөстүккө салып, дүрбөлөң кылды. Ал, дин кызматчылар менен императордун өкүлдөрүнүн, көро албастыгынын курмандыгы бoлyп калганын, түгөл калайык калк түшүнгөн. Ал жөнүндө, чындыктын ишенимдүү үйрөтүүчүсү, деп айтышкан, ал эми собор болсо, аны киши өлтүргүч деп айыптап, өлүм жазасына ыйгарды. Ошондуктан, азыр анын окутуусу өзүнө, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Бир кездерде, Уиклифтин кол жазмалары, папанын буйругу боюнча отко ыргытылып, жагылган болсо, бирок азыр, анын жанданган эмгектери, жашырылган жерлерден чыгарылып, анын табылган баардык эмгектери, Мукаддас менен бирдей эле изилдении окулуп, ушундай жол менен, көпчүлүк адамдар реформатордук ишенимди кабыл ала баштады.УК 99.8

    Густун кас душмандары, өздөрү курмандык кылган адамдын иштери, салтанаттуу кыймыл жандандырып жаткандыгын, сырт жактан эле карап тим бoлyп калышкан жок. Папа жана император экөө биригип, аракеттенген күч, бул кыймылды биротоло басып жок кылууну каалашты, жана Сигизмундун аскери, Богемияга чечкиндүү түрдө кол салды.УК 100.1

    Бирок, Богемия үчүн дагы куткаруучу табылды. Ошол кездеги Богемия армиясынын генералы Жижка, өз учурундагы эң эле ийгиликтүү аскербашы болгон, согуш жарыялангандан көп узабай анын эки көзү тең көрбөй калган. Кудайдын жардамына таянышып, өз кылып жаткан итерин адилеттүү эсептегендиктен, Богемия элдери, римдиктердин эң күчтүү аскерлерин талкалап жатышты. Император кайра-кайра, өзүнүн жаңы аскерлерин жиберсе дагы, бирок алар шылдың бoлyп Богемиядан кайтышкан. Өлүмдөн коркпостон Густу жактаган адамдар, эр жүрөктүүлүк менен, душманга каршы турушуп, жана эч ким аларды баш ийдире алышпады. Согуш башталгандан бир нече жыл өткөндөн кийин, тайманбаган Жижка курман болду, жана анын ордун, кайраттуу жана жөндөмдүү, кээ бир нерселерде өтө жогорку таланттуу башкаруучу генерал Прокоп ээледи.УК 100.2

    Богемиянын душмандары, сокур жол башчынын өлгөнүн угуп, жоготкон нерселерди кайрууга убакыт келип жетти, деп кубанышкан. Папа, Густу жактаган адамдарга крестовый поход жарыялап, кайрадан Богемияга өтө чоң аскер катуу сокку урушту, Бирок бул көп сандаган аскер дагы кыйроого кабылышты. Папа кайрадан эл чогултуп экинчи поход жарыялады. Папанын бийлигинин астындагы Европа мамлекеттеринин баарынан, адамдар, курал жарак, жана чогултулган акча каражаттары келип жатты. Көпчүлүк адамдар, Богемиялык адаштыруучулардын кыйроосун көрүү үчүн, папанын туусунун алдына чогулушкан. Жеңебиз деген чоң ишеним менен, Богемияга өтө чоң күч жакындады. Богемия эли душманга каршы туруу үчүн, согушка даяр турушту. Эки аскер бирибирине жакындап, ортолорун бир гана дарыя тосуп турду. “Согушууда жеңиш, папанын аскери тарапта болгондой сезилген, бирок алар дарыядан өтүп, богемиялыктар менен салгылашуунун ордуна, токтошту да өз каршылаштарын үнсүз карап, каткан бойдон турушту” 39Уайли, 3-китеп. 17-бап.. Капысынан, аскер ичинде чуручуу дүрбөлөң чыгып, өтө калың кол, кандайдыр бир көрүнбөгөн күч аларды талкалаган сыяктуу, чачырай баштады. Густу жактаган тарап, аларга карата талкалоочу сокку урушту; жана качкындардын артынан түшүп, көп олжого тунушту, ошентип ушул жолку майдан, богемиялыктарга талкалануунун ордуна олжого тунган жеңиш тартуулаган.УК 100.3

    Андан көп жылдар убакыт өткөндөн кийин, эми башка жаңы папа аркылуу, кайрадан крестовый поход жарыяланды. Жана кайрадан, папага баш ийген бардык Европа өлкөлөрүнөн, адамдар, жана ар - кандай каражаттар чогултулуп жатты. Походко катышуучуларга, айрыкча укук ыйгарылаары, жана жасаган эң жийиркеничтүү күнөөлөрү болсо дагы, толугу менен кечирилери убада кылынган. Ал эми ким ошол майданда курман боло турган болсо, ал үчүн асманда сыйлык чоң экендиги айтылып, - ал эми тирүү калгандарга, урмат жана көп сандаган сыйлык тартууланары убадаланды. Ошентип кайрадан өтө чоң кол чогултулуп, Богемиянын аймагына кирип барышты. Густу жактаган кол, өз баскынчыларына үмүт берген сыяктанып артка, өлкөнүн орто жерине чейин чегинишип, Прокоптун армиясы капысынан, душманга каршы сокку урууга токтошту. Папалык аскер, эми гана өздөрүнүн кетирген каталарын сезишип, согуштук позицияга турууга аракеттенишкен. Бирок, ар тараптан угулган богемиялыктардын чуулаган үндөрүнөн чоочулаган, калың кол, кайрадан дүрбөлөңгө түшүп, дендароо болушту. Аскер башчылары да, катардагы адамдар дагы, ар тарапка кача баштады. Папалык армияны башкарган жогорку генералдын, үрөйү учуп чоочуган, дүрбөлөңгө түшкөн аскерди токтотууга жасаган аракетинен, эч кандай натыйжа чыккан жок. Өзүнүн аракетинен тыянак чыкпагандан кийин, ал өзү дагы, качып жаткан кол менен кошо качууга, аргасыз болду. Кайрадан душмандар толук талкаланышып, богемиялыктар олжого тунуп калышты.УК 101.1

    Ушундайча, Европанын күчтүү мамлекеттеринен куралган, согушка даярданып, каарман, эр жүрөк адамдардан турган, өтө чоң аскер, экинчи жолу, ушундай кичинекей өзүн коргонуучу мамлекеттин тyргундарынан, бир дагы каршылык кылбастан, качууга мажбур болушкан. Ушунун баарында, кичинекей элди, Кудайдын Кудиреттүү Күчү колдоп турганында шек жок эле. Баскынчылар Жогорку коркунучтан, жеңилүүгө кабылышты. Кызыл деңизде фараондун аскерин талкалагандын Өзү, мадиямдыктардын аскерин Гедеондон, жана анын үч жүз жоокеринен качууга жардам бергендин Өзү, ассириялыктардын текеберсинген калың колун, бир түндө качырып тараткан Кудай, кайрадан бул кармашта дагы, кысымга алган баскынчыларды жазалоо үчүн, Өз Колун сунду. “Алар коркунуч жок жерде коркушат; анткени Кудай, сага каршы аттангандардын сөөктөрүн сөпөт кылат. Сен аларды шылдың кыласың, анткени Кудай алардан баш тарткан” (Забур 52:6).УК 101.2

    Ошондо папанын жол башчылары, күч менен буларды багынта албастыгына көздөрү жеткендиктен, амалдуулук менен аларга кирүүгө аракеттеништи. Кагаз жүзүндө гана, богемиялыктарга, ишениминин эркиндигин берүүгө убада берген, келишим түзүштү, бирок, чынында аларды римдиктердин колуна салып берүүнү каалашкан. Богемиялыктар өз тарабынан, римдиктер менен келишим түзүү үчүн, төрт шарт коюшту: 1. Мукаддасты насааттоодо эркиндик; 2.Баардык жыйындар, нан менен шире, эрежелерин кабыл алууга укуктуулугу, жана Кудайга арналган кызматты өз тилдеринде өткөрүү; 3. Диний адам-дарды бийликке чыгарбоо, жана элдик уюмдардын жетекчилигинен бошотуу, 4. Мыйзамды бузган дин кызматчыларды дагы, элдик сотко тапшыруу. Акыры, “Густу жактаган адамдардын, койгон төрт талабын, кабыл алууга макул болушту, бирок өздөрү тараптан алардын чечүү милдетин карап чыгуу укугун алышты, башкача айтканда, собор эң маанилүү иштердин баарын чечет; кыскасы, акыркы сөз папа менен императордо” 40ошол эле жерде. 18-бан.. Мына ушул талаптардын аркасында тынчтык келишими түзүлгөн, жана Рим ачык согуш менен жете албаган максатына, алдоо жана жүзү каралык менен жетти. Густу жактаган адамдардын койгон талаптарын, карап чыгып чечим кабыл алуу, бийлигине ээ бoлyy менен, Ыйык Жазууну бурмалап түшүндүргөн сыяктуу, өз көздөгөн максаттарына жетүү үчүн, алардын маанилерин жоготушмак.УК 102.1

    Богемиялыктардын көпчүлүгү, ушул чыгарылган чечимдерден, өз эркиндиктери үчүн, коркунуч туулуп тургандыгын cезишкен, жана ошондуктан, бул келишим менен кошула алышкан жок. Эми Густу жактаган адамдардын ортосунда келишпестик башталып, аягында кан төгүүчү күрөшүүгө алып келген. Ушул ич ара келишпестиктен чыккан урушуунун айынан, эр жүрөк Прокоп курман бoлyп, Богемия өз эркиндигинен ажыраган.УК 102.2

    Гус менен Иеронимди өлүм жазасына ыйгарган Сигизмунд, Богемиянын падышасы бoлyп калды, жана богемиялыктардын укугу үчүн берген өз убадасына карабаcтан, папанын бийлигин бекемдөөгө аракеттенген. Римдиктерге жагынууга аркеттенүү менен, ал аз гана нерсеге ээ болду. Анын жыйырма жыл жашоосу, коркунуч жана тынчсыздануу менен гана өттү. Узакка созулган, жана ийгиликсиз согуштар, анын казынасын бөксөртүп, жана анын көп сандаган аскерин кыйраткан. Жана эми, ал бир жыл падышалык кылгандан кийин, өлкөнү граждандык согуштун кылда учуна алып келип, өз ысымын маскарачылыкка калтыруу менен өлдү.УК 102.3

    Тынчсыздануу, күрөшүү, жана кан төгүүлөр улантыла берди. Жана Богемияга кайрадан башка элдердин аскерлери кол салышты, жана ич ара токтолбогон күрөшүүдөн, улут кыйроо коркунучунда турган. Ал эми Жакшы Кабарга ишенимдүү бойдон калган адамдарды кайрадан каардуу куугунтук каптады.УК 103.1

    Качан алардын баштагы бир туугандары, римдиктер менен келишим түзгөндө, байыркы ишенимди карманган адамдар, өздөрүнчө башка жыйын уюштурушуп, ага “бириккен бир туугандар”, деген наам беришкен. Бул болсо, баардык диний уюмдарынын, аларга карата жек көрүүсүн ырбаткан. Бирок ошого карабаcтан, алардын бекемдиги cолкулдаган жок. Өз Жаратуучуcуна cыйынып, жана Кудай Сөзүн окуу үчүн, алар токойлордо, үңкүрлөрдө жай табышып, бирге чогулуусун уланта беришти.УК 103.2

    Ар бир мамлекеттерге жашыруун жиберилген, кабарчылар аркылуу, алар “ар кайсыл жерлерде, өздөрүнө окшоп куугунтукка кабылып жаткан, чындыктын жарчылары бар экендигин, ал эми Алпы тоолорунда, Ыйык Жазуулардын негиздерин карманган Жыйын уюштурулганын, жана алар дагы, бутпарастык Римге каршы экендиги жөнүндө” 41ошол эле жерде. 19-бап., угуп кабар алып жатышты. Бул улуу чындыктар алардын жүрөктөрүнө эбегейсиз чоң кубаныч салган, жана валдендер менен болгон тыкыз байланыштар барган сайын күчөдү.УК 103.3

    Жакшы Кабардын чындыктарына ишенимдүүлүк көргөзүү менен богемиялыктар, өздөрүн куугунтуктаган мезгилдердин эң эле караңгы учурларында, тандын атышын күткөн адамдар сыяктуу, өз жүздөрүн Асманга буруп, Кудайга кайрылышты. “Алардын энчисине, кыйын кезең түш болду... Алар, алгачында Гус, андан кийин Иероним кайталап айткан сөздөрдү, эстеринен чыгарышкан жок: жүз жылдан кийин бул убакыт саат келет. Бул сөздөр Густу жактаган адамдарга, эзилген Израил элине айтып кеткен, Жусуптун сөздөрү сыяктуу, кайталанып айтылып турду: “Мен өлүп бара жатам, бирок Кудай силерге келип, куткарат”” 42Ошол эле жерде.. “XVкылымдын аяк ченинде “бириккен бир туугандар” жыйындары саны жагынан көбөйө баштады. Аларга каршы куугунтуктар бoлyп жатты, бирок бул куугунтуктар баштагыдай күчүн жогото баштаган. XVIкылымдын башында, Богемияда жана Моравияда мындай жыйындардын саны 200 гө жеткен” 43Эзра Холл Джиллет, “Иоанн Густун өмүрү жана доору”, 2-том, 570-бет.. “Ушул көп сандаган, кыйратуучу оттон жана кылычтан аман калган, ишенимдүү калдык, Гус аркылуу айтылган, жарыкты көрүүгө мүнкүнчүлүгү болдy” 44Уайли, 3-китеп. 19-бап..УК 103.4

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents