Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First

    8 Бап —Лютер Парламенттин Алдында

    Германиянын тактысына, император бoлyп Карл V шайланат, жана римдин өкүлдөрү, аны куттукташаары менен эле, Реформацияны токтотуу сунуштарын киргизип, ишендирүүтө аракет кылышкан. Бирок Карл Ѵге тактыга oлтyрyyга көп нерселер боюнча жардамы тийген, Саксон башчысы, толук талдап билмейинче, Лютерге карата болгон айыптоолордун бирин дагы кабыл алба, деп кеңеш берген. Бул сунуш императорду кыйын жагдайга салды. Анткени папанын жактоочуларын, реформаторго өлүм жазасын чыгаруу гана, канагаттандыра алмак. “Доктор Лютер, коргоо грамотасын алгандан кийин, барын билген, таакыба, эч кимге жан тартпаган калыстардын алдында чыгып сүйлөмөк, анткени императордун улуу даражасы дагы, жана башка эч ким Лютердин жазган кол жазмаларын жокко чыгара алышкан эмес” 78Д Обинье, 6-китеп, 11-бап..УК 129.1

    Эми болсо, Карл V жаңыдан такка олтурары менен чакырылган, Гер-маниянын төрөлөрү өткөрө турган Вормстагы парламентке, барынын көңүлү бурулуп турду. Бул түгөл мамлекеттик чогулуш, маанилүү саясий суроолорду чечишмек, жана ал жерде, чогулган төрөлөр биринчи жолу, жаш император менен жоолугушмак. Мамлекеттик бул боло турган парламентке, империянын бардык бурчунан мамлекеттик жана динчил адамдардын дайындалган жетекчилери келишти. Вормста жогорку даражалуу төрөлөр, өздөрүнүн тукумдан бери келе жаткан байлык мурастары, жана даражалуу орундарды ээлеп келгендиги менен мактанышып жатышты; динчил адамдар өздөрүнүн ээлеген орду жана жогорку бийлиги ме-нен барктанышты; падышалык ак сарайда кызмат кылган рыцарлар, өздөрүнүн курал көтөрүүчү адамдары менен жүрүштү; жана дагы, алыcкы өлкөлөрдүн элчилери болушту. Парламенттин чече турган маселелери көп болгондугуна каарабастан, бул өтө чоң чогулушту кызыктырган эң маанилyy чечилүүчү суроо, бул саксондук реформатордун иши болуучу.УК 129.2

    Ассамблея чогулушунун башталарынын алдында, Карл V саксон башчысына, Лютерди парламенттин алдына алып келүүгө буйруду, жана аны акыркы жолу, ачык айыптоолордон, жана талаш тартыш суроолордо, чечүүгө бийлиги болгон адамдардан, коргочо кыла тургандыгыи айтты. Лютер болсо, императордун алдында тура турган күндү, көптөн бери чыдамсыздык менен күтүп келген. Ал мезгилде анын денсоолугу начарлап калса дагы, ал саксон башчысына минтип жазган: “Эгерде мен, ал жакка денсоолугум чың бoлyп бара албай турган болсом дагы, оору абалымда болсо дагы, мени ал жакка жеткирүүнү суранам. Эгерде мени император өзү чакырып жаткан болсо, анда бул иш, Теңирдин эрки менен экендигин, мен түшүнүп турам. Эгерде ал жерде мага карата кордоо боло турган болсо, - анда мен баарын Кудайдын Колуна тапшырам, - анткени мындай ишти күтүүгө мүнкүн (мени ал жакка, менин насааттарымды кабыл алуу үчүн чакырып жатпагандыгын, мен жакшы билем). Үч өспүрүм жигитти, от жагылган мештен сактап Калгандын Өзү, дагы деле Өз тактысында олтурат. Эгерде Ал мени сактап калбай турган болсо, анда менин мындан наары жашоомдун эч деле мааниси жок экендигин билем. Ошондуктан Жакшы Кабар, адилетсиздердин шылдындоосунда калбоосу үчүн кам көрүүбүз зарыл, жана Аны коргоо үчүн өз каныбызды төгүүгө дагы даярбыз.Адамдар үчүн, - менин өмүрүм керекпи же өлүмүм керекпи? - мен чече алмак белем... Сиз менден баарын күтсөңүз болот, бирок мени чындыктан баш тартат, же барбай качып кетет, - деп күтпөңүз. Мен эч качан кача албайм, ал эми чындыктан баш тартууну, - андан бетер билбейм” 79ошол эле жерде, 7-китеп, 1-бап..УК 129.3

    Лютердин парламенттик чогулушка келиши, көпчүлүк адамдарды тынчсызданууга алып келди. Папа бул ишти дайындаган өкүл Алеандр, санаасы алагды бoлyп,кыжыры келип турду. Анткени ал, бул иштин аягы, папа үчүн кыйроону гана алып келээрин түшүнүп турган. Папа бул ишке алдын ала эле чыгарып койгон, айыптоо өкүмдү карап чыгуу, биринчи дин кызматчынын, жогорку бийлигине, күмөн саноолорду киргизүү бoлyп саналмак. Андан тышкаары, Лютердин жалгандыкка чыгара албай турган, жана чечендик менен айткан сөздөрү дагы башка даражалуу төрөлөрдү, папанын бийлик алдынан алып кете тургандыгын сезгендей Алеандар кооптонуп турду. Ошондуктан ал, Лютердин Вормстагы парламенттик чогулушка келүүсүнө каршылык көргөзүп, Карл Ѵ-ге чечкиндүү түрдө протест жарыялады. Ошол эле учурда, Лютерди чиркөөдөн чыгарып салуу жөнүндөгү жазылган катты, элге угузуп койгондугун айтты, жана папа тараптан жазылган декреттин, жана жиберилген өкүлдөрдүн жарыялаган каршылыгынан чоочулаган император, аларга каршылык көргөзө албастан, саксондук башчыга мындай деп,кат жазып жиберген.Эгерде Лютер өз ишениминен баш тартпай турган болсо, анда чогулушка келбей, Виттенбергте эле кала берсин.УК 130.1

    Бул жеңишке дагы ыраазы болбогон Алеандр, Лютерди айыпташ үчүн» өзүндөгү болгон бардык куулугун жана бийлигин колдонду. Ошондуктан бул суроону, төрөлөрдүн, прелаттардын, жана башка парламенттин катышуучуларынын кабыл алуусу үчүн, аларга жакшылап ишендирүүгө аракеттенип, бoлyп көрбөгөндөй көөшөрүү менен, “будуң чаңга элдерди ээликтирүүчү, мыйзамды сыйлабоочу, жана Кудайга шек келтирүүчү”, катары көргөзүп, реформаторду айыптады. Бирок прелаттын кызуу кандуулук, жана калыссыздык менен айтып жаткан сөздөрү, анын кандай рухтун жетегинде бoлyп жаткандыгын, ачык - айкын көргөзүп турду. ” Аларды, тырышчаактык жана дин эрежелерин бек сактоочулук жетелегендин ордуна, көрө албастык жана өч алуучулук жетелеп жатат”бул жалпы адамдардын туюндурмасы 80ошол эле жерде.. Бул парламенттин катышуучуларынын көпчүлүгү, Лютердин иштерине, башта көрбөгөн кайрымдуулук менен мамиле кылышты.УК 131.1

    Өз талабын эки эселентип аткарууга умтулган Алеандр, папанын жазган декрет кагазын, тез аранын ичинде императордун аткаруусун, талап кылды. Ал эми Германиянын мыйзамы боюнча, төрөлөрдүн макулдугу жок, мындай иштерди тез аранын ичинде чечүү мүмкүн эмес болуучу, жана акыры мазаны алган легаттын өтүнүчү боюнча, бул ишти, парламенттин алдында коюга макул болду. “Бул күн, папанын уюму үчүн, салтанаттуу күн бoлyп эсептелди. Бул жерге эң эле маанилүү адамдар чогулган бoлyyчу, бирок андан дагы маанилүүсү, алардын чечүүсү үчүн берилген иш бoлyп эсептелди. Алеандр барынын энеси жана өкүмдүк кылуучусу бoлyп саналган, римдин бийлигин жана авторитетин жактоо үчүн дайындалган...” Христиаң дүйнөсүнүн үстүнөн үстөмдүк кылуучу бийликке, папа бул укукту Петрдан алгандыгын, Алеандар далилдеп бериши керек эле. “Бал тилдүүлүк менен сүйлөгөндүктөн, ал баарынын көңүлүнө өзүнүн чоң таасирин калтырды. Римдин күчтүү үгүтчүлөрүнүн бири бoлyп эсептелген адамдын, трибуна алдында чыгып, чиркөөнү жактап сүйлөөсүнө, Кудайдын алдын ала көрөгөчтүгү уруксаат кылды” 81Уайли.6-китеп,4-бап.. Реформаторду жактаган адамдар, Алеандрдын сөздөрүн угуп бир аз чоочулашты. Саксондордун башкаруучусу, бул парламенттик чогулушка катышкан жок, жана чогулушта боло турган сөздөрдүн баарын жазып келгиле деп, өз кеңешчилерине дайындады.УК 131.2

    Чындыкка каршы сокку уруу үчүн, Алеандр өзүндөгү болгон акылын, жана чечендигин пайдаланган. Ал Лютерди айыптагандан айыптап, аны чиркөө менен мамлекеттин, өлүктөр менен тирүүлөрдүн, динчилдер менен дүйнөлүк адамдардын, жалпы ишенүүчү адамдардын, жана ар бир христиандардын, душманы деп жарыялады. “Адашкан Лютерди өртөп жиберүү,башка адашкан жүз миндеген адамдарды өрттөө менен барабар, - деп жарыялады ал”.УК 131.3

    Ал өз сөзүнүн акырында, реформатордун ишенимин ээрчиген адамдардын баарына, жек көрүү көлөкөсүн түшүрүүнү каалап, мындай деп айтты: “Бул Лютерди ээрчиген адамдардын баары, өздөрүн ким деп эсептешет? Булар кара мүртөз окутуучулардын, сатылган дин кызматчылардын, жолу болбогон мо-нахтардын, эч нерсе билбеген юристердин, адеп - ахлактан тышкаары дворяндардын жана алар азгырып, жолдон тайдырган кичине бир жөнөкөй адамдардын тобу. Эмне, ошолорду көп сандаган, жөндөмдүү жана күчтүү католиктер менен салыштыруу мүмкүнбү? Ушул чогулган эң жогорку калыстардын тобу, бир тилектен чечкен чечим, ушул жөнөкөй адамдардын жашоосунда жарыгын көргөзүп, акылсыздарга эскертүү берип, ишенимде солкулдагандарды бекемдеп, жана алсыздарды жандандырсын” 82Д Обинье, 7-китеп,3-бап..УК 132.1

    Ушул сыяктуу шайтандын куралдары, чындыкты жактагандарга каршы, ар бир кылымда колдонулуп келген. Кудай Сөзүндөгү ачык чындыктарды, жалпы адамдардын алдында айтууга батынган адамдарга каршы, ушул кезге чейин эле ушул сыяктуу айыптоолор бoлyп келүүдө. “Жалпы колдонгон динди жактоочу адамдар, - Жаңы окутууну насааттаган адамдар өзү кимдер? -дешет. - Булар, карапайым, билимсиз, аз сандагы адамдар. Алар кантип чындык бизде дешип, Кудай тандап алган эл бизбиз дегенге батынышат! Алар наадандар, жана өздөрүн өздөрү алдап жаткан адамдар. Көп сандаган жана таасирдүүлүгү менен өзүнө тарткан биздин чиркөөнү карагылачы. Биздин арабзда акылдуу, жана улуу адамдар канчалыктуу көп! Биз аларга Караганда алда канча күчтүүбүз!” Албетте ушул айтылып жаткан жарлыктар, бул дүйнөгө таасирин тийгизип жатат, бирок, Лютердин күнүндөгүдөй эле биздин күндөрүбүздө дагы, аларда айкындык жок.УК 132.2

    Көпчүлүк адамдар айтып жаткан сыяктуу, реформация Лютердин өлүмү менен эле бүтүп калган жок. Бул иш, бул дүйнөнүн жашоо тарыхы бүткөнгө чейин созулушу керек. Албетте Лютер. Кудай ага табыштаган ишти бүтүрүү үчүн жарык таратып, улуу иш жасады, бирок бул, бул дүйнө муктаж болгон, толук жарык эмес болуучу. Ошол күндөн тартып, биздин күнгө чейин, Ыйык Жазуунун барактарынан, чындык-ты ачып берүүчү жарык, токтолбой чыгып келет.УК 132.3

    Бул дайындалган папанын өкүлүнүн сөздөрү, парламентти катуу ойго салды. Папанын жактоочусун, Ыйык Жазуунун айткандары менен, бир сүйлөтпөй басып коё турган Лютер, ал жерде жок эле. Реформаторго каршы айтылган сөздөрдөн, аны коргочолоп калууга эч ким аракеет дагы кыла албады. Ошол жерде олтурган адамдардын баары, Лютердин окутууларын айыптап эле тим болбостон, аны адаштыруучу окутуу катары түп тамырынан бери жок кылып салууга, даяр турушкандай сезилди. Рим өзүн коргоо үчүн мына ушундай ыңгайлуу шарт тапкан. Өзүн коргоо үчүн кандай гана сөздөрдү айтуу керек болсо, ошонун баары айтылды. Бирок ушул жеңиш сыяктуу сезилген нерсе, жеңилүүнүн алдын ала туюндурмасы эле. Чындык менен жалгандыктын ортосундагы боло турган ачык жоолугушуучу күрөш али алдыда турган, ал жерде бул эки күчтүн чыныгы максаты ачык айкын көрүнмөк. Ошол ачык кагылышуудан кийин, Рим өзүн баштагыдай коопсузмун деп, эч качан санаган эмес.УК 132.4

    Парламенттин көпчүлүк катышуучулары, римдин өч алуусуна Лютерди тапшырып берүүгө даяр болушса дагы, чиркөөнүн адеп -ахлагынын жоготуп койгонун көрүп турган башка бөлүгү, ушул мыйзамсыздыкты биротоло жок кылуу керектигин, жана Германия элин көп деген кыйналууларга алып келген, динчил адамдардын ач көздүгүн, жана бузукулугун тыйып, салууну каалашты. Папанын өкүлү папаны, колдон келишинче жакшы көргөзүү үчүн, чындык жарыгын чыгарып жаткан сыяктуу, сүрөттөп көргөздү. Ошондо Теңир парламентте олтурган бир адамды колдонуп, папанын көргөзгөн каардуу иштерине ачык -айкын сүрөттөмө берүүгө түрттү. Төрөлөрдүн чогулушундагы олтурган төрө, Саксондук герцог Георг өзүнүн чечкиндүүлүгү менен, папанын Германиядагы жасап жаткан жамандыктарын, калптарын, жана жийиркеничтерин ачык -айкын айтып көргөздү. Жана сөзүнүн акырында ал мындай деп айтты:УК 133.1

    “Бул римге каршы зарлап жаткан, жана анын жамандыгын ашкерелеген чындыктын кичине гана бөлүгү. Дин кызматчылар өз уятын жоготуп коюшкан, алардын бир гана максаты... бул акча,акча жана акча... элди чындыкка үйрөтө турган адамдардын өздөрү, аларды жалгандыкка үйрөтүп жатат, аларга чыдап гана тим болбостон, кайра аларды бул кылган жамандыктары үчүн, сыйлык берип кубаттап жатышат, анткени алар канчалык көп калп айта турган болушса, алар ошнчолук көп акча табышат. Мына ушул жүрөктү айлантуучу булактан, жийиркенээрлик суу агып жатат. Бузулгандык, ач көздүк менен бирге кол кармашып келүүдө. Аттигин ай! Динчил адамдардын, ушул шермендечилик абалы, көптөгөн жүрөктөрдү түбөлүк өлүмдү көздөй алып бара жатат. Ошондуктан жалпы адамдардын реформалык кыймылы абдан маанилүү” 83ошол эле жерде,4-бап..УК 133.2

    Лютердин өзү дагы, папанын кыянаттыгын, мындан көркөм толук сүрөттөп айта алмак эмес, ал эми чындыгында герцог реформаторго каршы болгон, ошондуктан анын сөздөрүнө эң жогорку баа беришти.УК 133.3

    Эгерде чогулуп олтургандардын көздөрү, жакшылыкты көрүү үчүн ачылып кете турган болсо, анда алар, адашуунун караңгылыгын таратып жаткан, жана олтурган адамдардын аң - сезимин жана жүрөктөрүн, чындыкты кабыл алуу үчүн ачып жаткан, Кудайдын периштелерин көрүшмөк. Өтө Данышман жана Чындыктын Теңири, Өзүнүн Улуу ишин аяктоо үчүн, Реформациянын душмандары аркылуу, элдерге Өз таасирин тийгизди. Мартин Лютер чогулушта болгон жок, бирок ал жерде, Лютерден жогору Тургандын Өзүнүн Үнү жанырган.УК 133.4

    Жана ошол замат эле, парламенттик чогулуш комитет түзүп, Германия мамлекети үчүн оор жүк алып келген, папанын кылган кыянаттыктарынын баарын калтырбай, тактап чыгууну буйрушту. Бул катталган тизме, папанын кылган кыянаттык иштериндеги 101 бөлүкчөдөн тyрган айыптоолор менен, императоргө берилип, бул кылынып жаткан кыянаттык жагдайдан, тезирээк чыгаруу үчүн, анын тезирээк чечим кабыл алуусун, талап кылышты. “Ушул аныктаманы бергендер мындай деп жазышкан: Христиан адамдарындагы бoлyп жаткан кандай гана көп сандаган жоготуулар,кандай деген, талаптоноочулук, кандай кысымчылдык, христиан башчылары тараптан бoлyп жаткан, өз келгиндерине көргөн зордоолор! Биздин милдет - эл арасында бoлyп жаткан жакырланууну, жана маскарачылыкты жок кылуу. Ушул жагдайлардын баарына көз жүгүртүү менен, биз сизден өтүнөбүз, жалпы реформа ишин карап чыгып, аны колдоп, жана ал ишти тезинен ишке киргизүү зарыл” 84ошол эле жерде..УК 134.1

    Эми болсо чогулган парламент, реформатордун чогулушка келүүсүн талап кыла баштады. Алеандардын суранычына жана коркутуусуна карабастан, император Лютерди чакырууга макул бoлyп, аны бoлyп жаткан парламеттик чогулушка келүүсүн буйруду. Чакырык кагазына кошуп, - анын кайрадан эч кандай залакасыз кайтып келери жөнүндөгү, ага коргоо грамотасын беришти. Ушунун баарын, бир жерден экинчи жерге жеткирүүчү Виттенбергдик адамга беришип, ага Лютерди, Вормска чейин узатып барууну буйрушкан.УК 134.2

    Иштин мындай айлангандыгына, Лютердин жоро жолдоштору абдан кооптонушту. Реформаторго карата болгон парламенттин жаман ойлорун, жана душмандык мамилелерин билгендиктен, аны коргоо грамотасы дагы сактап кала албай тургандыгын айтышып, жана Лютерге өз өмүрүн тобокелге салууга болбой тургандыгын билдиришти. Буга жооп кылып Лютер мындай деп айткан: “Папанын жактоочулары менин Вормска келүүмдү каалашып турушкан жок, алар бир гана менин айыпталып, жана өлүм жазасына тартылуумду самап турушат. Мунун баары, эч кандай маанисиздик. Силер болсо мен жөнүндө эмес, бирок Кудайдын Сөзү жөнүндө сыйынгыла... Бул жалгандыктын үйрөтүүчүлөрүнүн алдында, жеңишке жетишүүм үчүн, Машаяк Өзү мени, Өз Руху менен колдоп турат. Мен тирүү кезимде аларды жек көрүп турам, жана өз өлүмүм менен, алардын үстүнөн cалтанат курам. Вормста алар, менин чындыктан баш тартуум үчүн болгон аракеттерин жасашат, жана менин баш тартуум бул болот: башта мен папаны, Машаяктын жер үстүндөгү орун басары деп жүргөн болсом, ал эми азыр болсо, ал - биздин Теңирибиздин душманы, жана шайтандын элчиси, - деп айтам” 85Д Обинье, 7-китеп, 6-бап..УК 134.3

    Лютер бул коркунуч туудурган саякатка, жалгыз гана кеткен жок. Императордун атайын дайындаган адамдарынан тышкаары, аны дагы өзүнүн үч ишенимдүү жолдоштору узатып жөнөштү. Алар менен кошулуп Меланхтон дагы барууну каалады. Анткени ал Лютерге ушунчалык берилип көнүп калгандыктан, аны менен зынданга дагы, жана өлүмгө дагы барууга даяр эле. Бирок ал канчалыктуу өтүнүп суранбасын, анын жасаган аракеттери ишке ашпай калды: “Эгерде мен, кокусунан келбей кала турган болсом, душмандарым мени өлүмгө кыйышса, чындыкты жарыялоону токтотпостон, ишенимдүү, жана бекем бол. Менин ордума сен эмгектенесиң... Эгерде сен жашап тура турган болсоң, анда менин өлүмүм, чоң жоготууга учурабайт” 86ошол эле жерде.. Лютерди узатуу үчүн келген студенттер, жана шаар тyргундары, өтө тынчсызданып турушту. Жана кимдин жүрөүнө Жакшы Кабардын чындыктары, орун алып калган болсо, алар Лютер менен коштошуп жатып, өз көз жаштарын тыя алышкан жок. Мына ушундайча реформатор, өз жолдоштору менен, Виттенбергди таштап кетти.УК 135.1

    Жолоочулар жолдо бара жатышып, жамандыкты сезип турушкандай, адамдардын абалын байкашты. Кээбир шаарларда, аларга карата эч кандай урмат - сый дагы, көргөзүлгөн жок. Алар түнөп кетүү үчүн кайрылган дин кызматчы болсо, Лютерге сак болууну эскертүү менен, ага кыйналып өлтүрүлгөн италиялык бир реформатордун сүрөтүн көргөздү. Вормста Лютердин жазган кол жазмалары, айыптоого учурагандыгын, алар кийинки күнү гана билишти. Императордун чабармандары, бардык жерге барышып, Лютердин жазган кол жазмаларын, жер жердеги бийлик башчыларына тапшырып берүүсүн, талап кылып жатышкан болуучу. Лютерди узатып бара жаткан, император аркылуу атайын дайындалган адам, Лютердин парламенттик чогулушта коопсуз болуусунан күмөн санагандыктан, Лютердин андан наары баргысы келбейт болуш керек, дегендей oй менен, мындан наары жолубузду улантууга даярсыңбы?деп сурады. Лютер ага мындай деп жооп берди: “Мейли ар бир шаарда, мени жыйындан чыгарып салды, - деп жарыяласа дагы, мен мындан наары барууга даярмын” 87ошол эле жерде, 7-бап..УК 135.2

    Эрфуртка келгенде, Лютерди урматтоо менен тосуп алышты. Өзүн курчаган көпчүлүк адамдарга кызыгуу менен, өзүнүн баштыгын көтөрүп, дубаналык кылып жүргөн күндөрүн эсине түшүрдү. Азыр түгөл Германияга таратылып жаткан, жарыктын нуру курчай электе, анын монахтар тагынуучу мончокторун моюнуна салып жүргөн күндөрүн, тарткан кайгы капаларын, ички дүйнөсүндөгү алгачкы болгон күрөшүүлөрүн ойлоп, артта калган күндөрүнө көз чаптырды. Бул жердегилер анын, Кудай Сөзүнөн насаат айтып берүүсүн чын ниеттеринен өтүнүштү. Лютердин насаат айтууга укугу жок болуучу, бирок аны узатып бара жаткан, император атайын дайындаган адам, ага насаат айтууга уруксаат берди. Жана бир кезде ушул жерде эң эле оор жумуштарды аткарып жүргөн монах, сөз айтуу үчүн кафедрага көтөрүлдү.УК 135.3

    Ал чогулган адамдарды Машаяктын айткан сөздөрү менен куттуктап, мындай деди: “Тынчтык силер менен болсун!” “Философтор, диний аалымдар, жана жазуучулар, адамдарга түбөлүк өмүргө кантип жетүү керектигин, окутуп үйрөтүшөт. Мен болсо силерге мындай деп айткым келет: Кудай, өлүмдү жок кылуу үчүн, күнөөнү талкалоо үчүн, жана тозоктун эшигин жаап салуу үчүн , бир Эр Адамды өлгөндөн кайра тирилтти, Ал биздин Теңир, Ыйса Машаяк. Бул куткаруу иши... Машаяк өлүмдү жеңип чыкты! Бул Жакшы Кабарды угуу кандай гана кубанычтуу! Ошондуктан биз, өз иштерибиз менен эмес, бирок Анын жасаган иштеринин негизинде, куткарылабыз... Биздин Теңирибиз Ыйса Машаяк минтип айткан: “Силерге тынчтык болсун! Менин Колдорумду карагылачы...” Башкача сөз менен айтканда: “О адам, карачы! Бул Мен, бир гана Мен сенин күнөөлөрүндү алып салып, жана сени куткардым, жана эми сен, жүрөк тынчтыгына ээ боло аласың, - дейт Теңир”.’ Андан наары ал, чыныгы ишеним, адилеттүү жашоодо гана көрүнө ала тургандыгы жөнүндө, насаат айтты. “Бизди Теңир Өзү өлүмдөн сактап калгандыктан, биз дагы, биздин иш-терибиз, Ага жагып туруусу үчүн аракеттенишибиз керек. Сен баймын деп өзүндү ойлойсунбу? Анда сенин байлыгың, муктаж болгон адамдар үчүн кызмат кылууга жардамы тийсин. Сен жакырсыңбы? Анда сенин кыла турган иштериң байлар аркылуу кабыл алынсын. Эгерде сен өзүң үчүн эле, эмгектенип жаткан болсоң, анда сенин кылып жаткан кызматтарың, сен ойлогондой Кудайга жакпастан, - анткордук бoлyп саналат” 88ошол эле жерде..УК 136.1

    Калайык калк, Лютердин айткан сөздөрүн аң - таң бoлyy менен, угуп жатышты: Анткени бул чындыкка ачка болгон адамдар, Өмүрдүн Нанын алып жатышты. Алардын көз алдыларында Машаяк жогору көтөрүлүп, папа, легат, императорлорго жана падышаларга Караганда, Ал алда канча жогору экендиги билинди. Ал эми өзүнүн өтө оор абалы жөнүндө Лютер эч нерсе, аларга айткан жок. Өзүн алардын көз алдында, жароокерлик менен карап, эл ага кайгыруусун каалаган жок. Машаякты кароо менен, ал өзү туурасында ойлонуп дагы койгон эмес. Ал, Голгофадагы Адамдын көлөкөсү сыяктуу, адамдар бир гана, Ыйсаны күнөөкөрлөрдү Куткаруучу катары көрүүсүн каалаган.УК 136.2

    Алардын сапары андан наары улантылды, жана реформаторду, кайсы гана жерге барбасын, чоң кызыгуу менен кабыл алып жатышты. Аларга сөз андып кулак түргөн кишилер дагы жакындап келишип, жана жолдоштук үндөр менен, римдиктердин ойлогон кытмыр ойлорун айтышып, мындай дешти: “Эстечи, Ян Гуска кылгандай, алар сени орттөп туруп, күлүндү сууга ыргытып жиберишет”. Лютер аларга минтип айтты: “Эгерде алар, Виттенбергден Вормска чейин, жалыны асманга чейин жете турган от жага турган болушса дагы, мен биздин Теңирдин Ыйык Ысымынын урматына, андан өтүп келмекмин; мен өз душмандарымдын алдында туруум зарыл, мен ушул жырткыч айбандын оозуна кирип барып, Ыйса Машаяк жөнүндө күбөлөндүрүп, анын оозундагы тиштерин талкалап чыксам, деп турам” 89ошол эле жерде..УК 137.1

    Лютердин Вормска жакындап келүүсү, жалпы адамдарды дүрбөлөңгө салды: Лютердин достору анын өмүрү үчүн кам көрүп сак -сакташты, душмандары болсо, иштин оңунан чыгып калышына коркоктук кылып турушту. Жана анын шаарга киришин, эч ким каалаган жок. Папа дайындаган адамдар, сага коопсуз болууң үчүн, көңүлүңө жаккан рыцардын ак сарайына кирип бекинип кал, ошондо кыйынчылыктар, кандай дагы болбосун өзү чечилет,дешти. Ал эми достору болсо, боло турган жамандыктарды, Лютерге өтө көркөмдөө менен сүрөттөшүп, аны коркутууга аракеттенишкен. Бирок достору дагы, душмандары дагы жасаган аракеттер бекерге жумшалды: Лютер баштагысындай эле солкулдабастан, мындай деп, баса белгиледи: “Эгерде Вормста, жамандыктын руху, там үстүндөгү черепица шыйпырындай көп боло турган болсо дагы, мен бул шаарга киришим керек”.УК 137.2

    Лютердин Вормска келген мезгилинде, калың эл аны, шаар дарбазасынан чыгып келип, тосуп алышты. Императордун өзүн тосуп алганда дагы, мынчалыктуу көп адамдар куттуктап чыгуучу эмес. Адамдардын толкундоолору, баштагыдан өзгөчө эле. Күтүүсүздөн, калың топтун арасынан, кимдир бирөөнүн адам өлгөндө ырдала турган ырды, анын ала турган эңчисин эскерткен сыяктанып ырдаган каргылданган үнү угулду. Жана жол жүрүп келген арабасынан түшүп жатып Лютер, “Теңир менин Коргоочум болот”, - деди.УК 137.3

    Лютер Вормска келбейт, дешип папанын жактоочулары бекем ишенишкен болуучу, жана Лютердин Вормска келип калуусу, алардын бүткүл денесин муздатты. Андан наары боло турган иштин пландарын чечүү үчүн, император тез аранын ичинде өз кеңешчилерин чогултту. Алардын араcынан, жашы өр тартып калган, папанын бир жактоочусу, мындай деп айтты: “Биз ушул суроону көп убакыттан бери эле талкуулап келе жатабыз, ал эми cиздин императордук даражаңыз, бир кол шилтөө менен, бул адамдан куткармак. Эмне, император Сигизмунд, Ян Густу өртөөгө буйрук берген эмес беле? Биз адаштыруучуга берилген коргоо грамотасын, барктаганга милдеттүү эмеспиз”. “Жок, - деди император, - биз өз берген убадабызга бекем турушубуз керек” 90ошол эле жерде, 8-бап.. Жана реформаторду угуу үчүн чечим кабыл алынды.УК 137.4

    Түгөл шаар тургундары, ушул адамды көрүү үчүн умтулушту, жана ал жайгашкан үйдүн ичин, көп сандаган адамдар толтурушуп, кирип жатышты. Лютер мындан бир аз мурдараак, өтө катуу ооруп айыккан эле, андан тышкаары, эки апта бою жүргөн узак жолдон ал чаалыгып калган; эми болсо ал боло турган парламенттик чогулушка даярданышы керек, жана ошондуктан ал, тыныгып эс алууга абдан муктаж эле. Бирок адамдардын аны көрүүгө ынтаалуулугу ушунчалык жогору болгондуктан, ага бир нече гана саат дем алууга туура келип жатты. Жана аны жогорку төрөлөр, рыцарлар, дин кызматчылар, жана шаар тургундары, толкундануу жана жандануу менен курчап турушту. Алардын арасында, жыйындын жан кейиткен жагдайын көрүп, Лютердин айткан сөзү боюнча, “Жакшы Кабардан бошотулуп калган” 91Мартин, 393-бет., абалына реформа кылууну, императордон чечкиндүүлүк менен талап кылган, белгилүү адамдар дагы болгон. Кайраттуу коркпогон монахты көрүү үчүн, реформатордун досторуна кошулуп, душмандары дагы келип жатышты, бирок аларды Лютер токтоолук менен кабыл алып, алардын берген суроолоруна, өтө терең даанышмандык менен, жооп берди. Анын өзүн алып жүрүшү, токтоо, жана кайраттуу эле; Анын чап жаак, жана жакындагы кеселден жаңы гана аягып келе жаткан, жана чарчаңкы тарткан ажары, анын боорукердигин жада калса кубанычын көргөзүп тургансыйт. Анын баса айткан салтанаттуу, жана эч бир жалгандык кошулбаган ачык - айкын сөздөрү, жада калса душмандары дагы туруштук бере албай тургандай, ага кубат берип турду. Аны көргөн ар бир адам таңгалбай койгон жок. Кээ бир адамдар, аны Кудай Өзү колдоп тyргандыгына күбө болушса, башкалары, Машаякты айыптаган фарисейлер сыяктанып, “Анын ичинде жин бар”, -деп айтып жатышты.УК 138.1

    Кийинки күнү Лютерди бoлyп жаткан парламенттик чогулушка чакырышты. Мамлекеттик атайын дайындалган жогорку кызматтагы адам, аны сөз сүйлөөчү залга чейин узатып келди, бирок ал жерге жетиш ал үчүн, өтө кыйын болгон. Анткени көчөнүн бары, папага каршы сөз айтууга батынган монахты көрүү үчүн, умтулган адамдарга жык толгон болуучу.УК 138.2

    Жана өз калыстарынын алдында жооп берүү үчүн туруунун алдында, ага бир карып калган, көп деген кармаштарда жеңип чыккан генерал, жумшак гана минтип айтты: “Байкуш монах, байкуш монах! Maгa көптөгөн кармашууларда, катышууга туура келген, сен өтө көрүнүктүү сокку көргөзүү үчүн бара жаткандыгынды, мен билип турам. Бирок чындык сен тарапта бoлyп, сен ошого толук ишенип турган болсоң, анда эч нерседен коркпостон, Кудайдын Ысымынын урматына, алдыга чыга бер. Теңир сени эч убакта калтырбайт” 92Д Обинье, 7-китеп, 8-бап..УК 139.1

    Акыры Лютер чогулуштун алдына келип турду. Император өз тактысына олтуруп, анын айланасына империядагы эң эле көрүнүктүү адамдар чогулушту. Эч качан жөнөкөй адам мындай чоң чогулуштарда, Лютер өз ишеними үчүн жооп берүүгө тургандай бoлyп, турган эмес. “Анын ушул жерде тургандыгынын өзү эле, папанын үстүнөн жеңишке жетишип тургандыгын көргөзгөн. Папа бул адамды кунөөлү деп жарыялаган, бирок ал, өзүнүн кылган иштери менен, пападан жогору койгондугун билгизип, жогорку калыстардын алдында турду. Папа Лютерди чиркөөдөн чыгарып, коомчулуктан куудуруп таштаган, жана ошого карабастан, аны, бул дуйнөдөгү боло турган өтө чоң парламенттик чогулушка, кастарлап чакырып олтурушат. Папа аны, биротоло сүйлөгүз кылып койгон, бирок эмнегедир ага, түгөл христиан мамлекеттеринен чогулуп чакырылган миндеген, кунт коюп угуучу, адамдардын алдында чыгып сүйлөө үчүн, сөз берилип жатат. Лютер улуу революция ишин козгоду. Римдин улуу күчү ордунан солкулдады, жана жөнөкөй монахтын жарыялаган протести, римдик тактыны кыймылдатты” 93ошол эле жерде..УК 139.2

    Өзү карапайым адамдардын үй - булөсунөн болгондуктан, мындай чоң таасирдүү, жана өкүлдүк жыйналышта тургандыктан, рефор-матор өзүн эркин сезип тура алган жок. Кээ бир төрөлөр анын жагдайын туура түшүнгөндүктөн, Лютерди кубаттап, алардын арасында бирөө мындай деп шыбырап айтты: “Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албай турган адамдардан коркпо”. Башкасы дагы ага мындай деди: “Качан силерди, Мен үчүн, эл башчыларына жана падышалардын алдына алып барганда... силердин оозуңардан Асмандагы Атаңардын Руху сүйлөйт” (Мф. 10:28, 18-20). Ошентип, Кудайдын кызматчысына сыналуу саатында, Машаяктын айткан Сөздөрүн эскертишип, анын ишенимин бекемдешти.УК 139.3

    Лютерди император олтурган тактынын алдына туруусун сунуш кылышты. Адамдарга жык толгон залдын ичинде, жымжырттык өкүм сүрдү. Императордун атайын дайындаган даражалуу төрөсү ордунан туруп, Лютердин жазган кол жазмаларын Лютерге көргөзүп, анын эки суроого жооп берүүсүн талап кылды: бул кол жазмаларды ал өзүнүкү экендигин мойнуна алабы? Жана анда жазылган көз караштардан баш тартууга даярбы? Жазылган китептердин аттарын угуза окугандан кийин Лютер, ал китептердин автору өзү экендигин, баса айтты. “Ал эми экинчи берилген суроого болсо,деп өз сөзүн улантты ре-форматор, - ал адамдын ишенимине жана куткарылуусуна тийиштүү, анда, Асманда болгон сыяктуу эле, жерде дагы, эң чоң байлык бoлyп эсептелген Кудай Сөзү туурасында жазылган, жана ал жөнүндө кайрадан ойлонуп туруп жооп бербей турган болсом, мен тараптан акылсыздык бoлyп саналат. Антпесе чындык талап кылган нерселердин баарын, мен айтып бере албайм, жана Машаяк аркылуу бир кезде айтылган бул сөздөр, мага тикеден тике тиешелүү бoлyп калат: “Ким Менден, адамдар алдында баш тарта турган болсо, Асмандагы Атамдын алдында, Мен дагы андан баш тартам” (Мф. 10:33). Ошондуктан, улуу урматтуу император, бул суроого, Кудай Сөзүнө карамакаршы келбей тургандай бoлyп жооп берүү үчүн, ойлонуу үчүн мага убакыт берүүңүздү, көптөн көп өтүнөм” 94ошол эле жерде..УК 139.4

    Императорго мындай өтүнүч менен кайрылуусу, Лютер тараптан кылынган, даанышмандык чечим эле. Анын өзүн алып турушу, баарын айран -таң калтырды, анткени анын айткан сөздөрүндө, иштин артын ойлонбой эле киришүүчүлүк сапаттарына, орун жок болуучу. Бул тайманбаган, талашыптартышпаган адамдан, эч ким күтпөгөн токтоолук жана өзүн -өзү кармаган сапаттар көрүнүп, анын айткан сөздөрүнө өтө чоң маани берилип турду. Өзүнүн кийинки берген жоопторунда терең ойлонгон даанышмандык, жана адамдык нарк байкалып, анын каршылаштарын бир таң калтырса, жана алардын текебердигин, менменсинүүсүн басып көңулдөрүн чөгөрдү.УК 140.1

    Кийинки күнү ал, бардык берилген суроолорго толугу менен жооп берүүсү керек эле. Чындыкка каршы кандай күчтөр чогулгандыгын көрүү менен, Лютер өзүндө кичине бир бoлyп өткөн калтаарууну байкады. Анын ишеними солкулдап, анын ички жан дүнүйөсүн коркунуч басты. Уламдан -улам жогорулап бара жаткан коркунучту сезгенде, жамандыктын күчтөру, майданды женип, жетишкен жеңишин салтанаттуу майрамдай турган сыяктуу сезилген. Аны Кудайдан ажыратып жаткан сыяктуу, караңгы туман анын жан дүйнөсүн курчаган. Жана Асман Аскерлеринин Теңири, аны менен боло тургандыгына күбөлүк алууну самаган. Жан дүнүйөсү туталангандыктан, жүздөмөндөп жерге жыгылып, буулуккан жүрөктөн, муңканган, өкүрүп өксөгөн кусалыктын көз-жаштары токтолбостон агып жатты, бул көзжаштар, бир гана ырайымдуу жана баарын көрүп туруучу Теңирге гана белгилүү эле.УК 140.2

    “О, Кудирети Күчтүү жана Түбөлүктүү Кудайым, - бул дүйнө кандай коркунучтуу, - деп сыйынды ал. Ал мени жутуп жиберүү үчүн, өз оозун араандай ачты, ал эми мен болсом, Сага болоор-болбос гана таянам... Эгерде менде, бул дүйнөнүн күчтүүлөрүнө гана таянуу, калган болсо, анда бары бүткөнү ушул... О Кудайым! Анда мага өкүм чыгарылып, акыркы саатым жакындады... Бул дүйнөнүн түгөл даанышмандарына туруштук берүүгө, мага жардам бере кор. Ушуну аткара көрcөң экен... Сен бирөөсүң... анткени бул иш менин ишим эмес, бирок Сеники. Бул дүйнөнүн күчтүүлөрүнө каршы, мен эч нерсе кыла албай... Бирок бул, Сенин иштериң, жана бул адилеттүү жана түбөлүктүү иш. О Теңир, мага жардам бере көр! Ишенимдүү жана Өзгөрүлгүс Кудайым, мен бир дагы адам баласына, таяна албайм... Адамдын жасаган бардык иштери катуу жана бекем эмес... Бул иш үчүн, мени Сен тандап алгансың... Менин Коргонучум, менин Калканычым, жана менин Таянычым болгон, Өзүңдүн Ыйык Уулуң Ыйсанын Атынан, мени менен боло кор”.УК 141.1

    Кудайдын Улуу Даанышмандыгы, Лютер алдын ала боло турган коркунучту сезип, жана өз күчүнө таянып, өзүнө кайгы алып албашы үчүн, коркунучка жол берген. Бирок, аны капысынан курчап алган коркунуч, ошол кезде өтө жакын турган, кыйналуу жана өлүм коркунучу эмес эле. Жок. Анын тагдырында өзгөрүү болду, жана ошндуктан ал өзүн, өтө алсыз сезген болуучу. Лютер өз алсыздыгынан, чындыктын иштери, кыйроого учурайт, - деп ойлогон. Анын Кудай ал-дында туталанып “күрөшүүсү”, өз коопсуздугу үчүн эмес, бирок, Жакшы Кабардын салтанаттуу жеңиши үчүн эле. Анын туталанган жан дүйнөсүндө, бир кезде Иавок суусунун жанында, түн ортосунда Израил башынан өткөргөн сыяктуу, туталанган күрөшүү бoлyп өттү. Жана Израил жеңишке жетишкен сыяктуу, ал дагы жеңишке жетишкен. Ал өзүнүн толук алсыздыгы менен, Кудуреттүү Куткаруучу Машаякка ишеним менен кайрылган. Жана ал, боло турган чогулушта, жалгыз болбой тургандыгы жөнүндө күбөлүк алды. Жана анын жан дүйнөсүндө тынчтык орноп, өзгөчө даражадагы адамдардын алдында, Кудай Сөзүн жогору көтөрүүгө уруксат алганы үчүн, ичинен кубанган.УК 141.2

    Кудайга бекем ишенүү менен, Лютер кийинки боло турган күрөшкө даярдана баштады. Ал өзүнүн айта турган сөздөрүн бир сыйра талдап чыгып, өз жазган кол жазмаларындагы, жана Ыйык Жазуудагы өз сөздөрүн бышыктай турган, келтириле турган далилдерди белгиледи. Андан кийин, өзүнүн сол колун ачык турган Ыйык Жазуунун үстүнө койду дагы, он колун Асманга көтөрүп, мындай деген ант берди: “Өз күбөлүгүмдү, кан менен бекемдөө керек болсо дагы, Жакшы Кабарга ишенимдүү бoлyп, өз ишенимимди ачык айтууга бел байладым” 95ошол эле жерде..УК 141.3

    Качан ал кайрадан чогулуш алдына чыкканда, анын жүзүндө, коркунучтун же болбосо тартынуунун дагы, тагы жок эле. Кебелбеген жана тынчтыкты сүйүүчү, тайманбаган акниэттүүлүгү жана кайраты менен, - Кудайдын ишенимдүү күбөсү, бул дүйнөнyн даражалуу адамдарынын алдында турду. Император дайындаган жогорку даражалуу адам, андан кайрадан өз ишенимиңен баш тартасыңбы.? - деп толук, чечкиндүү жооп берүүсүн талап кылды. Лютер жай гана токтоолук менен, ага жооп кайтарды, анын сөздөрүнөн, калтаарып, жана ачуулануунун, белгиси көрүнгөн жок. Ал өзүн адептүү, жана уялыңкы алып турган, бирок ошого карабастан, анын ишенимдүүлүгү жана жүзүндөгү байкалып турган кубаныч, чогулушка катышып олтурган адамдарды, айраң —таң, калтырды.УК 142.1

    “Ал өз cөзүн мындай деп баштады: Улуу урматтуу император, кадырман төрөлөр, ырайымдуу мырзалар. Мен бүгүн силердин алдыңарда, кечеги буйрук боюнча турам, жана Кудайдын көптөн - көп ырайымдуулугу боюнча, жалпыңардын иштин чоо жайын кунт коюп угуп турууңарды өтүнөм. Анткени бул айтыла турган иш, адилеттүү жана чындык экендигине, мен ишенем. Эгерде мен, эмне менен болсо дагы, бул заңгыраган жыйын залынын жүрүмтурумун, же жол -жобо эрежелерин буза турган болсом, силерден алдын ала кечирим суранам, анткени мен, падыша сарайында эмес, бирок монастырларда жашап, тарбия таалим алгам” 96ошол эле жерде..УК 142.2

    Андан наары, ал өзүнүн жазган кол жазмалары, ар кандай көз карашта бөлүнө тургандыгын баса белгилеп кетти. Кээ бир өз душмандары тууралуу жазылган кол жазмаларда, алардын айыбын ачуу үчүн эмес, бирок пайда келтире тyрган ишеним жана жакшы иштерге үндөө багытында эле. Ал чындыктардан баш тартуу,баары аркылуу кабыл алына турган, чындыкты айыптагандык бoлyп cаналмак. Ал эми башка китептеринде, папанын иштеринин жамандыктарын, жана зөөкүрлүктөрүн айыптаган. Бул жазылган эмгектерди кабыл албагандык,римдин заалимдигин колдоп, көп сандаган коркунучтуу мыйзамсыздыктарын кабыл алуу, жана аларга эшикти кенен ачкандык бoлyп cаналмак. Жана бул китептердин бир бөлүгүн, ал, коомчулукта жамандыкты колдогон кээ бир адамдардын айыбын ачуу үчүн арнаган. Ушул акыркы жазган чыгармаларында ал, өзүнүн өтө эле чыдамсыздыгы туурасында айтып, мойнуна алат. Өзүн ката кетирбеген адам катары көргөзбөсө дагы, Лютер бул китептерден дагы баш тартпай тургандыгын баса белгиледи, анткени мындай кылуу, чындыктын душмандарына жаңы күч берип, алар ушундан пайдаланып, Кудай элин баштагысынан дагы, катаал кордошмок.УК 142.3

    Мен Кудай эмесмин, бирок жөнөкөй гана өлүмгө татыктуу адаммын, - деп ал өз сөзүн улуантты. Ошондуктан мен өзүмдү, Машаяк Өзүн коргочологондой, коргоого алам: “Эгерде мен жаман сөз айткан болсом, анда жамандыгын Maгa көргөзчү”... Кудайдын ырайымдуулугу менен, мен силерден өтүнөм, улуу урматтуу император, жана кадырман төрөлөр, жана бардык жогорку даражада дайындалып коюлган мырзалар, Ыйык Жазуунун негизинде, мага менин кетирген каталарымды далилдеп бергиле. Качан гана мен толук өзүмдүн адашканымды көрө ала турган болсом , эч кимге айттырбастан эле, өз жазган чыгармаларымды өзүм, биринчилерден бoлyп отко ыргытам”.УК 143.1

    “Мен бардык нерселерди таразалап көргөндүгүмдү менин сөздөрүм ачык айгенелеп жатат, жана муну менен мен, өзүмдү кандай коркунучтар күтүп тургандыгын сезип турам. Бирок менин жүрөгүмдө коркунуч жок, бирок тескерисинче, Ыйык Жазуу баштагысындай эле, биздин күндөрдө дагы, көз караштардын кагылышуусун туудуруп, күрөштүн куралы бoлyп жаткандыгына кубанып турам. Анткени Кудай Сөзү эч кимди, көңүл коош калтырбайт. Машаяк Өзү минтип айткан: “Мен бул дүйнөгө, тынчтык алып келгеним жок, бирок кылыч алып келдим”. Теңир Өзүнүн эскертүүлөрундө, жана Өзүнүн сот иштеринде бекем жана талаптуу, - ошондуктан сак болгула, карама — каршылыкты жоюу максатында, силер Кудай Сөзүн кубалоочу бoлyп калбагыла, жана өзүңөргө бактысыздыктын, кайгынын, жана түбөлүк өлүмдүн, чөгөрүп жок кылып кетүүчү, чоң толкунун каптатып аласыңар... Мен Кудай Сөзүнөн көптөгөн дилилдерди көргөзүп бере алам. Мен, өз мамлекеттерин бекемдөөнү көздөгөндүктөн, өздөрүнө акылдуу, жана даанышмандыкк сезилген чечимдерди кабыл алуу менен, өз өлүмдөрун жакындатууга шашкан фараон жөнүндө, вавилондуктардын жана израилдиктердин падышалары жөнүндө, айтып бере алам. Кудай тоолорду ордунан жылдыра алат, ал эми алар бул туурасында эч нерсе билбейт” 97ошол эле жерде..УК 143.2

    Лютер өз сөздөрүн немец тилинде айтып берди, бирок андан ошол эле айткан сөздөрүн латын тилинде кайталап айтуусун суранышкан. Чарчап -чаалыкканына карабастан, ал өз айткандарын баштагысындай ачыкайкын, жана сергектик менен, айтып берүүгө макул болгон. Бoлyп жаткан иштердин барында, албетте Кудайдын алдын ала көрөгөчтүгү жетелеп турду. Көпчүлүк төрөлөр, өз ойлогон ойлоруна айраң - таң бoлyшyп, биринчи жолу Лютерди укканда анын айткандарына, жана койгон далилдерине толук түшүнө алышкан эмес, ал эми Лютер өз айткандарын качан экинчи жолу кайталап айткандан кийин гана, алар үчүн айтылып жаткан нерселер түшүнүктүү бoлyп калды.УК 143.3

    Ал эми, ким Лютердин сөздөрүн уккулары келбей, өздөрүн чындыкты түшүнүүдөн корунгандар болсо, Лютердин сөздөрүнүн бекемдигине, катуу ачууланып жатышты. Качан Лютер өз сөздөрүн айтып бөткөндөн кийин, бoлyп жаткан парламенттик чогулуштун председатели, ыза болуу менен, мындай деп айтты: “Сен, сага берилген суроолорго жооп берген жоксуң... Сен, ачык — айкын түз жооп беришиң керек... Сен өз ишенимиңен баш тартасыңбы, же жокпу?”УК 144.1

    Реформатор ага мындай деп жооп берди: “Улуу урматтуу император, жана кадырлуу төрөлөр менден, жөнөкөй жана түз жооп беришимди, талап кылып жатышса, анда мен, бул жоопту силерге берем. Эгерде мен Ыйык Жазуунун күбөлөндүрүүлөрүнө, жана аң - сезимимдин ачык далилине бекемделбесем, бул сөздөрдү ишенимдүү айта алмак эмесмин - анткени мен папага, жана соборлорго ишене албайм, көпчүлүк учурларда алар жаңылышып, жана өздөрүнө өздөрү, карама каршылыкты туудурушкан, - ошондуктан мен өз ишенимимен баш тартпайм, анткени чыныгы христиан, өз абийирине каршы барбоосу зарыл. Мен ошол оюмда гана турам, башкача эч нерсе кыла албайм. Maгa Кудай Өзү жардам берсин! Омийин”.УК 144.2

    Ушул адилеттүү адам, Кудай Сөзүнүн бекем негизине таянуу менен, жамандык менен тайманбастан күрөшкөн. Жана Асман жарыгы, анын жүзүн жаркыратып жарык кылды. Качан ал, адашкандыкты ашкерелеп, жана бул дүйнөнү жеңип чыга турган чыныгы ишенимдин артыкчылыгын күбөлөндүрүп жатканда, анын улуулугу жана тазалыгы, анын кубанычка толган айкын ажары, барына билинип турду.УК 144.3

    Чогулган адамдар бир аз мезгилге чейин өздөрүнө келе алышпай, таң калышып катып турушту. Башталышында Лютер, жай жана сыпайылык менен сүйлөй баштаган, жана бул анын берилгендиги катары бааланган болуучу. Папанын жактоочулары бул көрүнүштү көргөндө, анын эрдемсинүүсү казык каккандай кагылды, дешип ойлошкон. Лютердин ойлонууга убакыт берүүсун өтүнүп суранышы, аларды, балким ал ойлонуп туруп, өз ишениминен баш тартат болуш керек, деген ойго салган. Карл өзү дагы, анын чарчаңкы абалын, жөнөкөй кийимин, жана тартынып сүйлөгөн сөздөрүн көрүп, мындай деп айткан болуучу: “Бул монах, мени эч качан адаштыруучу кыла албайт”. Бирок, Лютердин бекемдиги, тайманбаган жүрүм - туруму, жана анын далилдеген далилдеринин ачык - айкындыгы, жана сөздөрүнүн күчү, баарын таң калтырган. Анын айткандарына кубанган император, мындай деп жиберди: “Бул монах кандай эр жүрөктүүлүк, жана солкулдабаган кайраттуулук менен, сөз сүйлөдү!” Германинын көпчүлүк төрөлөрү, өз мекендешине барктануу менен карашып, анын ийгилигине, кубанып турушту.УК 144.4

    Римден келген өкүлдөр, кыйроого учурашкан; алардын кылган аракеттери, өтө терс көрүнүш бoлyп калды. Алар өз күчтөрyн, Ыйык Жазууга таянуу менен көргөзбөстөн, бирок коркутуу менен - римдин койгон талаптары менен көргөзүүгө аракеттеништи. Чогулуштун председатели, Лютерге кайрылып мындай деди: “Эгерде сен, өз ишенимиңен баш тартпай турган болсоң, анда импера-тор, жана башка мамлекеттик башчылар чогулушуп, тарбияга болбой турган, адаштыруучу менен, эмне кылуу керек экендигин чечишет”.УК 145.1

    Лютердин адилеттүү коргонуусун жандануу менен, угуп турушкан анын достору, бул сөздөрдү угаары менен, муундарын калтырак басты, бирок реформатор камырабастан, жай гана аларга мындай деп айтты: “Мен баш тарта албайм, мага Теңир Өзү жардам берсин!” 98ошол эле жерде..УК 145.2

    Төрөлөр кеңешип чечим кабыл алганча, Лютерди парламенттик чогулуштан бошотушту. Эми чечүүчү мезгил келип жеткендиги билинип турду. Лютердин, соборго баш ийбей коюсу, чиркөөнүн кийинки калган тарыхында, өзүнүн чоң залакаcын тийгизген бойдон калып калмак. Ошондуктан ага , баш тартуу үчүн, дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүүнү бары зарыл деп эсептешти. Жана Лютерди акыркы жолу парламеттик чогулушка киргизишти. Дагы бир жолу андан, өз ишенимиңен баш тартасыңбы? - деген суроо беришти. “Мен силерге жооп берип койгом, силер менден башка эч кандай сөз уга албайсыңар, - деп кайрадан Лютер ишенимдүү жооп берди. Римдин коркутуусу дагы, анын убадалары дагы, анын талаптарын аткарууга, Лютерди зордой албай тургандыгы, айдан ачык болду.УК 145.3

    Бул окуя папанын дайындаган жетекчилерин, абдан ызалантып капалындырды, анткени анын бийлигинин алдында, падышалар, жана төрөлөр титиреп турушкан, эми болсо, жөнөкөй гана монах аларга минтип, жийиркенүү менен карап жатат. Алардын ичиндеги кайнап жаткан ачуулукту, бир гана, Лютердин кыйналып өлө турган өлүмү токтото алмак. Бирок Лютер, аны темитип турган коркунучка карабаcтан, толук христиандык сыймыгын, жана тынычтыгын сезип турду. Аны текебердигинен, же болбосо тез ачуулануучу чыдамсыздыгынан, жана чындыкты бурмалоону каалагандыгынан, айыптоо мүмкүн эмес эле. Ал өзү жөнүндө дагы, аны курчап турган даражалуу адамдарды дагы элесине алган жок, жана пападан дагы, прелаттардан дагы, императорлрдон жана падышалардан дагы, жогору Тургандын Өзү жанында тургандыгын, сезип турган. Лютердин оозунан Маша-як Өзү сүйлөп турду, жана ал айтылган сөздөр ушунчалык күчтүү, жана үстөмдүү болгондуктан, анын достору да, жана анын душмандары дагы, тынчтанышып, таң калуу менен угуп турушкан. Көрүнбөгөн Кудайдын Руху алардын арасында бoлyп тургандыктан, империянын улуу адамдарынын сезимдерин ойготту. Төрөлөрдүн кээ бирлери, Лютердин далилдеринин тыянактуу экендигин, ачык эле жарыялап, жакташкан. Көпчүлүк адамдар чындыкка ишенип калышты, башкалары, башында берилип угуу менен, кайрадан өз oй - максаттарына кайрылышты. Ошол кезде, жакшы түшүнө алышпай, бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин, Ыйык Жазууларды изилдешип, Реформация иштеринин, ишенимдүү жактоочулары бoлyп калышкан адамдар дагы, алардын араларында болушкан.УК 145.4

    Башкаруучу Фридрих, Лютердин чогулушта катышуусун өзгөчө каалаган эле, жана анын айткан сөздөрүн уккандан кийин, абдан толкунданды. Ал өзүнүн кол алдындагы адамынын эр жүрөктүүлүгvн, кыйшайбаган жана өзүн өзү кармана билгендигине, кубануу жана барктануу менен карап, жана аны коргочолоо үчүн, бел байлады. Каршылашкан эки тарапты карап олтуруп, башкаруучу, чындыктын алдында, папанын, прелаттардын, жана падышалардын даанышмандыгы, чаң сыяктуу сапырылып жаткандыгын көрдү. Ошол күнү папалык окутуу кыйроого учурады, ал тууралуу ушак - айың, бардык калктардын арасында, көптөгөн кылымдар айтылып калган.УК 146.1

    Лютердин чогулуш алдында сүйлөгөн сөздөрү, көптөгөн адамдардын арасында ойлонуу сезимин туудурганын көргөндө, папанын өкүлү, биринчилерден бoлyп папанын бийлиги үчүн кам көрүп, кандай гана болбосун, реформатордун жыгылуусуна болгон аракетин жасаган. Өзүнүн бардык кызыл тилдүү өнөрүн, жаш императордун алдында, көргөзүүгө аракеттенген, жана ушул, кандайдыр бир эч нерсеге турбаган жаш монах үчүн, римдиктердин колдоосунан, жана достугунан ажырап калуунун кереги эмне, - деген жагынуу сөздөрдү айтып, маданияттуу ыкмаларын көргөздү.УК 146.2

    Жана анын айткан сөздөрү таасирдүү бoлyп, ишке кирише тyрган бoлyп чечилген. Кийинки күнү, Лютер өз сөзүн айтып бүткөндөн кийин, Карл парламенттик чогулуштун алдында, чечим чыгарып, өзүнөн мурдагы бoлyп өткөн адамдардын жолун жолдоо менен, католик чиркөөсүн колдоп, жана аны коргочолой тургандыгын айтты. Жана Лютер өз жаңылыштыгынан баш тартпагандыгы үчүн, анын жана анын жолдоочуларынын үстүнөн, катуу жазалоочу чара көрүлө тургандыгы айтылды. “Жалгыз монах, өз акылсыздыгы менен, өз башын маң кылып, түгөл христиан ишенимине каршы чыгууга батынган. Мен бул мыйзамсыздыкты жок кылып бүтүрүү үчүн, керек боло турган болсо, өзүмдөгүнүн барын, казыналарымды, досторумду, өзүмдү, жана кара жанымды дагы курмандыкка чалам. Бул августиндик монах, өз жерине жөнөсүн дагы, мындан наары эч кандай адамдарды адаштырып, будуң чаң кылбасын. Мен ага жана анын каршыкма жолдоочуларына каршы, чечкиндүү күрөш жүргүзөм. Аларды чиркөөдөн чыгарам, коомчулуктүн ичинен кууп чыгарам, аларды кырып биротоло жок кылмайынча, алар менен күрөшкөнүм күрөшкөн. Мен бардык жердин тургундарын, өздөрүн чыныгы, жана берилген христианин катары көргөзүүгө чакырам” 99ошол эле жерде, 9-бап.. Ошондой болсо дагы, Лютерге берилген коргоо грамотасы, өз күчүн жоготпой тургандыгын, жана ага карата өзгөчө чара көрүлмөйүнчө, анын өз үйүнө аман - соо баруусун, белгилеп кетти.УК 146.3

    Эми парламенттик чогулуш, эки лагерге бөлүнүштү. Папанын жиберген элчилери, Лютерге берилген коргоо грамотасынын укугунан, аны ажыратып салууну талап кылышкан. “Рейн дайрасы, мындан жүз жыл илгери Ян Густун күлүн кабыл алган сыяктуу, Лютердин күлүн дагы кабыл алуусу зарыл, - дешти алар” 100ошол эле жерде.. Бирок, Лютердин душмандары болгон, папанын жактоочулары бoлyп эсептелген, германиялык төрөлөр, түгөл калайык - калктын абийирин кетирген, мындай жүзү каралыкка каршы протест жарыялашты. Алар , Густун өлүмүнөн кийин болгон кырсыктарды эске салышып, жана мындай боло турган жамандыктарды Германияга, жана жаңыдан такка олтурган жаш императорго, каалашпай тургандыгын айтышты.УК 147.1

    Мындай басырынуучу сунуштардан, император өзү баш тартты: “Эгерде абийир жана ишеним, коомчулуктун арасынан жок боло турган болсо, анда алар төрөлөрдүн жүрөгүнөн орун алышы керек” 101ошол эле жерде.. Лютердин айыгышкан душмандары, Сигизмунд Густу, чиркөөнүн ырайымына берип, ага өлүм ыйгарган сыяктуу, императордун Лютерди дагы өлүмгө берүүсүн талап кылууну уланта беришти. Бирок, ачык чогулушта Гус, өз чынжырларын көргөзүп, императорго өз берген убадасын эскерткендигин, эсине салып, Карл V, мындай деп айтты: “Мен Сигизмунд сыяктуу, жүзүмдү кызартып тургум келбейт” 102Ленфан, 1-том, 422-бет..УК 147.2

    Жана Карл, Лютер насааттаган чындыктардан, билип туруп баш тарткан. “Ал минтип жазган: Мен өз ата - бабаларымдын жолу менен кетишим керек” 103Д Обинье, 7-китеп, 9-бап.. Карл, чындыктан жана айкындыктан, өздөрүнүн мурдагы көнгөн, каада - салттарын кармануу үчүн, баш тартты. Анын атасы эмнени карманган болсо, ал дагы папалык ишенимди, анын катаалдыгына, жана бузукулугуна карабаcтан, аны колдоону, туура деп тапты. Ушундай кылуу менен, ал өз аталарынын кылган иштерин жолдоп, ага берилген жаңы жарыкты кабыл алуудан, жана анын ата - бабалары, билип туруп, же билгиси келбегендиктен, берилген милдеттерди аткаруудан баш тарткан сыяктуу, баш тарткан.УК 147.3

    Жана биздин күндөрүбүздө дагы, ата - бабалардан калган каада - салттарды карманган адамдар, өтө көп. Качан аларга Теңир жаңы жарык жибере турган болсо, алар бул жарыктан, алардын ата - бабалары, өз билбегендиктери менен, жүрбөй койгон сыяктуу, кабыл алуудан баш тартышат. Бирок аларга Караганда биздин жагдайыбыз, алда канча башкача, бизге берилген милдеттер дагы бөлөк. Эгерде биз, Кудай Сөзүн окуганга мүнкүнчүлүгүбүз бoлyп туруп, өзүбүз изилденбей, ата -бабаларыбыздын каада - салттарына таяна турган болсок, албетте Кудай бизди жактырбайт. Биздин ата - бабаларыбызга Караганда, бизге берилген жоопкерчилик, абдан жогору: анткени биздин жан дүнүйөбүздү, аталарыбыздан келе жаткан жарык, жана Кудай Сөзүнүн барактарынан чыккан жаңы жарык, жаркыратып турат.УК 147.4

    Ишенимден баш тарткан иудейлерге, Машаяк мындай деп айткан: “Эгер Мен келбесем жана аларга айтпасам, анда алардын күнөөсү болбойт эле: эми алардын күнөөлөрүн актай турган чара жок” (Ин. 15:22). Ошол эле, Кудай Күчү, Лютердин оозу менен, германиялык парламенттик чогулушта сүйлөгөн. Жана качан, Кудай Сөзү чогулган адамдардын жарык кылганда, Кудай Руху акыркы жолу, алардын арасындагы көптөгөн адамдарды, Өзүнө кайрууга аракеттенген. Мындан көптөгөн жылдар мурда, бул дүйнөнүн Куткаруучусунун алдында, текебердик жана даңкка умтулуулук, Пилаттын жүрөгүн жаап койгон сыяктуу, чындыктын жарчысына, “Эми бара бер, ал эми качан убакыт тапканда, сени чакырып алам”, - деп коркоктук менен жооп берип тим болгон, Феликс сыяктуу, “Сен мени, дээрлик христианин болууга, ишендиресиң гo” (Ап. Иш. 24:25, 26:28) - деген кокурайган Агриппа сыяктуу, Карл V дагы, жердик атак - данкка умтулгандыктан, Асман аркылуу жиберилген жарыкты, кабыл алуудан баш тарткан.УК 148.1

    Лютерди коркунучка салган ушак - айың, шаар тургундарын тычсыздандырды. Реформатордун көптөгөн достору бар болуучу, жана алар, ким римдин кылган жаман иштерине каршы чыга турган болсо, аларга карата, катаал жана жүзү каралык менен, мамиле кылаарын билгендиктен, Лютерди сактап калууну чечишти. Жүздөгөн таанымал адамдар, Лютерге өз жардамдарын көргөзө тургандыгын билдиришти. Көпчүлүк адамдар, императордун чыгарган чечимдерин, римдин алдындагы кошоматчылыгынын айынан экендигин айтышты. Кээ бир үйлөрдүн дарбазаларында, жана коомдук имараттардын дубалдарында, “кээ бирөөлөр Лютерди жакташса, башкалары, - аны айыпташты”, деген жазуу менен, плакаттар илинди. Кээ бир жерлерден, даанышман Сулаймандын: “Жер сага кайгы, эгерде сенин падышаң жетиле элек бала болсо” (Yг Кит. 10:16), деген сөздөрдү дагы окууга мүнкүн эле. Түгөл Германияны тынчсыздандырган, Лютерге болгон жароокердик, императорду дагы жана чогулган парламентти дагы, реформаторго кылынган кичинекей калассыздык, бир эле империянын тынчтыгын бузбастан, бирок, тактынын бекемдигин дагы бошото тургандыгын далилдеди.УК 148.2

    Саксондук Фридрих, өзүнүн реформаторго болгон чыныгы мамилесин жашыруу менен, өзүн өтө аярлуу алып жүрдү, бирок ошол эле мезгилде, аны таалыкпастан коргочолоп, аны кайсыл жерге гана барбаcын,, ага карата болгон душмандарынын аракеттеринен аны сактап турган. Бирок Лютерге болгон жакшы ниеттерин жаап - жашырбаган, адамдар дагы аз эмес болуучу. Лютерге төрөлөр, графтар, барондор, мамлекеттик жана диний ишмер адамдар, келип көрүшүп дагы турушкан. “Спалатин мындай деп жазган: Доктордун кичинекей болмөсү, ага келип кеткен адамдарды, өзүнө батыра алган эмес” 104Мартин, 1-том, 404-бет.. Ал эми калайык калк, аны адамдардан жогору катары сезип турушту. Жада калса, аны менен, өз көз караштары туура келбеген адамдар дагы, анын, өз абийирине каршы барганча, өлүмдү көздөй барууга даяр болгон таакыбалыгына, жана анын асылзаттыгына, суктана албай коюшкан жок.УК 149.1

    Лютерди римдин окутуусуна каршы чыкпаганга мажбурлап, аны менен бирдикте бoлyyга көндүргөнгө аракеттенишкен. Ал эми жогорку төрөлөр, эгерде чиркөөгө жана парламенттик чогулушка каршы чыгуунду, уланта бере турган болсон, анда сени эч ким коргобойт, жана бул өлкөдөн куугунтукталасың, дешти. Бул айтылган сөздөргө Лютер мындай деп жооп берди: “Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабар, ар - дайым кимдир бирөөнү ыза кылбай койбойт, жана карама каршылыкты туудурат... Эмнеге коркутуу жана токтотууга аракет кылуу, бир гана чындык болгон Кудайдын Сөзүнөн, жана Теңирден, мени ажыратышы керек? Жок, мен андан көрө өз жанымды бергеним артык!” 105Д Обинье, 7-китеп, 10-бап..УК 149.2

    Жана кайрадан аны императоргө баш ийдирүүгө аракеттеништи, жана ошондо гана ага эч ким тийбей тургандыгын айтышты. “Мен чын жүрөктөн макулмун, деп жооп берди Лютер. Бардык императорлордон тартып, жөнөкөй христиандарга чейин, - менин эмгектеримди окушуп, жана аны сындашсын, бирок бир гана шарт менен: мунун бары бир гана Кудай Сөзүнүн негизинде болуусу зарыл. Адамдар Кудай Сөзүнө баш ийүүдөн башка эч нерсе кыла албайт. Мен өзүм толугу менен, ошого берилгем, жана менин абийиримди, башкага мажбурлоо, болбогон нерсе” 106ошол эле жерде..УК 149.3

    Андан кийинчирээк, ушул сыяктуу сөздөргө, ал минтип айткан: “Мен император берген сактоо грамотасынан баш тартууга, жана императорго өз өмүрүмдү берүүтө даярмын, бирок, Кудай Сөзүнөн эч убакта баш тарта албайм!” 107ошол эле жерде. Лютер, парламенттик чогулуштун чечими, Ыйык Жазууга негизделе тyрган болсо, анда ага баш ийүүгө даяр экендигин айтты. “Ал эми, Кудай Сөзү жана ишеним жөнүндө айта турган болсок, бул жөнүндөгү нерселерди, ар бир христианин, папа жана анын көп сандаган соборлору чечкен сыяктуу эле, чечүүгө укуктуу” 108Мартин, 1-том, 410-бет.. Жана көп узабай эле, - анын достору дагы, жана анын — душмандары дагы, Лютерди Рим менен злдештирүү, эч кандай натыйжа алып келе албастыгын түшүнүштү.УК 149.4

    Эгерде Лютер, кандайдыр бир бөлүгүнөн, алсыздык көргөзө тyрган болсо, анда шайтан жана анын шабырлары, өз жеништерин салтанаттуулук менен майрамдашмак. Бирок анын солкулдабаган бекемдиги, Жыйындын боштондугунун ийгиликтүү шарты бoлyп калды, жана жаңы, жакшы доордүн башталышы эле. Ушундай шартта oй жүгүртүп, жана аракет кылганга батынган, бир кишинин таасири, Жыйынга жана бул дүйнөгө тийбей койгон жок. Анын аракеттери бир гана убакытта токтоп калбастан, кийинки келе турган муундар арасында, таратыла берди. Лютердин күнү бүткөнгө чейинки тарыхтагы анын бекемдиги жана ишенимдүүлүгy, ушундай кырдаалда калган ар бир адамга, дем берип турат. Кудайдын Күчү жана Анын Улуулугу, адамдар кабыл алган чечимдерден, жана шайтандын кубатынан алда канча жогору.УК 150.1

    Көп узабастан императордун буйругу боюнча, Лютерди өз үйүнө жиберишти, бирок мунун артында, аны айыптоо дагы тургандыгын, ал юилип турган. Каардуу калың булут анын үстүнө үйрүлүп түшсө дагы, бирок ал, кубанычка толгон жүрөк менен Вормсты таштап кете берди. “Шайтандын өзү, папаны коргочолоп турду,деп айты ал, бирок Машаяк анын чебинин дал ортосун тешип өткөндө, шайтан, Теңир күчтүү экендигин моюнуна алууга аргасыз болду” 109Д Обинье, 7-китеп, 11-бап..УК 150.2

    Кеткенден кийин, анын бекемдиги туура эмес талкууланып калбашын каалабаган Лютер, императоргo мындай деп жазган: “Баарынын жүрөгүн көрүп турган Кудай , бүгүн менин дагы Күбөм бoлyп, мен өз баш ийүүчүлүгүм менен, абийирим жана ар - намысым менен, өз өмүрүм жана өлүмүм менен дагы, сиздин улуу урматтуулугунузга баш ийүүгө даяр экендигимди билип турат. Бирок, адам баласы өмүр сүрүп келе жаткан Кудай Сөзүнө каршы, эч качан бара албайм. Ал эми адамдык турмуштагы, менин сизге болгон ишенимдүүлүгүм, куткарылуу, мен бул дүйнөдө бир нерсеге жеттимби, же жеткен жокмунбу, ага карабаcтан бериле берген сыяктуу, өзгөрүлгүз бoлyп кала берет. Ал эми түбөлүк жөнүндөгy суроолорго тийиштүү нерселерде, бир адам бир адамга, баш ийип туруусун Кудай каалабайт. Анткени диний суроолордо, мындай табынуучулук, чыныгы табынуучулук бoлyп эсептелет, анткени бир гана Жаратуучуга табынуу зарыл” 110ошол эле жерде..УК 150.3

    Вормстан кайтып келе жатканда Лютерди баштагыдан дагы, кубанычтуулук жана жылуулук менен кабыл алып жатышты. Жогорку да-ражалуу диний адамдар, чиркөөден бошотулган адамга салам дубайларын айтышса, ал эми, мамлекеттик бийликтеги адамдар, император аркылуу айыпталган адамды, кастарлап тосуп алып жатышты. Жана андан Кудай Сөзүнөн насаат айтып берүүнү өтүнүштү, бирок ал, императордун насаат айтууга тыйуу салганына карабастан, насаат айтуу үчүн кафедрага көтөрүлдү. “Мен эч качан, Кудай Сөзүн кишендегенге убада берген эмесмин, - жана муну эч качан кыла албайм,деди ал” 111Мартин, 1-том, 420-бет..УК 150.4

    Лютер Вормстан кетээри менен, папанын өкүлдөрү императорго келишип, Лютерге каршы чечим чыгаруусун талап кылышкан. Жана бул жазылган декретте Лютер, “монахтардын кийимин кийинген, адам кебиндеги шайтан” 112Д Обинье, 7-китеп, 11 -бап., - деп жазылган. Жана анын иштерин талкалоо үчүн, сактоо грамотасынын мөөнөтү бүтөөрү менен, чечкиндүү чара көргөзүлө тургандыгы айтылып, ага кол коюлган болуучу. Эч бир адам ага карата меймандостук көргөзүп, аны менен нан же суу бөлүшүп иче алышмак эмес; эч ким ага жаны ачып, иши менен же сөзү менен болсун, жардам көргөзүүгө болбой тургандыгы айтылган. Жана ал кайсыл гана жерде болбосун, аны камакка алып, жана мамлекеттик адамдардын колуна тапшырышмак. Аны жактаган адамдардын дагы акыбалы ушундай бoлyп, жана алардын мүлкү, - конфискацияланып, тартылып алынмак. Анын жазган кол жазмалары, өрттөлүп жок бoлyy зарыл, жана ушул жазылган декретти, ким буза турган болсо, ушул сыяктуу эле жазалар күтүп тургандыгы айтылды. Саксондун башчысы, жана төрөлөрү Лютерге жакшы мамиле жасашкан, реформатордон кийин алар дагы Вормсту калтырып кетишти, жана ошол эле мезгилде парламенттик чогулуш, императордун буйругуна кол коюшту. Рим чиркөөсүнүн келгиндери, бул буйрукка кубануу менен салтанат куруп жатышты. Жана эми реформация иши, толук талкаланды, дешип алар ойлонушкан.УК 151.1

    Бирок Теңир, Өз кулунун куткарылуусунун камын, алдын ала эле көрүп койгон. Лютердин ар бир кадамын, жана кыймыл аракетин сактоочу көз карап турду, жана ага кандайча жардам берүү керек экендигин, боорукер жүрөк ойлонуп турду. Рим реформатордун өлүмүнө гана кубанаары айдан ачык эле, аны куткаруунун бир гана жолу, аны эч ким көрбөй турган жерге, жашырып туруу бoлyп эсептелген. Кудай саксондук Фридрихке даанышмандык берди, жана ал, Лютерди кантип куткаруунун планын ойлоп тапты. Ишенимдүү адамдардын жардамы менен, башкаруучунун ою ишке ашып, реформаторду өз досторунан дагы, жана өз душмандарынан дагы сактап, жашыра алган. Үйүнө кайтып келе жаткан Лютерди, кокусунан кармап алышып, аны анын жолдо узатып бара жаткан адамдардан бөлүп, токойлуу жол менен, тез аранын ичинде, Вартбургдагы, эч ким кире албай турган тоодогу сепилге, алып келишти. Лютерди алып качып кетүү, ушунчалык жашыруун болгондуктан, Фридрих өзү дагы, көп деген убакыттар, аны алып барып жашырган жерди, издеп таба албай калган. Кылынган иш жөнүндө башкаруучуга атайын эле айтышкан эмес, ким эч нерсе билбей турган болсо, жашыруун сырды катуу жеңил болот. Фридрих, реформатордун өмүрү коопсуз экендиги жөнүндөгү кабарды укканга эле, кубанып турду.УК 151.2

    Жаз, жай, жана күз дагы өтүп, кыш келди, ал эми Лютер баштагысындай эле туткунда калды. Алеандар жана анын жардамчылары, жакында Жакшы Кабардын жарыгы биротоло жок болот, дешип кубанышкан. Бирок алардын тилегине каршы, реформатор, өз чырагын, чындыктьш жарыгы менен толтуруп жатты, жана анын жарыгы баштагыдан дагы катуурак жарык бермек.УК 152.1

    Вартбургдагы достук айлананын курчоосунда, Лютер бoлyп өткөн толкундоолордон, жана айыгышкан күрөшүүлөрдөн катуу чарчагандыктан, бир канча мезгил дем алып, үстүндөгү жүгүнөн айрылгандай болду. Бирок, көпкө чейин тынчтыкта жана бейкуттукта, ырахаттанып жата берген жок. Иштеп, жана талыкпай күрөшүп көнүп калгандыктан, ишсиз ушул күндөрдү арандан зорго чыдоо менен өткөрдү. Жалгыздыкта болуу менен, ал Жыйындын ал акыбалы туурасында ойлонуп, мындай деп толгонуу менен айткан: “О, ушул акыркы күндөрдө, Теңирдин алдында дубал сыяктуу бекем турган, жана Израилди кукара турган, бир адам болсо кана, андай бирөө дагы жок!” 113ошол эле жерде, 9-китеп, 2-бап. Кээде Лютерди, анын күрөшүүдөн кийинки кетип калуусун, башкалар коркоктук катары, кабыл алыша тургандыгы, жүрөгүн өйүп туталандырган. Ал өзүн кээде жөн гана күндөрдү өткөзүп жатам, деп жемелеген, бирок ошол эле мезгилде көп нерселерди жасаган. Анын калем сабы, эч убакта ишсиз турган эмес. Лютердин оозун басып тындык деген, анын душмандары, көп убакыт өтпөстөн эле анын уланып жаткан иштеринин жыйынтыгын көрүшүп, бул далилдерден тычсызданышып, эстерине келе алышпай дэңдароо болушту. Анын калем сабынан жазылып чыккан, көп сандаган талкуулар, түгөл Германияга таратылды. Өз замандаштарынын арасындагы Лютердин кылган иштерине баа жетпейт, - анткени ал, өз немец тилине Жаңы Осуятты которгон. Өзүнүн аскалуу Патмос аралынан, бир жыл аралыкта Жакшы Кабар жөнүндө насаат айтууну улантып, өз замандаштарынын күнөөлөрүн жана жаңылыштыктарынын айыбын ачкан.УК 152.2

    Кудай Өз күлүн, көпчүлүктүн жашоосунан, анын өмүрүн сактап калуу үчүн гана куткарбастан, жана ага башка маанилүү иш тапшыруу үчүн куткарды. Жок, Теңир өтө алыc, жана жогоруу баруу максатын көздөгөн. Өзүнүн тоодогу коргочолонгон жайында, Лютер тынычтыкта жана жалгыздыкта бoлyп, адамдардын мактоосунан, жана ыраазылык сөздөрүнөн алыc болгон. Адамдарга көп учурларда ийгилик алып келип турган, текебердиктен жана өзүн өзү жогору көтөрүү сезимдеринен ал четтетилген. Кайгы жана момундук, аны баш айланта турган бийик чокуларга чыгарып, коопсуз чындыктын жолунда саякат курууга, аны даярдады.УК 152.3

    Качан адамдар, чындык тартуулаган эркиндикке кубана турган болсо, анда алар, Теңир кимдин колу менен, адашуунун жана жалган ишенимдин чынжырларын үзгөн адамдарга, табынууга ыктуу болушат. Шайтан адамдардын оюн жана сезимдерин, Кудайдан алагды. кылып, жана алардын көңүлүн, курал бoлyп дайындалган адамдарга жана орточуларга буруп турат. Ал, бир гана колдонгон куралдарды даңктоого мажбурлап, жана бардык окуяларды башкарып турган Кудуреттүү Колду барк албаганга үндөйт. Көпчүлүк диний жетекчилер, мактоого жүрөктөрүн толтурушкандыктан, өздөрүнүн Кудайга болгон көз карандылыгын унутушат, жана өздөрүнүн күчү менен, Кудай иштерин жасап жатышкандай, өздөрүн сезишет. Жана ошондо, ал адамдар, Кудай Сөзүнө эмес, өздөрүнө, адам-дарды ишендирүүгө умтулушат. Реформа иштери көп учурларда, анын келгиндери өздөрүн сооротyшyп, адамдар алдында табынуу рухун кабыл алышкандыктан токтоп турган. Реформация иштерин, мына ушундай коркунучтардан сактап калуу үчүн, Теңир ар - дайым аракеттенип келген. Бул иш, адамдардын эмес, бирок Кудайдын мөөрү менен бекемделүүсүн, Кудай каалаган. Адамдар Лютерди, чындыктын түшүндүрүүчүсү катары кабыл алышкан, жана ошондуктан, адамдардын көз карашы, чындыктын Авторуна кайрылуусу үчүн, ал көлөкөгө алынып кеткен.УК 153.1