Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    28 Бап — Өmyp Китеби Менен Бетме Бет

    “Акырында тактылар коюлганын көрдүм, ага урматтуу Карыя отурду; Анын кийими кардай аппак, башындагы чачтары ак, таза жүн сыяктуу, отурган тактысы - от жалыны сыяктуу. Анын алдынан чыккан от дарыясы агып жатты... Бийлер отурушту да, алдында китептер ачылды” (Дан. 7:9, 10).УК 432.1

    Жер үcтүнүн бийлери, адамдардын мүнөздөрүн жана өмүрүн карап чыгуу үчүн, жана ар бирине “ишине жараша” тиешесин берүү үчүн болгон салтанаттуу күн, пайгамбарга мына ушундайча көргөзүлгөн. Байыркы Карыя - бул Кудай Ата. Забурда мындай деп айтылат: “Тоолор жаралгандан мурда, жер менен ааламды Сен жараткандан мурда эле Кудай - Өзүң болгонсуң” (Забур. 89:3). Ал бардык жаратылган нерселердин Булагы, жана бардыгын Ал негиздеген, жана бардык Мыйзамдардын Жаратуучусу, ушул Сотто, Калыс бoлyп олтурушу керек. Ушyл улуу Сотто, кызматчылар жана күбөлөр катары, ыйык периштелер дагы катышат. Алардын саны - “миңмиңдеген жана түмөн -түмөндөгөн”.УК 432.2

    “Менин көзүмө Адам Уулу көктөгү булуттардын үстүндө баратканы көрүндү да, Урматтуу Карыяга жакындаары менен, Ага жеткирилди. Жана Ага бардык элдер, уруулар жана ар бир тилде сүйлөгөн улуттар кызмат кылсын үчүн, бийлик да, даража, падышалык берилди; Анын үстөмдүтү — түбөлүк үстөмдүк, Анын падышалыгы - түбөлүктүү, урагыс падышалык” (Дан. 7:13,14). Бул жерде жазылган, Машаяктын Экинчи Келиши эмес. Ал Асманда Байыркы Карыяга бийлик, атакдаңк жана падышалык алуу үчүн, Өзүнүн элдештирүүчү кызматы аяктагандан кийин, Келип жатат. Бул жерде Машаяктын Экинчи Келиши эмес, 2300 күндүк пайгамбарлыктагы, 1844-жылдын аягында бoлyп өтө турган окуяны көргөзгөн. Ыйык периштелердин коштоосу менен биздин Улуу Динкызматчыбыз, Кудайдын алдында туруу үчүн, Ыйыктардын Ыйыгы бөлүмүнө кирип жатат, жана ал жерде Өзүнүн элдештирүү ишин аяктайт, башкача айтканда, ким татыктуу болсо, ошолорду куткарып алуу үчүн, тергөө ишин жүргүзөт.УК 432.3

    Yлгүлүк кызматында, ким курмандык чалып, жана ал курмандыктын каны касиеттүү жайгаУК 432.4

    киргизилген болсо, ошол адамдар гана, тазалоо кызматына, улуу тазалануу күнүндө катыша алышкан. Ошол сыяктуу эле, куткарып алуунун улуу Күнүндө жана тергөө Сотунда, ким Кудайга таандык болсо, ошол адам-дардын гана иштери каралат. Ал эми адилетсиздер үчүн боло турган сот - бул, кийинчирээк боло турган башка окуя. “Аткени сот Кудайдын Yйүнөн баштала турган убак келди; эгерде адегенде бизден башталса, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин акыры эмне болоор бoлдy экен?” (1 Петр. 4:17).УК 433.1

    Адамдардын ала турган тиешеси, ар бир адамдын аттары жана кылган иштери жазылган, Асмандагы китептердин чечими боюнча жүргүзүлөт. Жана Даниил пайгамбар мындай деп айтат: “Бийлер отурушту - жана китептер ачылды”. Ошол окуя жөнүндө айтып жатып, Аян Китебинде мындай деп кошумчаланат: “Башка дагы бир китеп ачылды, ал өмүр Китеби; жана өлгөндөр китепте жазылгандай, өздөрүнүн иштерине жараша соттолушту” (Аян. 20:12).УК 433.2

    Өмүр Китебинде, Кудайга кызмат кылып келген адамдардын аттары жазылган. Ыйса Өз шакирттерине мындай деп буйрук берген: “Силердин ысымыңар Асманда жазылгандыгына кубангыла” (Лк. 10:20). Элчи Павел дагы, “ысымдары - өмүр Китебинде жазылган” (Флп. 4:3), кызматташтар туурасында айтып кеткен. Даниил пайгамбар, “бoлyп көрбөгөндөй кыйын күндөргө” көз жүгүртүп, “Китепте жазылып табылган” Кудай эли куткарылат, деп айтат. Аян Китебинде мындай деп жазылган, Козунун өмүр Китебинде жазылгандар” гана Кудайдын Шаарына киришет (Дан. 12:1; Аян. 21,27).УК 433.3

    “Өмүр Китеби” Кудайдын алдында жазылат, жана ага “Кудайдан корккон, жана Анын Ысымын кастарлаган” (Мал. 3:16) адамдардын иштери киргизилген. Алардын ишеним сөздөрү, сүйүү иштери Асманда жазылган. Неемия бул нерселерге көңүл буруу менен мындай деп айткан: “Бул үчүн мени эсиңе ала кор, менин Кудайым, Кудайымдын Үйүнө кылган ак кызматымды, жана аябаган аракетимди эсинден чыгарба” (Неем. 13:14). Кудайдын тастыктаган Китептеринде, ар бир адилеттүү иштер кылымдарга жазылып калган. Ал жерде ар бир сынакка туруштук берүүлөр, ар бир жамандыкты жеңген жеңиштер жана ар бир айтылган жумшак сөздөр, калтырылбастан белгиленип калган. Ал Китептерде дагы, каажыбаган иш аракеттер, Машаяк үчүн тартылган азаптар жана жаракаттар калтырылбай баяндалган. Забурда мындай деп жазылат: “Сенде менин жолоочулаган күндөрүмдүн бардыгы эсиндеби; көз жашымды Өз идишиңе куюп көр, алар Сенин эсеп Китебиңде эмеспи?” (Забур. 55:9).УК 433.4

    Ал жерде андан тышкаары, адам-дардын күнөөлөрү дагы белгиленген: “Анткени бардык ишти жана жашыруун сырды, алар жакшыбы же жаманбы Кудай тергөөгө алып келет” (Yг. Кит. 12,14). “Адамдар ар бир айткан орунсуз сөздөрү үчүн, сот күнүндө, сурак берет”. Куткаруучу мындай деп айтат: Анткени сен сөз айткан үчүн акталасың, жана ар бир айткан сөздөрүң үчүн айыпталасың” (Мф. 12:36,37). Бул катасыз жазууларда, ар бир жашыруун ойлор жана жандануулар жазылган, анткени Кудай “караңгыдагы жатылган нерселерди жарык кылып, жана жүрөк ойлорун талдайт” (1 Кор. 4:5). “Мына эмнелер Менин көз алдымда жазылган... силердин мыйзамсыздыгыңар, жана силерге кошyлуп аталарыңардын мыйзамсыздыктары...” (Ис. 65:6,7).УК 433.5

    Ар бир адамдын кылган иштери Теңир аркылуу каралып жатат, жана ишенимдүү же ишенимсиз бoлyп белгиленип жатат. Ар бир ысымга каpшы Асман Китептеринде, ар бир жөнү жок сөздөр, ар бир өзүмчүлдүк менен кылынып жаткан иштер, ар бир аткарылбай жаткан милдеттенмелер, жана адилеттиктин кийимине жамынган болсо дагы, ар бир жашыруун күнөөлөр, бир дагы ариби калтырылбастан так жазылып жатат. Ар бир баш тартууларды, эскертүүлөрдү, жана Ыйык Рухтун айыпты ачкандарын, жөнү жок коротулган убакыттар, кетирилген мүмкүнчүлүктөр, адам аркылуу жасалган жакшы же жаман таасирлер, жана ал таасирлердин аркасында болгон нерселер, периште аркылуу калтырылган эмес.УК 434.1

    Сотто адамдардын мүнөздөрү аныктала турган тараза, Кудайдын Мыйзамдары бoлyп эсептелет. Даанышман Сулайман пайгамбар мындай деп айткан: “Кудайдан корк, жана Анын Осуятгарын бекем сакта” анткени адамдарга керектүүнүн бардыгы ушунда; анткени бардык ишти Кудай тергөөгө алып келет” (Yг Кит. 12:13,14). Элчи Жакып боордошторуна мындай деген насаат берет: “Эркиндик Мыйзамы менен соттолуучу адамдар кандай кылса, ошондой сүйлөгүлө жана ошондой мамиле кылгыла” (Жакып. 2:12).УК 434.2

    “Татыктуу”, деп табылган адамдар, адилеттүүлөрдүн тирилүүсүнө катышууга мүмкүндүк ала алышат. Ыйса дагы мындай деп айткан: “Ылайык табылгандар, тиги дүйнөдө болууга, өлгөндөн тирилүүгө жетишет... алар периштеге тең бoлyшyп, тирилүүгө татыктуу болушкандыктан, Кудайдын уулдары аталышат” (Лк. 20:35,36). Ал кайрадан мындай дейт: “Жана жакшылык кылгандар түбөлүк өмүргө тирилишет” (Ин. 5:29). Өлгөн адилеттүүлөр, “тирилүүгө татыктуу” аталгандан кийин гана, тергөө соту бүткөндөн кийин түбөлүк өмүргө тирилишет. Алардын тиешесин берүү үчүн, алардын иштери каралып жатканда, алар түздөн-түз соттун алдында турушпайт.УК 434.3

    Ыйса алардын Жактоочусу болот. Ал, Кудай алдында алар үчүн өтүнүп суранат. “Эгерде ким күнөө кетире турган болсо, анда Кудай Атанын алдында Адилеттүү, Ыйса Машаяк Жактоочубуз бар” (1 Ин. 2:1). “Себеби Машаяк, чыныгы ыйык Жайдын кебетеси болгон, кол менен жасалган ыйык жайга кирген жок, бирок, азыр биз үчүн Кудайдын алдында туруу үчүн,Асмандын өзүнө кирди” (Евр. 9:24). “Ошондуктан Ал, Өзү аркылуу Кудайга келгендерди куткара алат, себеби алар жөнүндө Кудайдан сурануу үчүн, Ал ар-дайым тирүү” (Евр. 7:25).УК 434.4

    Кыямат Күндо качан китептер ачылганда, ошондо Ыйсага ишенген адамдардын өмүрү, Кудайдын көз алдынан өтөт. Жер үстүндө жашап өткөн алгачкы адамдан тартып, биздин Жактоочу, укумдан-тукумдарга биринин артынан бирине өтүп отуруп, акыркы жашагандардан аяктайт. Ар бир адам өз ысымдары менен чакырылып, жана алардын ар биринин өмүрү, кылдаттык менен каралып чыгат. Кимдир бирөөлөр кабыл алынса, кимдир бирөөлөр кабыл алынбайт. Эгерде иштер жазылган китептерде, адам тoбo келтирбеген күнөө табылып кала турган болсо, жана ал адам суранып, кечирим албаса, анда ал адамдын ысымы өмүр китебинен чийилип ташталып, жана анын жасаган жакшы иштери, Кудайдын эскертип туруучу Китебинен жок кылынат. “Теңир Мусага: Менин алдымда күнөө кетирген адамды, Менин Китебимден жок кылам, деп айткан” (2Муса. 32:33). Жана Иезекиил пайгамбар дагы мындай дейт: “Жана адилеттүү адам, эгерде өз чындыгынан баш тарта турган болсо, жана адилетсиз иштерди жасаса, ... анын кылган бадык жакшы иштери эске алынбайт” (Иез. 18:24).УК 435.1

    Ким чын жүрөктөн тoбo келтирген болсо, жана Машаяктын Канын куткарып алуучу курмандык катары кабыл алса, анда ал, Асман Китептеринде жазылган ысымынын жанында, куткарылган деген белгиге ээ болот; Алар Машаяктын адилеттигине шериктеш бoлyп калгандыктан, алардын мүнөздөрү дагы Кудай Мыйзамына шайкеш болот, алардын күнөөлөрү жоюлуп, алар түбөлүк өмүргө татыктуу бoлyп чакырылышат. Теңир Исаия пайгамбар аркылуу минтип убада берген: “Мен, Мен Өзүмдүн урматыма сенин кылмыштарыңды Өзүм кетирем, жана сенин күнөөлөүңдү эстебейм” (Ис. 43:25). Ыйса мындай дейт: “Жеңген адам ак кийинет; жана Мен анын ысымын өмүр китебинен өчүрбөйм, жана Менин Атамдын алдында, жана Анын ыйык Периштелеринин алдында, анын ысымын ачык тааныйм” (Аян. 3:5). “Жана адамдар алдында Мени тааныгандарды, Асмандагы Атамдын алдында Мен дагы таанып алам; Жана адамдар алдында Менден ким баш тарта турган болсо, Асмандагы Атамдын алдында, Мен дагы аларды тааныбай коём” (Мф. 10:32,33).УК 435.2

    Жердеги бийлер сот ишин канчалыктуу кылдат карабасын, өмүр китебине ысымы кирген адамдардын иштери, Түгөл Ааламдын Бийинин алдындагы, Асманда каралып жаткан тергөө иштеринин алдында, анын кичинекей гана чагылдырылышы бoлyп саналат. Кудайдан коюлган Жактоочу, Анын Канына ишенүү менен жеңишке жетишкен адамдардын, кылган кылмыштары кечирилиши үчүн суранып, алар “баштагы ээлигине кайрылып келиши үчүн” (Мих. 4:8),алардын Өзү менен бирге энчилеш болушун каалап, Бейишке кайрадан кайрылып баруусун өтүнөт. Өзүнүн адамдарды адаштыруу, алдоо үчүн болгон аракетинин аркасында, шайтан, Кудайдын адамдар үчүн койгон планын бузууну каалайт; бирок Машаяк азыр, бул пландын иш жүзунө ашышы үчүн сурачууда. Ал Өз балдарынын жөн гана күнөөдөн кечирилип жана акталуусун гана суранбастан, алардын Өзүнүн тактысынын жанында отуруусун, Өз даңкы менен алардын бирге бөлүшүүсүн дагы суранууда.УК 435.3

    Ыйса, Өзүнүн ырайымын кабыл алган адамдар үчүн, алардын акталуусун суранып жатканда, аларды шайтан, Кудай алдында кылмышкер катары айыптайт. Улуу адаштыруучу аларды Кудайдан үмүттөнүүсүн токтотуу үчүн, Анын сүйүүсүнө маани бердирбей, жана Анын Мыйзамдарын бузуу үчүн ишенбестикке киргизген. Эми болсо ал, алардын өмүрүн, кемчиликтерин, жана бул адамдар менен Машаяктын келише турган сапаттары жок экендигин, жана алар өз Куткаруучусун шылдың кылгандыгын көргөзүүдө; эми ал, аларды өзү түрткөн бардык күнөөлөрүн айтып, өзүнө тийиштүү экендигин билдирет.УК 436.1

    Ыйса алар кетирген күнөөлөрдү кечирбестен, алардын кылган тoбo келтирүүлөрүн жана ишенимдерин көргөзүп, аларды кечирүүсүн, Кудай Атадан суранат. Ал Өзүнүн тешилген колдорун, Атага жана ыйык периштелерге көргөзүп, жана мындай деп айтат: “Мен аларды аттарынан тааныйм. Мен аларды Өзүмдүкү деп белгилеп койгом”. “Кайналуу руху - Кудайга курмандык болот, кайгылуу жана жоошуган жүрөктү Сен жаман көрбөйсүн, Кудай” (Забур. 50:19). Жана Өз элин жамандоочуга кайрылып мындай дейт: “Тенир сага тыюу салсын, шайтан, Иерусалимди тандап алган Тенир сага тыюу салсын! Ал оттон суурулуп чыккан чычаладай эмес беле?” (Зах. 3:2). Машаяк Өзүнө ишенимдүү болгондорду, Өз Атасынын алдына алып баруу үчүн, алрды Өз адилеттигине чулгайт, “даңктуу Жыйын көргөзүш үчүн, тагы, кемчилиги же ошого окшогон бирдемеси жок, бирок ыйык жана кемчиликсиз кылып даярдаган” (Еф. 5:27). Алардын ысымдары өмүр Китебине киргизилген, жана алар жөнүндө мындай деп жазылат: “Жана Мени менен бирге ак кийим кийинишип жүрүшөт, анткени алар ошого татыктуу” (Аян. 3:4).УК 436.2

    Ушундайча Жаңы Осуяттагы бе-рилген убадалардын бардыгы иш жүзунө ашат: “Мен алардын мыйзамсыздыктарын кечирем, жана алардын күнөөлөрү жөнүндө, эми эстебейм”. “Ал күндөрдө жана ал мезгилдерде, дейт Теңир, Израилдин айыбын издешет, бирок жок болгондуктан табылбайт, жана Иуданын күнөөсүн казышат, бирок ал дагы табылбайт; анткени тирүү калгандардын күнөөсүн кечиремин” (Иер. 31:34; 50:20). “Ошол күнү Теңирдин жан бутагы, айчырыйы, ар-намыcы менен пайда болот, жана улуулугу даңкы менен, аман калган Израил уулдары үчүн, жердин түшүмү пайда болот. Ошондо Сиондо калып калгандар, жана Иерусалимде аман калгандар, Иерусалимде жашаш үчүн китепке катталгандар, ыйык деп аталышат” (Ис. 4:2,3).УК 436.3

    Тергөө соту жана күнөөлөрдү жок кылуу иштери, Машаяктын Экинчи Келишине чейин аягына чыгуусу керек. Өлгөн адамдар китептерде жазылган боюнча соттоло турган болгондуктан, алардын тиешеси чечиле турган соттон мурда, алардын күнөөлөрүн тазалоого болбойт. Бирок элчи Петр, ишенген адамдардын күнөөлөрү “жыргал заман силерге Теңирден келгенде”, “Ал силерге арналып берилген Ыйса Машаякты жибергенде”, кечирилет деп, ачык айтат. Качан тергоо сот иши аяктаганда, Машаяк жер үстүнө Келет, жана ар бир адамга тиешесин берүү үчүн, бере турган сыйлыгы Өзүндө.УК 437.1

    Жердеги үлгү кызматында, Израилди куткарып алуу ишин иш жүзүнө ашыргандан кийин, улуу дин кызматчы эл алдына чыгып, аларга алкыш сөздөрдү айткан. Ошондой эле Машаяк дагы, Өзүнүн элдештирүүчү кызматын аяктагандан кийин, “күнөөлөрдү кечириш үчүн эмес, куткаруу үчүн көрүнөт...” (Евр. 9:28), Аны күткөндөрдү түбөлүк өмүргө алып баруу үчүн Келет. Улуу динкызматчы, касиеттүү жайдан күнөөнү жок кылуу үчүн, “коё берилген текенин” үстүнө күнөөлөрдү жүктөгөн сыяктанып, Машаяк дагы бардык күнөөлөрдү, жамандыктын жарчысы, жана мыйзамсыздыктын айыптуусу болгон, шайтандын үстүнө жүктөйт. Израил элинин күнөөсү жүктөлгөн теке “эч ким баспаган” (ЗМуса. 16:22) жерге жеткирилген, ошол сыяктуу эле, шайтан дагы, Кудай элин жасоого мажбурлаган бардык күнөөлөрдү үстүнө алуу менен, миң жыл өмүр болбогон чөлдө сандалат, жана акыры ошол күнөөлөр үчүн, бардык адилетсиздер өрттөнө турган, тозоктун отунда өз жазасын алат. Мына ушундайча улуу куткарып алуу иши, күнөөнү түп тамыры менен жок кылуу, жана ким жамандыкты жеңүүгө умтулгандарды куткарып алуу менен аяктайт.УК 437.2

    2300 күн өткөндөн кийин, башкача айтканда 1844-жылы, тергоо соту үчүн белгиленген убакытта, сот жана күнөөлөрдү жоюу иши башталган: бардык мезгилдердеги Машаяктын жолдоочуларыбыз деп өздөрүн эсептеген адамдардын бардыгы, катуу текшерилүүгө алынышат. Тирүүлөр дагы жана өлгөн адамдар дагы “китептерде жазылган өз кылган иштерине жараша” соттолушат.УК 437.3

    Адамдар кечирим сурабаган жана тoбo келтирбеген күнөөлөр кечирилбейт, жана күнөөкөр адам үчүн, Кудайдын улуу Күнүндө күбөлөндүрүү үчүн жазылып калтырылат. Адам жаман иштерин күндүзбү, же түнүндөбү кылган болсо, бары бир алар, бизди соттой турган Кудайдын алдында айдан ачык. Кудайдын периштелери, ар бир жасалган күнөөлөрдү көрүп, жана алардын ар бирин калтырбастан белгилеген. Күнөөнү, атандан, апандан, аялыңдан, балдарыңдан же досторуңдан жашырып жана моюнга албай койгонго болот, кылынган жамандык жөнүндө, айыптуудан башка эч ким кабардар дагы боло алышпай калышы мүмкүн, бирок Асман алдында аларды жаап жашыруу мүмкүн эмес. Түбөлүктүүнүн алдында бир дагы ойду, караңгы түн дагы, эң эле кылдаттык менен жасалган эки жүздүүлүк дагы жашыра албайт. Ар бир адилетсиз кылынган иш, жана таза эмес жасалган кылмыш, Кудайга белгилүү. Аны, адилеттиктин маскасын кийүү менен алдап коюу мүмкүн эмес. Ал биздин ким экендигибизди, катасыз айырмалай алат. Куу, жүрөгү бузулгандар, өз жакындарын адашууга оңой эле алып кетип калышат, бирок Кудайга ар бир жалгандык маалым , жана адамдагы жашап жаткан ички өмүр, алаканга салгандай ачык.УК 437.4

    Кандай гана салтанаттуу ойлор, күндөн - күнгө түбөлүктү көздөй кетип бара жатат, бирок биз эмнелерди жасай турган болсок, Асман Китептеринде жазылып калууда. Жана бир жолу айтылып калган сөздү, кайра кайтара албайсың, жасан нерселериңди өзгөртүүгө болбойт. Периштелер жакшы иштериңди жазган сыяктуу эле, жаман жасалган иштерди дагы жазып турушат. Эң эле мыктымын дегендер дагы, жашап өткөн бир күнүн артка кайрый алышпайт. Биздин иштерибиз, сөздөрүбүз жана эң эле катылуу ойлорубуздун - бардыгынын өз таразалары, жана биздин ала турган энчибиз үчүн мааниси бар. Көп сан-даган майда нерселер биз үчүн yнyтулуп калган, бирок алар жакшы же жаман бoлyп күбөлөндүрүшөт.УК 438.1

    Фото апараттагы пленка, адамдын кебете кешпирин так айырмалап көргөзгөн сыяктуу, Асмандагы Китептерде, адамдын мүнөзү дагы ачык айкын бoлyп түшурүлгөн. Бирок адамдар, Асман алардын ар бир кадамын карап тургандыгы туурасында, көп ойлоно беришпейт. Эгерде, көзгө көрүнгөн дүйнө менен, көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн ортосун тосуп турган парданы ачып жибере турган болсо, жана адам балдары сотто карала турган иштерин канча деген периштелер жазып жатышкандыгын көрүшсө, анда канча деген жаман сөздөр айтылбай, канча деген жаман иштер жасалбайт болчу!УК 438.2

    Сотто, бизге берилген жөндөмдүүлүктөрдөн канча пайда алып келгендигибиз, кылдаттык менен каралат. Асман аркылуу бизге ишенип берилген каражаттарды, кандайча пайдаландык? Теңир качан жер үстүнө Келгенде, Өзүнүкүн ашыгы менен ала алабы? Биз колубуздун, жүрөгүбүздүн, акылыбыздын күчүн, Кудайдын даңкы жана дүйнөнүн жакшылыгы үчүн колдондукпу? Биз өз убакытыбызды, өз калемибизди, өз үнүбүздү, өз акча каражатыбызды жана тааcирибизди эмне себеп менен колдондук? Кембагалдардын, кайгыргандардын, жетимдердин жана жесирлердин атынан, Машаякка биз эмнелерди жасадык? Кудай бизге Өзүнүн Ыйык Сөзүн ишенип тапшырган; жана биз, адамдарды куткаруу үчүн бизге ачылган ал жарыктар жана чындыктар менен, эмнени жасадык? Сөз менен гана айтыл-ган Машаякка болгон ишеним, эч кандай баалуу боло албайт, бирок, иш менен коштолгон сүйүү, Кудай алдында баалуу бoлyп эсептелет. Асман, бир гана сүйүүнүн жетегинде болгон иштерди гана кабыл ала алат. Адамдар алдында маанисиз жана болоор-болбос бoлyп эсептелген нерселер, сүйүү менен жасалган болсо, Теңирге жагымдуу, жана Ал аркылуу сыйлыкка татыктуу.УК 438.3

    Асман Китептери, адамдардын кылдаттык менен жаап жашырган өзүмчүлдүгүн ачып турат. Ал жерде, биз жакындарыбызга карата өзүбүздүн милдетибиз деп эсептебеген нерселер дагы, Куткаруучубуздун Мыйзамы жөнүндө унуткандыгыбыз катталууда. Жана Машаякка таандык болгон убакыттарын, адамдар шайтанга беришкендигин көрүшөт. Периштелер Асманга кандай гана кайгылуу кол жазмаларды алып барып жатышат! Машаяктын Ысымын алып жүрүшкөн, акылга ээ болушкан жаратылыштар, жердеги иштерге жана оюн-зоокторго, толугу менен кирип кетишкен. Акча каражаттары, убакыттар жана жумшалган күчтөр - бардыгы жеңил ойлуу кумарларга жана өз талаптарын канагаттандыруучу нерселерге сарпталат, ал эми Ыйык Жазууларды окууга, сыйынууга, өзүн момун кылуучу сапаттарга жана тoбo келтирүүлөргө, кандай гана аз убакыттар жумшалууда.УК 439.1

    Биздин башкы максатыбыздан алаксытууга аракеттенген, шайтандын тапкычтыгынын чеги жок. Улуу жалганчы, бизди куткарып алуучу Курмандыкка жана кудуреттүү Жактоочуга багыттай турган улуу чындыктарды абдан жек көрөт. Адамдарды Машаяктан жана Анын чындыкгарынан алаксыта турган болсо, ал көп деген ийгиликке жетише тургандыгын жакшы билет.УК 439.2

    Машаяктын Жактоочулук кызматын пайдаланууну каалаган адамдар, өз милдеттерин аткарууда, бир нерсе жолтоо болуусуна эч качан жол бербеши керек - “Теңирдин ыйык нерселерин коркунучта аткарышсын”. Мындай адамдар өз кымбат убакыттарын ичип жегенге, көңүл ачууларга жана мактанычка сарп кылышпайт, тескерисинче ынтаалуулук менен сыйынууда Ыйык Жазууларды изилдешет. Касиеттүү жай жана сот жөнүндөгү чындыктарды, Кудай эли абдан жакшы билүүлөрү зарыл. Ар бир адам, Улуу Динкызматчы эмне менен алек бoлyп жаткандыгын, өз жүрөгүндө туюнуусу керектүү. Эгерде мындай кылбай турган болушса, биздин кезде зарыл болгон ишеним табылбастан, адамдар Кудай аларга тапшырып берген кызматтарды, кабыл алууга жөндөмдүү болушпайт. Ар бир адам, же өз өмүрүн куткарат, же өз өмүрүн жоготот. Биздин ар бирибиздин өмүрүбүз, Кудай алдында таразалануу. Ар бир адам, Улуу Соттоочу менен бетме-бет кездешүүсү зарыл. Ошондуктан адам, Асмандагы Китептердеги териштирилип жаткан Соттун каардуу минуталарын оюнан чыгарбастан, Даниил пайгамбар менен бирдикте, өз энчисин алуусу зарылдыгын билүүсү керек.УК 439.3

    Ушул улуу чындыктар жөнүндөгү жарыкты ким кабыл алган болсо, Кудай ишенип тапшырган нерселерди, башкалар менен бөлүшүүсү керектүү. Асмандагы Касиеттүү Жайдагы кызматтын борбору - Машаяктын адамдарды куткарып алуу Кызматы бoлyп саналат. Ал Жердеги аткарылып жаткан нерселердин бардыгы, жер үстүндө жашап жаткан адамдарга тийиштүү. Жана Куткарып алуу планын ачып, бизди жердеги жашоонун аяктаган мезгилине, жана адилеттүүлөрдүн күнөөнүн үстүнөн болгон даңктуу жеңишине алып келет. Ошондуктан бардык адам ойлонуу менен бул суроолорду изилдеши зарыл, жана бизден талап кылынган ишенимге жооп беришибиз керек.УК 440.1

    Машаяктын адамдар үчүн болгон, Асмандагы Касиеттүү Жайда аткарып жаткан Жактоочулугу - Анын айкашкан жыгачта болгон Курмандыгы сыяктуу эле, куткаруу планынын ажырагыс бөлугу бoлyп саналат. Ал Өз өлүмү менен бул ишти баштап, жана ал ишти аяктоо үчүн, Ал Өзү тирилгенден кийин Асманга көтөрүлгөн. “Биз үчүн алдын ала Ыйса кирген” (Евр. 6:20) көшөгөнүн артына, биз дагы ишеним менен киришибиз керек. Анда Голгофадагы айкашкан жыгачтын жарыгы чагылдырылып турат. Ал жерден биз, куткарып алуунун жашыруун сырын теренирээк түшүнөбүз. Адамдардын куткарылуусу үчүн, Асман чексиз күн төлөгөн; алынып келген курмандык, Кудай Мыйзамынын талаптарынын аткарылбай калгандыгынын бардыгын кечире алат. Ыйса Атанын Тактысына баруучу жолду ачты, жана Анын Жактоочу кызматынын аркасында, Ага ишеним аркылуу келгендердин барды-гы, Кудайга өз каалоолорун жеткире алышат.УК 440.2

    “Өз кылмышын жашырган адам ийгиликке жетишпейт; ал эми ким билип, жана аны таштаса, ал акталат” (Yл. Аң. 28:13). Эгерде, өз катасын актаган жана жаап жашырган адамдар, бул иши үчүн шайтандын салтанат куруп жаткандыгын, Машаякка жана ыйык периштелерге күлүп жаткандыгын билишсе, анда алар токтоосуздан өз күнөөсүнөн тoбo келтиришип, аларды таштаганга аракет кылышат эле. Адамдардын алсыздыгынан пайдаланып, шайтан алардын бардык аң сезимин бийлеп алууну каалайт, анткени күнөө түп тамырынан жоготула тyрган болсо, алар жеңишке жетишээрин, ал жакшы билет. Ошондуктан ал, ар-дайым алдоо жолу менен Машаяктын жактоочуларын, бары бир алар өз алсыздыгынан арыла албай тургандыгын ишендирүүгө аракет кылат. Бирок Машаяк алар үчүн, ар-дайым өтүнүп турат. Ал Өзүнүн казык кагылган Колдорун, жараланган Денесин көргөзүп, Өз жолдоочуларына мындай деп айтат: “Сага Менин ырайымым жетишиктүү”. “Менин моюнтуругумду өзүңөргө жүктөп алгыла, жана Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана жүрөгүм момун, жаныңарга тынчтык табасыңар; анткени Менин моюнтуругум жыргал, жана оордугум жеңил” (2Кор. 12:9; Мф. 11:29,30). Ошондуктан эч ким өз күнөөсүн ондооого болбойт, деп ойлобосун. Биз алардан арылышыбыз үчүн, Теңир бизге ишеним жана ырайым тартуулайт.УК 440.3

    Биз бүгүн улуу Куткаруу күнүндө өмүр сүрүп жатабыз. Жердеги үлгү кызматында улуу динкызматчы кут-каруу кызматын түгөл Израил эли үчүн өткөргөн, жана алардын бардыгы өз жүрөктөрүн момун кылышып, коомчулуктан бөлүнүп калбашы үчүн, өз күнөөлөрүн Кудай алдында моюндарына алышып тoбo келтиришкен. Ошол сыяктуу эле, ким өз ысымынын өмүр китебинде сакталып калуусун каалаган болсо, ушул калган кыска мөөнөт өмүрүндө, өз кылган күнөөлөрү үчүн кейип, Кудай алдында тoбo келтирсин. Адам өз жүрөгүн терең изилдөөсү зарыл. Жеңил ойлуулук жана туруксуздук, өздөрүн ишенүүчү деп атаган адамдардын көпчүлүгүнө таандык, бирок алар жеңилиши керек. Ким өз күнөөлүү кумарларынын үстүнөн бийлик жүргүзүүнү каалай турган болсо, аларды улуу күрөш күтүп турат. Өзүн даярдоо кызматын, ар бир адам өзү аткаруусу зарыл. Биз бардык жыйыныбыз менен куткарыла албайбыз. Бир кишинин берилгендиги жана такыбаалыгы, башка адамдагы жок нерсени толтура албайт. Кудайдын Сотунда бардык адам турган болсо дагы, Ал ар биринин ишин, андан башка эч ким жер үстүндө жашабаган сыяктуу, кылдаттык менен карап чыгат. Ар бири сыналат, жана кандайдыр бир күнөөнүн тагы, же ошого окшогон эч нерсе аларда болбошу керек.УК 441.1

    Куткарылуу иши кандай гана салтанаттуулук менен аяктайт! Кандай маанилүү суроолор чечилет! Азыркы мезгилде Асмандагы Касиеттүү Жайда сот иши жүрүп жатат. Бул иш көп жылдардан бери аткарылып жатат. Жакында - тирүүлөрдүн иштерин карай турган мезгил болот - аны эч ким билбейт. Ар бир адам Куткаруучунун бул сөздөрүн эстерине сактоосу зарыл: “Карагыла, сергек болгула, сыйынгыла; анткени бул мезгилдин качан боло тургандыгын билбейсиңер” (Мк. 13:33). “Эгерде сергек болбой тyрган болсоң, Мен сага ууру сыяктуу келем, жана сен, Менин качан келээримди билбей каласың” (Аян. 3:3).УК 441.2

    Качан тергөө соту аяктаганда, ар бир адамдын алган тиешеси өзүнө ыйгарылат - өмүргө же өлүмгө. Бул сынак мөөнөтү, Машаяктын Асман булуттарынын арасында Экинчи Келишинин алдында аткарылат. Машаяк бул боло турган күндөрдү алдын ала көрүп, мындай деп айткан: “Адилетсиз адам дагы адилетсиз иштерин кыла берсин; ыпылас адам дагы ыпыластыгына бата берсин; адил адам дагы адилдигин аткарсын, касиеттүү адам дагы касиеттүү боло берсин. Мына, Мен жакында Келем; ар кимдин тиешесин ишине жараша берүү үчүн, Мен бере тyрган акы Өзүмдө” (Аян. 22:11,12).УК 442.1

    Адилеттуулөр жана адилетсиздер дагы, жер үстүндө өлө турган денеде жашап жатышат: алар үрөөн себишет жана там курушат, жешет жана ичишет, Асмандагы Касиеттүү Жайда, алар үчүн өкүм чыгып калгандыгы жөнүндө кабатыр дагы болушпайт. Топон суунун алдында, Нух пайгамбар өз үй-бүлөсү менен кемеге киргенде, алардын артынан Теңир эшикти жаап койгон, ал эми адилетсиздер тышта калышкан, бирок дагы жети күн аралыгында, адамдар өздөрү үчүн чечим чыгарылып калгандыгын билишпестеп, өздөрүнүн күнүмдүк көнгөн жашоосун уланта беришкен, жана жакындап калган өкүмгө көңүл бурушпастан өз мыскылдарын токтотушкан эмес. “Демек, Адам Уулунун Келиши дагы ошондой болот” (Мф. 24:39). Yнсүз түн ортосунда уурдаганы келген ууру өңдөнүп, ар бир адамдын тиешеси бериле турган, чечүүчү саат келет, жана сунушталган ырайымдан, күнөөкөрлөр биротоло ажыратылат.УК 442.2

    “Демек, сергек болгула... кокусунан келип, силерди уктап калган абалыңарда таппасын” (Мк. 13:35,36). Сергек болуудан чарчашкандыктан, кайра эле дүйнөнүн түйшүгүнө берилип кеткен адамдар, кандай өздөрүн тобокелге салууда! Кызматкер киши жакшы жашоонун артынан кууганда, кумарга берилген адам өз кумарын талаптандыруу үчүн умтулганда, мооданын кулдары өздөрүнүн кийимине кызыкканда, Түгөл Ааламдын Калысы, мындай деген Өз өкүмүн жарыялайт: “Сен таразага тартылдың, жана эң эле жеңил болуп табылдың” (Дан. 5:27).УК 442.3

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents