Loading...
Larger font
Smaller font
Copy
Print
Contents
Улуу Кyрөш - Contents
  • Results
  • Related
  • Featured
No results found for: "".
  • Weighted Relevancy
  • Content Sequence
  • Relevancy
  • Earliest First
  • Latest First
    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents

    Алгы Сөз

    Урматтуу окурман, бул китептин алдына койгон максаты, сени бул дүйнөдө күнөө, кайгы-капа бар экендигине ынандыруу эмес. Бул ансыз деле бардыгына айкын. Китеп, жарык менен караңгынын, адилет менен күнөөнүн, чындык менен адашуунун, өмур менен өлүмдүн ортосундагы келишпес күрөшү жөнүндө сага баяндап берүү үчүн жазылган жок. Бул чыр-чатактын катышуучулары болуп кимдер эсептелээрин, бардыгы өз ойлорунда терең түшүнүшөт.УК 5.1

    Бирок мезгили менен, биздин ар бирибиздин, бул улуу күрөш жөнүндө көбурөөк билүүгө каалобуз артат. Ал эмнеден башталган, жана канча убакытка созулат? Анда кайсы күчтөр катышат жана мен үчүн кандай орун бөлүнгөн? Биз бул дүнөгө өз эркибиз менен төрөлбөйбүз. Бизди мында эмне күтөт: жакшылыкпы же жамандыкпы? Эки тарап эмне үчүн күрөшүп жатат, жана бул күрөш акыр аягы токтолобу? Биздин планетаны эмне күтүп турат: кээ бир окумуштуулар эскерткендей, караңгы, муздак, түндүн тупкүрүнө чөгүп кетеби, же Кудайдын түбөлүк сүйүүсүнө жылынган жарыктын кийимин кийинеби?УК 5.2

    Мындан да курч суроо турат: менин жүрөгүмдө кайнап жаткан өзүмчүлдүк менен сүйүүнүн ортосундагы күрөштүн аягы кандай болот? Ким жеңет жакшылыкпы же жамандыкпы? Ар бир жан үчүн турмуштук зарыл мааниге ээ болгон бул суроого, Ыйык Жазуу эмне дейт?УК 5.3

    Мындай суроолор бизде ар бир кадам сайын туула берет. Алар жүрөгүбүздүн тээ түпкүрүнөн чыгып, аң-сезимибиздин тынчын алып, ачык жоопту талап кылат.УК 5.4

    Кандайдыр бир артыкчылыкка, бийиктикке, чындыкты таанууга умтулууну биздин ичибизге салган Кудай, бизден руханий керектүү маалыматтарды жашырбайт, анткени “Кудай Теңирибиз, Өзүнүн кулдары болгон пайгамбарларына, Өзүнүн сырын ачпай туруп эч нерсе жасабайт”. Бул Китептин макса-тыкооптонгон жандын, бакытка таянып сооронуусуна көмөк берет. Бул Теңирдин жыргалчылыгын сезген адам аркылуу жазылган: ал адам, Кудай менен байланышта болуп, Анын Сөздөрүн изилдөөдөУК 5.5

    “Теңирдин жашыруун сырыАндан корккондорго жана Ал Өз Осуятын аларга ачып берерин”, өз тажрыйбасынан таанып билген.УК 6.1

    Бүт Ааламдын турмушун козгогон Улуу Күрөштүн негиздерин биз дагы жакшыраак түшүнүү үчүн, акыркы жыйырма жүз жылдыкты камтыган айкын тарыхый материалдар да, аларды ачып көрсөтөт.УК 6.2

    Китеп, Кудай тандап алган элдин борборуИерусалимдин тарыхындагы жыйынтыктоочу окуянын кайгылуу баяндамасынан башталат. Бул шаар, дүйнөнү күнөөнүн каргышынан куткаруу үчүн келген Голгофалык Азап Тартуучуну четке каккан. Андан ары Китеп, биздин доордун биринчи жүз жылдыгында Кудайдын Үйүнө каршы куугунтуктоону; Жакшы Кабардын негизине ишенүүдөн баш тартуу жөнүндө, дүйнелүк козголоң, же христиандык дүйнөнүн реформациясы жөнүндө; Франциядагы чындыкты четке кагуунун коркунучтуу натыйжасы туурасында; Ыйык Жазуунун беделин калыбына келтирүү, жана Анын дүйнөгө калтырган жакшы таасири, акыркы күндөрдөгү руханий ойгонуу, жана зыяндуу ишенбестиктин, адашуунун караңгылыгын таратып жок кылган, Кудайдын жаңылыгындагы жарыктыктын булактарынын ачылышы жөнүндө баяндайт.УК 6.3

    Андан кийин Автор, ушул күнгө чейин уланып келе жаткан, жана келечекте дагы күчөй туган, жакшылык менен жамандыктын ортосундагы курөшкө эч ким кайдыгер калбасын, жөнөкөй жана ачык айткан жана, акыр аягында, биротоло бүткөн жакшы салтанатта, жамандыкты жакшылык, адашууну тууралык, жалганды чын, караңгыны жарык, кайгыны кубаныч, арылбас кайгыны үмүт, уятты даңк, өлүмдү өмүр, өч алууну жана жек көрүүчүлүктү түбөлүктүү, сабырдуу сүйүү жеңээрине бул китеп ишендирип кетет.УК 6.4

    Бул китептин мурдагы басылмалары көптөгөн жандарды чыныгы Кайтаруучуга алып келген; бул басылма да ушул дүйнөдө Кудайын ишине андан да пайдалуу болушу үчүн сыйынабыз.УК 6.5

    Басып чыгаруучуларУК 6.6

    Larger font
    Smaller font
    Copy
    Print
    Contents