Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    35 Бап — Абийир Эркиндиги Коркунуч Алдында

    Азыркы мезгилдерде, протестант жыйындары, римдиккатоликтик чиркөөсүнө башкы жылдарга караганда, жакшы мамиледе бoлyп жатышат. Католик чиркөөсү көп көтөрүлө элек мамлекеттерде, алар өздөрүнүн ээлеген ордун бекемдөө максатында достук мамиледе болушууда, жана протестант жыйындары, папалык бийлик башындагылардын окутууларына, шериктеш мамиле кылып жатышат. Негизги суроолор боюнча айырмачылыктар, алар менен биздин ортобузда, мурдагыдан анчалыктуу деле чоң эмес деген ишенимдер, барган сайын бекемделүүдө, жана биз тараптан болгон, билинбеген нерселерге жол берүүлөр, Рим менен мамилелеш болууга өбөлгө түзөт. Абийир эркиндигин кымбат баа менен жеңип алган, жана аны баалаган мезгилдер болгон. Алар өз балдарына, папалык кыймылга карата болгон жийиркеничтер жөнүндө үйрөтүшкөн, жана римдин окутуулары менен кошулуу, Кудайга карата душмандык бoлyп саналган. Азыр болсо, такыр башка пикирлер айтылып жатат.УК 505.1

    Папанын жактоочулары мындай дешет, чиркөө жаманатты болуп калган, жана протестанттар ушул пикир менен кошулуп турушат. Жана көпчүлүгү минтип айтышат, азыркы чиркөөнү, караңгылык жана түркөйлүк кездеги жамандыктар жана адашуулар менен салыштырууга, жана соттоого болбойт. Алар, анын ошол кездеги кылган нерселерин, ошол доордогу маданиятсыздыкка байланыштуу болгон иштер, азыр болсо, биздин учурдагы өнүгүп өсүүлөр, чиркөөнүн көп нерселерге болгон көз карашын өзгөрткөн, деп актанышат.УК 505.2

    Ушул текебер бийлик, сегиз кылым аралыгында өз айыпсыздыгын жарыялап келгендигин, чын эле адамдар унутуп калышканбы? Папалык кыймыл баш тартуу жөнүндө дагы ойлонбогон бул кыстоолор, он тогузунчу кылымда, баштагысынан дагы, чоң айырмачылык менен бекемделген. Римдин айткандары мындай болуучу: “Чиркоо эч качан адашкан эмес, жана Ыйык Жазуyнyн негизинде, эч качан адашпайт” 346Джон Л. Фон Мошейм, “Жыйын-дардын тарых институту”, 3-китеп, И-кылым, 2-бап, 2-болук, 9-бөлум, 17-эскертүү.. Башкы кылымда эле жетектелип келген негиздерден, ал кантип азыр баш тарта алсын?УК 505.3

    Папалык чиркөө, өз айыпсыздыгы жөнүндөгү оюнан эч качан баш тартпайт. Алардын окутууларына каршы келген нерселер үчүн болгон куугунтуктарды, алар азыр деле туура деп эсептешет, эгерде аларга кайрадан ушундай эле мүмкүнчүлүк бериле турган болсо, эмне алар баштагы жасаган аракеттерин жасашпайт бекен? Мамлекеттик бийликтер киргизилген токтотууларын алып таштап, жана Римге баштагы бийлигин берип көрүшсүн, - баштагы зөөкүрдүк жана куугунтуктар шыр эле жаңыртылат.УК 505.4

    Көрүнүктүү бир жазуучу, папалык бийликтин абийир эркиндигине карата болгон коркунучу, биринчи кезекте эле, ийгиликке жетише турган болсо, Кошмо Штаттарды каптайт, деген:УК 506.1

    “Көпчүлүгү , римдиккатолик чиркөөсүнүн коркунучун, Кошмо Штаттардагы фанатизм же баланын ишин кылгандыкка, ыйгарууга даяр. Алар, католиктердин койгон көрсөтмөлөрүнөн жана мүнөздөрүнөн, биздин абийир эркиндиги окутууларыбыз менен душмандыгын көрүшпөстөн, бул чиркөөнүн өсүшүндө эч кандай жамандык табышпайт. Келгиле, мамлекеттин кээ бир негизги көрсөтмөлөрү менен, католик чиркөөсүнүн негиздерин салыштырып өтөлү.УК 506.2

    Кошмо Штаттардын Конститутциясы абийир эркиндигин тартуулайт. Мындан баалуу жана бекем эч нерсе жок. Папа Пий IX 1854-жылдын 15августундагы өзүнүн маалыматында мындай деп айткан: “Абийир эркиндигин сактаган, маанисиз жана жалган доктриналар, же былжыраган окутуулар, эң эле коркунучтуу жалгандык бoлyп эсептелет. Бул, мамлекеттеги бардыгынан корко турган чума (келте) оорусу”. Ошол эле папа, 1854-жылдын 8-декабрында берген маалыматы боюнча, “ким абийир эр-киндигин жана динин коргой турган болсо”, жана “ким чиркөөгө күч колдонгонго болбойт деп эсептей тyрган болсо, чиркөөдөн чыгарылсын”, деп айткан.УК 506.3

    Кошмо Штаттагы Римдин жоошуткан добушу, папалык кыймылдын оюнун өзгөрүлбөй тургандыгын билдирет. Католик чиркөөсү, өзү алсыз болгон аймактарда гана токтоолук көргөзүп турат. Эпископ O*Коннор мындай дейт: “диндердин эркиндигине, католиктердин дүйнөсү үчүн залака келтирбей турган, карама - каршы негиздерди койгончо гана, биз чыдамдуулук көргөзүп турабыз...” Архиепископ Сент-Луиса бир жолу мындай деп айткан: “Жалгандык таратуу жана ишенбеcтик - бул кылмыш; мисалы Италия жана Испания сыяктуу христиан мамлекеттеринде - бардык адамдар католик бoлyп эсептелет, жана католик чиркөөсү, мыйзам берүүнүн маанилүү ордун аткарса, ал башка кылмыштарды жазалагандай эле жазалай алат...”УК 506.4

    “Ар бир кардинал, архиепископ жана католик чиркөөсүнүн епископтору, мындай деген сөздөр менен, папага ант беришет: “Мен болгон күчүм менен, жалгандык тараткандарды, бузгандарды жана биздин мырзабызга (папага) же анын жардамчысына тил албагандарды куугунтуктаганга, милдет алам” 347Джоеайа Стронг, “Биздин мамлекет”, 5-бап, 2-4 пар..УК 506.5

    Албетте, римдик-католик чиркөөсүндө, чын жүрөгүнөн Ма-шаякка ишенген адамдар дагы бар. Бул чиркөөгө тийиштүү болгон миндеген адамдар, алар өздөрү алган жарык боюнча, Кудайга кызмат кылышууда. Жана аларга Кудайдын Сөзүн эркинче окуганга жол беришпейт, жана ошондуктан аларга чындыктар жеткириле элек 3481888 жана І911жылы басылган.. Алар, Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылуунун айырмасын жана жол - жобо эрежелердин жөнөкөй гана аткарылып жаткандыгын, эч качан көрүшкөн эмес. Адамдын жанын жандандыра албаган, ушул курулай элестетүүлөргө болгон ишенимдеги адамдарды, Теңир кылдаттык менен карап турат. Жана аларды курчап алган калың караңгылыкты, Ал жарыктын нурлары менен таратууга аракет кылып жатат. Кудай аларга, Машаяктагы болгон чындыкты, өзүндөгүдөй кылып ачып берет, жана алардын көпчүлүктөрү, Анын элинин катарына кошулушат.УК 507.1

    Бирок католиктердин көз караштары, бүгүнкү күндө дагы, Машаяктын Жакшы Кабары менен, баштагысындай эле биримдиги жок. Протестант жыйындары караңгынын алдында калып жатышат, болбосо алар, мезгилдин белгилерин билишет болуучу. Католик чиркөөсүнүн алыска кете турган жана иштөө ыкмасынын пландары бар. Жана анын таасирин кеңейтип, бийлигин бекемдөө максатында көптөгөн каражаттар колдонулуп жатат. Бүт дүйнөлүк бийлик орнотуу үчүн чечкиндүү жана каардуу күрөш жана даярдык жүрүп, протестантизмдин бардык жеткен ийгиликтерин талкалоо үчүн аракеттенүүдө. Католиктердин кыймылы бардык фронтту басып келе жатат. Анын чиркөөлөрүнүн өсүшүн, жана протестант мамлекеттериндеги сакчылыктарына көңүл буруп, карап көрсөңөр. Америкада анын колледждери жана окуу жайлары, протестанттардын колдоосу менен, даңазаланып жогору көтөрүлүүдө. Англиядагы жоболоргo ишенүүлөрдүн саны көбөйүп, католик чиркөөсүнө кирүүгө адамдар даяр турушат. Ким Жакшы Кабардын таза негиздерин баалай турган болсо, бул алардын бардыгынын сезимин ойготушу керек.УК 507.2

    Протестанттар папалык кыймыл менен жакындашып, жана аны колдоп жатышат; Алар барып жатышкан келишимдер жана жол берүүлөр, жада калса папанын жактоочуларын дагы таң калтырып, эмне бoлyп жаткандыгын алар дагы түшүнө алышпайт. Адамдар католицизмдин чыныгы сапатына, жана анын бийлике келгенде коркунуч туудура турган абалына, көздөрүн жумуп алышкан. Адамдардын жана диндин эркиндигине жогорку деңгээлде коркунуч туудура турган, бул коркунучтуу душманга карата карама-каршылык көргөзүшүп адамдар ойгонушу зарыл.УК 507.3

    Көптөгөн христиандар, католик чиркөөсүнүн кылып жаткан кызматтарында, өзүнө тарта турган кызыгаарлык эч нерсеси жок, деп ойлошот. Бирок алар жаңылып жа-тышат. Католицизм жалгандыкка негизделген күндө дагы, бул жал-гандыкты өзүнө тарта турган эч нерсеси жок деп, айта албайсың. Рим чиркөөсүндөгү аткарылып жаткан диний кызматтар, жогорку деңгээлдеги өзүнө тарта турган эрежелер менен коштолот. Анын жол-жобо эрежелеринин салтанаттуулугу жана улуулугу, адамдардын аң-сезимин жана абийирин уктатып, алардын сезимдеринде терең из калтырат. Өтө кооз чиркөөлөрү, салтанаттуу эрежелери, алтындан жаркырап жасалган курмандык чалчу жайлары, баалуу таштар менен кооздолгон көрүстөндөрү, мыкты сүрөтчүлөр аркылуу тартылган сүрөттөр, мрамор скулптуралар, уккулуктуу музыкалар - ушунун бардыгы, жакшы таасир калтырат. Органдын терең жана жагымдуу үнү, ырдап жатышкан адамдар менен бириккенде, бийик чиркөөнү жацыртып созолонуп, адамдардын жүрөгүнө тынчтык жана касиеттүүлүк тартуулагандай сезилет, жана эч кимди көңүл коош калтырбайт.УК 508.1

    Бул сырткы жагымдуулук, эрежелердин көркү, күнөөдөн запкы жеп кыйналган адамдарды шылдыңдап, ички дүйнөнүн бузулгандыгын билдирип турат. Машаяктын дини, сырткы кооз кийим жасалгалар менен курчанганга муктаж эмес. Машаяктан агып турган чыныгы ишеним, таза жана сүйүүгө толгон, анын чыныгы баалуулугун, бир дагы сырткы жасалга, баалай албайт. Касиеттүүлүктүн сулуулугу, момундук жана үндөбөгөн рух - мына ушулар Кудай алдында баалуу.УК 508.2

    Сырткы жаркыраган нерселер, таза жана жогорку акыл жөнүндө айта албайт. Чеберчиликти жогорку баалагандык, жакшы нерселерди айырмалап билгендик - ушунун бары сезим жана ээн баштыктык менен колмо-кол жашап келет. Көпчүлүк учурда азгырык, адамдарга жан дүйнөгө керектүү болгон, түбөлүк өмүр жөнүндө, келечек туурасында өздөрүнүн түбөлүктүү Жардамчысынан баш тартып жана бул дүйнө үчүн гана жашоосуна, аракет кылууга азгырат.УК 508.3

    Жанданбаган жүрөк, диндин сырткы көрүнүшүнө гана баа берүүгө жөндөмдүү. Католик чиркөөсүнүн эрежелери жана кызматтары, көп деген адамдарды азгырып кеткен жазгыруучу, арбоочу күчкө ээ. Жана адамдар католик чиркөөсүн, бейишке алып кире турган эшик катары карашат. Бир гана чындыктын негизине бекемделген, жүрөгү Кудайдын Руху менен жаңырган адамдар, анын таасирине кабылышпайт. Машаякты иш жүзүндө тааный албаган миңдеген адамдар, Анын Күчүн эмес, сырткы такыбаалыкты кабыл алышат. Жана ушундай дин гана көпчүлүк адамдарга жагат.УК 508.4

    Католик чиркөөсү, күнөөлөрдү кечиргенге укугубуз бар деп жарыялагандыктан, анын келгиндери күнөө жасай берсе болот деп ойлошот, ал эми күнөө кечирүү эрежелери дагы, жамандыкты кылуу үчүн эркиндик бергенге, шарт түзөт. Ким күнөөкөр адамдын алдында өз тизесин бүгүп, ага өзүнүн катылган сырларын айтып, жүрөгүндөгүсүн чыгарса, ошону менен өзүнүн адамдык абийирин, жана жан дүйнөсүнүн касиетин басынтат. Өз күнөөсүн - күнөөкөр өлө турган адашкан, көп мезгилдерге аракка берилип жана ойноштук жасаган, дин кызматчынын алдында айтып кечирим сураса, ал адам өзүнө болгон талап кылуусун жоготуп жана жыйынтыгында бузулуп калат. Анын Кудай жөнүндө болгон элеcтетүүcү, күнөөкөр адамга салыштыруу болот, анткени дин кызматчы, Кудайдын ролун аткарып жатат. Бир адамдын экинчисине карата болгон күнөөнү ачып берүүсү, эң эле төмөн шылдың бoлyп саналат, жана бул сырдуу булактан жамандык агып чыгып, адамдарды бузуп, аларды биротоло өлүмгө түртөт. Өзүнүн кумарына берилген адамдар үчүн, өз сырын Кудайга айткандан көрө, өлө турган адамдын алдында айткан, алда канча жеңилирээк жана жагымдуу. Адамга өз денелик кумарларын керип салгандын ордуна, күлгө оронуп, өзүн кескилеп сабоого жана башка кыйналууларга берип салган, канчалыктуу жеңил. Денеге таандык жүрөк, Машаяктын моюнтуругунун алдында таазим кылгандын ордуна, оор түйшүк алып жүрүүгө даяр.УК 509.1

    Машаяктын Биринчи Келишиндеги иудейлердин жыйыны менен, католиктердин чиркөөсү абдан окшошуп кетет. Ошол мезгилде иудейлер, жашыруун Кудай Мыйзамдарын тебелешип, ал эми сыртынан, ар бир калтырылган эрежелерди аткарышып, жана аларды кыйнай турган көп сандаган эрежелер менен толтурушкан. Жана өздөрүнүн Мыйзамдарды урматтаганын айтышып жаткан иудейлер сыяктуу, католиктер да, Машаяктын айкаш жыгачына аяр мамиле кылып жатабыз дешет. Алар, Машаяктын азап чеккен символдорун көтөрүшүп, ошол эле мезгилде, өз жашоолору менен, ал жыгачта Асылгандын Өзүнөн баш тартышат.УК 509.2

    Папанын жактоочулары өз жыйындарын, курмандык чалчу жайларын, жана кийимдерин, айкаш жыгачтын сүрөттөрү менен жасалгалашат. Бардык жерде, айкашкан жыгачтын белгилерин көрүүгө болот. Сыртынан бардыгында айкашкан жыгач жогору туруп, баркталган сыяктуу. Бирок, Машаяктын окутуусу, маанисиз каада-салттардын, жалган талкуулардын жана кереги жок катаал эрежелердин алдында, көмүлүп калган. Фанатик иудейлерге айткан Куткаруучунун төмөндөгү сөздөрү, римдиккатолик чиркөөсүнө, андан дагы тийиштүү, бoлyп эсептелет: “Оор жана кыйындык менен көтөрүүчү жүктөрдү (эрежелерди) ойлоп чыгарышат, жана адамдардын ийинине салышат,өздөрү болсо, аларды бир бармагы менен дагы жылдырууну каалашпайт” (Мф. 23:4). Чын ишенген адамдарды, кемсилтилген Кудайдын алдында коркуп жүрүүлөрүн каалашат, ошол эле мезгилде, көп сандаган чиркөөнүн дин кызматчылары жыргап бейкуттукта жана кумарларын канагаттандырышып жашоодо.УК 509.3

    Сүрөттөргө жана өлгөндөргө таазим кылуу, ыйыктардын жактоочулуктарын, жана папанын даражасын көтөрүү - булардын бардыгы, адамдарды Кудайдан жана Анын Уулунан алагды кылуу үчүн колдонулган, шайтандын ыкмалары. Адамдарды өлүм чуңкуруна түртүү максатында, ал алардын көңүлүн, аларды сактап калууга Күчү жете турган Кудайдан, буруп жатат. Жана аларды, “Maгa келгиле бардык мейнеткечтер жана түйшүк тарткандар, Мен силерди сооротом” (Мф. 11:28), деп айткандын Өзүнөн, Аны алмаштыра турган башка нерселерге багыттайт.УК 510.1

    Шайтан ар-дайым Кудайдын сапаттарын, күнөөнүн жаратылышын, улуу күрөш эмненин айланасында бoлyп жатса, ошолорду жалган кылып көргөзүү үчүн сунуштайт. Өзүнүн айлакер жамандыкка азгыруусу менен, Кудай Мыйзамынын алдында жоопкерчиликтерин төмөндөтөт, жана алардын күнөө кылууга акысы бар экендигин үйрөтөт. Ошол эле мезгилде ал, аларга Кудайды башкача кылып көргөзгөндүктөн, алар Аны сүйүүнүн ордуна Андан коркушуп, Аны жек көрө башташат. Азгыруучу, Кудайга өзүнүн кылган сапаттарын жармаштырат. Жана ал сапаттар диний жол-жобо эрежелеринде, жана табынуу ыкмаларында көрүнүп келет. Адамдар ушундайча руханий сокур болушуп, аларды шайтан, Кудай менен күрөшүүдө өзүнүн кеңешчилери кылып, өз аскерине кошот. Кудайдын сапаттары жөнүндө туура эмес түшүнгөндүктөн, бул бутпарастарды, Кудайга жагуу үчүн адамдарды курмандык кылууга алып келген, жана көп сандаган бутпарастардын эрежелеринен, үрөйдү учурган зөөкүрдүктөр келип чыккан.УК 510.2

    Римдик-католик чиркөөсү, бутпарастар менен Машаяк жолун жолдогон адамдардын биригишинен келип чыгып, бутпарастар сыяктуу Кудайдын сапаттарын бурмалашып, ого бетер жийиркенээрлик зөөкүрдүк жасашат. Папанын бийлиги үстөмдүк кылган мезгилде, чиркөө өз окутууларын, кыйноочу куралдардын жардамы менен өткөрүшкөн. Анын талаптарын аткаруудан баш тарткан адамдарды өрттөө үчүн оттор күтүп турган. Мындай зөөкүрдүк ушунчалык көп болгондуктан, өлгөн адамдардын саны, Кыямат Күндө гана билинет. Чиркөөнүн башындагы адамдар шайтандын шыбыраган үндөрүнүн аркасында, кыйноочу куралдарды ойлоп табышкан, жана алар адамдарды ушунчалык кыйноого салып, бирок өлтүрбөстөн өз иштерин улантышкан. Тозоктун отунан тутанган, адамдардын оюна келбеген кыйноолор, адам аны көтөрө алганча созулуп, ал эми дене бул кыйноону көтөрө албай калганда гана, кыйналуучу көптөн бери самаган өлүмдү кубануу менен кабыл алган.УК 510.3

    Ушундай зөөкүрдүк, ким Римге каршы чыккан болсо, ошолордун барын күтүп туруучу. Анын чиркөөсүнүн келгиндери үчүн, катуу тартиптин шапалагы шуулдап ышкырып, сооруктурган орозо кармоолор жана ар-кандай жаракат тартуулоолор, күтүп турду. Асмандын ырайымына ээ бoлyy максатында, адамдар Кудайдын Мыйзамдарын бузушуп, жаратылыштын мыйзамдарын талкалашкан. Кудай аркылуу эмне кубаныч жана бакыт алып келе турган болсо, ошолордун бардыгынан баш тартууга, адамдарды үйрөтүштү. Чиркөөнүн мүрзөлөрүндө миллион деген, өз көнгөн жаман адаттары менен, жана бир нерсеге байланган сапаттары менен күрөшүүгө аракет кылып, жердеги бир нерселер менен Кудайга жакпай калбайын, деп аракеттенген адамдар, көмүлгөн.УК 511.1

    Шайтандын капы суюк каардуулугун билүү үчүн, католицизмдин бир эле тарыхына көз чаптыруу жетишиктүү, булар, Кудайды тааныбаган адамдарга эмес, Кудайды таанып калган чөйрөдө, көрүнүп тураган. Өзүнүн жалгандыгынын мыкаачылык системасы менен, караңгынын мырзасы өз максатына жетти, Кудайдын баркын түшүрүп, адамдарды жан ачый турган абалга алып келген. Жана биз, ал өзүн жашырып, чиркөөнүн жетекчилери ар-кылуу иштеп келген иштерин көрө турган болсок, анда биз анын, Му-каддаска болгон көрө албастыгын жакшы түшүнө алабыз. Эгерде, бул Китепти окуй турган болсо, анда Кудайдын ырайымы жана сүйүүсү ачылып, жана Ал эч кимге, көтөрө албай турган жүк бербей тургандыгын билебиз. Кудайдын адамдардан сураганы - бул кайгыруу менен тoбo келтирген момун жүрөк, жана тил алчаак рух.УК 511.2

    Машаяк Өзүнүн үлгүсү менен, адамдарды түбөлүк өмүргө даярдануу үчүн, өздөрүн монастырларга бекитишсин деп үйрөткөн эмес. Ал эч убакта, адам өзүндө болгон боорукердикти жана сүйүүнү, басып салсын дебеди. Адам канчалыктуу адеп-ахлагы жагынан жогорулай турган болсо, ал ошончолук сезимтал болот, күнөөнү ал ошончолук курчтук менен тосуп, жана кайгыргандарга карата анын боорукердиги дагы ошончо. Папа өзүн, жер үстүндөгү Машаяктын ордун басуучумун, деп айтат, бирок биздин Куткаруучубуз менен теңделишүүгө, ал чыдай алат бoлдy бекен? Эмне, Машаяк адамдарды зынданга салдырды беле? Же Ага карата, Асмандык Падышага болгондой кандайдыр бир сый көргөзбөй калгандыгы үчүн, кимдир бирөөлөрдү кыйноого берди беле? Аны кабыл алууну каалабагандарды, Ал өлүмгө кыйды беле? Качан Самария жергесинин тургундары Аны барк албай коюшканда, түшүнбөй таң калган Иоанн мындай деген: “Теңир! Каалайсыңбы, Илия пайгамбар сыяктуу биз дагы, алардын үстүнө Асмандан от түшсүн, деп айталык?” Бирок Машаяк, Өз шакиртине жан ачыгандык менен карап, жана анын зөөкүрдүгүн жемелеп, мындай дейт: “Анткени Адам Уулу, адамдарды өлтүрүү үчүн эмес, бирок куткаруу үчүн келген” (Лк. 9:54,56). Машаяк, Өзүнүн көз ирмемдик орун басарына, канчалыктуу окшобойт!УК 511.3

    Бүгүнкү күндө Рим чиркөөсү, өткөн жылдардын каардуу иштери үчүн кечирим суранып, дүйнө алдына көрктүү курулуш тартуулап жатат. Ал Машаяк жолун жолдогон жыйындардын кийимин кийинсе дагы, анын жаратылышы баштагыдай эле калып жатат. Орто кылымдарда бoлyп келген папанын бардык негиздери, бүгүнкү күндө дагы ошондой эле. Орто кылымда чыгарылган окутуулары, бүгүнкү күндө дагы тирүү. Эч ким азгырылбасын. Биздин күндөрүбүздө протестанттар колун сунууга даяр турган папалык кыймыл, Реформация убагында, Кудайдын эр азаматтары өз жандарын тобокелге байлап, анын иштеринин айыбын ачууга аракеттенишкендеги көргөзгөн сапаты менен эле калган. Ал баштагы текебердигин, Теңирге таандык нерселерге умтулгандыгын сактап келет. Бүгүнкү күндө аны башкарган рух, бийликти күч менен тартып алган, ошол кездеги адамдардын укугун тебелеп, Эң Жогоркунун ыйыктарын өлтүргөн, зөөкүрдүктөн, эч нерсеси менен айырмаланбайт.УК 512.1

    Пайгамбарлыкта жазылып калтырылган, акыркы күндөгү баш тартуу (2Фес. 2:3,4), бул папалык кыймыл өзү. Папалык кыймылдын саясаты абдан кылдат, өз максатына жетүү үчүн, ал ар-кандай түр алат, бирок хамелеондун ар -кайсыл өңүндө ошол эле өлтүрүүчу уу камтылган. Папанын жактоочулары мындай дешет: “Жалган окутууларды таратуучу эретиктерге жана ошондой эле окутуу менен шек туудурган адам-дарга карата, берген убаданы аткарбай койсо болот” 349Ленфан, 1-том. 516-бет.. Миңдеген жылдар, ыйыктардын капы менен тарыхты жазган, ушул бийлик, Машаяктын Жыйынынын бөлүгү болуп эсептеле алабы?УК 512.2

    Протестант өлкөлөрүндө, католи-цизм баштагысындай болбой, биздин күндөрдө протестантизмден анчамынча эле айырмаланат деп белгилешет. Ооба, албетте өзгөрүүлөр бoлдy, бирок папалык кыймылда эмес. Католицизм көп нерселери менен, азыркы протестантизм менен айкалышып кетет, бул нерселердин бoлyп жаткандыгынын себеби, өздөрүнүн реформатор - аталарына салыштырмалуу, протестантизм, өтө төмөн кулап кеткен.УК 512.3

    Протестант жыйындары дүйнөгө кантип жагынуу керек, деп умтулуусу менен, ошол жакшылык алардын көздөрүн кор кылды. Бардык жамандыкка жакшьшык менен мамиле кылуу, жыйынтыгында бардык жакшылыкты жамандык катары эсептегенге алып келерин, алар түшүнүшпөйт. “Бир жолу касиеттүүлөргө берилген ишенимди” коргоп жана аны жактагандын ордуна, алар Римден кетирген одоно мамилелери үчүн, жана өз фанатизмдери үчүн кечирим суранышып жатышат.УК 512.4

    Католицизмге душмандык менен мамиле кылгандардын өздөрү дагы, анын таасиринде жана күчүндө кам-тылган, бардык коркунучту, жакшы түшүнө алышпайт. Көпчүлүк адамдар, орто кылымдарда болгон, адепахлак жана oй жөндөмдүүлүккө карата болгон караңгылык, диний жоболордун, ырым-жырымдардын жана кысымчылыктардын басымдуулук кылышына жол берген. Жана азыркы мезгилде, билимдүүлүктүн, маданияттын Жана диний суроолордогу либералдуулуктун өсүшү менен, зөөкүрдүккө жол берилбейт деп көчүлүк адамдар санашат. Биздин өнүккөн мезгилибизде, андай ойлор күлкүлүү бoлyп эсептелиши дагы мүмкүн. Биздин учур илимдин, билимдүүлүктүн жана диндин аймагында, улуу жарыкка ээ бoлyп жаткандыгын эч ким тана албайт. Ыйык Жазуунун барактарынан, дүйнөгө Асмандык жарыктын агымы куюлуп жаткандыгын билебиз. Бирок биз муну эч качан унутпашыбыз керек: Жарык канчалыктуу жарык болгон сайын, жарыкты бурмалап жана андан баш тарткандар үчүн, караңгы түнөргөндөн түнөрө берет.УК 513.1

    Эгерде протестант жыйындары сыйынуу менен Мукаддасты изилдөөгө берилишсе, анда папалык кыймылдын чыныгы мүнөзүн көрүшмөк, жана алардан артка кетенчиктешмек, бирок кээ бир адамдар өздөрүн ушунчалык акылдуу сезишип, Кудайдын чындыктарын билүү үчүн, Кудайдан сыйынуу менен суранууга муктаждыгын билишпейт. Алар өздөрүнүн Кудайга берилгендиктери менен мактанышса дагы, бирок Ыйык Жазууну, же Кудайдын күчүн билишпейт. Алардын абийири өздөрүн сооротсо гана бoлдy, жана ошого гана умтулушат; аларга эмне диний жанданууларды жана момундукту талап кылса, ошолор гана жагат. Алар, Кудай жөнүндө унуткулары келишет, бирок Ал туурасында ойлонуп жүрүшкөндөй көрүнүшөт. Жана папалык кыймыл алардын талабын канагаттандыруу үчүн, жакшы мүмкүнчүлүк берет. Алар, эки топтогу адамдардын талабына жоон бере алышат: биринчиси, ким өз кылган иштери менен куткарылуyнy каалай турган болсо, экинчиси ким өз күнөөлөрү менен куткарылам, деп ойлосо. Папанын белгилүү бoлyп бара жаткандыгынын бардык сыры, ушуларга негизделген.УК 513.2

    Башта көргөзүлгөндөй, түркөйлүк мезгилинде, папалык кыймыл абдан өнүгүп-өскөн. Бирок жакында биз, өсүп-өнүккөн мезгил дагы, алар үчүн ийгилик алып келе тyргандыгын көрөбүз. Өткөн кылымдарда адамдар Кудай Сөзүн жана Андагы чындыктарды билишпей сокур бoлyшyп, миндеген адамдар жолуна тор жайылып тургандыгын көрүшпөй, ошол торго чалынышкан. Жана биздин мезгилде дагы көп сандаган адамдар “жалган билимдер”, деп аталган адамдардын ойлоп тапкан нерселери менен, көздөрүн май бастырып алышты: алар алдыларына жайылган торду көрүшпөйт, жана сокур сыяктанышып, аларга чырмалып жатышат. Кудайдын каалоосу боюнча, адамдар өздөрүнүн акыл жөндөмдүүлүгүн, Кудайдын белеги катары эсептеп, жана аны адилеттик, чындык кызматына арнашы керек эле, бирок качан текебердик жана өзүн жогору көтөргөндүк, адамдардын өз чыгарган бүтүмдөрүн Кудайдын Сөзүнөн жогору коюга түртө турган болсо, анда билимдүүлүк, түркөйлүккө караганда көбүрөөк жамандык алып келет. Мына ушундайча азыркы кездеги жалган билим, Ыйык Жазууга болгон ишенимди токтотуп, папалык кыймылды анын бардык өзүнө тарта турган жоболору менен кабыл алууга, орто кылымдардагы түркөйлүк аны көтөрүүгө себепкер болгон сыяктанып, өз жолун тазалап, чоң ийгиликке жетишет.УК 513.3

    Диний уюмдарды, Кошмо Штаттардын мамлекеттик бийлиги колдоп туруусуна умтулуу менен, про-тестанттар католиктердин жолдору менен бара жатышат. Андан тышкаары, алар Эски Жарыкта жоготуп алган бийлигин, католиктерге кайтарып берүүгө аракеттенип жатышат. Жана бул кыймылдын башкы максатына дагы көп көңүл бурулууда, - бул, жекшемби күндү сактоо милдеттүү түрдө болуусу, жекшемби күн римдик-католиктердин бийлигинин символу бoлyп саналат. Па-палык кыймылдын руху - дүйнөлүк каада-салттарга кармануу, адамдардын чыгарган мыйзамдарын Кудайдыкынан жогору коюу - жана протестант жыйындарына дагы, башта өздөрү кылгандай, жекшемби күндү кадырлап жана башка күндөрдөн жогору коюуга, аракет жасатуу.УК 514.1

    Эгерде окурман, боло турган күрөшүүгө эмнелер себепкер боло тургандыгын билгиси келе тyрган болсо, анда, ушундай максатка жетүү үчүн өткөн кылымдарда Рим, эмнелерди колдонгондугуна көңүл бурсун. Жана эгерде сен урматтуу окурман, католиктер жана протестанттар биригишип, алардын максаттарынан баш тарткандарга жасай турган мамилелерин билгин келсе, анда Рим ишемби күнүн сактап жана аны колдогондорго эмне кылгандыгын карап көр.УК 514.2

    Падышалык буйруктар, бүт дүйнөлүк соборлор жана жыйындардын чыгарган бүтүмдөрү дүйнөлүк бийликтер менен колдонуп, бул бутпарастардын майрамы, христиандардын ичинде, жогорку орунга жеткирилген. Биринчи жолу, эл алдына чыгарылып жана жарыяланган, жана жекшемби күнүн майрамдоо буйругу, Константин аркылуу 321-жылы чыгарылган мыйзам бoлyп эсептелет. Бул мыйзам буларды талап кылган, “кастарланган күн күнүндө”, шаар тургундары дем алышсын, ал эми айыл жергесиндеги жер иштеткен адамдарга, талаа жумуштарын кылууга уруксат. Бул майрам күнү бутпарастар аркылуу колдонулуп келгени менен, жөн гана христиан динин кабыл алган император аркылуу бекемделген.УК 514.3

    Кудайдын Авторитетин алмаштыруу үчүн, императордун буйругу жетишиксиз болгондуктан, римдик епископ Евсевий императордун досу жана жакшы көргөн кишиси болгон, жана төрөлөрдүн көңүлүн алууну каалап, Машаяк Өзү ишембини жекшембиге алмаштырган деп мыйзамды толуктаган. Бирок бул бекемдөө, Ыйык Жазуунун бир дагы аяты менен далилденген эмес. Евсевий өзү, өз чечиминин жалгандыгын белгилеп, мындай дейт: “Ишемби күнгө карата далилди биз, бир гана Теңирдин күнүнө алып келе алабыз” 350Роберт Кокс, “Ишембилик мыйзамдар жана ишиембилик милдеттер”, 538бет.. Бирок жекшемби үчүн далилдин негизи жок болcо дагы, ал адамдарга ишембини буту менен тебелегенге, кайрат берди. Жана бул дүйнөгө жагууну каалаган адамдардын бардыгы, белгилүү болгон майрамды кабыл алышты.УК 515.1

    Папалык кыймылдын бийлигин бекемдеп жана тастыкташ үчүн, жекшемби күндүн мааниси дагы жогорулады. Бир канча убакыт адамдар, чиркөөгө барбаганда талаа иштери менен алек бoлyп жүрүшкөн, бирок жекшемби күн бардыгы аркылуу ишемби күнүндөй кастарлана баштады. Акырындык менен билинбестен алмашуулар боло берди. Ал эми чиркөөгө барып жаткандар үчүн, кандайдыр бир өз иштери боюнча жекшемби күндөрү чечим чыгарууга, тыюу салынды. Көп убакыт өтпөстөн бардык даражадагы кызматтагы адамдарга, бул күндөрү кандайдыр бир иш кылууга тыюу салынган мыйзам чыкты, жана аны бузган эркин адамдар акчалай штраф төлөшүп, ал эми кулдар - жазага кабылышкан. Кийинчирээк, жекшемби күнү иштегени үчүн, бай адамдар жарым мүлкүнөн ажыратылып, жана анда дагы өз ишин кылууну уланта бере турган болсо, анда аларды кулдукка кетире турган мыйзам чыкты. Ал эми кедей -кембагалдар болсо, өмүрүнүн аягына чейин сүргүнгө айдалышкан.УК 515.2

    Ойлонуп табылган кереметтер дагы, ишке кирише баштаган. Ошолордун бири, бир дыйкан жөнүндө: “Бир дыйкан, жекшемби күнү жер айдоого чыгат, жана өз сокосундагы толуп калган топуракты бир жалпан темир менен тазалай баштайт. Жана ушул жалпак темир анын колуна кирип кетип, эки жыл аралыгында аны колунан сууруп алып чыгууга мүнкүн боло албай калат, жана ал дыйкан, абдан уят бoлyy менен аны көтөрүп жүргөн” 351Франциск Уэст, “Теңирдин Күнү жөнүндөгү тарыхый жана практикалык ацгеме”, 174-бет..УК 515.3

    Кийинчирээк папа өзүнүн дин кызматчыларына, жекшемби тынчтыгын бузган адамдарды, чиркөөгө келүүгө үндөгүлө, антпесе алар өздөрүнө жана өз жакындарына кайгы алып келишет, деген буйрук берет. Чиркөөнүн собору жекшемби күнүнүн ийгилиги үчүн чечим кабыл алышкан, жана бул кийинчирээк протестант жыйындарында дагы белгилүү боло баштады. Жана анын маңызы мындай болгон, ким жекшемби күнү иштей турган болсо, аларды чагылган өртөп кетет, ошон-дуктан бул күндү ишемби күн катары кастарлоо зарыл. “Анын күнүнө маани бербегендерге Теңир жакшылык кылбай тургандыгы айкын нерсе, - деп айтышкан прелаттар”. Андан кийин бардык дин кызматчыларды, падышаларды, төрөлөрдү жана ишиенген адамдарды “христиан ишенимдеринин урматына, бул күнгө татыктуу урмат көргөзүп, баштагыдан дагы кастарлоого чакырышты” 352Томас Морер, “Теңирдин Кунун түшүнүүгө жана сактоого мүмкүн бол-гон алты ацгеме”, 271-бет..УК 515.4

    Бирок, собор чыгарган буйруктар жеткиликсиз болгондуктан, чиркөө жардам менен мамлекеттик бийликтерге кайрылышкан, жана жыйынтыгында, адамдарды жазалоо менен коркутушуп, жекшемби күнү бардык жумуштарды калтырууга мажбурлашты. Жана римдиктердин синодторунун (башкаруучу мекеме) чогулушунда, бардык чыгарылган чечимдер салтанаттуу түрдө бекемделди. Алар чиркөөнүн мыйзамдары бoлyп саналып, мамлекеттик бийлик аркылуу бекемделген, жана түгөл христиан дүйнөсүнө тегиз жүктөлгөн 353См. Кейлин, “Ишембинин тарыхы”, 2-бөлук, 5-бап, 7-болум..УК 516.1

    Бирок, жекшемби күнүн майрамдоо, Ыйык Жазуунун негизинде далилденбегендиктен, бул көпчүлүк кыйынчылыктарды алып келди. Кудай Өзү ачык жазылган көрсөтмөлөрүн талап кылгандыгын, өздөрүнүн үйрөтүүчулөрү барк албай жаткандыгын көрүшкөн калайык-калк, алардын чындыгынан күмөн санашкан: “Жетинчи күн - ишемби сенин Кудай Теңириңе”, жана анын ордуна бутпарастардын майрамдап келген күн күнүн майрамдоо, чындыкка туура келишкен эмес. Ыйык Жазуунун күбөлөндүрүүлөрүнүн жок ордун толуктоо зарылдыгы талап кылына баштады. XIIкылымдын аягында, англиялык жыйындарды, жекшемби күндүн ынтаалуу жактоочусу кыдыра баштайт. Бирок, чындыктын ишенимдүү күбөлөрү тарабынан чечкиндүү каршылык көргөндөн кийин, ал ийгиликке жетишпестен, башка далил табуу үчүн, мамлекетти бир канча убакыт калтырып кеткен. Көп убакыт өтпөстөн, ал кайрадан чоң ийгиликке жетүү максатында, Англияга кайрылып келет. Ал, Теңир аркылуу жазылган деп, пергамент кагазына жазылган жазуу алып келген, анда жекшемби күнүн сактоо буйругу жазылган, жана ким аны сактабай, андан баш тарта турган болсо, аларды корку-нучтуу жаза күтүп тургандыгы бел-гиленген. Бул жасалма “баалуу до-кумент” туурасында мындай дейт, бул Асмандан түшүп, Голгофадагы касиеттүү Симеондун курмандык чалчу жайында табылган. Бирок чындыгында бул жалгандык, римдеги папанын сарайында жаралган. Папалык бийлик бардык кылымдар аралыгында жалгандык жана бурмалагандык менен аракеттенген, жана өз бийлигин, чиркөөнүн жыргалчылыгын ар-кандай ыкма менен бекемдөөгө күчүн жумшаган.УК 516.2

    Кагазда, ишемби күнү жумушту тогузунчу саатта, башкача айтканда, түштөн кийинки саат үчтө күн батканга чейин, аптанын биринчи күнү башталганча токтотуу буйругу жазылган. Ушундай талаптарды аткаруу, көп сандаган керемет иштердин болуусу менен далилденген. Мисалы, ишемби күнү саат үчтөн калып иштеп жатышкан адамдар шал бoлyп калышкан. Бир тегирменчи, ушул убакыттан ашык тегирмен иштетип жатып, ундун ордуна кан агып жатканын көргөн. Суунун катуу агымына карабаcтан, тегирмендин дөнгөлөгү токтоп калган. Жекшемби күнү нан бышыруу үчүн бир аял, камырын мешке салып, оттyн абдан күчтүүлүгүнө карабаcтан, чыгарып алса, камыр ошол бойдон эле экен. Башкасы, камыр жууруп жатып, жекшемби бoлyп калганын көрүп, аны кийинки күнгө чейин калтырып коёт. Кийинки күнү ал аял, өз камырынын Кудайдын Кудурети менен бышып калганын, нан салгычта кесилип даяр турганын көрөт. Кимдир бирөө, ишемби күнү саат учтөн кийин нан бышырып, жана аны сындырса, ичинен кан агып кеткен. Мына ушуга окшогон жалган, кара ниеттик менен жасалма кылып чыгарылган далилдер менен, жекшемби күндүн жактоочулары, анын ыйыктыгын далилдөөгө аракет кылышкан 354См. Роджер де Кобеден, “Анналдар”, 2-том.528-530-беттер..УК 517.1

    Шотландияда дагы, Англия сыяктуу эле жекшемби күнүн сактоо ийгилигине, байыркы ишемби күндүн бөлүктөрүн киргизүү менен жетишишкен. Бирок ыйык деп эсептелген мезгилдер алмаштырылган. Жана Шотландия падышасы аркылуу, мындай буйрук чыккан: “Касиеттүү мезгил ишиеби күнү түшкү саат 12 де башталат, жана ушул убактан дүйшөмбү күндүн таңына чейин, эч бир адам өздөрүнүн дүйнөлүк иштери менен айланышуусуна тыюу салынат” 355Морер, 290,291-бет..УК 517.2

    Бирок, жекшемби күндүн ыйыктыгын далилдеш үчүн кандай гана күч колдонулбасын, папанын жактоочуларынын өздөрү дагы, ишембини Кудай койгондугун, жана анын ордуна адамдардын майрамы келгендигин моюндарына алышкан. XVIкылымда папалык кеңеш мындай дейт: “Бардык христиандар, жетинчи күн Кудай аркылуу касиеттүү болгондугун эстеп жүрүшү керек, бул күндү бир эле иудейлер гана эмес, бирок башка Ага кызмат кылышкан адамдар дагы кастарлап, сакташкан; жана ушуга карабаcтан биз христиандар, алардын ишемби күнүн Теңирдин күнүнө алмаштырдык”... 356ошол эле жерде, 281,282-бет. Кудайдын Мыйзамдарың буту менен тебелеген адамдар, өз кылган иштеринин сапатын абдан жакшы билишкен. Алар билп туруп, өздөрүн Кудайдан жогору коюшкан.УК 517.3

    Римдин, башка ойдогу адамдарга кылган мамилелерин билүүнүн таң калаарлык үлгүсү, бул алардын ишемби күнүн сактап келишкен валдендерге кылган, узак мезгил кандуу куугунтуктары бoлyп саналат. Төртүнчү Осуятка болгон ишенимдүүлүгүн көргөзгөнү үчүн, өз өмүрү менен төлөм төлөшкөн башка адамдар дагы болгон. Бул туурасында, Эфиопия жыйынынын тарыхы, өзгөчө кызыгууну жараткан. Караңгы орто кылмдардагы мезгилдерде, Борбордук Африкадагы христиандарга көп көңүл бурулбай калган, жана алар унутта калгандыктан көп деген жүз жылдар аралыгында, ишенимде эркин болушкан. Бирок, акыры Рим алардын бар экендиги жөнүндө угушуп, алдоо жолу менен Абиссиниянын императоруна, папаны Машаяктын жердеги өкүлү катары кабыл алуусуна, түрткү беришет. Жана ушуга жол берүү менен, анын артынан көп деген нерселерге дагы жол берүүгө туура келди. Жана ишемби күнүн ыйык сактоо, катуу жаза менен коштоло тургандыгы жөнүндө мыйзам чыгат 357См. Михаил Гудде, “Эфиопиядагы жыйындардын тарыхы”, 311,312-бет.. Бирок көп убакыт өтпөстөн папалык тартып алган бийлик, оор моюнтурук тагынып алгандыктан, аны африкалыктар, жок кылуу чечимин кабыл алышкан. Катуу айыгышкан кармаштан кийин, алар папалык бийликти өз жеринен кууп чыгышат, жана кайрадан байыркы ишеним калыбына келтирилет. Бардык ишенген адамдар, кайрадан эркиндик алышты, жана бийликти күч менен тартып алган папалык кыймылдын берген ачуу тажрыйбасын, эч качан yнyтушкан жок. Жана алардын кубанганы, башка христиандардан алыста жашагандыгы эле.УК 517.4

    Африкадагы жыйындар ишембини, папалык кыймыл өзүнүн толук баш тартып кеткенге чейин сактаганындай карманышкан. Алар жетинчи күндү Кудайдын Мыйзамы катары ыйык деп сакташканы менен, алар жекшемби күндөрү дагы иштешкен эмес, ошону менен жыйындын талаптарына карманууга аракеттенишкен. Жана бийликке ээ болгондон кийин Рим, Кудайдын ишемби күнүн тебелендиге салып, анын ордуна өздөрүнүн күнүн койду. Бирок, миң жылдар аралыгында билинбей калган Африка жыйындары, баш тартуунун жолуна турушкан жок. Римдин бийлигинин алдында калуу менен, алар чыныгы ишембини жасалма менен алмаштырууга мажбур болушкан, бирок көп убакыт өтпөстөн, жоготуп алышкан эркиндигин кайра алышып, төртүнчү осуятты сактоону кайрадан улантышты.УК 518.1

    Бул байыркы чындыктар, Римдин чыныгы ишембиге карата болгон көрө албастыгын, жана өздөрүнүн чыгаргандарын жогору көтөрүүнү каалагандыгын күбөлөндүрөт. Кудайдын Сөздөрү, өтүп кеткен окуялар кайталанып жаткандыгы жөнүндө, католиктер менен протестанттар биригишип, жекшембини жогору көтөрүүнү каалап жаткандыгы жөнүндө, окутуп жатат.УК 518.2

    Аян Китебинин 13-бапындагы пайгамбарлык, козунун мүйүзүндөй айбандын, “бүт жер жүзүндө жашагандарды”, папалык бийликти билдирген “илбирске окшогон ай-банга”, табынууга мажбурлап жаткандыгы жөнүндө айтат. Бул жердеги козунун мүйүзүндөй мүйүзү бар айбан “жердеги жашагандар, айбандын түрүн кабыл алуусун” айтып, андан кийин “кичинелерге жана улууларга, байларга жана жакырларга, эркин адамдарга жана кулдарга” “айбандын белгисин кабыл алууга” үндөп жатат (Аян. 13:11-16). Америка Кошмо Штаттары, символдуу түрдө көргөзүлгөн, козунун мүйүзүндүй мүйүзү бар айбан экендигин далилдеп кеткенбиз. Жана бул пайгамбарлык, качан АКШ, Рим өзүнүн өзгөчө белгиси деп эсептеген жекшемби күнүн сактоо жөнүндө буйрук кабыл алганда, иш жүзүнө ашырылат.Папага бир гана АКШ урмат-сый көргөзүп тим болбойт. Римдин таасири, анын бийлигинин алдында бoлyп келген мамлекеттердин бардыгына, тие берет. Жана анын бийлигинин калыбына келтириле тургандыгы жөнүндө, пайгамбарлык алдын ала айтып кеткен: “Жана мен көрдүм: анын бир башы өлөсө жаралуудай көрүнгөн, бирок бул өлөсөлүү жара айыккан экен. Жана бүт дүйнө таң калып, айбандын артынан карап турду” (Аян. 13:3). 1798-жылы папалык бийликке өлөсөлүү жаракат берилген, жана бул анын кулашына себепкер болгон. Бирок андан наары пайгамбар эмне дейт, “өлөсөлүү жаракат айыкты”, жана бүт дүйнө таң калуу менен айбандын артынан карап турду. Элчи Павел, “күнөө адамы” Машаяктын Экинчи Келишине чейин аракеттенет, деп жазат (2Фес 2:3-8). Жер тарыхынын акыркы мезгилине чейин, ал адамдарды азгырат. Жана Иоанн пайгамбар дагы, папага тийиштүү мындай деп айтат: “Жана ага, Козунун өмүр Китебинде жазылбаган, бардык жерде жашагандар табынып жатышты” (Аян. 13:8). Рим чиркөөсүнүн авторитета менен белгиленген жекшемби күнүн байыркыча жана жаңыча кабыл алуу, папалык кыймылга карата болгон урматтоону билдирет.УК 518.3

    XIXкылымдын ортосунда, АКШ жөнүндөгү пайгамбарлыктарды изилденген адамдар, бул кабарды дүйнөгө жарыялашат. Азыркы мезгилдеги бoлyп жаткан окуялар, бул айтылган нерселердин аткарылышы алыc эмес экендигин көргөзөт. Протестант окутуучулары, жекшемби күнүн ыйык сактоо, Кудайдын Авторитети менен бекемделген, деп белгилешүүдө Бирок папанын жактоочулары сыяктуу эле, эч кандай Ыйык Жазуунун негизинде далил келтире алышпайт, анын ордуна, Кудайдын Осуятын алмаштыруу максатында, ар-кандай кереметтер жөнүндө сөз кылышат. Жана кайрадан биз, жекшемби күнүн сактабагандарга Кудайдын жазалары болот, деген сөздөрдү угабыз, жана мындай айыптоолор жарыялана баштаган. Жекшемби күнүн майрамдоонун зарылдыгын жарыялаган кыймыл, тездик менен күч алып жатышат.УК 519.1

    Рим чиркөөсүнүн көрөгөчтүгү жана айлакердиги, таң калдырат. Боло турган окуяларды алдын ала көрүү менен, ал өз саатын күтүп жатат, жана протестант жыйындары анын жалган ишембисин кантип кабыл алаарына көз чаптырат, жана католиктер башкы кылымдарда кандай ыкмаларды колдонушса, алардын дагы ошондой ыкма колдонууларын каалашат. Чындыкгын жарыгынан баш тарткандар, ушул өзүнүн күнөөсүздүгүн жарыялаган, өзүн өзү көтөргөн бийликке, анын ойлоп тапкандарын жогору көтөрүү үчүн кайрылышат. Жардам сурап, римдик чиркөө протестант мамлекеттерине шашылыш кайрылып жаткандыгын билүү кыйын эмес. Ким жыйынга тил албай турган болсо, алар менен кандай мамиле кылуу керектигин, папалык кыймылга караганда ким жакшы билмек эле?УК 520.1

    Римдик-католик чиркөөсү, өзүнүн бүткүл дүйнөгө тараган көп сандаган бутактоосу менен, өтө чоң мекемени түзөт, булардын бардыгы папанын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, жана анын тактысы менен текшерилип турат. Жер шаарындагы миллиондогон анын жактоочулары, пападан жыйындын башчысын көрүшүп, жана ага ишенимдүүлүк жана баш ийкемдүүлүк көргөзүүгө даяр. Өз улутуна жана жарандыктарына карабаcтан, алар барыдан мурун римдик-чиркөөнү кастарлоону каалашат. Алар өздөрү жашаган мамлекеттке болгон ишенимдүүлүктөрү үчүн касамУК 520.2

    ичишкен күндө дагы, алардын Римге берген убадалары барынан жогору, жана ал аны, өз кызыкчылыгына келишпеген ар-кандай жоопкерчиликтен бошото алат.УК 520.3

    Римдин чиркөөсү калктардын ички иштерине өтө айлакердик менен кийлигишип тургандыгын, жана анын ичинде өз позициясын бекемдеп, өзүнүн максатын аткаруу үчүн, төрөлөрдүн жана жөнөкөй адамдардын өмүрлөрүн кылга байлагандыгын, тарых өзү күбөлөндүрүп келет. 1204жылы папа Иннокентий III, Арагондордун падышасы Петр ІІ-ден, төмөндөгүдөй ант алган: “Мен, Арогондордун падышасы, менин мырзам - папа Иннокентийге, жана анын католик жардамчыларына, жана римдик-католик жыйынына, ар-дайым тил алчаак жана ишенимдүү болууга ант берем, жана өзүмдүн падышалыгымды папага тил алчаак болууга католик ишенимиң коргоого жана жалган окутууларды алып келе турган адамдарды кубалоого, ант берем” 358Джон Доулинг, “Романизмдин тарыхы”, 5-китегг, 6-бап, 55-болум.. Мындай ант берүүлөр, папанын “императорлорду алып салууга укугу бар” экендигин, жана “өзүнүн кол алдындагыларын, өздөрүнүн ишенимсиз башчыларынын алдында берген убадаларынан бошото ала тургандыгын”, далилдеп турат 359Мошейм, 3-китеп, ХІ-кылым, 2-болук, 2-бап, 9-бөлум, 17-эскертүү..УК 520.4

    Рим өзүнүн бардык мезгилдеги бийлиги үчүн мактанып жаткандыгын, унутуп коюга болбойт. Григорий VII жана Иннокентий III жетектелип келген негиздер, азыр деле Римдик-католик чиркөөсүнүн негизи бoлyп эсептелет. Жана эгерде ал баштагысындай бийликке ээ боло турган болсо, анда баштагысындай эле аларды иш жүзунө ашыра алмак. Протестанттар, жекшемби күнүн жогорулатуу максатында, ка-толиктердин жардамын кабыл алуyнy пландаштыруу менен, өздөрү эмне кылып жатышкандыктарына жооп бере алышпайт. Ушул максатын протестанттар, иш жүзүнө ашыруу менен алек боло башташканда, Рим баштагы өздөрүнүн бийлигин жана жоготкон падышалыгын калыбына келтирүүгө аракет кылышат. Качан гана АКШ жыйындары, мамлекеттик бийликти колдонууга же башкарууга мүмкүнчүлүк алышканда, жана мыйзамдын күчү менен диний жоболорду киргизсе, бир сөз менен айтканда, жыйын менен мамлекет абийирдин үстүнөн бийлик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алганда, бул мамлекетте Римге жеңиш алынып берилет.УК 520.5

    Кудай Сөзү, келе жаткан коркунуч жөнүндө эскертет, жана эгерде протестант жыйындары, бул эскертүүлөргө көңүл бурбай турган болушса, анда жакын убакыттын аралыгында, римдик-чиркөөнүн чыныгы оюн түшүнө алышат, бирок анда кеч болоорун билиши зарыл. Католик чиркөөсү билинбестик менен күч алып жатат. Анын бийлиги мыйзам берүүчү жерлерде, жыйындарда жана адамдардын жүрөктөрүндө билинүүдө. Баштагы кандуу тарыхтын кайталануусу боло турган, өтө чатышкан бийик жана өтө чоң имараттар тургузулуп жатат. Эч кандай шек алдырбастан, католик чиркөөсү өз позициясын бекемдөөдө, жана күрөштүн чечүүчү мезгили келгенде, өзүнүн акыркы соккусун берүүгө даяр. Ага бардык керектүү бoлyп саналган нерсе - бул пайда келтире турган позиция, жана аны ал, азыр эле ээлеп алган деп айтууга дагы болот. Биз жакында, римдик-католик чиркөөсүнүн чыныгы максаты жана негизи эмнеде экендигин, түшүнө алабыз, Кудай Сөзүнө ишенгендерди жана Ага баш ийгендерди, каардуу шылдыңдар жана куугунтуктар күтөт.УК 521.1

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents